Суперстан: Кан жыттанган бакыт... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кан жыттанган бакыт...

#41 Пользователь офлайн   Kunum_6   16 Май 2020 - 16:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 114
  • Катталган: 11 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 27 Мар 2024 10:02

Коптон жазынызчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   aldap-saya   16 Май 2020 - 18:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Автор кутуудобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   16 Май 2020 - 19:15

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
-Атакеее?! Али байкем кайда?
Султаналы уйго кирери менен Ханайымдын берген биринчи суроосу ушул. Кун сайын кыздын жанында олтуруп, кошулуп сурот тартып, ар кандай оюндарды ойнотуп жургону учун Алиге кыз кыйла эле коно тушкон экен. Султаналынын жеке тапшырмасы менен кеткен Али бир жумадан бери кожоюнунун уйуно келе элек болчу. Ханайым кадимкидей куса боло тушту. Наристе кыялында, Алини озуно дос коруп алган болчу.
-Кызым менин, Али байкен алыска кетти, бир айда кайра келет. Кел ага чейин мен тартамын сени менен сурот.
-Жок! Сен тарта албайсын. Аны сен атайы кетирип жибердинби? !
Атасына таарына тултундап чуркаган бойдон экинчи кабатка чыгып кеткен кызын карап, Султаналы ойлоно калды. Мынчалык конуп калат деп кутпогон, алгач Алини сурап жургондо "бала да эртен оюнга алаксып, унутуп кетет" - деген ою туура эмес экенин эми тушун жаткандай.
            Али бул убакта Баратовтун уйундо жаны планды ойлоп жатышкан эле.
-Так, Али эми Султаналыны Бекжанга кайрашыбыз керек. Кумон жаратып дегендей. Мен Бекжанды оз жигиттерим аркылуу изилдеп жатамын. Ал бир гана Султаналы менен эле эмес, коншу Казахстандагы белгилуу бир чиновник менен, бул жактагы бир канча мафиоздор менен да иш алып барат экен.
-А бирок алар канча жылдык тааныштар да. Кече келген менин созумо ишенип калмак беле?
-Ээххх Али, Али. Сен азыр эч нерсени тушуно элексин да.
Баратов ордунан туруп келип Алинин далысына таптады.
-А сен билесинби, саясат менен бизнесте жакын адам, дос болбойт экенин. Айрыкча мынандай мыйзамсыз иш жургузгондо, бардык адамдан кумон саноого болот. Жада калса койнунда жаткан аялындан. Бул практика жузундо коп эле далилденген.
Баратов баласы жонундо, Нурперин тороткон дарыгер жонундо айтайын деп барып кайра токтоду. Бир жолу баарын озу тактап анан айтмак болду.
-Султаналыга чалып, Бекжан жонундо маалымат бер. Жок, жакшысы уйуно барып кенен суйлош. Жургузуп жаткан иштерин ачыка чыгар.  Анан коробуз дагы кандай болоорун, - Баратов мыйыгынан жылмайып алды.
Айткандай эле ошол куну кечинде Али Султаналынын ишканасына отту. Эшиктен уруксат сурап кирип келген Алини коро ордунан козголуп курсунуп алды Султаналы.
-Кел жигит. Мен учун жакшы жанылыгын бар деп умут кыламын.
-Султаналы Борубаевич, жакшы да жаман да жанылык болот го дейм. Чек арадагы кол салууга  Бекжан Акимовичтин тиешеси бар деп ойлоймун.
-Али?! Сен кимди айыптап, куноо тагып жатканынды билесинби?
Султаналы ону озгоро тушту.
-Ооба шеф, тушуном. Бирок...
-Эч кандай бирогу жок! Ал менин канча жылдык жакын адамым.
-Султаналы Борубаевич алгач менде да кумон болгон жок. Бирок ойлоп корсонуз, органдын формасы, анан да сиз айтпадынызбы биздин бул ишти эч ким билбейт деп. Демек кумондо бироо гана болуп жатпайбы шеф.
Султаналы жоошуй тушконсуду. Озу да ичинен кумон санап бирок батына албай, бул ойду алыстатып жаткан болчу.
-Эмне далилин бар?
Унун бир аз акырын чыгарды.
Али колундагы Бекжандын Казахстандык чиновник менен тушкон, жана башка мафиоздор менен жолугуп олтурган суротторун берди. Муну атайы Баратов тарттырып алган болчу.
-Бекжан Акимович, бир гана сиз менен эмес, коруп турганыныздай дагы башка чиновниктер менен иш алып барат. Жада калса мафиоздор менен. Шеф, ушулар менен тил бириктирип сиздин артыныздан суу куйбайт деп ким кепилдик бере алат? Анан да озунуз билгендей, саясат менен бизнесте дос болбойт.
Али Баратовтун айткандарын кайталап жатты. Султаналы суротторду колуна алып коруп жатып, Алинин создорундо жан бар экенин ынанды. Чын эле эч кимге ишенбоо керек экенин унуткан сыяктуу. Бекжанга чын дилинен мамиле жасап, бир тууган ини коруп албады беле? Экоонун бул ишин эч ким уккан эмес, демек Бекжандын гана колунан келчу иш. Жини келип, кайнап турган каны мээсине тээп чыкты. Али муну Султаналынын кызарып кеткен жузунон, суротту мыжыга туйулгон муштумунан байкады.
-Шеф...
-Али, эмне керек баарын сура. Болгон аракетинди кылып акчаны таап кел.
-Жарайт. Мага 4 жигит куралдары менен керек. Эртен кечинде шаардын четинде Бекжан Акимовичтин жолугушуусу бар.
-Каалаганча жигиттерден ал.
Султаналы конулсуз буйрук берди.
-Дагы кабар берем шеф, уруксатыныз менен.
Али шыпылдап кабинеттен чыгып кетти. Бул жолу да баары оздору пландагандай болду. Али алгач ишенбейт деп корккон болчу. Бирок ишенип, атугул жигиттерди да куралы менен кошо берип койду...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   ShaKe11   16 Май 2020 - 21:49

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Кооптон эле жаз Автор
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   17 Май 2020 - 21:55

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Баратов Алиге тапшырма берип коюп озу жанагы дарыгердин уйуно баратты. Бул жолу жанагы дарбаза чон болуп ачык экен, ичкериден ызылдап жаш балдардын ойногон ундору угулуп турду. Уйго жакын келип короодон жаш келинди корду.
-Саламатсызбы?
Тамагын кыра салам берди Баратов.
Жалт караган келин тааныбай турду.
-Саламатчылык.
-Гулжан Оморбековна, ушул уйдо турат да э?
-Ии эжем, уйдо. Кириниз.
Келин уйдун ичине жол баштап кирди.
-Эжее, сизге келишиптир.
Чачын ак аралап, коз айнек тагынган аял Баратовту тааныбай турду. Конок болмого о уп олтурушкандан кийин Баратов соз баштады.
-Гулжан Оморбековна, озгоруптурсуз.
-Мезгил иним. Бирок сени тааныбай турамын. Кошо иштедик беле? Кап этпе, каарылыкка алдырып тааныбай жатам.
-Жоок эже бирге иштеген эмеспиз, менин келинчегим кош бойлуу болгондо сиздин козомолунуздо болгон.
-Аа, капырай андай  болсо эсимде жок. Канча келиндерди торотподумбу?
-Гулжан эже, айтсаныз шаардык торотканада да иштегенсиз го.
-Ии ооба айланайын ал жакта коп жылдар иштегем.
-Эстеп корсонуз, мындан он жыл мурун март айында Нурпери Осмонова деген келиндин торотун да сиз кабыл алган элениз.
Гулжан озгоро тушту. Андан бери эчен жылдар отуп канча торотторду кабыл алса да, ошол кун, ошол кызды такыр унутпады. Коз жашы кол болуп, аргасыз кызынан баш тартып, артын карабай кеткен Нурперинин элеси бугункудой эсинде. Атугул ошол кызды Султаналы Борубаевичке кармата салган кун да эсинде. Коп жылдар ошол кичинекей кызды козотуп жургон. Дайым коргоо менен жургон кызды алыстан коруп, бактылуу омур суруп жатканына ынангандан сон кузотууну токтоткон. Бирок,тушуно Нурпери коп кирчу. Ал ыйлап "эже кызымды сагындым, издеп таап берчи" - деп суйлончу.
-Жоо-жоок, эстей албайт экем, - деди жашырып.
Копту коргон кыраакы Баратов Гулжандын ала качкан коздорунон эле бир иш бар экенин байкады.
-Эже, ошол куну 10 бала жарык дуйного келген. Алардын 3 ну сиз торотконсуз. Нурпери Осмонованын архивинде бала олуу торолду деп жазылыптыр, бирок андай эмес да? Чынбы?
Баратов Гулжанды теше карады. Гулжан улам коздорун ала качып, бир нерселерди кармалап тушунуксуз абалда калды.
-Дде-демек  архивте жазылса ошондой болгон да иним, он жыл эмес он кун мурункуну эстей албай жатпаймынбы?
-Гулжан Оморбековна, озунуздун перзентиниз жок экендигин ото эле жакшы билем. Демек баланы багып алуунуз да мумкун. Ошол жылы бир тууган ининиз эгиз уулдуу болду беле?
Гулжандын журогу оозуна келди. Кудум азыр ушул киши айылга барып инисинин эгиз балдарын тартып алчудай алдастап кетти.
-Алар башка.
-Билесизби ошол бала мен учун ото кымбат болуп жатат. Олуу торолгонуно ишенбей турамын. Тагыраагы сезип жатамын.
Баратов куруна асылган куралды алып чыкты.
-Мме-мен ээч нерсе билбейм.
-Жакшылап эстеп корунуз, болбосо оз алдынча иликтоо жургузо алабыз. Иликтоону так ошол, эгиздерден баштайбыз.
Баратов коркутканга отту. Гулжан колун жузуно басып ыйлап жиберди.
-Мен жон гана ошол кичинекей периштенин бактылуу болуусун каалагам. Апасы баш тартып кетти. Жетимдер уйундо кор болуп осуусун каалабай ушул жолго бардым. Туура кылгам. Анткени азыр ал кыз эн бактылуу.
-Демек кыз тируу?!
Баратов кубанып кетти.
-Ооба тируу, болгондо да эн мансаптуу адамдын жалгыз кызы.
Гулжан озуно келип, бардык болгон ишти айтып берди.
-Билесинби мен ант бергем айтпайм деп. Ал кыз озу кат жазып баш тартып кеткен. Султаналы Борубаевичтин аялы оор абалда болчу. Ал кишиге мен сунуш кылгам, ал ойлонбостон макул болуп алды.
-Силер ал кыздын оз атасы бар экенин унуткан сыяктуусунар.
Баратов жылмайды.
-Эгер атасы сен болсон анда кеч калыпсын иним. Эмнеге ошол убакта келинчегиндин жанында турбадын? Озунду да куноолу сезесинби деги?
-Шарт ошого туура келген.
-Демек эми тагдырына моюн сунуп жаша, кызындын таза дуйносун уратып алба.
Баратов унчукпай ордунан турду да чыгып кетти.
Ичинен озунчо кубанып алган.  Алинин кызы аман. Негизгиси ал оз кызы менен бирге бир жерде журот. Баратовтун башы катып турду. Уч уктаса да тушуно кирбес бул окуяны кай жака жооруп, кандай жол тутаарына акылы жетпей ойлору чачырап баратты. Султаналы Борубаевичтин жалгыз кызы Ханайым, Али менен Нурперинин кызы. Бул туурасында жада калса Жибек да билбейт экен. Али укса кандай абалда калат? Албетте кызын тартып алат, ал эми Султаналынын аялы Жибектин абалы не болот? Ооба Султаналы душманы бирок, аялын ото сыйлачу. Не болгон кундо да азырынча бул туурасында Алиге айтпай турган болуп чечти.
***
Баратов Алиге тапшырма берип коюп озу жанагы дарыгердин уйуно баратты. Бул жолу жанагы дарбаза чон болуп ачык экен, ичкериден ызылдап жаш балдардын ойногон ундору угулуп турду. Уйго жакын келип короодон жаш келинди корду.
-Саламатсызбы?
Тамагын кыра салам берди Баратов.
Жалт караган келин тааныбай турду.
-Саламатчылык.
-Гулжан Оморбековна, ушул уйдо турат да э?
-Ии эжем, уйдо. Кириниз.
Келин уйдун ичине жол баштап кирди.
-Эжее, сизге келишиптир.
Чачын ак аралап, коз айнек тагынган аял Баратовту тааныбай турду. Конок болмого о уп олтурушкандан кийин Баратов соз баштады.
-Гулжан Оморбековна, озгоруптурсуз.
-Мезгил иним. Бирок сени тааныбай турамын. Кошо иштедик беле? Кап этпе, каарылыкка алдырып тааныбай жатам.
-Жоок эже бирге иштеген эмеспиз, менин келинчегим кош бойлуу болгондо сиздин козомолунуздо болгон.
-Аа, капырай андай  болсо эсимде жок. Канча келиндерди торотподумбу?
-Гулжан эже, айтсаныз шаардык торотканада да иштегенсиз го.
-Ии ооба айланайын ал жакта коп жылдар иштегем.
-Эстеп корсонуз, мындан он жыл мурун март айында Нурпери Осмонова деген келиндин торотун да сиз кабыл алган элениз.
Гулжан озгоро тушту. Андан бери эчен жылдар отуп канча торотторду кабыл алса да, ошол кун, ошол кызды такыр унутпады. Коз жашы кол болуп, аргасыз кызынан баш тартып, артын карабай кеткен Нурперинин элеси бугункудой эсинде. Атугул ошол кызды Султаналы Борубаевичке кармата салган кун да эсинде. Коп жылдар ошол кичинекей кызды козотуп жургон. Дайым коргоо менен жургон кызды алыстан коруп, бактылуу омур суруп жатканына ынангандан сон кузотууну токтоткон. Бирок,тушуно Нурпери коп кирчу. Ал ыйлап "эже кызымды сагындым, издеп таап берчи" - деп суйлончу.
-Жоо-жоок, эстей албайт экем, - деди жашырып.
Копту коргон кыраакы Баратов Гулжандын ала качкан коздорунон эле бир иш бар экенин байкады.
-Эже, ошол куну 10 бала жарык дуйного келген. Алардын 3 ну сиз торотконсуз. Нурпери Осмонованын архивинде бала олуу торолду деп жазылыптыр, бирок андай эмес да? Чынбы?
Баратов Гулжанды теше карады. Гулжан улам коздорун ала качып, бир нерселерди кармалап тушунуксуз абалда калды.
-Дде-демек  архивте жазылса ошондой болгон да иним, он жыл эмес он кун мурункуну эстей албай жатпаймынбы?
-Гулжан Оморбековна, озунуздун перзентиниз жок экендигин ото эле жакшы билем. Демек баланы багып алуунуз да мумкун. Ошол жылы бир тууган ининиз эгиз уулдуу болду беле?
Гулжандын журогу оозуна келди. Кудум азыр ушул киши айылга барып инисинин эгиз балдарын тартып алчудай алдастап кетти.
-Алар башка.
-Билесизби ошол бала мен учун ото кымбат болуп жатат. Олуу торолгонуно ишенбей турамын. Тагыраагы сезип жатамын.
Баратов куруна асылган куралды алып чыкты.
-Мме-мен ээч нерсе билбейм.
-Жакшылап эстеп корунуз, болбосо оз алдынча иликтоо жургузо алабыз. Иликтоону так ошол, эгиздерден баштайбыз.
Баратов коркутканга отту. Гулжан колун жузуно басып ыйлап жиберди.
-Мен жон гана ошол кичинекей периштенин бактылуу болуусун каалагам. Апасы баш тартып кетти. Жетимдер уйундо кор болуп осуусун каалабай ушул жолго бардым. Туура кылгам. Анткени азыр ал кыз эн бактылуу.
-Демек кыз тируу?!
Баратов кубанып кетти.
-Ооба тируу, болгондо да эн мансаптуу адамдын жалгыз кызы.
Гулжан озуно келип, бардык болгон ишти айтып берди.
-Билесинби мен ант бергем айтпайм деп. Ал кыз озу кат жазып баш тартып кеткен. Султаналы Борубаевичтин аялы оор абалда болчу. Ал кишиге мен сунуш кылгам, ал ойлонбостон макул болуп алды.
-Силер ал кыздын оз атасы бар экенин унуткан сыяктуусунар.
Баратов жылмайды.
-Эгер атасы сен болсон анда кеч калыпсын иним. Эмнеге ошол убакта келинчегиндин жанында турбадын? Озунду да куноолу сезесинби деги?
-Шарт ошого туура келген.
-Демек эми тагдырына моюн сунуп жаша, кызындын таза дуйносун уратып алба.
Баратов унчукпай ордунан турду да чыгып кетти.
Ичинен озунчо кубанып алган.  Алинин кызы аман. Негизгиси ал оз кызы менен бирге бир жерде журот. Баратовтун башы катып турду. Уч уктаса да тушуно кирбес бул окуяны кай жака жооруп, кандай жол тутаарына акылы жетпей ойлору чачырап баратты. Султаналы Борубаевичтин жалгыз кызы Ханайым, Али менен Нурперинин кызы. Бул туурасында жада калса Жибек да билбейт экен. Али укса кандай абалда калат? Албетте кызын тартып алат, ал эми Султаналынын аялы Жибектин абалы не болот? Ооба Султаналы душманы бирок, аялын ото сыйлачу. Не болгон кундо да азырынча бул туурасында Алиге айтпай турган болуп чечти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   17 Май 2020 - 22:18

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Бул учурда эч нерседен кабарсыз Али Баратовтун айтканы менен Бекжан Акимовичтин жолугушуусуна даярдык коруп жургон эле.  4 жигит менен шаардан чыккандан кийин тоо боорунда жайгашкан дачада орун алган  Бекжан менен тиги Казахстандык чиновниктин жолугушуусун кузотушту. Арадан 4 саат отуп алгач тиги чиновник  баштаган, 3 машина короодон чыгып кетти. Андан сон жарым сааттай убакыт отуп Бекжан 2 жигит менен бир машинада кетишти. Артыларынан эки машина болуп болунуп Али 4 жигити менен тушту. Бир кыйла жол жургондон сон ээн жолго жеткенде бир машина менен алдын тороп токтотуп экинчи машина арттан келип сокку берди да, шамдагайлык менен тушкон жигиттер Бекжандын бир жан сакчысына ок узуп жарадар кылышты. Эмне болуп кеткенине тушунбой турган экинчи жан сакчыны арка тарабынан келип башка чаап жыгыта коюшту. Дагы бир жигит машинага кирди да Бекжандын колундагы чакан дипломатты тартып алды. Кол салгандардын баары баштарын чумкоп маскада экен. Бекжан башы ойдо кылаарда арасынан бироо беткап жок жургонун байкады, жигиттерге буйрук берип жаткан ал машинанын ичин бир карап откондо даана жузу корунду. Ооба жазбай тааныды, бул Султаналы Борубаевичтин айдоочусу да. Кандай ылдамдыкта пайда болушса ошондой бат кайра кетип калышты. Жигиттери оор жаракат алып озу машинаны айдап бараткан Бекжан болуп откон бул шумдуктуу окуяны тушуно албай жатты. Султаналы озуно каршы иш кылуусу тушуно да кирген эмес эле, оз бир тууганына ишенгендей ишенчу эмес беле? Биро тигини так, даана корбодубу Султаналынын айдоочусу экенин. Ролду кармаган колдору калчылдап баратты.
  Али атайы жузун ачык корсоткон болчу. Бекжанды Султаналы менен кайраштыруу максатында. Андан алган акчаны катты да, жанагы чек арада колго тушкон баланы, ага кошуп алышкан бир дипломат акчаны алып Султаналынын жеке жолугушуулары отчу жайга жоноп кетти. Бир сааттан сон колу артка байланып, столдо бети башы канга боелгон  жигит Султаналынын алдында олтурду.
-Демек, сен экенсин да артымдан суу куюп, мени саткан.
Султаналы жигитти дагы чаап алды.
Эки кундон бери ур-токмокко алынып, азаптын турун коргон жигит суйлоого чамасы келбей аран дем алып турду.
-Шеф, муну Бекжандын артына тушуп анан таптык.
Али сыр бербей колундагы дипломатты столдун устуно койду. Ичин ачып акчалары баары жайында экенине козу жеткен Султаналы кайра жаап койду да бери бурулуп тиги байланып олтурган жигитке суйлоду.
-Ит, мен силерге ишенип журсо ушулбу ыя кылганынар? Айт дагы ким бар менин койнума кирип сатып жургон.
Эжгин которуп озуно каратты да коздоруно тигилди. Токмоктон ишип, когоруп кеткен коздорун ачып кароого чамасы келбейт эле.
-Акмак?!
Султаналы акчаны алып чыгып баратканда артынан Али кыйкырды:
-Шеф, муну эмне кылабыз?
-Саткындарга кечирим жок!
Бурк эте кункулдогон Султаналы чыгып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   ShaKe11   18 Май 2020 - 00:22

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   18 Май 2020 - 13:41

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Кабинетте олтурган Султаналыга Бекжан жигиттери менен бастырып кирип келишти.
Уштнтип кирип келерин куткондуктон Султаналы ордунан козголгон да жок.
-Бул жоругунузду кандай тушунсо болот?
Озун аран кармап суйлоду Бекжан.
-Бекжан Акимович, сенин кылганына жооп бул!
-Ошондо жоголгон акчанды мени алды дегени турасынбы?
Султаналынын озуно кол салып, акчасын тоноп, життерин жарадар кылып анан кебелбей мынтип олтурганы Бекжандын ого бетер кыжырын келтирди.
Султаналы орудунан туруп Бекжанга мандай келди. Экоо тен бир убакта куралдарын алып чыга бири-биринин мандайына такап турушту. Артта Бекжандын да, Султаналынын да жигиттери куралдарын сууруп чыгышты. Болмонун ичин тынчтык ээлеп, ушул азыр кай тараптан ок атылса, же тырык эткен ун чыга калса атып жиберчудой баары даярданып, Бекжан менен Султаналыны карап турушту.
Абалдын курчуп баратканын тушунгон Султаналы куралын тушурду да, жигиттерине да тушургуло дегендей ишаарат берди. Бекжан да куралын салып, бирок али таркай элек ачуусун жашыра албай:
-Мен сени жок кылам! - деди.
-Иничек, мени жок кылчу сен эмес. Жолун менен бол, - деди Борубаевич.
-Жок кыла алам, мен бийликтеги адаммын. Сенин толгон мыйзамсыз иштеринди ачып бере аларымды билесин да?
-Аны алдыда коробуз!
Кекетип коркутката суйлонгон Бекжан жигиттери менен чыгып кетишти. Султанлы турган ордунда кыйкырды.
-Алини тапкыла бат?!
Чын эле коркуп турду, Бекжан кантсе да мыйзамда иштеген адам, Султаналыны каралайм деп астейдил киришсе бир иши учун эле коп жылга кестирип сала алат. Турмого киргизгени аз келгенсип, ошол жактан баш кесер жалдап жайлап деле коет. Султаналы журогу болк этип кетти. Ушунча жылдагы авторитети, байлыгы бир кундо жок болуп, озу темир тор артына кетерин ойлогондо аалам тарып эч жерге батпай кетти. Арадан 2 саат отпой Али кирип келди. Султаналы бир орунга тура албай болмонун ичинде ары бери басып жургон.
-Шеф...
-Али, Бекжанды жок кылуу керек. Болбосо ал менин тубумо жетет.
Коркуп турганы кубарган жузунон, титиреген анан ишенимсиз чыккан унунон билинип турду.
-Кандай тапшырма бересиз?
-Козун тазала, мумкун болушунча бул ишти билгизбей бутургуло. Жол кырсыгы дейби же башка болобу уюштургула. Акына сураганынды берем.
-Шеф, ал сиздин... деп келе жаткан Алиге карады.
-Али, мен ага ишенип чон жанылыштык кетириптирмин.
Султаналы ойлоно калды. Ушкл учурда ал Баратовтун торуна тушконун байкабай кайра ошол торго улам чырмалып бараткан.
-Тушундум шеф.
Али сыртка чыгып эле Баратовго чалып шашылыш жолугуу керектигин айтты.
Айланага куугум тушуп калганда, дайымкы жолукчу шаар четиндеги ресторанга кирип озунчо болмого отушту.
-Султаналы Бекжанды жок кылууга тапшырма берди, - деди Али.
-Мммдаа. Эми кандай кыласын?
Баратов Алини сынай карап турду.
-Сиз менен кенешкени келдим.
-Али, келинчегинди тартып алган. Сени абакта  жылдар бою кармап, бут тоскон адамга ырайым кылганы жатасынбы?
-Байке. Нурпери менен бир жолу жолугуп суйлошуу керек.
Баратов жакын келип Алинин коздоруно карады:
-Даа иничек. Сен бул чойродон четтей тушупсун. Болбосо буйрук берилгенде аткарып очунду алып алсан болмок.
-Балким, Нурпери экоо бири-бирин суйоттур? Анын бактылуу болгусу келгендир? Омур бою турмого кесилген мени кутуп олтурбайт да. Болгону балам...
Баратов азыр Алиге кызы жонундо айтууну туура корду.
-Али, сенин кызын тируу.
-Эмне?! Кызым?! Менин кызымбы?
Уккан кулагына ишене албай турду.
-Чын элеби? Азыр кайда? Балдар уйундобу э? - деп жиберди шашып.
-Али олтурчу, жай суйлошобуз. Сен ойлогондой женил иш эмес. Али азыр кыздын ата-энеси бар, башка.
-Кайсы ата-эне? Кандай башка? Ал менин кызым да.
-Ооба сенин кызын, бирок...
Мукактана тушту Баратов, кандай айтсам экен деп. Азыр айта салса эле кудум азыр Али барып кызын талашып ала тургандай сезилип кетти.
-Кимдин колунда экенин билесинби? Али бул сенин тушуно да кирбейт.
-Ким экени маанилуу эмес, ал менин кызым!
-Султаналы Борубаевич. ..
Али ордунан тура тенселе тушуп кайра олтурду.
-Ханайым! - деди шыбырап.
-Ооба так ошол кыз.
Али кызды эстеди. Анын жузундогу уячаларын ушул кезге чейин кайдан коргонун эми тушунду. Нурпери. Ханайым Нурпериге окшош болчу. Корсо журогу сезген экен да. Ошон учун ал кызга озгочо тартылуу болуп, сагынып кызды коргусу келе берчу экен.
-Кандайча ал кишинин колуна тушуп калды?
Али дагы эле озуно келбегендей акырын сурады.
-Нурпери торогондо кыздан баш тарткан экен. Ошол куну Султаналы Борубаевичтин аялы коз жарып баласы олуу торолгон, аны дарыгер менен Султаналы алмаштырып коюшкан. Али бул сырды жада калса Султаналынын аялы Жибек да билбейт.
-Демек баладан баш тарткан...
Али кудум азыр башка жакта жургондой шалдырап, башы ысып, эмне ойлоп, эмне суйлоорун да билбей турду. Оюнда бир гана Ханайым. Азыр эле жетип баргысы келип, бирок буттары тушала ордунан такыр козголо албай жатты. Азыр асманга учуп бараткандай денеси женил боло тушту.  Коз алдына Ханайымдын озун кучактап эркелегини, кошо сурот тарткандары тартыла элестеп жатты. Кайра Нурпери экоо кошо жашаган кундор тартылып, келинчегинин курсагын сылап жаткандарын корду. Анан эле элес-булас, Нурперинин сот залында ыйлаганы корунуп, Али ордунан бир аз басып эле  кайра жерге кулап тушу.
Баратов Алини суйоп сыртка алып чыгып машинасына салды да озунун шаардагы батирине алып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   aldap-saya   18 Май 2020 - 16:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   18 Май 2020 - 22:04

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Бекжан шашыла иш болмосуно кирип шкафтарды тарактата кандайдыр бир нерсени издеп жаткандай бардыкты ыргыта чачып жатты. Заматта болмонун ичи кымгуут тушо тозу чыгып кетти. Акыры издеген папкасын таап ичиндеги кагаздарга бир сыйра коз жугурто, кайра салды да катчы кызга кыйкырды:
-Азиииза?!
Чуркап кирип келген кыз эшик оозунда туруп калды.
-Бекжан Акимович...
-Болмону иретке келтиргиле бат...
Кызды турто шашыла чыгып кетти.
Бекжан уйуно келгенде Нурпери балдары менен ашкана тарапта журушкон. Машинанын киргенин коро коюп алдынан утурлай тосуп чыкты.
-Бугун эрте келгенсин го?
-Нурпери балдарды даярда, дачага кетесинер.
-Эмне болду?
Нурпери биринчи жолу куйоосунун мындай абалын коруп турду.
-Кайдан чыкты дача, балдардын окуусу али буто элек да?
Туз эле оз болмосуно бараткан Бекжандын артынан ээрчип суйлоп жатты.
-Бекжан? Айтсан жумушунда маселе чыктыбы?
Артынан келе жаткан аялына жетип барды да ийинен кармап козуно карады.
-Нурпери мен эч качан жумушту уйго аралаштырбагам, азыр ашыкча суроо бербе. Балдарды алып дачага айылга кетесинер. Мен озум кабар берип чакыртамын. Канча болоорунар белгисиз. Балдардын, озундун документин, бир аз кийим алгыла. Калганын жеткирип беришет жигиттер.
-Бекжаан? Деги тушундурчу?
Нурпери коркуп кетип ыйлап жиберди. Журогу адаттан башкача согуп, алдыда кандайдыр бир коркунучтан кабар берип тургандай. Ооба мындан коп жылдар мурун Алмаз акыркы сапарга кетерде да ушинтип тупойул тартып туруп албады беле? Аны кое бергиси келбей ушинтип кыйылып барып узаткан. Азыр да ошондой жагымсыз сезим аралап отуп денеси муздай тушту. Коздорунон жаштары тамчылап уну буула куйоосунун жузуно колун койду.
-Айтчы эмне болду?
Бекжан аялын бооруна катуу кыса кучактап алды. Чачтарынан копко жыттап, кое бергиси келбей жатты. Ушул бойдон Нурперини кайра корбочудой болуп, улам бекем бооруна кысып, колдорун билинбес майда калтырак басып турду.
-Соз берем, баары жакшы болот... деди шыбырап.
-Батыраак даярдангыла.
Нурпери абалдын олуттуу экенин эми тушунгон сыяктуу. Жугуруп экинчи кабатка которулуп, балдарынын, озунун документ, бир сыйра кийимдерин чакан сумкага салып бат эле тушо калды. Биринчи кабатта Бекжан балдар менен коштошуп жаткан экен.
-Жылдызым. Менин ханыша кызым...
Кызын колуна алып которду.
-Апана жардам бергин э кызым?
-Ата сен качан барасын?
-Артынардан бат эле барып каламын.
Жылдыз атасынын мойнунан катуу кучактап алды. Бекжан буулуга, козуно тегеренген жашты корсотпогонго аракет кылып жузун кызынын чачтарына катып шуулдата жыттап алды.
-Периштем менин...
Кызын жерге тушуруп, уулу Аргендин алдына келип тизелеп олтурду.
-Кана менин баатырым, кыздарды сага ишенейинби?
Атасынын жумуштагы баш кийимин кыйшайтып кие колун чекесине кое калды да:
-Айтканыныздай болот!-деди кулундоп.
Коздору кудум апасындай кулмундоп турат. Жымындап турган уулун бооруна кысты.
-Баатырым, жолборсум менин. Апан менен эженди ыйлатпай карагын ээ уулум?
-Атаке сен баргыча озум кооруп караймын!
-Азаматсын уулум! Сага ишенем го балам.
Кана эми машинага чыгып тургула.
Балдары жетелеше чуркап кетишти. Алар али таза, бала дилинде бул коштошууну катардагы конумуш адаттай корушуп этибар алышпады. Балдарын карап атасынын ичи тилинип, сыйрылып жатканын, ушул боюнча корбой калуусу мумкун экенин ойлогондо муштумдай журогу атып чыкчудай согуп жулкунуп алды. Ушул бойдон баарын токтотуп алгысы келди, озу кошулуп кеткиси келип турду. Алыс жактарга. Бирок андай кылууга болбойт да. Оз жанынан да балдардын жаны кымбат эмеспи? Озуно кошуп буларды да коркунучка кое албайт. Буларга озунун зыяны тийип калбоо учун ушулардын коопсуз жашоосу учун баарын жасайт. Керек болсо жанын да берет. Аларды артынан узата жылмайып карап турган куйоосунун желкесине Нурпери акырын колун койгондо селт эте тушту.
-Бекжан, балким мен жанында калсам кантет?
Жалооруп, озун чын журоктон аяп карап турган аялына элжиреп кетти.
-Нурпери баары жакшы болот. Соз берем тез арада жолугабыз, анан баарыбыз чогулуп саякатка кетебиз, макулбу?
Куйоосунун "соз берем" - дегени дем бере журогу бир аз женилдей тушту.
-Макул, абайла озунду. Бизден сарсанаа болбо.
Короодон эки машина болуп алдыдагы машинада Нурпери, артындагы машинада 2 жан сакчысы болуп чыгып кетишкен уй булоосун узата кыйла карап турду да, оор ушкуруп алды. Уйго кирип бардык кызматкер, жан сакчыларын чакырып, акчаларын кармата жооп берип жиберди. Жан сакчылар кожоюнунун бул кылыгына тушунушпой бир эсе тан калса, бир эсе бул капастай болгон уйдон кутулгандарына кубана чыгып кетишти. Зангыраган ээн уйдо конултуктап жалгыз калды Бекжан. Кече эле ызылдап балдарынын кулкусу жанырып шанга толуп турган уйу мынтип олуу тынчтык окум суро тымтырс боло тушту. Шалдырап  басып балдары ойноочу болмого келип олтурду. Канча отурганы белгисиз айланага куугум тушуп калганда гана эсине келгендей ордунан тура кайраттуу кадам таштап иш болмосуно жоноду.
Бекжан ошол Султаналыга жолуккандан кийин эле анын бироону жалдап, озун олтурууго буйрук берерин сезген. Ошондуктан болгон коопсуздук чараларын коруп, уй-булоосун шаардын алыскы тоо боорундагы эч ким билбеген чакан айылдагы дачага эн ишенимдуу жигиттерин кошуп жиберди. Алгач Султаналы менен иштешкен келишимдин оригиналы озундо болгондуктан ошол папкадагы башка кагаздарга кошуп орттоп жиберди. Калган болгон мал-мулкун, оз уулунун атына каттады. Колундагы эн ишенимдуу жигити, Нурперилер менен айылга кеткен Элдарга коп иштерин дайындап койгон болчу. Озу жуунуп шашпай олтуруп тамактанды да уктоочу болмосуно чыгып тошогуно баш койду. Керебетке чалкалай ойгоо копко жатты. Жаткан тошогуно Нурперинин жыты синип калган экен жаздыгын кучактап жыттап алды. Бекжан мындай опурталдуу ишке кол уруп жатканда эле арты ушундай бутоорун сезген. Билип туюп турса да напсисине ээ боло албай, байлыкка, май-дуйного азгырылып эркин башкара албай кеткен эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   sumaya   18 Май 2020 - 23:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Сонун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   aldap-saya   19 Май 2020 - 14:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Кутуудобуз автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   pompowa   19 Май 2020 - 15:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 43
  • Катталган: 27 Март 13
  • Соңку аракети: 18 Фев 2022 16:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

коптон жазууну суранат элем
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   jindirak   19 Май 2020 - 16:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   19 Май 2020 - 16:33

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Коздорун ирмегилеп ачып башка эле потолокту коро ордунан атып турган Али мандайында Баратов олтурганын коруп озуно келе тушту. Кече уккан создору туш сыяктуу элестеп, башы, денеси жанчылып ооруп жаткандай.
-Байке. Эмне болуп кетти? Кайда алып келдин?
-Менин батиримдебиз, коркпо уйдо экообуздон болок эч ким жок.
Идиштеги сууну сунуп жатып суйлоду Баратов. Суудан ичип бир аз женилдеген Али озунон козун албай карап олтурган байкесинен сурады:
-Чын эле Ханайым менин кызым экенин кайдан билдин, далилдер барбы?
-Ооба, Нурперинин торотун кабыл алган дарыгер, озу кантип алмаштырганын айтып берди,жаздырып да алгам, - деп кичинекей диктофонду сунду.
-Али сага дагы эмне далил керек? Оз кызын экенин журогун менен эле сезип жатпайсынбы?  
Али башын мыкчый калды. Ошол калыбында копко олтурду. Бир убакта:
-Ойлонушум керек, - деп уйдон чыгып кетти.
Кайда баратканы деле белгисиз. Жон гана машинасын айдап  максатсыз эле алдын теше тиктеп кетип жатты. Бир убакта шаардан кыйла эле алыстап чыгып кеткенин байкады, айланасына коз жугурто чакан токой сыяктуу бакты коро ошол жака буруп жоноду. Машинасын обочораак жерге токтотуп озу бактын ичин коздой тушкон жалгыз аяк жол менен бак аралай басып баратты. Коз алдына бут жашоосу тартылып, астын-устун болуп кеткендей. Бир тартипке салып баарын башынан тизмектеп ойлоп корууну чечти. Балалыктын таттуу кундорун деле корбоптур, балалык десе эле козуно балдар уйунун жылуулугу жок тошончулору, муздак кунарсыз дубалдары, анан жузунон мээрим эмес заар чачырап турган тарбиячы эжелер тартылат. Андан кийин балдар уйунон кетип, оз оокатын кылып эптеп кун коруп жургон. Такай залга барып машыкчу. Ошондой кундордун биринде машыктыруучусу ушул Баратов менен тааныштырып анан эле эрежесиз мушташтарга тушуп, алардын жашоосу менен жашап бул чойрого аралашып сунгуп кеткен. Кийин башка адам менен иштешип, тынчылыкты уйроткон сабактарга катышкан. Эчендеген чиновниктердин артынан тушуп  андып, буйрук менен канча адамды сызга олтургузушту экен. Анан Нурпериге жолуккан, чыныгы бакытты, уй-булоо дегенди ошол аялдан сезген. Канча ирет озуно "Нурпери учун бул ишти таштаймын" - деп соз берип кайра эле чырмалган тордон чыга албай, кайра ал тор оз ченгелине тартып бараткан. Акыркы ошол иштен кийин жыйыштырам деген болчу. Кашайып камалып кетпедиби?! Андан ары озу да билбейт. Бат эле чыгарабыз деген командасы такыр байланышты узуп жоголуп кетишти. Корсо, корсо кептин баары бул жакта жаткан туура. Али Бекжанды ойлогондо кадимкидей кыжыры кайнап чыкты. "Ушул сен мени турмодо кармап калдын. Сени деп омурумдун 10 жылы турмодо отту. Келинчегимди тартып алдын! Кызымды болсо берип жибердинер. Эмне акынар бар менин жашоомду мынтип чечкенге?! Болду, эми мен да оз бактым учун, оз кызым учун курошом. Эч ким, эч нерсе тоскоол боло албайт. Султаналы сени да жок кылам керек болсо. " ушуларды ойлогон Али шашыла машинасына баратты. Бир аз мурун эле шалдырап, чечкинсиз кадам таштап женилип бараткан Алиге кызын ойлогондо кайдан жайдан дем келип, кучтуу боло озун женилбес баатырдай сезип кетти. Бала канчалык кымбат ээ? Адам баласы эмес жада калса торт буттуу айбан да баласына кол салса кооруп айбат корсотот эмеспи? Ал эми Али ушул кызы учун жашап журбойбу? Турмодо жатканда деле, озун ойлоого чамасы келбей эсинин баары тороло элек баласында калган. Эми болсо мынтип  тагдырдын тамашасы дейби же оюнубу бир жылдан ашуун оз кызынын жанында журуптур. "Кызым менин, кичинекейим. Акылдуум" - деп ичине батпай кубанып, кызын азыр эле кучагына басып эркелеткиси келип турду. "Мен сенин атамын" - дегиси келди. Кайраттана озуно ишенип баратты. Эми анын кызы бар, мурун бар жок экени белгисиз болуп, бирок умутко байланып журсо эми анык билет кызы бар экенин. Али кызы учун баарын жасайт. Кызы учун ашууларды ашып, дуйно кезип кеткенге деле даяр. Чак тушто шаардан тездик менен октой атып чыккан машина кун кызарып калганда гана шаарга кайра кирип келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   Aikewa   19 Май 2020 - 18:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 515
  • Катталган: 20 Февраль 13
  • Соңку аракети: 13 Ноя 2024 04:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сеул

:гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Май 2020 - 13:17

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Нурпери балдары менен карангы куугумду гана кирип келишти айылга. Машинадан тушкондо эле чыйрыктырып тоонун муздак бирок таза абасы тосуп алды. Жузун аймалай назик согуп жаткан салкын желге тосуп бир аз турган сон уктап калган баласын которуп, кызы Жылдызды жетелеп уйго кирип баратты. Артынан жигиттери керектуу азык-тулук, кийимдерин сумкалары менен которуп уйго жайланыша башташты. Кундузу эле Бекжандын буйругу менен оздорундо иштеп кеткен кызматчы кыз келип уйду даярдап турган экен. Нурпери дагы бир жолу Бекжандын кылган камкордугуна ичи жылый тушту. Жолдо балдар менен болуп бир аз алаксый тушкон экен, Бекжан оюна тушкондо дагы кокурогу кысыла тушту. Коодонун белгисиз бир коркунуч каптап такыр тынч ала албай койду. Озу эки жагына уулу менен кызын кучактап бул жерде жатканы менен ойлорунун баары шаарда томсоруп, буларды узата карап оор ушкуро калган Бекжанда эле. Туну менен бир кирпик какпай тан аттырып жиберди. Танкы тамака олтурганда да табити тартпай такыр тамак отпой койду. Сыртка чыгып, бакта чуркап ар кандай гулдорду терип кубалашып ойноп жургон балдарын карап бир аз конулу жайлангандай. Бир кун кечке балдар менен болду, айылдын тоонун абасы кандай керемет! Дайым шаардагы ызы-чуу машиналардын ундору, анан да козомол менен басып туруп чектоодо жургон балдар айылга келип жыргап эле калгандай.
Нурпери баары бир журогу жай албай, конулу бир нерсени сезип кыжаалат болуп туруп алды. Акыры ойлонуп балдарды кызматчыга дайындап, озу шаарга кайтам деп чечти да кийинип чыкты.
-Элдар шаарга кеттик...
-Бирок Бекжан Акимович, сиздерди катуу дайындаган, озум кабар берем деп.
-Элдар журогум тынч эмес, ал жалгыз озу калды. Балким ушул убакта биздин жардам керек болуп жаткандыр?
Элдар чын эле ойлоно калды. Бардык жумуштарын катуу дайындап жатканда тан калган болчу. Бул жака чыгаарда да колдорун бекем кысып "Уй-булоомду сага ишендим!" - деп кучактап коштошуп далысына таптап койгон болчу.
-Макул кеттик, - деп унаага олтуруп от алдыра жоноп кетишти.
Жол бою ар туркун ойлорду болжоп экоо тен бири-бирине айткандан коркуп ун-соз жок баратышты.
Тун бир оокумда гана жетип келишти. Ар дайым жаркырап прожекторлор куйуп турчу уйу туноруп жарыктар да очук экен. Нурперинин журогу оозуна кептеле тушту. Машинадан чуркап тушуп ачкычы менен дарбазаны ачып уйго кирип барды. Бир эки гана лампалар куйуп турбаса дээрлик баардык очук капкарангы болуп турат. Элдар куралын октоп атууга даярданып, Нурперини озунун артына калкалап бутунун учу менен уйго кирип баратышты. Биринчи кабат да дээрлик капкарангы, экинчи кабаттан жарык бир аз тушуп тургандай, акырын айланасын аяр карап экинчи кабатка которулуп баратышты. Жаны гана чыкканда колуна кружка кармап алдыларынан Бекжан чыга калды. Элдар колунда курал, артында коздору алайып Нурпери турат.
-Силер кайдан?
Эсине келген Бекжан сурады.
Куйоосунун унун уккандан сон озуно келе Нурпери жетип барып кучактап алды.
-Шеф, женем сарсанаа болуп...
-Ооба Элдарды мен мажбурлап айдатып келдим. Балким бир нерсе болдубу деп, тынч олтура албай койдум.
Нурпери шашып актанып жиберди.
-Жаным...
Бекжан аялын мандайынан ооп алды. Элдар кайра сыртка чыгып машинаны короонун ичини киргизип жатты. Бекжан менен Нурпери ашканада кофе ичип олтурушту.
-Балдар эмне болду?
-Айша эжеге дайындап келдим. Сонун болуп жыргап калышпадыбы айылга барып. Негизи бат-баттан эле барып эс алып келуубуз керек экен.
-Туура айтасын.
Бекжан аялынын колдорун бекем кармап ооп алды.
-Бекжан, эмне болду? Эмнеге мынтип олтурасын жалгыз? Сен мынтчу эмес элен. Эч качан колун жайып женилип калчу адам эмессин да. Мен билген Бекжан...
-Нурпери коркпочу...
Экоо ашканадан чыга, чон залдагы жумшак эмерекке келип кучакташып олтурушту. Откон кундорун, балдарынын торолгонун, алардын кылыктарын айтып кобурашып суйлошуп бир оокумга чейин укташкан жок. Нурпери келечек жашоолорун да кыялдана айтып берди. Бир убакта Бекжан:
-Нурпери сага бир чындыкты айтамын. Бирок сен мени кечире аласынбы?
-Эмне болгон чындык?
-Мен сени аябай катуу суйомун. Биринчи коргонумдо кандай ашык болсом, азыр да ошондой суйом.
-Айтчы эми адамды коркутпай.
-Нурпери, жолдошун Алмазды... деп келе жатканда Нурперинин коздору чон болуп кетти.
-Билесинби ал жолдошун менин айымдан, тагыраагы менин буйругум менен турмодо калып кетти.
-Эмне деп жатасын?
-Нурпери созумду укчу суранам. Сени алгач сот залында коргом. Андан кийин тиги суунун боюнда. Анан сени изилдеп олтуруп жолдошун жанагы мен ишин алып барган Алмаз экенин, бирок жакынкы кундору чыгаарын билдим. Мени коркуу басты. Сенден ажырап калам деп корктум. Сенден ажырап жашоо мага мумкун эместей сезилчу. Озумдогу бийлик, тааныштарым менен жолдошунду абактан чыгарбоого болгон аракетимди жумшадым.
Ушул жерине келгенде Нурпери чыдабай кетти.
-Токтооот?! - деп кыйкыра ордунан тура калды.
-Сен эмне деп жатасын Бекжан? Мен билген сен мындай иштерди жасамак тугул, сен, сен мыйзам адамысын да. Анан кантип?
Нурпери ишене албай турду.
-Нурпери мен баарын сен учун жасадым.
-Мен учун?
Шалдырай креслого боюн таштап олтура калды.
-Сенден кутпогом. Мен сени тааный албай турам. Балким тааный электирмин. Мен сенин бир эле тарабынды коруп жургон окшойм. Балким озум коргум келген тарабынды гана...
-Нурпери мен...
-Бекжан жайыма койчу.
Нурпери эми эле  кубанычтан жаркып, кыял суро кулуп турган жузу сумсайып муздак боло тушту. Бекжан унчукпастан жайына коюну чечти да экинчи кабатка чыгып кетти. Кокурогундогу бир оор нерсени алып салгандай бир аз женил тарта тушту. Балким кетирген куноолорунун жок дегенде бирин айтып, кечирим сурап женилдегиси келгендир.
Ал эми Нурпери отурган калыбында бир чекиттен козун албай тиктеп тан аттырды. Балким буга кезикпегенде Алмаз турмодон эрте чыкмак экен. Анан кызын издеп. Аялдын коздорунон тамчы жаштары тыпылдап тогулуп жатты. "Алмаз кечир, суранам кечир. Мен эрктуу боло албадым. Мен эмне болгон кундо да сени кутуум керек болчу. Куто албадым, корктум, озумду ойлодум. Жада калса биздин суйуубуздун момосу болгон баланы да таштап, такыр баш тартып кеттим. Баланы кучактап сени кутууго эрким жетпеди" Нурперинин кокурогундогу ачуу чынырыгы, создору коздорундогу жаштар менен куюлуп жатты." Ким учун кечип кеттим силерди? Алмаз сени кимге алмаштырып алдым?"  Чын эле Бекжан ошол кезде оорусуна дабаа, азабынан куткарар жардамдай корунгон. Корсо, ошол азабын кучотуп, кайра жашоосун ууландырган турбайбы? Ушул ишти жасап, анан кантип ушунча жыл коздоруно карап кун кечирди? Абийири кыйнаган жок бекен?  " Алмаз кечир! Алмаз..." - деп келе жатып оюна бир нерсе келе селт этти. "Канча жыл отту? Балким боштондукка чыккандыр? Чыгып мени издеп жургондор, чыга элек болсо да мейли аман болсо болду. Мен жолугуум керек. Кызым! Сени табам созсуз!" Нурпери коз жашын суртуп коодонундо бир умут жылт эте жанып кетти. Тан атса эле Алмазды издемек болду абактан. Анан ошол артын карабай кеткен торотканага да барам деп чечти. 11 жыл мурун жузун да карабай баш тартып кеткен кызын эми мынтип кайра издеп калам деп ошол кезде ойлобогон эле. Ушул бойдон унутуп кетем деген болчу. Бирок тагдыр жолу кутулбогон бурулуштарга бай экенин адам баласы билсек да мойнубузга албай келебиз. Тагдырыбызды озубуз чечип, курап алабыз деп ойлойбуз. Кандай чечим чыгарып жолубуздан кай жака бурулсак да мандайыбызга жазылган тагдырдын жолун баары бир басып отобуз. Аны озгорто албайбыз...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Май 2020 - 13:22

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Тан аппак болуп агарып атты. Танга жуук гана козу илинип кеткен Нурпери шырпылдаган ундон чоочуп ойгонуп кетти. Бекжан устуно жылуу жууркан жаап жаткан экен. Жудоо тартып соолуй тушуптур. Ар дайым адамга тик карап курч тиктеген коздору жалтактап икери кирип кеткендей. Аяп кетти, ошол эле убакта жек коруусу кучоп колун силкип жиберди.
-Нурпери?...
-Бекжан жолобо мага!
-Кечир?!
Нурпери жооп бергендин ордуна тиктеп алды да,басып кетти. Бул коз карашта жек коруу, ызаа жаткан эле. Болмосуно чыгып кийимдерин которуп, кайра бат эле сыртка чыкты. Короодо Элдар машинанын алдын ачып карап жаткан экен.
-Элдар жонодук!
-Айылгабы? Мен шефке кирип чыгайын?
-Мен жургуз машинаны деп жатам!
Нурпери унун катуу чыгара буйрук берди. Элдар эч нерсеге тушунбой машинаны жургузуп короодон чыгып кетишти. Азыр дагы суроо берсе жакшы соз укпасын тушунду.
-Шаардык торотканага! - деди бир аз жургондон кийин Нурпери.
Эрте менен  тороткананын короосуна келип токтогон машинадан Нурпери тушуп, ичкери кире албай кыйла босогосунда турду. Алдыга кадамы жылбай тушалып калгандай, кудум бул жака кироого акысы жоктой даабай турду. Кызын таштап кеткенде экинчи кайрылбастай чыгып кеткен ошол дарбаза, жада калса ону да ошол бойдон озгорбоптур. Кана эле ичинде да ушул сыяктуу эч нерсе озгорбогон болсо. Апакай муздак болмонун керебетинде жалгыз калган кызы азыр кирсе ошол бойдон кутуп жаткан болсо?! Нурпери козуно келип мына азыр кулачудай болгон жашын ичине жута терен дем алып босогону аттап ичкери кирди. Жок, тороткананын ичи озгоруптур, такыр башкача болуп. Туз эле маалымат беруучу жайга отуп Гулжан Оморбековнаны сурады. Тилеке каршы иштен кеткенине 2 жыл болуптур. Шаабайы сууп кайра архивти таап беруусун отунду. Бирок он жооп ала алган жок. Акыры айласы кете Гулжандын дарегин сурады. Алгач "кызматкерлердин жеке телефон номерлери, жашаган даректери берилбейт" - деген кыз алдына коюлган акчаны коргондо коздору жымындап кетти. "Азыр, куто турунуз" - деп ичкери кирип бат эле дарек жазылган кагазды которуп чыкты.
Нурпери кубанып кандайдыр бир умут пайда боло дарек боюнча жоноп кетти. Жол бою кыялдарга батып, азыр барса эле ошол дарыгер таанып, кызын таап бере кое тургандай сезим каптап ал тургай шашып улам жолду карап коюп кетип жатты. Мына жазылган дарек боюнча келип, эшик алдында турат. Титиреген колдору менен конгуроону басты. Ичкериден озунон бир аз жаш корунгон келин ачты:
-Саламатсызбы?
-Келиниз, саламатчылык.
-Гулжан Оморбековна керек эле.
-Эжем уйдо кириниз...
Гулжан дарыгер болуп иштегенге мындай кутулбой келген конокторго конуп бутушкондой. Чон конок болмодо дасторкон жазылуу экен.
-Олтурунуз, азыр эжемди чакырам.
-Ии рахмат..
Толкундангандан колдору титиреп аран турду Нурпери. Дайым толкунданып, же кыжаалат болсо ушинтип биринчи колдору титиреп кетет.
Чачтарын ак аралап, коз айнек тагынган аял кирип келди. Ордунан тура калган Нурпери аялды тиктеп калды да бир убакта озуно келе:
-Саламатсызбы? - деди.
-Саламатчылык кызым.
Каарылыкпы же ооруганбы Гулжан акырын суйлоп, акырын басат экен. Шашпай олтуруп орун алган сон Нурпери соз баштады:
-Эже мен, мен сизге бир жумуш менен келдим эле.
Келиши келип алып эми мынтип буйдала созду эмнеден баштаарын билбей турду.
-Айта бер кызым, эмне жумуш? Бирок мен уйдо адам корбойм балам. Жумуштан кеткениме коп болду.
-Жоок, эже мен тиги... Коп жылдар мурун сиз менин торотумду кабыл алгансыз...
-Алда кызым эсимде жок. Сага окшогон келиндердин кобун торотподумбу?
Чын эле, Нурпериге окшогон канча келиндерди тороткон, канча кыздар бул сыяктуу баласын таштап кетишкен. Ар бирин жаттап калмак беле? Жада калса озу деле унутуп калыптыр го бул дарыгердин жузун.
-Эже мен. Мен кыз торогом, анан баш тартып кеткем. Эстесениз 11 жыл мурун 11-мартта. Осмонова Нурпери.
Гулжан эми гана келиндин жузуно назар салып карады. Ооба тааныш корунду. Болгону анда жаш, эселек болчу.
-Нурперимин дечи?
-Ооба эже Нурпери. Эстединизби?
Азыр эле умуту кубулуп сумсайа тушкон жузуно кайра кубаныч келип шашып кетти.
-Эстебегенде анан...
Оор ушкурунуп алды Гулжан.
-Издеп келеринди билгем баары бир. Жок журогум сезген. Эмне болду торой албадынбы башка? Баланын кадырына эми жетип издейин деп чечтинби?
Гулжандын создору мыскылдуу ошол эле убакта аянычтуу угулуп жатты.
-Жок эже, балдарым бар.
Куноолуу боло башын жерге салып унчукту келин.
-Анан эмне издеп келдин? Тиги абийирин ойгонуп тынчынды алып жатабы? Бирок кеч калыпсын. 11 жыл. Кыздын жашоосу 11 жылда эмне болгонун ойлондунбу?
-Эжеке....
Жанатан бери озун аран кармап турган бурганак бир куч менен атылып сыртка чыкты. Бул жолу унусуз эмес, унун чыгарып ыйлап жатты келин.
-Аны ойлобогон, ал жонундо эстебеген бир да кунум болгон жок. Озум кеткеним менен журогум, мээримим ошол кызымда калып кетиптир. Муздак болгон жансыз солокотту гана суйроп кун кечириптирмин. Олгум келген бирок...
Нурпери ыйлап да, суйлоп да жатты. Ошол кундон ушул кунго чейин кандай азап менен жашаганын тогулуп биринчи жолу ушул аялга айтып берип жатты. Солуктап ыйлап тээ бир убакта гана басылды.
-Кызым. Кечир, уулдуу, кыздуу болупсун ошолор менен жаранды айыктыр. Ал кыздын эми башка жашоосу бар. Ал торолгондон болок аялды эмип, торолгондон болокту  апа деп билет. Сени кабыл ала албайт. Бекер эле наристенин таза дуйносун уратасынар. Куйоон экоон кеч калдынар. Мен аны откон жолу келген атасына да айткам.
Жашын колу менен сурто тушунбой кайра сурап жиберди.
-Эмне? Атасы? Кайсы? Алмаз келдиби?
Оюна келген биринчи суроону берди.
-Алмаз беле ысымы? Айткан деле жок. Сен эмне кабарын жокпу?
Гулжан откондо келип кеткен Баратовту атасы деп ойлоп калган эле. Тан калды. Ал экоо чогуу жашайт деп ойлогон.
-Эже кимди айтып жатасыз?
-Мен, мен тиги откондо да бир жигит келип сени сурап, ошол ташталган кызды суруштуруп атасымын деп кеткен.
-Алмаз чыгыптыр да.
Нурпери шалдырап олтуруп калды.
-Эже кызым кайда? Суранам дарегин айтынызчы?
-Жоо-жоок. Эми ал жагын бере албайм.
-Суранам эжеке. Макул жанына жолобоюн. Жон гана алыстан эле коруп алайынчы?!
Нурпери жалынып жиберди. Анын чын эле кыйналганын сездиби же боор оорудубу Гулжан айтууну туура корду. Анткени бул сыр баары бир ачыкталып калбадыбы.
-Болуптур ук анда мени. Кызын жон адамда эмес, олкого белгилуу бизнесмендин жалгыз кызы. Султаналы Борубаевич дегенди уккансынбы?
Нурперинин кулактары чуулдап кетти.  Заматта аалам айлан кочок болуп серпилип барып озуно келди.
-Ханайым!
-Эмне тааныйсынбы?
-Ханайым менин кызымбы? Мен....
Нурпери эми тушунду кызды эмне мынча жакшы коруп калганын. Анын мончок коздорун кайдан коргонун эми эстеди. Алмаз! Келиндин оюн телефонго келген чалуу бузуп чоочутуп жиберди.
-Алло, Нурпери Осмонова сизби?
-Угуп жатам
-Милициядан чалып жатабыз, болумго тез жетип келсениз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   sumaya   20 Май 2020 - 17:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Чыдамсыздык менен кутуудобуз. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   ShaKe11   20 Май 2020 - 19:39

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 10:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: