Суперстан: "Ант" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"Ант" Автор:Н.Кадырбеков.

#21 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Август 2020 - 00:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Чоӊ атамдар багып алгандан кийин, аларга бат эле үйүр алып, кийин өз ата-энеме кайра көнө албай коюптурмун. Чоӊ ата-энем мага аябай мээримдүү эле. Жаман сөз айтпай, кылган аракеттеримди мактап, көӊүлүмдү көкөлөтүп турушчу.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 00:49

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Август 2020 - 00:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Ошол жылуу мактоолору менен мени эрте турганга, элпек болууга тарбиялап коюшкан. «Менин уулум дайыма эрте турат, айтканыӊды аткарат, эстүү», - деп бирөөлөргө мактап жатканын уккан сайын, ошондой болууга тырышып, аракеттенчүмүн. Канчалык ката кетирсем да, алардын оозунан уруш, сын уккан эмесмин. Ал эми ата-энемдин үйүнө келсем, агам менен эжем кечирээк шашпай ойгонушат экен. Күн чыга электе уйкум качып, туруп кийинип, өзүмчө ойной берчүмүн. Тигилер качан ойгонот деп күтө берип зерикчүмүн. Намаз окуп эле эрте мененки чайыбызды даярдаган чоӊ энемден айырмаланып апам бир туугандарым ойгонгуча даам койбойт экен.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 00:54

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Август 2020 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Эжем менен көп урушкам. Ойноп жатып эле болбогон нерселерди талашып чырылдаша кетмейибиз бар эле. Бир жолу да ошентип, эжем менен сөз айтышып атканыбызда атам иштен чарчап кирип келип, мени карады да :

- Атаӊдын кулагы десе, үйгө келсеӊ эле чыр баштайсыӊ да, бар үйүӊө кет, - деди кабагын түйгөн болуп.

Атамдын мени эркелетип ошентип жатканын түшүнбөй, шагым катуу сынып, унчукпай гана пальтомду кийип, чоӊ атамдыкына кетип калдым. Муӊайып, барып момоюп олтуруп калганымды көргөн чоӊ атамдын аябай зээни кейип, чоӊ энеме карап:

- Баламдын көзүнө жаш кылгырып, маанайы чөгүп кирди. Куугунтук жеп келген окшойт, деп ачууланган. Менин маанайым пас болуп кирип келгеним чоӊ атамдын жүрөгүнө канжардай сайылганын кийин өзүм сүйүктүү неберелүү болгондо түшүндүм.

Бир күнү бир туугандарым менен ойногону келсем, атам мага кайрылып:

- Эй, сен эмне чоӊ атаӊа арызданып бардыӊ? – деп күлө сүйлөдү.

- Айткан жокмун, унчукпай олтурсам эле өзү билип алды, - атамдын алдында уялганымдан жерге кирип кете жаздадым.

Кийин билсем,чоӊ атам менин муӊайганым жанына жай бербей, «балама катуу тийбегиле» деп ата-апамы кекетип кетиптир. Алар болсо «эчтеме деген жокпуз, эжеси менен урушуп жатканынан кой урушпагыла деп айттык эле» деп актанып кутулушуптур.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 01:06

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Август 2020 - 01:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Ошентип чоӊ атам менен чоӊ энем үчүн жалгыз жана кайталангыс, сүйүктүү адам экенимди сезчүмүн. Өз атамдын үйүнө келгенде болсо агам менен эжемдин катарында өзүмдү көӊүл бурулбай, көптүн бири болуп калгандай шаабайым сууйт эле. Ошого карабай ойногонго бала жок болгондуктан кодулап, батырбай жатса да эжем менен агамдын жанына тартыла берчүмүн.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 01:10

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Kanat.kg   05 Август 2020 - 01:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Агамды ээрчип балдар менен көлгө түшкөнү барам. «Көл» дегенибиз колхохдоштуруу учурунда адамдар ашар жолу менен жапа тырмак казган чоӊ арыкта аккан ылай суунун кууш, тереӊирээк жерин таш жана чым менен тосуп, менин көкүрөгүмдөн келгидей тереӊдетип алганыбыз болчу. Ал ылай сууга ушунчалык ырахаттануу менен түшөр элек. Суусаганыбызда «аккан сууда арам жок» деп жата калып ошол кир суудан моокумубуз кангыча ичип алчубуз.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 05 Август 2020 - 01:14

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   Kanat.kg   06 Август 2020 - 17:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Эжеме кошулуп көчөдөгү балдар менен кечке ойноп, балдар үйлөрүнө таркаганда оюнга тойбогон жаным эжемди ээрчип атамдын үйүнө келчүмүн. Бирок, чоӊ атамдар кечки тамагын жебей мени чыдамсыздык менен күтүп жатышканын, сагынып санааркап атышканын сезип бир туугандарымдын жанында түнөп калуудан баштартып жүрдүм. Уялаштарымдын, бир боорлорумдун жанынан карыш жылгым келбесе да күн кечтеп бара жатканда чоӊ атамдыкын көздөй жөнөйм. Кээде, эжем да мени менен оюндун кызыгына киргенде «биздикине кала берсеӊ» деп суранат. Чоӊ атамдын көӊүлүн оорутуп аламбы деп ага макул болбойм. Бир жолу атамдардыкына келсем, эжем мага бир даана ширеӊкенин данына кадалган кызыл түстөгү короздун кичинекей жалпак айкелин берди.

- Ме, жейсиӊби?

- Бул эмне? –дедим мен колумду сунуп жатып.

- Шимисеӊ, аябайтаттуу. Бул короз момпосуй, - деди жылмайган тейде берешендиги тутуп турган эжем, - Бирок апама көрсөтпөгүн.

«Апама көрсөтпөгүн» деген шектүү эскертүүдөн кийин эшиктен бирөө кирип көрүп калбасын деп алган момпосуйду шимип олтурбай эле качыратып чайнап арыдан бери сугунуп койдум. Ушунчалык шашканымдан жегенимдин даамын деле жарытылуу сезбей калдым. Бирок, беш жашар мага момпосуйдун ширин даамынан да анын короз келбетинде ширеӊкенин данына ширелип турганы кызык көрүндү. Менин ошол кызыгуумду алдыртпай сезген эжем, мага жакыныраак келип шыбырады:

Эгер бүгүн биздикинде калсаӊ мен сага мындайдан дагы көө-ө-п берем. Короз момпосуй деле эмес козу, кулун, жоогазындары да бар. Жашыл, көк, сары, кызыл. Каласыӊбы?

- Билбейм.

Эмне деп жооп береримди чече албай дендароо болгон абалда ушинттим. Бир жагынан эжемдин айткандары напсимди азгырып, көӊүлүмдү тартып, кызыктырып жатса, экинчи жагынан, мени саргая күтүп олтурган чоӊ атамдын атамдыкында калып калган мага таарынычтуу караган элеси жаныма жай бербей турду. Чынын айтсам, андай момпосуйларды ага чейин такыр көрбөгөм. Согуштан кийинки жылдары ошондой даам татуу бактысына сейрек гана балдар, анын ичинде атабыз колхоздо башкарма болуп иштегендиктен менин бир туугандарым да ээ болгон экен. Сатуучулар дүкөнгө келген дүр-дүйнөнү жашыруун тескеп-иргеп, чанда гана болуучу товарларды адамдардын кадыр-даражасына жараша ылгап саткандыктан, таӊкыс дегендердин баарын айылдагы саналуу гана аткаминерлер алышчу. Ошолордун бири колхозду башкарган менин атам эле.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 06 Август 2020 - 17:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   Kanat.kg   07 Август 2020 - 15:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Оолдо балалык баёолук ай, ошол күнү эжемдин амал тузагынан чыга албай атамдардыкында жатып калдым. Чоӊ атамдар кабатыр болбосун үчүн атам атайын барып «бала бүгүн биздикинде бир туугандары менен ойноп жатып уктап калды» деп айтып келиптир. Эртеси, эжем сөзүнө туруп мага үч момпосуй берди. Күбө көрө электе аларды да ары-бери алкымдан өткөрүп жибердим.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 07 Август 2020 - 15:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Kanat.kg   07 Август 2020 - 16:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Кечке жуук кирип барсам чоӊ атам менен чоӊ энем кечки чайын ичпей мени күтүп олтуруптур. Сабырлары суздай көрүндү. Алардын бетин караштан уялып, жерди тиктей үйгө кирдим. Үч момпосуй үчүн мени өз жандарынан артык көргөн ушул эки кымбат адамымдын көӊүлдөрүн садага чапканыма ушунчалык уялып турдум. Чоӊ атам кадимкисиндей жаркылдабай, бир аз басыӊкы маанай менен:

- Чай ичесиӊби? –деп сурады.

-Ичем, - дедим үнүмдү акырын чыгарып, анчейин каалабай турсам да. Ичпейм десем чоӊ атама биротоло менден жүз үйрүп кетчүдөй, экинчи сүйлөшпөй койчудай сезилди.

Аӊгыча энем да сөзгө аралашты:

- Чоӊ атаӊ экөөбүз сени кечээ кечке күтүп отурдук.

Энемдин ушул сөзү башыма балка менен ургандай эле тийди. Өзүм да уялгандан кирерге тешик таппай турганда, эркелеткен жүз менен айтылган ушул сүйлөм уятымды убайран кылып таштады. Актанууга же башыма сөз келсе эмне. Сөзү менен азыткыдай арбап алып калган амалкөй эжеме ачуум келди. Өзүмдү саткынчы сезип, экөөнүн көздөрүн карагандан тартынып, жүгөрү ундан жасалган «загра нандан» бир сындырым сындырып, жеген түр көрсөтүп олтуруп калдым. Деген менен алардын жүздөрү акырындап жаркылдап, кадимкисиндей мени ортого алып, жалынып-жалбара эркелете башташты.

Билдирүүнү түзөткөн: Kanat.kg: 07 Август 2020 - 16:07

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 21:58

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: