Суперстан: Куноосуз коз жаштар... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Куноосуз коз жаштар...

#121 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   03 Август 2020 - 01:56

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХ
  Кыргызстанга келип, алгачкы жардырууну жасаган Абдул эми кийинки планга отууго даярдык коро баштады. Бул жолу ал элдин, айрыкча Эмирдин эн талуу жерине тийууну коздоду. Бул албетте жаш балдар болчу. Айыл четинде жайгашкан чакан мектепти эчак эле бул айылга келгенде коз алдына алып койгон болчу. Озу менен кошо ала келген жигиттери менен бугун тушку убакта ошол мектепти барымтага алууну коздошту. Абдул бул саам да баарын унутту. Надянын коздорун унутту. Жок чынында эстегиси келбеди. Анткени аны эстесе бардык нерсеге кол шилтеп кетери толук мумкун. Адамзаты кээде чон аябай чон адашууларга барабыз, катачылыктарга жол коебуз. Ичибизден, дилибиздин кай бир жеринде ошол жасап жаткан ишибиз туура эмес экенин туюп турсак да тан албай койгонубузчу. Балким бул биздин алсыздыгыбыз болсо керек. Бул уюштурулуп жаткан апаат кимдердин ажалы кимдердин коз жашы болуп калаар экен? Болгондо да наристелерди барымтага алып, алардын жанын кыю эмес ыйлаган унун угуп чыдоого болбойт. Бирок Абдул ушул кадамга барды. Бул жоругу анын журогу бутундой карарып, таш болуп кеткенинин далили. Кээде гана оз омур жолуна баш багып ойлонуп азапталганы болбосо, кайра мындай иштерди жасаарда ырахаттанчу мерез адам экенин корсотту.
     Жардыруу орун алган айылга кирип келишкен Саида менен Эмир айыл эли дурболонго тушуп жаткан учурга кабылышты. Баарынын козундо жаш ызы-чуу тушуп жогору тарапка чуркап баратышыптыр. Унулдап ыйлаган элдин агымы менен кошо алар да чуркап жоношту. Айылдан кыйла алыс болгон жерде бир кабаттуу имаратты курчап адамдар ыйлап турушуптур. Райондун милиция болумунон да келгенге улгурушкон экен. Жакыныраак барып коргон Эмир бул имарат мектеп экенин тушунду. Адамдарды алыс кармап айланасын чектоо киргизип лента менен тосуп жатышат. Эмирдин журогу катуулап согуп баштады. Жанында турган Саиданы улам карап кайра имараттын ичин карап коздору чекчейип кетти. Бул абалда канча турганын деле билишпейт. Улам имратты курчоо кучотулуп тез жардам, милиция органдарынын машиналары кобойо берди. Аялдардын ыйлаган ундору, ызы чуу тушкон эл, купулдоп барып бирок имаратка жакындай албай кооптонгон эркектер. Албетте  кирип барып талкалап салууга кучтору жетет, бирок ичкериде жаш балдар кармалып турат. Эмир чыдап тура албады. Айланага карангы тушуп курчалган мектепке гана жарык берилип турган маал. Копчулуктон суурулуп чыгып эки колун жогору которуп мектептин короосуна отуп барды. Кыйкырык салып ыйлап жаткан аялдар менен убара болуп калган милициялар эки караандын тосулган жерден отуп ичкери кирип баратышканын байкабай да калышыптыр. Эмир менен Саида имараттын алдына келгенде борбордон жиберилген Амандардын тобу келип токтошту. Баары жымжырт боло  карап турушат. Бир убакта гана мектептин эшиги ачылып тиги экоо кирип кетишти. Ушул жерде тургандардын бироо да алардын ким экенин кайдан келгенин байкабай калышты. Жада калса жуздорун дааналап эстей алышпайт. Органдан эмес, анда ошолордун шеригиби? Андай болсо неге колдорун которуп киришти? Андай эмес болсо неге аларга каршылык корсотпой эшик ачылды, ок да атылган жок! Бул сыяктуу тушунуксуз суроолор азыр бул жерде турган ар бир адамдын мээсинде айланып жатты. Аман да ошол жака чуркап барчудай обдулуп кайра артка тартып кала берди. Мойнун созун улам тиги кирип кеткен караан тарапты жалдырап карайт. Журогу элеп желеп болуп согуп, кудум ичкериге озу киргендей апкаарып денесин майда калтырак басып чекесинен тер да чыга баштады. Кызыгы коп эле кармоо операцияларына катышып эч качан мындай болуп корбоптур. Албетте азыр абал бир топ оор. Ичкериде кеминде 50 го жакын жаш балдар менен онго жакын мугалим кармалып турат. Алардын омуру сыртта турган булардын  бир шырп эткен кыймылынан коз каранды. Борбордон келген жетектоо тобу тушуп эле маалымат сурай баштады.
-Эч кандай талап коюша элек, болгону жакындабагыла деп жатышат.
-Ичкери киргендер кимдер?
-Озубуз да билбейбиз.
-Айыл тургундарын тактагыла. Бул оз алдынча кол салуубу же атайын уюштурулган террордук уюм билуубуз кажет.
-Тигил экоо жонундо маалымат керек! Алардын бул ишке туздон туз тиешеси болушу толук ыктымал.
-Жарайт!
Бул кабар чакан мамлекетке желдей тарады. Кыбыр эткенден жанылык жасап элди дурботкон калын журналисттердин тобу да тун ортосунан ооп микрофон камераларын которуп бирин серин пайда боло башташты. Алгач эле  расмий маалымат берууго тыю салып жатышты. Себеби колдорунда эч кандай далил, факт маалымат жок. Алардвн ким экендиги, талабы эмне экендигин билишпейт. Жада калса ичкеридегилер суйлошуу жургузо элек. Бул курч абал канчага созулаары да белгисиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#122 Пользователь офлайн   Stervashka   03 Август 2020 - 05:20

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 351
  • Катталган: 26 Январь 16
  • Соңку аракети: 26 Апр 2025 02:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Рахмат автор жазганын учун, бирок аз гооо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#123 Пользователь офлайн   jindirak   03 Август 2020 - 10:49

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения _Jalgyzym_ (03 Август 2020 - 01:53) жазган:

ХХХ
   Бишкектен Аман жолго чыкты. Бул ишке аны жиберген да, ундогон да эч ким болбоду. Озу эле кандайдыр бир кызыгуунун натыйжасынада аралашып калды. Алгач тушуно согуш талаасы коп кирсе кийин ушул Сирияга кеткендер жонундо изилдоого журогу турто берген. Бул жолу да ошондой. Туштукто болгон кабарды угаары менен жолго камынды. Жетекчиси да мунун кыялын билип калганга тоскоол болгон жок, борбордон жонотулчу тергоочу иликтоочулор тобу менен Аман да кошулуп бармай болду. Эми бул кабарды апасына гана айтуу калды. Кеч уйго келген Аман ашкана тараптын жарыгы очо элегин коруп журогу элжиреп кетти. Апасы адатынча ыссык тамагын белендеп уулун кутуп олтурат. Аман эр жетип окуп журуп кеч калган кундон тарта, мынтип жумушка кирип тундоп жоголсо да жалгыз апасы кирпик какпай кутуп олтурат. Атугул "санааркабай жатып эс ал" - дегенин да укпай кутконун апасын аяп кетти. Качан уйго киргенде уулунун жузун коруп, жытынан жыттап алып алдына тамагын берип, мандайында мээримдуу тиктеп олтурат. Аман апасынын журогу менен тен болуп калган. Кээде экоонун тен журогу бирдей согуп, бирдей ооруп атугул тундосу коргон туштору окшош болуп кетет. Аман согуш тааласын коруп кыйналып чыккан туну созсуз апасынын да тундосу уктабаганы билинет. Ал эми ооруп калгандачы, Сезим гулдой соолуп саргарып кетчу. Мына азыр да уулунун эшиктен жарк эте жадырап кирип келишин кутуп журогун уучтап олтурат. Апасын ушундай санаага салып бул жумушта иштебей эле койдум деп канча жолу кол шилтеди. Негедир кайра эле аралашып кирип кетет. Эшикти шарт ачып адатынча апасына эркелеп кирип келди.
-Апам менин алтыным! Берекем!
-Келдинби уулум? - деген Сезим кучагына оролуп озуно эркелеп аткан уулун чачтарынан жыттап алды.
-Ачка болдунбу?
-Аппоов! Эмне уктабай олтурасын?
-Уйкум качып балам.
Сезим Амандын алдына тамагын коюп жатып суйлоду.
-Баса кудалашууга качан баралы деп кенешейин десе карматпай качасын. Деги келинимдин конулун оорутпай атасынбы? Корс тамашаларын болчу эле?
-Жок, жакшы баары, - деген Аман Алиянын ачуусу келе озун кабагын туйуп караган наристе жузун эстеп жылмайды.
-Анан качан баралы?
-Апа, мен... - деген Аман андан аркы созун кантип айтууну билбей буйдала тушту.
-Ии, айтпайсынбы?
-Эртен кечинде туштукко баратамын.
-Аман?!
-Апа соз берем бул акыркы командировка. Анан келип келининди уйго алып келебиз да, жумушумду которомун.
Сезим жон гана башын чайкап озун жалдырап карап турган уулун бооруна кысты. Ушундай болоорун сезген, ошондуктан тойдун камылгасын корууну эртелетип чый пыйы чыгып аткан да. Интернетти каптап, теледен корсотулуп жаткан чек арадагы окуяны коргондо эле Аманды ошол жака бараарын журогу туйган. Байкуш эне журогу качан жанылчу эле?!  Бул жолу каршылык коргозбоду. Баары бир пайдасыз экенин билдиби же ошол белгисиз кооптуу жайда эти менен тен болгон дагы бир журогунун болугу бар экенин сездиби тушунуксуз. Макул болду. Уулунун амандыгын гана тилеп  батасын берип узатып калды. Уйдон бир аз эрте чыккан Аман Алиянын телефонуна кат жиберип жолгууга чакырган эле. Айтылган дарекке келсе кыз ошол жерде экен. Кол саатын карап алган Аман дайыма убакытка так жургон кызга ичи жылып турду. Кайра озу чакырып алып кеч калып келгенине онтойсуз болуп да кетти.
-Салам! - деди ойлуу турган кыздын жанына катарлаш туруп. Ар дайымкыдай тизеден ылдый тушкон узун, капкара чачтары желге ыргала туруптур. Кандай гана сулуулук, шынга боюна жарашкан узун чачы бул кыздын бар сулуулугун ансайын чыгарып корктуу корсотуп турат.
-Салам, - кыздын уну демейдегиден акырын чыкты. Ар дайым шоктонуп турчу каректери ойлуу тартып, Аманды короору менен кабагы чытыла калса бул ирет мээримдуу тигилди. Жада калса кызга мындай корунгон да жарашат экен. Шоктонуп, тийишип дагы жинине тийем деп келген Аман да кызды коруп жоошуй тушту.
-Куттуруп койдум...
-Конуп калгам, - кыз ошол калыбында жооп берди. Ортодо кайра унсуздук.
-Бугун кетип жатасызбы? - деди бир убакта Алия жумшак ун менен. Кыздан мындай жумшактыкты кутпогон Аман шашып кетти. Атугул бир нече секундка Алияны тиктеп алганын байкабай калды. Кыздын суроолуу коздору озуно кадалганда гана озуно келе тушту.
-Аа, ии ооба. Бугун жолго чыгабыз, - деген жигит андан ары созун улай албай мукактана тушту.
Алия шап эте Аманды кучактап алды. Алгач эмне болуп кеткенин тушунбой калган жигит, кыздын назик колдору озун кучактап турганын сезгенде, кыздан уруп жаткан жыпар жыт мурдун ордоп откондо гана эсине келип озу да Алияны кучагына басты. "Ушул муноттор ушул бойдон токтоп калса кана?" - деп ойлоп жиберди. Анткени ал омурундо биринчи жолу денесин балкытып, кокурогундогу жулкунуп согуп жаткан журогун тынчтандырчу бейпил абалга кабылышы эле. Ушунчалык жагымдуу да, аялуу да эле бул сезим! Балким экоо бул абалда кечке чейин тура бермек беле ким билсин, эгер Амандын телефонуна чалуу келбегенде. Телефондон чыккан музыка басылбай улам кучогондон кучоп которулуп жаткандай.
-Мен кетишим керек! - деди жигит ошол калыбында шыбырап.
-Билем!
Алия да коздорун жумган калыбында жооп берди. Бир нече ирмемге колдору менен каттуу кучактап алып анан кое берди кыз. Аман жер тиктеп турган кыздын ээгин ойдо кылганда анын коздорундогу мына азыр кулап тушчудой болгон жашты корду. Алия ошол калыбында бутунун учуна тура калып Амандын эрдинен ооп алды да:
-Озунузду абайланыз, сизди кутом! - деп кулагына шыбырап ошол бойдон артын карабай чуркап жоноду.


Анан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#124 Пользователь офлайн   Kyzyl-jooluk-jaljalym   03 Август 2020 - 19:33

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 35
  • Катталган: 23 Август 19
  • Соңку аракети: 14 Дек 2021 03:01
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Где Ты там и Я

Автор жазып коюнузчу....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#125 Пользователь офлайн   jindirak   03 Август 2020 - 20:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Автор бугун окуймбу же окубаймбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#126 Пользователь офлайн   ASA79   04 Август 2020 - 00:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Бүтпөй койду гооо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#127 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Август 2020 - 00:46

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (03 Август 2020 - 20:26) жазган:

Автор бугун окуймбу же окубаймбы

Ватсаппбынызга жиберип койдум окуп алыныз))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#128 Пользователь офлайн   aianaaiana   04 Август 2020 - 01:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 332
  • Катталган: 21 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 15 Дек 2021 01:55

Просмотр сообщения _Jalgyzym_ (04 Август 2020 - 00:46) жазган:

Ватсаппбынызга жиберип койдум окуп алыныз))
жазыптыр деп ,кире калса жокко
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#129 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Август 2020 - 01:26

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

ХХХХ
Эмир менен Саида колдорун которуп ичкери кирди. Эшик ачылганда эле курсуйгон Абдулдун ишеничтуу торт жигити тосуп алды. Капкара чупуроктон башына байлап, колдорунда, мойнунда асылган курал. Тишине чейин куралдангандары билинип турат. Эмир "коркунучтуу жоону жыкканы келгендей даярданышыптыр, кармагандары алсыз наристелер! " - деп кыжыры келе суйлонуп алды. Узун коридор менен кыйчылдаган полду басып тордогу болмого киришти, сыягы бул мектептеги эн чон класс окшойт аябай кен болуп терезелери да чон экен. Сырттагы жарыктар, козду алып уялтканы учунбу же корунгусу келишпегениби бут терезени оздорунун журогуно окшоп карарып кеткен кара парда менен тосуп алышыптыр. Бирок ошентсе да сырттагы прожекторлордун жарыгы куч болгону учун ичкеридеги кунурт болмого жарыгы тушуп турат. Болмодогу мектептин парта стулдарын чекеге суруп ортодогу жалгыз стулда Абдул башын жерге салып олтуруптур. Эмир киргенде кыйлада туруп ойдо болду. Жагымсыз мылжыйып кулгон калыбында экоонон козун албай турду. Эмир да, Саида да озгоргон сыяктуу. Алардын коздорундогу баягы лагердеги сууктук муздактык, кайдыгерлик очуп анын ордуна жалындаган коздор куйуп турат. Абдул кутуусуз каткырып кулуп жиберди. Кудум акылынан ажыраган адамдай каткырып жатты. Анын бул жалган, эн эле жагымсыз каткырыгынын артында ызаа болуп корбогондой чарасыздык жаткан. Бул имаратты каптагандай болду анын кулкусу.
-Эмммир?! - деди бир убакта кулкусун тыйып козунон чыккан жашты жени менен сурто буларга жакындап келип.
-Саякатынар буттубу?
Бул жолу Саиданы карап суроо салды. Кыздын коздору коркуп турса да кайратынан, эркинен артка кетпоочудой тикирейип тике карап туруптур.
-Балдар кайда?
Эмир Абдулдун суроосун жоопсуз калтырып кайра озуно суроо берди.
-Ушул бойдон жоголуп кетем деп ойлодун беле Эмир? Сен ушунчалык алсыз белен же? Неге менин биринчи кадамга барышымды куттун? Карачы сени деп эмне иштерди жасап салдык?
-Абдул?! Сен мындан кийин бир адамга щыян келтире албайсын!
-А ушул кунго чейин кимге зыяным тийген эле?
Абдул эки колун жазып Эмирди тан калып тиктеп турду.
-Эмне каалайсын?
-Эмнее? Менби э? Мен эмне каалайт бекем? Эмир сен эмне каалайсын?
-Абдул мен оз жеримдемин!
-Ыяяя?! Журчу?!
Абдул Эмирдин жетелеп жоноду. Чакан бир кабаттуу мектептин экинчи канатында жайгашкан, ушул имаратка уланып жаны эле салынган спорт залына суйроп келди. Бул жактын да жарыгы очурулуп балдардын баары тор жака тыгылып олтурушат. Аларды колдоруна курал кармаган беш жигит кооруп журушот. Эмир кирип эле жапжаш наристелердин коркуп, ыйлап кайра басылган молтурогон карагат коздорун корду. Кырка тищилип олтурган балдардын арасында ар кай жеринде соксоюп мугалим эжейлер торт бештен баланы бооруна басып олтурушат. Ары жакта бир эркек киши чекеси канап колун аяр кармап олтурат. Сыягы балдарды кооруйм деп мына бул зоокурлордон таяк жеген окшойт.
-Кордунбу буларды?! Сенин качып кетуун учун бул байкуштар бул жерде камалып олтурат?!
-Абдул баарын коюп жибер?! Ишинди мени менен бутур! Куноосуз наристелерди кыйнаба!
-Эмне? Эмир билесинби ар бир адам бул дуйнодо куноолуу! Жада калса мобул жаш балдар да!
Абдул балдарга жакын келип арасынан кичинекей 6,7 жаштагы баланы сууруп чыкты. Ансыз да коркуп турган бала "бааа" - деп бакырып жиберди эле колунан бир жулкуп алды. Эмир Абдулга кантип жетип жакадан алганын билбей калды. Заматта залдын ичи ызы чуу тушуп кооруп жургон жигиттердин жарымы балдарга жарымы Эмирге курал такап туруп калышты. Бир дууу деп кайра тынган зал дымып калышты. Бул ызы чуу сыртта тургандар га да угулуп баары дымып ичкериге кулактарын туро туруп калышты. Унулдап ыйлаган ундор басылбай кайра кучой баштады. Абдулдун эн жаман коргону ыйлаган адамдар. Чыдамы жетпейт такыр. Шарт чонтогунон куралын алып чыгып жогору коздой эки уч ирет ок чыгарып жиберди. Бул жолу залдын ичи тынч болуп калса, эми сырттагы адамдар дурболонго тушо ызылдап жатып калышты.
-Кордунбу? - деди Абдул колдорун жайып терезе тарапты коргозо.
-Булардын куноосу эмнеде билесинби?
Колундагы кармап турган баланы кайра туртуп жиберип Эмирге жакын келди да:
-Булардын куноосу сени менен бир улут болуп калганында! - деп Эмирдин кокурогуно куралы менен турто шыбырап суйлоду.
-Булар сенин элин экенинде куноосу!
Кайра эле ошол олдоксон каткырык залды, бул имаратты жаныртты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#130 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   04 Август 2020 - 01:29

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Сабыр кылып окуп жатканыныздарга чоон рахмат! Мурун карантинде олтурсам эми жумушка чыгып кенири убакыт болбой жатат, жумуштан сон келип жазып жатамын, туура тушуносуздор деп умут кылам))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#131 Пользователь офлайн   NSKA   04 Август 2020 - 13:44

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 02 Июль 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 14:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Керемет Ааламы

Чарчасаңыз да жазганыңызга рахмат, чыдамсыздык менен күтөбүз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#132 Пользователь офлайн   ASA79   04 Август 2020 - 20:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Жумуштан келдиңизби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#133 Пользователь офлайн   jindirak   04 Август 2020 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Автор бугун окуш керек болтат
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#134 Пользователь офлайн   nurzash09   04 Август 2020 - 22:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (04 Август 2020 - 21:31) жазган:

Автор бугун окуш керек болтат

Сизге ватсапптан жоноткон,караныыз жакшылап,бизгеда жонотунуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#135 Пользователь офлайн   bond0202   05 Август 2020 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

уфф.качан жазат эми
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#136 Пользователь офлайн   bond0202   05 Август 2020 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

эртереек бутурсо
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#137 Пользователь офлайн   jindirak   06 Август 2020 - 00:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Автор мне болду жаздынбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#138 Пользователь офлайн   -BOSS-   06 Август 2020 - 00:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 154
  • Катталган: 12 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 09 Дек 2020 18:53
  • Жынысы:Эркек

Аферист болсоң аптартет болоткенсиң да)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#139 Пользователь офлайн   jindirak   06 Август 2020 - 08:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения -BOSS- (06 Август 2020 - 00:17) жазган:

Аферист болсоң аптартет болоткенсиң да)))



Койдун Тузун жала барып
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#140 Пользователь офлайн   jindirak   06 Август 2020 - 08:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

ХХХ
      Ичкериден  эки уч ирет чыккан тарсылдак ундор сырттагы элди бир толкутуп алды. Мектепти байырлап туштон бери кетпей, ичкеридеги кара коз чурполорунун амандыгын тилеп  жалынып олтурган аялдардын жоон тобу окурук салып ыйлай башташты. Кай бирлери эки колун жазып тизелеп олтуруп жалынып жиберди.
- Оо кудай кайсы жазганыбыз бар эле?! Куноом болсо мына мени жазала! Азапка салгын келсе ичкериге уулумдун ордуна мени киргиз, бирок баламды сактай кор!
-Бул эмне деген кордук?! Бул эмне деген мыкаачылык? ! Эмне турасынар?! Куткаргыла жардам кылгылааа?!
Элди токтотуп чектоо коюлган жерден откорбой кармап турган орган кызматкерлерине чарасыз калган энелер кыйкырып, болгон  кучторун чыгарып жатышкандай. Сырттагы адамдар кобойгондон кобоюп, атайы кармоочу кошумча группалар чакыртылды. Бирок ичкери менен эч кандай байланыш жок. Жана ун чыккандан сон кайра тынып калды. Азыр бул жерде турган ар бир адамдын оюнда "атылган ок кимге тийди? Куноосуз балдар жараланган жокпу? Олгон жокпу?" - деген коркунучтуу суроо турган. Амандын журогу алып учуп бир жерде тура албай озу сыртта турганы менен анын жарымы ичкериде жургонсуйт.
Теледеги жанылыктардан тынбай бул окуя айтылып, атугул жеринен туз байланышка чыгып кыскача видеолор корсотулуп жатты. Бул жакта Аман менен Эмирдин абалы канчалык оор болсо тээ алыскы борбор калаада жаткан Сезимдин журогу да кынынан чыгып кетчудой согуп жатты. Уулунун аман келишин кудайдан суранып олтурган эне ошол эле жерде дагы бир баласы, жан этинин жарымы болгон перзенти жургонун билбейт болчу. Ал уулу да энесинин дубаларына муктаж болуп тураганын кайдан сезмек?! Бирок ошентсе деле журогунун бир учу менен, эч бир адамда кездешпес озгочо, бир гана энелерде болуучу туйгусу, кучтуу энелик суйуусу менен сезип жаткандыр...
            Эмир менен Абдулдун маеги копко уланды, баары жонундо суйлошушту. Абдулдун шарты боюнча Эмир менен Саида оздоруно кошулуп кетуу керек. Эмир макул болсо балдардын бир болугун сыртка чыгарып коюп жиберет да, калган болугун барымтада кармап чек арадан откучо кошо алып журушот, качан эсен аман чек арадан Таджикистанга отуп алышса калган балдар коюп жиберилет. Эмирде азыр тандоо укугу жок болчу. "Мейли жанымды алсын ал лагерге кайтып барбаймын! " - деп канча жолу озуно соз берген. Бирок азыр кырдаал такыр болок. Азыр озунун гана омуру эмес, оз жеринин эли, бир туугандарынын омуру маанилуу болуп жатат. Кала берсе куноосуз наристелер! Кантип ушундай учурда оз жанын, пайдасын ойлоп калсын? Кантип тандоону койсун озуно?! Жок албетте! Эмир ойлонбой туруп булардын жашоосун тандайт. Бир тууган элинин омурун жогору коет. Кантсе да канында тамырында кыргыз каны агып, кокурогундогу эт "кыргыз" - деп согуп жатпайбы?! Эмир Абдул бул жерден Саида экоону алып кетип башынан сылап албасын беш колдой билет. Качканы учун, уюмду дурботуп чыгымга салганы учун болуп корбогондой азапты корсотуп анае олтуруп салышат. Бул белгилуу. Озу мейли, Саидачы? Кантип аны азапка кыя алат ла, кантип азаптанганын карап тура алат? Эмирдин ойлору чырмалып кетти. Кантип жанындагы Саиданын колдорун катуу кармап алганын озу да байкаган жок. Жаштуу коздору менен озуно тигилген кыздын ишеними толо коздорун коргондо гана озун колго алып эркип жыйып кучтуу болду. Анткени ага Саида ишенет. Абдулдун койгон шартына макулдугун берди. Ал эми "Саиданы сактап калууну дагы ойлонуп кором" - деп чечти. Сырттагы орган кызматкерлери менен суйлошууну да Эмир жургузуусу керек. Жанына кичинекей баланы анан бир мугалим аялды ээрчитип аларга курал такап сыртка чыкты. Эшик ачылаары менен жаркылдап жанган жаркытардан коздору уяла бир колу менен козун тосуп, Абдул "кий!" - деп буйрук кылган чекесинде "Талибандар кыймылы" уюмунун желегиндеги сурот тушурулгон моюн орогучту жаба калганга козу гана корунуп турду. Коркконун титиреп жаткан баланын желкесинен акырын билинер билинбес сылап койду.
-Коркпо мен сага тийбеймин, баары жакшы болот балакай!
Эмир бул создорду орус тилинде айтты. Аны кичине бала уккан да жок, уксада тушунбойт. Бирок баары бир суйлоп жатты. Жузун жаап чумкой элегинде жанында бараткан мугалим аял жузун дааналап коруп алган болчу. Ошол аял гана Эмирдин оозун кыбырата "баары жакшы болот! Силердин куноонор жок, сактап калам силерди!" - деп кайталап жатканын угуп баратты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 5
  • 6
  • 7
  • 8
  • 9
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 8 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 8, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 00:00

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: