Суперстан: Кан жыттанган бакыт... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кан жыттанган бакыт...

#101 Пользователь офлайн   jindirak   28 Июнь 2020 - 17:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Автор уландысын качан окуйм дагын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#102 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   28 Июнь 2020 - 18:24

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

jindirak (27 Июнь 2020 - 23:50) жазган:

Автор бу чыгармалар озунун калеминен жазтасынбы

Ооба озумдун калемимден жазып жатамын)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#103 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   29 Июнь 2020 - 15:25

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Ооруканага жетип келген Талгат, кайра жандандыруу болумунун алдында турду. "Кандайча журогу кармап калат? Мен коргонумдо бир жакшы болчу!" - деген ойлор мээсинде айланып, колдору менен ээгин кармалап басып журду. Ичкериден чыккан дарыгер Талгатты чакырды. Тийтилдеген аппаратка уланып купкуу болуп жаткан атасынын колдорун кармап жанына олтурду.
-Султанаалы Борубаевич. ..
Жанында турган врачтын козунчо ата дей албады. Султанаалы алсыз колдорун которуп врачка карады.
-Талгат Бейсинбеков, копко кармалбаныз, - деген врач экоону жалгыз калтырып чыгып кетти.
-Уулум, - деди энтигип.
-Ата, жакшы болот баары.
-Ханайым, Бишкекте.
-Эмне? Сага келдиби? Качан?
-Кече келген. Садагам чоноюптур.
-Эми менин конулум тынч балам, сен да тынч...
Создорун толук айта албай узул-кесил суйлоп жотолуп баштады эле, уланып жаткан аппараттын уну катуулап сырттан врач кирип келди.
-Чыгыныз, болду.
Сыртка чыгып тенселе тушкон Талгат дубалды сойоно калды. Ичкери дагы тапырап 4, 5 врач кирип кетишти. Арадан жарым саат убакыт отуп, Султанаалы узулуп кетти. Бир кездери олкого таанымал миллионер Султанаалы Борубаевич журогу кармап каза болду. Бул маалымат тараар замат саясатта да, кримдуйно ичинде да бир дурболон боло тушту. Аны жерге беруу зыйнатына алыс туугандары менен Талгат Бейсинбеков гана катышты. Талгат ата деп ыйлай албады, жон гана бир убактары шериктеш болуп иш алып барган жакын адамы гана болуп турду.

  Эрте менен  устаканасында сурот тартып олтурган Аяра эшик оозунда озун карап турган Алмазды корду.
-Папа,
-Соонун кызым.
-Тиги айылда кордум, кундун батканы.
-Аяра.
Жанына жакын келип кызынын боек шыбалган жузунон сылады.
-Султанаалы Борубаевич каза болуптур.
Аяранын колундагы боектору жерге тушту.
-Атам! Кантип?
- Журогу кармап дешти.
-Мен, мен барышым керек паап!
-Билесин го Аяра сени жибере албайм!
-Атттаааа?!
Ыйлап жатты кызы коз жашы жамгырдай тогулуп, албуутана ыйлап жатты. Кече эле мээрим менен озун карап узатпады беле? Окунуп кетти. Эртерек жанына келип, кобуроок жанында болбогонуна.
       Кундор биринин артынан бири кубалашып ото берди. Аяра сурот да тартпай, озу менен озу тунжурап олтуруп калды. Акыркы кундору откондогу бала кезин, атасын Жибекти коп ойлончу болду. Мойнундагы атасы кичинесинде белек кылган чынжырчаны кармалап терезеди ойлуу олтурган. Телефонго келип тушкон билдирууну окуп конулсуз жылмайды.

Жаны окуу жылы башталып, окууларына кайтып келген студенттерден шаар кайра жандана тушконсуду. Аяра да шагыраган балдар кыздар менен аралашып, окуу жай мугалимдер менен таанышып студенттик кундордун таттуу мезгили башталды. "Сулуу сени кутуп турамын!" - деген жазуу менен жылмайган быйтыкчаны окуп шашып сыртка жоноду. Университеттин алдында колуна бажырайган гул алып Асхат турган экен.
-Салам!
-Кандайсын?
-Жакшы, качан келдин?
-Кече, бул гулдор сага.
Колундагы ар кандай гулдордон жасалган букетти кызга кармата салды.
-Сонун, жыты да укмуш!
Аяра коздорун жумуп гулдорду ырахаттана жыттап алды.
-Озубуздун бакчадан.
-Айылдан алып келдинби?
-Ооба, атайын сага деп.
Катарлаш баскан экоо дагы узун маеке кирип баратышты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#104 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   29 Июнь 2020 - 15:26

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Жылдыз да тогуздун базасы менен окууга откон. Мектептен он бирди бутпой так секире окууга тапшырам дегенин себеби да Асхат болчу. Жылдыз да кудум Нурперидей суротту мыкты тартат. Анын бирден бир кыялы олкого деги эле дуйного белгилуу, дизайнер болуу. Анан албетте жанында Асхатты корот. Озунчо кийимдердин эскиздерин да ойлоп таап сызып кала турган. Бир жолу Асхат экоо кол жээгинде сурот тартып олтурушканда жигит сунуштаган болчу. "Тогузду бутуп деле тапшырсан болот, шаардан озум жардам берип турам" - деп. Ошол эле созу дем боло, делбирип ансайын кыялдарга чомуло мынтип окууга тапшырып алды. Бирок озу кутконундой Асхат менен жолуга албады. Кыялында шаарга окууга келсе жигит озу издеп келет, анан экоо шаар кезип... Балким чын эле ошондой болмок, эгер ортодон Асхат Аярага жолукпаганында. Курбуса Махабаттан Асхаттын жатаканасын сурап таап келди. Канча олтурду белгисиз, улам откон жигиттер тийишип отушот. Акылы "жинди болбой кет, кыз бала башын менен жигитти издеп келгенин кандай?" - урушуп жатты. Акыры ордунан туруп жаны эле жоноордо Асхат менен мандайлаш келе калышты.
-Жылдызка?
-Асхат байке, кандайсыз?
-Сен кайдан?
-Мен тиги...
Уялганынан  бети кызарып чымырай тушту. "кетип кал десе конбойсун" -деп озун ичинен жемелеп да алды. Асхат Жылдыздын уялып кеткенин коруп онтойсуз абалга салып алганын тушунду.
-Сулуу кыз элен, шаарга келип андан да сулуу болуп кетипсин го? - деди созду буруп жайдары суйлоп.
-Койсонуз, сизге бир чиймени корсоткону келгем. Жакшы тушуно албай.
-Ии, жур тиги сейил бакта  жай суйлошуп карап беремин.
-Макул!
Жылдыздын коздору жайнап кетти. Чын эле Аяра менен окшош экен. Айрыкча кулгондо...
   Экоо сейил бактын жашыл шиберинде олтурушту. Асхат кыздын колундагы чиймелерин алып, карап олтуруп тушундуруп берип жатты. Ал эми Жылдыз, озу, козу кагаздарда болгону менен ой-кыялы коколоп учуп тээ асмандын жетинчи кабатына которуло булуттарды аралап журду. Асхаттын суйлоп жатканын карап олтурганы менен эмне жонундо суйлоп жатат тушунбой эле жалдырап олтурат.
-Буга ылайык атайы карандаштар болот, эртен мен устаканамдан алып келип коемун. Менде бар болчу. Жылдыыыз?
-Ыя?
Кызды кыялдардан сууруп чыккан Асхаттын созу болду.
-Угуп жатасынбы?
-Ии ооба Асхат байке, тушундум.
-Бир жерин ооруп жатабы? Апандар жакшыбы?
-Ооба, оорубай элемин.
-Баса жатаканадасынбы? Кечирип кой, сенден кабар ала албай калдым.
Асхат чын эле уяла тушту. Мындан 3 кун мурун карындашы чалып Жылдыз сураганын айтып, "жардам керек болсо карап, кабардар болуп журун" - деп эскертпеди беле? Озу деле жардам берип турам дечу эле го.
-Жок, чон энем шаарда го, ошол жактамын. Сиздин да убактынызды алдым э рахмат сизге. Мен барайын Асхат байке.
Жылдыз ордунан козголду.
-Макул, сен учун убактымды аябайм го,-деген жигит кыздын чачтарынан уйпалап сылап койду.
-Качан болсо келе бер, баса берчи номеринди. Озум эле чалып сурап турайын...
Жылдыз ичинен канчалык кубанып турса да сыртына чыгарбай, номерин берип кудундап жолуна тушту. Сурап келген темасына жакшы тушунбой, анысына деле кайыл болуп Асхаттын жылуу созуно жылынып, андан кубат алып кайра маанайы которуло баратты. Эхх суйуу... Адамды не деген кыялдарга батырып, не деген иштерге турпойт бул суйуу дегенин. Акындардын бутпос казалына, ырчылардын тугонбос дастанына, обончунун кайталангыс кайрыгына айланган бул суйуу пенделерди тандап олтурбай келет экен го. Сенден уруксат сурап кимди суйоорунду  таразалап, талдап олтурбай келет бул суйуу. Бири-бирине мончоктой чубуртуп байлаган да, баатырды алсыз кылып тизелеткен, алсызды баатыр кылып кучтонткон да бул суйуу! Асхат Жылдызды карындашындай боор тартып жакшы корсо, Жылдыз Асхатты ансайын куч алып суйуп баратты. Бул секелек алдыда ушул сокур суйуусунун айынан не деген иштерге бараарын али тушуно элек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#105 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   29 Июнь 2020 - 15:28

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Аяра  менен Асхаттын дуйносу озунчо. Эч ким тушуно алгыс, эч бир инсан сезе алгыс озгочо сезимдер менен бири-бирине арбалып, козго корунбос жиптер менен чырмалышып байланып баратышты.
-Алло?
-Асхаат? Уктап жатасынбы? Ойгонсон!
-Мына ойгондум.
-Ооф уйкучу. Тур менин сага белегим бар. Соонун!
-Аяра, ошончолук маанилуубу? Тун бир убак болду.
-Жатаканана барамын азыр.
-Тентек, устаканада калгам мен... 
-Туут-туут-туут, - деген ун угулуп коюп салды кыз.
Уйку соонун арасында эч нерсеге тушунбогон Асхат, коздорун ушалап саатты караса 2:57 деп турат. "Бул кыз эмне уктабай журот?" - деп суйлоно кайра тошоко баш койду.
Арадан жарым саат отпой сыртта машинанын ачуу сигналы угулду. Чакан эки болмолуу жер тамды Асхат менен дагы эки досу кошулуп арендага алышып оздоруно устакана жасап алышкан. Тынбай басылган сигналдын унунон терезени карап Аяранын машинасын коруп чочуп кетти. "Чын эле келип алган го бул тентек." Жарыкты жандырып сыртка чыкты.
-Уйкучуу! Кандайсын?
Аяра жанына келип чоп этире бетинен ооп алды.
-Сен кыз эмне журосун тун жамынып. Бетин да боек?
Колу менен кыздын боек болгон жузун аарчып жатып суйлоду.
-Папама окшойсун.
-Эмне?
-Папам да жаныма келип биринчи бетимди  тазалайт.
-Анда бетине шыбап албай сурот тарт да.
-Кантейин озум да билбей каламын.
Озун карап жылмайып турган кызга журогу эзиле бооруна кысып алды.
-Сени сагындым тентегим десе! - деди кулагына шыбырап.
-Ошол сенин сагынганынды сезип келбедимби?
-Жур ичкери кирели.
-Токтой тур, мен азыр.
Аяра машинанын арткы орундугунан бети ак кебез менен тосулган чон картина алып чыкты.
-Бул эмне? - деди тан калган Асхат.
-Бул белек, сага.
Экоо жетелешип ичкери кирип, Асхат кофе жасап Аяранын жанына олтурду.
-Ии анан эмне шедевр жараттын?
Апакай кебезди сыйрып алды кыз. Чон картинада кызарып батып бара жаткан кун, жалгыз дарак, анан самолёттун учканы, дагы бийик имараттар да чагылдырылып турат. Анан эки караан.
-Асхат, бул суротту тартып жатып бут жашоомду коштум, сени да.
Унчукпай ары басып кеткен жигит да колуна чон картинаны которуп келип Аяранын картинасынын жанына койду. Анда да кызарып батып бараткан кун. Колдун толкундары, жалгыз дарак анан колдорун кайчылаштыра ары карап, чачтары менен жука моюн орогучу шамалга учуп турган кыздын карааны. Экоо бирин бири карап бырс эте кулуп алышты. Катар тизилген эки картинанын тубуно оз аттары менен ошол экоо таанышкан кундун даталарын жазып коюшту. Астын устун боло боектор менен кагаз калемдер чачылып жаткан чакан устаканын ичинде экоо тан аткыча суйлошуп олтурушту. Бирде каткыра кулуп кубалашып калышса, бирде жон гана унсуз кучакташып олтурушат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#106 Пользователь офлайн   nurzash09   29 Июнь 2020 - 20:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Сонун жазып жатасыз,чанкооом канбай калдыы::)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#107 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   30 Июнь 2020 - 22:04

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Бийик имараттын онунчу кабатындагы кенен, жарык, терезеси дубал менен бир болгон болмодо Асхат мандайындагы адамдан козун албай олтурат. Озунун алып келген резюмесин абдан конул коюп окуп олтурган адам бир убакта башын которуп кагаздарды койду.
-Куттуктайммын Асхат Эркинбекович, биздин компанияга кош келипсиз!
-Рахмат, Талгат Бейсинбекович! - деген Асхат ордунан туруп кол беришти.
-Эртенден баштап, келиниз алгач сыноо мооноту андан сон толук иштей берсениз болот!
-Рахмат, жакшы калыныз.
Асхаттын кубанычында чек жок эле. Канчалаган жаш архитектор дизайнерлер бул белгилуу компанияга ишке орношууну кыялданып келишет. Сынак жарыяланган кундон тартып, аракет кылып акыркы турга чейин келип эми мынтип жумушка орношуп олтурат.
-Алло Аяра кайдасын?
-Окуудан чыктым, кандай отту?
-Сонун! Устаканага баратамын.
-Макул мен да барып каламын.
Чачылган устакананын ичинде экоо пицца жеп олтурушту.
-Кандай сынака даярдыктар?
-Жакшы, буйруса бул апта кийимдеримдин баары тигилип бутот.
-Азаматсын.
Жакында жаш дизайнерлер арасында Университеттер аралык сынак жарыяланып, ага Аяра катышып жаткан. Колледждин атынан болсо Жылдыз.
-Баса Жылдыздын да бугун кийимдери бутот, - деди Асхат суусундук ууртап жатып.
-Асхат, убакыт бат эле отуп кетет турбайбы? Карасан мен мына учунчу курстун студенти болом, сен окууну буттун.
-Ооба да.

Мынакей ошол айтылган кун. Дайым  концерттер отуучу филармониянын алдында эл укмуш коп. Кудум белгилуу бир легенда ырчынын концертине келишкендей. Колдоруна  туркун тустуу гул, шаар, жана жалтырап куйгон ар кандай чырактарды которгон элдин копчулугу жаштар. Баш аягы сегиз катышуучу  университет жана колледждердин атынан ат салышат. Сынак башталаарга убакыт жакындаган сайын Жылдыздын толкундоосу кучоп, тыбырчылап жатты. Коп жерде, коп иштерде токтоо болуп эмоциясын оной менен сыртка чыгара бербеген Жылдыз азыр ушул тапта, журогунун дукулдогону катуулап, атугул улам ушалап кармалап жаткан колунун алакандары тердеп чыкты. Кыпкызыл кучак толо роза гул которуп, кирип келген Алмаз алдынкы орундуктан орун алды. Андан бери 4, 5 орундук алыста Нурпери менен Асхат олтурат. Мына залдын жарыктары очурулуп, салтанаттуу музыканын коштоосунда алып баруучулар чыгып кече башталды. Сахнадан тартып келген коруучулордун алдына чейин атайын жасалган подиум менен ар бир катышуучунун кийимдери корсотулуп жатты. Мына ушул сынакта демоорчу катары коноко чакырылган Талгат Бейсинбеков да олтурган. Кыздардын кийимдери корсотулгон сон, ар бирин ысымы фамилиясы менен атап сахнага чакырып жатышты. Аяра Алмазбековна деген ысым жанырып узун кыпкызыл койнокту жараштыра жылмайып чыгып келе жаткан кызды коргон Талгат ордунан бир туруп кайра олтурду. "Ошолбу же окшотуп жатамбы?" - деген кумондо жакшылап карап турду. Сахнанын ортосунда турган кыз, алыстан ар кандай тустогу жарыктар жаркырап турса да, кыздын ошол аэропорттон коргон каректерин тааныды. Аяранын койноктору эн мыкты аталып, жана да улуттук оймолор тушурулуп заманбап, озгочо стили менен баарынын конулун бурду. Экинчи орунга илешкен Жылдыздын ошол жерден ич куйдуулугу куч алып, азыр колунда болсо мына бул зал толо адамдар жок болгондо Аяраны муунтуп салганга даяр эле. Салтанаттуу аземде демоорчу Талгат Бейсинбекович озу баш байгени Аярага тапшырып жатып сурдоп кетти. Колдорун майда калтырак басып, ооз учунда "кут болсун!" - дегенге аран жарады. Негедир тааныш каректер. Кулгону да ушунчалык жагымдуу... Асхат Аяра менен Жылдызга окшош букет гулдорду берди. Алмаз да кучак толо роза менен машинанын ачкычын карматты.
Баары жада калса  апасы Нурпери да Аяраны айланчыктап куттуктап жатышканын коргон Жылдыз ызаадан буулугуп кетти. "Жашоомдогу бардыгын тартып алды, апамдын мээримин, Асхатты эми болсо мынтип озунун колундагы акыркы мумкунчулукту да ушул Аяра тартып алды."
Бул сынакка катышып даярданып жатканда эжейи эскерткен "болгон кучунду, талантынды ишке сал. Анткени бул чон мумкунчулук, ал сынактан озунду корсотуп алсан, мода уйлору менен иштешуу сунуштары тушот. "-деп. Ошол кыял менен озунун дуйного кетчу жолун ушул сынактан коруп жатпады беле?! Чуркап чыгып кеткен анын артынан эч ким карабады, жада калса андабай калышты. Бир убакта гана Нурпери :
-Жылдыз корунбойт, - деп издеп баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#108 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   30 Июнь 2020 - 22:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
      Озуно берилген гулдорду, жада калса сумкасын да албай кочо бойлоп унсуз гана ыйлап баратты. Кеч киргенде гана чон энесинин уйуно келди. Сырттагы бут кийимди коруп апасы ушул жерде экенин болгооду.
-Жылдыз?!
-Эмне?
Унчукпай экинчи кабатка которулуп баратып кунк этти.
-Кайда кетип калдын? Издеп убара болдук, бардык буюмдарынды таштап кетипсин. Аяра которушуп чыкты.
-Апа токтотчу?! Тажадым ошол ысымдан! Аяра! Эмнеге кетип калдым дейинби? Баарын, аны менен алек болуп турганда толук бактынарды булундургум келген жок! Кызын менен кенири эзилишип сыймыктанып жатканында тоскоол болбоюн дедим!
-Сен эмне деп жатасын?
Бери басып келген Нурпери кызын жулкулдатып алды. Ал биринчи жолу апасына ушинтип суйлоп жатты.
-Эмне жакпай жатабы апа? Мен да сенин кызынмын! Айтчы эмнем кем менин? Кайжерим? Балким атам ошол Алмаз эмес, Бекжан болуп калганы учун мени жек коросун? Бирок айтчы ушунун баарына ким куноолу? Менин дайым шагымды сындырып келесин апа. Бала кезимден эле бул мамилене конуп бутком! Сурот мыкты тартасын деп баары мактаса да сенин купулуна толо албадым. Анан эле бир куну ал биздин уйго келди. Омуру бир жолу менин тарткан суротумо коз кырынды салып койбогон сен, аны менен сурот тарткансын, бооруна баскансын. Биз баарына кондук апа. Сенин мээриминсиз эле бойго жеттик. Бирок... Бугун да сен менин шагымды сындырдын! Баары керек болсо менден кийинки орундарды алган кыздар да менчелик ыза болушпады. Алардын апасы кучактап, ооп "сен мен учун эн мыктысын! " - деген создорду айтып жатышты. Сенчи? Мени унута салдын. Чынына келгенде ал жака мен учун эмес, Аяра учун баргансын!
-Жылдыз!
Кызынын коздорунон жамгырдай жаап жаткан коз жаштарын коруп эсине келди Нурпери.
-Апа кет! Суранам ошол кызын менен Алмазын менен жаша! Эртен Аргенди алып келем, биз энемдер менен турабыз.
-Жок, кызым!
-Кызым дейсинби? Мен бул созунду жылдар куттум. Бирок негедир кубана албай жатамын апа! Атам сени кечирбейт! Бизге кылган мамилен учун! Ошончолук алар сага кымбат экен неге убагында баш тарткансын? Атамды тандагансын?
-Жетишет! Сен эле калдын озу!
Кантип Жылдызды жаака чаап жибергенин байкабай калды. Жаштуу коздору менен озун жек коро карап турган кызы, азыр Бекжанды эстетип жиберди. Ооба анын коз карашы кудум ушундай болчу!
-Кызым мен....
Кайра кызын бооруна кысмакчы болгондо тур туп жиберди.
-Сени жек коромун!
Жаагын колу менен басып экинчи кабатка чуркап кетти. Козунон жаштары тамчылап турган абалында Жылдыз которулуп кеткен тепкичке олтура калды.
-Сага эскерттим! Кетип кал дедим.
Башын которгон Нурпери мандайында озун мыскылдуу карап турган кайын энесин корду.
-Сен, баламдын башын жедин. Эми неберелеримди да жеткен таш боор кылып салууна жол бербейм. Эртенден калбай Аргенди алып келем.
-Баланыз озу...
-Ошол жомоко мени ишенет деп турасынбы? Сага мурун да айткам, сенин айындан балам олуп кетти. Кандай экенин билбейм, анын олумунун себепчиси сенсин!
-Кызымды мага каршы сиз кайрап жаттыныз беле? Айтам анын журогу мынча кара эмес эле деп.
-Жылдыз, озу таразалап алды. Уктун эми уйдон чыгып кет!
      Нурпери унсуз ыйлап баратты. Жылдыздын создору мээсинен отуп, журогуно жебедей сайылып турду. Кайра кайра кулак астына жанырып туруп алды. Туура айтат. Ушул кунго чейин эмне берди балдарына? Жылдызга, Аргенге. Омур бою муздак жузун салып, мээримин аяп журуп отту. Байкуш балдары эч нерсе да талап кылышпаптыр. Эсинде жок бир жолу Жылдызын бооруна басканы. "байкушум кызым! Апанды кечирчи! Силерди кор кылып, баамдабай жургон апанды кечир. Жанымда журуп мээримге ушунча зар болгонун учун кечир! Бугунку кун учун да кечир!" Аяранын алдындагы куноосу учун озун жектеп журуп балдары бар экенин, аларга мээрим керек экенин туйбаган, андап жетпеген озун жек корду. Ооба канча жолу, курбусу да, башкасы да келип "эки балан бар, ошолорду унутпа!" -деп какшап кетишчу. Бирок бирин да укпай келген, бири да азыр Жылдыз айткан созчолук таасир этпептир.

Сынактан кийин атайы катышуучуларга шаардын кымбат ресторанында банкет уюштурулду. Ал жерде Талгат да жургон улам башын  Аяра жургон тарапка буруп коз кырын сала карап жатты. Келишимдуу келбетине жарашкан койногу да озгочо. Чачын тобосуно байлап койгонго аппак моюну узун болуп тим эле аккуудай койкоет. Аяра ушул эле кечеде бир канча фирма жана мода уйлорунон сунуштарды алды. Баарына тегиз жылмайып "ойлонуп кором" - деп сылык жооп берип жатты.  Бир убакта кыз жалгыз калды. Жанатан алыстан козун албай кузатуп турган Талгат кыздын жанына акырын келди.
-Жараткан эмгектериниз абдан суктанаарлык! Артынан чыккан ундон жалт караган кыз озун тиктеп турган Талгатты коруп жылмайып койду. "Кандай керемет жылмаю!" - деп алды Талгат.
-Рахмат!
-Талгат Бейсинбекович!
-Аяра, таанышканыма кубанычтамын!
-Таланттуу экенсин, менимче сурот да мыкты тартсан керек.
-Ооба, бир эки эмгегим бар.
Кыз дагы кулуп койду. Анын ушул коздорун жымындата, кулуп койгону ушунчалык тааныш сезилип жатты жигитке.
-Сени алгач да бир жерден коргондой болуп турамын. Сага андай сезибей элеби?
-Мен сизди тааныймын. "Альфа" курулуш компаниясынын жетекчисин кимдер тааныбайт.
-Жоок, дегеним биз балким мурунку жашоодо аябай жакын адамдар болгон окшойбуз.
-Балким, - деген кыз колундагы суусундуктан ууртап алды.
-Мумкун болсо, номеринди сурайын дегем. Балким жардамым тийип калса.
-Макул.
Кыз "чон адам болсо башын ийип озу, номеримди сурап жатса, жок десем уят болот" - деп ойлоп кетти.
Аяра шашып колундагы чакан клатчынан кагаз ручка алып чыгып номерин жаза калды.
-Сол кол экенсин.
-Аа, ооба. Уйроно албай койдум.
Кулгон кыз номери жазылган кагазды сунду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#109 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   30 Июнь 2020 - 22:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Айтканындай эле Нурперинин кайын энеси эртеси куну адам жиберип Аргенди алдырып алды. Эми Нурпери чындап жалгыз калды. Ээнсиреп муздак болгон уйундо соксойуп жалгыз олтурат. Жылдыздын болмосуно баш багып буюмдарын кармалап жатты. Папка толо тартылган суроттор, чын эле кызы абдан таланттуу экен. Барактардын арасынан мунайым болуп  турган озунун суротун таап алды. Карандаш менен тартылыптыр. Тубуно "апа мен сени ушунчалык жакшы коромун!" - деген жазуу бар экен. "Сокур болуптурмун, кызымдын журогун тыншоону, анын башынан сылоону унутуп салыпмын! "
     Канча кундон бери апасына чалып байланыша албай убара болгон Аяра уйуно келди. Дарбаза ачык, уй тымтырс.
-Аппаа!
-Аапоов?
Бош болгон болмолорду эшиктерин туртуп апасын издеп жатты. Жылдыздын болмосундо ал жаткан керебетке бук тушуп жатыптыр апасы. Жетип келип озуно тарткылап жиберди.
-Аппааа!...
       Ооруканада козун ачты Нурпери. Колуна асма укол сайылып, жанында Аяра башын коюп уктап жатыптыр. "Эмне болуп келип калды экен бул жерге?" Такыр эсинде жок. Жылдыздын кийимдерин буюмун кармап, ыйлап олтурганын билет. Ошол бойдон калганы туман.
-Апа!
-Аяра, кызым.
-Апа суйлочу?
"Суйлодум" - деп ойлогон корсо ал созу сыртка чыкпаган ондуу. Кайра оозун таптап суйломокчу болду эле, кыймылга келбей койду оозу. Коздорун чоон ачып, эринин болор болбос кыймылдатып жаткан апасын коруп коркуп кетти Аяра.
-Жакшысынбы? Эч жерин оорубай элеби?.
-Кызым, - деп булдуруктап ийди. Колдорун котормокчу болду эле негедир он колу озунуку эместей. Таштай катып которулбой койду.
-Апа, кыймылдаба, сага болбойт. Жата тур. Мен азыр...
Сыртка чуркап чыккан Аяра бат эле врач менен Алмазды ээрчитип кирип келди. Тыбырчылап бирок андан майнап чыкпай кыйналып жаткан Нурперини врач токтотту.
-Суранам тынчтаныныз, бул биз берген уколдун таасири. Баары жакшы.
Бир аз озуно келе тушконсуду. "Бирок ошентсе деле эмнеге мынча кучтуу укол беришти экен? Баса мени бул жака ким алып келди? Жылдыз журогу чыдабай кайра барды бекен? Андай болсо жанында болот эле го?" коздорун ачып текшерип, журогунун сокконун тыншаган врач  сыртка чыгып баратып Алмазга башын тйкеп койду.
-Мен азыр, - деген Алмаз врачтын артынан жоноду.
Жанында Аяра апасынын чачтарынан сылап олтурат. " Кыязы Аяра же Алмаз алып келген окшойт. "-деп болжооду.
Сыртка чыккан врач бир аз ойлонуп туруп озун тынчсыздана карап турган Алмазга кайрылды.
-Журогу кармап тушту. Дагы женил отту. Уколдун таасири тараса суйлойт, бирок он капталы кыймылга келеби айта албаймын.
-Эмнее?
-Кечиресиз, биз аракет кылабыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#110 Пользователь офлайн   jindirak   30 Июнь 2020 - 23:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#111 Пользователь офлайн   Aimani   03 Июль 2020 - 00:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 02 Июль 19
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:52

Улантыныз. Күтүп жатабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#112 Пользователь офлайн   Nesi   03 Июль 2020 - 01:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 21 Июнь 20
  • Соңку аракети: 13 Окт 2020 13:46

Уландысын качан??
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#113 Пользователь офлайн   aldap-saya   03 Июль 2020 - 17:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 198
  • Катталган: 20 Июнь 19
  • Соңку аракети: 07 Авг 2020 15:57

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#114 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Июль 2020 - 03:11

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Тун бир оокумда кара терге тушуп ойгонгон Талгат ордунан туруп ашканага тушту. Муздак суу ичип бир аз озуно келген сон, жана эле коргон тушу кайра коз алдына тартыла баштады. Анда атасы, апасы жана Ханайым болуп Америкага барышкан кундору кирди, анан эле кайдан жайдан пайда боло калган кара уюлгуган туман Султанаалы менен Жибекти учуруп кетти. Сапырылган бопбоз чанда Ханайым жалгыз калып ыйлап жатыптыр. Жанында туруп жете албай кыйналып жатып ойгонуп кетти.  "Ханайым! " - деп алды. Атасы отуп, анан бул жактагы баштаган бизнесин жолго коюп бир калыпка тушуп алууга бир топ эле убакыт кетиптир. Эми баары жайына келгенде атасынын иштерин каза баштады. Тагыраагы кимдин айынан камалып кеткени, акыркы бизнестеги шериктерин издеп алар менен суйлошуулорду жургузду. Баары эле ийинин куушуруп алгылыктуу деле жооп айта алышпады. Акыры иликтеп олтуруп Бекжан Акимович менен акыркы жылдары жакшы мамиледе, атугул уй-булоолору менен калын катнашта болгондугун аныктады. Баарынан да кызыгы атасы Бекжан Акимович жонундо коп айтчу эмес уулуна, дегиле бул жактагы иштеринин кобун жашырчу экен. Аны мына эми артынан эми уйронуп баштаганда тушунуп жатпайбы. Жада калса тиги Али деген айдоочу жонундо бир ооз кеп да айтпай кеткенин карасан. Атасынын кол алдында иштеген ишеничтуу жигиттерин деле таап суйлошуп корду. Алардын айтуусу боюнча Султанаалы акыркы иштеринин баарын Алиге тапшырып салган экен, атугул жашыруун иштерге да аны жиберип калганын айтышты. Бир жигити акыркы чек арадагы окуя жонундо айтып отту. Кабинетке жалгыз Алини чакырып алып кенешип иштерди жасап калганын угуп ойлоно кетти "Али деген ким озу? Ал жонундо эч жерде маалымат жок. Жада калса фамилиясын эч ким билбейт. Жон гана Али! Атам Ханайымды келди деди, демек Али да келген. Кызык Ханайым билет болду бекен чындыкты? Ханайымды тапсам ошол аркылуу Алини да тапса болот, алгач Бекжан Акимович жонундо маалымат жыйноо керек." Атасынын кол алдында иштеген, бир убактары уй-булоосунун жеке  адвокаты катары жургон Асыл Токторович деген кишини тапты. Ал дагы Султанаалы камалып кеткенден кийин, карьерасы токтоп, эч жерге жумушка кире албай калган экен. Чакан ресторанга алгач жумуш сунуштап чакырды.
Чачын ак басып калган адам мандайында олтурду.
-Сизди Султанаалы Борубаевичтин адвокаты катары тааныймын. Мен ал кишинин бизнестеги шериги болом, - деди Талгат.
-Ооба, учурунда адвокат болуп иштегеним чын. Бирок...
Андан аркы созун улай албай тунжурай тушту.
-Демек атамдын бут жакын адамдарына, жада калса кошо иштешкен фирмаларга да саясаттагылар куугунтуктоо иштерин жургузушкон экен. Атам менен кошо иштешкен бир катар фирма, ишканалар жабылып кетти убагында, анан сизди эч кайда жумушка алышкан жок.
-Атаныз?
-Ооба мен Султанаалы Борубаевичтин уулумун Медер.
Асыл Токторович узака тигилип олтурду, анын бул карашында тан калуу жок эле. Тескерисинче бул жонундо мурун уккан адамдай токтоо олтурду. Башын акырын чайкап:
-Бул жака бекер келипсиз, - деди.
-Эмнеге?
-Сиз убакыт отту, баары унутту деп ойлойсузбу? Жок! Султанаалы Борубаевичтин саясат, кримдуйно менен да байланышы болгон. Анын айынан канча адамдар зыянга учурашты, мыйзамдуу турдо фирмалар бул жакта калсын, мыйсамсыз откоргон товарларына шерик болгон тиги чойродогулор андан коп. Эгер билсениз абакта да атанызды кооруп, аран кармап келгенбиз. Бийликтеги бир, эки аткаминер да атаныздын иштери ачылганда кошо жумуштан кетишкен. Сиздин кабарыныз деле жок окшойт, бирок ал кримдуйнодо жакшы эле ролду ойночу...
-Билем, - деди Талгат колун кайчылаштырып олтурган калыбында тиги кишиден козун албай.
-Анан ошол миллиардер адамдын уулу чет олкодо дайынсыз кетти. Бул жомоко эл ишенет чыгаар, бирок тиги мафиоздорун тук ишенбейт. Алар эмнеге сизди издешкен жок? Таба алышпайт, же кучу жетпегенден деп ойлосонуз жанылышасыз Бейсинбекович! Тан калбаныз, сизди билем. Атугул качан мени чакырат деп кутуп да жургом.
Талгат тан калганын жашырган жок. "Ким айтты? Дагы кимдердин кабары бар?" - деген ой келди биринчи.
-Коркпонуз, менден болок эч ким биле элек, - деди тиги адвокат да мунун оюн окуп койгондой.
-Сиз кайдан билдиниз?
-Менин ким экенимди жакшы билбейсиз. Ал маанилуу эмес. Мени эмне учун чакырганынызды да билем, сизге керек маалыматты да которуп келдим.
-Эмне учун экен? Балким мен сизге жон эле жумуш сунуштап чакыргандырмын Асыл Токторович.
Талгат канчалык анын колундагы маалыматка кызыкдар болуп жатса да, сыр билдирбегенге аракет кылып жатты.
-Хее-хее, баары бир али тажрыйбан жок да сенин, - деди адвокат чонтогунон тамекисин алып чыгып жатып. Азыр эле сиз деп сылык суйлоп жаткан киши дароо сенге отуп кеткенине тан калып турду Талгат.
-Талгат Бейсинбекович болуп башка адамга айланып келе алсан эле, "бардык ишти ушундай билдирбей бутуром, эркин жашай алам" - деп озуно ишенбе. Бул жакта сени куткондор коп. Айрыкча кримдуйнодо. Атандын берген зыянын сенден толотуп алабыз дегени ошончо. Сени "качты дайынсыз кетти" - деген кабар тараганда баары кол шилтеп коюшту, атугул кубанып да калышты. Качсан демек, жетишерлуу олчомдо каражатты катып койгонсун ишеничтуу болгон учун качтын. Анан сени жон гана кутууну коздошту. Баары бир бир куну келерин сокур кишиге да маалым да. Болгону кутуу калды. Кокустан атандын каза болуп калганы менен сенин келгенин азырынча билинбей кетти бирок...
-Эмне?
Асыл тамкесин шашпай уйлоп суйлоп жатты.
-Карындашындын атана жолукканы маалым. Аны издеп таап алышат бат эле. Ал аркылуу сени да таап коюшат.
-Мен озум карындашымды издеп келдим. Ооба чоочубаныз, кабарым жок журом.
-Тан калычтуу... Карындашынды акыркы жолу атандын айдоочусу менен корушкон, андан сон дайынсыз. Баары "сени уурдатты, карындашын алдыртып алды" - деп тыянак чыгарып калышкан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#115 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Июль 2020 - 03:13

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

-Жок, - деди Талгат унун пас чыгара аргасыз.
Тамекисин очуруп, папкасынан кагаздарды алып чыкты Асыл.
-Бул жерде Бекжан Акимович жонундо маалымат. Мен сага берем, бирок шарт менен.
-Кандай?
Талгат ичинен озуно кулкусу келип турду. Бул жака муну чакырганда "мен шарт коем" - деп келбеди беле? Эми мынтип бул кары тулкунун алдында бужуройуп, шартын тыншап олтурганын карасан.
-Мени компанияга ишке аласын, жана жоготкон дуйномду кайтарып бересин. Атандын арты менен коп эле нерсемден ажырадым. Биринчиси карьерамдан.
-Кызык, ошол тапкан дуйнонду атамдан алсан керек, же сен бекер иштеп журдун беле?
-Балакай создорунду абайлап суйло, менде бардык далил бар сенин ким экенинди айтып берууго. Органдагыдар да, кримдуйно да сени кутуп жургон чагы. Анан да мен иштегем атана, таза иштеп бергем!
-Макул,-деди Талгат. Макул дебегенден башка чарасы да жок экенин тушунду. Баары бир муну жумушка алам деп келген да.
-Мына булар атан менен Бекжандын иштери. Атанды саткан документ мына болот. Муну Бекжан уюштурган. Белгисиз бироо аркылуу милиция болумуно тапшырып берген. Себеби бул документтер жалгыз гана Бекжанда болгон.
-Ал озун олтургону чынбы?
-Жок, ошондой айтылат. Атандын буйругу менен олтурушкон. Бирок атан улгурбой калган ондуу, алдын ала бироого документ тапшырып салыптыр.
-Асыл Токторович мага Бекжандын уй-булоосу жонундо маалымат керек. Балдары бар чыгаар, балким атасынын калган ишин улантышат?
-Антип ойлобойм. Жалгыз кызы менен уулу. Баласы али кичине, кызы болсо студент. Атасынын бул иштеринен менимче алардын кабары жок.
-Аялычы?
-Аялы Бекжандын олумунон сон, акылынан ажырап калган бир аз деген кептер бар.
-Мага Ханайым менен Али керек. Алар бул жакта.
-Издештиребиз.
Талгат уйго кайтып келе жатып, озу биле элек дагы канча иштер бар экенине тан калды. Ал оюнда Кыргызстанга келип эле, баарын озунун планы менен бутуро салам деп ойлогон болчу. Жада калса атасын турмого салган адамдан оч алам дегеничи. Озун ушунча адам кутуп жатканын эсепке албаган экен. Же Асыл Токторович айткандай али тажрыйбасы жокпу? Анын "кримдуйно адамдары сени кутуп жатышат" - дегенин эстеп журогу бир опкоолжуп алды.

                                    ***
-Апа  мынакей келдик, бул биздин уй!
Чакан короого майыптар арабасында  олтурган апасын суйроп кирген Аяра суйлоду. Короо кооз экен, бакча анан бир кабаттуу кооз уй. Алмаз мурун дал ушундай уйду кыялданчу. Ал "жаным элдерге окшоп, зангыратып уч кабат особняк салбайбыз, андан коро бир кабаттуу бирок кооз соонун уйубуз болот" - дечу. Кудум ошондой уйдун алдында азыр озу турат, мына кыялындагы жашоосу. Алмаз, ошол уй анан кызы. Бирок...
-Апа сага жактыбы? - деген Аяра апасынын козунон жаштар агып жатканын коруп чочуп кетти.
-Сага эмне болду апа? Бир жерин ооруп турабы?
-Жок, кызым жок. Мен журогум ооруп жатат, кызым мени кечир!
Нурпери алдында чоголоп олтуруп озуно жалооруп мээрим тогуп турган кызын кучактай калды. Балким бул тагдыр оюну. Бир кездерде озу баш тартып кеткен куйоосу менен кызынын колуна мынтип бир жагы иштебей арабага кадалып калганда келип олтурат. Балким бул куноосунун жазасы болгондур...
-Апа ыйлабачы, баары артта калбадыбы?
-Кечир мени кызым, коркок алсыз апанды.
-Апам менин, сен ыйлабачы. Чын айтам мен капа эмесмин. Мен бактылуумун, жанымда сен барсын!
Нурпери ооруканада жатканда Жылдыз бир келип койгон жок. Чалса албай да койду. Бироонун кароосуна муктаж болуп кызына клзу чачырап турганда мынтип баш тартып кеткенине катуу ызаа болду. Таарынды, озуно таарынды. Озун жек корду. Жылдыздын ошончолук мээримсиз болуп кетуусуно тек гана озун куноолоп кала берди. Алгач Алмаз "уйго чыгарып кетем" - дегенде каршы болду. Бирок Аяра жалооруп суранып туруп албадыбы? Анын устуно бараар жери да жок, айылга кетсе муну караар кишиси болбогон сон, булар менен айласыз келууго туура келди. Уй ушунчалык жайлуу экен. Болмолор кен аппак, анан жарык. Аяранын атайын сурот тартчу болмосуно кирип экоо сурот тартышат. Ашканда тамак жасашат. Нурперинин мундуу жузу ачылып, оо бир кездердегидей нур тогуло сулуу болуп кетти. Корсо адамдын тышкы сулуулугу да ички жан дуйнонун тынчтыгынан, анын бейкуттугу жана бактылуулугунан коз каранды турбайбы? Ошон учун айтылса керек "бакыттын койногу бардык адамды сулуу кылып корсотот" - деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#116 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Июль 2020 - 03:16

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

***
Кун уясына кызарып батып баратканын карап олтурушкан Асхат менен Аяра.
-Нурпери эже жакшы болуп калдыбы?
-Ооба апам жакшы.
Ортодо тынчтык. Бир убакта гана Асхат акырын ун катты.
-Аяра?
-Ооу
-Бир нерсе сурасам капа болбойсунбу?
-Жок, айта бер.
Кыз коздорун жумуп жузун салкын соккон желге тосуп турган калыбында жооп берди.
-Кандайча Нурпери эже апан? Сенин папан...
-Аа булбу?
Коздорун ачкан кыз Асхатты бир нече мунотко карап турду да, кайра ийинине башын жолоп созун улантты.
-Апам менен менин папам бирге жашашкан, кийин белгилуу себептер менен папам камалып кеткен экен. Апам мени тороп, бирок албай кетип Жылдыздын атасына турмушка чыгып бул жактардан кочуп кетишкен. Сыягы кыйналса керек бул жерлерде. Мени аябай жакшы уй-булоо багып чонойтушкан. Анан папам турмодон чыгып  мени издеп таап алып кеткен.
-Тиги уй-булоончу?
Аяра бир аз унсуз олтурду да, оор ушкуруп:
-Алар каза болуп калышкан, - деди.
Бирок алардын ким экенин айткан жок. Анткени Алмаз "эч кимге, эч бир жанга озундун мурун ким болгонунду айтпа" - деп абдан эскерткен болчу.
-Кечирип койчу, мен байкабай эле.
Асхат кыздын маанайы тушуп кеткенин коруп шашып калды.
-Жоок, баары жакшы. Байкем бар, дайынсыз кеттик кабарлашпай. Жада калса унутуп да калгам. Элестете албайм кандай коруноорун.
-Аяра, анан апанды кечирдинби?
-Эмнеге кечирбейм айтчы Асхат? Апам ошол убакта мажбур болгон. Анан эми эмне айырмасы бар, баары бир болоор иш болду го? Кек сактап эмнеге жетишмек элем. Анын устуно апам ар дайым озунун абийиринин алдында озун жеп, соттоп жашап келди. Жада калса азыр деле мени караганда коздорун ала качып, озун куноолу сезе берет.
-Эх менин боорукерим, журогу кен алтыным! Кайдан журуп мындай жароокер болуп калдын экен?
Асхат Аяраны кучагына алып бекем кысып олтурду.
-Жылдыз да сага окшоп боорукер болсо! Канча айтсам да когоруп апасына таарынып журот.
-Ооба, менимче менден апасын кызганат. Ал сени да кызганат го менден?
-Койсон?
-Озунду калп эле билбегенге ала бербечи? Ал сени жакшы короорун кантип билбейсин?
-Билем, байкеси катары.
-Жоок Асхат, ал сени андан да жакын жакшы корот, мен билем го.
-Иий ушул менин бардыкты билгичимден го...
Асхат Аяранын жузунон эркелет чымып алды да  эрдинен ооп койду. Аяра коздорун жумган калыбында назик шыбырып жатты.
-Мен сени суйом!
-Аярам! Сени суйом!

     Эрте менен ойгонгон Аяра сурот тартып олтурганда телефонуна билдируу келип тушту.
Жат номер экен ачып караса "кутман тан ширин кыз! Бизди унуткан жоксузбу?" - деп туруптур. Дароо эсине Талгат Бейсинбекович тушту. "бирге болсун байке" - деп гана кыска жооп берип номерди "Талгат Бейсинбекович" - деп сактап койду. Бир аз отпой чалуу келди.
-Алло?
-Кандайсын? Сени ойготуп жиберген жокмунбу?
-Жоок, ойгоо болчум.
-Эрте турупсун го?
-Ооба, суроттор менен.
-Аа, эргуулор уктатпай дебейсинби?
-Ооба, ошондой десе да болот.
-Аяра мен сени кечки тамака чакырайын дегем, эгер каршы болбосон.
Кыз эмне деп жооп айтууну билбей бир аз унсуз туруп калды.  Кайра Талгат :
-Тушкон сунуштар менен кенешууго, анан менин да компанияма сендей таланттуу адистер керек. Жакында мода уйун ачканы жатамын ошого...
-Макул байке, - дей салды кыз.
-Рахмат, мен кечинде машина жеберемин анда.
-Жок,убара болбой эле коюнуз, мен озумдун унаамда эле.
-Эч нерсе эмес, кеч байланышам, -деп телефонду очуруп салды.
Аяра ошол турган калыбында телефонду ээгине коюп "кызык бул менин дарегимди да билбейт, кантип машина жиберет?" - деп ойлогуча болбой сырттан конгуроо чалынды. Дарбазаны ачкан Аяра чоктой кызарган бир кучак роза кармап турган курьерди корду.
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык.
-Аяра Алмазбековна сизби?
-Ооба
-Бул жерге кол коюп бересизби?
-Макул, - деген кыз кол коюп гулдорду алып калды. Сынактан сон уйуно гул, белек жибергендер кобоюп конул деле бурбай калган. Чекесинде турган киичинекей конвертти коруп окуду "ушул гулдордой сулуу, анан ширин кызга" - деген жазуу бар экен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#117 Пользователь офлайн   jindirak   04 Июль 2020 - 09:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Анааааан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#118 Пользователь офлайн   nurzash09   04 Июль 2020 - 16:57

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Уландысыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#119 Пользователь офлайн   ASA79   05 Июль 2020 - 09:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Анаан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#120 Пользователь офлайн   Nesi   06 Июль 2020 - 10:20

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 21 Июнь 20
  • Соңку аракети: 13 Окт 2020 13:46

Уландысы качан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 14:39

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: