Ажырашкандарга көз карашыңар кандай?
#101 24 Июнь 2020 - 20:12
Ажырашунун жакшы жаманын ажырашкандар билетта. Эмииии ар кимге ар кандайда тууравы азиш мера. Мне дединер ыя. Мен окумбойм деп айталам азыр жашоом куйом жакшы баламды оз баласындай кавыл алды
#102 24 Июнь 2020 - 23:05
Кадимкидей эле, колдоо.жардам көбүрөөк болот муктаж болсо ,колдон келишинче.
#103 02 Декабрь 2020 - 15:57
Чымчыктын да уясы бузулбасын,
ага эр табылат сага күйө табылат балдарга эле кыйын..... Бирок маңдайга жазылгандан кача албайт
#104 02 Декабрь 2020 - 18:55
#105 03 Декабрь 2020 - 14:32
Мен да ажырашкандардын катарындамын.
Жана ажырашкандарды адамдарды жакшы түшүнөм. Менин оюм биринчи сыноодо эле жыгылган эркек мн жашаштын кереги жок.
#106 03 Декабрь 2020 - 15:25
#107 04 Декабрь 2020 - 23:51
Кечээ түшүмдө жеңем келип боздоп ыйласа "иий-ий, кантип чыдап жүрөсүз? Кетип эле калбайсызбы?
!"-деп атыпмын... Чынында башка салгылык кылбасын, соонун байкем бар эле, ичкилик жеп койду бечараны…
В каждой шутке есть доля правды...
#108 11 Декабрь 2020 - 03:34
Men da ajyrashtym... birok okunboim. Murda boidok kezde tuwunchuu emesmin nege ajrawywat bir aaz chydap koiso bolot go dep. Korso bashyna tushkondo tuwunot ekensin.
#109 20 Декабрь 2020 - 23:18
Эчким ажырашсам экен деп турмуш курбайт. Баары эле бактылуу болоюн, омур бою ушул адам менен бирге жашайм кудай буйруса деп турмуш курушат. Бирок баары биз ойлогондой боло бербейт экен. Ажырашкандарды ошол нерсени башынан откоргон гана адам тушунот. Стресс, депрессия, сыгылуу, адамдардан качып журуу кыскасын айтканда абдан коп нерсени башынан откоруп коюшат. Бойдок мезгилимде ажырашкандарын уксам иий деп эле калчуу элем, ашыкча соз суйлогондон коркчуумун.
Эчкачан мен андай кылбайм же болбосо ЭЧКАЧАН менде андай абал болбойт деп суйлобош керек деп калышатко ошол созго коп маани берет элем ошондуктан бир созду суйлоодо этияттап суйлочум ажырашкандарга,
кантседа катып калган журок, суук коз караш, ишенимсиздик болуп калат ажырашкан адамдарда.
Аллахым пешенеге жазып койгон болсо бактылуу болуп жургон жеринден деле ажырашасын же кыйын абалда жургонундо бактынды табасын, пешенеге жазылганын корот экенбиз. АЖЫРАШУУ уят эмес, сенин баркынды билбеген адам менен жашоо уят. Менин бул убакытка чейин деле ажырашкандарга коз карашым туз болгон мындан кийин деле туз болот. Баардык адам бактылуу болгонго татыктуу! Чымчыктында уясы бузулбасын.

#110 23 Декабрь 2020 - 06:24
Ажырашкандарды 2чи сорттой коргондорду жыга чапкым келет. Кылмышкердей карашатко ботом
#111 23 Декабрь 2020 - 13:38
Анан да мени эн кейиткени келгенине эч канча болбой атып, кайнежем, кайынсиндим озу ажырашып келгени аз келгенсип мени да кууратып атат, жакшы болсо ошол жерде батып жашамак, жамандыгынан ажырашып, бизди да ажыраштырган атат деп ыйлактаган келиндерге жиним келет. Жыргаганынан,
же уйуно барып келинине жаман корунгусу келип ажырашпайт да адам. Ал деле ошол жерде онуп оссом экен дейт. Бирок турмушта ар кандай нерселер болот. Ошол кезде жолоп таяп, бир туугандык мамиледе болуп койгондун орлуна дарооле соц тармактарга жамандап, ыйлактап чыгышат. Башаны келбесе тушунбойт дейт.... Чымчыктын да уясы бузулбасын
#112 23 Декабрь 2020 - 15:31

#113 25 Декабрь 2020 - 22:35
Ажырашууга миң себеп болгон учурда дагы, сабыр кылып жашап кеткени бир себеп тапса болот. "Балдарым"
деген себебим бар. Ошого күндөшкө деле, кайын журттун өнөрлөрүнө деле, атабыздын кош көңүл мамилесине деле сабыр кылып жүрөм. "Ажырашкан"
деген статусту ыйгаргым келбей жүрөт. Кээде кол шилтеп кетким келет. Анда өзүмдү ойлогон эгоист болуп калам балдарымдын алдында деп корком. Ал мага жакшы жолдош боло албаганы менен балдарымдын жакшы көргөн атасыда.
#114 25 Декабрь 2020 - 23:49
Гыррррррррың дей албайм
Помните Альберт Эйнштейн сказал:«Я боюсь,того дня когда настанет тот день, когда технологии превзойдут простое человеческое общение. И мы получим поколение идиотов»
#115 26 Декабрь 2020 - 00:06
Yasminnur (25 Декабрь 2020 - 22:35) жазган:
Ажырашууга миң себеп болгон учурда дагы, сабыр кылып жашап кеткени бир себеп тапса болот. "Балдарым"
деген себебим бар. Ошого күндөшкө деле, кайын журттун өнөрлөрүнө деле, атабыздын кош көңүл мамилесине деле сабыр кылып жүрөм. "Ажырашкан"
деген статусту ыйгаргым келбей жүрөт. Кээде кол шилтеп кетким келет. Анда өзүмдү ойлогон эгоист болуп калам балдарымдын алдында деп корком. Ал мага жакшы жолдош боло албаганы менен балдарымдын жакшы көргөн атасыда.
+ Ажырашуу– тандооноздун эн акыркысы болсун. Анткени Аллахтын ачуусун келтирет. Озунуз сый урматка жеткиниз келсе, анда жолдошунузду ошол даражага жеткириниз. Бул ар бир аялдын колунан келет жана амалдардын эн жакшысы. Ошондо уйдо эле эмес баарынан сый коросуз, бактылуу болосуз. Нейтральный коз караш менен айтканда коп нерсе озунуздон коз каранды окшойт

#116 26 Декабрь 2020 - 00:31
Уулдуу болгусу келген эркектин биринчи аялы жана 2 кызынын энесимин. Азырынча ажырашуу ниетим жок. Кыздарымдын толук үй-бүлөдө чоңоюшу үчүн сабыр кылып жүрөм. Өз жолдошунан ажырашып, 3 баласы менен менин жолдошума экинчи аял болуп тийип алган аялды көргөндө, өзүн ойлоп 3 баланы жетим кылган келесоо экен деген ой келген. Мен бул катаны кайталабайм буйруса.
Билдирүүнү түзөткөн: Yasminnur: 26 Декабрь 2020 - 00:40
#117 26 Декабрь 2020 - 23:29
Эхх, жашоо! Жалгыз эмес экенмин. Мен да бир кыз үч уулумду жалгыз чоңойтуп келем. Ажырашуу мен үчүн оңойго турган жок. 13 жыл ур тепкиге чыдап жашадым. Акыркы себеби бир күйөөсү Россияда иштеген келин менен мамилеси болду. Ал аял да уялбай куйоосунун акчасын салдыртып , бул жакта ушинтип Кун откорот экен.
Азыр окунбой калдым. Жаман эр жашаганча жон жургон деле жакшы экен. Кулак мээ тыынч.
Азыр окунбой калдым. Жаман эр жашаганча жон жургон деле жакшы экен. Кулак мээ тыынч.
#118 26 Декабрь 2020 - 23:33
Yasminnur (26 Декабрь 2020 - 00:31) жазган:
Уулдуу болгусу келген эркектин биринчи аялы жана 2 кызынын энесимин. Азырынча ажырашуу ниетим жок. Кыздарымдын толук үй-бүлөдө чоңоюшу үчүн сабыр кылып жүрөм. Өз жолдошунан ажырашып, 3 баласы менен менин жолдошума экинчи аял болуп тийип алган аялды көргөндө, өзүн ойлоп 3 баланы жетим кылган келесоо экен деген ой келген. Мен бул катаны кайталабайм буйруса.
Ото сабырдуу экенсиз. Менин да Уй буломду 3 кыздуу, куйоосу бар аял бузган. Мен озумду аларга тебелетким келген жок. Озум учун, балдарым учун жашоону чечтим.
#119 27 Декабрь 2020 - 03:36
Кандай куйоо аялын урат? Оорулуу болуш керек алар. Окунучтуу/ коркунучтуу дагы деле ошондойлор бар болгону.
#120 29 Декабрь 2020 - 23:12
"Бир ай жашап ажырашкам,келинчегим ата-энемди кабыл алгысы келген жок. Кийин балам,аялым,
апам деп ортодо калуудан корктум"-
деген жигитке турмушка чыгуудан баш тарттым эле.
Кээде окунуп кетем. Негедир ошол учурда "Жакшы Адам болсо ажырашмак эмес да,эптеп Бир жолун таап жашап кетмек"-деген ой болуптур.
Адам баласы ажырашып кетейин деп эмес туболук бирге болуу учун баш кошуп,такыр арга калбай калганда эки жолго тушушот экен, кийинчерээк тушундум.
Бир турмушту коргону учун 2-жолу уйлонсо "кулжундабай" жакшы жашаганга аракет кылат беле деген ойлор болуп калат,кээде))