Суперстан: Кан жыттанган бакыт... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кан жыттанган бакыт...

#21 Пользователь офлайн   jindirak   12 Май 2020 - 12:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Май 2020 - 16:13

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Али ошол кундон баштап Султаналыны изилдегенге толугу менен киришти.  Анын кайда барып кимдер менен жолугушту жана жолугушуулары эмне жонундо болгонун токпой чачпай Баратовко кабарлап жатты. Анын оюн ошол учурдан тартып Нурпери жана белгисиз баласы ээлеп алды.
Баратовтун планы менен алар Султаналы товар откоргон куну ошол жерден акчаны же товарды алып качуу эле. Баратов болгон мыкты жигиттерин даярдап, тапшырма берди. Алар буйрукту гана кутуп турушту. Бир куну бакчада Али Ханайым менен сурот тартып олтурган.
-Али байке, карасан мен туну мына бул суротту тарттым, озум.
Ханайым тарткан суротторун мактанып корсотуп жатты. Али бул кыздын жанында олтурса, ушул наристе менен ойносо кадимкидей дили тазарып, азыр эле ойлорун каптап турган кара булуттар сурулуп конулуно кун ачылгандай жаркый тушот.
-Сенин колун конуп баратат э?
Ханайым тарткан суротторду колуна алып коруп жатты. Бир убакта алардын жанына Султаналы басып келди. Кызы менен Алинин ушунчалык жакын болуп кеткени алгач коркутуп жатса, убакыт отуп Алинин кызына эч кандай терс таасири жок экенин коруп тим койгон. Себеби Ханайым да бул айдоочусуна конуп калган, дайым издеп "Али байке менен сурот тартам, Али байке мектептен алып кетсин" - деп турат.
-Кана менин ханыша кызым эмнелерди тартты?
-Атакее, карасан мен уйронуп калдым.
Али шефинин келгенин коро ордунан тура калды эле Султаналы колу менен "олтура бер"- дегендей жансап койду.  Эми гана кызынын жанына олтурганда телефонуна чалуу келди.
-Да, угуп жатам.
Телефонду которгон Султаналы бурк этти.
Али озу кыз менен суйлошуп жатканы менен болгон ою Султаналынын создорундо эле.
-Ооба бугун кечинде жолго чыккыла. Эртен тундосу алып келишет, чек арадан алмашасынар.
Султаналы суйлоп жатып, ордунан туруп бир аз ары карай басты.
-Чек арадагы айыл четиндеги бак менен барасынар.  Макул, дагы байланышып кабарынарды берип тургула.
Султаналы телефонду очуруп, дагы кимлир бироого чалып жатты.
-Алло, Бекжан. Мен жигиттер менен суйлоштум. Бугун кечинде жолго чыгышса, эртен тундосу дайымкы чек арадагы айылдын багынан кезигишет.
Али баардык созун кунт кое укту да, Султаналы ичкери кирип кетери менен Баратовко чалып кабар берди. Баратов ушуну эле кутуп турган эле. Дайындап жургон беш жигитти дароо эле Али айткан чек ара аймагына жиберди.
Кун кечтеп, айлана куугум тартып баратты. Султаналынын 4 жигити, белгиленген жерге жетерде машинаны жол жээгиндеги бакка киргизе токтотушту да андан ары карай оздору жоо кетишти. Анткени машина менен чек арага баруу кооптуу болчу. Жигиттердин шамдагай басып, шыпылдап бараткандарына караганда бул биринчи жолкусу эместей. Чакан токой сыяктуу калын бакты карангыда билгендей жолдон адашпай бара жатышты. Ортодогу жигит кара чакан дипломат которуп алган. Алдында бироо, артында экоо дабыш алдырбай келе жатышты. Мына чек арага детип келишти, келишим боюнча чек аранын ары бетинде дагы 4 жигит кудум оздорундой болуп чакан дипломат которуп кутуп турушуптур. Так эле ушул жерде обочораак туруп Баратовтун жигиттери, орган кызматкерлеринин кийимин кийип кутуп турушкан эле. Эми гана жетип товарды алмашаарда, кайдан экени белгисиз 5 орган кызматкерлери келе калышты. Султаналынын жигиттери ок чыгарып, заматта калын бактын жаны тарсылдак ундорго толуп, айлананы кок тутун ээлеп чыкты. Таджикистандан келген жигиттер кайра артка качууга улгуруп калышты. Ал эми бул жактагылардан жанагы колуна дипломат кармаган жигит дайынсыз жоголду да, калган бироо ор жаракат алды. Буларга кол салган орган кызматкерлери кандай пайда кудум ошондой заматта жок болушту. Уч жигит болуп откон окуяга толук тушунбой, чын эле органдан кармаштыбы же башка кримдуйно окулдору уюштурган оюнбу билбей калышты. Эн окунучтуусу жана коркунучтуу кабар, товарды да ала алышпай, акчаны да жоготуп жибергендери болду. Жаракат алган жигитти экоо эки жагынан жолоп, артка машинаны токтоткон жерине кайтып келишти. Келип эле машинаны от алдырып артка айдап зуулдап жоношту. "Алгач бул аймактан алыстап алуу керек, андан кийин гана шефке чалып болгон иштен кабардар кылуу зарыл" - деп ойлоп келе жатты ролдогу жигит. Ал эми Баратовтун жигиттери бири да жаракат албай, жанагы колго тушкон жигиттин колу-бутун, оозун байлап машинанын арт жагына жуктоп оздору Баратовко чалып кабар беришти да, атайын даярдап кийген орган кызматкерлеринин кийимин башка кийимге которушуп, жай баракат машинаны от алдырып жоноп кетишти. Баратов оз кабинетинде олтурганда жигиттери чалып "баары жайында" - деген кабар айтышты. Мыйыгынан жылмая колундагы ичимдигин ичти да "эми башталды  менин оюнум Борубаевич" - деп койду.
Али Султаналыны жумушунан алып келе жаткан болчу. Султаналынын телефонуна чалуу келип, шашпай алган шефинин ону озгоро бакырып алды.
-Тееез алдыма жетип келгелее?! - деп телефонду ыргыта салды. Кузгудон шефинин онун коруп эле Али оздорунун иши ойдогудай бутконун билди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Kyzyl-jooluk-jaljalym   13 Май 2020 - 08:43

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Август 19
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 03:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Где Ты там и Я

Сонун чыгарма кызыктуу. Кутобуз уландысын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Май 2020 - 23:43

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Нурпери ошол уйуно Ханайым келип кеткен кундон тарта озгоруло тушту. Басса турса оюнан ошол кыз кетпей кайра жолуккусу келе берди. Эмне шылтоо айтып, кантип жолугуунун амалын издеп таба албай убара. Бир жагынан озуно-озу тан кала "бул эмнеси ыя? Ушундай да болчу беле, оз канымдан жаралган кызым турганда башка бироонун баласына не мынча жармашып жатам?" - деп танданып журду. Баары бир эне журогун алдап кое албайт экен. Сезимдердин эн улуусу, жана кучтуусу эненин балага болгон суйуусу болсо керек. Колуна алып ууз сутун бербесе да, толгоонун азабын тартып, сай соогу сыздап, жарык дуйного алып келген перзенти. Кантсе да канынан жаралган кызы. Ошондуктан Ханбийкеге тартылуусу кучоп, кызды эстегенде кадимкидей кокурогу зыркырап кетет. Акыры Жибеке конгуроо чалып коноко бара жатканын айтып жолго чыкты. Жол катар коодонун жагымдуу кубаныч ээлеп бактылуу баратты. Жолдон магазинге кирип Ханайымга суроттуу китеп, жана ар кандай боек, карандаштын турлорун сатып алды. Борубаевичтин хан сарайынын алдына келип токтогон машина бир аз турган сон, чон темирден ар кандай гулдор тушурулгон калдайган  дарбаза ачылды да машина ичкериге кирип токтоду. Нурпери тушуп уйду коруп суктанып алды. Чын эле ото кооз салынган экен. Алдынан Жибек тосуп алды.
-Кел Нурпери, кандай олтурасынар?
Жаркырап чыккан Жибек менен жузунон суйуп корушушту.
-Жакшы эже, уйдо ээригип сиз менен суйлошуп олтурайын деп келгем.
-Ырас келбединби, озум да сага чалып коноко чакырсамбы  деп аткам.
Жибек Нурперинин колундагы баштыктарын алып уй тарапка бара жатышты. Нупери козу менен Ханайымды издеп, бирок суроого батына албай баратты. Айланага кылдаттык менен коз жугуртуп жатып кызды коро калды. Мына тээтигинде, бактын тубундо бироо менен сурот тартып олтуруптур.
-Нурпери эжееее?!
Ханайым Нурперини алыстан коро чуркап кетти. Жанында олтурган Али селт эте башын которду. Уй тарапта Нурпери кучак жайып турган экен. Кыз жетип эле мойнунан кучактап алды. Алыстан коз салып карап турган Али оюна келген ойдон озу коркуп кетти. "Жоок, болушу мумкун эмес?! Ханайым менин кызым эмес!" журогу туюп жатса да акылы кагып салды. Анткени бул такыр мумкун эмес иш да.
Жибек кызын Нурперини кучактап алганын коруп ичи элжиреп кетти.
-Капа болбо, кызым ушундай меймандос, - деди тамашалай.
-Жоок, баары жакшы мен да Ханайымды сагынбадымбы.
Нурпери кыздын колдорун бекем кармап алды. Ала келген белектерин кызга корсотту.
Ханайым кубанып коздору жайнап кетти.
-Рахмаат сизге. Тигинде биз Али байке менен сурот тартып жатабыз, - деп колу менен Али олтурган бакча тарапты коргозду.
-Журунуз мен тарткан суротторуму коргозом, - деп колдон тартты эле,Жибек :
-Кызым журу алгач уйго кирели, коноко чай берели  анан сыртка чыгабыз, - деп уй жака жол баштады.
Нурпери менен Ханайым жетелешип уйго кирип кетишти. Али журогу дукулдоп кеткен болчу, "азыр Нурпери келип калса эмне кылам?" - деп.
Нурпери кыздын жанына келип кайра журогу тынч алганын сезди. Кудум отконкудой жагымдуу сезим аралап, Жибек менен эмес Ханайым менен коп убакыт откорду. Кыз менен сурот тартышты. Ханайым колунан жетелеп, оз болмосун корсотту. Чачын оруп берди кыздын. Кун кечтеп калганда гана уйуно кетууго камынды. Озуно койсо Ханайым менен журо бергиси келди. Анткени коп жылдар бою айыкпас дартынын дабаасы, эчен жылдан бери кокурок тушундагы оору ушул кыздын жанында жоголуп кетет эле. Дуйносу балкып, озу издеп, самап жургон тынчтык журогун каптап ошол комуп салып, бирок ичинен курттай жеген азабы токтогондой сезилчу. Нурпери кетууго кам уруп сыртка чыкканда Али жаны гана Султаналынын тапшырмасы менен уйдон чыгып кетти. Жигиттерди караган Жибек:
-Али кеткен го, башка жигиттер сени жеткирип коет, - деп башка айдоочуга баш ийкеп буйрук берди. Дароо ал жигит машинаны от алдырып даяр боло калды. Уйдун алдында Ханайым менен копко кучакташып коштошту. Жибектин жузунон суйуп:
-Жакшы олтурунуздар эже, меймандостугунузга рахмат. Сиздерде да коноко барыныздар, - деп машинага олтурду.
Артка кайтып келе жатып дагы ошондой жоготуп алууга окшогон оор сезимге кабылды. Кудум 10 жыл мурун кызын таштап кеткенде кокурогу кандай ачышса азыр да  ошондой ачуу ооруу сыздатып жиберди да, Нурпери оор онтоп алды. 
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Sunera   13 Май 2020 - 23:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 06 Март 20
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 16:33

Нурпери машина мн келдилего
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Sunera   13 Май 2020 - 23:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 06 Март 20
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 16:33

Хехе мен озу ушундаймын так жургонду жактырам же кычыкмынбы же отоле акылдуумунбу билбейм...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Nurbek555   14 Май 2020 - 00:16

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 09 Январь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2022 01:30

Балким таксистдир
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Elnuratoktogul   14 Май 2020 - 05:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 240
  • Катталган: 15 Март 20
  • Соңку аракети: 17 Апр 2021 15:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара Кол

Nurbek555 (14 Май 2020 - 00:16) жазган:

Балким таксистдир


Эркектердин чозулуп сериял окугандарына итиркейим гана келетда аттинСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   001KG   14 Май 2020 - 05:40

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 216
  • Катталган: 28 Апрель 20
  • Соңку аракети: 07 Июл 2020 23:01
  • Жынысы:Эркек

Elnuratoktogul (14 Май 2020 - 05:27) жазган:

Эркектердин чозулуп сериял окугандарына итиркейим гана келетда аттинСүрөт

++++
Шону айтсаң енеең, кайдагы жомок-помок, пок-сакты окуп эзилип, убакытты кетирип, шыкалап күтүп дагы аны ёлкишкиндер).
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   Sunera   14 Май 2020 - 20:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 06 Март 20
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 16:33

001KG (14 Май 2020 - 05:40) жазган:

++++
Шону айтсаң енеең, кайдагы жомок-помок, пок-сакты окуп эзилип, убакытты кетирип, шыкалап күтүп дагы аны ёлкишкиндер).

Силерге п........ эмеспи!! ! Силер не эшек такалап журосунорбу? ?????
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Sunera   14 Май 2020 - 20:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 85
  • Катталган: 06 Март 20
  • Соңку аракети: 01 Фев 2021 16:33

Айтпаган созду айтырып адамды кыжалат кылып..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   14 Май 2020 - 22:40

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Дипломат толо миллион доллар акча! Султаналы болгон жигиттерин, таанышын салып жоголгон жигитин кошуп издеттирип жатты. Тигил Таджикистан менен да байланышы узулду. "Келишимди буздун, коопсуздук чарасын моюнга алам деп убаданарга турбадынар, аз жерден жигиттерим кармалып кала жаздап, аран качып кутулушту. " - деп кайра иштешууну каалашпай жатат. Ал эми бул ишти уккан Бекжан шок абалда. Озу жактан эч кандай кемчилик кетпей, бардыгы ойдогудай болгонуна жуз пайыз ишенимде эле. Султаналынын жигиттери" орган кызматкерлери басты"-дешти. Бекжан "Кандайча? Кайсы орган? Менден жашыруун кайсы кызматчысы бул ишке бара алат?" - деген сыяктуу бутпос суроолор менен башы катты. Анан да "эгерде эле орган басканда бул иш созсуз ачыкталмак, тымтырс болуп эч кандай кабар же жанылык жок! "-деди алдына келген Султаналыга. "Андай болгон болсо бул, кримдуйнодогу мафиоздордун колунан келчу иш! Бирок кантип билишти? Мындай иш жургузуп жатышканынан эч ктмдин кабары жок болчу эле го? " Султаналы даана башы айланды. Озун коерго жер таппай, кимден кумон саноону билбей, ар кадамын шектенип басып уйуно дагы коргоону кучотуп салды. Аялы Жибекти да уйдон чыгууга тыю салып койду.
Бул учурда Баратов менен Али оздорунун биринчи женишин майрамдап, дайым жолугушуп журуучу шаар четиндеги ресторанда олтурушту.
-Куттуктаймын Баратов! Алгачкы женишиниз менен.
-Рахмат, иним! Албетте сенин салымын коп. Мындай соккудан дагы коп беребиз! - деди колундагы ичимдигин ичип жатып.
-Али, эми бизге дагы план керек. Сен кандай жол менен болсо да Султаналыга жакындоон керек. Суйлошуп, соз арасында Бекжанды бул ишке катышы бар деп, ынандырууга аракет кыласын. Албетте ал ишенбейт, бирок конулуно баары бир кумон тушот. Анан озунду сунушта, мурун тынчы болуп иштегем деп, сен аркылуу Султаналыга акчаны кайтарып беребиз.
Али Баратовтун созун болбой угуп олтурду. Анын тузгон планы боюнча Али Султаналынын ишенимине ушул жол аркылуу кирет.
-Байке, Нурперини аныктай алдынызбы? Балам жонундо...
-Али, мен бул ишти мойнума алгам. Демек созумдо турам. Сага жанылыгым, сенин балан тируу. Келинчегин коз жарган. Бирок баланы алган эмес. Ал эми бала азыр кайда, ким уул кыз эми дагы териштирип табабыз. Нурпери торогон куну ошол эле торотканада дагы 10 наристе жарык дуйного келген. Созсуз табабыз! - деди Баратов ишенимдуу.
Алинин коздору кубанычтан жылтырап турду. "Балам тируу! Оо кудай балам тируу! Ушунусуна шугур!" - деди ичинен Баратовго чын журогунон ыраазы болуп. Азыр баласы учун тоону томкоргону да, керек болсо суз десе океанды сузуп отууго да макул эле . Негизгиси кандан жаралган наристеси аман! Бекжанга, Нурпериге жек коруусу куч алып, Бекжанды оз колу менен талкалап салууга да даяр турду.
Султаналы бардык жигиттерди иштерге салып койгонго, аргасыз Алини айдатып, ошол окуя болгон чек арага жан сакчылары менен жоноп кетишти. Атышуу болгон аймакты барып оз козу менен коргусу келди. "Балким бир илинчек таап алам" - деген умут менен. Жол катар Али да, Султаналы да унчукпай оз ойлору менен алек болуп баратышты. Али кантип соз баштаарын билбей, ынгайлуу учурду кутуп шефинин оозун тиктеп, соз баштаса айтайын деп келе жатты. Бирок Султаналы жеткиче эч кандай соз суйлогон жок. Узак жол журушуп акыры куугумдо жетип барышты.Султаналы жигиттери менен айланага коз жугуртуп илинчек издеп жатышты. Алнач чекеде гана карап турган Али бир аздан сон шефинин жанына басып келип озунун вариантын айта баштады.
-Шеф, сиздер азыр, жон гана туз  жолду карап жатасыздар. Алар туз жол менен сиздин жигиттерден мурун келишкен да кутуп туруулары мумкун. Кол салгандан сон, тиги чытырман жака качып, ошол жакта бир аз жашынып олтурушкан. Бул жактагы жигиттер кеткен сон артынан кайра тушуп кетишкен. Анткени алар туз жол менен эле кача турган болсо, алдыда сиздин жигиттер созсуз кормок.
Султаналы Алини карап "бул ушунча маалыматты кайдан билуусу мумкун?" - деп ойлоп кумон санап жатты.
-Сен эмнеге мындай ойлоп жатасын?
-Шеф мен мурун коп жылдар тынчы да болуп иштегем, чек арадан коп жолу товар откоргондорду да андыгам, - деди акырын суйлоп.
Султаналы жигиттерине карап" жогору жакты карагыла" -дегендей аылып колу менен корсотту. Али да кошулуп жогоруга которулуп баратышты. Ок атышуу орун алган жерден анча алыс эмес аралыкта, чоон таштын жанына келишти. Ылдыйды караса баары алаканга салып койгондой болуп даана корунуп турат. А тугул айлана карангы болуп турса да. Султаналы Алинин создорундо жан бар экенине ынанды. Ошол эле жерде бир аз ары жакта, усту жалбырак, отундар менен бастырылган баштык табышты. Ичинде орган кызматкерлерине тийиштуу кийимдер бар экен.
Султаналы жерге тукуруп алды да, "кеттик" - дегендей жигиттерине кол жансап ылдыйга тушуп кетишти. Шаарга келгенден кийин эки кундон сон Султаналы Алини оз болмосуно чакыртты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   jindirak   14 Май 2020 - 22:43

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   Nurbek555   15 Май 2020 - 08:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 38
  • Катталган: 09 Январь 11
  • Соңку аракети: 18 Янв 2022 01:30

Elnuratoktogul (14 Май 2020 - 00:27) жазган:

Эркектердин чозулуп сериял окугандарына итиркейим гана келетда аттинСүрөт



Койчу ай!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   jindirak   15 Май 2020 - 11:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Elnuratoktogul (14 Май 2020 - 05:27) жазган:

Эркектердин чозулуп сериял окугандарына итиркейим гана келетда аттинСүрөт




китеп окуган эркектерге итиркейин келеби
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   Elnuratoktogul   15 Май 2020 - 13:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 240
  • Катталган: 15 Март 20
  • Соңку аракети: 17 Апр 2021 15:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара Кол

Nurbek555 (15 Май 2020 - 08:35) жазган:

Койчу ай!

Ачуу чындык байкеси. Итиркейими келтирип жооп жазбан эми тиги 001кж окшоп. Ал сизден откон кыстеке чачын остуро албай журот ар нерсени бир дооруп. Сизге эркектик бакыт каалайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Elnuratoktogul   15 Май 2020 - 13:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 240
  • Катталган: 15 Март 20
  • Соңку аракети: 17 Апр 2021 15:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кара Кол

jindirak (15 Май 2020 - 11:10) жазган:

китеп окуган эркектерге итиркейин келеби

Жинди :) китеп окугандарды суйомго суйом :). Китеп окугандан зериккен жаным окугандарга коз грузить этемда байкеси :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   HypcylTAH   15 Май 2020 - 14:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 290
  • Катталган: 15 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Авг 2021 20:14
  • Жынысы:Эркек

Elnuratoktogul (15 Май 2020 - 10:31) жазган:

Ачуу чындык байкеси. Итиркейими келтирип жооп жазбан эми тиги 001кж окшоп. Ал сизден откон кыстеке чачын остуро албай журот ар нерсени бир дооруп. Сизге эркектик бакыт каалайм.

:96:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   aldap-saya   15 Май 2020 - 14:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Соонун жазып атасын Автор улантабер, теманы атайлап булгап аткан майда адамдарга маани бербей жазабер.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   16 Май 2020 - 11:56

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Султаналы Алиге жоголгон баланын суротун, жана ал жонундо маалымат, жашаган дарегинен бери берди.
-Али, тынчы болуп иштегенмин дегенинден ойлонуп коруп сага бул ишти тапшырып жатамын.
-Ишеним корсотконунуз учун рахмат.
Бир сырдуу болуп, турган Али ичинен кымындай, баары оздору пландаган боюнча кетип жатканына кубанып алды. Султаналы "бара берсен болот" - дегендей эшик  тарапты коргозду. Али чыгып кетери менен ойлоно тушту. "Артынан андытып текшерип корсомбу? Балким бул бир душманымдын тузагы болуп журбосун? Жоок, андай болсо бир жылдан бери бир жиги билинмек да, а бул болсо унчукпай оз милдетин гана аткарып журот" Алинин Ханайым менен жакын болуп, ойноп олтургандарын эстеп Султаналы "жоок!  Бул менин душмандарым жиберген тынчы эмес." деди. Султаналы Борубаевич! Кантип ушундай миллионер адамдын эн мыкты тынчы жалдап, жоголгон акчасын таап алганга даремети жетпесин? Жок, жетет албетте. Олконун таасирдуу адамы аталып, карапайым калктан баштап кримдуйного чейин атагы чыгып турган бул адам кантип эле колунда жопжонок айдоочу болуп иштеген адамга куну тушсун?! Эгерде Султаналы азыр тынчы жалдаса, анда эле иштин буткону. Кримдуйнодогу, бийликтеги душмандарына бул майдай жагып ар кандай кол салуулар, саясий оюндар башталып кетмек. Анан да чойросундогу ээ болгон авторитети да жер менен жексен болот. "Кимсин Султаналы Борубаевичти чек арадан тоноп кетиптир" - деген кептер тарап кетиши турган иш да. Андыктан алдын алуу чарларын катуу коруп, мин ойлонуп акыры Алини жалдоону чечкен. Алгач кумон санап кайра Алинин коздорунон озуно карата эч кандай очогушуу, же душмандыкты коро албаганда гана бул ишке дайындады. Адам баласы алдыда болуучу, же кандайдыр бир нерседен кумон санаса эн алгач оюна келген нерсе туура болот деп психологтор айтып келишет. Бул "адамдын алтынчы" - туюму деп аталат. Ооба бул туюм бардык эле адамзатта бар. Болгону биз ички сезимибизди угуп, ошол туюмду андап жете бербейт экенбиз. Кор пенделикке салып, кол шилтеп салат окшобойбузбу. Болбосо Султаналы азыр эсине келген биринчи ойго ынанып, Алинин артынан андуу койгондо бул иштердин артында ким турганын кормок. Анткени Али Султаналынын уйунон чыгып, туз эле Баратовтун алдына келген болчу.

Баратов бул арада, Алиге берген убадасына туруп анын баласын издоого киришкен. Шаардагы ошол Нурпери коз жарган торотканага барып 11 жыл мурунку архивти издештирди. Алгач "маалымат берилбейт" - деп баш тартышып, бирок Баратов баш дарыгердин алдына кирип чыккан сон гана архивти таап беришти. "Нурпери Осмонова, 11-март кечки саат 16:30 да торогон, баласы олуу торолду" - деп окуп ишенбей турду. Анын торотун кабыл алган дарыгер Гулжан Оморбековна. Негедир бул ысымды бир жерден уккандай. Бирок эстей албай койду. Анын уй дарегин алып, туура эле ошол дарекке бараткан Баратов жол бою ойго чомулду.   "Кызык каерден уктум эле? Адатта, бир уккан ысымды же окуяны такыр эсинен чыгарчу эмес. Бирок, ким эле?" Шаардан анча алыс  жайгашкан жаны конуштардын биринде жашайт экен. Аппак болуп сырдалган дарбазага келип копко такылдатты. Эч кандай жооп жок, сыягы уйдо эч ким жоктой.
Жанында жашаган коншу уйдон сурап бир жумадан бери уй ээлери жок экендигин угуп, шаабайы сууй уйуно жол алды.
Эшиктен кирип келген Баратовту кызы Медина чуркап келип тосуп алды.
-Атакее?!
-Медим,кызым менин!
Кызын колуна алып чачтарынан ооп алды да, ашканага отту.
-Келип калдынбы? Тамак да даяр. А баса сени издеп жанагы инин келип кетти. Али беле?
Жубайы Жаркын столду жасап жатып суйлоду.
-Эмне озун жасап журосун, Майрам эже кайда? Анан кеттиби Али?
Баратов  столго олтуруп жатып сурады.
-Бугун жооп бердим, эртен Мединин туулган куну да, жумуш коп болот, андыктан бугун эс алып келсин дегем. Али ооба, бир саатай олтуруп Меди менен ойноп анан эртен келем деп кетти го?
-Аа баса, эмне уйдон эле тособузбу туулган кунду?
-Ооба, бакча чон эмеспи, келген жаш балдар да кенири ойноп эс алышат.
Жаркын алдына тамак коюп жатып жооп берди.
Баратов жанында олтурган Мединаны бетинен чымчып койду. Эртен 7  жашка толот. Ушул кызын озгочо жакшы корот. Жашы отуп калганда коргону учунбу же торотуно озу да катышып, кызын алгач колуна  озу алган учунбу башкача жакын. Кызы аябай назик торолгон,  жеке клиникада такай козомолдо болгону менен аялы Жаркын таксикоздон кыйналган, дээрлик торогонго чейин дурустап тамак жей албай эки кундун биринде асма укол алып келишчу. Кудай жалгап дарыгери жакшы аял болгон эле. Ушуларды ойлоп олтурган Баратов оюна бир нерсе кылт эте тушту.
-Жаркын, эсиндеби Медиге кош бойлуу болуп жургонундо жанагы клинакадагы дарыгер?
-Аа, ооба. Гулжан Оморбековна. Аябай жакшы, эже. Менден кийин коптогон курбуларыма да сунуштагам. Колу женил.
-Ии ошол, Гулжан Оморбековна.
Баратов кубанып кетти, эсинде бир эки жолу кабинетине кирип суйлошуп чыккан.
-Ал жеке клиникадан сырткары да башка жерде иштейт беле?
Оз ою туура экенин бышыктагысы келип кайра аялынан сурады.
-Ооба, торотканалардын биринде иштейм дегендей болгон. А сага эмнеге керек болду? - аялы тушунбой сурады.
-Аа жоок жон гана, бир досум сурап. Ошого эстеп кеттим, - деп алдындагы тамака кол созду.
Ичинен кубанып жымындап алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 17:40

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: