Суперстан: Бир гана сенсин! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бир гана сенсин! Н.Кадырбеков

#1 Пользователь офлайн   Glucke   07 Апрель 2020 - 23:21

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

БИР ГАНА СЕНСИН,!
7-8-класста беле же 9-дабы, сабак бутуп эки классташым менен мектептен уйлорубузду коздой баратканбыз. Алдыбыздан Мотой абамдын бизден бир жаш улуу Бакыт деген уулу жолугуп, учообузду токтотту. Кечке ан улоодон жолу болбой, кайтар жолунда капилет олжосуна тушуккан мергенден бетер маанайы сонун боло тушту тим эле. Анткени, азыр кандай билбейм, ал кезде айылдагы оспурумдордун, тестиерлерлердин арасында озунен кичуулорду эбеп-себеби жок эле тируу оюнчуктай ойноп эрмектеген, корондоп коркуткан, ыдык корсотуп ызаланткан, ошондон аброю асмандап, жан дуйносу жайнап кеткенсип кадимкидей рахат алган айрым тентектер боло турган. Алар жолукпаса деле атын угуп, келбетин элестегенде кадимкидей заарканып, дагы кайсыл жерде кабылып калам деген санаа журокту мыжыгып, ушул бойдон жолубуз такыр эле кесилишпей калса деле мейли эле деп чын дилден кайыл болчубуз. Эмнеден улам экенин ким билсин, тентуштарынын арасында "Бармалей” аталып кеткен арыкчырай,тирикарак, чыйрак, кара тору тусу андан бетер катаал корсоткен Бакыт да ошондой "шок болсун, шок болбосо жок болсун” дегидей тентектерден эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Glucke: 07 Апрель 2020 - 23:36

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Glucke   07 Апрель 2020 - 23:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Ар бир адамдын душманы, атаандашы oз децгээлине жараша болот эмеспи. Ошондуктан, дыйкан дыйканды, мугалим мугалимди, бай байды, молдо молдону, мурунку конок кийинки конокту кыртышы суйo бербеген учурлар жашоодо коп эле кездешет. Ал эми эн ири, табигый байлыкка маарыган, аскери кучтуу СССРдин тирешкени кичинекей Мозамбик, Малайзия, Эквадор же Бангладеш эмес, озунон коп жагынан ашса ашкан, асты кем калбаган кадимки АКШ болчу. Анын сынарындай, биздин да "авторитет” эсептеп ийменип турчу эн чон, "каршылаштарыбыз”, журокту сестентер "жообуз” озубуз менен дээрлик жашташ ошол Бакыт сыяктуу "бала баатырлар" эле. Алардын жанында чон, саясатчылар, кылмыш дуйносунун айтылуу ана башчылары, атактуу чемпиондор бизге тек гана майда бирдемелердей туюлчу. Тээ Африканын талааларындагы арылдаган арстандар менен Тайганын токоюнда курулдогон жолборстор аларчалык сурдуу, айбаттуу корунбойт эле. Африка кайда да, Тайга кайда? А бизден улуураак Бакыт сыяктуу тентектер ар коз ирмемде кутулбогон жерден, булун,-буйткадан бетме-бет чыга калышы мумкун.Аскерде амирдин алдында какая тизилген катардагы жоокерлерден бетер Бакыттын бет-мандайында момоюп туруп, аярлай учураштык. Ал балапанды андыган мышыктай кытмыр жылмайган тейде колун сунар сунмаксан болуп, саламы- бызга ун-сезсуз алик алымыш этти. Анан, лом жутуп алгансып кекирейген абалда ойду-тоону суйлоп, какшыктап, адегенде катарымдагы экеену журогун сыгып, мээсин эзгилей баштады. Мындайда канчалык кыжырыбыз кайнаган менен сабыр кылуудан башка айла жок. Кокус оюндан от чыгып мушташа кетсек учоолоп аны жен эле тепештеп коёрубуз чын. А бирок, кичинекей айылда кайрадан керушуу, жолугушуу деген бар. Бирден-бирден жолуксак, дагы бир кеби болор, а бирок, Бакыттын классташ балдары - бизден бир жаш улуу "жетимиш алтылар” курбусунун учун алганы бут чогулса, анда абал татаалдашат, кол менен кылганга баш менен жооп берууге туура келет.Бакыттын кер-какшыгынын кезеги мага да жетти. Мен аны мизирейе тиктеп, мелтейип унчукпадым. Корунушум огеле олуттуу болчу. Ал курагым учун калдайып боюм чон эле, кокус кармаша кетсем ала албасам да, алдырбашыма козум жетип турду. Ушул оюмду андагандай Бакыт мага ото орой суйлоого батынбады. Бирок, озунон коркор-коркпосумду билгени тамырымды тарткысы келип, акырын жакамдан кармады беле, же ийиниме колун койду беле, эсимде жок, ошондон пайдаланып дароо белден алып, аны жерден так котордум. Бул, болгону, "мага тийишпе, кол которбу, эгер катылсан катыгьнды берем" деген ормон опузам эле. Бакыт такыр сыр берген жок, кебелбеди. Жылмайган абалынан жазбай: - Кана, ушинтип которуп мени уйумо жеткирип койчу, - деп, сеемвйу менен уйу турган тарапка ишара кылды. Ой, балакет десе, абалдан аябай акылдуулук менен ушинтип чыгып кетти. Чоц адамдын башына келбес созду таап, кырдаалды заматта жайгарганына ичимден аябай кубандым, ыраазы болдум. Чыр-чатак чыкпасы, таяк жебесим, мушташпашым эми белгилуу эле. Бакытты кайра жерге койдум. Ал: - Ушу, бир гана сенден коркуп турам, - деди тамашалай. Муну угуп, жанымдагы тентуштарымдын алдында кадимкидей которулуп, коколой туштум. 0зум эле кутулбастан, жанымдагы экоону да тигинин казабынан кайтарган калбааттуу караан болуп бергениме жетине албай, озумду чемпионунан да кубаттуу ойлоп, ичимден дердендегенимди айт. Бакыт шашылып баратканын шылтоолоп, сапарын улап кетти. Биз да жецилдеп, ез жолубузга туштук. Ошондо жанымда бараткан шериктерим далымдан, андан ашса кулагымдан келген арыкчырай, кичинекей балдар эле. Азыр алардын бирвесу Кыял досум мандайы жайык, далысы кен, кармаган жеринен кан чыгарган карылуу балбан, айтылуу улакчы болгон. Экинчи шеригим эсимде жок. Ал дагы он бирди аяктаган сон азот менен сугарылган жугорудой бат осуп, теректей бой куткон "в” класстагылардын бироосу болсо керек эле. А менин боюм, негедир, андан кийин коп деле оскон жок. Азыр ошол Бакыт алдыбыздан чыкса, учообуздун кимибизден коркот эле, билбейм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Glucke   07 Апрель 2020 - 23:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Бой да озгорот, ой да озгорот. Кучу аздын кучу, суту аздын суту кобойор. Балбандын мууну, кайраттуунун жууну бошобойт деген да кепилдик жок. Малсызга мал, жалсызга жал, алсызга ал бутор... Бирок, кеткен учурду кайра кайтара албайсьн. Ошондо балдардын алдында Бакеме устомдук кылганым учун кубанганыма, дердейгениме окуном. Мактануу сезими - журок учун уудай, рух учун коодой болорун, алга шыр кадам таштап бараткан жолунда коюлган тоодой тосмо, оюлган онурайган жар сыяктуу экенин анда кайдан билдим. Адамды коркуткудай эч ким эмес экенимди кеч да болсо да тушунгонумо канимет. Болгону, адам эле эмес, арам жана адал, таза жана ыпылас макулук аттуунун баары тепсеген топурактан жаралыппыз, кайра барарыбыз деле топурак алдындагы кабыр аттуу бир конуш экен...Майк Тайсон - бал ким, бокс тарыхындагы эн таанымал чемпион. Баралына келип турганда бетме-бет чыккан далай мээлейченди сулайта муштаган, коздун кычуусун кандырган откур, айбаттуу спортчу эле. Таймаш башталганын ишаралап конгуроо кагылары менен антилопага атырылган кара кулак шердей батыл чабуулга отуп, бачым жыйынтыкка жетчу: кетенчиктоону билбей, этияттык кылып элдир-селдир мушташууну ойлоп да койбой, оор салмактагы атаандаштарынын оор балкадай муштумдары занкылдап, данкылдап башынакрзуно тийип жатканына карабай, алга ынтылып, ондо-солдон, алдыдан ар турдуу соккуларды жасап, же ары же бери болчу. Ошондуктан, убагында андан сестенбеген, сурдобогон бир да мушкер болгон эмес. Тайсон деген сез атаандаштары учун АКШнын чок ортосундагы айдын талаалардагы далай шаар-кыштактарды сапырып, мойсоп, жер менен жексен кылган торнадо куюну менен маанилеш эле туюлса керек. Ошол Майк кийин кызга кыянаттык кыла коём деп турмого тушту. Кайра чыккан сон "ордок жокто чулдук бий" болуп, Тайсон камакта экенинен пайдаланып доор суруп жаткан булгаары мээлей чеберлерин биринин артынан бирин жаткыра чаап, бат эле бокс падышалыгынын алтын таажысын кайтарып алды. Бирок, кийинки беттеште бокстун дагы бир легендасы болгон Эвандер Холифилдге утулуп калды. Андан соц Холифилддин алтын доору башталды. Чакырык таштаган мыкчыгерлердин бири да рингге чыкканда анын алдында узакка туруштук бере албай кулап калып жатышты. Ошондо, ыраматылык атам:" Жакшылап даярданып чыга турган болсо Холифилддин сазайын бир гана Тайсон бере алат," - деп ишенимдуу айткан эле. Деген менен Тайсон менен Холифилддин учунчу беттешин керуу насип болбоптур. Холифилд кутулбогон жерден Льюиске уттурду. Ошол эле Льюис кийин Тайсонду да талкалады. "Темир Майк" болсо ошондон кийин Холифилд сыяктуу мыктыларга туш болмок мындай турсун, сайда саны жок катардагы мушкерлердин соккусунан далай жолу жерге сулады. Атам ыраматылык козу отуп кетип, кайран данктуу чемпиондун даназалуу карьерасынын минтип аянычтуу аяктаганын кербей калды. "Бир гана Тайсон бажарат” деген ишеничи тогун экенин билбей калды. Кудай кучту, ооматты кимге берсе, жениш ошол тарапта болорун тан албаска айла жок. Баса, Тайсонду уткандардын дээрлик баары эс тутумдарда эскирип, унутулуп барат, а бирок Майк дале данктуу, далепопулярдуу. Коп рингдеги саны бар, сапаты жок жеништерде эмес, аз болсо да оз ишин ото саз кылып, ошол аркылуу корормандардын, куйормандардын журогуно кирип, тунок табууда корунот. Ошол эле учурда, ошондой оомал-текмел, сырдуу жана кызыктуу таржымалы аркылуу, тигил же бул кыйынды "Бир гана ал мыкты" деп айтууга такыр болбостугун Тайсон озу далилдеп кетти...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Glucke   07 Апрель 2020 - 23:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

1990-жылы СССР деген зор олкону узакка былк эттирбей башкарган коммунисттик партия башында турган катаал заман сонуна чыгып, жаныдан орной баштаган демократиянын шарданы менен Кыргыз парламентинин жыйындары теледен туз корсотулчу болгон. Ошондо депутаттардын президенттик кызматты киргизели деген сунушун ал мезгилдеги республиканын жетекчиси Абсамат Масалиев четке каккандыктан, эн, жогорку кызмат - Жогорку Кенештин торагалыгы деп белгиленип, ал орунга ат салышууга бир нече талапкер корсотулгон. Алардын бироосу: "Бул кызматка, жетекчиликке бир гана Масалиев татыктуу" ,- деген мааниде соз суйлоп, талапкерлигин алып, так талашка катышуудан баш тарткан. Муну угуп, ал мезгилде балакат куракка жаны эле кирген мен да "Кыргызстанда олко башкарганга татыктуу бир гана адам бар, ал - Масалиев" деп конулумдун тупкурундо ишенип калгам. Ал киши болбосо мекенибиз ара жолдо багытынан адашып,алыс узабай жатып арып калган кеч сымал арабок абалда калчудан бетер катуу куйорманы болуп чыга келгем. Арадан жарым жыл отуп-отпой баары бир президенттик кызмат киргизилди. Бирок, ал кызматты ээлоо Абсамат аксакалдын тагдырына жазылбаптыр. Бала да болсом ошого аябай капалангам. "Бир гана татыктуу" адам шайланбай, мамлекетти башкаруу чойросунон ат чабым алыс, илим айдынынан келген академик тактыга отурганынан улам, олкобуз эми кантет деп катуу кабатырлансам керек. Ооба, адегенде кыйналдык, кысталдык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Glucke   08 Апрель 2020 - 13:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

оош-кыйыш кундорду, жылдарды баштан кечирдик, канчалаган каталыктарга жол бердик... Деген менен, акырындап, жаш мамлекетибиз оз жолун таап бараткансыды. Масалиевсиз деле кун отуп, мамлекет башкарыларын ошондо гана моюндадым.Миллион эл жашаган олкодо мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын колго алууга татыктуу "бир гана" адам бар деш, бери эле дегенде ошол элди кемсинтуу, мазактоо болорун андадым. Ооба, Абсамат атадай дунуйого кызыкпаган, таза, салабаттуу, кулакка жагымдуу добушу бар, иш билги, чарбаны мыкты тушунгон иштерман жетекчи дайым эле бийликке келе бербейт. Тек гана,"атан олоо тайлак бар" дегендей, буюрса, мыкты жол башчылардан, косомдордун уюткулуу калкыбыздын уучу куру эместигин айткым келди.1980-жылдар козго сайса корунгус карангы тундо жаш жоокер токойдо жалгыз баратты. Бул токой жоондугу кулач жеткис, тобосу кокту жиреп тургансыган шуштугуй бийик карагайлардын сансыздыгы жана чытырмандыгы менен эле эмес, ичиндеги ар кандай жырткычтары, алардын арасында атактуу уссурий жолборстору менен да белгилуу кадимки Тайганын тээ ыраакы чыгыштагы бир бучкагы.Жоокерди мындай кооптуу, бир жагынан аянычтуу акыбалга кайыл болуп, жоо жаландап тун ката жыйырма чакырымдай аралыкты басып отууго бел байлап чыгууга аргасыз кылган себеп кайсы? Генералдар атайын аскерий тапшырма менен жоноттубу? Же туйшугунон, катаал тартибинен тажап аскер кызматынан качып баратабы? А балким, советтик куралдуу кучтордо адепсиздиктин жана зомбулуктун илдетин жайган "деддер” жаш жоокерлердин арасынан "атка женил, тайга чак” деп ушул чыйрак, шуулдаган кыргыз жигитин тандап, ондогон чакырым токой тилкеси болуп турган калаадагы дуконго тун ката барып, танга чейин бирдеме алып келууну табыштагандыр. .. •
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Glucke   08 Апрель 2020 - 13:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Жаш жоокерди эч ким мындай тобокелчиликке барууга мажбурлаган жок. Ал озу аскер болугунон жан адамга билдирбей жашырынып чыгып, жападан жалгыз авто жолдун кыйыры менен чон, шаарды коздой сапар алган. Анткени, анын эч кимге айтпаган, жан буткондун баарынан жашырган сырдуу максаты, кездеген коксоосу, дегдеген энсоосу бар эле...Кундузу деле туноруп турган Тайганын коюу тундогу карангылыгына чакырык таштап чыккан жигит шырп эткен дабыш чыкса кулагын жапыра, терисин дирилдете селт эте секире каччу оркок аттан бетер аярданып баратты. Капысынан мандай тараптан же аркадан машиненин унулдаган уну угулуп, жарыгы коруно калса, ал отуп кеткенче бир конулга комкоросунон кулап бекине калууга же жол боюнан токой тарапка кире качууга ниеттенип алган. Анткени, бул челкемде аскер кийимчен адамдын жургону тууралуу маалымат озу кызмат отогон аскер болугу мындай турсун башка бироолорго билинип калса еле чон чуу чыгат. Чет элдиктер ээн-эркин кирип чыга албаган жабык, сырдуу калаанын кыйырында кыбыр эткен кыймылга коз салып, шектуу бирдеме байкалса дароо атайын кызматтарга кабарлоого бул тегеректеги ар бир адам окутулган, уйротулгон. Кансыз согуштан улам кубаттуу олколордун ортосундагы ишеним жоголуп, тирешуу кучоп бараткан шартта Совет мамлекети канчалаган жарандарын бейтааныштарды чет элдин тынчысы ойлогон ашкере шекчил, кумончул, сак кылып тарбиялап койгон."Эшекти соз кылсан, кулагы корунот” дегендей, чындап эле арт тараптан мотоциклдин дырылдаган уну угулду. Жоокер коч тарапка токойду коздой мант берди да, байкалбастан коздон далдоо тарапка жетип, жашырынып калыш учун кучунун болушунча чуркады. Бат эле жетип келген мотоцикл анын тушуна жарыгын да, моторун да очурбостон токтоду. Демек, байкап калышыптыр. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Glucke   08 Апрель 2020 - 13:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

"Булар кимдер?” деген кудук ой, азаптуу санаа заматта жоокердин журогун мыжыгып-мыжыгып жиберди. Эгер, артынан тушкон куугун болсо анда эле шорунун кайнаганы. Кармап алышса канчалык актанбасын, какшанып чындыкты айтпасын, ишенбей аскерден качкан дезертир катары жазалашат. Адегенде камашат, анан соту болот. Жок жерден канча жылга эркинен ажырап, кесилет. Ата-энеси, бир туугандары аны ойлоп азаптын жалынында тируулой куйот. Жанылык дегенди жаман кабарды таратуу деп тушунгон канча адамдар бул окуяны кобуртуп-жабыртып жарымы жалган, жарымы чын жоо жомокко айлантат. "Кыргызстандык жоокер качып баратып кармалды" деген жанылык далай гезитке басылып, теле-радиодон айтылат. Ошентип, айылдаштарынын, дегеле таанып-билгендердердин арасында аскерден качкан жалакай жалкоо, коён журок коркок катары аты чыгат. Жакындары болсо ушунчалык уялгандарынан эл караган беттери жер карап, калк арасында баш которуп баса албай калышат. "Эрди намыс олтурот" дегендей, жаш жигит учун мындан откон кордук да, уят окуя да болбос...Мотоциклдегилердин бироосу "Эй, ты кто!? Стой! Застрелю как собаку!" деп кыйкырды. Жоокер туш келген конулга жата калып, демин ичине катууга аракеттенди. Бироодон бекингенде демейде байкалбаган дем алуун да озуно уйдун бышылдаганындай же болмодогу аба уйлогучтун дабышындай катуу сезилет эмеспи. Ангыча мылтыктын уну жанырды. Таа-а-а-рс! Ок жоокердин оропарасынан ышкыра отуп кетти. "Застрелю! ” деген созду тек гана айтып коюшпаптыр. Дагы бир жолу атты... Жата калбаганда бул эки октун бири омурунун акыркы чекитине айланып калышы мумкун эле.Мотоциклчендер ачуулана согунуп, адепсиз создорду автоматтын огундай чубуртуп бир саамга турду да, унаасынын газын болушунча басып, андан ары жолун улап, бат эле корунбой да, угулбай калышты. Коркконунан журогу оозуна кептеле тушкон жоокер ошондо гана бир аз озуно келип, терен дем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Glucke   08 Апрель 2020 - 13:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

алды. Кубанганы артынан куугун тушпоптур. Эми эле эсин эки кылган эргулдар тун ката анча-мынча жан каттай бербеген, турак-жайлардан оолак жол менен баратканына караганда токойдогу жан-жаныбарга мыйзамсыз анчылык кылган браконьерлер болсо керек. Болсо болсун, бирок,озун кекиликтей аткылагыдай аларга эмне зыяны тийди? Браконьерлиги чын чыкса Тайгадагы жазыксыз жаныбарларды кырып, ызгытты чуроксуз аюуну мамалаксыз калтырып, убалга белчесинен батып журушкону аз келгенсип, жараткандын эн кымбат, эн, улуу макулугу болгон адамдын жанын эч себепсиз кыюуга кылган аракетин кантип тушунууго болот? Кылмышын жашырыш учун жети тундо капилет кабылган кубону тындым кылалы дегениби? Атса тулку же коён, ашып барса жолборс аткандыр. Ошонун изин жашыруу учун он гулунун бири ачыла элек жаш адамды жайлап салууга кандай дити барат? Айбанаттын териси адам жанына айырбаштагыдай баалуу эмес го. Жезди сакташ учун алтынды, колону коргош учун жакутту таштандыга ыргытуу акылдуу адам кылчу ишпи? Аткылап, аз жерден олтуро жаздаган мусапырдын уйундо зарыгып кутуп жаткан жакындары барын ойлоштубу бул адам жырткычтар? Балким, жаны эле чурполуу болгондур. Оорукчан тугойу бардыр, же карыган ата-энесинин жалгыз багар-корорудур, болбосо канча жетимге каралашып жургон кайрымдуу жандыр... Ок чыгаргандардын кара журогунун согушу, кара башынын эркиндиги жана коопсуздугу ушунча адамдын назик конулунон, таалай-багынан, кут-ырысынан, ден-соолугунан кымбатпы? Уссурий жолборсу кезигип жара тарса, жок дегенде этин азык кылуусу мумкун. А бирок, чытырман, тунт токойдо ок жанылып каза болгон байкуш мусапырдын денеси эч кимге билинбей, чирип кеткенден браконьерлерге кандай пайда? Мынакей, адамдын жырткычтан откон жырткыч экендигинин даана далили.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Glucke   08 Апрель 2020 - 23:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Журогу куноодон катып, карарып, адамдык келбетине айбандык сыпат синип кеткен корпенде кудум эле жандыкты чагып олтуруп, анын же канын, же денесин керектебей таштап кеткен чаян менен жыландан денгээлиндеги напсинин кулуна айланат тура. Олдо шордуу напей ай, озун тойдуруп, оз каалоосун кандыруу учун жолунда жолуккан керемет гулзарды орттеп, буудайы бышып турган талааны майкандап быт-чытын чыгарууга, ыпыласты зор, ыйыкты кор кылууга туртот. Деген менен, напси тоюш дегенди билбейт. Анткени, аалам чектелуу, бирок напси каалоосунун чеги жок. Акырын ордунан туруп, дене-башын бир сыйра кагынып алып жоокер жолун улады. Кез ирмемдер уланып мунотторго, муноттор куралып сааттарга айланып баратты. Жол арбыган сайын биздин каарман эми эле кыйгап откон олум коркунучун унута баштады. Дагы бир аз эле журсом коздогон калаанын как ортосунан чыгам деген умуттун айдагында топурак жолдо чаны аркасынан жетпей келаткан жоргонун сынары эреркеп алган. Кучтуу максаты бар адам чарчоо дегенди унутат экен. Максаттын ажырагыс шериги, коштогон кулугу болгон умут деген ыйык сезимди Жараткан денизде журбой калган кайыктын чатырына соккон айдарым жел сыяктуу адамдын эргуусуно булак, кучуно кубат кылып коюптур...Жоокер, бир жагынан, сапардын мынчалык узун болорун билген эмес. Баягыда командирин УАЗ менен азыр бараткан калаасына алып барып келгенде аралык кыскадай эле корунгон. "Аттууга жоо жете албайт” дегендей, адам буту кыбырай аттаган кадам менен унаа донгологунун зуулдай чимирилгенин салыштырып болбойт тура...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Glucke   08 Апрель 2020 - 23:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Жоокер коздогон дарегине Тундук муз мухитиндеги муздарды жара сузгон кеме сыяктуу коюу карангылыкты жиреп отуруп, жети тундо аран жетти. Чакан калаанын 24 саат бою иштечу борбордук телеграфын табуу анча деле кыйын болгон жок. Операторго чонтогундогу бар акчасын берип, кабиналардын бирине кирди да телефон номерин тере баштады:
+9963222... Ар бир санды терген сайын журогу опкоолжуп, катуу толкунданганынан каны башына тээп жатты. Мынакей, конгуроо кете баштады: бир, эки, уч... Жоокер эликти андыган илбирстей демин ичине ката телмиргени менен, жан дуйносундогу жашырган сезими бош айдынга алоо болуп атылып чыгыш учун буртуктой тешик издеп албууттанган жанардай жалындап жатты. Шарк-шурк эттире трубканы бирооалды... О, Кудай, атасы болуп калбагай эле деген ой журокту бир болк эттирди.
- Алло, - деген жаш селкинин жагымдуу уну угулду.
- Алло, кандайсын, - жоокер кыздын озуно туш болгонуна ушунчалык кубанып кетти.
- Бул мен.., - деп атын айтты.
- Аа, - деп койду кыз кош конул гана,
- Кандайсын,.
- Жакшы...
Мындай суз жооп жоокердин башына балка менен чапкандай катуу тийди. Омурун тобокелге сала ушунча жолду жоо басып отуп угары ушул беле? Жок дегенде айлык алыстыктан атайын телефон чалганын баалап, кара кучко болсо да жайдандай жооп берип койсо бир мучосу кемип калбайт эле го. Ач кадырын ток билбейт дегендей, жылуу уйдо, жумшак мамыкта жамбаштап телевизор коруп жаткан неме мунун мусапырлык аянычтуу абалын, эми эле баштан кечирген опурталдуу окуясын кайдан билсин. Баягы октордун бири тийип, же жолдо жолборско тушугуп бул жерге жетпей жайрап калса эмне болмок? Ушул кыз учун ушундай тагдырга кептелгенин бир Алладан башка эч ким билмек эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Glucke   09 Апрель 2020 - 16:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Бирок, телефондо жооп берген ал кыз эмес эжеси болуп чыкты. Ундорунун окшоштугун айт. Кантсе да карачечекей бир туугандар эмеспи... Эжеси менен ал-акыбалдарды сурашып, аны-муну суйлошкон болду да, синдисине салам айтып коюуну табыштап трубканы койду. Андан сон, эми эле элеп- желеп болуп турган журогу токтоп калгансып, маанайы Тайга токоюндай туноро тушту..."0зу кайда болду экен? Эжесинин айтуусуна Караганда айылга кеткен имиш. А биоок мунун чын-тогунун ким билсин? Балким, дискотекада шапар тээп жургондур, же отуруштадыр? Же бироо менен жолугууга чыгып кетти бекен? Алып качып кетип, жашырып жатышсачы... ” деген ойлор койду алкымдаган карышкырдай жармашты да калды...0зу тээ алыстагы касиеттуу Ала-Тоодо калса да, карааны каректен, жамалы журоктон кетпей азапка салган суйуктуусуно телефон чалып, делебени козгогон сыйкырдуу унун, сезимди кытыгылаган кумуш кулкусун эшитуу учун элирип келбеди беле мында. Жалындаган журогу ушул кызга карата сарызилдуу сагыныч жана оттой сезим ээлеп, эргуу-эпкинге толгон учун Тайганын туноргон сурдуу токою калаадагы эл эс алчу туну кундузгудой жарык гул бактай, ал эми затын кормок тургай атын укканда коркконундан денен, чымырап, нымшып тердей тушчу уссурий жолборсу уйдо багылган, дегеле жан адамга зыяны жок апакай, жупжумшак эрке мышыктай корунуп, коодой карангы тундо ушунча аралыкты жалгыз басып отуп, эч ким билбеген, эч ким укпаган улуу эрдик жасабады беле. Махабатка магдыраган жан дуйнодо коркунучка, катуулукка, арам ойго жана жаман кумонго орун калбаганда акылга сыйгыс эрдиктердин, мумкунчулуктордун дарбазалары озунон-озу ачылып, адам деген таажы кийбей, такты минбей эле падышага айланып, керек болсо канаты жок учуп, калагы жок сузуп калат тура. Ошон учун ар бир жанга суйуу жана суйуу сезимин катуу шамал учурундагы гулдун таажысындай, аптаптуу айдын, чолдогу эн акыркы кумганда калган замзам суусундай аярлоо, сактоо, барктоо насип болсун. Бирок, суйуктуу ак куусу минтип карангы тундо конушунда жок болуп чыкса, ага карата сезим канчалык ыйык, ысык, ширин болбосун, кантип кастарлап, кантип сактай аласын. Шектуу менен кирип келген журоктон аруу ой, таза тилек, ишеним чыга качат тура...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Glucke   09 Апрель 2020 - 16:25

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Андан сон, оз уйуно телефон чалды. Ата-энесинин, бир туугандарынын 1945-жылы 8-майда радиодон Кызыл Армиянын Гитлерди женгенин уккан совет элинен, же футбол боюнча акыркы дуйнолук чемпионатта Диего Марадона баштаган командасы финалдык оюнда женуучу голду киргизген учурдагы аргентиналыктардан бетер кубанганын айт. Атанын уну ушунчалык кымбат, эненин уну ушунчалык кооз, бир туугандын уну мынчалык дартка дабаа болорун ошондо биринчи жолу сезди жоокер. Аябай сагынып турганына карабай ата менен эне аз гана баарлашып, бир туугандарын да кыска суйлошууго мажбурлады. Анткени, шаарлар аралык телефон чалуунун кымбат болорун, баарлашуунун ар бир муноту жоокер уулу учун чыгаша экенин жакшы билишет. Балага карата кусалыктан да балага карата мээрим кучтуу болот окшобойбу.Жоокер аскер болугуно танкы автобус менен кайтып баратты. Маанайы чогунку эле. Журогундо кадырын билип, кастарлаган атасы-апасы менен карачечекейлеринен да, кадырын билбеген бир туйток баш кыздын орду алда канча чон, экенине аргасыз тан, берип баратты. Ооба, бул адилетсиздик, а балким ото бир уят корунуш, а бирок, журокко буйрук бере албайт экенсин... Суйуу деген ушундай табышмактуу, сырдуу, кубаттуу сезим болот экен...

Жоокер кызматын аяктап мекенине кайтты. Суйуктуусун кайра кергенде ааламда кыз аттуудан бир гана ошол калгансып, ансыз да жанына жай бербеген махабат сезими ого бетер алоолоп, ого бетер ташкындап чыга келди. Алысты коро билген кыраакы, акылман ата-энеси аскерден келдин,, эми уйлон деп ар тараптан талдап, акыл калчап канча ай чырайлуу, асылзада кыздарды таап, тандап сунушташты. Бирок, алар жигиттин тигил кыз деп тунарган козуно аба сыяктуу корунгон жок. "Ийгиликтин бир аты - эмгек” дегендей, "Бакыттын, таалайдын, кубанычтын, таттуулуктун бир аты- менин гана суйгонум" деген ишеним менен магдырап жашоо кечирип калды. "Бактым, берекем, кубанычым - бир гана сенсин!” деп чурогуно кайрылып, тили менен болбосо да дили менен нечен жолу кайталады.Акыры ак нике насип болуп анысына баш кошушту...
Аттин,тоонун бери жагы кооз болгону менен ары жагында эмне бар экени корунбогондой эле, эзилишип суйушкон бойдокчулукта ак никеден сонку жубайлык жашоонун кандай болору, таш-пиши, сыноолору ойго да келбейт экен. Сапарга чыгардан мурда тоонун ар жагы кандайлыгын кабарла деп Жаратканга чын дилден жалбарып койсо, балким, ашуу ашып ар жакка отуп, болгону жаланган зоо менен какшыган коону коруп, жолго кеткен убактысы, кучу учун бармагын тиштей окунуп, конулу кайт болгон абалга тушпос эле. Баягы Кулмырза менен Аксаткындай, Тариэль менен Нестандай, Лайли менен Мажнундай опсуз суйушуунун акыбети мындай болорун билгенде, коксоп, энсеп журуп жеткен жарына уйлонмок тургай, ага жакындамак эмес, тээ алыстан кыйгап отмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Glucke   09 Апрель 2020 - 16:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Муноздор такыр келишпей койду. Болор-болбос жерден бирин-бири айыптамай, жемелемей, кызганмай кадыресе корунушко айланып, жашоонун берекесин кетирип, кунарын учуруп жатты. Ортодон акырындап сый-урмат менен кошо жылуу сезимдер жылан сыйпагандай жоголо баштады. Баягы таттуу создор, кыялдар, убадалар, элестер толкун урган кум дубалдай урап тушту. Кээде жубайы менен мамилеси ушунчалык татаалдашканда ичип, озун таштап, баш оогон жакка кангып кеткиси келип журду. 0то катуу ызаалангандыктан "баягыда Тайга токоюнда эле ок жанылып же жолборско жем болуп жайрап калсам не" деп арман кылган учурлары болду. Алганынын бир кезде муюп укчу сыйкырдуу уну кез-кез ажыдаардын ышкырыгындай, ал эми арбалып тиктечу сулуулугу ачкемердин караанындай туюлуп журду. Жомоктордун, демейде, суйушкондор баш кошкон жерден бутушу тегин жердей эмес окшойт.Жубайлык жашоонун ит чыдагыс сыноосуна кайдан туш болдум деп далай жолу баш катырды. Ата-апасын укпай напсиси менен кенешип, конул-козу туз канча ыйман-ыйбалуу, тарбиялуу сулууларды чанганы, тоготпогону учун бармак тиштей окунду. Балким, алардын назарынан калганы учун Жараткандан жазасын алып жаткандыр? Бейкуноо кыз наристенин торолушу да абалды ондой албады. Акыры уй-було бузулду, ыдырады...
Жубайы экоо эки дуйно эч качан кесилишпес эки башка жолго тушушту...Андан бери канча суу акты. Ортодогу кызы жетилип, турмушка чыгып, балалуу болду. А бирок, ал наристеге оз таенесин коруу насип этпептир. Баягы жоокерди Тайганын тунундо жалгыз журууго аргасыз кылган сулуунун бул дуйного сапары кыска эле аралыкка буюрган экен. Аны убагында "Бактым, бе эрекем, кубанычым - бир гана сенсин,!” деп билчу жоокер, ал жок дуйнодо деле бакыттын, берекенин, кубанычтын даамын татып жашап келет...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Glucke   10 Апрель 2020 - 14:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

5
Атам дагы ооруканага жатты. Акыркы тогуз жылда бул биз учун кондум болуп калган корунуш эле. Дарт деген адамды бат эле шылып, он-алеттен кетирип коёт тура. 1991-жылда боору капилет илдетке чалдыккан атакемдин баягы болуп-толуп турган кезиндеги букадай булчундуу, тулпардай тулку-бою келишкен, жолборстой чапчан, кабыландай кайраттуу карааны эсибизде элир-селдир гана калган.Жаны эле кирген жумушумдун кезектеги куну аяктап, атамдан кабар алганы бардым. Мени ичкери киргизбей коюшту беле, эсимде жок, айтор атам озу калбааттуу басып сыртка чыкты. Онунен аза тушкону эле болбосо сыр бербес сабыр-салакалуу мунозу кесел менен арбашып, азаптанып турганын жаап-жашырып жатты.
- Ассаламу алейкум, атаке.
- Ва алейкум салам. Кел, балам, - деди конур, жагымдуу уну менен.
- Табыныз жакшыбы?
- Кудайга шугур...
Аны-муну сураган болдум, атам адатынча кыска-нуска жооп берди. Анан:
- Балам, барып апана айтчы, мага тез арада мына бул дарыларды алып келсин,- деди.
- Бул жерден ала коёюн десем жанымда акча калбай калыптыр...
Мен жаны жумушумдан алгачкы маянамды алгандыктан "капчыгым калын" эле. Оо, ал мезгилде жуз доллар деген укмуш акча болчу. Мунумду атама айтсамбы же айтпасамбы деген ой келди. Атам ишканалары, дукондору бар бардар киши.А мен окууну бутуп, бир жылдан бери университетте сабак берсем да, тапканым озумден ашпай, оп-чап жашап журом. Мин сомдун тегерегинде айлыгым бар. Кээде каражатымды сарамжалдап маршруткага тушпой троллейбус кутсом да, атамдан акча сураштан уялам.. Ошондуктан, кошумча адал киреше табыш учун окутуучулукка айкалыштырып аны-муну кылууга туура келчу. Жараткан ырыскыны озум кутпогон жактан буюруп, бир фондго юрист-консультант катары чакырылып иштеп калдым. Ал жерден алгачкы айлыгымды Американын жашыл акчасы менен алып, шанандап турган учурум эле. Анымды жашырып эле апама барып айтсам дарыны алып келип берет да. А чонтогумдогу долларымды озум учун иштетем. Жумушка барып-келууго, кун сайын туштонууго, достор менен жолугуп эс алууга, анча-мынча базарлоого, айтор, баарына акча керек. Бойдок болгондуктан, балким болочок жарымды таап, жолугушууга туура келип калабы деген тупойул ой, туйундуу суроо, таттуу тилек да кокурокто...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Glucke   10 Апрель 2020 - 14:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Канткен кундо да, атамдан акча сурабагандай болушум керек. Чонтогум куру эмес экенин жашыргым келгенинин себеби ошол...Анын устуно, бала учун ата Голливуд тасмасындагы атактуу Терминатордой эле огоого женилбес, сууга чокпос, отко куйбос, чарчап-чаалыкпас кайраттуу каарман сезиле берет эмеспи. Башкаларды билбейм, менде атама карата ошондой ишеним катуу оору аны жумшак жыгачты жеген курттай кемирип, айласын алты кетирип, куттуу омурунун кунарын качырып бараткан учурда да жашай берди.
Толгон эмгек-жолун татаал сен баскан,
Татаалынан акыл жетпей адашкан.
Бороон-чапкын, алааматтан коргогон,
Бир озунсун,атам, менин тоо-аскам,- деп ошон учун жазгам...
Бир куну атам жармашкан илдетин койду шыйрактан байлап жыга тартып, мууздап салчудан бетер конулум ток эле. Дартты берип, артынан анын шыпаасын ыроолоп же ыроолобой коюу бир Жараткандын эркинде экенин билсем да, ушундай пикирге алданып жашадым. Колумда атама баягы кун сайын эртен менен чуркап, темир-тезек которуп, кап муштап машыгып, жайын-кышын дебей муздак сууга денесин жууп, бизди да эрте туруп, спорт менен шугулданууга, эмгектенууго кызыктырып, шарпылдаган дайрадай бакубат, шатман жургон кези, абалы кайра кайтат деген кепилдик барсынып, жок дегенде сексен-токсон жашка чыгат деп кумонсуз ишенчумун. Эми ушундай тени жок акылман, чени жок баатыр менин болор болбос акчама муктаж болмок беле...
- Дарылар канчадан экен? - дедим атам берген кагаздагы дарыгердин иттин изиндей кыйма-чийме жазгандарын окумак учун унуло.
- Кымбат дарылар, - деди атам жумшак гана.
- Менде акча бар, ата, - бул соз оозумдан кандай чыкты билбейм, бирок, ушунчалык кубануу менен чын ыкласымдан айттым.Атам мага тандана карады. Мынчалык кымбат дарыларды алууга жетер каражат жанымдан чыгарын кутпосо керек. Студенттериме кадыресе чон окутуучу болгонум менен атама дале бала эмесминби. Анын устуно, университеттеги маянамдын олчому тууралуу да кабары бар.
- Апама айтпай эле озум алып берем, - дедим андан бетер шенирендей озумду Генри Форд сезип.Анда азыркыдай чонток телефон жок эле. Ооруканадагы телефондон уйдогу телефонго атам озу деле чалып керсе керек. Демек, апам уйдо эмес, ошондуктан аны таап, аманатты табыштоону мага тапшырып жатат. Ошондуктан, апамды издеп туз эле дуконго же ишканага барыш керек болчу. Байкуш апакем, атам катуу ооругандан бери анын да милдеттерин оз мойнуна алып, эшикке чыкса эркек, уйге кирсе аял болуп, ишкананын иштерин да кошо алып бараткан. Же тогуз жашар Айганышты мектептен тосуп алып, неберелери Каныкей менен Гулчорону бала бакчадан алып келуу учун чыгып кетиши мумкун. Иши кылып тиричилик деп кыбырап, дагы бир жумуш менен жортуп журот да, байкушум ай. Аны издегенден коро маселени дароо чечип коюуну эп коргонумдун бир себеби ушул эле. Апамдын тамак жасап, которунуп бир-эки саат ичинде атамдан кабар алганы келээри да турган кеп.Атам сыр бербей жылмайып:
- Мейли,- деп койду адатынча акырын суйлой.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Glucke   10 Апрель 2020 - 14:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Ордолуу Оштун чыгыш тарабында жайгашкан облустук ооруканадан калаанын ортосундагы борбордук базарга жоо жетип, кыдырып, дарыканалар жайгашкан болугунон тизмедеги дарыларды сатып алып, кайра артка да жоо кайттым. Ушунча аралыкты басып отконумдун себеби, эмнегедир, оорукананын озундо дарылар кымбат, а базардан алда канча арзан табам деп ойлодум. Кечээ эле студент болуп жургондуктон эмне ал сак деле наркы арзан болот деп базарды коздой качырган адатым кала элек болчу. Атамды куттурбойун деп бирде чуркап, бирде ылдам басканымдан, тердеп-тепчип борбордук ооруканага жетип бардым. Атам чыгып, дарыларды алып жатып кадимкидей эреркеп кетти. Канча кучун, каражатын, нервны коротуп остургон, окуткан уулу жетилип колунан иш келе баштаганына, анын нанын жеп, кызматын корчу учурга жеткенине конулу толкуй Жаратканга шугур айтып, ичи элжиреп, жууну бошошо тушкону билинип турду."Алгандын колу, бергендин журогу толот” деген кандай улуу кеп. Атамдын керегине жараганыма озумду илгерки даназалуу Кыргыз каганатын кайра тикелеген косом баатырдай сезип, конулум ушунчалык которулду.Аз суйлогон атам созу менен эмес козу менен, тили менен эмес уну менен, демейде катаал экенине карабай кылган жумшак мамилеси менен ото ыраазы экендигин билдире кош алаканын жайып мага аталык ак батасын берди. Ошондо атакемди кунт коюп угуп да, карап да турдум. Балким, аны менен эн акыркы жолу суйлошуп жатканымды журогумдун тээ тупкурундо сезсем керек...
***
Коп отпой атамды жерге бердик...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Glucke   10 Апрель 2020 - 17:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

Атама уул катары кыйратып урмат корсото албаганымды ойлогондо азыр да оксуп ыйлагым келет. Эгер, ошондо дарыга акчамды аяп койгондо омурум откончо озумду жемелеп, араанды ачкан байлыкты кайра-кайра каргап, арманга буугуп, эзилип отмокмун. Кайран атам, балам жетилсин, бутуна турсун деп кутуп отура бербесин, атам кутсо да Азреил периште Алладан буйрук болгон убактан бир коз ирмем кечиктирбей аманат жанды сууруп кетерин ошондо ойлоп да койбоптурмун. Алган маянамды азаптуу арманга эмес, атанын ак батасына буюрган Кудайга чексиз шугурлорду айтам... Ата-энемди кийин сыйлап, кадырлап-кастарлап алам деген, ишенип кой, кенкелес кеп. Жасачу жакшылыгьнды азыр жаса, айтчу жылуу кебинди азыр айт, берчу белегинди азыр бер да, кылчу кызматьнды азыр кыл. Аларды кадырлоо учун созсуз эле сапырылган акча, жыйылган дур-дуйно керек эмес. Жакшылыкты андан башка да конул, иш жана тил менен кылууга болот...
***
Анда жыйырма уч жашар бойдок бала элем. Азыр кырктын кырынан оодум. 0зум да ата болгонум качан...
"Бороон-чапкын, алааматтан коргогон, Бир озунсун атам менин тоо, аскам”, - деген ыр саптарымды арнаган атакем кабыр койнунда кыямат сурагын кутуп жатканына быйыл 18 жыл болду. Анын рухуна багыштап кун сайын дуба кылам. Жаратканым мээримине болоп, куноолорун кечирип, сураксыз бейишине киргизгей... Атам откондон бери да канча бороон-чапкынга туш келдим. Дуйнодо канча алаамат болду. Алардан коргой турган атам эмес экенин тушунсом бул ыр саптарын эч качан жазмак эмесмин. 0зум да атам, апам жана балдарым, досторум жана бир туугандарым, дегеле ар бир жан, ар бир макулук сыяктуу Жараткандын гана коргоосуна муктажмын. Атам озу да бул дуйнодо кылган иштери учун сурак бар, бирок, амал эркиндиги жок, барсан кайткыс, ээрчитип энен, алып атан чыгарып кетпей турган акыретте Жараткандын мээриминен, кечириминен чексиз умут этип кабыр аттуу убактылуу турагында кыямат сотун кутуп жатат. Ошол жайы, ылайым, руху рахатта эс алган бейиштин кут-берекеси чексиз бир бакчасы болсо экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Glucke   10 Апрель 2020 - 17:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 147
  • Катталган: 14 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 14:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Alay

6
Экоо мечитке баратышты. Отуздан оогон агасы орто мектепти мына бутом деп жаткан инисине:
- Акыльн болсо кыз суйуп, суйлошуп журо корбо. Андан тек гана акчанды, кадырынды, кучунду жана убактынды коротуп, куноого батасын. Анан да суйлошкон немен акыр-аягы сага тийип, сеники болобу же жокпу, бир Кудай билет, - деп ак дилден насаатын айтты.
- Уйлонуп калсан турмушта казан-аяк кагышкан сайын романтик бойдок кезинди эстеп таарынып жашоондун берекесин кетирет. Сага тийбей башкага буюрса, шайтан бойдок кезде сени менен откоргон айрым таттуу кез ирмемдерин улам эсине салып, анын да, куйоосу менен булосунун да жашоосунун кутун учурат. Башка бироонун жары болуп туруп, тигил же бул себептен улам кез-кез сени эстеп турса, демек, сен анын болочок уй-булосуно кыянаттык кылганын... Иничек муюп угуп, макул экенин билдирип башын ийкеп коюп баратты.
***
Укканы курусун. "Тий десен тийбейт, тийбе десен тийет” деген эриндер сыяктуу иш жузундон баарын тескерисинче жасады. Коп отпой башка класста окуган озуно жашташ кыз менен таанышып, баарлашып, бат-баттан жолуга баштады. Кыз менен жигит классикалык адабий чыгармаларды талкуулап же англис тилин чогуу уйронмок учун такай кезигишет беле, баягы саны коп, сапаты аз кино менен клиптердеги жасалма каармандардын алдамчы романтикасын туурап, суйушуп-куйушкон Мажнун менен Лайлинин образына астейдил кирип, баштарын жоготкондуктан жолугушушат да. Ортодо тутанган махабат отунун табы тим эле тээ Ала-Тоонун чокусундагы кылымдар бою козголбой турган ак монгулорду эритчудой алоолоп, экоонун тен эркине ээ-жаа бербей баратты. Кундо бир маал корушпосо тугол жашоолору жарым болуп калчудан бетер сабактан сон, жолугушууга ашыгышат. Жолуккан сон коштошкулары келбей, айланбаш козудан бетер максатсыз ары-бери ээрчишип басып журо беришет. Убакыттын укум болуп жатканын, билим алууга, спорт менен шугулданууга, дегеле акылын, денесин, рухун остурууго, келечектин пайдубалын бакубат кылып туптоого кетчу эпкини жана каражаты ойду-тоону суйлошуп кочо таптаганга, кез-кез балмуздак жеп, семичке чагып, лимонад ичкенге кетип жатканын, кайра каалаганда ордуна оюп койгудай убакыт да, жаштык да, эпкин да текчедеги буюм змоо экенин экоо тен тук ойлоп да коюшпады. Мындайда жигит "демоорчу" болуш керек деген жазылбаган эреже бар эмеспи...
"Махалада дуу-дуу геп" деп езбек туугандар айткандай, чакан калаада эки мадырабаштын махатабына кубо болгондор, маани берип кеп кылгандар кобойуп баратты. озгочо, ону да, уну да, ою да, бою да келишкен жигитке коз арткан кыздар тим эле корей сериалдарын коруп аткансып, же жаш балдар мин бир тун жомогунун аягы кандай болорун билууну дегдеп сабырсыздана тыддагансып кызыгуу жана кызгануу менен дыкат байкоо салып турушту. Кызга коз кырын салган жигиттер да бир топ эле. А экоо болсо быйтыйган алаканы менен козун жаап алып бекиндим, мени эч ким корбой жатат деп ойлогон бобок баштанып канча адамдын конул чордонунда экенинен кабары жок эле. Кабары болсо да оздорунун пикиринде ааламдын чурогун багындырганына жаш жигит, дуйнонун дулдулун колокосундой ээрчиткенине жаш кыз сыймыктанып, ортодогу махабат дастанын шаанисин жасап болсо да жашырып, сыр кармоону такыр эсинен чыгарышты. Баса, жигиттин ырдай коймой, ыр жазып жибермей чымыны бар эле. Ошол таланты менен суйгонун жана суйуусун даназалоону чечти. Акын болуп апасы менен атасына эки сап, ырчы болуп мекенине бир кайрык арнабаган неме озунун козуно Ак моор корунгону болбосо, калайман ичиндеги катардагы эле кызына арнап балдай ширин создордон ыр, мукамдуу аваздардан обон курады. Кызды корбой туруп уккан жан бул ырды кызга эмес эле периштеге, жок эле дегенде Семетейдин Айчурок сулуусуна арналыптыр деп ойлосо керек...
"Бир гана сен укмушсун" , "Бир гана сен керексин”, "Мен сага аба-суудай муктажмын" деген сыяктуу бараандуу саптардын аягы кыздын аты менен аяктайт...
Ырды чыгарып эле тим болбой аранжировщикке асемдетип музыкасын жасатып, кымбат студияга барып ун коштоп жаздырып, ынгайы келген жерден жадыртып хитке айлантуу аракетин коро баштады. Аракеттин берекети болуп ыр интернетте, телефондордо жайылып баратты.

Билдирүүнү түзөткөн: Glucke: 10 Апрель 2020 - 18:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 14:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: