Суперстан: Кан жыттанган бакыт... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кан жыттанган бакыт...

#61 Пользователь офлайн   aldap-saya   20 Май 2020 - 21:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Кызыгына келип калды
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Melek96   20 Май 2020 - 23:02

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1
  • Катталган: 03 Май 20
  • Соңку аракети: 31 Май 2020 16:20

Автор улантынызчы батыраак.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Aimani   21 Май 2020 - 01:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 02 Июль 19
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:52

Күйөөсүн өлтүрүп кетишти го
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   jindirak   21 Май 2020 - 14:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Aimani (21 Май 2020 - 01:45) жазган:

Күйөөсүн өлтүрүп кетишти го



ошентип ойлойсунбу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Luna7   21 Май 2020 - 15:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 17 Май 20
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:25

Просмотр сообщения Aimani (21 Май 2020 - 01:45) жазган:

Күйөөсүн өлтүрүп кетишти го

Менда ошентип ойлоп атам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   21 Май 2020 - 22:45

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Али кийинип уйунон чыкты. Эч кандай даярдык корбой жанына бир гана куралын салып Бекжандын уйун коздой зуулдап айдап баратты. Ал жашаган кочого бурулуп бирок уйуно жетпей уйдун арт тарабына бурулду да машинасын бир аз алыс жерге токтотуп андан ары жоо келди. Келип конгуроону басайын деп туртуп корду эле дарбаза ачык экен, кудум бироону кутуп жаткандай. Адатта уйдун алды жан сакчылар менен курчалып турчу, ошондой элестетип акырын кирип барды. Олуу тынчтык. Уй болжол менен 3,4 кун каралбагандай газондун устундо ар  кандай буюмдар чачылып жатат. Алинин оюна Бекжан качып кетти деген келди. Чуркап уйдун ичине кирип издей баштады. Уй ичи да бопбош. Экинчи кабатка которулуп ар бир болмонун эшиктерин туртуп абдан карап жатты. Узун коридордун торундо жайгашкан эшике келип буту менен ачып кире коюп тордо креслодо олтурган Бекжанды корду.
Ал эч кандай коркуп ордунан да козголгон жок. Алгач Али этияттанып балким тузак койду деп ичкери кирбей ордунда турду. Колундагы ичимдигин шашпай ууртаган Бекжан:
-Кел баатыр, - деп жылмайып колу менен жанаша жайгашкан креслону корсотту.
-Кап этпейсин ушул болмодон тосуп алганыма...
Али аярлап эки жагын сактык менен карап кирип келди. Козу менен болмонун ичине абдан маани берип коз жугуртуп, эч кандай тузак жок экенин тушунгон сон Бекжанга катарлаш креслодон орун алды. Бекжан ичимдиктен куюп Алиге сунду.
-Рахмат.
-Коркпо уу кошпогом.
Бекжан каткырып алды.
-Мен чын эле ичпейм..
Али жаман козу менен карап турду.
-Даа, сени мен 2 кун мурун кутком. Султаналы Борубаевич копко ойлонгон го?
Тамекисин тутантып жатып суйлоду Бекжан.
-Борубаевич эмес, сен менен озумдун жеке маселем боюнча келдим!
-Сенин менде кандай маселен болушу мумкун?
Бекжан тан кала сурады.
-Демек мени эстей албайм дечи? Кара жакшылап жузумо балким эсине тушоормун!
Бекжан кунурт болгон болмодо Алинин жузуно карап турду да, башын чайкады.
-Жоок, жакынкы 6 жылда корбогом.
-11 жыл мурунчу? Сот залын эстейсинби? Анда козун тушуп ашык болгон кыздын куйоосунун жузу кантип эсинден чыгып кетти?
Бекжан ордунан тура Алиге жакын келип жузуно тигилип алып кайра креслого олтура каткырып кулуп жиберди.
-Алмаз Арапбаевич? ! Сен кайдан журосун мында? - кулкусун тыя албай суроо узатты.
-Кутподун беле? Эмне ошол бойдон калып кетет дединби сен киргизген абакта?
Али кыйкырып жиберди.
-Алмаз озгоро тушупсун, болбосо алгач коргонумдо эле таанып коймокмун. Анан атынды да озгортуп...
Бекжан колу менен башын корсотту.
-Болбосо сенин атынды мээме очпос кылып жазып алгам. Кызык сенин таап келгенин. Анан да Борубаевичтин айдоочусу болуп иштегенин.
-Бул кокустук эмес эгер билсен. Мен атайын Нурперини, сени изилдеп таптым.
-Ал азыр менин мыйзамдуу аялым, озун коргондой балдарыбыз бар. Нурперини бактылуу кылдым мен.
-Ыя де? Бироонун жашоосунун эсибине бактылуу жашадынарбы э? Билесинби жооп берчу кун келгенин? Бир убакта сен мени капканга салып кеттин эле. Жоок, сен келинчегимди, ал эми сенин шеригин Султаналы кызымды тартып алдынар!
-Эмне кызын?
-Ооба кызым, озунду билбеген адам корсотпо?! Балким сен мажбур кылдын Нурперини кыздан баш тартуусуна.
Али куралын октоп Бекжандын так мандайына такады.  Олум менен мандай келип коркуп кетти Бекжан. Жашоосунда коп эле жолу ок атышуу, кан тогуулорду коргону менен ажал менен мынчалык беттешип кез келе элек болчу. Титиреген колдорун ойдого которо суйлоп жатты.
-Али, мен... Мен билбегем Нурперинин кыздуу болгонун. Мен аны сот залында коргондон кийин 7 айдан сон чон сууга боюн таштайм дегенде куткарып калгам. Ыйлап жаткан болчу, ошондо эстегем...
Бекжан ошол калыбында олтуруп Алиге баарын айтып берди. Али Бекжанды карап чын суйлоп жатканын корду. Ошол куралды мандайына такап турган калыбында суйлоду.
-Билесинби олум алдында сен да бир чындыкты билуунду каалаймын. Султаналы менен сени мен кайраштырдым. Тиги чек арадагы тоноону мен уюштургам. Сага да мен кол салдым. Экоондун мамиленди бузуп, душман кылган мен болом!
Бекжан каткырып кулду.
-Даа, эч кимдин оюна келбейт болчу. Султаналы озу да шек албаса, демек ишенимине катуу киргенсин. Сени ошол абакта жайлатып салбаган экем. Жылдар отуп мынтип мандайыма курал такап турушун тушумо да кирбептир.
-Оной адам леп ойлодунар беле?
- Менин сага сунушум бар.
-Жанымды алып кал десен жанылышасын.
-Жоок менин эмес. Балдарымдын жанын сакта. Ошолордун коопсуздугу учун сага сунушум бар. Султаналыны жок кылчу документ бар менде. Омур бою абака кесилип кетет. Ошону колуна карматам, мени олтур жашоодон умутумду узуп деле койгом. Болгону балдарымды сага тапшырам.
  Бекжандын уну дирилдеп, козунон жаштар агып жатты. Кызы менен уулун эстегенде мууну бошой тушту. Али куралын тушурду.
-Али, менин куноом озум менен кетсин! Балдарыма зыяным тийбесин.
-Документти бер, - деди Али акырын.
Бекжан ордунан туруп кузгунун алдына даярдап койгон кагаздар салынган файлды которуп келип Алиге сунду.
Сыртта кун кызарып жаны гана уясына батып бараткан. Бекжандын уйунун арт тарабындагы чакан бакчага конуп, сайрап жаткан куштар уй ичинен "тарс" эте чыккандан ундон шырп эте учуп кетишти.  Али куралдагы озунун бармак издерин аарчып, тазалап Бекжандын колуна карматты да, уйго кандай кирсе ошондой болуп чыгып кетти.
Сырттан бироо кирип корсо Бекжан озун олтурду деп жыйынтык чыгараары анык. Анткени уйдо эч кандай мушташуунун же сынган нерсенин изи жок. Кунурт болуп тутун каптаган болмонун торундо, стол устундо ичимдик, уйулгон тамеки калдыктары, жанындагы креслодо мандайынан кан агып колунда курал менен Бекжан жатты.
Адам баласы ар бир жасаган кылмышы учун жооп берери, ал эми жасаган жакшылыгы учун жараткан тарабынан сыйланаары белгилуу.  Бекжан акча учун канча адамды куноосуз жазалап турмого кесип,  кылмышкер адамды боштондукка чыгарып адилетсиз чечимдери учун бул жаза болгондур. Тымызын жургузгон коррупциялык иштеринин акыр тубу баары бир же олум менен же озу абака кесилуу менен аяктаары маалым болчу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   ShaKe11   21 Май 2020 - 23:42

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Май 2020 - 13:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
"Шаардык прокуратуранын баш прокурору Бекжан Акимович оз омуруно кол салыптыр, денеси оз уйунон табылды." - деген кабар олкого желдей тарады. Канча кундон бери ийне устундо олтургандай болуп тынчы жок  жургон Султаналы оор жукту желкесинен алгандай дем ала тушту. Демек Али ишти бутургон." Азамат! "-деп алды. Ангыча короо тараптан аялы Жибектин уну угулду.
-Сиздерге эмне керек?
Султаналы иш болмосунон чыгып уйуно кирип келген орган кызматкерлерин коруп чочуп кетти.
-Келиниздер.
-Султаналы Борубаевич сиз биз менен баруунузга туура келет.
-Кандай жумуш менен тушунгон жокмун.
-Сизди кармоого далилдер бар. Андыктан баарын биздин мекемеде суйлошобуз. Каршылык корсотпой биз менен кетуунузду отунобуз.
Султаналы Жибекти, коркконунан коздорун алайтып апасынын артында турган кызына карады.
-Ханайым!
-Атаа.
Чуркап келип атасын кучактап алды.
-Коркпо кызым, мен жумуштар менен. Бат эле кайтамын. Анан сени сурот ийримине озум алып барам макулбу?
-Атаке сени кутуп олтурам.
Атасынын жузунон ооп алды кыз. Анан кулагына:
-Сени жакшы кором атаке?! - деп шыбырап койду.
Кызын чачтарынан жыттап алды да орган кызматкерлер менен кошо алардын унаасына олтуруп кетти. Жибек эмне кылаарын, кандай жол тутуп, кимге чалаарын билбей алдастап калды. Деги эле ушул кунго чейин куйоосунун ишине аралашып корбоптур. Мындай убакта эмне кылуу керек? Кимге жардам сурап кайрылуу керек? Султаналынын ишенген кызматчы же тааныштарын деле билбейт экен. Али! Эсине келе шашыла колдору титиреп Алиге чалды очук. Кайра ойлонуп олтуруп оздорунун жеке юристине чалып, кабар берди. Ал шашыла Султаналыны алып кеткендер менен байланышып ошол жака бара жаткандыгын, Жибекти уйдо болуп туруусун суранды. Кун кечтеп баратты. Телевизордон улам прокурор Бекжан Акимовичтин каза болгонун, анын артынан эле олконун белгилуу бизнесмени Султаналы Борубаевичти камака алынгандыгы тууралуу кабар жанылыктардан байма-бай корсотулуп жатты. Жада калса кээ бир маалымат булактары экоонун бири-бирине байланышы бар экенин да айтып чыгышты. Олкодо сенсация болуп, гезит теледен ушул экоону гана корсотуп туруп алды.  З кундон сон Жибектин алдына Султаналынын жактоочусу келди.  Абалдын оор экендигин кабар берди. Белгисиз бироо милиция болумуно Султаналы жонундо кабар берип, анын мыйзамсыз контрабанда менен товар откоргондорун, дагы коптогон кыныр иштери далилденген документти тапшырып кетиптир. Эч кандай актоого мумкунчулук жок, жада калса эсебиндеги миллион акчалар, бут мал-мулку конфискациялоого алынып мамлекеттин казынасына откоруп берилет деген чечим чыгаарын айтып кетти.
           Али Султаналы Борубаевич камака алынгандан сон бир жумадан кийин аны корууго барды. Чакан болмодо кутуп турду. Колдору артына боло кирип келген Султаналы  Алини коруп кубанып кетти.
-Али?! Амансынбы?
-Шеф...
-Мени мында киргизип салышпадыбы? Тиги Бекжан бироого дайындап койгон окшойт. Али сен ошол адамды табуун керек. Таап кайра берген документин жалган деп жазып алууга мажбур кылышын керек.
-Султаналы Борубаевич! Ал адам менмин.
Али кожоюнунун коздоруно тик карап айтты.
-Кайсыл адам сен?
Султаналы тушунбой кайра сурады.
-Маалыматты органга мен бердим.
-Эмнеее?! Эй акмак сен эмне деп жатасын ыя?
-Билем. Мен жасадым бул иштерди.
-Ким? Кайсы душманымдын буйругу менен келдин?
-Сизде жеке маселем бар.
-Сенин мендеби э?
Султаналы мыскылдуу каткырып алды.
-11 жыл мурун багып алган кызын Ханайымдын оз атасы ким экенин билесинби?
Азыр эле каткырып аткан Султаналынын ону заматта бузула тушту. Алинин жакасынан ала муунтуп дубалга такап турду. Коздорунун ичи кызарып муунадары калчылдап чыкты.
-Кайдагы жомокту айтып журосун иттин баласы?! Ханайым оз кызым!
-Ошол туну балдарды алмашкан дарыгер озу айтып берди. Гулжан Оморбековна!
Али энтигип суйлоду.
Султаналынын карышып, Алинин жакасында турган колдору шалдырай тушуп  кое берди.
-Менин жеке жашоомду мынчалык оодарып текшергенге эмне туртку болду?
-Жок, мен оз жашоомду тургузуп жаткам. Мен турмого кесилгенимде келинчегим баладан баш тартып кетиптир. Анан, чыгып изилдеп олтуруп таптым. 10 жыл турмодо ушул кызым учун жашадым.
Султаналы Алини тан кала карап турду.
-Деги сен кимсин?
-Мен да сиздей адашкан пендемин.
-Али кызымды талашпа! Туура жакшы адам эмесмин, коптогон кылмыш кылдым, канча адамды сыздаттым. Бирок... Жибек билбейт. Жада калса кыз озунуку эместигин билбейт, укса которо албай калат. Жибектин жашоосу Ханайымга байланган. Мен ыраазымын мен менен эмне кылсан да. Бирок, бирок кызымды Жибектен талашпа... Сенден бир гана ушул нерсени суранам. Жибек менен Ханайым бактылуу...
Султаналы жалооруп суранып жатты. Анткени азыр алдында мындан башка жол турганын коро албай, чарасыз олтурган эле. Алинин коздорунон эле ондуу жооп ала албасын тушунсо да суранып жиберди.
-Мен кызымды баары бир тартып аламын!-деген Али сыртка чыгып кетти.
-Жооок?!
Султаналы жабылган эшиктин артынан кыйкырып кала берди. Алинин Султаналыны  уккусу, жалооруп суранганын коргусу да келбеди. Анткени ал да кызынан баш тарта албайт болчу... Анда жашоосунун мааниси, максаты кетип, тусу озгоруп калбайбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   aldap-saya   22 Май 2020 - 13:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Кооооп коооптонле жазчы автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   jindirak   22 Май 2020 - 15:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Май 2020 - 23:04

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Бир жумадан бери кара кийинип олтурган Нурперилердин уйуно конул айтканы келген адамдардын аягы эми суюлуп калгандай. Жек коруп калганы менен кантсе да уул, кыз тапкан омурлук жолдошун жоготту. Оор тийди Нурпериге. Мурункудай уй ичи шанга толбой балдары да томсоруп болмолорунон чыкпайт. Бир аз озун алаксытуу максатында унаасын айдап чыкты. "Кошо барам" - деген Элдарды уйго калтырып жалгыз сейилдегиси келди. Аза менен болуп Ханайымга бара элек болчу, алгач уйуно отом деп кайра бугун жума болгондуктан "Ханайым сурот ийриминде болуш керек" - деп ошол жака айдап жоноду.
Бул убакта Али да алгач уйуно барып Ханайымды таппай ал да издеп ушул жака келе жаткан болчу. Экоо бирдей келип эки четке токтошту. Жаны гана чыккан Ханайым алгач Алини коруп кубанып кетти да чуркап жоноду.
-Али байкееее?!
Озуно карап колдорун жайып кызы чуркап келе жатат. Али да кадамын тездетти. Ошол муноттордо Али учун ушул кыска аралык мин чакырымдай узак сезилип кетти. Канчалык талпынса да кызына жетпечудой сезилди. Мына кызына жетип келди. Ханайым мойнунан кучактап алды. Кызын которуп айлантырып алды.
-Кызым менин!
Алинин козунун кычыгынан жаштар тоголонуп кетти.
-Али байкее?! Мен сени сагынбадымбы? Канча куттум. Анан келбейт окшойт деп коркуп да кеттим.
-Кантип келбей коем сага кызым.
Кызынын чачтарынан жыттап да, суйлоп да жатты.
Жерге тушуруп коздрруно карады.
-Ханайым!
-Эмне болду сага Али байке? Ооруп калдынбы?
-Сени сагындым кызым!
Жакын аралыкты булардан козун албай Нурпери карап турган эле. Алини таанып, тааный албай турду. Алмаз дейин деп бирок башкадай корунуп акылы жетпей катып турду.
Бир убакта бери бурулган Ханайым коро коюп:
-Нурпери эжее?-деп жетип келди.
Нурпери кучагына басты. Коздоруно келген жашты корсотпой суртуп алды. Акырын басып Али келди.
-Саламатсызбы?
Нурпери эми даана корду Алинин коздорун. Озу озгорулуп башка адамга айланса да коздору ошол бойдон экен.
-Сса-саламатчылык, - деди аран оозун кыбыратып.
-Ханайым уйго жеткирейинби?
-Мага машина келген, бирок мен сиз менен кетем, - деди кыз кубана кудундап.
-Ханайым азыр сен келген машина менен уйго бар, апан сарсанаа болуп жаткандыр. А мен жумуштарымды бутуруп  артындан барамын, сурот тартабыз.
Али кызды салып жиберип Нурпери экоо эл аз кирген чакан ресторанга кирип олтурушту.
Нурпери менен жолукканын кыялында такыр башкача элестетчу Али. Нурпери баласы менен тосуп алмак, деги койчу ар кандай кыялдарды ойлоп ошол менен жашап он жыл турмонун азабын ушул экоонун таттуу элестери учун гана женип чыкпады беле?
-Алмаз?
-Менин атым Али. Алмаз эми жок.
Нурперинин козунон жашы молт эте тамып кетти.
-Мени кечир?!
-Айтчы Нурпери эмнеге? Эмнеге мынттин? Кантип конулун барды? Мен го мейли турмого тушту деп кечип кеттин, а бирок кызыбызды кантип журогун чыдап таштап кеттин?
Нурперинин бул суроолорго жообу жок болчу. Озу ушунча жыл жооп таба албай, озун актай албай жашап келди. Анан кантип буга актанат? Деги эле жасаган жоругун актап болобу?
-Мен, мен корктум. Сен абака тушкондон сон уйду да тартып алышты. Кочодо калдым, аргасыздыктан жол таба албай калдым.
-Анан?! Анан баланды таштап, тиги чириген байды ээрчип, мени, кызыбызды ошонун акчасына сатып жибердинби э?
Али озун кармай албай кыйкырып жиберди. Алдында ыйлап турган бир кездердеги суйгон жубайын тааный албай жатты. Бир эле себеп айтат деп куткон. Бир себеп айтса журогундо актап кечирип алам деп ойлогон. Бирок андай болбоду. Нурпери озун актоого, аракет да кылбаганын коруп ансайын кыжыры келе сыртка атып чыкты да унаасына олтура жоноп кетти. Канча журду белгисиз бир убакта телефону чырылдап жатты, карабай койсо басылчу туру жок улам кучоп жатты. Караса Султаналынын уй номери экен.
-Алло?
-Алло Али байкеее?
Ханайымдын ыйлаган уну угулду. Али коркуп кетти.
-Эмне ыйлап жатасын? Эмне болду?
-Али байке, мамам дем албай жатааат!
-Ханайым коркпо ыйлаба мен барып каламын. Тез жардамга чалдынбы?
-Чалдым. Мен коркуп жатам Али байкеее.
-Азыр мына баратам кызым!
Али козуно эч нерсе корунбой чон жолдо октой учуп жоноду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Май 2020 - 23:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
    Жибек жолдошу жонундо анын жактоочусу айтып келген создорго такыр ишенгиси келбеди. Ооба анын козундо Султаналы эн жакшы адам, камкор куйоо, мээримдуу ата эмес беле? Жок, ага болгон, кызына болгон суйуусунон кумон санай албайт. Уйрулуп тушуп элжиреп эркелетип кареги менен тен айланчу. Анан кантип мындай иштер колунан келет. "Жоок!" - деди Жибек. "Бул Султаналыны коро албай, ага кара санап жалаа жапкандардын иши! Мен билген, мен суйгон Султаналы мындай жоруктарды жасай албайт!" дили менен сезип турса да жолдошун эч жаман созго, деги эле арам ойго кыя албай турду. Канча кундон бери жакындары менен корушууго тыю салып коюшкан эле. Алдына бир гана жактоочусу кирип чыга алат. Фирмадагы ишин да токтотуп салышты. Атугул соода борболорун да жаап, банктагы эсебин да кулпулап салышты.Чет жерде окуган уулу да оз эсебинен акча чыгара албай жаткандыгын айтып чалды. Жибек айласыз калды. Кызы Ханайымды сурот ийримине жиберип, озу Султаналы менен кезигууго кетти. Уйунун айланасынан алыс кетпей дарбаза ачылышын эле кутуп турган толгон журналисттер да Жибектин аргасын туготушту. Куну-туну андып, бироо эле сыртка баш бакса жабыла калышып тугонбогон суроолорун жаадырып киришет. Алдынкы эшиктен эмес, уйду айланып отуп, бак тараптан, чакан кочо аркылуу сыртка чыкчу эшик менен кирип чыгып журушту.
Аран уруксат менен жарым саатка гана жолугушуу уюштуруп беришти. Жибек жудоп саргарып, коздорунун алды ишимик тартып чарчанкы чыккан куйоосун аяп кетти.
-Султаналы?
Кучагына бой таштап шолоктоп ыйлап кирди. Бул жака келерде "ыйлабаймын, ага кайра дем берем" - деп озуно соз бергени заматта эсинен чыга жолдошун коруп бошой тушту. Ар дайым кандай кырдаал болбосун жол таап, эч качан мынтип могдоп калбаган куйоосуно боору ооруп ыйлап жатты.
-Жибек ыйлабачы. Баары жакшы. Коруп турасын го мен тируумун. Андан коро айтчы Ханайым кайда? Жакшы журобу?
Эсинин баары кызында болчу. Али келип кеткенден сон кызды уурдап кетет деп сарсанаа болуп жаткан.
-Ийримине кетти. Канча кундон бери сыртка чыга албай бук болду балам.
-Жибек кызды эч жака жибербей уйдо болгула.
-Султаналы?!
-Жибек айтканымды ук.
-Айтчы Султаналы ушунун баары жалган дечи? Сага тагылып жаткан куноолор жалган да, алар жон эле сени коро алышпай каралагысы келгендердин иши да.
Жибек куйоосунун коздоруно карап жалынып жиберди. Азыр ушул тапта Султаналыдан "ооба жалган, коросун далилдеп берем"-деген сыяктуу создорду кутуп турду. Аялынын умуттуу, ишенич толгон коздоруно карай албай Султаналы башын буруп козун ала качып ары карай басып кетти.
Ортодо жагымсыз унсуздук орун алды. Берилген суроосуна жооп ала албай Жибек ордунда катты. Ал жми Султаналы болсо ичинен создорун кайталап, азыр Жибеке баарын айтып берууго батына албай турду.
-Жибек! - деди бир убакта демин ичине жутуп.
-Менимче убагы келди окшойт сага айтуунун.
-Эмне дегин келип турат? Сен ошол создорго ишен дегени турасынбы? Ооба ошондой мыкаачы, пас адаммын дегин келип жатабы?
-Мени укчу? Суранам убакыт тар. Ошондуктан ук мени. Анан мага кандай окум чыгарасын ал сенин каалоон.
Жибек коркуп кетти. Азыр коркунучтуу кабар уга тургандан бетер коздору алайып, куйоосунун жанына жакын басып келди.
-Жибек,билесинби азыр айтчу нерсемди сен кабыл алуун оор болот. Бирок аргасызмын. Мен омур бою бул сырды айтпайм деп соз бергем. Бирок башкадан эмес, оз оозумдан угуу сага бир аз женил болот. Анткени ишенбейсин. Жибек Ханайым торолгон кун эсиндеби?
-Эсимде кантип унутайын? Кызымдан ажырап калдым деген коркунуч менен козумду ачкам, анан сен кызымды колума карматкансын.
-Жибек, биздин бала чын эле олуу торолгон. Мен, мен коркком. Сени которо албайт деп.
Сенден ажырап калам деп катуу корккомун ошол убакта. Анан "жаш кыз тороп эле баш тартып кетти" - деп Ханайымды карматышты. Алгач сага айтып эле анан асырап алууну ойлоп, сенин абалынды коруп бул оюмдан кайттым. Сага айтпайм деп чечтим.
-Кызым, жоок! Ал менин кызым. Озумдун!
Жибек турган жеринде озунун боюн кармай албай олтура калып ыйлап жиберди. Султаналы сойоп жанына олтура калды. Аялына кошулуп озунун козунон да жаштары эрксизден куюлуп кетти. Ушул азыркы тапта кантип аны тынчтандырууну да билбей унун каргылдантып:
-Ооба Ханайым биздин кызыбыз. Ал кызды асырап алганга окунбоймун. Мен эч качан бул жонундо айтпайм дегем. Бирок... Бирок Ханайымдын оз атасы...
-Эмнее? Кайсы оз атасы! Сенсин анын атасы! Болду, башка соз уккум келбейт.
Андан бетер аял чанырып жиберди.
-Жибек тушунчу Али каалаган убагында кызды тартып алышы мумкун!
Аялын сойоп чоголоп олтурган куйоосунун оозуна башка соз келбей, аргасыз куноолуу унчукту.
-Али?! Биздин Алиби?
Чачтары жузун жаап, коз жашы тогулгон Жибек Султаналыга тан кала карады.
-Ооба, корсо мынанын баары ошол Алинин кылганы экен. Мени мынтип турмого олтургузуп, кызын тартып алам деп журот. Бирок мен ага жол койбоймун. Сен тез арада Ханайымды алып уулундун жанына кетуун керек.
Жибек кудум башка жакта жургондой эле. Азыр куйоосунон уккан чындыгы озуно тиешелуу эместей кабыл албай жатты. Бир убакта Султаналынын силкип жибергенинен эсине келе тушту.
-Жибеек?! Убакыт тар. Уйдогу акча койгон сейфти билесин,тез билет алып учуп кеткиле.
-Бирок сени таштап кантип? Сенин абалын кандай болот? Жок, мен сенсиз эч кайда кетпеймин.
-Ожорлонбо! Мага эч нерсе болбойт соз берем. Бул жактан тез эле чыгып кетемин. Азыр Ханайымды тигиден сакташыбыз керек! - деп жатканда эшиктен абактын кызматкерлери кирип убакыт бутконун билдирип, Султаналынын колун артка кылып алып чыгып кетишти.
-Жибек менин айткандарымды унутпа. Батыраак аракет кыл!
Жибек кыйкырып чыгып бараткан жолдошунун артынан жалдырап карап олтурган жеринде кала берди. Анын азыр акыл-эси очуп калган сыяктуу. Бул коруп турган нерселери туш сыяктуу сезилип, такыр ойгоно албай жатты. Катарынан берилген соккулардын эн оору ушул болду. Ушунча жыл бактылуу жашап, кайгысыз кун кечирген уй-булоосу мынтип коз алдында урап тушкондой. "Кантип? Кантип эле ушул чындык болсун? Мен торогон кызым меники эмес беле? Жооок?!" - мээсинде тынбай айланган бул суроолор айласын кетирип жиберди. Бир убакта гана эсине келе, коз жашын суртуп, уйпаланган чачтарын ондоп сыртка чыгып баратты.
Шалдырап, чарчанкы абалда аран уйуно кирип келген Жибекти Ханайым тосуп чыкты.
-Маама!
-Копологум менин!
Чуркап келип мойнуна асыла калып ооп жиберген кызын бооруна кыса кучактап кое бербей турду. Кантип ушул кыз анан озунуку эмес болсун? Кокурогу тилинип кетти! Эч качан бул кыздан ажырап жашай албайт. Жибек эч качан бул чындыкты кабыл албайт. Мумкун эмес! Азыр эле боорунан ушул балапанын жулуп алчудай титиреп кызын бекем кучактап алды.
-Мама? Ыйлап жатасынбы? Эмне болду?
-Берекем, колоком менин! Ыйлаган жокмун кызым, сени маман аябай жакшы корот балам!
-Мен да сени жакшы кором мама! Асмандай жакшы кором.
Кыз секире калып колу менен кокту коргозо жымындап алды.
-Кызым мен азыр тушом которунуп алайын.
Жибек негедир кокурок тушу оор тартып ачыштырып жибергенинен кызын коркутуп албайын деп болмосуно чыгып баратты. Болмосуно жетпей колдору титиреп, козу карангылап бут алдынан жер кочуп бараткандай деми кысыла энтигип дубалга жолоно калды. Коз алды тунарып барып кайра жазылып кетти. Дубалга жолонгон калыбында акырын жылып болмосуно аран жетип, калтыраган колдору менен тумбочкадан даары издеп жатты. Жок, алы кетип улам кулак тубу тунуп, дем алуусу тездеп, ичине от тушуп кеткендей дене бою кызып чыкты. Буту колу озунуку эместей шалактап, кыйкыра албай уну тумчуга жерге кулап тушту...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Май 2020 - 23:19

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Куздун суук тушкон кечи. Шарпылдап жээке карай умтулган толкундар, мына азыр ашып чыгып ааламды, ушул турган дуйнону каптап калчуудай албууттана жээке жетпей кайра артка тартылат. Асманды турмоктолгон кара булут каптап улам жакындап, чайпалган колдун устуно тушуп кетчудой сурдуу турду. Журок ушун алган табияттын бул кубулушу да колдун жээгинде жалгыз турган караанды коркута алчудай эмес. Кудум ал караан кайра ырахат ала колго улам жакындап азыр эле боюн таштап жиберчудой корунот.
Нурпери чачын уйпалап ойноткон шамалга да кайыл боло,алдында чайкала шарпылдап уруп жаткан колдун доошун тындап, коздору алдыны умутсуз тиктеп турду. Анын мынтип ой суруп турганына куздун жандан отуп чыйрыктырган муздак шамалы да тоскоол эместей. Анткени анын журогу эмес, денеси да ушул тапта эч нерсени сезбей турду. Ал озунун канча жылдар мурун жасаган жоругуна окунуп буто албай, же озуно ылайыктуу жаза таба албай убара. Канча ирет оз жанын кыйгысы келип барып, бирок бажырайып озуно тигилген эки чурпосунун балбылдаган куноосуз коздору учун гана бул тируулукто басып журбойбу? Бир кызды оз мээриминен ажыратканы аз келгенсип, эми бул экоону да зар кылып жетим калтыргысы келбеди. Бирок кайра туруп "бир баланы таштап эле кеттин го, эми журогун ойгонуп калдыбы?" - деп озун жемелегенге отот. Айтор мээсине дагы бир адам кирип алып, ойлору эки тарап боло ичинде согуш журуп жаткандай. Бири болду деп тынчтандырса, экинчиси "жоок, сен али жооп бере элексин!   Сенин жазан алдыда! "- деп ичин тырмап жан дуйносун, ачыштырган жараатын козгоп улам азап берип жаткандай. Озун озу ичинен соттоп, кээде олумго окум кылса, кээде актап алат. Мына азыр да кол жээгинде озуно олумду ыраа коруп турган чагы. Анан эле капыстан оюна Бекжан тушо калды. "Сен! Сен куноолусун баарына! Сага жолуккан кунумо каргыш болсун. Ошондо мени сактап калбай эле, кайра тируулой тозоко алып келген турбайсынбы? Менин жашоомду озун чечип, анысы аз келгенсип Алмазды жылдар бою турмодо кармап журдун. Анан ошол ишти жасап жанымда жатып, коздорумо кантип тигилип жашадын? Менчи? Мен кантип сезбей калдым? Ошол убакта неге сенин пастыгынды корбодум. Мен коодонумду жаап, журогумду тындабай жашаганым ырас. Бирок сенин бул ишинди неге коздорум корбоду? Же такыр эле сокур болуп жашадымбы? Мен учун сен жакшы адамдын символу элен. Таза иштеген адис элен. Бирок ошол тазалыктын, ошол идеалдын бет кабын жамынган шайтан экенинди тушунбой сен менен омурумду откоргонумо окуном. Алмаз! Кечирчи?! Билем кечире албасынды,ошентсе деле кечирим сураймын. Кызым менин! Кантип? Кантип сенден баш тарттым экен? Ошол убакта эмне жонундо ойлодум экен? Эмнеге мен сени издебедим? Кайра сени жокко чыгарып, сен жонундогу элестерден качып жашадым го? Кечиргилечи мени?! " Нурперинин журогу орттонуп жатты. Анын бул абалда жургонуно беш айдын жузу болуп баратат. Жудоо тартып арыктап, дайым молтуроп кулуп турган коздору ыйлай берип ишип, кызарып кеткен. Тунук жузуно бырыш тушо, коргон адамга беш айда беш жылга каарыгандай элес калтырат. Эки баласы учун гана жанын суйроп жер устундо басып журот.  Анын бул кейпин коро кээ бири боор тартып куйоосунун олумун которо албады деп баш чайкашса, кээ бири анын олумуно Нурперини куноолоп ушак айын таратып журушот. Ал эми Нурпериге баары бир болчу. Анткени ал кайра экинчи ирет кызын жоготуп алды. Ханайым менен Алини кайрадан жашоосунан таппай калды. Жибектин олумунон сон Ханайым изсиз жоголуп кетти. Али менен Ханайымды Султаналынын туугандары сыйпалап таппай аргасыз калышты. Баары жерге беруу менен алек болуп коз жаздымда калып бир заматта жоголуп кетишкен. Султаналынын отунучу менен милицияга кабар беришпеди. Анткени озу турмодо олтурса, кызды мыйзам жолу менен тартып алат деп коркуп кеткен болчу. Туугандары оз алдынча гана издештируу иштерин жургузуп жатышты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Май 2020 - 23:24

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Султаналы Борубаевичтин чет олкодо окуган жалгыз уулу Жаналиев Медер Султаналиевич издоодо. Атасынын кыныр иштери билинип, чекеден ачыла баштаганда чет олкодогу уулу да бул иштерине аралашканы маалым болуп издоо жарыяланган. Бирок ал кумга сингендей дайынсыз кетти. Жада калса апасын жерге беруу зыйнатына да катышкан жок. Орган кызматкерлери аны ушул зыйнатка созсуз келет, колго алабыз деп даярданышкан болчу. Бирок алардын ойлору ишке ашпай калды.
Олкого аты чыгып легенда болгон, миллионер аталып калын журтка таанымал Султаналы Борубаевичтин тагдыры ушундай чечилди. Миндеген мыйзамсыз товар ташуулары, чет жака мыйзамсыз чыгарган контрабандасы ачылып омур бою эркинен ажыратылды. Озунун атына, аялына, уулуна жада калса кызы Ханайымга катталган бардык мал-мулку конфискацияланып мамлекетке откорулуп берилди. Бул туурасында теледен улам кабарлардан корсотуп, ар туркун башка ушактарды да кошуп сайрап жатып калышты.
Анын уулу дайынсыз жоголгону озунчо темага айланды. Мамлекет, бийликтегилер гана эмес кримдуйносундо да аябай чон талкууну, керек болсо эки жаат болуп болуно урушууга чейин алып келди. Бирок так маалыматты эч таап, корсотуп далилдей алышпады.
   Али Жибекти жерге беруу зыйнатына толук катышты. Кызы Ханайым коркуп калыптыр. Уктаган сайын улам тушуркоп чоочуп кыйкырып ойгонуп жатты. Апасы коз жумганда Али жанында болгон учунбу, же мурунтан эле Алиге жакын болгонгобу кечке анын колун кармап журду.
-Али байке сен мени таштап кетпейсинби? - деди колдорун бекем кармап.
-Эч качан, эч качан сени таштабайм. Дайым жанында болом соз берем! - деп уктап бараткан кыздын мандайынан ооп, устун жаап койду.
Сыртка чыгып жаназа окулуп, качан гана баары маркумду жерге бергени кетип жатышканда Али акырын уйго кирип уктап жаткан Ханайымды которуп, уйдун арты менен отуп, бакча тарапка даярдап койгон унаасына кызды салып бул жерден кетип калган. Шаардын сыртындагы эч ким билбеген, бардык шарты бар жаны батирине келип Ханайым экоо ушул жерде жашап калышкан. Уйдун бир болмосун сурот тартчу устакана кылып жасатып берип кызы менен сурот тартышат,анан экоолоп тамак жасашат. Ханайым деле коркуп калган учунбу же чын эле эс алгысы келдиби Алиден эч нерсе сурабастан журду. Бир гана тундосу уктаарда "мамамды сагындым" - деп коз жашын тогуп алат. Али башка нерсени ойлонгусу келбеди. Колунан келсе убакытты, дуйнону ушул калыбында токтотуп алууга даяр.  Ал бул бакытты канча кутуп, канча курошту. Керек болсо дагы да курошот. Нурперини болсо кечире албай койду. Аны канчалык суйуп турганы менен, журогундогу ызаасы суубай кечиргенге мумкунчулук бербеди. Кызы уктап калганда балконго чыгып ойлуу турган Алини чырылдаган телефон селт эте козгоду.
-Алло угуп жатам?
-Али, кандайсын жигит?
Телефондун ары жагында токтоо суйлогон ундон Баратов экенин жазбай тааныды.
-Рахмат жакшымын. Озунуз байке?
-Жакшы. Али кыз сендеби? Туугандары издеп жатышат.
-Ооба байке кабарым бар.
-Албетте бул жагы озундун ишин, озундун каалоон Али. Мен созумдо турдум. Уй-булоонду таап бердим. Сен да келишим боюнча кынтыксыз иштедин. Мен оз чойромдогу ордумду туптоп алдым. Сага айткан сумма эсебине которулду. Биздин жолдор ушул жерден болунот.Ушул бойдон жакшы кундордо кезигели иним.
-Рахмат байке ыраазымын сизге! Сизден бир отунучум бар болчу.
-Айт.
-Ханайымга жаны документ жасатуу керек тез арада.
-Тушундум, болгону бул чечимине кийин окунуп калба. Эртен жигиттер барат.
-Рахмат байке.
-Аман бол иним!
Телефонду койгон Али Баратовко чын журогунон ыраазы болуп турду. Эгерде буга жолукпаганда анда жашоосу кандай болмок? Балким дагы эле Бекжандын буйругу менен турмодо жатмак. Чыкканда деле кайжерге барып, уй-булоосун, кызын кайдан тапмак эле? Башын дубалга койгулап кутуп олтурмак беле? Же ичип кочодогу дейдиген бомждарга кошулуп олуп кетмек беле ким билсин? Кызын таап мынтип кошо жашоо кыял болуп кала бермек да. Кызы демекчи эми башкача пландоо керек. Эртеби кечпи Султаналынын туугандары кызды таап алышат, ага чейин бул жактардан алыска кетуу керек. Али болмонун бурчунда темирден жасалган сейфти ачып катар тизилген акчалардын жанында турган, озунун документин алып чыкты. Али ушул бойдон баары бутту деп ойлоп жатты. Озунун планы боюнча ишке ашты, мындан ары да ушундай болот деди. Бирок жашоо деген чон дениз анын кызы экоо олтурган кемесин кайсы тагдыр жээгине чайпап алып бараарын билген жок. "Кайрылбайм! " - деп кетип жаткан оз жерине качандыр бир убакта кайтып келерин тээ журогунун тупкурундо сезсе да азыр "келбейм" - деп жатты...

БИРИНЧИ БОЛУМДУН СОНУ...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   sumaya   22 Май 2020 - 23:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Автор азаматсыз,эч куттурбостон оз убагында жазганыныныз учун рахмат.Экинчи болумду да ушундай темпте жазасыз деген умуттомун.
Чыгармага соз жок ,сонун жазылган!

Билдирүүнү түзөткөн: sumaya: 22 Май 2020 - 23:47

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Supsuluu   22 Май 2020 - 23:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 008
  • Катталган: 16 Июнь 11
  • Соңку аракети: 17 Июн 2025 16:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Osh

Экинчи болумду оллло ждемс...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Aimani   23 Май 2020 - 00:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 02 Июль 19
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:52

Авторго ыраазычылык. Экинчи бөлүмүн күтүп калабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   aldap-saya   23 Май 2020 - 09:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Экинчи болум качан чыгат экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Muslim1990   23 Май 2020 - 21:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Автор азаматсың!
Ушул калыбыңдан жазбай экинчи бөлүмдү жаза кой эми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   jindirak   25 Май 2020 - 08:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 29 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 29, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 20:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: