Монолог Жан дүйнөбүздөгү сезим учкундары...
#4882 24 Апрель 2020 - 12:55
Эн оор болгон нерсе ким экендигинди, кандай адам экендигинди эн жакынына далилдей албаган экен. Балким далилдегин келбегендир. Анткени ал чын эле сени жакыным десе, эч кандай далили жок эле сенин кандай экенинди билет. Балким алдында мин далил турса деле, сени ааламдагы болгон адамзат айыптап жаткан кундо деле ал сага ишенет, журогу менен туя алат, ошондуктан ал журогуно жакын болот.
#4883 26 Апрель 2020 - 03:48
Куттум, куттум, куттум...
Жан биргем, жалгыздыктан жадап буттум...
#4887 26 Апрель 2020 - 04:14
Знаешь, ты главное, живи, родная, а я пробьюсь,найду, дождусь тебя!
#4889 26 Апрель 2020 - 21:36
Эки оттун ортосунда калдым Монолог.
Же сизди таштай албай же биротоло унутпай кыйналып келем. Бир жагында сиздин жакшы аяр мамилениз. Бир жагында менин коркоктугум Жана Ден соолугум. Негедир сиз менен жашап кетериме эч козум жетпей койду. Балким сиз менен турмуш курсам аял катары бактылуу болмок белем Ким билет. Себеби сиз уй булонун аял затынын кадырын билген мырзасыз деп ишенем. Сиздин аруу таза сезимдериниз менен ойногонго акым жок. Же биротоло унутуп же сиз каалагандай сизге турмушка чыгышым керек башка жол жок.
Менин коркконум сизге жардам керек учурда сизге комоктошо албай каламбы деп корком. Мен жардамга муктаж болуп калсамчы анда кантесиз себеби экообуздун Тен мункунчулугубуз чектелген экенин билебиз. ...
Бул жашонун дагы бир чындыгы бул дуйного эч Ким туркук болуп калган эмес дегеним апаларыбыз бизге ар дайым жардам колун суна албайт деп ойлойм. Алты тууган болсон да ар жалгыздык башында дегендей.
Сизде баалаганым сиздин аяр мамилениз.
Билдирүүнү түзөткөн: Aisuluu160790: 26 Апрель 2020 - 21:56
#4891 27 Апрель 2020 - 09:43

Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#4892 27 Апрель 2020 - 19:33
Кандар келет бел ашып,
Кажарлуу токум жарашып.
Кан уулуна бай атам
Каякка кеттиң адашып???
Короодон чыга элек добушум
Коңгуроо кылдың жан атам
Айылдан чыга элек добушум
Ашкере кылдың, айланайын бай атам...
Теңдеп бир ооо теңдеп жүк жыйсам
Текие кемдей көрүнөт
Теңтуштарым ичинен
Бир мүчөм кемдей көрүнөт..
Алтынды жезге бурайын
Айтпай бир кантип турамын
Күмүштү жезге бурайын
Күйбөй бир кантип турамын
Айланайын бай атам.
Сай боюнда кумгандыр
Кумганга жүзүн жуугандыр
Кызымды бир көрбөй кеттим деп
Курганым ай атам көзүн араң жумгандыр... ...
Атакебайым, айланайын атам. Айрылганыма 23 күн болду сизден. Өлөт деп ойлободум эле. Ооруп эле айыгат дедим сизди. Больницадан чыгып келгениңизде адатымча башыңыздан суу айлантып бетиңизден өөп тосуп алам деп ойлодум эле. Өлүгүңүздү күтпөдүм эле. Ыйлап ыйлап көз жашымды тыя албай жатам. Күлүп башка нерсеге алаксыйм. Эсиме түшөсүз сумсайып отуруп калам. Куран окугандан башка айлам жок экенин эстеп келбешиңизди сезип алып ичим ачышып ыйлайм. Жаратканым өзүнүн мээримине бөлөсүн. Жаннатынан орун берсин.Кабырыңыз нурлуу болсун.
#4894 28 Апрель 2020 - 10:32
Сен мага керексин!
Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 28 Апрель 2020 - 10:50
#4895 28 Апрель 2020 - 13:13
#4896 28 Апрель 2020 - 18:37
#4897 29 Апрель 2020 - 07:19
Билдирүүнү түзөткөн: Glucke: 29 Апрель 2020 - 08:08
#4898 29 Апрель 2020 - 09:54
Билдирүүнү түзөткөн: LunaSun: 29 Апрель 2020 - 10:12
#4899 29 Апрель 2020 - 13:46
Билдирүүнү түзөткөн: janym_balam: 29 Апрель 2020 - 13:48
#4900 29 Апрель 2020 - 13:57