Шашыла уйго кирген Аман болмосуно отуп баратып ашкана тараптан чыга калган апасына суйлоду.
-Кантет? Эмне мынча шашылып? Деги ушул сенин жумушун. Кайдан да бул окууга тапшырууна жол бердик экен десен...
Куйполоктоп баласынын жанында чарк айланып журот Сезим.
-Апа биринчи жолу эмес го?
-Балам тойду суйлошууго баралы деп атсак, эми сен кетип каласынбы?
-Той качпайт, анан да келининиз ал жаш, эми 18 ге чыкты, - деген Аман Алиянын "керек болсо эми 18 ге чыктым!" - деп суйлонуп баратканын эстеп жылмайып алды.
Кайгырып кайра баласынын мандайынан ооп жыттап кала берди Сезим. Негедир Аман ушинтип командировка деп кетсе, же жумушунда кармалып калса озун жаман сезе берет. Атугул тушуно кадимкидей Аман согуш талаасында жургону кире берет. Бирде ок атышып жарадар болсо, бирде бироону олтуруп колундагы куралын карап башын жерге салып ункуйуо айласыз олтурганын корот. Анан да коздору ушунчалык мундуу, жалбарып тиктейт. "Апа!" - деп озун чакырып жаткандай колун сунуп барып ойгонуп кетет. Уулу журогуно ошончо жакын экен. Балким эгиздер болуп, аябай кутуп анан бири чарчап калганда ушул баласын кокурогуно ьасып жараатын айыктырганы учун ошончо жанына жакын болуп журогу менен бир тен болуп калгандыр. Эгиздери демекчи Сезим жансыз жаткан уулун корсотушкондо такыр ишенбей койгон. Атугул журогу эзилип, мээрими деле тушкон эмес. Озунун эмес, кудум бироонун баласын карап тургандай тигилип тура берген. Жада калса колуна карматкан ДНК тест да мунун кумонун жууп кое албаган. Акыркы жолу операцияга алып жатышканда курсагы бир обдулуп эки баласы тен кыймылдап экоону тен сезген болчу. Анан кантип эле олуу торолду? Озу
бир жакшы толгоотуп, озум торойм деп аракет кылып жаткан баары жакшы болчу, бирок негедир башкы дарыгер келип "операцияга алабыз торой албайсын" - деп алып салышпадыбы. Жаш экен корсо. Эч нерсени тушунбогон мигрант кыз, "омурун коркунучта" - десе, ансыз да толгоонун азабына чыдай албай жатканда макул болгондон башка чара корбогон экен да. Болбосо азыркы акылы болгондо жок дегенде" куйоом катышсын операцияга" - демек! "Эххх!" - деп алды улутуна.
Амандардын болумуно туштуктон маалымат келип тушту. Анда "Сириядан аман качып келген кыргыз жараны" - жонундо болчу. Ал адам коп жылдар дайынсыз кетип, издоо жарыяланып акыры уй-булоосу да умутун узуп салганда мынтип пайда болду. Болгондо да жарадар абалы оор, оорукананын жандандыруу болумундо. Жалал-Абад шаарынын тургуну, айдоочу болуп иштеп журуп эле дин жолуна тушуп намаз окуп, андан дааватка чыгып, тез убакыттын ичинде молдо болуп кеткен. Анын ушунчалык бат озгоргонуно баары тан калышса, жашоо шарты жакшырып баратканы андан отуп тан калычтуу болгон. Ал адам озунун дос туугандарына, тааныштарына "динге кызмат кылуу керек. Аллах бар деп ишенсенер, ал зат ырыскынарды озу берет!" - деп айткандан тажабай калган. Ошондой кундордун биринде такыр дайынсыз жоголуп кетип, эми мынтип кайра келип олтурат. Бул адамдын баянына чынында копчулук маани бербеди, анткени ошол жылдары Сирияга азгырылып кеткендер коп кездешчу. Бирок Аман катуу киришти, негедир ушул кишиден бир нерсе илип таап алчудай журогу тартып, анан мынтип жетекчисинен суранып туштукко карай жол алды. Алгач келгенде ал ооруканага отуп бирок жолуга албады. Анткени дарыгердин айтымына караганда катуу жардыруудан баш мээсине доо кетип жабыр тарткан, озуно бир келип, кайра эсин жоготуп жатат. Катуу жарадар болгон сон коп басып, Сириядагы куткаруучу биринчи штабка жетип эле жыгылган экен. Ал жерде бир жума карашкан сон, озуно келип кадимкидей болуп калганда Кыргызстанга жиберишиптир. Бирок бул жака келип дагы абалы оорлоп кетип, мынтип жатканын айтты. Ал жактагы куткаруучу штабтагылар, бул адам кантип аман калгандыгына тан калышып, атугул муну "керемет" - деп аташты. Себеби, Сирия талаасында аман калуу бул жомок. Дагы торт кундон сон кыйла созго келип калган кишинин алдына Аман кирди. Жанатан жакшы эле олтурган адам Аманды короору менен ону бузулуп, коздору чакчайып жуурканга башын ката онгуроп кирди.
-Кееет суранам! Кееет! Ушул жака чейин издеп келдинби? Барбайм мен! Акчанарды кайтарам, суранам кееет!
Анын бул кылыгы баарынын журогун тушурду. Айрыкча Амандын. Аманды сыртка алып чыккан дарыгер "бул катуу жаракат алгандын кесепети, жоолуп калган" - деп тушундурду. Конулу тупойул тарткан Аман маанайы чого ооруканадан чыгып баратты. Анын кетип баратканын терезеден андып турган Жакып гана эки эгизди коргон жалгыз адам болчу.
Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 16 Июль 2020 - 00:56