Суперстан: Куноосуз коз жаштар... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Куноосуз коз жаштар...

#61 Пользователь офлайн   Muslim1990   10 Июль 2020 - 18:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 975
  • Катталган: 01 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 22 Апр 2021 02:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения _Jalgyzym_ (10 Июль 2020 - 14:03) жазган:

Маакул))

Жок ээ ушуну бүтүрө салсаң сонун болот эле.
Аны бул бүткөндөн кийин жазчы сураныч.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Aituwas   10 Июль 2020 - 21:43

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Нотаны коюп ушуну бутурунузчу автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   jindirak   10 Июль 2020 - 23:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Автор Нотаны бутурчу сураныч
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Aimani   11 Июль 2020 - 01:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 02 Июль 19
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 15:52

Кайсынысы болсо да жазып коюнуз автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   ASA79   11 Июль 2020 - 15:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Качан жазасың
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Kyzyl-jooluk-jaljalym   11 Июль 2020 - 20:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Август 19
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 03:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Где Ты там и Я

Сонун чыгарма экен. Уландысы качан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   jindirak   13 Июль 2020 - 16:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Автор ушул чыгарманы окугум келип атат, бугун окуй аламбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июль 2020 - 18:57

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (13 Июль 2020 - 16:47) жазган:

Автор ушул чыгарманы окугум келип атат, бугун окуй аламбы?

ХХХ
    Эрте менен жумушка келип, компьютерге унулгон Аман интернетти каптап кеткен акыркы кабарларды окуду. Анда Турикиянын Истамбул шаарында чон мечитте жардыруу орун алганы тууралуу экен. Бул жолу жардыруу атайын чон, коп адамдар келчу борбордук мечитте уюштурулуп, жабыркагандардын так саны айтыла элек. Расмий маалыматта жардыруудан каза болгондордун саны азайтылып корсотулуп берилди. Бул окуя эми гана тынчтанып калган элди кайрадан дурболонго салды. Коп адамды кучагына алган Истамбул шаарынын бул мечитиндеги жардыруу бир гана Туркия элин эмес, бутундой коншулаш мамлекеттерди да титиретип отту. Ар бир олко аталган жардыруудан жабыр тарткандардын, каза болгондордун арасынан оздорунун жарандары да болушу мумкун экендиги тууралуу расмий маалымат берди. Бирок Истамбулдагы элчиликтердин бири да так кабар айтыша элек. Анткени жардыруу ото кучтуу болгондуктан, издоо иштери улантылып жатты. Калдайган шаардын ортосунда орун алган бул мечит минден ашык адамга ылайыкташтырылып курулган. Анын устуно жума куну болгондуктан башка кундогудон алда канча коп адам келген эле. Урап тушкон мечиттин арасынан тинтуу, казуу иштерине бир нече куткаруу топторунан  сырткары активисттер да тартылган. Айланасын курчоого алып, туз эфирден репортаж корсотууго тыю салышты. Анткени адамдардын болукторго болунуп кеткен денелери да чыгып жатты. Анда башы болок же, колу айрылып кеткендерин корууго болот. Ошондуктан ансыз да дурболон тушуп журокторун уучтап олтурган элге корсотпоону бийлик катуу козомолго алууну тапшырды. Бирок ушуга болбой эле ошол жерде жургон адамдардын арасында белгисиз бироолор кыскача видеолорду таратып жатышты. Анда ызы чуу тушкон эл жана канга боелуп бир жерге чогултулуп жаткан адамдардын жансыз денелери. Бул коркунучтуу кабар Кыргызстанды дагы бир ирет титиретти. Калктын арасында "террористтер олкого кирип кетиптир, сак болгула!" - деген жалган маалымат жайылып жургондо бул окуя ошого далил болгондой болду.

Чакан болмонун терезесин карангылатып жаап алып эки тизесин кучактап бурчка тыгылып Саида унсуз ыйлап жатты. Ары жактагы столдо ункуйуп олтурган Эмир. Саиданын коз алдына мечиттин жанында жуздору жарык боло бирин - бир жума майрамы менен куттукташып жургон адамдар тартылды. Баары аппак, таза кийимдерди кийип алышкан. Ошолордун арасынан кичинекей жаш балага козу чалды. Озу оронгон жоолугунан козу гана корунуп турса да тиги баланы коруп жылмайды. Ал бала Саиданын коздорунон туйду окшойт жылмайып жаткандыгын, ал да кулуп коюп кол булгалап мечитке кирип кетти. "Токто! " - деп бакырайын деп барып озун кармап калды. Эрксизден алдыга сунулган колдорун дароо тушуруп эки жагын карап койду да адамдарга кошулуп сыртка чыкты. Чогулган элдин коптугун айт. Алдында болчу апааттан кабары жок кадимкисиндей журушот. Саида ушул азыр колдон келсе баарына бирден эскертип бул жерден чыгарып салмак. Бирок...
Бул мечитте аялдарга да атайын болмо даярдалып, ал жерде дин жонундо кыз келиндерге тиешелуу сабактар отулуп турчу. Эмир намаз окуу учун ичкериге кирип кетти, Саида болсо сыртта мечиттин жанындагы чакан дуконго кирип китептерди кармалап туруп, андан сон тиги аялдар менен кошо сабак отулуучу болмого кирип кетти. Жума намазы окулуп дуба кылынган сон алгачкы адамдар сыртка бирин серин чыга баштаганда Эмир да, Саида да чыгып бул жерден тезинен изин суутуп кетишти. Алар кеткенден он беш мунот отуп "дун" - деген катуу ун чыгып жер бир силкинип алгандай болду. Капкара тутун асманды каптан, бир замматта кулак тундурган бул ун кайдан чыкканын же эмне болуп кеткендигин тушунбогон эле нес болуп калышты.
Жолдо бараткан Саиданын ошол ирмемде коз алдына жанагы кичинекей бала менен аялдар олтурган болмодогу курсагын сылап, бактылуу жылмайып олтурган кош бойлуу келин тартылды. Калтыраган колдору менен Эмирдин кодорун кармап алды. Эмирдин да абалы жакшы эмес болчу. Унсуз мейманкага келишкен алар Абдулга кабар берип коюп экоо эки жерде тунжурап гана олтурушту...
Бир убакта дирилдеп ыйлап жаткан Саиданын жанына келип катар олтурган Эмир кызды кучагына алды.
-Эмир токтотолучу?
-....
-Сен адамдарды кордунбу Эмир? Биздин алардын омурун алууга кандай акыбыз бар?!
-Саида!
-Эмир бул темадан сен качсан эле женилдеп калабызбы?
-Биз ушул иштер учун жаралганбыз Саида. Болду бутту соз. Жуунуп чык тамактанганы тушобуз.-деген Эмир сыртка чыгып кетти. Болмодон чыгып эле козунон сызылып тушкон бир тамчы жашты колу менен суртуп алды. Бутундой Туркия мамлекети кайгыга батып турган чагы. Бирок алдыда мындан да жаман урой учурган окуя болоорун эч ким атугул ошол окуяга себепчи болуп, аны колу менен жасай турган Эмир да билбейт эле.
Эки кундон сон кайра Абдул буларга байланышка чыкты. Ошол чакан болмодо ноутбук аркылуу видео байланыш менен суйлошуп жатышты.
-Эмир тапшырманы жогорку денгээлде аткардынар?
-Бизге качан кайтууга уруксат?
-Шашпагыла. Саида кана?
Ары жакта ыйлагандан коздору кызарган Саида Абдулдун каардуу унун укканда ийне сайган дай селт этип атып турду.  Акырын Эмирдин жанына жакын келип ноутбукка унулду.
-Саида! Ыйладынбы?
Абдул катуу суйлоду.
-Жок, баары жакшы.
-Эмир?
-Аба алмашууга коно албай жатат менимче,-деди Эмир шашыла.
-Силерге дагы бир тапшырма бар. Кечинде электрондук кат аркылуу озубуздун бир мучобуздун дарегин жиберебиз. Жардыруучу жабдыктарды алып, андан аркы буйрукту кутуп даяр тургула!
Байланыш узулгон сон экоо дагы бирин-бири тиктешип, Саида колдору менен оозун жаба калып олтура калышты. Азыр экоонун тен мээсинде "дагы кайсы куноосуз адамдардын омурун кыйратып, миндеп адамдын коз жашынын убалына калаар экенбиз" - деген жоопсуз, журок ойуткон бутпос суроо турду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Puper-pup   13 Июль 2020 - 21:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 457
  • Катталган: 27 Август 13
  • Соңку аракети: 06 Окт 2021 22:28
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:UFC

Просмотр сообщения jindirak (13 Июль 2020 - 16:47) жазган:

Автор ушул чыгарманы окугум келип атат, бугун окуй аламбы?

Сенин сөзүң эки кылбайт экен бүгүн бүтүр деп дем берип койчу))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июль 2020 - 21:21

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХ
      Жардыруудан каза болгондордун арасында кыргыз жарандары жок болгону менен жабыркап ооруканага жеткирилгендердин арасында бар болуп чыкты. Кыргызстандын Туркиядагы элчилиги алардан барып кабар алып, андан сон бир аз айыгышканда мекенине кайтаруу чараларын корууго убада беришти.
Жардыруудан кийинки эки кун ичинде Саида менен Эмир такыр кочого чыгышкан жок. Айрыкча кыз тамак да ичпей такыр озун таштап салды. Мурун деле буга окшогон жардырууларды коруп, атышып жургону менен ал согуш талаасында болчу. Мындай бейпил, тынч шаарга биринчи жолу келип, биринчи жолу куноосуз адамдардын коз жаштарына кубо болуп жатат. Акыл эс киргени согуштан башка эч нерсени корбогон, тушунугу "атуу, олтуруу" - дегенди кабыл албаган бул кыздын журогу азыр такыр башкача согуп, ан сезими такыр башка нерсени кабыл алып жатты. Бул шаарга ок атып тутун каптатып кыямат тушургондун ордуна, кайра озу ушул тынч болгон турмушта жашагысы келип, коксоосу канбай калган адамдай тыбырчылап жатты. Эмир болсо оздорунун Жараткандын алдында дагы, бул жалгандагы пенделердин алдында дагы чон, кечирилгис куноо жасап жатканын алда качан туюп, билип турса да тиги каргыш алгыр лагерде уйротулгон чолок создорду озуно калкан кыла жан дуйносун, андагы озондоп сыртка атылып чыга албай жаткан чыркыраган чындыгын укпай, баягы дили ишенбеген создор менен озун алдап калкалап жатты.
Эки кундон сон Абдул айткандай эле электрондук почтасына дарек жазылган кат келип тушту. Кеч киргенде ээрчишип кочого чыккан экоо катта корсотулгон дарек боюнча ошол уйду таап келишти. Жалан кедей адамдар жашоочу, шаардан кыйла алыс райондо жайгашкан чакан кыштак сыяктуу жер экен. Сырты акталбай топурактары кочуп, каалгасы аран илинип турган уйдун жыгач эшигин такылдатты. Кыйчылдаган эшик оор ачылып, ичкериден жашы 60 ка таяп калган, букуройгон белин танып алып аран баскан кемпир ачты. Унчукпай башын ийкеп ичкери киргизди экоону. Кунурт болмодон урган жыт Саиданын мурдун тешип отту, окшуп жиберейин деп озун аран кармап турду. Чакан болмодогу тор жакта турган шкафты ары туртуп ийди эле темир эшик корунду. Бокчондоп аран кыймылдаган кемпирде ушунча куч болоорун экоо тен ойлобосо керек бирин-бири жалдырап карап туруп калышты. Шагыраган оор ачкычтар менен тиги темир эшикти ачып андан ары ичкери кирип баратышты. Уй сыртынан кичине корунгону менен ункурдой болуп ичкери кирип жасалыптыр. Кудум кинодогу жашыруун лаборатория же бункер сыяктуу. Тепкич менен ылдыйга тушушкон алардын оозу эми даана ачылды. Чын эле лаборатория экен. Бирок мында ар кандай жардыргычтар жасалат экен. Торт адам беттерин жаап буларга конул болбой иштерин улантып жатышат. Тиги жакта толгон куралдын турлору. Кудум алдыда дуйнолук согушка даярданып жаткандай. Балким чын эле согуш жакындап калгандыр? Ал согушту ушул оздорунун уюму баштап берери турган кеп. Саида менен Эмир бул корунушту акылдарына сыйдырып, оздорун колго алгыча тиги кемпир колдоруна чакан жардыргыч карматты да кандай иштоосун тушундуруп кирди. Чон эмес, кипкичинекей. Эмир колунда турган бул буюмду карап копко турду. Кызыл жарык очуп жанып жатат, анан тиги кемпир убактысын да коюп берди. Ошол учурда Саида кемпирдин он колунда соомой менен ортонку манжасы жок экенин корду. Кыздын коз албац карап турганыр баамдаган кемпир:
-Согуш талаасында журуп айрылгам, - деп койду.
Баарын тушундуруп болгон сон экоону кайра сыртка узатып чыкты да, жылуу коштошуп кала берди. Азыркы коргон нерсе туш эмес чындык экени канчалык экооно оор тийди. Эмир "мен бардык курал жаракты билем, жана бардыкты коргом!" - деп ойлочу экен. Корсо ал билгендин бир чекеси да эмес турбайбы. Буга окшогон жашыруун лабораториялар дагы кайсы олколордо бар, жана канча так санын билбейт. Ушунун баарын колдонушса мына жер жузун бутундой тегиздеп салышаары анык. Кудум Сириядагы согуш талаасындай. Экоо бирин - бири унсуз тиктеп коздору менен гана эмне жонундо ойлоп жатышкандыктарын тушунуп жатышты. Саида тиги кемпирдин колун коруп, согуш талаасынан олуп кетпесен анда булар каарыганда да тынч жашоо кечирууго мумкунчулук беришпесин тушунду. "Деги эле бул уюмдан олуп кутулбасан, кутула албайт окшойсун" - деген тыянака келди. Кеч киргенде болмодо кабар кутуп олтураган экооно кайсы жерди жардыруу боюнча тапшырма келип, дареги менен саат канчада жардыруу керектигинен бери жазылган кат келип тушту. Даректи окуп бир нече мунотко катып турган Саида Эмирди карап коздорунон жаш томолонуп "жок!" - деп башын чайкап жатты.
Мечиттеги жардыруудан али озуно толук келише элек шаардын эли аза кутуп жаткандай, жада калса асманда булардын кайгысын тен болушо капкара булутка жамынып анда санда коз жашы болгон жамгырды тогуп жатты. Дениз болсо куноосуз олуп кеткен адамдарга кайгырып, ыйлап атугул албуутана жээке озун уруп ак кобугун чачыратып шарпылдайт. Балким алдыдагы мындан да коркунучтуу кабарды билгендей жаратылыш элдерге белги берип жаткандыр. Шаардын чок ортосунан орун алган чон соода уйуно келишкен Эмир менен Саида андагы аз адамдарды коруп журокьору бир аз жайлангандай болду. Анткени бул соодо туйунундо ар дайым адам коп болуп турчу. Сырттагы жаандан окшойт копчулук бул жака келишпегендей. Бирок дагы 3 саат бар жардырууга чейин. Соода уйун айланып, ичиндеги магазиндерди кыдырып журушту. Жана эле эч ким жок турган бул жер бир саат аралыгында адамдарга толуп чыкты. Шашыла кол саатын караган Эмир дагы жарым саат калганын корду. Корсо бугун бул жерде кайрымдуулук концерти болуп, тушкон акча мечиттен каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга жардам катары берилет экен. Эмир менен Саиданын айласы кетип, тыбырчылап алышты. Корсо жогору жактагылар баарын билип анан уюштурган турбайбы баарын! Керектуу жардыргычты орноткон Эмир копчулукко кошулуп, Саида экоо концерт коруп жатышты. Эч нерседен бейкапар эл. Арасында шаар которгон жаш балдар, коляска судурогон аялдар журот. Бир, эки уч... Дуун! Саида коздорун жумуп Эмирдин колдорун бекем кармап алды. Кулак асты тунуп, жерге кулап тушкон ал мандайында жаткан Эмирдин да коздору антарылып баратканын чала корду. Ызы чуу тушкон ундор угулуп угулбай коз алды мунарыктап барып карангы ааламга синип кетти озу...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   13 Июль 2020 - 21:26

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Коздорун аран ачкан Саида аппак шыпты анан жанында тамчылатма укол сайылып турганын корду. Кайра коздорун жумду, олбогон экен. "Эмир!" - деди бир убакта. Ордунан обдула бергенде кирип келген медайым коро калып кайра жаткырды.
-Ханым сизге мумкун эмес.
-Мен, менин куйоом! - деп жатты шашылып.
-Сиз ысымынызды эстей аласызбы? Куйоонуздун ысымы ким?
Саида кайра ойлоно кетти. "Эсинен чыгып калдыбы? Туркияга киришкенде башка ысым менен киришкен бирок ким эле?"
Жалдырап карап турган кызды медайым тынчтандырып жатты.
-Ханым, озунузго толук келсениз баары эсинизге тушот. Суранам тынчтаныныз.
Ошол убакта сырттан башы бинт менен танылган Эмир кирип келди.
-Фахрия!
Эсине тушту Фахрия болчу жаны ысымы! Бирок Эмирдинчи?
Чуркап келип Саиданы кучагына алганда кыз ыйлап жиберди. Эмнеге экенин деле билбейт. Оропкуп тим эле опко опкосуно батпай ыйлап жатты. Кыязы экоо тен аман калганына суйунуп жатса керек. Палатада кошо жаткан торт адам, медайымдар буларды коруп коздоруно жаш алды. Анткени соода уйундогу жардырууда кошо жургондор туугандарын, бири аялын, бир досун, дагы башкасы баласын жоготуп аман калганы аз болчу. Эмир кызды кучактап турган калыбында кулагына шыбырап жатты.
-Баары жакшы. Биз аман калдык!
Саиданын суйлоого чамасы жок, жон гана коз жашын агызып башын ийкегенге аран жарады.
-Ханымдын абалы жакшы. Оор жаракаты жок. Шок абалынан чыга элек ошондуктан ысымдарды айта албай жатат, - деди дарыгер буларды тынчтандырып. Дагы эки кун ооруканада жатышкан сон ал жерден чыгып, жанагы оздору токтошкон мейманканага келишти. Болмого кирип стол устундо турган ноутбукту куйгузууго даабай кыйла турушту.
-Эмир балким ушул бойдон жоголуп кетсекчи? Бизди олду деп ойлоп калышат.
-Жок, алар биздин тируу экенибизди билишет. Кордун го бул жакта канча тынчылар бар. Соз берем Саида ал уюмдан чыгабыз, бирок азыр убактысы эмес!
Эмир эркин жыйнап ноутбукту куйгузуп, Абдулдун электрондук почтасына  "биз аманбыз!" - деген кыскача билдируу жазып жиберип койду. Арадан бир саат отпой Абдул видео менен байланышка чыкты.
-Кубанычтабыз! - деди Абдул. Жанында Шариф да бар экен. Кыязы сайрандап жатышкандай.
-Силерди "аман калды" - деген кабар келгенде биз майрам кылдык, майрааам! - деди Шариф унун бийик чыгарып колундагы шарапты которуп.
-Эн сонун! Эн мыкты! Аллах силерди биз учун сактап калды!
Шарифтин суйлогон ар бир созун, жасалма кулгонун Саида жийиркенуу менен карап турду.
-Эс алгыла. Андан кийинки аракетинер жонундо дагы кабар беребиз!
Ноутбук очту. Саида Эмирди тиктеди. "Баары бутту!" - деп эрте кубанып алышканын экоо тен туюп турушту. Корсо Шариф буларды атайы "жардырылган имараттан кетпей кошо  калгыла!" - деп буйрук берген экен. Адамдарга кумон жаратпоо максатында. Ал эми олуп калышабы же аман калабы "Аллахка аманат!" - деп коюптур. Жараткан буларды олумго кыйбады. Балким боору ооруду, же "жасаган куноолорунун жазасын мойнуну менен бул дуйнодо тартышсын" -дегениби белгисиз. Саиданын коз алдына бирде ооруканада ыйлаган, онтогон адамдар келсе, бирде соода туйунундо эч нерседен бейкапар журушкондору тартылып кыйналып чыкчу болду.
Арадан дагы уч кун убакыт отуп кат келип тушту. Анда дагы жардыруу жонундо буйрук келиптир. Бирок бул жолу оздору учуп кетишет экен. Ал эми жардыруучу дарек аэропорт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   jindirak   14 Июль 2020 - 08:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Маладец автор дагын кутом
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Kyzyl-jooluk-jaljalym   14 Июль 2020 - 09:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Август 19
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 03:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Где Ты там и Я

Вауу керемет чыгарма... Кутобуз автор...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Naj29   14 Июль 2020 - 10:53

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 14
  • Катталган: 11 Июль 20
  • Соңку аракети: 08 Ноя 2020 22:04

Автор , көп-көптөн жазуудан чарчабаңыз! !! Дагы күтүүдөбүз. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   ASA79   14 Июль 2020 - 21:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Рахмат жакшы жазып жатасыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   jindirak   15 Июль 2020 - 19:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Чё то мына автор мени кыжаалат кыла баштады, ооруп калбады бекен. Тап жок деп аттыле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   15 Июль 2020 - 22:45

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХ
Кайра эле ошол какыраган Афгандын талаалары. Эски машинада мелтиреп бозоруп коз алдында чубалып жаткан учу кыйыры жок  талаадан козун албай бараткан Саиданын азыр озу бул жерде болгону менен ойлору тиги шаарда калып кетти. Андагы шарпылдап жээкке урунган тупсуз кок денизге бой таштап чогуп кеткен. Ошол шаардын бейкут, тынч жашоосуна сунгуп кирген ал такыр чыкпай, чыгууну да каалбай, шаардын ар бир кочолоруно керек болсо ошол жол боюнда оскон жашыл дарактарга синип калып кетти. Ал эми бул жака жон гана денеси, жансыз солокоттой болуп Эмирди ээрчип келе жатты. Аэропортту жардырып бирок оздору кубо болбой, учуп кетишкени бир тараптан женил, бир тараптан ошончо оор эле. Соода уйундо аман калгандарына ушунчалык окунуп жатты. Балким ошондо олуп кетишсе дагы миндеген адамдардын омурун сактап калышаар беле?
   Бирок кайдан? Буларга окшогон канча тируу роботтор бар? Шариф тобокелге салса демек алдындан баары даярдалган. Олуп кетишкенде башкасы келип баары бир жардырып кетмек. Оздору эле кубо болушпады тиги жашыруун лабораторияга. Андайдан дагы кеминде он болсо керек. Тизилип турган куралдар, жардыруучу заттарды эстеп алып журогу опкоолжуп кетти. Анын бироо эле ушунча болсо, ал жерде сан жеткис тизилип турбайбы? Дагы жасап жатышат! "Оо кудай, жол корсотчу?! " - деп жалбарып жиберди ичинде. Саида биринчи жолу мындай абалга тушуп калышы. Ушуга чейин жасаган иштерин, же куноолорун мынчалык конулуно алып, бирден тизмектеп олтуруп анан бушайман болуп окунгон эмес болчу. Эмирди карады. Анын да коздору чарасыз...
Борбордук штабга келип токтогон машинадан тушкон экоо, аран эле баштарын шылкыйтып ичкери киришти.
-Эмир, Саида! Силер улуу парзынардын бирин аткарып келдинер, жана ал ийгиликтуу болду. Аллах жолунда ким согушса, аны Аллах озу сактайт!
Колуна тасписин кармап, адаттагыдай тордогу  жерге тошолгон жумшак мамыктай болгон тошокто олтурган Шариф, буларга суйлоп жатты. Анын бул кейпи ушунчалык жаман корунуп турду бул экооно. Муздак тиктеген бул коздорунун артында ошончолук ызаа, жек коруу атугул кек жатканын туйган жок Шариф. Бир гана кыраакы Абдул Эмирдин козундогу болор болбос жанып турган учкунду байкады. Эмне экенин билбейт. Бактылуу же капалуу. Бирок бул учкундар анын журогунун ойгонуп баратканынан кабар берерин анык билет болчу. Мындай жанган коздордун далайына кубо болуп, далайын тазалап келген го... Анын Эмирден козун албай абдан берилип тиктеп турганын Саида коз кырында да сезди. Ушул азыр колунан келсе Эмирге эскертмек. Кандай уйротсо да баары бир Эмир контролду жоготуп алган сыяктуу.
-Эс алгыла! - деген Шариф Саиданын Абдулду, Абдулдун Эмирди узбой тиктеп оз ойлору менен алпурушуп жаткан кармашын токтотту.
Биринчи Саида, андан сон Эмир чыкты. Эми эреже боюнча экоо тен текшеруудон откучокту корушо алышпайт. Саида "Кандай болбосун Эмирди эскертуу керек, Абдул ушул бойдон калып кетпеси анык, создорунон чаташтырып жатып, илип албасын!" - деп куйполоктоп кетти. Анткени булардын мыйзамын ушундай. Мындай тапшырмага барып келгенден кийин, журоктору ойгонуп баштаганы коп болгон. Текшеруу убагында, же башка жолу менен болсо да аныктап алышат. Саидага болуп откон окуялар катуу таасир этип Туркияда озун жоготуп коюп жатканы менен Афганистанга келип, айрыкча Шарифти коргондо мупмуздак болуп туруп берди. Кантсе да эмоцияны ичке сактоону ото жогорку денгээлде оздоштургон да. Ал эми Эмир бул жаатта тажрыйбасыз экени билинип калды. Болушунча озун ичке тартып турса да коздору менен билдирип койду.
Тун бир оокум. Мышыктай болуп дабыш чыгарбай ийкемдуу кыймылдаган Саида бутунун учу менен Эмир уктап жаткан болмого баш бакты.
-Эмир?
Жаны гана козу илинип бараткан Эмир бул унду тушундо угуп жатам деп ойлоп ансайын кошулуп баратты.
-Эмир?!
Эми жанагыдан унун бир аз катуу чыгарган Саида Эмирди туртту. Коздору умачтай ачылып бери оодарыла мандайында турган кызга курал такады.
-Оох, сенби?!-деген Эмир куралын акырын кайра жаздыктын алдына ыргытты.
-Эмир ук мени жакшылап, Абдулду сен кордунбу жана?
-Ооба эмне болуптур?
-Озум да ушинтип ойлогом, сени эч нерсени байкабады деп.
-Эмнени? - деди Эмир тан кала.
-Абдул сенден шек санап жатат.
-Кантип?
-Ишен мага, анын бул карашы мага тааныш. Далай кыздарды ушинтип карап алып, текшеруудон ары жок кылып ийчу. Сенин коздорунду окуп койду ал. Сен дагы эле эмоциянды ичке бекиткенди оздоштуро элексин. Ошондуктан шек алды.
-....
-Эртен текшеруу башталганда, болушунча озунду муздак карма. Ал озу болмосуно чакырып кутуусуз эле жерден козунчо бир нерсени мисалы, коен же кучуко окшогонду мууздап салат. Сенден реакция кутот. Озунду муздак карма. Бул мен билгендин чекеси, дагы эмнелерди жасап жиберет белгисиз. Андыктан сак бол. Мен кеттим убакыт тар. Аман чыксак текшеруудон корушоорбуз.
-Саида! - деди Эмир акырын чыгып бараткан кызды токтотуп.
-Сага рахмат! Мен соз берем, биз бул жактан кетебиз!
-Сак бол! - деген кыз кандай кутуусуз пайда болсо ошондой кайра жок болду.
Эмир эмне кылаарын билбей олтура кетти. Чынында Саидадай эрк озундо жок экенине эми ынанып олтурат. Ошол жапжаш кыз сезе алган нерсени озу билбегенин карачы?! Дагы омурун тобокелге салып буга эскерткени келип кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   15 Июль 2020 - 22:47

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (15 Июль 2020 - 19:57) жазган:

Чё то мына автор мени кыжаалат кыла баштады, ооруп калбады бекен. Тап жок деп аттыле.

Рахмат кыжаалат болгонунузга, жакшымын бугун))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   15 Июль 2020 - 23:40

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Саида айткандай эле текшеруу башталышы менен Абдул Эмирди чакырды. Бирок болмосуно эмес, хан сарайдын чакан арт жагындагы чакан бакча сыяктуу жерге. Ал жерде кобунчосу Шариф озу эс алчу, жанында бассейни да бар. Эмир келгенде негедир Абдул жайдары экен, же атайы озун ушундай тутуп жатабы белгисиз. Бир нерсеге конулу ачылып куунак олтурат.
-Эмир! - деди кубанычтуу колун жайып.
-Кел олтур!
Эмир ошол калыбынан жазбай жада калса жузунда бузбай Абдул корсоткон орунга олтуруп, кудум буйрук кутуп тургандай Абдулду карап турду. Кече гана жанып кайра жоголуп бараткан козундогу учкун жок, кайра музга айланып калыптыр. Абдул узака тигилип алган сон кайра башын буруп кетти. "Жок мен кече даана корбодумбу мунун Шарифти кандай тиктеп турганын! Жек коруу, оч алуу бар эле. Же жанылыш кордумбу? Болушу мумкун эмес, бул нерседе жанылышпайм! " - деп жатты озунчо. Азыр эле жайдары олтурган Абдул чекесин тырыштыра озгоро калганын коргон Эмир ичинен коркуп жатты. Кайра Эмирге карап калп жылмайды.
-Куттуктайм текшеруудон оттун! - деди.
Эмир жон гана баш ийкеп койду. Жада калса жылмайган да жок. Бул ого бетер Абдулдун кыжырына тийди. Эки колун ушалап кыцла олтурду Абдул. Мандайында озунон козун албай Эмир олтурат. Бир убакта чакан патнос которгон кыз суусундук менен жузум котопуп келип булардын алдына койду.
-Эмнеге кеч?
-Мен, - деген кыз Абдулдун карашынан коркуп мукактана созун андан ары улай албай калды.
-Эмнеге кеч алып келдиин?!
Эми Абдул кыйкырып жиберди.
Кыздын тоголок коздору жашка толуп ансайын бужуроп соз айта албайт.
-Атып сал!
Абдул Эмирге карады. Азыр ойлонууга убакыт жок эле. Бир мунот откоруп жиберсе эле болду, озунун башы кетери бышык. Коз ирмемчелик убакыт! Эмир козун да ирмебей туруп жаш кызды так мандайга атып салды. Артындагы сууга кулап бараткан кыздын коздору Эмирге кадалган боюнча кетти. Ал каректерде сурануу, умут, ошол эле учурда жек коруу да жаткан. Туптунук болуп суу толгон бассейн кыпкызыл канга жайылып ортодо кыздын жансыз денеси калкып турду. Абдул ошол менен эле калбастан Эмирдин андан кийинки реакциясын да байкап экоо кошо ошол жерде кыз алып келген суусундуктан ичип жузум жеп олтурушту. Бир сааттан ашык убакыт откон сон гана Эмирге уруксат берип кетирип жиберди. Абдул "жанылыпмын" - деди ичинде. Эмирден ашыкча нерсе байкабады. Буйрукту гана аткарган робот.
Ордунан туруп бери бурулган Эмир канчалык козун ала качса да суунун ортосунда жаткан кызга козу кетип калды. Озун сактоо учун бир куноосуз омурду кыйды! "Таш боор, мерез адам экенсин! Жок адам дегенге ылайыктуу да эмессин! Сендейлерди эки буттуу айбан дейт Эмир!" - деп жатты дилиндеги чарасыз калгандан боздогон алсыз ун.
Болмого кирип эле козунон жаш кулап тушту. Ооба сыноо болоорун билген бирок мынчалыгын кутпогон, даярданбаган эле.
Артынан кирген Саида Эмирди кучактап алды. Экоо тен шолоктоп ыйлап жатышты..
-Эмир!
-Саида,мен чыдай албаймын!
-Биз уттук.
-Булар баарына жооп берчу кундору келет!
Тиштенген Эмирдин азыр оюна буларды жок кылып салуудан башка эч нерсе келбей турду.
-Эмир эсине кел!
-Саида биз эми башка чара коробуз.
   Эмирдин бул созунун артында эмне жатканын билбесе да Саидада умут ойгонду. Жашоолору кайра мурунку калыбына тушуп машыгуу, курал атуу менен алек болуп калышты. Ортодон коп кундор отуп, ал ортодо Эмир чакан тапшырмаларга да чыгып келип журду. Андыганы эле Абдулдун кабинети. Ар дайым кулпуланып, озунон башка жан адам кирбеген бир темир эшиктин артында озу да билбеген, буга жол корсото турган нерсе жаткандай ошол эшике бут менен акылы кадалып калган. Кируу керек, бирок кантип?!
  Бир куну Шарифтин туулган куну болуп хан сарайда сайран болду. Кыздардын лагериненби же атайын башка олкодонбу тандалып алынган онго жакын суйкайган сулууларды чон залга тизип беришти. Алдындагы дасторкон усту дуйум тамака толуп шарабы андан коп. Тан атканда башталган бул майрам тун бир убака чейин уланды.. Баары катуу кызып калганда Абдул "менин белегим бар деп чулдурап, озунун кабинетине жоноп калды, ошону эле кутуп турган Эмир эч кимге билдирбей анын артынан акмалап жоноду.  Оор темир эшикти шарактата ачып ичкериден чакан кутуну которуп, бутунда аран баскан Абдул кайра чыгып кетти. Мас болгон учун кайра эшикти катуу туртуу оюна келбеген окшойт. Акырын сурулуп жабылып бараткан эшикти Эмир кармап калып, ичкери кирди да эшике кичине темирди такап койду. Болмонун ичи карангы экен. Каап жанында фонары да жок. Коздорун бир аз жумуп туруп кайра ачты эле, болмо ичи даана коруно баштады. Тордо иш столу анын устундо компьютер, ноутбук, жанында онго чукул телефон жатат. Сейф да ачык калыптыр ичи толо доллар. Бир сыйра болмодогу буюмдарга коз жугуртуп алган Эмир стол устундогу озу менен Саиданын суротуно козу тушту. Папка экен, экоонуку эки башка. Дароо озунун делосун барактай баштады. Кызыгы ар бир тапшырмасы жазылыптыр. Деги лагерге келген кундон баштап жазылыптыр. Жок, торолгондон баштап экен. Эмне дейт? Делонун башкы бетине озу жонундо маалымат жазылып "улуту" - деген жерге "кыргыз" - деп коюптур. "Бирок неге? Мен Россиядан келгем, апам Надежда!" - деп ойлогон Эмир эч нерсеге башы жетпей турду. Шашыда Саиданын делосун ачып окуду эле анда дагы "кыргыз" - деп турат. Бул болмодо узака туруу кооптуу экенин унутуп салгандай. Эми эсине келе папкаларды койду да кайра эшик оозундагы темирди алып озу чыгып кетти. Бирок оюнан "кыргыз" - деген кетпей кайра кайра кайталап жатты ичинде. "Мунун чынын бир гана адам апа айта алат!" - деди Надяны эстеп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   15 Июль 2020 - 23:42

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (15 Июль 2020 - 23:25) жазган:

Сагынтырып жоксунго

Ооба билем тушуномун, сезип турам,
Мен да азыр жалгыздыкты кечип турам.
Сиз менен кезигишчу кунду кутуп,
Келе жатам чон дайраны кечип улам...)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 03:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: