Суперстан: Куноосуз коз жаштар... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Куноосуз коз жаштар...

#81 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   16 Июль 2020 - 00:37

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

  - Апа туштуко жоноп жатамын!
Шашыла уйго кирген Аман болмосуно отуп баратып ашкана тараптан чыга калган апасына суйлоду.
-Кантет? Эмне мынча шашылып? Деги ушул сенин жумушун. Кайдан да бул окууга тапшырууна жол бердик  экен десен...
Куйполоктоп баласынын жанында чарк айланып журот Сезим.
-Апа биринчи жолу эмес го?
-Балам тойду суйлошууго баралы деп атсак, эми сен кетип каласынбы?
-Той качпайт, анан да келининиз ал жаш, эми 18 ге чыкты, - деген Аман Алиянын "керек болсо эми 18 ге чыктым!" - деп суйлонуп баратканын эстеп жылмайып алды.
Кайгырып кайра баласынын мандайынан ооп жыттап кала берди Сезим. Негедир Аман ушинтип командировка деп кетсе, же жумушунда кармалып калса озун жаман сезе берет. Атугул тушуно кадимкидей Аман согуш талаасында жургону кире берет. Бирде ок атышып жарадар болсо, бирде бироону олтуруп колундагы куралын карап башын жерге салып ункуйуо айласыз олтурганын корот. Анан да коздору ушунчалык мундуу, жалбарып тиктейт. "Апа!" - деп озун чакырып жаткандай колун сунуп барып ойгонуп кетет. Уулу журогуно ошончо жакын экен. Балким эгиздер болуп, аябай кутуп анан бири чарчап калганда ушул баласын кокурогуно ьасып жараатын айыктырганы учун ошончо жанына жакын болуп журогу менен бир тен болуп калгандыр. Эгиздери демекчи Сезим жансыз жаткан уулун корсотушкондо такыр ишенбей койгон. Атугул журогу эзилип, мээрими деле тушкон эмес. Озунун эмес, кудум бироонун баласын карап тургандай тигилип тура берген. Жада калса колуна карматкан ДНК тест да мунун кумонун жууп кое албаган. Акыркы жолу операцияга алып жатышканда курсагы бир обдулуп эки баласы тен кыймылдап экоону тен сезген болчу. Анан кантип эле олуу торолду? Озу
бир жакшы толгоотуп, озум торойм деп аракет кылып жаткан баары жакшы болчу, бирок негедир башкы дарыгер келип "операцияга алабыз торой албайсын" - деп алып салышпадыбы. Жаш экен корсо. Эч нерсени тушунбогон мигрант кыз, "омурун коркунучта" - десе, ансыз да толгоонун азабына чыдай албай жатканда макул болгондон башка чара корбогон экен да. Болбосо азыркы акылы болгондо жок дегенде" куйоом катышсын операцияга" - демек! "Эххх!" - деп алды улутуна.
Амандардын болумуно туштуктон маалымат келип тушту. Анда "Сириядан аман качып келген кыргыз жараны" - жонундо болчу. Ал адам коп жылдар дайынсыз кетип, издоо жарыяланып акыры уй-булоосу да умутун узуп салганда мынтип пайда болду. Болгондо да жарадар абалы оор, оорукананын жандандыруу болумундо. Жалал-Абад шаарынын тургуну, айдоочу болуп иштеп журуп эле дин жолуна тушуп намаз окуп, андан дааватка чыгып, тез убакыттын ичинде молдо болуп кеткен. Анын ушунчалык бат озгоргонуно баары тан калышса, жашоо шарты жакшырып баратканы андан отуп тан калычтуу болгон. Ал адам озунун дос туугандарына, тааныштарына "динге кызмат кылуу керек. Аллах бар деп ишенсенер, ал зат ырыскынарды озу берет!" - деп айткандан тажабай калган. Ошондой кундордун биринде такыр дайынсыз жоголуп кетип, эми мынтип кайра келип олтурат. Бул адамдын баянына чынында копчулук маани бербеди, анткени ошол жылдары Сирияга азгырылып кеткендер коп кездешчу. Бирок Аман катуу киришти, негедир ушул кишиден бир нерсе илип таап алчудай журогу тартып, анан мынтип жетекчисинен суранып туштукко карай жол алды. Алгач келгенде ал ооруканага отуп бирок жолуга албады. Анткени дарыгердин айтымына караганда катуу жардыруудан баш мээсине доо кетип жабыр тарткан, озуно бир келип, кайра эсин жоготуп жатат. Катуу жарадар болгон сон коп басып, Сириядагы куткаруучу биринчи штабка жетип эле жыгылган экен. Ал жерде бир жума карашкан сон, озуно келип кадимкидей болуп калганда Кыргызстанга жиберишиптир. Бирок бул жака келип дагы абалы оорлоп кетип, мынтип жатканын айтты. Ал жактагы куткаруучу штабтагылар, бул адам кантип аман калгандыгына тан калышып, атугул муну "керемет" - деп аташты. Себеби, Сирия талаасында аман калуу бул жомок. Дагы торт кундон сон кыйла созго келип калган кишинин алдына Аман кирди. Жанатан жакшы эле олтурган адам Аманды короору менен ону бузулуп, коздору чакчайып жуурканга башын ката онгуроп кирди.
-Кееет суранам! Кееет! Ушул жака чейин издеп келдинби? Барбайм мен! Акчанарды кайтарам, суранам кееет!
Анын бул кылыгы баарынын журогун тушурду. Айрыкча Амандын. Аманды сыртка алып чыккан дарыгер "бул катуу жаракат алгандын кесепети, жоолуп калган" - деп тушундурду. Конулу тупойул тарткан Аман маанайы чого ооруканадан чыгып баратты. Анын кетип баратканын терезеден андып турган Жакып гана эки эгизди коргон жалгыз адам болчу.

Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 16 Июль 2020 - 00:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   17 Июль 2020 - 03:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Аман ошол бойдон калып кеткиси келбеди. Кандайдыр бир куч дейбизби балким алтынчы туюм анын ошол адам менен суйлошууго турто берди. Дагы бир жолу ооруканага барып ошондой корунушко туш болду. Кызыгы жакшы эле олтурган адам, Аман кирип келгенде озгоро калганы бул жолу дарыгерди да ойго салбай койгон жок.
-Балким сиз форма менен киргенинизге коркуп жаткандыр, - деди коридордо Аманды коштоп бара жаткан дарыгер.
-Балким, балким...
"Чын эле болушу мумкун. Адатта Сирияга кеткендерди сурака алып жазага тартышат эмеспи. Балким ошондон коркуп, абака тушпоонун амалын кылып жаткандыр" Аман бул нерсе жонундо ойлонуп корбогон экен. Туштуко келгенде дагы бир топ башка жумуштары болчу, аларды бутуруп бир жансыл болгуча 3 кун отуп кетти. Дагы ооруканага келди. Бирок бул жолу форма менен эмес болчу. Алгач дарыгерге кирип "абалын билейин"- деп болмосуно баш бакты.
-Саламатсызбы мумкунбу?
-Кел Аман.
-Кабар алайын деп, биринчи сизден абалын билсем дедим эле
-Абалы жакшы, бирок аны уй-булоосу чыгарып кетишти. Сенден кийин да шаардагы милиция болумунон келип, суйлошуп кетишти. Алар менен жакшы суйлошкондой эле болду.
-Анан?
-Анан уй-булоосу сотко чейин озубуз жоопкерчилигин алабыз деп чыгарып кетишти.
-Макул, уйуно дагы отомун.
-Аман, - деди врач ордунан козголуп кетууго кам уруп жаткан жигитти токтотуп.
-Барбай эле койсончу.
-Суйлошуум керек, конулум тынч алуу учун...

Кызыл кыштан бийик болуп салынган уйдун алдына келип конгуроону басты. Дарбазаны ачкан жаш кыз Аманды тиктеп алып унчукпай ичкери кирип кетти да апасын чакырып чыкты.
-Саламатсызбы эже?
-Кел, бирок байкенин алдына киргизе албайм.
-Эже, соз берем кирип коромун, дагы ошондой болсо кайтып келбейм.
Жок дей албады. Унчукпай жол корсотуп ичкери алып кирип баратты. "Туштук жергеси абдан берекелуу да" - деп алды Аман уйдун чакан бакчасындагы туркун момо дарактарын, анан уйдун алдына буралып осуп короону салкын кыла жаап турган жузумду коруп. Жакып ошол жузумдун астындагы тапчанда олтурган экен. Аманды коруп коздору чоноюп ордунан бир обдулганы менен мурункудай кыйкырып чуу салбады.  Негедир токтоо болуп, жакшы болуп калгандай. Анын тынч олтурганын коргон аялы ишенбегендей "дагы эмне болуп кетер экен" - деп санааркап турганын коргон Жакып башын ийкеп койгондо гана уйго кирип кетти.
-Ассаламу алейкум!-деп кол берип учурашкан Аманга унчукпай кол сунуп койду да жузуно абдан тигилди. Бир канча мунотко созулган бул унсуздукту Жакып бузду.
-Сен ал эмессин!
-Ким? - деди Аман да.
-Бирок ушунчалык окшошсунар! Жузундогу ар бир сызык, жада калса козун да ошондой. Тим эле айрып ала алгыс! Болгону сендеги коздор жылуу, жалындуу. Анын коздору муздак болчу. Робот да ал!
Жакып Аманга суйлоп жатабы же озу менен озу суйлошуп жатабы белгисиз. Бир чекитти тиктеп олтурган калыбында суйлой берди.
-Ушул коздорду коруп анан мен айырмаладым! Мынаны кордунбу? - деди устундогу майкасын чечип далысындагы тырыктарды коргозуп.
-Муну ошол жасаган. Мени кескилеп жазалайт болчу. Мындан ырахат алат окшойт десен, анда сезим деген нерсе жашабайт. Темир адам, кокурогундо журогу бар экенинен деле кумон кылам! - деген Жакып жашып кетип уну каргылданып чыгып жатты. Чын эле денесиндеги тактарга караганда азаптын, кыйноонун эн оорун коргондой.
-Ысымы ким? - деди Аман бир убакта, бышактап болуп кайра мелтиреп олтурган Жакыпты тиктеп.
-Алардын ысымы болбойт. Дуйнодо окшош адамдар коп. Бирок мынчалык эмес. Бир окшошсо эгиздер гана ушунчалык окшош болушу мумкун. Ал да чанда гана кездешет.
Жакыптын ушул азыр суйлоп жатканын уккан адам муну мээсине доо кетип жабыркаган дегенге тук ишенбейт болчу. Анткени сопсоо адамдай суйлоп, атугул ойлонуп жатпайбы?
-Сириядан кезиктирдинизби?
-Афган талааларынан. ..
-Сиз Афганистанга эмнеге бардыныз?
Тиктеп турган чекиттен козун алып бери караган Жакып бир убакта каткырып куло баштады.
-Кайра сенби? Козумо корунуп жатасын го ээ?
-Байке?
Ансайын кулгону катуулап бир убакта уулуп уншуп ыйлай баштаганда уйдон аялы менен балдары топурап чыгышып айланчыктап бири  бетине суу чачып, бири даарысын салып ызы чуу тушуп жатып калышты. Ушунун баарын нес абалага тушуп карап олтурган Аманды аялы уйдон туртуп чыгарып салды.
-Мен сизге айткам кереги жок деп!
-Эже..
-Болду созунуздо турунуз, башка келбен. - деген аял мандайына дарбазасын жаап койду.
"Эгиздер болушунар мумкун дейби? Деги ким жонундо айтып жатат? Афган талаасында мага куюп койгондой окшош бироо бар окшойт. Эгиздер... Менин эгиздин бири экенимди кайдан билет? Же жон эле дал келуубу?" Аман башындагы бул сыяктуу баш аягы жок чырмалышкан суроолоруна жоопту бул адам менен суйлошкондо аламын дегени таш каап, жооп алмак турсун эки эсе чиеленишип кетти го. Ошол экоонун жолугушуусунан кийин дагы абалы начарлап ооруканага жеткирилиптир. Бирок бул жолу психикалык оорулуулар жатчу ооруканага жатыптыр. Аны уккан Аман, бул кишиден ондуу жооп ала албасына, эми пайдасы жок экенине козу жетип, борборго кайтып кетти.
Ооба Жакып адашып Сирияга барып калган, "динге кызмат кыласынар" - дешсе чон умут менен кеткен ал согуш талаасына туш келип нес болгон. Ал жерден "качам" - деп колго тушкон болчу. Анан муну Афганистанга кул кылып сатып жиберишкен эле. Текшеруудон откоргон Шариф органдарын сатамын деп кармап, иштетип жургондо Эмирди коргон. Эки уч жолу качып кетип, Эмир суйроп таап келген болчу. Ошондо кожоюндарынын буйругу менен тигинтип кыйнаган эле да. Операцияга органдарын алабыз деп баратышканда талаада кол салуу болуп жардыруудан аман калып мынтип качып келбедиби? Биринчи жолу Аманды коргондо чын эле Эмир деп ойлогон. Кийин гана коздорун коруп башка, таптакыр башка экенин тушунду. Бирок экоонун байланышы бар экенин туйуп турду. "Балким эгиздер" - деп ойлоду. Дагы алдыдагы толгон сурактардан башын ооруткан суроолордон качып озун жиндилике салды да, психикалык жабыркагандардын ооруканасына жатып алды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   17 Июль 2020 - 03:08

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Так ушул учурда миндеген чакырым алыста озунун тугойу, Эмир да "кыргыз" - деген улут жонундо маалымат чогултууну баштаган эле. Муну да башында кудум ошондой жоопсуз суроолор жайнап кеткен.
-Саида, - деди бир куну кыздын жанында машыгуудан кийин дем алып олтуруп.
-Сен "кыргыз" - деген улутту уккансынбы?
-Кыргыз? - деген Саида кашын которуп Эмирге карады.
-Ооба
-Уккамын.
-Кайдан?
-Биздин уюмдун ал мамлекетте да мучолору бар. Лагерге кыргыз кыздар, аялдар да келчу. Ошолор аркылуу билем.
- Мамлекет дечи?
-Ооба Кыргызстан деген мамлекет.
-Ал жакта согуш жокпу?
-Билбеймин,- деген кыз ийинин куушуруп койду.
-Сага эмнеге керек болду? - деди кайра бир азга унсуз олтурган сон.
-Саида мен кыргыз экенмин.
-Койчу?
-Ооба делобузду окудум, Абдулдун кабинетиндеги.
-Тентек, сен ал жака эмне кирип журосун? Коркунучтуу экенин билесин го?
-Эч ким байкаган жок. Бирок андан башка маселе бар.
-Эмне?
-Сенин да делондо, кыргыз деп турат, улуту деген жерине.
-Мен Таджикистандан келгем Эмир
-Мен да Россиядан келгем. Бирок неге биз кыргыз деп турабыз.
-Такыр тушунбойм, - деди кыз.
-Тур болду, коп суйлошсок шек алышат. - деген Саида ордунан туруп, куралдарын кармалап жатты.
-Жакында жаны тапшырма болгону турат.
-Эмир?-деген кыздын уну калтырап чыкты. Тапшырма десе журогу безилдеп калыптыр "дагы жардыруу" - деп.
-Бул жолу Россияга.
-Билесин го биз кайсы олкодон келсек ал жака жиберишпейт.
-Абдулдун сыноосунан жуз пайызга отуп койгондон кийин жиберет.
Экоо машыгуудан кийинки куралдарды аарчып жатып акырын суйлошуп жатышты.
-Анан эмне болот Эмир? Макул Россияга бардык.
-Менин апама жолугабыз. Ошол гана билет бул чындыкты, бул табышмактын жообун.
-Анын козун тазалап салышпаганын кайдан билесин?
-Ишенем ал мени кутуп жатат, дареги эсимде.
Аман Саиданы тиктеп боло болбос жылмайып койду. Анын бул абалын, козундогу жылт эткен бир учкунду коргон кызда дагы умут пайда болду. Бул лагерден, каргыш тийген бозоргон талаадан, кок тутуну кетпей чаны асманга которуло  капкара туман каптаган Сирия талаасынан кетууго умут пайда болду. Эми мына жалп эте очуп калаарда кайра тутанып кетти.
Тагдыр кээде ушунчалык таш боор болуп кетет. Акыйкатсыздык кылып жиберген учурларында ушинтип куноолойбуз "тагдыр таш боор" - деп. Ананчы канча деген куноосу ат которгус адамдар жыргал жашоодо жашап, куноосуздор алардын жыргал жашоосунун кунун толоп журушот. Балким биз пенделер анын ырайымына арзый албай калабызбы? Бирок куноосуз адамдарчы? Аман менен Эмир эмне куноо кылышты эле торолбой жатышып? Саидачы?..
Эмир айткандай эле бир жумадан сон Абдул экоону тен озуно чакырып жаны тапшырма боюнча маалымат берип жатты.
-Силер биздин ишеничти актайт деп умут кылабыз! Бул жолу да ийгиликтер менен кайткыла. Ал эми качан жана кандай жол менен барасынар, аны жигиттер дагы айтышат. Бул жолу Россияга киресинер. Россия! Эн кучтуу жана чон мамлекет.
Абдул атайы суйлоп жатып дагы бир жолу Эмирди карап турду. Эч кандай озгоруу жок. Муздак коз караш. Ал эми ошол эле учурда, "Россия" - дегенди уккан Эмирдин ички абалы соз менен тушундуро алгыс болчу. Кудум ошол мамлекетке отуп алса эле, женишке жетчудой...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Latihani   19 Июль 2020 - 23:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 30 Июль 18
  • Соңку аракети: 30 Июн 2021 23:31

Аябай күтүп жатам. Жалгызым, жазып койгулачы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Июль 2020 - 00:33

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (18 Июль 2020 - 17:58) жазган:

Жаз автор бугун окушум керек.

ХХХ
       Туркиядагы бир нече жолку жардыруу шаардын, шаар тургундарынын  абалын начарлатып жиберди. Элдери аза кутуп кара кийинип, бири биринен шек санап атугул кочодо калган сумка же жалгыз куту корсо кумон санап айланып отушо турган болуп калды. Ошондой эле экономикасына да таасирин тийгизбей койгон жок. Жыл сайын бул олкого агылып келчу туристтердин аягы суюлуп, солгундап баратты. Атугул жылдап ал шаарда иштеген минранттар да тезинен олкодон чыгып кетип жатышты. Озунун озгочо жаратылышы, тарыхый жайларынын коптугу жана кооздугу менен дуйного белгилуу болгон Стамбул шаарынын куну кетип, корку очуп бозоруп калгандай. Адамдар да эл коп чогулган жерлерге баргандан чочулап, мечиттерде жамаат менен окулчу намаздар калтырылып баары журогун уучтап, бир жаман кабар куткондой, "дагы кайсы жерди дарып кетишер экен" - дегендей жанылыктарды кароодон журоксуп калышкансыйт. Криминалист, детектив, экстремизмге каршы курошуу болуму да алсыздык кылып жообун таба алышкан жок. Калкты тынчтандырып, "баары козомолдо" - дешкени менен бул создоруно оздору деле ишенишпейт. Анткени эч ким билбейт. Жардырууну кылган адамдар олкодобу же чыгып кеттиби? Балким бир нече кун, саат, же муноттон сон дагы бир жерди жардырышат! Калк алардын "баары козомолдо! " - деген созуно алда качан ишенбей койгон. Мечиттеги жардыруудан кийин ушинтишкен болчу, андан сон соода уйуну, аэропорт жарылды... "Ушулбу силердин козомол?!" - деген эл оздору менен оздору болуп. Коопсуздук чараларын да оз алдынча жасап калышты. Анткени бийлик жардырылып бутконду аныктай албай убара, ал эми алдын ала келечекти айтууга такыр алсыз... Атугул чет олкодон атайын чакыртылып келинген эн мыкты детективтерден тузулгон топ да, колго илешчу нерсе табышкан жок. Жардыруучу заттын бир болугун да таба алышпады. Бул жолу мурункудай адам озун кошуп жардырбаптыр. Заманбап, жаны ыкмага отушкондой. Жардыруучу бомба дейбизби же башка чакан гана, ошону орноштуруп мунотун коюп кетип калышат экен. Ал жарылганда бутундой майдаланып жок болуп кетерин гана билишти. Бул ото коркунучтуу болчу...
Андан коп отпой белгилуу "Талибандар кыймылы" террордук уюму дагы бир кыскача кайрылуу жасады. Мында "Бул сиздерге эскертуучу гана ок болду. Эгер бизге кошулбасанар мындан да чон апаат кутуп тураарын убада беребиз!" - деген сыяктуу создор камтылган эле. Бирок бул жолку видео кайрылууну уюмдун жетекчиси жалгыз озу араб тилинде эмес. Ошол уюмга кызмат кылып, мучосу болуп калган онго чукул олконун жарандары ар бири оз тилдеринде, оз мамлекеттерине кайрылуу жасады. Анан да баарынын видеосу бир убакта чыгарылып таратылды. Мамлекеттердин орган кызматкерлеринен баштап интернетти козомолго алган, экстремизимге каршы курошуу болумдору кошулуп бул видеону таркатып ийген булакты таба албай калышты. Желдей тараган бул видео ансыз да аран турган элди бир толкутуп жиберди. Интернет айдынына тарап кеткен видеону очуруп салууга коп олколордун бийлиги алсыздык кылды. Бул дегени "Талибандар кыймылы" - уюмунун кучу кошулуп, алда канча кубаттуу болуп баратканынын белгиси эле.
Чон мамлекеттер ошончо болуп ызы-чуу тушуп таба алышпаган видеонун булагын Кыргызстан да тапкан жок. Жумуш орунунда олтурган Аман озунун ноутбугунан колуна куралын которуп, башына ак кебезден ороп кийинген кыргыз жигиттин кыргыз тилиндеги жасаган кайрылуусун кайра кайра токтотуп жылдырып коруп жатты.
-Тамактанганы чыкпадынбы? - деген шериги жигиттин оюн бузуп жиберди.
-Жок.
Аман ошол калыбынан жазбай, экранга унулгон абалында жооп берди.
-Кызык, бул жигит кандай барып калды экен? - деди кайра ойлонуп.
-Эмне? - деген шериги Амандын ойлуу болуп экрандан козун албай олтурганын коруп жанына келди.
-Кайсы жол менен тушуп калды экен бул жака?
-Аа, сен муну айтасынбы? Мунун жообун эч ким билбейт досум.
-Бул видео он олкого оз тилинде жайылды деп жатышат э? Видеону карасан, тубундогу он мамлекеттин желегин кордунбу?
Аман видеону паузага коюп колу менен корсотту.
-Ии кордум, эмне болуптур?
-Мен ар бир олконукун коруп чыктым. Окшош создор, артындагы фон, жада калса мына мамлекеттердин желеги.
-Эмнеси тан калычтуу Аман, бир жерде тартылган.
-Катар тизилген желектерде, биринчи Туркия, андан сон Россия, Казахстан, Таджикистан кордунбу?
-Ооба,
-Менимче кийинки жардыруу Россияда болот.
-Эмнеге?
-Самат, ошону сага тушундурдум азыр, - деген Аман жанындагы шеригинин кайдыгерлигине же анчейин конулуно албай жатканына ачуусу келе тушту.
-Желектер тизилген катар менен жардырышат. ..
-Койсончу Аман бул жон гана тизмек, анан да Россиядай кучтуу мамлекет буга жол бербейт.- деген Самат колундагы папкасын которуп озунун ордуна барып олтурду.
-Жок, - деди Аман кайра эле ойлуу.
-Самат бул профессионалдар болуп кетишти. Карачы жардырган заттын чекеси жок.
-Досум, сен айтып жаткан тизмек бул болбогон. Аны жон гана тизип коюшту да.
-Менимче андай эмес, - деген Аман ошол калыбында экранды ойлуу телмирип тиктеп олтура берди.
Москва шаары. Аэропорттон чыкканда эле ала куу болуп тируулук кызуу жургон шаар Эмир менен Саиданы тосуп алды. Убагында улуу держава болгон, кийин мамлекеттер таркалып кеткенде да оз кучун жоготпогон Россиянын борбору кен койну бар, канча болсо да озуно батыра берген айтылуу Москва. Эмир туулган шаар. Эмирдин такыр эсинде жок бул шаар. Абдан эле кичине болчу. Такси менен шаардын ортосундагы мейманканага жоношту. Жол катар бийик салынып коз жоосун алган имараттарды, деги айланасындагы кооздукту, кайнаган тируулукту коруп Саиданын жашагысы келип кетти.
-Саида...
-Эмир кандай кооз шаар!
-Озунду колго ал, билесин артыбыздан созсуз тынчы коюлганын.
-Бизди жон эле жибербей калсын Абдул! - деген Саиданын азыркы эле кулуп турган жузу заматта озгоруло сустая тушту.
-Шек алдырба, менимче мейманканада да кошо журот болуш керек тынчылар биз менен.
-Анда эмне кылабыз? Кантип качабыз Эмир?
Саида ыйламсырап ийди. Ушул акыркы кундору журогу ошончолук назик болуп калдыбы же Эмирге катуу ишенип озун эркин кармайбы белгисиз. Коодонундогу канча жылдардан бери кыймылсыз уктап жаткан аялдык алсыздыгы, наздыгы, аруулугу ойгонуп келе жаткандай.
-Бир жолун табабыз! Мага ишен! - деген Эмир кокурогундо кандайдыр бир куч туртуп, демитип алга суроп тургандай кайраттуу суйлоду. Балким оз жерине келгени дем берип, кучтоно тушту бекен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Июль 2020 - 01:27

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Ал куну жол журуп келген Эмир менен Саида мейманкананын чакан кафесине тушуп тамактанышкан сон номерге чыгып эс алышты. Кенен болмонун ортосундагы чон уктоочу керебетте Саида, андан бери дубалдын астындагы олтурчу диванда Эмир оз ойлору менен жатышты. Лагердин темирдей бекем тартибине ошончо конушкон экен ушул азыр жумшак мамыктай болгон тошокто да туптуз болуп, ашыкча кыймылы жок шыпты тиктеп жатышат.
-Эмир?
-Оу,
-Сен уктай элексинби?
-Жок.
-Эмнеге?
-Уйкум келбей жатат.
-Апанды ойлоп жатасынбы?
-Ооба, тируу болсо экен.
-Сен ал мени кутот ишенем, дедин го.
-Ооба, бирок коркуп жатамын. Абдулдун колунан баары келет го. Бирок билесинби ал апамды суйчу, абдан катуу.
-Койчу Абдул суйууну билет дейсинби? - деген Саида бери оодарыла Эмир жаткан диванга башын бурду.
-Бала болсом да, коп нерсеге акылым жетпесе да Абдулдун мына азыркы жырткыч коздору апамды озгочо тиктегенин, аны караганда чексиз мээримге толуп кетерин билчумун. Ошону эстейм. Эстейм да апама тийбейт деп ишенем. Бирок азыркы Абулду карап туруп тааныбай кетип, кайра олтуртуп салган болсочу деген кумон кокурогумду кысып жиберет.
-Абдул канкор да...
-Бирок анын апамды тиктегендей кайра башканы тиктегенин корбодум...
    Эмир туура ойлогон эле. Абдул чын эле Надяны катуу суйгон. Надя канчалык суйсо Абдул андан эки эселеп кучтуу суйгон. Ошол аял менен жашап, ошодон балалуу болгусу келчу. Бирок. Уюмдун талаптары, мыйзамдары. Катуу тартиби. Абдул аргасыз эле ага баш ийгенге. Анткени ал омурун уюм учун арнап койгон болчу. Суйууго акысы жок бир байкуш болчу Абдул. Жакшы сезимдерге, создорго, жакшы жашоого укугу жок бироо эле. Ошондуктан дайынсыз кетти. Ошондуктан Надяга болгон чындыкты айтып жаралап алгандан коркту. Озун жек коруп калуусунан коркуп, "андан коро дайынсыз  кетсем суйгон бойдон калат" - деген ойго келип качып кетти. Ошол бойдон кызды да жайына койду. Эч кимге анын кабарын бербеди, билдирбеди. Козун тазалатып да салбады. Дуйнодо Надянын тируу экенин билип, сезип ошого каниет кылып гана жашоону туура корду. Канкор, мыкаачы Абдулдун жалгыз алсыздыгы ушул эле. Аны эч ким билбей келет, балким билбей да отушмок алдыдагы калпыс бурулуш болбогондо. ..
Эртеси Саида менен Эмир оздорунун тапшырмаларын аткарууну башташты. Алгач эле ала келишкен чакан кагаздарга толгон папкаларын айтылган даректерге жеткирип жатышты. Анан Москва шаарынын чок ортосундагы торотканага келишти. Баягы Эмир жарык дуйного келген тороткана. Тагдырдын буйругу, кызыгы же оюну экени белгисиз. Жердин тардыгы балким Жараткандын жазмышыдыр бул. Ошол торотуп эле апасынан ажыратып, ботон аялдын колуна салып берип ушул тагдырга туш кылган Юрий Константинович менен анын болмосундо олтурушту. Ал жылдары кайратуу врач эми карып бир аз алдан тайып бараткандай. Жакында ардактуу эс алууга чыгууга даярданып жаткан экен, уюм тарабынан берилген чакан сыйлыкты жеткирип келди Эмир. Ооба жуздогон балдарды алмаштырып канча коз жаштын куноокору, жада калса озунун тагдырынын калпыс бурулушуна себепчи болгон адамга оз колдору менен сыйлык жеткирип сыйлап жатканын кара... Бул дегени мына жалган дуйнонун адилетсиздиги, тегиз эместиги таш боордугу белем...
Кеч киргенде мейманканага кайткан экоону артынан андыган адамдар телефон аркылуу Абдулга маалымат берип журушту. Ашыкча эч кандай шек, кумон деле жок. Экоо тен унчугушпай оз иштерин бутуруп журушот. "Неге булардын артынан убара кылып мени салды?" - деп суйлонуп алган тынчы алар мейманканага кирип кеткен сон озу да ошол мейманканадагы озунун номерине жоноду. Атайы Эмирлердин кабатынан алган эле, дайым карап турайын деп. Бул куну экоо катуу чарчашкан окшойт, кечки тамакты номерге алдыртышты. Чакан столду дуйум тамака толтуруп кирип кеткен мейманкананы тейлоочу кыздын артынан, дагы бир жигит ичимдик которуп кирди.
Эмирлердин артынан андууга тушкон жигит кузотуп карап олтуруп "оздорунчо жыргайлы деген го" - деп кулуп койду. Эч канча убакыт отпой жанагы кыз менен жигит кайра чыгып баратышып эшиктин туткасына "не беспокоит" - деген жазууну илип коюшту да чакан тамак ташыган столун судуроп жоноп кетишти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   jindirak   22 Июль 2020 - 00:14

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Ыы автор маладец жазабер мен сени менен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Июль 2020 - 12:49

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Кыз менен бала узун коридор менен баратып бурула бергенде суйроп бараткан столдун устундогу ак улбурогон жамынчыгы серпиле учуп астындагы кара сумка Хайдардын козуно корунду. Бир саамга ойлоно тушуп кайра шашыла алардын артынан баратты. Качан гана экоо суйлошо кулуп мейманкананын астынкы кабатына тушуп оз иштери менен алек болуп жургучо коз албады. "Тиги сумкада эмне бар?" - деген ой мээсинде айланып акыры жигит ачып ичиндеги сулгу, шейшептерди алып жатканда "оох!" - дей салды. Артына бурулуп озунун номерине отуп келе жатып, Эмирлердин эшигин карап отту. "Баары жайында" - деп алды да озу да уйкуга кетти...
   Бул убакта Эмир менен Саида мейманкананын арт тарабына атайы чакыртылган такси менен Москванын кочолорун аралап зымырап бараткан болчу. Эмирдин жанында салып жургон суроту эскирип, узулойун деп жазуулары окулбай жатса да андагы дарек мээсине сакталган болчу. Тун ортосунан ооп гана ошол айылга кирип барышты. Кочонун башынан эле таксиден тушкон экоо, андан ары жоо келе жатышты. Айыл озгордубу, же ошол бойдон калганбы Эмирге тушунуксуз. Анткени эсинде жок, канчалык аракет кылганы менен мээсиндеги элес булас эскеруулор да жоголуп кеткендей. Бир гана баягы апасы экоо бактылуу жашаган уй гана эсинде, дарбазасы жок жыгачтан тосулган коргон болчу. Эмир бала кезинде ошол уйду айлантып тосулган кашаны апасы экоо ар туркун боекторго кун желе кылып краскалап салышкан болчу. Мына уй жетти. Эскирип кетиптир. Каша да эскирген. Уй карангы болуп тируулуктун бир белгиси корунбойт. "Кантип эле жок болсочу? Анда кантем? Кайдан табамын? Апам кутом деген! Кетпейт. Жок!" коркконунан бир заматта мээсин аралап откон бул ой уйдун алды жагындагы куйуп турган жарыкты коргондо чачылып кетти. Дал Эмир жатчу болмонун жарыгы куйуп туруптур. Эмир чуркап баратты. Ушул муноттон кийинки аракетине озу да жооп бере албайт эле. Журогу кынынан чыгып кете дукулдоп согуп эшик алдына жетти да такылдатып баштады. Жооп жок. Кайра кайра муштуму менен жыгач эшикти ургулап тарактатып жатты. Ичкериден шарактаган ун угулду, мына апасы ачып жатат! "Оо кудай апам болсун!" - деп жатты журогу. Кыйгач ачылган эшиктин кырынан сары тармал чачы жазылып, кокмок молтурогон коздорунун астына билинер билинбес бырыш тушкон Надя энтиге эшик алдында турган сакалчан жигитти тиктеп турду.
-Аппаа! - деди Эмир шыбырап каргылданган унун аран чыгарып. Апасын корсо "бакырып кыйкыра апалап ыйлайм" - деп ойлочу. Бирок негедир тамагына келген жашка муунуп уну аран чыкты. Жанатан кайдан коргонун эстей албай, бир эсе тан атпай келген бул коноктон коркуп турган Надя эшикти чоон ачып туртуп жиберди.
-Эмир!
Кантип колун жайып кучагына алганын билбейт баласын. Коз жашына ээ боло албай боорунда озун кучактап солкулдап жаткан жигит озунун Эмири экенине ишенип ишене албай кайра кайра жузун озуно каратып сылап жатты. "Тушум эмес! Кудай суранам тушум эмес болсунчу?! " - деп жатты кокурогундогу бир эт зырылдап. Бул абалдан биринчи Эмир эсине келди. Эне баланын корушуусуно бир эсе суктанып, бир эсе боору ооруй тиктеп турган Саиданын коз жашы он талаа болуп качан эле жузун жууп салган эле. Уйго киришти. Туз эле Надя Эмирдин болмосуно  баштап кирди. Бирок Эмирдин эсинде жок экен. Бир гана терезе тубундогу кыйчылдаган керебет эсинде, ал да ошол ордунан кыймылдабай турат.
-Апа сени жок, кетип калган окшойт деп коркуп кеттим!
Керебетке олтурган Надянын тизесине башын коюп бутунан кучактап олтураган Эмир женилдей тушту.
-Кете албадым Эмир. Бир кун балам издеп келип калса мени таппай калат деп мен да корктум.
-Кутооруно ишенгем апа!
-Журогум сезген туура келеринди. Карачы сени сагынып сары оору болуп, акыры сен жаткан болмого бутундой кочуп кирип алдым. Бул болмонун ар бир буюмунда балам жашагандай. Ар бир бурчунда сен жашынып олтургандай.
Надя дирилдеген уну менен суйлоп жатты. Колдору болсо алдында жаткан уулунун чачтарын сылап жатат.
-Эмир! - деген Саиданын уну бул жагымдуу, бейпил жымжырттыкты бузуп жиберди.
-Биз кечигебиз, ат агарып келе жатат,-деди кыз кайра акырын.
Чын эле ащыр бул жерден кетишпесе кечигип калышат.
-Апа убакыт ото тар..., - деди бир убакта ойдо болгон Эмир.
-Жыйнал кетебиз!
-Макул бирок....-деп келе жаткан Надяга Эмир:
-Кайда деп сураба апа, коопсуз жайга. Бул жер азыр учообуз учун тен ото коопту.
Надянын коздору чоноюп кетти. Уулунун бир шумдук ишке аралашып жургонун, тынч эмес экенин журогу менен туйчу.
-Мен даярмын, алчу деле дуйном жок,-деди Надя. Кудум ушул кунго омур бою даярданып жургондой, шкафтын ичинен чакан кол сумкасын алып чыкты. Анда деле кыйратып дуйно жок, болгон байлыгы Эмирдин бала кезиндеги суроттору менен Абдул белек кылган зер  буюмдар. Сумкасында болсо бир эки кийими.
-Машина керек...
Эмир бул нерсени ойлонбой калыптыр. Шаарга кайра кантип кетуу керек.
-Азыр, - деген Надя кол телефонун алып аркы болмого отуп бироого чалып кайра келди.
-Он мунотто болот машина, - деди.
Чын эле он мунотко да жетпей эшик алдына келип токтогон машина сигнал берди. Учоо уйдон чыгышканда кун жаны гана которулуп келе жаткан болчу. Айылда кыбыр эткен жан жок баары кызуу уйкуда. Надя эшикти кулпулап ачыкычын ошол уйдун жанындагы гул идишке салып койду. "Абдулду созсуз келет" - деди ички туюмунда. Анткени Эмир "бул жер кооптуу" - дегенде эле соз торкуну Абдул жонундо экенин туйган. "Мага болбосо да Эмирдин артынан созсуз келет" - деп ойлоду. Аларды машинадан тушуп кутуп турган бою узун жигит Эмир менен кол алыша корушту.
-Артём таанышып ал менин уулум Эмир! - деди Надя уулун кучактап.
-Эмир!
-Артём!
Экоо бири - бирин коз кырында гана карап коюшуп машинага тушуп жолго чыгышты. Бул жерге келгени, Саида жон гана Эмирдин артынан журду. Улам  колун бышык кармап коюп жаткан жанындагы Эмирге ушунчалык ишенерин эми сезди кыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Июль 2020 - 12:50

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХ             
Саат тушку бирден отуп калса да Эмирлердин болмосунон чыкпаганына эми санааркай баштады Хайдар. Улам алардын эшигинен ары жака отуп кетип, кайра кайтып келип, журогу бир нерсени туйгандай же кирип бара албай буйдалып жатты. Эмирге берилген тапшырманын тизмеги Хайдардын да колунда болчу. Жада калса саат канчада кайжерге барып, кимдерге жолугуп эмне жумуш кылаарынан бери жазылып турат. Ошол план боюнча азыр бул убакытта экоонун жолугушуусу бар. Бирок тымтырс болуп номерлеринен чыгышпаганы кыжаалатка салып жатты. Уктап калуулары мумкун эмес! Лагерде ото катуу тартипте чонойгон булар уктап тапшырмага кеч калуусу болбогон кеп!  Акыры "эмне болсо болсун! Эгер кимсин десе мейманканада иштеймин деймин" - деп ойлонуп эшикти такылдатты. Эч кандай ун чыкпайт. Акырын эшикти туртту эле ачык экен. Журогу солк этти. Туз эле болмого кирип барган ал дел болуп турду. Кечинде алынып келинген тамак ошол бойдон стол устундо жайнап турат. Жада калса керебеттин усту да жыйналуу, туну эч ким жатпаганынан кабар берип тургандай. "Жоооок! " - деп кыйкырган Хайдар чуркап чыгып биринчи кабатка тушту. Мейманкана менеджери, администратору баарын бутуна тургузду. Кечтнде аларды тейлеген жигит менен кызды да таап келишти. "Биз билбейбиз алар шейшептерди алмаштырып бергиле дешкен, алмаштырып чыгып кетик." - дегенден башканы айтпаган экоону карап, негедир ишене албай турду. Эртеден бери жаны алы калбай чырылдап жаткан телефонду айласыз которду.
-Алло!
-Хайдар! - деген Абдулдун унун укканда денесин муздак тер басып, атугул калтырап да чыкты. Экоо качып кеткенин укса Абдул муну тируулой жеп салаары белгилуу.
-Эмне жооп бербейсин? Кайдасын? Саида менен Эмир кайда журот? Эмне жолгушууга жетише элек? Мен сага ар бир кадамын айтып тур дегем?!
Абдул кыйкырып жатты. Демин ичине жутуп эмнеден баштаарын билбей турган Хайдардын кулагына азыр эч нерсе кирбей жатты. Организми эч нерсени кабыл албай бир гана Абдулдун озун олтуруп же жазалап жатканы коз алдына тартылып туруп алды. Ал эми анын жазасы бул дуйнонун чыныгы тозогу эле...
-Хайдар дейм!
-Шеф... Мен... Эмирлер жок... - дегенге аран жарады.
-Эмнеее?! Кандай жок?!
-Качып кетишти, - деди шолбуроп.
-Хайдааар?!
Абдул окуруп согуп да, суйлоп да жатты. Анын эмне соз, канча соз суйлогонун деле билбейт Хайдар, бир гана "озум учуп барамын! Ошол жерде бол!" - дегени эсинде. "Менин кунум бутту!" - деди ичинде. Алардын кантип качып кеткенин тушунбой жатты.
   Москванын так ортосундагы заманбап, кооз салынган кабат уйлордун эн жогорку кабатындагы 3 болмолуу батирге келип Эмирлер жайланышты. Эмир калган тапшырмаларга болунгон банктагы бир сумканы акчаны чыгарып алган болчу.
-Апа.
-Уулум менин, - деген Надя кайра кайра Эмирин кучактап магдырайт.
-Абдан маанилуу соз бар.
-Угуп жатамын.
-Мен кыргызмынбы?
-....
Козуно тике суроолуу карап турган уулун коруп Надя тайсалдай тушту. "Кайдан билет? Абдул айтты бекен? Же башка... Эмне кылсам? Кантип айтамын сени уурдап алгам деп! Эгизин бар деп! Оо кудай жардам бер!"
-Апаа!
Тугонбос ойлорго чырмала тушкон Надяны Эмирдин уну селт эттирди.
-Эмир, мен. Бул ото узун окуя. Сен тушуноор бекенсин мени? Же мен тушундуро алаар бекем?
-Апа сен тушундурууго аракет кыл, а мен тушунууоо аракет кыламын.
-Кыргызсын Эмир!
-Бирок сен. Же менин атам кыргызбы?
-Жок, - деген Надя ыйлап жатып башын чайкады.
-Апа суранам ыйлаба.
-Сенин атан да, апан да кыргыз. Мен сени баккан аялмын.
-Бирок... Алар кайда? Мени таштап кетишкенби э?
-Жок, жоок. Алар сени таштабай калышсын. Апан да, атан да сени аябай жакшы корушот. Сен алардын тун перзентисин. Сенин тугойун бар. Силер эгиз болчусунар.
-Кандайча?
Эмир эч качан оюна келбеген уч уктап тушуно кирбес чындыкты угуп жатты.
-Абдул менен таанышканымда абдан жаш болчумун. Суйуп калдым. Анан анын динине оттум, экообуз никеге турдук. Мен Абдулга ушунчалык ишенер элем. Бир уюмда иштерин билчумун бирок сурабапмын деле эмне деген уюмдугун. Алар биздин тороткана менен иш алып барышаарын кийин билдим. Юрий Константинович сени колума карматты. Абдан кичине болчусун. Жаш кыздын эгиз торогонун айтышып бирин алып калышты да, ордуна жансыз торолгон ымыркайды карматышты. Ошондогу сенин апандын абалы азыргыча эсимде коз алдымда. Ишенген эмес. Бул биринчи жолкусу эмес болчу. Абдул муну мага "бул балдар келечектин балдары, аны онуккон олколор тарбиясына алып, мыкты инсандарды чыгарат" - деп тушундурду.
-Мыкты инсандар!
Эмир ордунан тура калып чон залды айланып басып журду. Азыр эмне суйлоорун, деги эле эмне ойлоорун билбеген абалда турат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   23 Июль 2020 - 00:19

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХ
    "Эмир качып кетти!" Абдул бул кабарды угаары менен Надяны эстеди. Шашылыш  Москвага озу жоноду. Вертолёт менен Туркия андан сон самолёт менен Москвага учат. Ушул убактагы жолдун узактыгы... Жада калса учуп бараткан самолёт да акырын жургондой кыбырайт. Олтурган ордунда бутун титиретип сабыры тугонуп чыдамы кете баштады. Шарифтин созун эстеди. Ооба жибербоо керек болчу. Жок дегенде Надяны олтуруп, же башка жака кетируу керек эле. "Кантип мен билей калдым? Эмир ушунчалык амалкой беле? Саидачы? Аны кандай кондурду?" деги эле мурдунун алдында болуп жаткан окуядан шек албаганына озуно озу жини келип баратты.
Москвага конуп, андан ары айтылган мейманканага жетмеги тозок, дагы очошконсуп жолдун тыгындыгы. Бири - биринен ото катуу сигнал берип тизилип турган машиналарды, бири башкасына жол бербей элире айдаган айдоочуларды карап "аранарда менчелик эч ким шашкан жок,силерде мендей маселенин чекеси да жок" - деп алды Абдул.
Мейманкананын алдына келип токтогон машинадан Абдул октой атып чыкты. Адатта айдоочу озу келип эшикти ачмайын олтура берген Абдулдун бул кылыгы эшик алдында башын жерге салып турган Хайдардын ансыз да коруп турган журогун андан бетер коркунучка кептеди. Озуно жетип келген Абдул:
-Сени менен болок жайда, кенири убакта суйлошом. Камераларды текшерттинби?
-Сизди кутуп олтурамын, - деди аран унун чыгара шашылып.
-Эмнесин кутосун?!
Абдул азыр кыйкырып жатканын, аны адамдар коркуп да, тан калып да карап жатканын билбей калды.  Хайдарды алдына салып кечеги тунку камераларды, айрыкча Эмир менен Саиданын номери жайгашкан коридорду абдан текшертти. Мына кызматкер кыз менен бала чыгып баратышты. Анын артынан Хайдар кетти. Арадан бир нече мунот откон сон Эмир менен Саида болмосунон чыгып узун коридордун башка тарабы менен кол кармаша чуркап баратышты.
-Каргыш алгыр! - деп столду уруп алды Хайдар.
-Жон качырып жибергенине ичин ачышып жатабы? Сенин тубуно ушул экоо жетет. Булар качып кеткендиги учун сен жазаланасын! - деди  Абдул камераны карап олтуруп.
-Шеф мен тиги кызматкерлер чыкканда кара сумка кордум, анан "ошол экоо качып баратат кызматкер кийиминде" - деген ой келе калып артынан андып бардым эле.
-Хайдар сени ким айтат тынчы деп. Сени жонокой эле лагердин окуучулары алдап кетишти го. Эмир билген баарын. Ошондуктан жаткан керебетинин шейшебин алмаштырууну суранган. Анткени билген сен алар деп ойлоп калат экенинди.
Хайдар эч нерсе деп жооп айта албады. Кантсин? Эмне десин? Канча кундон бери артынан журуп, шектуу нерсе байкай албай жададым десинби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   24 Июль 2020 - 03:13

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

.

Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 24 Июль 2020 - 03:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   24 Июль 2020 - 03:15

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (24 Июль 2020 - 00:27) жазган:

Автор бугун жазбасан косяка илешесин

Желдей учуп зымыраган машинадан сыртты, тируулукту, асманды, кочолорду, адамдарды, ар кандай корнок жарнактар илинген шаарды, андан сон учу кыйыры корунбой чубалып, озунун ойлорундай чиеленишкен, озунун тагдырындай катуу бурулуштарга толгон алдындагы жолду карап бара жаткан Абдул мелтиреп ойлуу. Алдыдагы орундукта олтурган Хайдар улам кузгудон Абдулдун каш кабагын тиктеп баратып тан калды. Жана эле кызарып, алдынан чыкканын канын иче турган болуп турган коздору кандайдыр мундуу боло тушуптур. Анын бул абалын эч ким ушул кунго чейин корбогон эле. Ал эми Абдул озун биринчи жолу коруп тургандай тиктеп калган жанындагыларды да козго илбей алыстарга тигилет. "Ээххх Надежда! Качып кетчи  суранам!" - деп жатты журогунун тупкурундо. Кечинде Шарифтен буйрук алган. "Жок кыл! Качса таап болсо да козун тазала!" - деген болчу. Оор онтоп алды. Улам ошол айылга жакындаган сайын журогу алып учуп, атугул шашып жатканын билдире  бир эки жолу ордунан обдулуп барып кайра тынчтанды. Канча жылдар мурун кудум ушул айылга биринчи жолу  Надя экоо келишкен тунду эстеди. Кокмок, туптунук молтурогон суйкумдуу коздорун жалжылдаткан Надя колундагы ак шейшепке оролгон баланы аярлап кармап, ууртунда болсо болор болбос жылмаю калган эле. Кыздын ошол тундогу элеси Абдулдун туболук карегинде сакталып калган. Бир заматта озун Надя менен бир уй-булоо болуп тутун булатып жашап калгандарын, анан балалуу болушканын, аны мына ушинтип элжирей тиктеп олтураганын коз алдына элестетип таттуу кыялга баткан эле. Ооба кыялдар болчу. Абдул учун кол жеткис эн баалуу да, эн азаптуу да ошол эле учурда эн таттуу да кыялдар...
"Айылдын озгорбогонун кара?" - деп алды жаны гана айылга кирип келишкенде ошол жердеги эски дуконду коруп. Ошол боюнча турган экен,жада калса ондоп тузолбоптур деле. Ошол маалдагыдай алдында уч торттон киши чогулуп ичип олтурушат. Чакан айылдын кочолорун аралап бара жаткан капкара жол тандабасты баары тан кала карап жатышты. Мына Надянын уйу. Ар дайымкысындай айланасы гулдорго толуп турат. Гулдорду абдан жакшы коруп, суйчу эмес беле! Уйдун алдына келип токтогон машинадан тушкон Абдул эки жагын карап уйго кадам койду. Каралбай калган эмес, баары таза тыкан. Демек бул жерде жашайт. Эшик алдына барган Абдулду жайнаган Надянын кок коздору эмес, бозоргон чон кулпу тосуп алды. Эшике жолонуп олтура кетти. Ушул убакта гана журогунун ооруп жатканын сезди. Ооба, корсо журогу ооруйт экен. Баары муну "канкор, таш боор" - дешсе ал создорго кайра эрденип коксун которо ансайын катуу болуп бара берип журогу ташка айланып калган болчу. Эми болсо мынтип тызылдаганы эмнеси?! Бул жайга жетер жеткиче Кудайдан тиленип Надяны уйдо жок болбоосун суранган эле го? Эми эмнеге журогу ачышып жатат. Бир тараптан "кайра коро алат экем, ошол дениздей коздоруно тоюп карап кайра кубаттанып алам" - десе экинчи тараптагы ойлору "ал азыр качып кетпеген болсо ошол жанды коз алдында муздап беришет" - деп эки салды ойлор менен аран жетип келген. Ооба кубануу керек! Надя тируу. Эгерде эле анын деми бул дуйнодон очсо, болгондо да коз алдында жан берсе чыдап тура алат беле? Албетте жок!" Аллахыма шугур! "-деп алды. Ошондо гана кокурогун бир белгисиз кубануу дейби жагымдуу сезим аралап откондой, оор тартып жаткан сол тарабы женил боло тушту.  Надя жашап жатат. Деги алыстарга качып улгургон болсун, эгер эле колго тушсо...
Муну ойлогондо кайра кара булут ойлорун каптап, ордунан ыргып турду да эшик жанындагы гул идишке колун салып ачкычты таап чыкты. "Демек Надя да билген экен келеримди" - деп алды ичинде. Жанатан коштоп келген жигиттери ун соз жок Абдулдан коздорун албай турушат. Роботтор.
Уйду ачып ичкери кирген Абдулдун мурдуна Надянын буркураган гул жыты урунду. Гулдорду жакшы коруп гул остуро берип озу да гул жыттанып журчу. Уйлору таптаза. Кыйгач ачылып турган баягы Эмир жаткан болмого жоноду. Киргенде эле терезе тубундогу керебеттин устундогу Надя менен кичинекей Эмирдин суротуно козу тушту. Баланы кучактап назик жылмайган Надя. Эмирдин колунда кыпкызыл алма. Эсинде бул суротко Надя Москвага Эмирди ээрчитип барганда тушкон эле. Суроттун жанында болсо озу кызга белек кылган зер буюмдары. Баары ошол боюнча, арасында бир гана баягы экоо никеге турганда колуна таккан  кызыл коздуу шакек жок экен... Суротту колуна алган Абдул жанындагыларга билдирбей жылмайып алды. Надя мынтип таштап кеткени "уулум кучагыма келди, бизге тийбе" - дегени эле.
-Кеттик! - деди бир убакта бурк эте.
Алар жаны гана сыртка чыкканда  коншу жашаган кемпир Надянын уйун коздой келе жатыптыр.
-Саламатсызбы эне, - деген Абдул орус кемпир менен корушту.
-Саламат уулум, Надюшага келдинби? Уйундо бекен? Кечетен бери корунбой журот ооруп калдыбы деп,
-Жок, Надя жок экен.
-Сиз билбейсизби кайда кетиши мумкун экенин, балким туугандары? - деп созго аралаша кетти Хайдар.
Анын да жаны козуно корунуп татуу болуп, бир илинчек таап алсам Надя аркылуу Эмирди кармап берсем, канкор Абдул жанымды аман коер беле? "-дегенде эки козу торт. Озунон оозунуп суйлоп ийген Хайдарды жеп ийчудой тиктеп алган Абдул кемпир менен коштошуп машинага жоноду.

Кечинде Шариф менен суйлошуп жатып эч кандай из таба албаганын айтты.
-Абдул сен бул катачылыкка жол бербоон керек болчу! Мен сенин озуно коюп бердим, эми бул жагын мен бутуром. Эмирди да, анын баккан апасын да козун тазалатам, керек болсо жер тубунон сууруп чыгып болсо да!
-Шариф! Табамын озум!
-Сен бул ишти мага кой да, пландарды озун ишке ашыр. Жардыруу кечиктирилбоосу керек. Даректи да билесин, болду байланышам!
Очту. "Шариф таап алса эмне болот? Деги Эмир мындан ары не кадамдарга барат, же кандай чечим кылат? Надя баарын айтып берди бекен? Аны багып алганын укту бекен? Укса эмне болот? Билбей калсачы? Деги эле Эмр менен Саида тынч жашап жок болуп кетишер бекен, же булардын устунон иш бутуробу? Шариф таап алсачы?! " Абдулдун мээси чыналып чыкты. Башы бар аягы жок ойлор, чаташкан жоопсуз суроолордон башы ооруп кадимкидей которо албай шалдырай тушту...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   24 Июль 2020 - 03:17

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХ
  Россиянын экинчи борбору аталган тарыхый шаар, коптогон туристтерди озунун озгочо кооздугу, эли менен озуно тарткан Санкт-Петербург шаарында жардыруу болду. Эч ким кутпогон бул окуянын озогу бир гана Эмир менен Саидага гана маалым эле. Болгондо да адамдар коп тушчу метродогу станцияда орун алган теракт дагы канча адамдын жанын алды. Теледен тынбай корсотулуп бутундой орус эли дурболонго тушуп жатышты. Колуна телевизордун пультун кармап  унсуз олтурган Эмир бир убакта пультту жерге чаап жиберди да кыйкыра дубалды муштап муштап алды. Жанындагы Саида менен Надянын озун жалдырап карап турган коздорун коруп бир аз эсине келди.
-Биз болбосок башкасы баары бир жасады!-деди Саида бир убакта мелтиреген абалында коз жашы тамчылап.
-Кызык бул жолу мен жасабасам да кокурогумдо дагы эле ошондой оор жараат, жук турат. Дагы эле озумду куноолуу сезип кыйналып турам Эмир! Биз муну токтотушубуз керек!
-Токтотобуз! Коросун бул акыркысы болот! - деген Эмир Саиданы кучактап тынчтандырып жатты.
Буларды карап олтурган Надянын дуйносу экоонукунон отуп будун чан тушуп кыямат болуп жаткан. Айрыкча Эмир Абдул иштеген, оздору кызмат кылган уюмдун чындыгын айтканда такыр ээси ооду. "Абдул айткан эмес! Мыкты инсандар болот! Баары сыйлаган инсандарды чыгарабыз! " - деген эле. Корсо мынтип таш журок кылып, курал катары тируулой колдонуп  канчалаган куноосуз адамдардын коз жашын тогушот турбайбы?! Эмирдин бул жашоого тушуп калуусуна озунун туздон туз куноосу бар.  Бул баланын азыркы абалы учун озун эч качан кечирбейт!
    Абдул жардырууну ийгиликтуу аткарып бутуп,  Эмир менен Саиданы издоо иштерин улантып жатты. Кыргызстандагы оз ата энеси жонундо так маалымат да жок экен. Билсе бир гана Надя анан Юрий Константинович билет! Ооба ошол дарыгердин уйуно баруу керек. Эмнеге эрте эсине келбеди экен! Жакында эле ардактуу эс алууга чыгып кетип, ордуна озунун мыкты шакиртин тарбиялап таштап кетти. Бугун эле уйуно барайын деп кайра бир жолу тан атсын деп калып кетти. Балким ошондо барганда бир аз болсо да маалымат угат беле ким билсин. Пенделер эртен эмне болоорун билбей пландап салабыз, болбосо Абдул бир нече саатка кечигип бараарын билсе мынтип пландабайт болчу.
Эрте мененки жанылыктардан белгилуу врач Юрий Константиновичтин дуйно салганы тууралуу кабар берилип жатканда Абдул тамактанганы жаны гана олтурган. Анын жансыз денеси озунун особнягындагы иш болмосунон табылыптыр. Уй-булоосу менен эс алууга шаардын чет жагындагы дачасына кеткенине бир жума болуптур. "Журогу кармап  каза болду" - деген маалыматка бир гана Абдулдан башка баары ишенди. "Демек Эмир чындыкты билет! Ал азыр Москвада! " - деген Абдул кийинки кадамдарын пландай баштады...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   jindirak   26 Июль 2020 - 22:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жааным жазагой Эми окуп уктайнчы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   27 Июль 2020 - 02:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (26 Июль 2020 - 22:51) жазган:

Жааным жазагой Эми окуп уктайнчы

Юрий Константиновичтин олуму башкалар учун кадимкидей корунгону менен "Талибандар кыймылы" уюмунда бул чон жоготуу болду. Ананчы Эмирге окшогон канча балдарды булардын колуна салып берди экен так санын Жараткандан башка эч ким билбес! Шариф да мунун кимдин колу жасаганын ото жакшы билип турду. Абдулга телефондо тезинен баарын бутурбосо озу кирише турганын айтып ал эми теракт болчу катар тизилген олколордун тизмегин озгортууну буйруду. Анда кийинки олко Казахстан эмес Кыргызстан болчу. Себеби Шариф Эмирдин Юрийди олтургонуно караганда бут чындыкты укканын тушунду. Демек Кыргызстандан баштаса созсуз аралашат. Кумга сингендей дайынсыз кеткен Эмир менен Саиданы дал ошол Кыргызстандан колго тушурууну пландап жатышты. Бирок дагы унутуп салышты тагдырдын жазганы кандай болоорун, Жараткандын буйругу булардын планына туура келбей таптакыр башкача экендигин эске да алышпады. Ошондуктан кор пенде аталат окшобойбузбу? Эртенки кундун кандай болоорун билбей туруп, алдыдагы келечекке план тузуп салабыз.
      Эмирдин кокурогундогу бир кек, балким окут дагы эле басандачудай эмес. Жада калса кечирим сурап бут алдына кулап омурун сактап калууну отунуп ыйлаган Юрий Константиновичтин байкуш кейпиди да анын таш болуп каткан журогун жибите албады. Кайра ансайын жек коруусу кучоп, эгизинен, апасынын жылуу кокурогунон сууруп алып муздак, карангы дуйного болбогон бир акча учун ыргыта салып берген бул адам кейпиндеги "омур сакчысы" - деген наамга таптакыр татыксыз ак халатчан кара журок жан алгычты ошончолук жек коруп тиктеп турду. Бир да боор оорубады. Жан далбастап карайлаган ал врач бут акчасын Эмирдин алдына тогуп берди. Жок! Аттин десен, адамзаты ушунчалык коодонубуз кор болуп, акчанын кулуна айланып баратканыбызды андай албай калат турбайбызбы. Дилибиздин тупкурундо акчанын пайдасыз экенин, олумго арачы боло албасын билсек да, ооз кобурто акча бакыт эмес деп кыйкыра жар салсак да, озубуз жасап алган кагаздын кулуна айланып кетет экенбиз го. Дал ушундай курмандыка барган, байлык учун абийирин саткан дагы бир дарыгер бул дуйно менен кош айтышты, болгондо да бир убактары мактанып кокурок кага досторуна, тааныштарына корсоткон 3 кабаттуу чон особнягында чачылган акчаларынын арасына кулады. "Кана" - деди Эмир. "Кана сенин бироолордун, куноосуз карапайым энелердин коз жашына, кымбат сезимдерине курган байлыгындын жардам бергени? Кана ошол атак данктын сени куткарып калганы? Кана сен омурунду арнап, абийиринди кошо сатып ийип иштеп берген уюмун сени коргоп калганы?"
Эмирдин дагы эле кокурогу жанып жатты. Алоолуп куйуп чыкты атугул. Ушул убака чейин билбеген чындыктын калкып чыгышы менен ал бутундой озун талдап, омурун антарып чыкты. Корсо такыр башкача жашоодо жашамак экен... Бир жумадан бери эч ким менен суйлошпой озу менен озу кубуроно калып, же бир жерге олтура албай тынчы кетип жургон Эмирди кузотуп жургон Саида акыры чыдабай жанына келди. Эмир балконго чыгып алыстарды тиктеп турган экен. Санаага тушуп ошончо ойлонуп кеткен экен кыз жанына келгенин да байкаган жок. Качан гана Саида колун Эмирдин желкесине койгондо селт этти.
-Эмир?
-Кечир ойлонуп кетипмин.
-Сенин абалын жакшы эмес,-деди кыз тынчсызданганын билдире.
-Ооба, жакшы эмес.
-Кетелиби?
-Кайда?
-Кыргызстанга.
Эмир Саиданы тиктеп турганча ойлоно кетти. Чын эле кетуу керек. Надя оз апасынын аты менен фамилиясын айткан. Анан да интернеттен карап корду го Кыргызстан кичине мамлекет экен. Демек оной эле табат. Бирок тапканда эмне? Ушунча жыл отуп "уулунмун" - деп кирип барабы? Кабыл алышабы? Же кантсе да болок чонойдун деп огойлоп салышабы? Бирок эгизичи? "Кызык мага окшойт болду бекен? Мунозу, коздору, чачы кандай? Эмнелерге кызыгат?" Эмирдин башында озунун бир тууганы, болгондо да эгизи бар экенин уккандан бери ушундай ойлор чубалжыйт. Бир туруп омуру корбогон, бирок бир карындан тушконун уккандан кийин белгисиз, бирок журогуно жакын тугойун ушунчалык жакшы коруп кетет. Акыры " барам! "-деп чечти. Жакын журуп аралашпасам да алыстан коруп койгонум жетет. "- деди.
-Эмииир? Дагы менсиз кеттинби ойлонуп?
Ойго чомулуп, андан ары кыялданып кеткен Эмирди Саиданын уну кайрадан чоочутту.
-Жок, жанындамын го.
-Жанымдасын, бирок мени менен эмессин! - деди кыз таарынган ун менен.
-Дайым сени мененмин! Мага ишен!
Эмирдин конулу бир аз которуло Саиданы кучагына алып балкондо турушту.
-Саида кетебиз.
-Кайда?
-Сен Таджикистандагы ата энендин дарегин эстейсинби?
-Ооба, - деген кыз шашыла башын ийкегиледи.
-Анда ошол жака. Андан ары алардан сен жонундо угуп Кыргызстанга барабыз.
-Эмнеге?
-Сен да кыргызсын Саида.
-Балким жанылыш коруп алдынбы?
-Жок,жанылбайм мен.
-Сен кайда десен да макулмун Эмир. Бул дуйнодо менин сенден болок жакыным жок. Ишенерим жок. Ооба ата энем бардыр бирок мен аларга эми ботон бироо болуп калдым. Аларга караганда журогумо сен жакынсын.
-Биз экообуздо жалгызбыз!
Эмир эми Москвадан Таджикистанга кетуунун жолун ойлонуп баштады. Албетте экооно тен жаны документ керек. Бул жерде эч кимди тааныбаса. Бир убакта баягы апасы тааныштырган Артём эсине келе тушту. "Кызык ал ким? Апамдан сурайм деп эле унутуп каламын" - деген Эмир ашканада жургон Надя тарапка жоноду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   27 Июль 2020 - 02:50

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХХ
Чын эле Артём ким эле? Надя ошол айылга кочуп барганда Артём ичип жургон бир аракеч болчу. Бир кездери компьютер, программа дегенди суу кылып ичип ийчу акыл десе акылы, келбети да келишимдуу жигит аракечке айланып кетуусунун да озунчо жолу бар. Озунон беш жашка кичуу кызды суйуп калып артынан журуп акыры оздук кылды. Дароо колун сурап уйлонуп да алган болчу. Баары соонун ойдогудай жашоо болуп кун кечирип журушкон. Бирок баары кийин башталбадыбы, бир сайт болуучу аябай чон проекттин устундо иштеп жаткан болчу. Анын бул ишине дайым уйуно келип жургон досу кызыгып сурап да кала турган эле. Анда маани бербеген экен качан гана ошол досу менен аялын бир тошоктон кармап алганда буга жетти баары. Корсо досу ошол проектисине кызыгып аялын пайдаланып аткан экен. Баарын таштады. Аялын да, баласын да, проектин да. Ансыз да журогу суйууго мас, кыялкеч жигиттин сезимдери ошончолук назик болчу. Катуу жараланды. Баарына кол шилтеп алыскы айылда жашаган апасынын бир тууганынын уйуно келип жашап калды. Бирок баары ошону менен унутулуп кетсе кана? Кайра журок дарты ырбап кучоп, ичимдик менен куйутун басып журуп бутундой кирип кеткенин деле туйбай калды. Надя айылга кочуп келгенде ал менен иши деле жок болчу, бирок окуя болбогондо балким билбей да калмак. Бирок кудайым бударды ушундай жол менен тааныштырууну туура коргон белем. Бир куну коп ичип алып жамгырда калып кетип катуу ооруп калды. Жотол, анын устуно дене табы да жогору болуп денеси от менен жалын. Коздору ачылбай антарылып жатып эсин жоготконун бир билет, кайра козун ачса мандайында Надя туруптур. Кокмок коздорун ирмегилеп, кабатырлуу тигилеген кыздын таптаза каректерин коруп эле женилдей тушкон. Атугул конулу да ачылып сергип калганын сезди. Мурун дайым козун ачаары менен арактан башка оюна эч нерсе келчу эмес.
-Абалыныз жакшыбы? - деди кыз озун карап жинди немедей жылмайып жаткан жигитти коруп тынчсыздана.
-Эн сонун! - деп жооп берди жигит ошол калыбынан жазбай.
Эми ойдо болоорунда кайра кыз кармап калды.
-Мен укол койдум, акырын жатыныз. Болбосо ийне чыгып кетет.
-Атын ким сенин? - деди кайра жигит.
-Надежда!
-Ммм, Надежда! Сен менин умутумсун!
Негедир Артём ушинтип айтты. Корсо катуу ооиуп эсин жоготкондо эжеси эмне кылаарын билбей, кочого айылдын жогору тарабында жашаган дарыгерге чуркап бараткан жеринен Надяга жолугуп анан бул келип укол сайып озуно келтириптир. Кантсе да медайым болуп иштеген эмеспи.
Мына ошол кундон Артём жаны жашоого кайткан. Такыр башка жашоого. Надяга комоктошуп да турчу. Ошол кезде кыздын кичинекей баласына да алма, ар кандай таттууларды которуп келип берчу. Бирде уулу кеткенде Надя ооруп калганда да Артём жанында болгон. Кыскасы кыздын ошондон кийинки жашоосундагы жалгыз сырдашаары ушул Артём. Бирок Надя журогун ачпады. "Уулумду, куйоомду кутом!" - дегенинен жазбай кутту. Айтканындай уулу келди, бирок куйоосу...
Эмирдин "Артём ким?" - деген суроосуна Надя ушуларды айтып жооп берди.
Кыска убакыттын ичинде Артём Эмирдин суранычы менен Саида экооно жаны документ жасатып берип Таджикистанга узатып кала беришти. Эмирге апасы менен коштошуу ушунчалык оор эле. Кайра корбоочудой бекем кучактап алды. Уч болмолуу уй менен колдоруна акча карматып кетти.
-Апакем менин! Аман болсом созсуз кайтамын сага! Ага чейин озунду сакта. Мени ойлоп кабатырга да тушпо. Мен тагдырыма жазган кунду кордум. Дагы шугур келтирем, сени коруу, эгизим, бир туугандарым бар экенин билууну насип эткенине. Абдул эми бул жактан сени издебейт. Ага биз керекпиз!
-Эмирим!
-Ыйлабачы апа.
-Уулум, апа деген созуно арзыр бекем? Ууланган тагдырын учун апанды кечирчи?!
Надя канчалык озун кармайын десе да болбой коз жашы тогуло берди. Журогу мин жеринен узулуп, зыркырап кала берди. Кол кармаша учака олтурган Саида менен Эмир алдыда оздорун кутуп турган табышмактуу, белгисиздикке карай жоноп кетишти. Оздукторун тапканы, улутун тааныганы, ата энесин коргону. А бирок бул тилектердин канчасы ишке ашып канчасы арман бойдон калат Жараткандан башка жан билууго алсыздык кылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   28 Июль 2020 - 02:36

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Кеч киргенде Душанбеге келип конгон самолёттон Саида тушту. Озунун жери. Бирок негедир журогуно чоочун. Озун бул олконун жараны катары коро албай жатты. "Туулган  жерим, мен тажик кызымын, кыргыз эмес" - деген сокур сезими жанылышканын эми туйду.  Оз жери болгону менен кудум Эмирдей эле айланасын чоочуркай карап машинада баратты. Мейманканага туношкон экоо эртеси куну Саида айткан айылды издеп барышмак болду. Тандын атмагы деле оор мындайда. Бул жолу уйкусуз ата апасын ойлоп Саида жатты. Апасынан го кыйратып деле мээрим корбоптур. Качан корсо тилинен заары чачырап, кенедей кыздан кучун чыгарчу. Бала экен да ошондо деле оюна келбегенин кара, озунун огой экенинин. Анда го наристе дили огой менен озду айырмалай билбейт болчу. Бирок азырчы? Азыр деле ал кумонду ойлоруна жуутпай, апасынын эркелетип суйлогонуно караганда уруп соккону коп болсо да сагынып турду. Мотурайган инисин сагынды. Мээримдуу атасын. Атасы кобунчосу тошокто жатчу, анын ордунан козголуп басканы ото эле сейрек. "кочуп кетишпеди бекен?" - деп алып кайра озу коркуп кетти. Тупсуз жообу жок ойлор менен алышып олтуруп качан уктап кеткенин деле билбейт. Эрте менен ойгонуп жолго чыгабыз дешкен эле. Бирок кун которулуп убакыт туштон отуп калган сыяктуу. Ордунда бир аз коздорун ачып жатып, бери оодарыла тушундагы диванда Эмирдин жок экенин корду. Журогу болк эте тушту негедир. "Таштап кеттиби?" Эмнеге экенин билбейт, оюна биринчи ушул соз келди. Эки козун алайтып соксойуп кенен керебеттин ортосунда олтурду. Канча олтурганын андап жете элегинде колуна чакан ноутбук которуп сырттан Эмир кирип келди. Кабагын туйуп келе жаткан жигит, уйкулуу коздорун ушалып олтурган кызды коруп жылмайып алды. Саида Эмирдин ушул кыска жылмайганына ашык болгон. Жарк этип бир жанып очуп калат. Бирок анын табы Саиданы ошол кун кечке бактылуу кыла конулун которуп журот.
-Турдунбу уйкучу?
-Сен кайда журдун? - деди кыз дагы эле коркуп кеткени тарабай.
-Корктунбу?
Жигит да Саиданы аяп кетти.
-Ооба, таштап кетти деп.
-Качып кетти дединби?
-Андай эмес...
Саида Эмир озунун оюн азыр шыр билгендей айтып койгонуна уялып кетип мукактай тушту.
-Качпайм, кантип сени таштап кетейин, сенден башка кимим бар?
-Саида карасан?
Ортодогу тынчтыкты кайрадан Эмир бузду. Ноутбукту ачып картаны корсотуп жатты.
- Сенин айылындын Кыргызстан менен чектеш аймакта турбайбы?
-Канакей?
Колу менен экран бетинде турган картаны корсотуп жатты жигит.
-Мына кордунбу? Сен кыргызсын! Балким алмашып кеткендирсин, балким мендей эгизин бардыр.
-Балким оз эне атам жок, байкуш бироо болсомчу Эмир? Ата  эне  баш тартканда бул уюм мени оздоруно алган болсочу? Арама барып кандай айтамын оз ата энемди айт деп.
-Саида
-Эмир коркуп жатамын мен.
-Жок, коркпойсун. Сен кучтуусун Саида.
Эмир кызды кучагына алды. Чын эле коркуп турганы билинип денесин майда калтырак басып жаткан экен.
Таксиге тушуп ошол айылды коздой жоноп баратышты.
-Эмир? Балким Абдул бизди ошол уйдо кутсочу?
-....
-Кордунбу сенде да жооп жок. Алар менин эне атамдын дарегин билишер. Биз барганга чейин аларды жайлап салсачы?
-Андай болбойт!
Анткени менен Эмирдин да журогу тупойул болуп чыкты. Надяны го улгуруп калыштв алып качканга. Бирок арадан коп кун отуп кетти, балким Саида чын айтып жаткандыр. Азыр Абдул ошол жакта болсочу? Анда кантет? Ушунча аракети текке кетпейби? "Башка жол тутуу керек" - деп ойлоп баратты. Ушул бойдон уйуно кирип барууга ото эле кооптуу...
Сааттап журуп тун бир оокумда айылга келип калышты. Айдоочуга эскертип, бугун тан агаргыча ошол уйду алыстан кузотмокчу болушту. Бирок тилеке каршы уйу да бийик дубал менен курчалган экен. Башка жолун табу керек. Уйго жетпей бир аз алыста токтогон машинадан уйдон чыкчу кыбыр жанды карап кутуп олтурушат..

Билдирүүнү түзөткөн: _Jalgyzym_: 28 Июль 2020 - 02:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   29 Июль 2020 - 02:05

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Урул бурул боло тан да атып келе жатат, атайы алыс жолго деп чон жети орундуктуу машина заказ кылышкан эле. Алдынкы орундукту артка чалкалата айдоочу, арткы орундукта бир жак капталына ооп Саида уктап жатат. Бир гана Эмир ошол калыбында уй тараптан коз албай олтурду. Кыздын устуно жабылган чакан жуурканды ондоп, андан чыгып калган колун кайра киргизип Саиданы кымтылап коюп жатты. Качан кун которулгондо алгач таксинин айдоочусу андан сон Саида ойгонду.
-Эмне болуп жатат?
-Менимче тынч баары. Бир эки жолу бир аял кирип чыгып журот. Кадамдарынан деле шектуу нерсе байкалбайт. Абдул келе элек же...
-Эмне же? - деген кыз бул суроонун жообун угуудан коркуп турду.
Кызды тиктеген Эмир анын жалооруган каректерин коруп аяп кетти да андан аркы созун улабай койду.
-Туштук киребиз.
-Эмир балким алар ичкериде бар, балким бизди келсе кабар берегиле деп дайындагандыр. Мумкун ушул жерден кайтаарбыз.
-Саида туштук, киребиз! - деген Эмир кыздын созун атайы укпаганга салып койду.
Дарбазанын алдына келип турган экоо, копто барып гана конгуроону басышты. Саиданын журогу улам катуулап согуп, толкунданып да санааркап да жатты. Конгуроону баса экоо тен демдерин ичке жута тыншап калышты. Мына бироонун кадамдарынын дабышы угулуп улам дарбазага жакындап келе жатат. Шарак эткен темир дарбаза да ачылды. Апасы! Канча мезгил отсо да, ал кездегиден кыйла каарый тушсо да бир коруп тааныды кыз.
-Саламатсызбы?
Саида тажик тилин деле унутуп калган сыяктуу. Балким толкунданып жаткандыр. Создору узул кесил чыкты.
-Саламатчылык, - деген аял мандайында турган жапжаш, кыз менен келишимдуу жигитти тааный албай турду. Балким Абдул чалып сурабаганда эстебейт да болуу керек эле...  "Баары бир келипсин да" - деди ичинде.
-Уйго киргиле, - деп жол баштады.
Саиданын "озумдун апам" - деген тилеги дагы бир ирет таш каап, бул аялдын озуно бутундой чоочун экенине дагы бир жолу ынанып, кубо болуп турду. Кантип эне оз канынан жаралган баланы унутуп койсун, он жыл, жыйырма жыл бул жакта турсун мин жылдап бир караанын корбосо да эсинен чыкпайт. Ал эми бул аял болсо супсак, кудум ошол жылдардагыдай. ..
Уйдун алды да кооз экен, мына Саиданын коп эсинде калган жерлер. Айрыкча апасынын бакчадагы гулдору. Бийик тепкич менен которулуп, таза кенен болмого баш багышты экоо. Бул жакта да терезеде туркун гулдор турат. Атасынын гулдору...
Ооба бул уй булоодо аял эмес эркек киши гулдорду суйуп остургонду жактырат. Саида бала кезинде атасы  кызын жанына алып алчу. Экоо болмону антарып таанышып буто элек. Бир убакта Орто жашап калган адамды арабага суйроп апасы баш бакты. Саиданын ушул жерге келгенде эртеден бери кармалып келе жаткан чыдамы, эрки тугонуп кетти.
-Атттта?! - деген кыз алсыз олтурган атасынын алдына жыгылып бутун  кучактап олтурду. Анткени ар дайым мээримге толуп турчу коздору мунайым тартып, нуру очкондой
-Саида!
Арык тарамыш колдору  менен титиреп жаткан кызынын чачтарынан сылады.
-Билгем кайтаарынды кызым, журогум сезген! - деди. Ар жакта жашка муунуп колу менен оозун жаап апасы турат. Бул абалда копко олутрушкан сон гана кыз ойдо болуп апасы менен корушту. Муздак, супсак.
-Ата? Мен чындыкты билем, - деди Саида тажик тилинде такалып суйлоп.
Соз торкуну эмне жонундо болгонун атасы да, апасы да билип турушту. Тунжураган унсуздук...
-Билем, кутподунор. Бирок келдим. Апа Абдул чалып кабар бергендир, качып кеттик. Балким алар бизди кармоо учун жолго да чыккандыр. Ошондуктан убакыт тар. Суранам силерден,кантип силерге келип калганымды айтып бергиле? Башка отунучум жок!
Саида кээ бир создорду орус тилинде суйлоп жатты. Анткени озу да билбеген абалда тажик тилин унуткан сыяктуу.
-Кызым!
Бул созду апасы айтты. Омурундо биринчи жолу, "кызым" - деген созду колдонду. Анан да уну да бир башкача жумшак чыкты.
-Сенин тагдырына аралашып калууну эч каалаган эмеспиз. Билесинби кээде адам айласыз калганда эмнелерге макул болбоосун? Ооба бизде да ошол абал болду. Атан ооруп калган болчу, дем алдыруучу аппаратка уланып аран жатат. Мен болсо курсагымдагы балам, менен ооруканада кайра жандандыруу болумунун эшигин сагалап олтурам. Сырттан караган адамга акыбалым абдан эле кейиштуу корунгон окшойт. Ичим менен козумдогу жашым менен жалдырап ары бери откон дарыгерлерди караймын. Бир жыл мурун эле бир бойрогу иштен чыгып алдырган эле, эми болсо ошол жалгыз бойрогу да ооруп кыйнап жаткан. Операцияга акча чогултуп жатканыбвзда кокустан жыгылып калды. Жардам берер же колдоп кетер туугандарыбыз жок, экообуз тен томолой жетимдербиз. Не кылаарымды билбей, жон гана коз жашым менен жаратканга унумду жеткире дуба гана кылып олтурдум. Уч кун журдум ооруканада атандын эсине келишин кутуп. Учунчу кун дегенде козун ачып жашоого кайтып келди. Желкемден тоону алып салгандай "оох" - дей туштум. Бирок анда деле абалы жакшы эмес болчу. Операцияны тездетууну эскертишти. Менде жаны маселе пайда болду. Ошончо чон сумманы кайдан кантип табаарымды билбей эсим эки болуп, турган ордумда тенселе тушкон экем. Жаныма бир медайым келип, бир палатага алып кирип суу берди, жылуу тамак берип ошол жерде жатуума уруксат берди. Озу аран турган жаным, "эмне болду?" - деген суроону укканда эле жарылып, шолоктоп ыйлап кирдим. Жакшы создорду айтып жубатып жатып колума номер карматты, "сизге созсуз жардам беришет" - деп... Чалдым, жолуктум бир аялга, суйлоштук...
Саиданын апасы созунун ушул жерине келгенде ыйлап жиберип, кыйлада басылды да андан ары улантып жатты.
-Ай кунум жетип ооруканага барганымда оз кызым олуу торолду. Балким бул менин алдыда жасоочу жоругум учун Жараткан тарабынан жаза болуп берилгендир. Колума тируу кызды карматышты. Ал сен болчусун. Ошол эле куну кыргыз жаш келин операция менен кыздуу болгонун айтып алмаштырып беришти. Ошол наристени боорума кысып торотканадан чыгып кеттим. Саида, сенин келечегин учун атандын омурун сактап калгам. Тушун мени кызым, менин бул жалган дуйнодо ушул адамдан башка жакыным жок. Биз бири бирибизде жалгызбыз. Ошондуктан мындан ажырап калуудан коркуп бул ишке бардым. Ооба атан толугу менен айыгып кетет алган жок. Ошентсе деле жаныма кубат болуп жургону мага чон медер.
-Сени алты жашка чейин багып гана беруу милдетин алгам. Колума берип жатышып катуу эскертишкен. "Эч качан мээриминди тушурбо, коргозбо" - деп. "Анткени бала озундуку эмес, баары бир алып кетебиз. Баланы да, озунду да байлаба!" - дешкен. Ошого катуу ишенип, мээме туйуп алган экем сага кыйратып мээрим бербедим. Алар "кийин ал жактан балдар кача турган болушпасын, татаал шартка коно албай калышат эркелеп оссо"-деп бизди ушундай таш боор мамилеге кондургон. Болбосо сен кандай гана таттуу наристе элен кызым! Аппак болуп же бир баладай шоктонуп мени да жудотподун. Сенин тилин чыгып суйлоп баштаганында ушунчалык суйуп эркелетким келип, озумду аран басчумун. Кийин озум да кош бойлуу болуп ининди торогонумдо бир аз ал балага алаксып, сени такыр эле жээрип баштагам. Оз ата энендин мээриминен ажыратып алганым аз келгенсип, мээримге зар кылып оксутуп чонойтконум учун кечир!...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   ASA79   29 Июль 2020 - 15:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Оор тагдыр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   jindirak   29 Июль 2020 - 16:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Анан жазабер автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 22:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: