Суперстан: Түн түшкөн өмүр... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түн түшкөн өмүр...

#61 Пользователь офлайн   Aituwas   08 Март 2021 - 20:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Ой канааа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Water   10 Март 2021 - 16:56

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 53
  • Катталган: 02 Июль 18
  • Соңку аракети: 02 Янв 2022 23:09
  • Жынысы:Белгисиз

Журок ооруу боло турган болдум куто берип.Автоор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   jindirak   11 Март 2021 - 11:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жалгызым тириликтен бошобой атат, туура тушунуп тургула, бурса Бир эки кундо чыгат толук формата.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   asefsa   11 Март 2021 - 15:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Эмнеси болсода тез тез жазганы жардамынарды Бере тургула
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Bazana   12 Март 2021 - 00:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 20 Март 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 18:39
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Татарстан

Просмотр сообщения jindirak (11 Март 2021 - 11:02) жазган:

Жалгызым тириликтен бошобой атат, туура тушунуп тургула, бурса Бир эки кундо чыгат толук формата.
а жакшы, ушунусуна да шугур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Ayimka   12 Март 2021 - 05:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Ушу Жиндирак менен автор чын эле баш кошушканбы? Же тамашабы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   BekRek   12 Март 2021 - 15:45

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 21 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Фев 2025 12:45
  • Жынысы:Эркек

Чын эле окшойт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Arianaa   12 Март 2021 - 18:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 254
  • Катталган: 25 Март 17
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 08:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан Бишкек

Тамаша окшойтко дейм автор эки кун манологго сагынычын жазганына караганда.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Ayimka   12 Март 2021 - 18:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Просмотр сообщения Arianaa (12 Март 2021 - 17:01) жазган:

Тамаша окшойтко дейм автор эки кун манологго сагынычын жазганына караганда.

Мен да тамаша болсо керек деп ойлоп калдым. Монологду окугандан кийин, ошентсе да кызыгып жатам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Komar   12 Март 2021 - 22:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 14 Июль 20
  • Соңку аракети: 18 Сен 2021 14:40

Жиндирак тоюнан кийин эле алыска кеткен окшойт. Буюрса чын эле уй булоо курушту го.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Ayimka   13 Март 2021 - 13:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 24 Август 14
  • Соңку аракети: 28 Авг 2023 15:03

Просмотр сообщения Komar (12 Март 2021 - 21:09) жазган:

Жиндирак тоюнан кийин эле алыска кеткен окшойт. Буюрса чын эле уй булоо курушту го.
ошондо кыркы чыгалек кетип калдыбы не?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   17 Март 2021 - 02:19

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (11 Март 2021 - 11:02) жазган:

Жалгызым тириликтен бошобой атат, туура тушунуп тургула, бурса Бир эки кундо чыгат толук формата.

Ошол сиздин тиргиликтен бошобой жатамын да. Сиз жүрөсүз жумуш деп...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   17 Март 2021 - 02:20

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения jindirak (28 Февраль 2021 - 23:43) жазган:

Ушул чыгарманы окугум келип атат жаным

**********
-Акмаксың! - деди Шириндин көздөрүнөн ачуу жаштар агып.
-Билем! - Акыл текебер мыйыгынан жылмайды.
Мөлтүрөп тамчы суудай таптаза, аруу, сулуу көздөрү жоодураган баягы Шириндин ордуна азыр маңдайында бети башы көгөрүп, көздөрү жек көрүүгө толгон кыз турду.
-Кантип ушул ишке бардың? Акың жок болчу жашоомду мынтип башкарып алганга!
-Сен макул болгонсуң!
-Эмнееее?
-Сен кандай шарт болсо да макул болуп чыккансың! Же унуттуңбу тиги абакта жалдырап жатканыңды? Ошондо эмнеге сураган жоксуң шартты?
-Билгенимдечи ушундай ыплас адам экениңди... - деди Ширин аргасы түгөнгөндөй кыжыры келип.
-Сен деле мен ойлогон периште эмессиң! Качан бузулуп жүрөсүң ыя?
-Ал сенин жумушуң эмес!
-Мен буга төлөдүм эки эселеп! - Акыл ордунан туруп келип Ширинди каруудан кармап көздөрүнө тике карады.
-Чала болот сага! - деген Ширин да көздөрүн тартып албай корккондун ордуна мазактуу жылмайды.
-Ошондой дечи... карап тур эми сен муну менен бүтүп калат деп ойлобо баары! - Акыл андан бетер кызды жулкулдатып жиберди.
Көзүнөн жаалы төгүлүп турган кара өзгөйлүгүнө бир эсе таң калса, бир эсе чочуп да турду. Көрсө Ширин такыр башкача кыз экен...
-Шартыңды аткардым, эми жолумдан чыкпа!
-Шашпа, шапааа пери бул менен эле баары бүтпөйт!
-Мен сенин башка шартыңа көнбөйм!
-Азыр ушул жерден, ушул абалда кайра абака кетирип жиберем! Керек болсо өмүр бою ошол жактан чыга алгыс болосуң!
Ширин эми гана такыр чарасыз экенин түшүнгөндөй шалдырай түштү. Көз алдына ошол коркунучтуу абактын темир эшиктери менен суук дубалдары тартылды. Апасынын бейкүнөө өмүрү, инилеринин таза каректери, энесинин саамайынан түшкөн айдын нурундай ак чачтары...
Жоок, Ширин эми абака түшө албайт. Ошолор үчүн жашоого милдеттүү. Ушулардын баары мээсинде бир заматта айланып өтүп, турган ордунда теңселе калган кыз буттарынан күч кете Акылга жөлөнө кетти. Акыл да түшүндү кыздын чындап жеңилип бергенин. Жанатан ызырына кыздын каруусунан катуу кармап турган Акылдын колдору кызды кучагына алды. Ширин каршылык көрсөткөн жок, бирок ошол эле убакта ага ыктаган да жок. Кудум эки ааламдын ортосунда каалгып жаны денесинен бөлүнүп учуп кете албай айланып жүргөндөй абалда тура берди...

Шириндин ушул күндөн жашоосунун үчүнчү бөлүгү башталган. Бат эмес акырындан Акыл баштаган коомго аралашып, сиңип бара жаткан эле. Алгачкы жылдары жөн гана Акылдын өзү жана анын ишеничтүү достору үчүн кызмат кылып жүрдү. Өзүн өзү аңдабаган абалда сойкулук менен алектенди. "Сойку" - дегенди жалаң эле түн жарымда көчөгө чыгып, машина тосуп денесин саткан деп түшүнчү. Жок, көрсө андай эмес экен. Бул да бөлүнөт туура. Ошол өзү ойлогон көчөгө чыгып денесин саткан сойкулар эң арзан жана төмөндөрү болуп эсептелинерин кийин билди. Күлкүлүү да э? Сойкулар да кудум биздин коомго окшоп өз - өзүнчө статуска бөлүнөт. Элиталар үчүн элита сойку, орто байлар үчүн орто, төмөндөгү коом үчүн дагы өзүнчө..
Ал эми Ширин дал ошол "элита сойкуларына" кирчү. Булардын сыртынан эч ким сойку деп деле айтпайт. Өзгөчө табит менен ак сөөктөрдөй кымбат баалуу кийинишет, көчөдөгү түнкү көпөлөктөрдөй болуп тамеки тартып, ичимдик ичишпейт. Ар бир ай сайын атайын дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп турушат. Өздөрүнүн жүзүнө жана денелерине аябай кам көрүп, аларды таза кармашат. Булардын милдети көчө сойкуларынан айырмаланып төшөктө кызмат кылбастан, жандаган адамы менен кошо мыкты кечелерде жүрөт, эс алышат. Керек болсо өлкөнүн эң каймактары чогулган жабык кечелердин да күбөсү болушкан. Куурчактай кийинип мырзасынын жанында сүйкүмдүү жылмайып гана аларга жакшы маанай тартуулап жүрүшөт. Ошондой эле булардын жандаган адамдары да жөнөкөй эмес. Эң төмөнү Жогорку Кеңештин депутаты...
Ширин алгач өзүнөн өзү жийиркене бул иши үчүн күн сайын өлгүсү келип жаны кыйналса, убакыт өтүп көөдөнүндөгү ошол азап жоголуп бара жатты. Балким көнүп кетти, балким өз чөйрөсүн тапты. Көкүрөгүн кыскан ал азаптын жоголуп баратканы менен Шириндин жандүйнөсү дүрбөлөңгө түшчү болду. "Кантип? Мени күн сайын соттоп, күн сайын жанымды алчу абийирим өлүп баратабы?" - деп ойлоду. "Демек менин бүткөнүм ушул туура... эми мени абийирим да жок..." - деген кыз башынан ылдый куюлуп жаткан сууга жүзүн тосуп тура берди.
Акыл Ширинге Бишкектин так ортосунан бир бөлмөлүү батир сатып берген. Ширин энеси менен инилерине "чет өлкөдөн товар ташып иштеп жатам" - деген шылтоо айткан.
Жуунуп болуп суу болгон денесине жука желбиреген халатын таштап чыкты. Уктоочу керебетте жаткан Акыл башын көтөрүп күзгү алдында турган Шириндин денесине суктанып карап жатты. Денесине жармашкан халаттын кыздын бүт мүчөсү билинип турду. Төбөсүнө байланган капкара чачтары менен койкойгон аппак моюну, узун буттары Акылды кайра эсинен ажыратып жиберди. Дароо ордунан ыргып туруп кыздын ичке белинен имере тартып мойнундарынан жыттап кирди.
-Жөнчү...
-Сен неге мынча жытуусуң, жытың башкача сенин! - энтиккен Акыл кыздын алкымынан аймалап кайра эле төшөккө жыкты...

-Ширин?
Кыз жооп бергендин ордуна бир кашын көтөрө Акылды тиктеди.
-Эртең түштүккө сен барасың.
-Эмнеге?
-Сага гана ишенем!
-Сен эртең тиги чоң кечеде бийликтеги досуңдун жанында болоорумду айттың беле?
-Ага башка бирөөнү коём.
-А эмнеге? - кыз ансайын сырдуу жылмайып Акылды тиктеп тура берди.
-Эмне сага жагабы ошентип жүргөн?
-Кантип?
-Көрүнгөнгө илешип?
-Сен мени мажбур кылгансың баарына! - капкара көздөрүн кадап тураган кыздын үнү таарынычтуу чыкты.
-Эми мажбур кылбаймын... - деген Акыл жумшак сүйлөп колдору менен маңдайында олтурган Шириндин жүзүнөн сылады. Кыз ишенбегендей көздөрүн ирмегилеп жиберип Акылды суроолуу тигилди.
-Мындан ары сен жалгыз меники болосуң! Макулсуңбу?
Шириндин кулак асты чуулдап кетти. Азыр эле уккан сөзү чындыкпы же адатынча кыялга берилип кеттиби? "Деги эмне болуп кетти?" - деди өзүнө - өзү суроо сала. "Бул эмне сынап жатабы мени?" - дегендей ансайын чоочулайт. Анткени мындай күтүлбөгөн сунушту Акылдан угам деп түк ойлогон эмес...
-Ширииин? Угуп жатасыңбы мени?
-Аа, ии угуп жатам, - деди көздөрүн ала качып.
-Эмне жооп бербейсиң?
-Эмнеге? - Ширин кайра көздөрүн алайтып суроо берди.
-Мендик болсоңбу дейм?
-Мен...мен... Сен эмне чын эле сурап жатасыңбы? Же бул..
-Мен сени жакшы көрөм! - деген Акыл алдында колдору титиреп олтурган кыздын колун кармады.
-Сен?
-Ооба мен. Ишен мага мындан ары баары башкача болот. Болгону сен мендик гана бол!
Акыл жакын келип кыздын назик, жумшак жылуу эриндеринен сүйүп алды.
-Кечир мени баары үчүн! - деди кулак түбүнө шыбырап.
Ал эми Ширин жөн гана ыйлап жатты. Кубанычтын же өкүнүүнүн жашы экени белгисиз көздөрүнөн тамган жаштар жамгырдай төгүлүп жатты...

Бир жумадан соң спорттук кийим кийип, колуна Акыл карматкан сумканы көтөрүп такси менен түштүккө карай жол алды. Ошентип Ширин Акылдын өзү билбеген дагы бир дүйнөсүнө кадам койду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   17 Март 2021 - 02:25

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

Түштүккө келген соң Акыл айткан даректи издеп жөнөдү. Ош шаарынын жанындагы райондо коңшу мамлекет Өзбекистан менен чектеш жайгашкан чакан айылга кеч күүгүмдө кирип келди. Айылдагы жепирейген эски жер тамдарды аралап олтуруп эң чет жакта жайгашкан үйдүн алдына келип түшүп калды. Эскилиги жетип дубалдары урайын деп калган үйдүн сырлары көчүп кеткен каалгасын какты. Өтүп бараткан адам бул үйдө бирөө жашайт экенинен күмөн кылмак. Анткени каралбай таштандыга айланган үй сезилет сырттан караган адамга. Кыйлада барып ичкериден акырын сүйлөгөн үн чыкты.
-Ким бул?
-Акылдан келдим, - деди Ширин аптыгып Акыл үйрөткөн сөздү айтып.
Шарактаган үндөр угулуп бир убакта эски каалга ачылды. Андан чыккан адам "Кир" - дегендей Ширинге башын жаңсап ичкерини көрсөттү. Ширин кирип кеткен соң көчөнү бир сыйра карап алып эшикти ичинен илди.
Сакалдары өсүп коркунучтуу көрүнгөн адам үн - сөз сүйлөбөстөн кыздын алдына түшүп үйгө жол баштап баратты. Үйдүн ичи күңүрт, бир да жарыгы жок экен. Тар бөлмөлөрдү аралап баратты кыз. Эшиктери жок бөлмөлөргө кездемелер илинип турат. Төрдөгү чакан бөлмөгө киргенде ал жактан да сакалчан адам тосуп алды. Башына топуну бастыра кийип алган адам Ширинди баштан аяк бир сыйра карап алды да:
-Сумканы бер! - деди акцент менен сүйлөп орус тилинде. Сүйлөгөн акцентине караганда тажик же өзбек улутундагы адам экени билинип турду.
Ширин унчукпастан сумканы стол үстүнө койду эле, төрдө олтурган адам арттагы турган жигиттерине колун жаңсап койду. Алар сумканы ачып ичинен чоң кездемеге оролгон акчаларды чыгарды. Пачка болуп оролгон акчаларды көргөндө Шириндин көздөрү чоңоюп кетти. Бишкектен бери ушунча акчаны билбей көтөрүп келгенин карасаң...
Ары жака алып бүт баарын эсептеп болгон жигиттери башын ийкеп коюшту да башка дагы чакан сумканы Ширинге карматышты. Ошол бойдон сөз уланган жок. Колуна тийген сумканы көтөргөн кызды эшиктен тосуп алган адам кайра сыртка узатып жөнөдү. Баягы узун күңүрт коридор менен баратканда кездемелер илинген чакан бөлмөлөрдүн бир экөөсү ачык экен. Анда катар коюлган керебеттерде онтоп жаткан жаш жигиттер менен аралаш жаткан кыздарды көрдү. Атайын токтоп караганга даабай койду. Шашылып баратып көз кыйыгында карагандары ушулар болду. Сыртка чыгып эле асманды карап терең дем алып алды. Жашоосундагы көргөн күндөрүнүн кайсы бири тозокко тең болду экен? Улам оор күндөр, же коркунучтуу жагдайларга туш келген сайын бул мээсине кылт эте түшөт. Азыр эле өз көзү менен күбө болгон бул окуя эмнени билдирет? Деги эле бул жай кандай жай? Ширин алды артын ойлоого чамасы келбей, караңгы түшкөн көчөлөрдү аралап чакан айылдан батыраак эле чыгып кетүүгө шашылып баратты. Акыл үйрөткөндөй алган сумканы бекем кармап эч жерге түнөбөй түнү менен кайра Бишкекке жолго чыкты. Бирок узун жолдо бир кирпик ирмебей келди. Колундагы сумкада да пачка акча барбы же башка нерсе. Дагы не деген шумдук окуяга чырмалып калды экен? Тиги бөлмөлөрдө онтоп жаткан адамдар кимдер? Кандай оору менен ооругандар? Деги эле не деген чөйрө? Шириндин көз алдынан шашып өтүп баратканда көз кыйыгы менен көрүп калган адамдар кетпей туруп алды...

Бишкекке келери менен өзүнүн батирине келди. Ал жерде келишилгендей Акыл күтүп алды.
-Ооу менин ак чардагым келди! Кандай келдиң сулуум? - деди Акыл Ширинди аймалап өөп.
-Сен мени кайда, кимдерге, эмне менен жибергенсиң? - деген Ширин жактырбай Акылды көкүрөктөн ары түртүп ичкериге кирди.
-Кимге барыпсың? - деген Акыл таң калгандай кыздын артынан ээрчип бөлмөгө кирди.
-Мен бир сумка толо акчаны көрбөй, билбей кеттимби э? - деди Ширин колу менен чекесин кармап.
-Билгениңде эмне? Ошол акчаны алып андан ары качып кетмек белең?
-Балким, бул деле жакшы ой, - деди Ширин ачуусу келип.
-Качып кайжерге барат элең сулуум? Бул өлкөнүн ар бир шаары менен айылынын коён жатагына чейин менчелик билген адам жок!
-Акыл, айтчы тиги мен алып барган кандай акчалар?
-Кадимки акча, эмне болуптур?
-Эй ушул заманда адамдарда ушундай суммада акча барбы э? Же жасалма акча менен алектенесиңерби тиги менен? Бул мен көтөрүп келген сумкада да акча болсо керек э?
-Жөнчү кайдагыны айтпай. Чыныгы эле акчалар кадимки, - деген Акыл Шириндин жанына келип олтурду.
-Коркунучтуу жай экен Акыл. Ошол жака коркпой мени кантип жибердиң? Көңүлүң кантип түттү?
-Алар сага тийбейт.
-Кайдан билесиң?
-Менден барган адамга тийишпейт. Жада калса көзүн чоң ачып карай алышпайт.
-Алар кимдер?
-Наркобарондор, - деди Акыл эки колун эки жака жайып олтуруп.
-Эмнееее??
-Эй эмне кыйкырасың?
-Акыл сен жинди болдуңбу?
-Ширин сен ашыкча эле менин жумушума кийгилешип баштадың!
-Мени аралаштырба анда!
-Жоок эркем, сен эми меникисиң. Демек биз биргебиз. Сени тиги жашооңдон куткарып албадымбы? Болбосо алар өздөрүнүн селкилерин оңойчулук менен коё беришпейт да.
-Сен, сен...
-Чыыш.. болду. Сен жол жүрүп чарчадың. Бүгүн жатып эс ал. Эртең апаңды көргөнү барабыз. Баса ушул ай этектеп көз жарат э? Абактан чыгарып алсакпы?
-Жолу барбы? - деди Ширин кубангандан шашыла.
-Мен жол таппаган иш жок жарыгым! - деген Акыл жанында олтурган Шириндин маңдайынан өөп койду.
"Ооба эми бул ишиңдин кунун өмүрүм өткүчө төлөсөм керек. Бирок апамды алып чыкса болду. Менин өмүрүм болушунча болду булганып! " - деп ойлонуп жатты Ширин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   jindirak   17 Март 2021 - 10:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жакшы жазып атасын жаным
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   ShaKe11   17 Март 2021 - 20:18

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Diyana   17 Март 2021 - 21:42

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 82
  • Катталган: 19 Февраль 18
  • Соңку аракети: 08 Сен 2024 08:42

Ушуну менен дагы 2апта перерыв
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Aituwas   18 Март 2021 - 04:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Ииё
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   BekRek   18 Март 2021 - 10:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 21 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Фев 2025 12:45
  • Жынысы:Эркек


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   LunaSun   18 Март 2021 - 11:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 120
  • Катталган: 09 Февраль 17
  • Соңку аракети: 18 Окт 2021 16:05

Ушул кыз бир нерсе болуп атат окшойт, мындайы жок эле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 19 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 19, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 09:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: