Суперстан: Биз экообуз... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Биз экообуз...

#21 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Июнь 2020 - 20:41

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (20 Июнь 2020 - 20:15) жазган:

Автор купуяны карап койчу

Ватсапптан жаздым сизге))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Июнь 2020 - 20:42

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Арман баш алып кетти. Бир тоголок кат таштабай, эки ооз соз айтпай кетти. Анткени ушуну туура корду. Айтканда деле эмне озгормок? Кыздын дуйносун уратканы эле калат.
Жаны шаар, жаны жашоо. Мунозу кайра тунт тартып мурунку абалына тушту. Эч ким менен суйлошпойт, сырдашпайт. Болгон ою менен убактысы окуу анан жумушунда. Окшош кундор менен мезгилдер алмашып, убакыт жылып жатты. Ошондой кундордун биринде илимий бир конференциядан Баян менен таанышкан. Эмнегедир журогуно жакын алып тартылды. Балким Айгеримге окшош кандайдыр бир сапаттары болгон учун болсо керек. Адам менен жан дуйноно чейин кирип суйлошо алганы анан бейпилдик,  тынчтык тартуулай алганы менен озгочо корунгондур. Балким кесиби психолог болгонго ал ушундай жандыр. Деги ким билсин, Арман ал кыз менен сааттап суйлошоор эле. Кызыгы суйлошуп болгондон сон кадимкидей женил болуп, айланага коз жугуртуп кайрадан жашоону суйо баштайт. Адам бироо менен сырдашып суйлошсо ушундай женилдейби же муну жалгыз Баяндан гана коро алдыбы, мурун эч кимге суйлобогон Арманга бул  белгисиз.  Баянга баарын токпой айтып бере алат, жана ошол эле учурда андан колдоо да куто алаар эле. Мумкун Арманга ушундай адам керек болгондур. Жашоосун башка нукка буруп, коз карашын озгорто алган. Арман экинчи ирет торолгондой болду. Баарын, баарын унутуп жашоо баштады. Анткени менен Айгерим анын журогуно кирип жашап алып, каны менен тамырларын айланып, керек болсо клеткаларына чейин синип кетиптир. Чыгарууга болбоду. Эсинде бир жолу Баяндан сураганы.
-Баян айтсан, мени гипнозго салып мээмдеги эскеруулорду очуро аласынбы?
-Тентексин, - деп каткыра кулгон кыз.
-Сен озун муну каалабайсын Арман. Мен эмес эн кучтуу психолог келип гипнозго салса да бул нерселеринди очуро албайт. Анткени сен мына бул жерден кое бербейсин.
Баян Армандын журок тушун колу менен кармады.
-Тилин менен  айтып, балким  акылын менен каалап жаткандырсын. Бирок жандуйнон, журогун ага жол койбойт.
Арман баш чайкады.
-Демек менин жолум жок экен да.
-Арман сен эгер унутууну каалаганында тиги чонтогуно салып жургон суротту ыргытуудан баштайт элен.
Арман башка соз айтпады. Жон гана мандайында кулуп турган жубайына карап олтурду. Эч кимде жок айколдук, жубайында жашайт. Дагы кандай атоого болот? Чонтогуно ботон аялдын суротун салып, озуно таандык куйоосунун журогундо башка бироонун жашап жатканын билип деле унчукпаса. Кээде Арман Айгеримди сагынганын ачык эле айтып салчу.  Аны сагынганда эч жерге батпай мынабу турган дуйно буга тардык кыла туталанып кетет. Анан ар дайым Айгеримди сагынганда жолго, же кок шиберге чалкасынан жатып, кокту тиктей берет. Булуттарды, кунду. Кээде тун ортосунда туруп деле эшике чыгып короодо жата берчу. Жамгыр жааганда, же кышында кардын жаап жатканын тамаша кылып жаткандан ырахат алат. Кудум Айгерим да алыста буга окшоп чалкасынан адатынча коздорун жумуп жаткандай. Кийин  озунун кызы Айгерим кошулду. Ооба кыздуу болгонунда Баяндын сунушу менен Айгерим деген ысым коюшкан. Кызы экоо кошулуп, жамгырда суу болуп жата калышчу.

Эмне кылаарын билбей олтурган Арман телефонду алып бироого чалды.
-Баян, келчи сен да. Мен кыйналдым.
-Энем жакшыбы Арман?
-Айгешаны да ала кел, бул жакта жардам керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Июнь 2020 - 21:51

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Эртеси куну кайрадан ооруканага барды. Алгач эле Айгерим жаткан палатага баш бакты. Озун куткондой керебетине даярданып олтуруптур.
-Эмнеге кече кирбей кеттин?
Арман тан калды. Эч нерсе болбогондой озун карап турган Айгеримди карап турду. Колу менен жанын "кел" - дегендей корсотуп койду. Арыктап, кичинерип кетиптир. Бир гана коздору ошол бойдон. Суйуу менен камкор тиктегени озгорбоптур. Анан мээримдуу чыккан жумшак конур уну. Жылдар анын бул сапатын жууп кетире албагандай.
-Мен... Сен билдинби келгенимди?
-Ооба, атугул даярданып кутком. Казахстандан мыкты хирург Сейитов Арман Бекенович келет  имиш десе анан...
Экоо тен кулуп жиберишти.
-Сен жонундо коптон бери билемин Арман. Ар бир ийгилигин жонундо уккам, кабарым бар. Кубанат болчум. Откон бул жылдар бою мен сенин жанында, сен менен жашадым. Кантип, кимден дейсинби? Ал мааниге ээ эмес.
-Айгерим мени кечир.
-Жок, сен эч нерсе кылган жоксун. Мен сенден капа эмесмин.
-Айтчы эмне мынча кеч келдин ооруканага? Ушунча откоруп жибердинби?
Кыз ууртунда жылмайып суйлоп жатты.
-Сен кеткенде мен капа болдум. Бир ооз соз айтпай кеткенин учун. Мамам себебин тушундурмокчу болду. Бирок укпай койдум. Айтпа дедим. Соолуп канча жатканымды деле билбеймин. Сенден кийин ыр да жазбай койдум. Таштап салдым. Анткени мен ырларды сен учун жаратат элем. Бирок кыймылдоо керек да. Окууга тапшырдым. Чет тилдер болумуно. Кыйратып деле окубадым. Жашоом тусун жоготуп алгандай. Эч нерсенин даамы чыкпай койду. Мамамдар Дастан менен тааныштырып турмушка чыктым. Жолдошум жакшы адам, бир кызыбыз бар. Ошол кызыма кош бойлуу экенимде туубаса бир бойрогум жок экенин айтышты. Андан сон торой албадым. Кудай мынтип эрте жанымды аларын билгени учун болсо керек, дагы кайра бала бербеди. Кийин кантип жалгыз бойрогумду оорутуп алганымды билбейм. Билгенимде кеч болду. Анда деле баарына айтып кыйнагым келген жок. Акыры жыгылып калганымда алып келишти. Мамамдын таап алган созу, жамгыр сууга карабай жолго жата калып, ошондон болду деп кейип жатат. Бирок андай эмес да...
-Айгерим, мен...
Армандын коздорундогу тамчылап жаткан жашты колу менен суртту.
-Экообуздун апабыз бир болгону менен, биздин сезим башкача.
-Сен билдинби?
-Ооба мага бир куну электрондук почтама кат келип тушту. Жубайын Баян экен. Сен жонундо андан угуп турчумун. Ал мага баарын тушундуруп айтты. Мамамды да куноолой албадым. Ичимде гана сактадым бул сырды, сага окшоп.
-Баян.
-Ооба, жубайын дуйнодогу эн жакшы аял. Кичинекей Айгерим жонундо да билемин. Силердин жамгырда суу болуп жолдо жатканынарды да билемин. Бир гана Баянга оорум жонундо айтпадым...
Экоо сааттап суйлошуп олтурушту. Эмнелер айтылып эмнелер суйлонбоду.   Айгеримдин бир убактары капкара болуп, кулпуруп турган чачын алып салышыптыр.   Кеч киргенде гана озу уколун жасап, Айгерим уктаганда гана чыгып кетти.

-Турдалиеваны жакынкы кундорго операцияга даярдоо керек.
-Арман Бекенович!   Донору жок али.
-Донорбу? Мына мен болом ага донор.
-Макул, бирок организми ото алсыз. Алыс жолго чыга албайт. Арман Бекенович жетпейт.
-Организмин да которобуз, кан куябыз, мен берем. Бут каражатын толоймун.
-Озунуз окудунуз картасын, кечигип калдык...
-Жоок?! Ал жашайт!
Арман,  оз ишинин мыктысы, хирург, медицинаны суу кылып ичкен доктор Айгеримге кеч болуп калганын билбеди дейсинби? Жок коруп турса да, сезип турса тан албай жатты. "Ал жашайт!" - деп сыртына чыгарып да ичинен да кайталап жатты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Июнь 2020 - 21:56

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Биз экообуз...
Сен жана мен биз экообуз,
Суйуубуз бир, бирок башка булообуз.
Кыялдарда, жомоктордо бир болуп,
А жашоодо эки жолдо журобуз.

Сен жана мен, ай менен кун сынары,
Жаралып жуп, бир карыбас сапары.
Бир бакытты тапкан менен кечиктик,
Экообуз тен эки уйдун чырагы.

Сен жана мен, окшоп жерге асманга,
Алыстык бар арабызда эхх канча.
Сен жана мен болуп дениз жээктей,
Энсообуз бир, тагдырыбыз ар башка...
     
           Палатага кирген Арман, бош керебеттин устундо жаткан барактагы ырды окуду. Баян менен кызы келип, бир кун келе албай калган эле. Айгерим чыгып кетиптир. Бугун Баянды ээрчитип кирип келип мынтип таппай калышты. Уйунун дарегин деле билбейт экен. Шалдырап керебетке олтура кетти. Колундагы кагазда жазылган ырды кайра кайра окуп жатты.
-Арман Бекенович!
-Эмнеге кетирдинер?
Палатага кирген медайымга кыйкырды.
-Озу баш тартты. Туугандары уйго алып кетебиз деп конбой...
Андан ары созун уккан да жок Арман.
Ооруканадагы картасындагы дарек боюнча издеп келишти. Баары ушул жерде экен. Ыйлап жургон Айым Арманды коруп чоочуп кетти.
-Сен кайдан?
-Айгерим кайда?
Жооп кутпостон эле торку болмого отуп, кынкыстап ун чыгара аран дем алып жаткан кызга жетти.
-Айгерим?
Алка шалка терге тушуп онтоп жаткан кыз, кургап кеткен эриндерин булк эттире жылмайды.
-Карачы кимди алып келдим? Баян сени коргону келди, эмне чыгып кеттин? Азыр мен...
Арман шашыла ала келген уколду даярдап жатты. Эми гана кыздын колуна сайарда Айгерим токтотту. Алсыз башын чайкады.
Ушул маалда эшикте дыбырап жамгыр тогуп баштаган эле.
-Эшике алып чык.
Эринин алсыз кыбыратып ушуларды айтты. Арман дароо кызды так которо короого алып жоноду. Ызылдап жаткан адамдарды, Айгеримдин жолдошун Баян токтотту.  Апакай узун койногунун женинен арык ичке колдорун чыгарып Армандын мойнуна илди. Дароо короонун бакчасына алып чыгып кызды жапжашыл шиберге жаткыра озу да чалкалай жанына катар жатты. Жамгыр улам кучоп ношорлоп тогуп жатты. Экоо ун созсуз жуздорун жамгырга тосуп жата беришти. Армандын коз алдына Айгеримдин алгач ирет коргону келди. Кызды карады.  Нурдуу болгон  аппак жузу, кырдач мурду, узун болуп кайрылган кирпиктери титиреп жатат. Армандын колун катуу кармап бирдемкелерди суйлоп жатты.

Ношорлоп жамгыр токсо,
Кулкумду ук добушунан.
Озум болсо булуттарга,
Жашынып карап турам.
Дирилдеген эрини токтоп, жумулган коздорун кайра ачпады. Бышык кармап турган колдорун акырын гана кое берип башы бир жака шылк дей тушту. Арман унсуз жатты. Жаап жаткан жамгырга кошулуп коз жашы куюлуп. Озу да ушул жамгыр менен жерге синип жок болуп кеткиси келип турду.
-Жоок! Ааааа?!
Качан  ал кыйкырганда гана жанатан экоону кузотуп тургандар чуркап келишти. Кыздын жансыз денесин уйго алып кирип кетишип, Арман турбай калды. Ошол калыбында жата берди. Баян келип чоголой олтура колунан жолоп жатканда ордунан козголду.

Кыыйч, кыыйч, кыыйч...
Ошол сейил бактагы ошол селкинчек. Арман менен кызы Айгерим олтурушат. Бир убакта кызы эки колун жазып, башын артка чалкалата эки бутун алдыга созуп куулонуп баштады. Экиге орулгон чачтары желге учуп, ансайын кыткылыктап кулот.
-Паапа
-Оов
-Карачы тиги булутту?
-Эмнеге окшоттун?
-Коенго...

Экоонун сезими башкача болчу. Алардын ортосунда бир туугандыктан да, суйуудон да кучтуу, озгочо сезим жашайт. Козго корунбос, узулбос жиптер менен бири-бирине туболук байланышкан.
Аягы....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   nurzash09   20 Июнь 2020 - 23:36

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Бир дем менее, ыйлап окуп бутурдум.
Рахмаат сизге чоон,калеминиз курчуй берсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   jindirak   21 Июнь 2020 - 00:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Рахмат автор жаным дагыда жаны чыгармалардан кутобуз.

Суроо: берки чыгарманын Экинчи болугу качан чыгат малымат бере кетсен.

Кутом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   21 Июнь 2020 - 00:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (21 Июнь 2020 - 00:01) жазган:

Рахмат автор жаным дагыда жаны чыгармалардан кутобуз.

Суроо: берки чыгарманын Экинчи болугу качан чыгат малымат бере кетсен.

Кутом.

Рахмат жаным))

Ал чыгарма жазылып жатат, жакынкы кундору чыгып калат, буйрусааа...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   ShaKe11   21 Июнь 2020 - 01:33

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Купуяга неге жооп бербейсин..?
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Altynbekova.01   02 Ноябрь 2020 - 16:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 245
  • Катталган: 14 Январь 15
  • Соңку аракети: 09 Авг 2024 14:34

Рахмат чоон. Колунарга береке.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 18:26

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: