Адам кайсыл учурдан баштап мусулман болот, же ага мусулманчылык туулгандан эле таандыкпы?
Албетте, генетикалык тартиптерге ылайык өзбөктө н - өзбек, кыргыздан - кыргыз, негрден - түсү кара туулуу мүмкүн. Анткени, улут – эч ким жокко чыгара албаган өзгөчө лүк. Мисалы: кыргыздын паспортуна өзбек деген тамга басылса, ал өзбек болуп калбайт. Же аны өмүр бою кытайда жашатса, тилинин, каада салтынын, жүрүм турумунун таасири тийиши мүмкүн, бирок, анын улуту кыргыз бойдон калат. Себеби кыргыз деген генетикалык код анын канында кала берет.
Ал эми намазкөйдү н мусулмандыгы баласына каны аркылуу өтөбү ?
Улуу Ислам окумуштуусу Саид Маудуди кайсыдыр кутбасында:
«Албетте жок жана жок! Ал пайгамбардын урпагы болсо да Ислам менен жашабаса аны мусулман деп айтууга болбойт. Анткени мусулман болуу үчүн сөзсүз Исламдын талаптарын аткаруу зарыл. Мусулманчылык улут сымал кан аркылуу берилчү сапат эмес. Аны адам өзү гана жүрөгү
менен кабылдайт. Ага баш ийгенин амалдары менен тастыктайт жана мусулман болуп калыптанат» - дейт.

Супер-Инфо
super.kg
видео





















