Эжем кош бойлуу. Июлдун 9уна бериптир. Буттарында маткасында да варикозу бар экен. төртүнчүсүн төрөп жатат. Ар төрөгөн сайын ашыкча эле кыйналып төрөйт, шишип кетет, давлениеси 200гө чыгып кетет, температурасы көтөрүлүп 10-15 күндөп роддомдо жатып атып укол мн толгоо чакырып төрөйт. Мурдагыларында варикозу жок эле. Бир тоонун башындагы кыштакта жашашат. Мен айтып жатам да кесерово мн төрөң, кичине жеңилирээк болот деп. Анчалык эле көңүлдөнбөйт кесерового.
ушуну эптеп төрөп алсам төрөбөйт элем башка дейт. Кесерового кандай кеңеш бересиздер?
Кесерово учурунда трубасын буудуруп таштаса эмне болот? Кесерово кылбай деле бууп койсо болобу трубасын. Кудайга шүгүр 2кыз 1 уулу бар, ичиндегиси уул экен. заманга жараша 4 бала азыр көп бала деле болуп калбадыбы. Жездем да башка төрөбөй эле кой ден соолугуң кетип атат дептир...
Менин кайненем трубасын буудурган экен ооруйт дейт, билбейм дагы мен каршымын труба буудурганга. Анан чын эле кесеровадан көрө өзү торогону жакшыраак болот го менимче бирок врачы менен кенешсин эгер ахыбалы оор болсо кесерова да жакшы. Биз жакшы келин болм деп эле өзүбүздү абайлабай, кош бойлуу кезибизде да оор көтөрүп, кечке жаныбыз тынбай иш кылып жүрүп ден соолукубузду жейт экенбиз да. Эжениз өзүн өтө этият кылсын, көпчүлүк варикозго көңүл бурбайт бирок ал жарылып кетсе өлүмгө да алып келиши мүмкүн, кудай сактасын. Эжениз жакшы врачтан консультация алсын.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















Мобилдүү версия