Суперстан: КАРАГАТ.... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КАРАГАТ....

#21 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   10 Июнь 2020 - 19:03

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Ошол кундон тарта Карагатты дагы ой басты. "Канткенде насыяны толоп алабыз?" - деген суроо мээсинде айланып, куну-туну тынчтык бербей келет. Айгул эжесин эстеди. Айылга салган уйун, балдарын анан жолдошун коз алдына откоруп алып, эжесинин ордуна озунун журогу тыбырчылап кетти. "Кантип? Кантип ушул ишти жасап журот экен? Балдарынын алдына кандай барат? Эн кызыгы жолдошунун коздоруно караганда уялбайт бекен? Кучагында кантип уктайт?" Дароо каза болгон озунун Айбегин элестетип кетти. Озунун денесин Айбектен башка эч кимге ыраа корбойт. Анан кантип?..." Жоок!" - дей салды. Ойлоп жиберген оюнан озу жийиркене" тообо"-деди. "Башым менен жер казсам да сойкулук кылбаймын! " дагы ойлоп жургон эле "кантип Айгул эже тез убакыттын ичинде ушунча акча таап жиберет? Мен ушунча иштесем да жетпей жатат го?" - деп. Корсо анын жумушу башка турбайбы.
   Эки кундон бери ойлуу жургон Карагатты байкаган Чечек ашканада тушку тамака олтурганда созго тартты.
-Бир жерин ооруп жатабы?
-Жоок, баары жакшы.
-Анда чарчагансын го, тынбай иштейсин озун да. Эс алуу алып бир уйдо жатсанчы.
-Жоок, мага азыр эс алганга болбойт. Мен дагы иштешим керек. Акча керек...
-Акча кимге керек эмес. Сен экообуз эмес, менмин деген байларга да акча керек.
-Менин жолум башка да Чечек эже... Карыз бар, толобосок уйду алганы жатат. Апам менин уулум менен уйдо, бир туугандарым али жаш. Уйдо жалгыз эле озум иштеймин.
-Кызым, кудайдын буйругу болот.
Ошол маалда ашканага кофе ичкени кирген Лейла созго аралаша кетти.
-Карагат акча керек болсо башка да жолдору бар.
-Кечеги созунду кайталап жатсан жок!-деди Карагат ордунан туруп баратып.
-Токтосон, бул башка.
Колдон алып кайра олтургузган Лейла созун улады.
-Биздин клиникада бир кызмат бар. Акчасын жакшы толоп беришет,-деп сырдуу жылмайып кашын кагып койду. Соз кандай кызмат жонундо болуп жатканын кыраакы Чечек дароо андады.
-Оюна да келтирбе Лейла. Эмне эми мигрант кыздарга асыла баштадынарбы?
-Эмнее? Мен жон гана сунуштаймын, калганын озу чечет да.
-Башын айлантырба жаш кыздын!
Экоонун талашынан чыдабай кеткен Каргат созго аралашты.
-Токтоткулачы деги кандай кызмат?
Сытка чыгып бараткан Чечекти жаман козу менен бир карап алган Лейла кайра Карагаттын жанына жакын олтуруп суйлой баштады.
-Сен "Карын эне" - дегенди уккансынбы?
Эмне жонундо айтып жатканын тушунбогон кыз коздорун чон ачып, башын чайкады.
-Жок, ал кандай?
-Кыскасы мындай. Бул биздин клиника Стамбулдагы эн престиждуу клиникалардын бири. Мен айтып жаткан кызмат, жашыруун жургузулот. Бирок албетте мыйзамдуу. Ал дегени бул жака ден соолугунда маселеси бар айымдар, же такыр торой албагандар, анан да "келбетим бузулат" - деп торогусу келбегендер кайрылышат. Бардыгы мансаптуу, олкого таанымалдардын аялы, же кызы. Сен ошолордун баласын тогуз ай курсагында которуп бересин. Коркпо жакын мамилеге барбайсынар. Алардын уругун алып операция жолу менен сага жайгаштырышат. Сен жон гана курсагында которуп тороп бересин.
-Эмнеее?!
Карагат мындай шумдукту омурундо биринчи жолу угуп жатышы эле.
-Чоочуба, сен билесинби бул учун канча толоп беришерин? Миллион акча. Анан да жашаган жерин, тамагын, атугул кийим кече, кунумдук керектоонду да камсыз кылышат. Тогуз ай козомолдо турасын, эн мыкты дарыгерлер карап торотуп алышат. Анан болду, ошол акчаны алып мекенине кетесин. Бул акчаны сен колдорун желип 10 жыл пол жуусан да таба албайсын. Менин мумкунчулугум жок. Болбосо качан эле байып кетмекмин. Келишим боюнча карын эне болуучу аял жок дегенде бир бала торогон болуш керек.
Ушуларды айткан Лейла чалкалай олтура кетти.
-Сен эмне деп жатасын Лейла, бул кайдан чыккан кызмат? Тогуз ай которуп, анан бироого кармата салган не деген шумдук? Болгондо да акчага алмашып жиберген!
-Сен тушунуп жатасынбы ал сенин балан болбойт. Каны сеники эмес. Сен жон гана которуп бересин курсагында.
-Кандай айырма? Мен тороп жатпаймынбы баары бир? Жок Лейла, мен бул ишке бара албайм.
-Эхх.. Курбум мен сага жон эле сунушумду айттым. Колунда болгон мумкунчулукту пайдалан. Тогуз ай гана чыдап койсон, баланды бооруна кысып олтурасын оз жеринде. Ошону  менен жашоон да кооз болот.
Лейла колун чонтогуно салып ашканадан чыгып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Июнь 2020 - 16:14

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Акча, дуйно кимдерди гана жолдон чыгарып, эмне гана иштерге туртпойт. Адамдар бири эсеби жок дуйносуно канаат кылбай акча табуунун арам жолуна тушуп алып чыга албай келе жатса, дагы бири аргасыз калганда барышат турбайбы?
Кудум ушундай тагдыр ээлеринин бири Мурад менен Карагат ушинтип кезигишти.  Мурад демекчи ал ким эле? Стамбул магнаты, Туркияга белгилуу ишкер. Ал жетектеп келе жаткан компания  чон атасынан атасына, андан кийин Мурадга откон. "Карадаг" - легендарлуу бул фамилиянын артында не деген кылмыштуу чойро жатканын эч кимдин оюна келбестир. "Сахиб" - деген каймана ат менен белгилуу болгон мыйзамдагы ууру, наркобарон, мафиоз, крим дуйнонун тоболу менен туздон туз катыштыгы бар. Сахиб жургузуп келе жаткан "тируу товар" да Мурад экоонун келишими. Азиянын ар бир олколорунон агып келе жаткан мигрант кыз-келиндерди алдамчылык жолу аркылуу Иран, Ирак олколоруна сатып эбегейсиз пайда коруп жатышат. Мына ошол Мурад менен Карагаттын жолу ушул клиникада кесилиш келди.
Мурадтын аялы Несли бала тороо мумкунчулугунон ажырап калганына 5 жылдын жузу болду. Ошол кундон бери ал клиниканын дайымкы кардары. Жолдошу менен акылдашып, аны аран кондургон Несли карын эне кызматынан пайдаланууга жазылган. Коп эле талапкер чыкканы менен, алар менен кезигууго келип суйлошкондо бири Неслиге жакпаса, экинчиси Мурадтын конулуно туура келбей, экооно тен туура келсе алдында олтураган карын энеге булардын койгон талабы жакпай, айтор ушул кунго келишкен. Карагат мин ойлонуп, канчалык алдындагы маселесин башка жол менен чечууго аракет кылса болбой койду. Анан да Лейланын айткан укмуштуу азгырыгына арбалдыбы, деги ким билсин акыры макулдугун берген.
-Лейла мен макулмун!
-Чынбы? - тамактанып олтурган курбусу бир кашын которуп ишенбегендей карап турду. Анткени алгач айтканда Карагаттын так секирип, "бул акылсыздык" - дегенин коруп умутун деле узуп койгон болчу. Лейла озу медайым болуп иштегени менен, ушундай чарасыз калган келиндерди чакырып, кызматты сунуштап бул кызматы учун жакшы эле толоп беришчу. Айрыкча мигрант болуп келгендерден жакшы пайда тушчу, бир жагынан акча керек болуп, ар кандай шартка да макул болушса, экинчиден ден соолуктары чын болуп, экинчи тарапка да макул келет. Атугул атайы  "мигрант карын эне" сурагандар да бар. Анын себеби бейтааныш болот, акчаны алып оз мекенине кетет, кийин балага мээрими тушуп, артынан андып коруп тура албайт. Кыскасы коопсуз.
-Ооба, - деди Карагат чарасыз.
-Бирок алчу гонорарымдын бир болугун алдын ала сураймын, акча керек...
-Ммм, бул жонундо кенешип коросунор. Жур анда сени башкы врачка алып кирейин.
Курбусун жетелеп кабинетке кирген Лейла таманын кыра:
-Уруксатпы?
Тордогу столдо кагаздарга унулуп олтурган, жашы 50 догу коз айнекчен аял козунун усту менен карап алды да, "киргиле" - дегендей баш ийкеди.
-Севги ханым, Карагат жонундо айттым эле го...
Олтурган ордунан тура, халатын ондоп бери баскан Севги Карагатты баштан аяк карап отту.
-Жолдошун барбы, алып кел ал да келишимге кол кою керек, макулдугун берууго.
-Мен... Менин жолдошум каза болгон.
-Мм, келишим боюнча туугандарындан бироо келуу керек.
-Эмне ансыз болбойбу?
Карагат ордунан тура калды.
Кыраакы Севги бул кызга чын эле акча керек экенин, муктаж экенин байкады.
-Болтурса болот, мен жайгаштырамын. Алган гонорарындан мага да бересин...
-Макулмун!
-Келиштик, мына келишим, жакшылап окуп кол кой. Андан сон Лейла сени анализ тапшырчу болумго алып барат. Анализдерин ойдогудай чыкса анда...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Июнь 2020 - 16:19

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
-Карагат, сен ойлонуп кордунбу баарын?
-Чечек эже, башка аргам жок. Бир айда акча таппасам уйубуздон ажырап калабыз.
-Кантсе да жакшылык менен бутсун баары...

Аппак, жарык кенен болмо. Болмонун дубалында ар кандай кичинекей бобоктордун, кош бойлуу аялдардын бактылуу суроттору илинген. Тор жакта жумшак эмеректе Несли менен Мурад олтурушат. Кубанычтан улам толкунданып, колдору титиреп жаткан жубайынын колдорун бекем кысып кармап алды Мурад. Эшик ачылып алгач Севги ханым анын артында коомай басып, бир аз тартынып Карагат кирип келишти.
-Севги ханым...
Мурад ордунан туруп учурашты.
-Мурад, Несли таанышып койгула бул Карагат...
-Саламатсызбы. ..
Аларга мандайлаш турган жумшак диванга Севги менен Карагат катар олтурушту. Неслиге кыз коргондо эле жакты. Ак жуумал келген жузу, узун бойлуу анан келбеттуу. Капкара коздорундо кандайдыр бир белгисиз жагымдуу учкун чачып турат экен. 
-Кандай суроонуздар же сунуш талаптарыныздар болсо айтсаныздар болот.
-Карагат, биздин бир гана шартыбыз бар. Кош бойлуу болгон кундон тарта биз менен чогуу турасын, - деди Несли эмнегедир мээримдуу, башкача жумшак суйлоп.
-Макулмун. Менин да шартым бар, - деди кыз.
Адатта келген кардарлар карын энеге гана шарт коюшчу. Жанатан колун ээгине кое кызды сынай тиктеп ун катпай олтурган Мурад олтурган ордунан обдула кызга суроолуу тигилди.
-Кандай шарт?
-Мага акча зарыл, андыктан келишимде белгиленген акчанын бир болугун алдын ала сураймын.
Бул сапар Карагат тиктеп турду. Жанатан бери тартынып, жер тиктеп олтурган бул кызды анчейин тоготпой аткан. Азыр болсо анын озун теше тиктеп турган капкара коздорунон тайсалдай тушту.  Коздорун ала кача Неслиге карады. Жубайынын коздору озун умутту тиктеп, атугул озунун торолгон балдарын колго алып олтурагандай кубанычтуу карап туруптур.
-Келиштик, - деди Мурад.
                                     ***
Карагат кош бойлуу болду. Бул жанылыкты телефондон уккан Неслинин кубанычында чек жок эле. Жаш балача уйду айланта чуркап, кыйкырып алган. Дароо машина даярдатып, клиникага Карагатты алып келгени  озу кошо жоноп кетти. Мурад сыртынан анчейин сездирбегени менен анын да дене боюн озгочо жагымдуу сезим аралап отуп, бир жылуулук тарагандай жан дуйносу жибий тушту. Соз менен тушундуруп, суроттоп бере алгыс бул сезимди кандай атоого болот? Ооба кээ бир адамдар учун бала туйшук же жук болсо, дагы бироо учун ушундай арман, анан бакыт. Дуйнонун тендигин карачы... Мурадга мал-дуйно, атак-данк берип сыйлаганы менен эн жонокой анан эн кымбат бала  коруу бактысын насип этпей кысып койгонун. Жок, башкага аялга уйлонуп, же экинчи аял алып деле балалуу болсо болмок. Бирок Мурад Неслини суйчу. Анын асмандай когултур болуп турган суйкумдуу молтурогон коздоруно ашык болгон. Аны эч качан алмаштарбайт, буга журогу да жол бербейт эле. Анан аргасыз бул жолго барууга туура келди. Неслинин алгач кош бойлуу болгонун эстеди, ошондо да ушинтип суйунгон. Бирок анда мындай озгочо сезим болгон эмес. Же анда жаш беле?... Балким аялы куну кечке, басса турса да бала жонундо айта берип озунун да мээсине "балалуу болсом" - деген кыял орноп жайгашып алган сыяктуу. Айтор бул жолу чын эле кубанды. Атугул ааламга жар сала кыйкыргысы келди. Бирок...
           Чон, капкара болгон дарбаза ачылып ичкери кирген машинадан тушкон Карагат уйду коруп оозу ачылды. Жомоктогу хансарай. Аябай кен болгон уйдун алды эле канча чон.  Жашыл газон, анан ар туркун гулдор остурулгон кооз бакча. "Гектар чыкса керек" - деп ойлоду ичинен. Себеби уйдун озунун ээлеген аянты эле оной эмес экени корунуп турат. Алдыларынан тосуп чыккан кызматчылар, айдоочу, атугул жан сакчылар да турат. Карагат озун кудум киного тушуп калгандай сезди. Уй дениз боюна салыныптыр. Денизден келген шамал, жыт...
Карагатка даярдалган болмо да кенен, анан жарык терезелери чон болуп дениз тарапта карап турат экен.
-Жактыбы? - деди кызды болмосуно коштоп кирген Несли.
-Аябай...
Жаш баладай кубанган Карагаттын коздору жайнап турду.
-Биз аракет кылдык... Менин балдарым кооздукта осуу керек,-деген Несли Карагаттын курсагын сылап койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Июнь 2020 - 17:43

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Карагат озу айткан келишимдеги акчанын бир болугун алып, айылга которду. Тез убакыттын ичинде мынча акчанын кайдан алганын тушунбой сураган апасына "кабатыр болбонуз, карызга алдым, акырын иштеп узом" - деп кутулду. Апасына которулан акча насыяны толоп, андан да ашып калат. Бардык кем карчын толуктоого жетет болчу. Анткени кыз эгиз балдарга кош бойлуу болгон. Несли менен Мурад кенешип, эгиз балалуу болобуз деп чечишкен. Ошондуктан келишимде белгиленген акчанын да суммасы чон. Ошол кундон тарта Неслинин болгон жумушу, акылы убактысы Карагат менен болуп калды. Тамактарды да атайын адистер менен кенешип талдап даярдатып берет. Кечке жанында, ар кандай кызыктуу маек куруп кыздын конулун которуп журо берет. Кош бойлуулук жонундо бардык маалыматтарды чогултуп, Карагат эмей эле озу кош бойлуу болгондой. Магазиндерге барып, кийимдердин турун алып берип, чачтарын ондотуп откон 6 айдын ичинде Карагат такыр башка адамга айланды. "Адамдын корку чупурок" - деп бекер айтылбаган чыгаар. Озу сулуу болгону учун кийимдер, чачтарын озгорткону ого бетер сулуу корсотуп ажарына чыга келди. Откон бул айлар ичинде кыз жомок дуйнодо жашагандай эле болду. Атугул ичинен Неслиге суктанып да алчу. Козун карап суйгон жубайы, анан мындай бардар жашоосу бар. Бул дээрлик бардык эле аялзаты кыялданган жашоо болсо керек. Несли кыздын курсагын кармап, эгиздердин кыймылын кузотконду, алар менен суйлошконду жакшы корот. Азыр да Карагаттын курсагына кулагын туштап тыншап жатат. Буларды алыстан карап турган Мурад да негедир анын курсагын кармагысы келди. Алакандары менен балдарынын кыймылын туйгусу келип башкача боло тушту. Кыз бул уйго келгенден тартып, уурдана ушинтип карап алчу. Чон салынган уйдон бир аз алыс бакча тарапта жайгашкан чакан устаканасынын терезесинен копко карап тура берет. Кош бойлуу аял сулуу корунобу же озунун балдарын которуп жургону учунбу Мурад Карагатка башкача сезимди сезе баштады. Алгач капарына илбей койгону менен бара-бара кызды коргусу келип, анын кыймылын карап олтургандан ырахат алчу болду. Бул сезимди озу тан албай, качып кыйналып кетер эле. Кыздын ичи чонойгон сайын анын басканы озгочо корунуп, кызыга карап олтура берет. Карагаттын курсагы чонойгон сайын Несли да, кочого магазинге чыкканда же коноко барганда озуно ошондой жасалма курсак тагып алат. Себеби алар карын эне тууралуу эч кимге айтпайбыз деп келишишкен. Элдин козундо озу кош бойлуу болуп корунчу. Бул тууралуу маалыматтар албетте, социалдык тармактарга, газета журналдарга тарады. Андыктан Мурад менен Несли белгилуу журналга интервью берууго макул болушту. "Белгилуу ишкер, бизнесмен Мурад Карадаг озунун мураскерин кутуудо" - деген жазуу, анан Мурад Неслинин курсагын кармап тушкон суроту менен берген маеги эртеси куну эле жарк эте чыкты.
                                        ***
Кыргызстан. Салынган жоолугунан ак чачтары корунуп, устуно кийген кийими да жупуну, умутсуз коздорунун кычыгынан тушкон жашты бырыш колдору менен сурто милиция болумунун алдында олтурган аял Тилектин конулун бурду. Жаны гана жумушу бутуп чыгып келе жаткан Тилек, эки колу менен башын мыкчый аргасыз калгандай ыйлап олтурган эненин жанына келип олтурду.
-Жардам керек эмеспи? Жакшысызбы?
Нуру очкон коздорун ойдо которгон аялдын козундогу жаш молт эте кулап тушту.
Алдындагы орган кызматкерин коро азыр эле алсыз олтурган аял ачуусу келе суйлонуп алды.
-Муну кара?! Жардам керек эмеспи деп. Жардам кереги жок болгондо ушул силерге жалдырап келет белем?
Тилек аялды эми тааныды канча айдан бери болумдун эшигин каккылап, чуу салып "кызымды таап бергиле, жардам кылгыла" - деп боздогон эне.
-Балким менин жардамым тиер...
Бир аз убакыттан сон жанагы аял менен Тилек чакан тамактануучу жайда олтурушту.
-Балам, - деди бир убакта аял титиреген ун менен.
-Атым Айна. Жолдошум каза болуп бир эле кызымды озум тарбиялап чонойттум. Элден кем кылбай айтканын аткарчумун. Окууну бутуп, чон окуу жайга да тапшырттым. Баары ошол окуу жайда окуп жургондо башталды. Тааныш дос кызы "Туркияга иштеп келдим" - деп кычырап кийинип, машина минип келген кундон тарта уйубуздо тынчтык жок. "Мен да барам" - деп бут тиреп туруп алды. Кой дегенди уксачы.
Ушул жерине келгенде Айнанын коздорунон жаштары кайра тоголонуп кетти. Коз алдына кызы менен акыркы жолу суйлошкону тартылды.
-Аймончоок?! Кызым айтчы деги сага эмне жетпей жатат?
-Апа койчу, ушул да жашообу. Сенин алган маянан менен мен кыйратып же кийине албасам. Машинаны кыялданбай эле койсом болот.
"Жалгыз кызым" - деп конулуно карап журуп эрке кылып алганын эми андап жатат. Бирок кеч болуп калбадыбы...
-Сени акча тап дебедим го апа. Мен озум иштеп келемин деп жатамын. Болгону сен паспортумду бер! Мен баары бир кетем! Апа сонун жашайбыз, жолумду тосо албайсын.
Бир эки кийимин чакан сумкасына сала, апасынын кол сумкасын оодарып озунун паспортун алып эшикте тарс эттире чыгып кетти.
-Аймончоок?!
Боздоп бук тушуп ыйлаган эненин ошол кундон тарта коз жашы кургабай келет.
-Ошол балам, кызым кеткен фирмага барсам, алар да тан албай жатышат. "Бизде фамилиясы жок" - деп. Анан кайда бараарымды билбей силердин болумдун эшигин тыткылап журом да.
-Кам санабаныз, мен бул ишти изилдеймин.
Ыйлап жаткан эне алсыз ууртунда жылмайып алды.
-Баарынар эле ушул созду айтасынар, бирок жыйынтык жок. Изделип жатабы же жон эле алдап жатасынарбы билбеймин. "Акчалуунун заманы" - деп же мен байкуштан акча умут кылып журосунорбу?
Бул созду уккан Тилек шашып кетти. Анткени "бир кумалак бир карын майды чиритет" болуп айрым паракор кесиптештеринин кылган жоругунан улам, "бардык орган кызматындагылар ушундай" - деген тушунук эл арасына синип калганына зээни кейип алды.
-Андай дебениз, биз эл учун иштейбиз, - дей салды чын дилинен.
-Макул, - деп кол шилтеп койгон аял шалдырай ордунан туруп чыгып кетти.
-Токтой турунуз жеткирип коем, - деген Тилекти укпай оз жолу менен кете берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   aldap-saya   11 Июнь 2020 - 18:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Июнь 2020 - 18:39

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Тилек ошол эле куну кайра ишине кайтып, жоголуп дайынсыз кеткен мигрант кыз жонундо изилдей баштады. "Айдарова Аймончок" - деп башталган делону колуна алып жетекчинин болмосуно баш бакты.
-Уруксатпы?
-Кел Тилек.
-Нурлан Эсенович, мен бул кыз жонундо билип, калган ишти колума алайын дегем,-деп кыздын делосун алдына койду.
-Тилек, бул менимче жабылган.
Алдындагы кагаздан башын которбой жооп берди жетекчиси.
-Жок Нурлан Эсенович, мен делону окуганымда кыз кеткен фирма биз шектуу катары киргизген 5 агенттиктин тизмесинде бар болуп жатпайбы?
-Далилдерин барбы? Ал фирманын жетекчисин тергоого алып келинген, ошол агенттик менен кеткен бардык эле мигранттар иштеп жатышыптыр, демек кыз энесин алдап кеткен.
-Бул жерде башка сыр бар. Балким биз изилдеп таба албай жаткан кылмыштын чиеленишкен учугун ушул кыз аркылуу табарбыз?!
-Тилек?! Мен сени ал ишти жыйыштыр дегем!
-Эмнеге эле баарынар аны казуудан качасынар? Же олкодогу алданып кеткен кыз-келиндердин тагдыры силерди ойлонтпой элеби?!
Мунун атасынын мунозу да ушундай болчу. Ожор, коздогонун кайтпайт эле. "Койсончу досум, опурталдуу ишке аралашып жатасын" - дегенин укпай, "мен мындай иштер болуп жатканда, тиешеси жок адамдай четте карап тура албайм, мен бул учун окуп, ант бербегем" - дегенин эстеди.
-Нурлан Эсенович, атам омурун бекер кыйган эмес. Мен акырына жеткируум керек.
Тилектин жанына жакын келген жетекчиси далына таптап:
-Атанды жазбай тартыпсын! - деди уну каргылдана.
-Болгону мен сени абайлап жаткам, атандын олумунон сон апана соз бергем.
-Нурлан Эсенович апам билбесин, мен соз берем озумду этият кыламын.

                                      ***
Аймончок озун алдыда укмуш жашоо кутуп жаткандай, алдыдагы келечегин башкача элестетип туркун кыялдар менен Стамбул шаарына конгон учактан тушту. Тушкондо эле шаардын кооздугуна суктанып, коздорун жумуп согуп жаткан желге жузун тосуп алды. Уйдо жалынып ыйлап калган апасын да эсинен чыгара шок кыялдар менен баратты. Бирок анын кубанычы копко деле созулган жок. Чон кочодо, ажайып шаарды аралай ичине жалан озуно окшогон, ар башка олкодон келген жаш кыз келиндерди салып бараткан автобус копко журуп шаардын сыртына чыкты. Токой сыяктуу дарактар менен курчалган жолду аралап баратканда, кыз чоочуй кетти да жанындагыларды караса баары чарчап келгенге уктап жатышыптыр. Кыйла жургон сон жалан дачалар салынган чакан айылга кирип келишти. Жыгачтан кооздолуп жасалган дарбаза ачылып автобус ичкери кирип токтоду. "Келдик тушкуло" - деп кыйкырган аялдын унунон уктап жаткандар чоочуп, кээ бирлери созун тушунсо кобу тушунбой шагырап сыртка чыгышты. Алдында зангырап 3 кабаттуу жыгачтан салынган уй турат. Эки аял коштогон, сакылы оскон жашы улгайган киши буларга жакын келип кыздарды боло баштады. Жаш кыздарды озунчо, орто жаштагылар, анан улгайган аялдарды озунчо топко болуп тизишти. Аймончоктун жанале жузундо турган кубанычы кубулуп журогун белгисиз коркунуч ээлеп алды. Ондон ашуун жаш кыздарды ээрчитип ичкери алып башка болмого, орто жаштагыларды башка болмого киргизишти да, ал эми улгайган аялдарды кайра автобуска тушуруп короодон чыгып кетти. Бир эсе коркуп, бир эсе тушунбой, анан да уйду суктана карап жаткан жаш кыздардын алдына орто жаштагы турк аял кирип келди. Ар улуттан кыздар болгонго баарына тушунуктуу болуу учун орус тилинде суйлоп жатты.
-Бугундон баштап баарынар ушул жерде жашайсынар. Тамак-аш, кийим менен камсыз кылабыз. Ар бир болмодо экиден кыз жашайт. Азыр баарынар паспортунарды мага тапшыргыла.
Кандай жерге келип, эмне жумуш аткарышаарын али тушуно элек бул балапан ооз, жаш кыздар баары паспротторун тиги аялга кармата салышты.
-Эми азыр душка тушуп, тамактанып анан эс алгыла. Бул аял баарын корсотуп берет. Аты Сыла.
-Аа, биз эмне жумуш кылабыз? - деген Аймончоктун суроосуна "Аны коросун сулуум" - деп жылмая жооп берип болмодон чыгып кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Umka..00   11 Июнь 2020 - 21:29

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Жакшы жазып атыптырсыз кутуудобуз. ....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   ShaKe11   11 Июнь 2020 - 21:36

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   11 Июнь 2020 - 21:41

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Аймончоктун жашоосу талкаланды! Тагдырына очсо кеткис так тушуп, кыялдары майдаланып быркырап чачылып жатты. Кор болгон, кызарып когоруп ооруп, уйпаланган апакай денесин устундогу ар жери айрылган кыска койнок менен жаап тарткылап, ыйлап жатты. Каалашынча уйпалап, оз максатына жеткен сон, ары карай уктап жаткан курсуйгон эркектен коорунуп бурчка барып тыгылып эки колу менен оозун жаба оксуп жиберди. Ушул учурда гана эмне иш жасап койгонун, кандай жолго тушуп, кандай жайга келип калганын андап жеткендей. Боздоп ыйлаган апасын эми эстеди. "Апааааа? ! Кечир мени!" - деди дили орттоно. Бул жайдан эч кайда качып кетуу мумкун эместигин тушунуп турса да, "качып кетем!" - деди
Кундо ар кандай эркектин кучагына салып беришет, деги корбогон кордукту ушул жактан корду. Уруп сого берип, когоргон денеси да андай муштумдарга конуп калгандай. Бир куну чон заказ тушту, шаарга барасынар деп кыздарды тандап жатышты, озу да он келбет жагынан кемчилиги жок болгонго Аймончокту биринчи эле тандап алышты. Ал озунун коптон берки ойлоп жургон планын бугун ишке ашырууну болжоду. Эптеп эле шаарга жетип алышса.
    Катар тизилип клубга кирип келген сулууларды коргондо жигиттер кол чаап, атугул айрымдары ышкырып жиберишти. Чириген бир байдын уулу 18 жашын белгилоо учун бир клубтун баарын озу алып, анан мынтип кыздарды чакыртып конул ачууну каалаган экен. Жапжаш балдар. Колдорунда ичимдек, тамеки... Кече кызып, баары оздору менен болуп калганда гана Аймончок алардан болунуп экинчи кабатка которулду. Бир болмого кирип терезеден караса жанаша оскон дарак бар экен, бутундагы бийик такасын чечти да ошол болмодогу керебеттин астына ыргытып жиберди. Кыска койногу менен терезеден дарака акырын отуп тушуп кетти. Клубтун арт тарабында болгондуктан айланып качып отуп чуркап баратты. Тим эле артын карабай, буту бутуна тийбей тызылдап учуп жоноду. Бул анын биринчи жолу качуусу эмес болчу, буга чейин деле коп жолу аракет кылганы менен бат эле кармап келип бир жерине тамтык калтырбай олорчо сабап салышчу. Бул жолу да колго тушуп калбайын деп качып баратты. Тан агарганга чейин чакан бак сыяктуу паркта тан аттырып, кун чыкканда гана айланасын уурдана карап элчиликке жол алды. Мурдатан эле дарегин тактап сурап алганга дароо эле таап барды. Элчиликте арыз жаздырып, анан ыссык кофе сунуп жылмайган жигит озунчо кабинетке киргизип койду.
-Олтура тур бул жерде. Коркпо баары жакшы болот,-деп сырдуу жылмая чыгып кетти. Туну бою кирпик какпай тан аттырганга, андан да жука койнок менен ушуп калганы учун ыссык кофе ичкенге денеси магдырай тушуп, болмодогу диванга ургулой уктап баратты. Шарак этип ачылган эшиктен чоочуп атып турган кыз мандайында турган Мурадты коро бакырып ийе жаздады.
-Качып келген жерин ушул болдубу?!
Жакын келип, ачуусу менен кыздын колунан оорута кармап кулагына шыбырады.
-Билип кой, Стамбулдун ар бир кычыгында менин козум бар, жада калса сенин элчилигинде!
Устундогу костюмун чечип кызга жапты да:
-Мени менен жур! - деди октом.
Умуту дагы бир жолу таш каап, шалдырай алдына тушуп баратты Аймончок. Чыгып баратып жанагы кофе берген жигитти эшик оозунан коруп, козундо огу болсо атып ийчудой жек коро тиктеп отуп кетти. Мурад акчанын кучу менен кыздар келген ар бир олконун элчилигине оз адамдарын коюга жетишкен. Бул жолу Аймончокту туз эле озунун уйуно алып жоноду. Машинада титиреп бараткан кыз, бир убакта унун болушунча чыгарып буркурап ыйлап жиберди. Адашып тушуп алган бул жолдон эч качан чыгып кете албасына козу жетип, каргыш алган бул шаардан качып кете албасына, мээримдуу апасынын колдорун ооп, кечирим сурай албасын сезип ыйлап жатты.
***
Денизди карап, курсагын сылап олтурган Карагат артындагы ундон жалт бурулду. Жашы отуп калган ушул уйдун багбанчысы болуп иштеген карыя экен.
-Коркуп кеттинби? - деди кыргыз тилинде.
Канча жылдан бери оз тилин укпай, анан да мандайында турган бул турк карыянын кыргыз тилинде суйлоп жатканына тан кала тиктеп калды. Жай басып Карагатка катарлаш олтура алдыны тиктеп алган карыя улутунуп алды.
-Мына бул турган дениз каначалык кооз болгону менен озубуздун Ысык-Колубузго тен келбейт экен го.
Кыз андан бетер оозу ачылды.
-Ооба мен кыргызмын. Бул жака келип Туркиянын жарандыгын алып, жашап калганыма коп жылдар болгон. Жада калса бул кожоюндар да менин кыргыз экенимли билишпейт.
-А эмнеге? - деди кыз тан калганын жашырбай.
-Анын жолу узун кызым. Болгону сенин кыргыз экенинди билип, оз тилимди сагыныпмын суйлошкум келди, - деди мээримдуу жылмайып.
-Бул жерде коп жылдан бери иштейсизби?
-Ооба жаш курагымдан бери. Алгач айдоочу болуп ишке киргем. Кийин мынтип ал-кучум кеткенде бактарды карап калдым.
-Сиз остургон бак укмуш, гулдор да кооз, - деди Карагат.
-Кандай соонун э оз эне тилинде суйлогон? Аябай куса болдум эле. Бул дили да, тили да ботон элде жалгызсырап кыйналып кеттим.
Карагаттын коздору жашылданып кетти.
-Ээ кызым, ушунча жыл бул уйдо кызмат кылдым, бир да кыргыз келбеген эле. Сени алгач коргонумдо деле кыргыз дебегем.
Кыз кулуп койду. Экоо дениз жээгинде копко божурашып суйлошуп олтурушту. Суруштуро келишип Саидтин Колдон экенин укканда кыз андан отуп кубанды.

Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 11 Июнь 2020 - 21:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   ShaKe11   11 Июнь 2020 - 23:21

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

кооптон жазып буттуруп салчы афтор
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   aldap-saya   11 Июнь 2020 - 23:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   12 Июнь 2020 - 16:26

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
       Тун жарымда ойгонуп кеткен Карагат суу ичем деп биринчи кабатка тушту. Суу ичип, жаны гана ашканадан чыгып баратып бак тарапта  адамдар жургонун коруп терезеден карап турду. Беш, алты караан тапырап отуп Мурадтын устаканасы жакты коздой басып кетишти. Ашкана биринчи кабатта, анан да терезеси бакча тарапты карап тургандыктан жанагы караандар Карагатка даана корунду. Булар Мурадтын жан сакчылары да. Торт жигит коштоп, ортодо аял киши басып бараткандай корунду. Алардын артында Мурадты корду. Алар туз эле устаканын подвалына тушуп кетишти, Мурад болсо аларга бир нерселерди буйрук кыла устаканага кирип кетти. "Тунку саат учту кагып баары кызуу уйкуда жатса булар эмне кылып журушот?" - деп ойлоп кайра оз болмосуно чыгып кетти. Ошол бойдон ал окуя унутулуп эле калган болчу. Бир куну Несли менен Мурад жакындары уйуно коноко чакырып ошол жака кетишкен, жалгыз калган Карагат бакча тарапта айланып журуп Мурадтын устаканасы баш бакты. Мурад бош убактысында тактайга ар  кандай ою тушуруу менен алек болчу, анан да жыгачтан ар кандай буюмдарды да жасап ушул устаканага тизип коюптур. Ар бирин кызыгуу менен кармап, тактайга тушурулгон оюларды суктанып карап жатты. Тор жакта илинген чон тактайдын усту кездеме менен жабылып туруптур. Ансайын кызыгуусу кучоп, жабылган чупурокту сыйрып алды да коргон козуно ишенбей туруп калды. Тегерек болгон тактайда кош бойлуу аял денизди карап ойлуу турган элеси тушурулгон экен. Озу экенин жазбай тааныды. Бул корунушту кайжака жоорушун билбей нес абалда кыйла турду, ангыча жакын эле жерден ыйлаган унду кулагы чалып, шашыла жанагы кездемени жаба калып, устаканадан чыгып баратып дагы ошол унду укту. Кызыгы ал ун жакын эле жерден чыгып жаткандай. Жакшылап кулак тошоп ундун подвалдан экенин болжооду. Сыртка чыгып тепкич менен подвалга тушту, темир менен тордолгон эшик ачык экен. Мурун бул устаканага бир да жолу кирип корбогон учун, подвалды жана бул жакта эмнелер сакталуусун билбейт болчу. Кунурт тартып, сыз жыттанган подвалга киргенде жанагы ыйлаган ун даана угулду. Биринчи тушкондо козу такыр эч нерсени коро албай эми гана карангылыкка конуп айланасын карай баштады. Ун тор жактагы бурчтан чыгып жатыптыр, бир аз баскандан сон аял киши экенин тушунду.
-Сизге эмне болду? - деди ошол турган жерден жылбай.
Кыздын унун уккан Аймончок тып унун басып Карагатты копко карап турду. Колу менен буту чынжыр менен кишенделип, бети башы когоруп олтурган аялды карап "ооруйт окшойт" - деп оз тилинде суйлоп алды.
-Сен эмне кыргызсынбы? - деди Аймончок уккан кулагына ишенбей.
-Ооба, сен да кыргызсынбы?
Эми Карагат кызга жакын келип олтурду.
-Эмне кылып журосун бул жерде?
Карагаттын мээримдуу чыккан унуно эреркеп кеттиби же кыргыз бироону жолуктурганына кубандыбы Аймончок оксуп ыйлап жиберди. Улам ыйлап, кайра басылып жатып окуясын кыскача баяндап берди.
-Сен да бул жактан кач! Булар жан алгыч. Мени да эми олтурушот,-деди шыбырап.
-Жок! Мен бул жерден сени куткарамын.
Карагат азыр эмне деп жатканын озу деле тушунбойт болчу. Болгону мекендеши мынтип жатканын коруп чыдап олтура албасын билет.
-Мен... Мен элчиликке кабар беремин.
-Жоок! - Аймончок кыйкырып жиберди.
-Эч качан элчиликке бара корбо. Анда сени да жок кылышат булар. Ал жерде Мурад менен Сахибтин адамдары бар.
-Макул, мен дагы келем. Бир айласын созсуз табабыз.
Аймончокту кучактап алды. Кыздын титиреп жаткан арык, анан когоруп кеткен денесин коруп боору ооруй бекем кучагына кысып туруп, бир топто барып кое берди.  Бироо билип калбасын деп шашыла подвалдан чыгып кетти. Ошол учурда анын дайым колдонуп жургон жуз аарчысы эшик оозуна тушуп калганын байкаган да жок.
Подвалдан чыккан Карагат эки жагын каранып алып сыр билдирбей бакча тарапка отуп кетти. "Эмне деген шумдукту кордум? Кантип эле бул уй-булоо ушул жолго барсын?" Мурадты го жакшы билбейт, а бирок Несличи? Озуно жасап жургон камкордугун, мээримдуу коздорун эстеп "жоок менимче Несли бул жонундо кабары жок болуш керек" - деп ойлоп кетти. Бакча тарапта бир орунда тура албай тыбырчылап улам олтуруп, кайра тура калып басып жаткан кыздын жанына Саид басып келди.
-Карагат?
-Саид ага...
Азыр коргонун айтайын деп барып, кайра ойлоно тушту. Аймончоктун "эч кимге ишенбе"-деген созун эстеп тим болду.
-Карагат подвалга тушконунду кордум...
Карагат "олдум" - деди ичинен. "Демек бул да ушулардын шериги турбайбы, эми мени кошуп олтуруп салат" - деген ой заматта мээсин аралап отту.
-Коркпо мен Мурадтын адамы эмесмин. Бул уйдо коп жылдардан бери иштеп, ар бир кыймылды кузотуп журомун. Бул туурасында кожоюн деле билбейт. Тиги кызды алып келген туну эле коргом. Ага жардам кыла албай калдык го...
-Кантип? Саид ага? Жок, биз бир жолун ойлоп табуубуз керек. Ал биздин мекендешибиз да. Макул сиз болбосонуз, озум да бир айла кыламын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   aldap-saya   12 Июнь 2020 - 20:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июнь 2020 - 19:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Кезектеги анализин тапшыруу учун Карагат Несли менен клиникага келишкен, бардык анализдер алынып Несли болмодо дарыгер менен калып Карагат сыртка чыккан болчу.
-Карагат?
Озун коздой келе жаткан Чечекти коруп кубанып кетти.
-Чечек эже!
Кантсе да бирге иштеп, аз убакыттын ичинде бир тууганындай боло тушкон экен, сагынып кетиптир кадимкидей. Кучактап корушуп копко турду.
-Коз тийбесин чыйралуу болуп кетипсин. Кызым абалын жакшыбы?
-Чечек эже жакшымын.
Негедир Чечек ушул кызга журогу жылып озуно жакын ала берет. Бул жайга биринчи келген кунундо эле кызга конулу бурулган. Бакырайып алайып турган коздорундо коркуу, ошол эле убакта тайманбас бир эрк бар эле. Келген куну эле Чечекке жардамдашып конуп кетишкен.
-Бир нерсеге кыжаалатсынбы?
-Жок, баары жайында.
Коздорун ала качып тынчсыз турган кыз Чечекке шектуу корунду.
-Мага ишенсен болот кызым.
Карагат мандайында турган бул аялга копко тигилип турду. Анын бул карашында "айтсамбы же ишенбей эле койсомбу?" - деген кумон турган.
-Жардам керек...
Акыры тобокелге салып, баарын айтып берди.
-Мурадтын жон адам эмес экендигин сезчумун. Силердин элчиликке кабар берсек.
-Жоок, ал кызды дал ошол элчиликтен таап кармап келишиптир. Чечек эже мени Несли издеп калат, жонойун, сизге бир жол менен кабар берермин.
-Абайла кызым...
      
                                       ***
-Несли? Карагат кайда?
-Бакчада...
-Козунду алба.
Мурад терезени карап турган калыбында суйлоп жатты.
-Койсончу Мурад, бугун анализдер жакшы чыкты. Эч кандай маселе жок. Эгиздерди сен бир корсон,-деп бактылуу суйлоп жаткан Неслинин созун Мурад болуп жиберди.
-Башка маселе бар.
-Эмне болду?
Мурад олуттуу бир маселе чыкканда гана ушинтип кыска, анан муздак жооп берчу.
-Карагат биз учун кооптуу, аны да жок кылуу керек.
-Эмнеее? Сен эмне суйлоп жатканынды тушунуп жатасынбы?
Ордунан тура куйоосунун алдына келип жулкулдатып озуно каратты.
-Муну подвалдан таптым.
Мурад колундагы апакай чекесине гул тушурулгон жуз аарчыны Неслиге сунду.  Неслинин жуз аарчыны кармаган колдору титиреп турду.
-Короодогу камераны да текшерттим. Карагат кече биз коноко кеткенде подвалга тушкон.
-Мурад?! Эмне ал жактын эшигин ачып журосунор?!
Несли болгон уну менен кыйкырып алды.
-Жигиттер жазаланды. Несли сен дарыгер менен суйлош, балдарды жети айында торотуп алууга болобу?
-Мурад сен... Сен акылындан ажырадынбы? Балдар кичинекей. Алар эгиздер! Сен бул жолдон чыгамын дегенсин. Ошол каргыш алгыр Сахиб менен токтотом дегенсин!
-Бул сен ойлогончолук оной эмес. "Кеттим" - деп эле бул чойрого кол шилтеп басып кете албайсын. Мобул турган дуйно, уй, астындагы машина, эсебиндеги акча, баары жон жерден келип жатабы Несли?!
-Урдум сенин дуйнонду! Мага ушунун баары керек дейсинби? Мурад балдарыма бир нерсе болсо, соз берем сени да соо койбоймун!
Когултур коздоруно жаш келип, жаалы тогулуп турган келинчегин тынчтандырып кучагына басып алды.
-Соз берем балдарга эч нерсе болбойт.
Эки колу менен Неслинин жузун сылап озуно каратты.
-Жакшылап мени ук! Мындан кийин Карагатты озун карайсын тогуз айга чейин. Телефон да бербе. Ар бир кадамына аяр бол. Анан...
-Эмне анан?
Ушул создун артында эле коркунучтуу чечим турганын сезди.
-Анан дарыгер менен суйлошуп, Карагатты тороттон каза болду дейбиз.
Несли колдору менен оозун жаба калып ыйлап жиберди.
-Башка жолубуз жок Несли! Карагат операциядан чыкпайт.
Коздорунон жашы куюлуп аргасыз олтурган аялын колдон алып  тургузду.
-Карагаттын жанына бар. Андан бир кадам да алыстаба уктунбу?
Шок абалда калган Несли куйоосунун эмне суйлоп жатканын деле андабй башын ийкеп жатты.
Булардын ар бир созун эшик сыртында угуп турган Саид артына чуркап Карагатты издеп жоноду. Кыз дайымкы жеринде бакчада дениз тарапты карап олтурган экен. Энтигип чуркап келген Саид:
-Карагат!
-Саид ага... Тынчылык элеби?
-Жок, алар... Мурад сени коруптур.
-Тушунбодум.
-Сенин подвалга тушконунду коруптур Мурад. Несли азыр келип телефонунду алат, сени да жок кылышат.
-Кандайча?
Карагат Аймончокту эстеди. Ошондой карангы повалды кордук коруп озу жатканын элестеп кетти.
-Саид ага... Бул номерди жазып алыныз. Калганын дагы кенешебиз,-деген Карагат Чечектин номерин бере салды.
Ангыча кызды издеп Несли келе жатканын коруп, экоо сыр алдырбай кулуп суйлошуп калышты. Несли жакын келгенде Саид кызга гулдор жонундо кызыктуу ангеме айтып берип жаткан экен.
-Карагат.
-Несли ханым, - деген Саид акырын баш ийкеп жылып кетти.
-Бакчадагы гулдору укмуш. Сырларын айтып берип жаткан.
Карагат коркконун билдирбей жылмайып суйлоду.
-Саид ага бакчаны жакшы остурот. Карагат сенин кол телефонун кайда?
Кыздын журогу шуу этти. Неслинин дайым мээримдуу караган коздору жоголуп, кудум Мурад карап тургандай тикчийип тигилип туруптур.
-Жанымда.
Кыз озун басып, эч нерсе болбогондой жооп берди.
-Жанына салып журууно уруксат бере албаймын, мындай кийин менде болот. Эгиздерге зыян.
Колун сунуп турган Неслиге телефонун чонтогунон алып чыгып карматты.
-Мени туура тушунгонуно рахмат. Журу, конугуу жасоонун убактысы болуп калды.
Неслинин азыр эле муз болуп турган жузу жумшарып, акырын суйлоду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июнь 2020 - 19:54

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Несли канчалык кызды антарып тигилбесин, шектуу эч нерсе байкай албады. Кудум эч нерседен кабары жоктой дайымкысындай журот. "Балким Мурад ашырып жибергендир. Карагат эч нерсени корбогон болсочу? Анын устуно подвал карангы эмеспи, кызыгып баш багып эле ичкери кирбегендир. " Карагатты карап олтуруп ушуларды ойлоп жатты. Ал эми Карагаттын ойлору мындан отуп кыйсыпыр тушуп жаткан. "Эмне мынча теше тиктейт? Жанымдан бир кадам алыс жылбай жургонун, жада калса тундосу да мени уктатып анан кетип жатат. Аймончок эмне болду экен байкуш."
Тан суруп калганда эшике чыккан кыз, бакча тараптан Саидти коруп кубанып кетти.
-Саид ага...
-Карагат, мен Чечек менен суйлоштум, эртен кечинде сени качыруу керек бул жерден.
-Аймончок,аны да кошо ала кетуум керек.
-Карагат, ал кызды тундосу алып кетишти.
-Эмнее?
Ыйлап жиберди. Кыздын ошондогу жылтырап умутко толуп, озун караган коздорун эстеп жаны куйкаланып кетти.
-Олтуруштубу?
-Балким. Бул жагына сени сактап калуу керек.
-Курсагымда баласы бар, мага тие албайт,-Карагат коркуп турса да ишенимдуу ун суйлоду.
-Ооба, бирок бул убактылуу. Сени торот учурунда эле жок кылып коет. Мени ук, эртен тункуго даярдан. Калганын мен бутуромун.
Уйдон чыгып эки жагын элендеп жаткан Неслини коро Саид колундагы гулдорду Карагатка карматты.
-Карагат, сен бул жакта белен?
-Несли карасаныз, кооз гулдор.
Карагат сыр билдирбей колундагы гулдорду жыттап алып ичкери кирип кетти. Ойгонуп эле кыздын болмосуно чуркап таппай калган Несли "качып кетти" - деп эси чыгып кеткен болчу. "Оо кудай, мен акылымдан айнып баратам! Деги мунун сону барбы?"-деп алды Карагаттын артынан уйго кирип баратып.

         Тун бир оокумга чейин кыздын жанында олтурган Несли, качан ал уйкуга кеткенде гана сыртынан кулпулап, оз болмосуно жоноду. Ушуну эле кутуп тургандай Карагат да шып ордунан тура даярдап койгон чакан сумкасына бир эки керектоосун алып, керебетин бироо жаткандай кылып ондоду да терезени ачып, уйго кийчу бут кийиминин бирин жерге ыргытып бирин сумкага салып койду. Арадан бир сааттай убакыт отуп, эшик акырын ачылып Саид баш бакты. Экоо буттарынын учу менен жер толого тушуп кундузу Саид ачып даярдап койгон эшике келишти. Бул гараж уйдун арт тарабында болгондуктан, эч ким деле бул жак менен чыкчу эмес.
- Карагат, ушул жол менен чыксан бакча анан тар кочого туш келесин. Томон жак эмес, жогору карай бас. Биринчи аялдамага барып олтур, Чечек ошол жерден сени алып кетет. Калганын дагы кенешебиз.
-Саид ага...
Чын эле коркуп туруптур, колдорун билинбес майда калтырак басып, ыйламсырап кетти.
-Бул акыркы мумкунчулук. Дагы кабар аламын. Кызым сак бол, жан адамдын козуно урунбай кет.
-Рахмат сизге!
Карагат мойнунан кучактап алды. Кыздын чачатарынан сылаган Саид:
-Бара гой, убакыт тар.
Эшиктен чыгып,  капкарангы тундой белгисиз болгон алдыны коздой шашып бараткан кыздын журогундо мин туркун кумон, санаа чарасыздык анан окунуу жаткан. Аймончокту куткара албай калганына кейип, Саид аганын кылган жакшылыга ыраазы боло чуркап баратты. Алдыда озун кандай кундор, кандай тагдыр кутуп турганы табышмак...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   sumaya   13 Июнь 2020 - 23:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 235
  • Катталган: 26 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 23 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Дагы жазчы сураныч,кооп ))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   14 Июнь 2020 - 22:45

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Танкы саат 06:00 Стамбулга конгон учактан Тилек тушту. Чакан рюкзагын асынып башына кепканы бастыра кийген Тилек алгач мейманканага жоноду. Жуунуп, тамактанган сон элчиликке, андан сон алар менен бирге иштоого буйрук алган полиция болумуно келди. Болумго кирип келгенде, ал жерде иштегендер анча тоготпой, ким дегенсип тенине алышпады. "Мигрант кызды издеп келиптир" - дегенди угушканда ачык эле шылдындаганга отушту. "ушунча чон Туркиядан тапмак беле? Анын устуно дайыны да жок." - дешип кол шилтеп коюшту. А Тилек болсо алардын кулгонуно, шылдынына да маани берген жок.

          Арадан 1 ай убакыт отуп кетти, Карагаттан бир дайын жок. Кудум жерге тушуп кеткендей. "Кантип? Кантип аны жоготуп жиберишим мумкун?" Стамбулдун ар бир кыймылынан кабардар болуп турган Мурад эки колун жазып айласыз калганына ого бетер арданып, болгон кучун кол алдында иштегендерден чыгарып жатты. Озун ушунчалык кучтуу, колунан баары келчу женилбестей  элестетип  алган экен. Карасан, каратып туруп жонокой эле мигрант кыз качып кетпедиби? Болгондо да бут сырын билип, курсагына баласын которуп качканын. "Кайда бармак? Же бир таанышы болбогон сон. Акыры бир жерден дайыны чыгат да, жада калса паспорту да менде"- деп озун жооткотуп бир аз тынч ала тушкону менен конулу тынчыбай койду. Бир айдан бери авиакаттамдар, жолдор, чек ара текшерилип жатса да дайыны билинбеген сон кайра тупойул ойго кептелип санаа басты. Атугул ар бир чалууга кулак тошоп, "балким бир жерге арызданып жибердиби?" - деген кумондо озунун колокосунон да коркуп олтурганы кулкулуу. Албетте полиция болумундо тааныштары бар, кандай маалымат тушсо да дароо кабар беришет. Бирок ошону менен бирге Мурадтын артынан андып, жок кылууга кымындай  эле далил же бир  илинчек издеп, аны талкалап салууну кутуп жургон тымызын душмандары толо эмеспи? Карагаттын ошол душмандарынын колуна тушуп калбайт деп ким кепилдик бере алат? Анан калса алары ботон бироо эмес, оз чойросундо эле болушу толук мумкун! Ушуларды ойлогондо Мурад ордунан ийне сайгандай атып туруп, колдору калчылдап же кылаар айласын таппай тутанып кетет. Мына азыр да кабинетте бир баскан жерин мин басып, бирде креслого барып олтура калса, обдула туруп кайра терезе тубуно келип сыртты карап, тамекини тутанта толук тартпастан аны да очуруп капаска тушкон чымчыктай тыбырчылап жатты. Клиникага барып баарын тызылдата чуркатып бутуна тургузганы менен эч кандай пайда чыкпады. Карагат жонундо эч кандай толук маалымат жок болуп чыкты.

Тилек бул учурда кундогудой элчиликтен чыгып жол боюндагы олтургучка жаны эле келип олтурганда чырылдаган аялдын уну чыкты.
-Жардамгаа сумкамды ала качышты?!
Ун чыккан тарапты караса жаш эле оспурум бала аялдын сумкасын жула качып баратат. Дароо эле артынан тушо чуркап жетип тартып алды. Кайра кайтып келсе жанагы аял кейип кепчип олтурган экен. Тилек келип сумкасын сунганда кубанганын айтпа.
-Оо кудай ыраазымын. Акча деле жок, документим менен телефон болчу да, - деген Чечекти коруп Тилек кулуп алды. Уч, торт жолу ушул элчиликтин айланасында жургонун байкаган болчу.
-Рахмат балам.
-Эч нерсе эмес, - деген бул жигитти карап эмнегедир Чечек сурагысы келип кетти.
-Биздикилерден эмессин го э?
-Ооба, кыргызмын. Атым Тилек.
Кыргыз дегенди укканда журогу жылый ойлоно калды.
-Кыргызмын дечи, силердин элинерди озгочо сыйлаймын. Бул жерде иштейсинби? - деди башы менен элчиликти корсотуп.
-Жоок, башка жумуштар менен келгем.
-Аа, - деген Чечек Карагат жонундо айтайын деп барып токтоду.
- Аа озунуз? Бул жакта коп журосуз, жакын арада иштейсиз го?
-Менби? Мен... - деп барып акыры баарын айтууну эп корду. "Кантсе да кыргыз, мекендеши го жардам берер" - деген ой кетти.
-Тилек, мага жардам керек. Жок тагыраагы бир кыргыз кызына.
Тилектин журогу солк этти. Кантип эле? Аймончокту таап алдыбы?
-Ии, - деп жиберди шашып.
Чечек айтышы айтып алып кайра кооптоно туруп калды."Азыр мени кошуп суйроп кетсе не болом?" - деген коркунуч мээсин жарып отту.  Анын коркуп турганын дароо тушунгон Тилек чоочутуп албайын деп акырын суйлогонго отту.
-Коркпонуз, мен бул жерде иштебеймин. Созум чын.
Качан гана алдындагы жигиттин коздоруно тигиле карап калп айтып жатпаганына козу жеткенде Карагат жонундо айтып берди.
-Азыр кайда?
-Алыста айылга жибергем. Бул жак кооптуу да,-деген Чечек элчиликти карап улутунуп алды.

          Куугум талашта короого кирип келген машинадан алгач Чечек тушту.
-Карагат кайда? - тушуп эле берген суроосу ушул болду. Эшик алдындагы чакан столдо Бурак менен апасы жаны гана тамактанууга олтурушкан экен.
-Уйдо, - деди Бурак машинада олтураган бейтааныш адамдан козун албай.
-Тилек туш.
Ангыча машинанын унун уккан Карагат да сыртка чыкты.
-Чечек эже?
Тим эле бук болуп кеткен экен, апасын коргондой кубанып кучактап алды.
-Саламатсызбы? - деген ундон жалт караган Карагат  озунон анча алыс эмес аралыкта турган бул жигитти коруп  коздору чоноюп кетти. Тилек атайы кыргыз тилинде суйлогон болчу.
-Атым Тилек, - колун сунуп жакын келген жигиттин козуно кыздын капкара коздору урунду. Ушунчалык сулуу коздор, карагаттай молтуроп турат!
-Карагат, - деди кыз козун ала качып жерди тиктеп.
Качан кыз тиктеп турган оттуу коздорун тартып алганда гана озуно келе жигит да коздорун ала качты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   14 Июнь 2020 - 22:50

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
    Бак тубундо оз ангемесин дагы бир сыйра козуно жаш алып айтып берген Карагат улутунуп алды.
-Менимче мага эч ким жардам бере албайт. Бул шаардан, Мурадтан кутулуп кете албасам керек.
-Канчадасын?
Капыстан берилген бул суроого тан кала коздорун ирмеп алган Карагат акырын унчукту.
-21 де.
-Мен 29 дамын.
Тилек кулуп койду. Негедир кулгону жагымдуу корунду кызга. Же оз жерине, элине кусасы артып турган учун балким журогуно жакын сезилди бекен? Качанкы Айбеги олгондо кошо олгон журогу бугун биринчи жолу, жанында олтурган бул жигиттин жылмаюсун коргондо адаттан тыш туйлап алды.
-Сиз эмнеге бул жака келдиниз?
-Билесинби Карагат, акыркы жылдары  биздин олкодон бул шаарга келгендер аябай коп. Башка олколорго иштоого чыгып жаткан жарандарыбыздын, айрыкча жаш келин кыздардын басымдуу болугу Туркияга келип жатышат. Бул биздин эле олкодо десем, коншу мамлекеттерде да ушундай корсоткуч. Ошентип кеткен бир кызды издеп.
-Суйгонунузбу? - деди кыз капыстан.
-А жоок, жок. Энеси биздин болумго арыз менен кайрылып, "дайынсыз кетти" - деп анан турк тилин билгендиктен кызмат менен келдим.
-Андай келгендер коп, кайдан тапмаксыз?
-Ооба, баары эле ушул созду айтышат. Балким бир илинчек таап калармын. Акыркы маалыматтарга караганда Сахиб азыр Туркияда.
Тилек бул создорду акырын озунчо суйлоду.
-Ким? Сахиб дейсизби?
-Ооба, бир жерден уктунбу бул ысымды?
-Аймончок, менимче Сахиб деген болчу.
-Ким? Аймончок дейсинби?
Тилек уккан кулагына ишене албай турду.
-Ооба Аймончок. Жанагы мен жертолодон суйлошкон кыз.
Шашылган Тилек дароо сумкасындагы папкадан Аймончоктун суротун алып чыкты.
-Бул кызбы?
Суротто бажырайып кулуп турган кызды дароо тааныды Карагат.
-Ооба дал ушул. Балким олтуруп жибериштиби, - кыздын коздоруно жашылдана тушту.
-Карагат эстеп корчу, дагы эмне деди Сахиб жонундо.
Тилек азыр ушул маалыматты коюп жиберсе такыр эле Сахибти жоготуп алчудай чыйпылыктап жиберди.
-Билбедим, ал мага "элчиликке эч качан барба, Мурад менен Сахибтин адамдары бардык жерде коюлган" - деди.
-Демек Мурад, Сахиб менен тааныш. Жада калса шерик болушу мумкун.
Карагат колундагы Аймончоктун суротуно тигилип олтуруп анын коздорун эстеди. Азыркы суроттогудой кулуп эмес, жашка толуп айласыз турган коздорун. Бир убакта бир нерсе эсине тушкондой дагы жакшылап суротко тигилди.
-Мен, мен эстедим, - деп жиберди.
-Эмне?
-Мен мурун да коргом Аймончокту. Алгач Туркияга келгенимде Айгул эже уйуно алып барган, ошондо терезеден мени карап турган кызды коргом.
Дароо ошол куну экинчи кабатта озун жаштуу коздору менен тигилип турган кыз коз алдына тартыла тушту. Анда да айласыз карап, "жардам бергиле" - дегенсип жалдырап турган.
-Айгул эже?
-Ооба ал да сойку болуп иштейт экен... - деди Карагат башын жерге салып тартына.
-Таак, демек сен Аймончокту ал жактан да корсон, анда Мурадтын ошол жактагыларды да карайт экен да.
-Азаматсын!
Тилек кутуусуз Карагатты кучактап алды. Ал азыр коп жылдар бою артынан кууп тушкон Сахибтин куйругун кармаган болчу. Жетине албай кубанганынан кантип жанындагы кызды кучактап алганын байкабай калды.
-Кечиресин.. . Мен кубанып байкабай.
Жузу кызарып албырып кетти кыздын. Карангыда айдын нуруна коздору чагылыша аппак жузу нурданып ого бетер сулуу корунду.
"Аябай сулуу экен" - деп суктанып алды жигит.
-Мен анда Мурадты андып, артынан тушуум керек экен.
-Ал мумкун эмес да. - деди Карагат.
-Ал дайым жан сакчылар менен журот. Уйу да дайым кучотулгон кайтарууда. Айрыкча мен качкандан сон такыр эле сак болуп калгандыр.
-Мм ооба.
Тилек кандай жол менен болсо да Мурад аркылуу Сахибти кармоону пландоо керек деп ойлоп жатты. Карагат айтып берген маалымат эн эле баалуу болчу.
-Тилек байке, Мурадтын уйундо да кыргыз байке иштейт, - деди кыз Саидти эстеп.
-Бирок ал бизге жардам береби билбейм. Мени ошол качырды ал уйдон.
-Эн сонун! Кантип баш тартсын жардамдан?
Суйлошуу керек, - деген Тилектин конулу которуло тушту.
-Экоон чер жазышып алдынарбы, кана жургуло эми уйго, - деген Чечектин унунон экоо бирин-бири карап жылмая ордуларынан козголушту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   15 Июнь 2020 - 00:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Эртеси куну эле Тилек Карагат айткан дарек менен Айгулду издеп жоноду. Шаардын борборунан бир аз алыста экен. Тар кочолордогу корксуз тамдарды аралап жатып аран тапты. Торт кабаттуу уйго жакын келгенде сыртында эле 3 кыз туруптур. Тилекти коро коздору сузулуп бири жакын келип суйлоду.
-Ичкериге киребизби?
-Айгулду издеп келдим.
Азыр эле мышыктай болуп созулуп озуно суйколуп жаткан кыз заматта озгоро ары басты.
-Биринчи кабат, коридордун сонундагы он жактагы эшик.
Ичкери кирип баратканда жанагы кыз дагы кыйкырды.
-Азыр бош эмес, клиент бар, - деди да чогулуп турган кыздар менен шарактап кулуп алышты.
-Кааласан биз менен конул ачсан деле болот.
Ооздоруна сагыз салып шынкылдаган кыздарды жаман козу менен карап алды да, уйдон бир аз алыста турган олтургучка келип олтурду. Бир сааттан ашык убакыт откондо гана ичкериден чыгып кеткен эркек кишинин артынан Айгул чыкты. Эшик оозундагы тамеки тартып олтурган кыздар бир нерселерди суйлошуп Тилек тарапты колдору менен корсотушту. Айгул жакын келе жатканын коруп Тилек ордунан тура калып:
-Саламатсызбы Айгул эже? - деди кыргыз тилинде.
-Саламатчылык, - деген Айгулдун коздорундо тан калуу бар эле.
-Эже мен Карагаттан сиз жонундо билип келдим. Кененирек суйлошуп алсак болобу?
-Макул, - деген Айгул жигитти болмосуно баштап баратты.
-Эже балким башка жактан, - деп келе жаткан Тилекти бир карап алды да ичкери кирип кетти. Башын жерге сала озун ынгайсыз сезген Тилек да артынан кирууго аргасыз болду.
-Кел олтур, - деген Айгул стулду коргозду да озу керебетке олтурду.
-Мен...тиги
Созду эмнеден баштоону билбей буйдалып турган жигитти карап Айгул:
-Карагат тынчпы? - дей салды.
-Ооба ал тынч. Бирок жардам керек. Бул ото эле узун чырмалышкан окуя экен.
-Олуттуу маселеде келгенинди билдим, ошондуктан сени болмого киргиздим. Болбосо тигилер эртен эле кожоюндарга сайрап берет.
-Эже бул жерге кантип келип калдыныз?
-Ээ иним, башымдан откоргон кундорумду айтпай эле койгонум дурус. Ушул жолдо жыргагандан журот дейсинби? Алданып келдим. Фирма "бала кароо, уй кызматчы сыяктуу жумуш таап беребиз" - деп анан мынтип,-деп созунун акырына жетпей кол шилтеп койду.
-Кожоюн ким экенин билесизби?
-Кайдан бизге айтмак беле? Бирок аябай белгилуу бир чиновник жургузот деп калышат. Бул жерде мага окшоп тагдырына моюн сунуп эч жака качпай калгандарбыз. Бизден кам санашпайт. Ал эми жаш кыздарды, башка жакта кармайт дешет. Бул жерде кыргыздан озум эле, калганы бут башка улут. Озбеги, казагы, орус, атугул турктору да бар.
Тилек Айгул эже менен суйлошуп кеч киргенге чейин олтурду да айлананы карангы каптап калганда уйдон экоо тен чыгып кетишти.
        
Жолубуздан жолуккан, жашообузга аралашкан ар бир адамды кудай бизге жон жерден кезиктирип койбойт экен. Болбосо ушунча чон шаардан Чечек менен Тилектин кезигип калганы жон эле дал келуу же кокустук эмес да. Анан да Карагаттын да Карадаг уй-булоосуно аралашуусу, ал жерден Саид менен таанышып, Аймончокту коруп калуусу да жон гана кесилиш эмес чыгаар. Мунун артында да чон жанылык же жакшылык жаткандыр. Айтор  Жараткан бизди кандай жолго салып, кандай сыноо бербесин баары жакшылык учун экени белгилуу. Болгону ошол жакшылыкты коро билуу же болбосо ага жетуу учун сабыр кылып туруу керек окшобойбу. Тилек Айгулду Карагаттын жанына алып келди. Чечек телефон аркылуу Саид менен байланышып анын жардам берууго кондургонун айтты. Эми калган ишти абдан ойлонуп пландоо керектелет. Кайжагынан баштап, кантип жол тутаарын тушунбой башы катып турду Тилектин. Анан полицияда иштеген турк досу Метинди эстеп ошол менен байланышып жолугууну белгиледи.
-Оо менин кыргыз досум, арстаным!
Кучагын жая кулуп келе жаткан досун коруп ордунан козголду Тилек.
-Метин амансынбы?
Полиция болумуно келип, териштируу иштерин жургузуп жатканда баары "биз ушундай кучтуу болуп таппаган мафиозду, кайдагы бир кыргыз жигит келип кармап берет беле?" - деп тенине албай коюшкан. Ошондо жалгыз ушул досу ишенип, колдоо корсотуп келе жатат. Кыргызстанда журуп, Сахиб жонундо маалымат чогултуп баштаганда да дал ушул Метин жардам кылган. Атугул "кел, озум да кошо жан дилим менен жардам берем"-деген эле.
-Метин иштин учугун таптым. Бирок бул биз ойлогондон да кооптуу. Мурад Карадаг да аралашкан.
-Эмне? Ушул Стамбул магнаты Мурад Карадагты айтып жатасынбы? - Метин ишенбегендей кашын которо унун пас чыгарып суйлоду.
-Ооба дал озу, силердин магнатынар Мурад Карадаг!
-Далил барбы?
-Кептин баары ушунда болуп жатпайбы? Мендеги далил тируу адам. Болгону Мурадтын уйун тинтууго же аны колго алуу учун ордер ала албайбыз. Билесинби эн негизгиси "тируу товар" жургузгон Сахиб дал ушул Мурад менен шерик.
-Бирок аны далилдоо, колго алуу онойго турбасын тушундун да.
-Ошондуктан сага кенешууго келбедимби? Бир точкасын билдим, демек калган маалыматты деле тапса болот. Болгону алар шек алып калбагыдай болуш керек. Озун деле билесин полиция болумундо толо анын тынчылары, эгер ачык эле ордер сурасак дароо Мурад изин жашырып жок болот.
-Мунун туура, башка варианттарын да карап коруу керек. Мендеги вариантты билесин, жигиттерим да даяр.
-Ооба Метин, биз Мурадты кузотуп, анан Сахиб менен жолугушуу учурунда колго тушуруу керек. Болгону батыраак, убакыт ото тар...
Тилек ушул жерде Карагатты ойлоду. Анткени ай куну жакындап калгандыктан санаркап жатышат. Мурадты кармабай туруп Карагатты ооруканага алып баруу ото кооптуу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   aldap-saya   15 Июнь 2020 - 09:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 38 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 38, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 05:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: