Суперстан: Түн түшкөн өмүр... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Түн түшкөн өмүр...

#81 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Март 2021 - 14:07

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

jindirak (17 Март 2021 - 10:19) жазган:

Жакшы жазып атасын жаным

*******
Ыңаалап ыйлап бул жарык дүйнөгө жаңыдан келип жаткан ымыркайлардын үнү жаңырган төрөт үйүнүн узун коридорунда олтурду Ширин. "Эмнеге адам баласы төрөлгөндө эле ыйлап төрөлөт? Балким бул жашоонун ушундай таш боор, анан тайкы жолдору бар үчүн. Балким бул жалган дүйнө жыргал эмес экендигин сезишет чыгаар?... Жараткандын буйругу, каалоосу да.." - деп ойлоду өзүнчө. Төрөт узака созулуп оор өттү. Жийденин өмүрү өлүмдүн кылдай учуна барып кайтты...
Акыл өзү айткандай Шириндин апасын эки күн ичинде абактан сууруп чыгарып берген. Ай күнү жетип араң жүргөн Жийде абактан келгенден соң бир жума өтпөй мынтип төрөп жатат. Уул төрөлдү. "Эхх аттиң кыз болуусун каалагам.." - деп алды улутунган Ширин. Эмнеге экенин өзү деле билбейт, бирок ушул наристе кыз болуп төрөлүүсүн каалаган эле.
Эртеси күнү апасы Жийденин алдына киргенге уруксат беришти. Абактан чыкканга ансыз да бозоргон жүзү, төрөттөн кийин ого бетер бозоруп өңдөн азып кетиптир.
-Аппоу! - деген кыз Жийденин алдына келип эркелей кетти.
-Шириним менин...
-Кандайсың апа? Өзүңдү жакшы сезип калдыңбы?
-Мен жакшы балам. Силерчи?
-Бизден камсанабачы апа. Андан көрө менин инимди көрсөтчү? - деди Ширин жароокер күлүп апасына эркелеп.
Жийде ары жакта уктап жаткан уулун колуна алып кызына сунду. Колдорун болор болбос майда калтырак басып наристени алды. Оролгон апакай кездеменин ичинде кичинекей эле кызыл эт жаткандай көрүндү Ширинге. Бирок кичинекей бул ымыркайдан, чукуранган жүзүнөн Сагындыкты көрүп турду. Башка инилери менен эч нерсе билинбейт. Муну да ошондой көрөм деп ойлогон, бирок башкача болду. Өзү күтпөгөн, өзү да түшүнбөгөн бир сезимге кабылды да калды. Мындай жагымсыз абалды апасына сездирип албайын деп баланы жүзүнө жакын кылып келип искеп алып шашыла кайра эле апасына сунду.
-Ширин?
-Оу апа?
-Балада эмне күнөө чынбы?
-Түшүнбөдүм? - деди негедир, баарын түшүнүп турса да. Неге мынтип апасын алдады өзү деле билбейт. А чындыгында апасын эмес, өзүн алдап өзүнөн качканы го...Болгону баланы көрүп Сагындык эсине түшүп ызаасы күчөп жанын коёрго жер таппай кетти.
-Бул бала атасынын акмакчылыгы үчүн жооп берүүгө милдетүү эмес го? - деди кайра Жийде жалооруп кызын тиктеп.
-Апа мен...
-Мен баарын түшүнөм балам. Түшүнбөскө деле башка арга калбады. Болгону баланы жээрибечи. Мунун күнөөсү ошол акмактын туягы болуп төрөлгөнүндөбү?
-Апаоу андай эмес. Сөз берем мен жээрибейм, - деген Ширин кайра чүрпөнү колуна алып олтурду. Апасынын көңүлүн аяп сыртынан эч нерсе билдирбегени менен, баланы биринчи көргөндө ичине түшүп кеткен муз акырындык менен бүт денесин чыйрыктырып, ага кошуп жүрөгүн да тоңдуруп баратты.
-Ширин акчаны кайдан алдың?
-Кайсы акча?
-Мени абактан жөн чыгарбаса керек?
-Аа, иштедим апа. Кала берсе үйдү саттым го.
-Кызым сен билбесең да мен абакта жатып, ал жактын мыйзамы менен жашоосун жакшы эле түшүнүп калгам. Адам өлтүрүү менен түшкөндөрдү жөн эле акча төксөң коюп жиберишпейт. Мени менен чогуу бир камерада жаткан аялдар айтты, "бул жактан белгилүү эле органда иштеген адам же кримдүйнө мүчөсү эле чыгарып кетпесе жөн адамдын колунан келбейт" - дешти. Кана эми айт кызым, кандай айла таап мени сууруп чыктың?
-Апа, эч кандай айла таппадым. Мен сураган акчаны гана бердим. Бир адам аркылуу чыгарабыз дешти. Өтө чоң сумма төлөдүм, - деди Ширин башын жерге салып, эриндерин тиштегилеп турган калыбында.
-Макул кызым, бир күн өзүң айтаарсың. Күйгөнүм келечек жашооңо кедерги болчу иш жасап жибербедиңби дегеним.
-Жоок, баары жакшы.
-Базарды эмне жаап салдың?
-Апа мен азыр товар алып келип өткөрүп жакшы табамын, - деди Ширин .
-Макул кызым. Бирок окууңду да улантсаң болмок. Мына мен чыктым, буйруса белимди бекем бууп сен үчүн, силер үчүн иштеймин. Кайра базарга чыксам окшойт.
-Жок апа, эми сен үйдө болосуң. Энем да кыйналды. Балдарды карайсың. Мен иштеп силер үчүн кам көрөмүн.
-Алда кызым ааай! Сен деген жаш кызсың. Келечегиңди курушуң кажет. Убагы келип теңиң чыкса узатып той кылабыз.
-Иий апа койчу.
-Эмне экен ботом? Боло турган нерсе да. Жее теңиңди тапкан белең? - деген Жийди акырын күлүп жанында олтурган кызын түртө тийишип алды.
-Жоок апа. Тапсам эле сага айтамын, - деген кызы да апасын кучактап жүзүнөн өөп алды.
-Макул эми үйгө бар. Инилериң кантти? Эки үч күндө биз да чыгып калабыз.
-Макул, - деген Ширин апасы менен коштошуп чыгып баратып эшик оозуна жеткенде тык эте токтоду да кайра артына бурулду:
-Апа ысымын ким деп коёбуз?
-Жакшылык. Ушул периште менен жашообузга жакшылыктар келип, жашообуз жакшы өтсүн деген тилек менен, - деди апасы Шириндин көзүн карап үмүттүү. Апасынын көздөрүндө чочулоо, абайлоо жаткан. Ширин чыдабай кетти. Апасынын аянычтуу абалына боору ооруп турду.
-Макул апа, - деп жылмайып чыгып кетти. Палатадан сыртка чыгаары менен жанатан апасынын алдында күч менен кармап турган жылмайган жүзү сустайып өзгөрүлө түштү. "Кайдагы келечек? Кайдагы күйөө? Эх апа кызыңдын келечегине алда качан балта чабылып, тагдыры талкаланып бүткөнүн билбейсиң. Билсең кантер экенсиң? Кантер элең мен үчүн түрмөгө түшкөн жаның кайра эле мени ойлоп өзүңдү окко тосмоксуң да. Жок! Эч качан сен муну билбейсиң! Сен мен үчүн баарын кылдың апа. Эми мен силер үчүн жасаймын баарын. Сен үчүн, инилерим үчүн. Инилерим... Жакшылык... Неге муну жүрөгүм кабыл албай жатат? Неге ичим муздап кетти бул наристеге? Жакшылык... "Жашообузга жакшылык алып келсин!" - деген апасынын сөзү жаңырды. Менин жашоомдо дагы кандай жакшылык болушу мүмкүн? Өмүрүм булганып бүттү го? ... " - жол боюнда ушулардын баарын ойлоп, кээ бир убакта өзү менен өзү сүйлөшүп басып баратты.
Илим жол чыракка токтоп айлананын карап алып жүрөгү бир жулкунуп алды. Унаалар жүргөн чоң жолдун жанындагы адамдар басчу жолдон көзүнө тааныш караан урунду. Ооба баягы тааныш келбет. Узун боюна жарашкан көйнөк кийип, чачын да келишимдүү жасалгалап алган Ширин. Дайымкыдай ишенимдүү кадам таштап, башын бийик көтөрүп ойлуу бара жатыптыр... Канчалык көңүл бөлбөй өтүп кетейин десе да жүрөк кургур чырылдап туруп алды. Акырын артынан жүрүп олтуруп унаасын четке токтотуп кыздын алдынан чыга калды.
-Салам! - деди толкундоосу али басыла элек үнү титиреп.
-Салам! - Ширин кудум күн сайын көрүп жүргөн адамы менен көрүшкөндөй кайдыгер анан токтоо үн катты.
Илимди көргөнүнө канчалык кубанып, канчалык толкунданып жатса да анысын ич - ичинен басып турду. Илимге окшоп көздөрү жанып, кубангандан доошу да титиреп чыкпай салкын турду. Кээде өзүнүн ушунчалык сабырдуулугуна өзү да таң калчу.
-Кандайсың Ширин? - деди Илим ошол калыбынан жазбай кубанып.
-Мен жакшымын, сенчи?
-Жакшы.
Илим андан ары сүйлөгөн жок. Чынында эмне дээрин деле билген жок. Кыялында Ширинге жолугуп калса көп нерсени айтып, көп нерсе жөнүндө сүйлөп бермек. Бирок бул кызды көрөөрү менен ошол жылдап даярданып камдап койгон сөздөрү шамалга учкан жалбырактардай сапырылып алда кайда учуп жок болот. Өзү мурун эле Ширинден сүрдөп турчу, азыр кыз андан бетер сүрдүү болуп кетиптир.

Чакан тамактануучу жайда экөө маңдайлаш олтурушту. Мурун тамактанганы киришкенде кыз колун ээгине таянып, Илимден көз албай шоктонгон каректери менен тиктеп олтура берчү. Илим кыздын ошол кылыгын, өзүн дал ошентип жароокерлене эркелеп тиктегенин жакшы көрөөр эле. Эми болсо кыздын ошол элесинен,ошол эркелегинен дайын жок. Сулуу жүзү суз тартып, каректери да мурункудай күйүп жанбай муздак тиктейт. Илим Шириндин көздөрүн ирмем убакыт тиктеп алып карегиндеги ызгаар кышкы чыйрыгып кеткендей болду денеси.
-Кандай жүрөсүң? - деп сөз баштады Илим кызга мээримдүү тигилип.
-Эң сонун! - Ширин күлүп жооп берди.
"Суранам ушинтип тиктебечи мени?! Кайратымдын баарын мээримдүү тигилип карап турганың ээритип баратат!" - деп жалынып жатты кыз ичинде.
"Сен не мынча өзгөрдүң? Ширин. Жок сен мен билген Ширин эмессиң!" - деп жатты Илим өзүнчө.
-Сенде жакшы болсо кубанычтамын!
-Сенчи? Кандай жүрөсүң? Канча балалуу болдуң? - кыз алдына коюлган суусундуктан ууртап бир кашын көтөрүп койду.
-Мен деле эл катары... Балалуу боло элекмин, 3 ай болду үйлөнгөнүмө. ..
-Ооо, бакыт каалаймын. Өмүрүңөр таттуу анан маңыздуу өтсүн! - деди Ширин куттуктап.
-Рахмат! Сенчи? Канча балалуу болдуң?
-Менби? Эми күтүп жатабыз! - деп койду Ширин жылмайып.
-Куттуктайм. ..
-Илим мен кетейин...
-Кетесиңби? Бир дайыныңды билдирсең боло? Кабарлашып турганга? - ортодогу абал канчалык оңтойсуз болбосун Илимге кыздын жанында олтурганы жагып турган.
-Эмне кереги бар Илим? Биз эми үй бүлөөлүү адамдарбыз. Андыктан кабарлашып турууга болбойт...
Ширин чыгып кетти. Илим болсо артынан сагынычтуу карап кала берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   20 Март 2021 - 14:11

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

******
Ширин Акылдын "кара дүйнөсүнө" көнүп бүттү. Биринчи жолу түштүк жакта көргөндө таң калган, атүгүл корккон адамдар менен жүз жолу көрүшүп, жүз жолу иш алып барышты. Акыл кримдүйнөдөгү наркотик жеткирүү, ташуу, башка мамлекетке алып өтүү боюнча жалгыз профессионал наркобарон болуп эсептелинет. Андан сырткары мейманканаларды иштетип, жаш кыздарды сатып, сойкулук менен алектенүүгө жол түзүп берет. Ошол сойкулардын бөлүнгөн катмарларынын баары ушул Акылга тийиштүү экен. Кыздарды жумуш менен камсыз кылабыз же чет жакка окууга жиберебиз деген жарнаманын негизинде кабыл алып, канча кызды сатып жиберди экен? Сатылган кыздардын көпчүлүгү Ирак, Иран жактарга сойку катары кетет. Түркиянын өзүнө, атүгүл Кореяга чейин сатылып кеткен кыздар бар. Аны эч ким изилдеп, эч ким артынан түшкөн эмес. Түшсө деле оңдуу жыйынтык ала алышпайт, анткени Акыл түздөн - түз бийлик, жогорку соттор менен биргеликте иш алып барышат. Мунун баарын кийин түшүндү Ширин.
Керек болсо Акылдын оң колу болуп калды. Акыл айткан, белгилеп берген аймактагы бир нече сойкуканаларды жүргүзүүгө да жетишти. Ширин өзгөрдү. Өзү алгач ирет сойкулукка кабылып, ыйлап, өз - өзүнөн жийиркене тагдырына наалат айткан баягы Ширин жок. Анын ордуна көздөрү муздай тоңуп, сулуу бирок мээримсиз жеткен мерез Ширин пайда болду. Айласыздыктан түшкөн жолунан чыга албай, акыры ал жашоосуна көнүп, ал жактын акчасынын даамын таткан соң өзү эле улам байланып баратты. Апасы менен бир туугандарынын жашоосун жакшыртып, келечегин камсыз кылганга жетишти. Канча жаш кыздарды чет жакка ишке орноштурабыз деп сатып келди. Шириндин бал сөздөрүнө алданып, кала берсе сулуу өңүн, кымбат кийимин көргөндө Шириндей жашоодо жашагысы келген ишенчээк жаш кыздарга укмуш жомок жашоо убада кылып, өлкөдөн алып кетип сатып жиберди. Алардын бири да кайра кайтып келген жок...

-Ширин?
-Ой апа?
-Көп эле турасыңбы бизде? - деди апасы кызынын чачтарынан сылап.
-Жок, бүгүн кеч кетемин. Сапарга чыгуум керек апа. Ошого силер менен көрүшкөнү гана келдим.
-Инилериң да сени сагынды. Жакшылык болсо...
-Апа мен энемдин алдына кирип чыгайын, - деген Ширин апасынын сөзүн бөлө ордунан туруп үйгө чуркап кетти. Жакшылык улам чоңоюп көзгө көрүнгөн сайын Сагындыктын көчүрмөсү болуп бара жаткан. "Бир адамды канчалык сүйсөң же жек көрсөң бала ошого окшоп калат" - дегени ырас окшойт деп бушайман болуп кетчү Жийде. Кош бойлуу учурунда абакта жатып Сагындыкты тилдебеген, аны жек көрбөгөн күнү болгон эмес. Ал эми Ширин болсо канчалык өзүн зордоп балага ийилейин десе да такыр боор бербей койду. Башка инилерин эркелетип келип Жакшылыкка келгенде токтоп жүзү сустая түшөт. Балбылдап турган күнөөсүз көздөрүнүн ичинде мыкаачы Сагындык өзүн мазактуу тиктеп тургандай ичиркенип кетет. Эркелетем деп сунулган колдорун тартып алат да, тескери бурулуп жөнөйт. Кудум ушул кичинекейдин ичине Сагындык кирип алгандай....

-Эннееоу? - төшөктө жаткан энесинин алдына келип жата кетти Ширин.
Энеси жарым жылга жакындап калды мынтип төшөк тартып калганына. Ошондон бери Ширин мурункудан көбүрөөк каттап калды бул үйгө. Түнөп калбаса да, бир жолу баш багып кетет.
-Ширинтайым! - карыган колдору менен алдында жаткан кызынын чачтарын жумшак сылады.
-Мен үч күн келбейм эне. Алыска баратам.
-Балам. Шириним менин. Ушул акыркы сапарың болсун. Кел да турмуш кур кызым. Менин мынтип эсептелүү гана күнүм калды. Сенден көңүлүм тынч кетсе экен деп тилеп жатам. Сенин очор бачар болгонуңду көрүп, атаңдын алдына жүзүм жарык барсын...
-Энеее асылым, кымбатым менин! - Ширин өйдө болуп энесинин бырыш баскан жүзүнөн өөп алды. Кат кат болуп бырыш түшкөн сулуу, нурдуу жүзүнөн сызылып агып жаткан жаштарын колдору менен аарчып койду.
-Сен көп жашайсың! Мен бат эле кайтамын, анан экөөбүз айылга барып келебиз.
-Алдыңа кетейиним! -- деген энеси балапанын бооруна басып эркелете саамайынан шорулдата жыттап койду...
Энеси менен кечке чейин эркелешип жатып кеч киргенде үйдөн чыкты Ширин. Негедир азыр кетип калса кайра энесин таппай калчудай кыйылып жатып, улам жүзүнөн сүйүп, кучактап араң коштошуп чыкты. Көрсө жүрөгү ошондо эле алдыдагы каргашадан кабар берген сыяктуу.
Бул жолку сапары Түркияга, Стамбул шаарына. Мурун жакынкы аймактарга гана машина менен товар жеткирип жүрсө, эми биринчи жолу учак менен алып чыгып жатат. Акыл тобокелге барды. Чоң суммага сунуш түшүп баш тарта албай калды. Шириндин милдети товарды аэропорттон гана өткөрүү, Стамбулга түшөөрү менен тосуп алышат.
Түнкү саат бирде Бишкек - Стамбул багыты боюнча каттоодо турду кыз. Колунда кармаган чакан чемодан. Башка буюму деле жок. Каттоодон кезеги келди. Дайым эле тынч өткөргөн аэропортто бул жолу текшерүү негедир кучөтүлүптүр. Же Ширин өзү коркуп жатканга ушундай көрүнүп жатат бекен? Сумкасын коюп жаңы гана каттоодон өткөрүп жатышканда ары жактагы аппарат чыйкылдаган үн берип кызыл жарык өчүп күйүп жатты. Заматта үч - төрт милиция келип, Ширин сүйлөгүчө болбой сумкасы менен өзүн кошуп алып чыгып кетишти. Кыз эч нерсени түшүнбөй, көздөрүн алайткан бойдон милициянын коштоосунда бара жатты. Көрсө аэропортко жаңы аппарат коюшуп ошонун негизинде текшерүү жүрүп жаткан экен. Ширин сумкасын аңтаруу учурунда аябай этияттык менен оролуп, бекитилген наркотикти табышты. Дароо кызды бөлүмгө алып кетишти...

************
-Акмактаарр? ! - Акыл телефондо болушунча бакырып коюп салды.
"Аэропорттогу адамы аппарат жөнүндө эскертпеди эле го? Кайдан чыкты мунусу? Эми Ширин сайрап салбаса болгону! Өлкөдөн чыгуу керек тезинен!" - деди шашылып.
Кармалбай өтүп кетсе утуш, кармалып калса убал жок деп тобокелге барган болчу. Тезинен алдындан даярданып жүргөндөй өлкөдөн чыгып кетип, Ширин билген кеңсе номерлерин өчүртүп, даректерди жок кылып салды. Ширин өзү баш болуп иштеткен сойкукананы да жылдыртып, бир жумага тыныгуу кылдыртып салды.

Баягы канча жыл мурун келген милиция имараты. Ошол камера, ошол сыз жыттанган дубалдар. Биринчи жолу түшкөнүндө ыйлап бүрүшүп олтурганын эстеди. Азыр алда канча токтоо кармады өзүн. Кантсе да Акылга ишенгени го? Анын "эч нерседен коркпо! Кармалсаң сууруп чыгып кетем!" - деген сөздөрү дем берип көңүлү бир аз болсо да тынч.
Эртеси таң атпай сурак алуу үчүн, башка бөлмөгө сүйрөп жөнөштү. Чакан ак сыр менен сырдалган бөлмөгө алып киришкенде тергөөчү артын салып турган экен. Эшик оозунда кызды калтырып чыгып кетишти.
-Ширин Тилекбековна! Кайрадан сенби? - деди тиги адам бери бурулуп.
-Сиз? - деген кыздын көздөрү чоңоюп кетти.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Пользователь офлайн   ASA79   20 Март 2021 - 15:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Атаңдын көрү бул турмуш...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   ShaKe11   20 Март 2021 - 20:32

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   nurzash09   21 Март 2021 - 11:27

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 15 Июнь 20
  • Соңку аракети: 22 Фев 2022 21:50
  • Жынысы:Аялзаты

Бүгүн майрамдык кылып, жазып койсоңуз жакшы болмок)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   jindirak   21 Март 2021 - 12:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 359
  • Катталган: 09 Май 20
  • Соңку аракети: 04 Авг 2021 02:09
  • Жынысы:Эркек

Жаз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Aituwas   21 Март 2021 - 18:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Aaaacdhjy4330qcv4rdc
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   akinaika   22 Март 2021 - 00:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Жазды бекен деп карай берип эки козум торт болду))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Март 2021 - 03:13

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

jindirak (21 Март 2021 - 12:25) жазган:

Жаз

*********
Арадан канча убакыт өттү? Аскар ошол бойдон өзгөрбөптүр. Мурунку түшкөнүндө кандай болсо, азыр да дал ошондой абалда маңдайында турат. Формасынан тарта турган келбетинен бери ошол. Болгону көздөрү бир аз таарынуу менен тиктеп тургандай. Биринчи көргөндө суктануу, таң калуу, кубануу менен тиктеген каректер бул жолу капалуу...
Бул Аскар деген Шириндин эсинен деле чыгып кеткен экен. Бирок азыр көргөндө эле дароо эстеди. Балким анын өзгөрбөгөнү үчүн бат эсине түштү бекен?
Ал эми Аскар болсо Ширин аэропорттон кармалганда эле уккан. Ушул ысым кулагына күн сайын жаңырып, жүрөгүнө кыттай уюп, тымызын ойлоп жүргөн эле. Атүгүл кызды бөлүмгө алып келишкенде да билдербей күзөтүп караган. Шириндин жүзүн көрүп баягы эми гана ордуна келе алаксып бара жаткан жүрөгү дүкүлдөп согуп, түшүнүксүз бир сезимдин курчоосунда калды.
-Ооба мен, - деди Аскар күлүмсүрөп жалгандан.
-Эмне күтпөдүң беле?
-Жок, болгону кайра сиздин мени сурака алганыңыз кызык. Ушунча жыл өтүп кайра сиз экөөбүз кезиктик, - деген Ширин да өзүн атайын токтоо кармап жылмайды.
Кыз азыр ушул тапта абакта эмес, көчөдөн же башка жактан кезигип калгандай бейкапар жылмайганын көргөн Аскар таң калды. Шириндин көздөрүндө коркуу, чочуу деген жок эле. Баягы биринчи жолу көргөнүндөй баланыкындай аруу жүзү өзгөрүптүр. Мурунку бала кыял, баё секелек эмес,сулуу, сүрдүү, өзүнө ишенген айым турган алдында.
-Эмнеси кызык? Сен кылмыш жасап түштүң, а менин жумушум ушул, - деди Аскар да колун жайып.
-Кызыгы эмнеде билесизби? Эки жолу тең мени жок жерден күнөөлүү кылып кармап келишип камап коюшту. Эки жолкусунда тең сизге туш болуп жатамын.
-Демек сен күнөөлүү эмессиң?
-Албетте! - Ширин каткыра күлдү.
Анын булак үнүндөй тунук, шыңгыр күлкүсү Аскардын көңүлүн ого бетер кытыгылап, кыз менен баарлашкан ансайын жагып баратты.
-Анда дагы сенин сумкаңа аярлап салып коюштубу э?
-Кантип салышты билбедим. Мен жеке ишканада жардамчы болуп иштеймин. Менин милдетим адаттагыдай келишим менен бараткам. Жетекчим менден бир күндөн кийин учмак, мен барып баарын көзөмөлгө алып туруум керек болчу.
-Кандай жеке ишкана?
-Туризм боюнча иш алып барабыз.
-Таак... Ширин айтсаң мындай дал келүү болбоосу керек чынбы? Эки жолу тең наркотик менен кармалдың!
-Болуп жатпайбы? Кимдин анчалык менде өчү бар экенин билбейм.
-Мурунку түшкөнүңдө ким чыгарып кетти?
-Билбесем, мага келип бошсуң деп гана бошотуп жиберишкен.
-Андай эмес экенин сен экөөбүз тең жакшы билебиз да.
-Анда кандай байкеси? Сиздин деле версияңыз бар чыгаар? - Ширин Аскарга жакын келип көздөрүнө тике карап бир кашын көтөрө суроолуу жылмайды. "Бахх чиркин! Кандай гана керемет жан бул? Көздөрү мынча сулуу?" - деди ичинде жигит. Кыздан келип жаткан жыпар жыт Аскардын мурдун өрдөп өттү.
-Сен алар менен чогуу иш алып барасың!
-Алар кимдер?
-Наркобарондор! Кантип аралашып калдың билбейм бирок. Билесиңби иш тажрыйбамда мындай учурларды жүздөп кол алдымдан өткөргөм. Сендей кыздар менен иш бүтүргөн толо контрабанданын тобун кармаганбыз. Сени да ошол кыздардай экениңди билсем да негедир ишенгим келбеген. Мен сени куткаргым келген Ширин! - Аскар акыркы сөздөрүн ушунчалык аярлап, жалынуу менен сүйлөдү. Неге мунун баарын кызга айтып жатат, өзү деле билген жок.
-Чалып алууга болобу? - деди Ширин жүзүн өзгөртпөй Аскарды тиктеп турган калыбында.
-Болот! - Аскар телефонду кыздын алдына түрттү.
Ширин аппак узун болгон манжалары менен тыпылдап өзү жатка билген Акылдын номерин тере баштады. "Өчүрүлгөн! " Башка кеңсе телефон жана өзү билген мейманкана номерлеринен бери чалды. Өчүк. Жооп жок! Шириндин жүрөгүн эми гана коркунуч каптап, колдору болор болбос калтырап чыкты. "Кантип? Акыл ушуну кылмак беле? Чын эле мени атайын кармап берүү үчүн уюштурду беле? Жоок! Ал антпейт! Акыл мени сүйөт! " - деди чыркыраган жүрөгү. "Сүйсө кана? Бир күн да бул жерге калтырбай алып кетпейт беле? Аның тескерисинче дайынын билдирбей жоголду!" - деди ичиндеги дагы бир үн өктөм сүйлөп мазактагандай. "Болду сенин жашооңдун бүткөн чеги ушул! Ушуну көрмөксүң сен Акылга ишенип жүрүп!" Ойлор башына чамгактай үйүлүп заматта мээси чыңалып чыкты.
-Ии сулуу байланыша алдыңбы? - деген Аскардын үнү кызды селт эттире чоочутту.
-Өчүрүлгөн! - деди кыз көзүнөн бир тамчы жаш тоголонуп. Көздөрүн көтөрүп Аскарды карады. Мына баягы Аскар алгач ирет көргөн көздөр. Күнөөсүз, чарасыз бажырайып жашка толгон көздөр... Өзүнүн күнөөсүз экенине ишендирген жоодураган каректер... Анда да дал ушинтип тиктебеди беле? Анда да берметтей болгон тамчылар апакай жүзүн жууп жалдырап карап турбады беле?
-Суу ичесиңби? - Аскардын оозуна ушул сөз келе стакандагы сууну кызга сунду.
Шириндин көздөрүнөн жаштар биринен сала бири томолонуп үнсүз башын чайкады.
-Мени алдады! - деди шыбырап.
-Ким?
-Мени алдап ушуну көрсөтмөк экен да?! А мен болсо ага ишенип... Мен болсо аны деп. Акмак! Жашоомду талкалашты бүтүндөй. Өмүрүмдү сындырышты. Каалагандай тепсеп акыры мынтип караңгы бир аңга түртүп жибергендей ыргытып салышты! - Ширин кудум Акылды укпагандай, жанында бирөө барбы жокпу иши жок адамдай өзү менен өзү сүйлөшө берди.
-Тынчтан Ширин. - Акылдын үнү мээримдүү чыгып кыздын жанына өтүп желкесинен кармады.
-Ушуну менен баары бүттү десең жаңылышасың! Аларды таап келебиз көрөсүң!
-Жок! - Ширин кайра баш чайкады.
-Пайдасы жок! Аларды таппайсыңар эми! Тапканда деле кармап келе албайсыңар. Анткени алар жөнөкөй майда кылмышкерлер эмес. Алар деген кылмыш дүйнөсүнүн бир өзөгү! Менин жашоомдун акыркы күндөрү ушул болуусу мүмкүн! Анткени алар мынтип мага окшоп кармалгандарды чыгарбайт, анан сайрап салбасын деп абак ичинде жок кылып салышат. Менимче сиз буларды менден көрө жакшы билесиз байке.
-Билем, бирок сени алар менен кошо деп күтпөгөм. Ширин ооба күмөн кылганым чын наркотик менен байланышың бардыгынан. Бирок мынчалык чоң уюшкан топтун ичинде экениңди ойлобогом.
-Жашоодо бардык эле нерсе сырткы көрүнүшүндөй боло бербейт. Анан да бардык эле нерсе биз ойлогондой чыга бербейт, - деди Ширин бир чекиттен көзүн албай.
-Кеч болду. Калган сурак эртең уланат, - Аскар кагаздарын жыйнап папкасына салыштырганча сүйлөдү.
-Эртең мени тирүү тапсаңар албетте!
-Сарсанаа болбо, ал жагын көзөмөлгө алабыз, - Аскар чыгып кетти.
Мындайды көрбөдү бекен? Көргөн албетте. Ширин айтпаса да бештен белгилүү анын өмүрү коркунучта экени. Ошондуктан кыздын коопсуздугун мойнуна алды Аскар. Анын буйругу менен Ширинди такыр башка бөлүмдүн жашыруун бөлмөсүнө алып келишти. Которгондо да кийимин алмаштырып, атайын куралданган орган адамдарынын коштоосунда алып өтүштү. Бул ансайын кыздын жүрөгүн түшүрүп коркунучун күчөттү. Ширинди алгач жайгаштырган бир адамдык камерага болсо башка кызды которушту. Ал эми Ширинди сырттан кайтарып атайын Аскар ишенген эки адам турду. Ошентсе да кыз таң аткыча бир кирпик ирмебей чыкты. Өзү азыр башынан өткөрүп жаткан бул окуяларга ишенип ишене албай, өзүн кудум боевик кинолорго түшүп калгандай сезип жатты. Эртеси кайра суракка алып келишти кызды. Аскар тосуп алды.
-Түндөсү жакшы уктадыңбы? - деди Аскар адатынча жумшак сүйлөп.
-Жок, такыр уктаган жокмун.
-Түндөсү сенин ордуңа которулган кыз асынып алыптыр.
-Ааааа?! - кыйкырып жиберген Ширин эки колу менен оозун жаба калып ыйлап жиберди.
-Албетте ал кыз өз каалоосу менен асынган жок да. Муну экөөбүз тең жакшы билебиз.
Ширин үнүн сыртка чыгарбай өксүп ыйлап жатты.
-Жөн адамдар эмес экенин түшүндүң да. Азыр сенин жашооң бизге кымбат. Билгениңли айтып бер, биз изине түшүүгө аракет кылабыз.
-Алар эми мени тынч коюшпайт! - деди Ширин ыйлап жатып.
-Сен азырынча коопсуз жайдасың. Менин көзөмөлүмдө. Демек өмүрүңө коркунуч жок эч кандай! - Аскар Шириндин колдорун бекем кармап аны тынчтандырууга аракет кылып жатты.
-Кантип ишене аламын байке? Көрдүңүз го керек болсо милиция бөлүмүндө өлтүрүп кетишти. Биздин, элдин эң ишеничтүү коопсуз деп билген жайында.
-Сага тийе алышпайт. Сенин менин көзөмөлүмдөсүң! Мага ишен!
Аскар кыздын колдорун бекем кармап көздөрүнө карап айтты. Ширин Аскардын көзүнөн жалган айтпаганын билип турду. Анан да жүрөгү да бул адамдын жанында ушунчалык тынчтыкка оролуп жатканын туюп жатты.
-Мен билген даректерди өзгөртүштү менимче. Акыл баарын алдын ала план кылат. Бирок менин акылым жетпегенин мени сатып, мени алдап кетери үч уктап түшүмө кирбептир.
-Акыл дечи. Сенин сүрөттөөңө таянсак кылмыш дүйнөсүндөгү белгилүү наркобарон Бөрү аттуу каймана аты бар адамдын уулун айтып жаткандайсың. Акыл деген ысым менен калк арасында жашаган адамдын чыныгы ысымы Жолборс! - деген Аскар Акылдын кара көз айнек тагынып түшкөн сүрөтүн Шириндин алдына таштады.
-Наркотикти коңшу мамлекеттер менен тымызын соодалашып, ташуу боюнча профессионал десе да болот. Андан сырткары бир нече мейманкана иштетет. Кала берсе "тирүү товар" да жүргүзөт. Өлкөдөгү жүздөп саналган сойкуканалардын бир нечеси ушуларга тиешелүү.
-Ушунун баарын билесиңер анда неге алып келип камап салбайсыңар?
-Билебиз бирок факт, далил жок. Биз аны кылмыш үстүндө гана кармай алсак утабыз. Болбосо бийлик менен тиги дүйнөнүн бизге белгисиз байланыштары бар. Алардын алдында мен да алсызмын, - деди Аскар Ширинди карап.
-Менин жашоом эмне болот? - Ширин Аскарды тиктеди.
-Ал сенин бизге көрсөткөн көмөгүңө карап чечилет.
-Демек камалат экем! Анан өлүм!
-Эмнеге андай деп жатасың?
-Анткени мен Акылдын жанында кошо жүрүп да азыр сиз мага айтканчалык көп маалыматты билбейт экем. Демек жардамым тийбейт. Камаламын, камалсам көрдүңүз тигинин адамдары дем алууга коюшпайт.
-Ал жагын көрө жатарбыз. Андан көрө азыр сен бул кагазга өзүң билген номер, мейманканалардын даректерин жаз.
Ширин баарын жазды, жада калса Оштогу баягы эски үйдүн дарегинен бери жазып берди.
-Эми биз тымызын бул боюнча иш алып, күзөтүүлөрдү баштообуз керек.
-Менчи? Мен кайда боломун? Кантемин?
-Бүгүнчө бул жайда каласың. Кечегиндей коргоо менен. Анан калганын эртең карайбыз.
-Аскар байке өтүнүчүм бар.
-Эмне айта бер?
-Бул менин дарегим. Үйгө барып апама билдирип коюңузчу мени жумуш менен чет жакта жүрөт. Бир айдан соң келет деп.
-Ммакул, - деди Аскар дарек жазылган кичине кагазды алып.
-Болгону бул форма менен барбай эле коюңуз ээ?
-Аа булбу? Жоо- жоок албетте. Сен сарсанаа болбо! Баары ордуна түшөт.
-Рахмат! - деди Ширин ыраазы боло көздөрү күлүп.
Аскарга кыздын ушул жылмайганы өзгөчө жагат. Ушул жоодураган көздөрүн сүйөт. Эч кандай боёксуз баланыкындай үлбүрөгөн жүзүн жакшы көрөт. Кызды алгач көрүп ашык болгондо кайра жоготуп алган учурунда ичинде канча таарыныч, канча күмөн жашап жүрсө да, кайра эле Ширинге арбалды. Анын көздөрүнө байланды. Кыздын бир тамчы жашын көрүп эле аны күнөөсүз деп ичинде актап алды. Көрсө сүйүү дегениң ушул белем? Махабат деген тандабас, бөлбөс, кемчилиги менен айыбын көрүп турса да баш тарта албаган, ансайын байланып, арбалып сүйүүгө мажбур кылган ыйык сезим ушул болсо керек?...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   _Jalgyzym_   22 Март 2021 - 03:16

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 817
  • Катталган: 09 Январь 20
  • Соңку аракети: 10 Окт 2023 19:25
  • Жынысы:Аялзаты

************
-Ал эми жок! Көзүн тазаладык!
Акыл трубканы таштап салды да ордуна шалдырап жата кетти. "Эми Ширин жок!" - деди кайра өзүнчө күбүрөнүп телефондон чыккан үндү кайталап. Жүрөгүнүн бир бурчу тымызын тызылдап ачыштырып жаткандай оор сезим пайда болду. Кыздын бактылуу күлгөндө бажырайып жайнап кеткен кош каректери көз алдына келди. Сүйлөгөнү, басканы, алдына келип олтурганда наздуу жылмайып эки бутун кайчылаштыра олтурганы тартылды. Көздөрүн жумуп алды Акыл. Капкара чачтарын жазып үстүнө жука халатын алдын байлабай ачык бойдон таштап диванда ойлуу олтурган элесин көрдү. Узун аппак колдорун ээгине таянып алыстарды тиктегендей башын кыйгач буруп, ээгин бир аз көтөрө ойлуу олтурган элеси келди. Ширин мынтип Акылдын көзүнчө көп олтурчу. Бир жака ташталган чачы менен келбетинин баарын көрсөтүп турган тордолгон жука халаты, узун буттары анан ушинтип алыстарды тиктеп олтурганы өзүнө куп жарашып калчу. Кудум бул образ жалгыз Ширин үчүн гана жаратылгандай кемчиликсиз жарашчу. Анын кол менен жасап койгондой келишкен дене мүчөсү менен кебездей жумшак колдору, аппак денеси, анан таттуу жыпар жыты...
Акыл жанындагы жаздыкты алды да мыкчып кучактап оозуна алып келип бакырып бакырып алды.

********
Чоң эки кабат болуп салынган үйгө жакындай бергенде топтошкон элди көрдү Аскар. Колундагы кагазга жазылган даректи дагы бир сыйра карап алды да кайра кадамын улап ошол үйгө жакындап баратты. Улам жакындаган сайын ичкериден кошоктун үнү менен уңулдап ыйлаган аялдардын ыйы угулду. Ичкери кирип көпчүлүккө кошулуп куран окутуп болгон соң, Жийдени сураштырып издей баштады. Үйдүн капталындагы бакчага өтүп турган Аскарга башына кара жоолук таштап, ыйлагандан көздөрү тоодой шишиген аял жакындап келе жатты.
-Саламатсызбы эже? Ыйманы саламат болсун!
-Рахмат.
-Мен...тиги Ширинден кабар алып келгем.
-Ширин?! Кайда жүрөт ал кыз? Деги тирүүбү? - деди Жийде кызынын ысымын укканына ыйламсырап.
-Эже баары жакшы, кызыңыз болгону чет жакта жумуштары менен кармалып калды. Эки үч күндө өзү байланышка чыгат. Сиздерди кабатыр албасын деп мен атайын...
-Энеси курган күтүп жатып үзүлүп кете берди. Эки күн катары менен түндөсү Ширин деп чыкты. Түшүмө кирип жатат, кызымды чакырт деп туруп алды. Же байланыша албайбыз Ширинге. Кызынын жүзүн көрбөй, акыркы керезин айта албай кетти энеси... - деген Жийде жүз аарчысы менен шорголоп агып жаткан жашын сүртүп жатып сүйлөдү.
-Эже сабыр кылыңыздар. .. - Аскар эптүү башка сөз деле айта албай коштошуп жолуна түштү. Дароо Ширинди кармар олтурган бөлүмгө келди.
-Ширин?
Аскар бул жолу формасы менен атайын сурак алуучу бөлмөгө чакыртпай кызды өзү Ширин жаткан камерага баш бакты.
Кыз эки тизесин кучактап керебетте ойлуу олтурган экен. Аскарды көрөөрү менен ордунан атып турду.
-Аскар байкее?
-Кандайсың?
-Мен билбеймин. - деген кыз эрдин тиштегиледи.
-Үйгө барбадыңызбы? Тынч бекен баары? Негедир энем түндөсү түшүмө кирди. Аябай менден капа болуп турат. Алыстан эле башын жерге салып мага жакындабастан, үн дагы чыгарбастан капалуу карап тура берди. Кыязы менин күнөөлөрүмдү сезип жатат окшойт.
-Үйүңө бардым. Апаңа жолуктум.
-Баары тынч бекен? Апам эч нерсе деген жокпу?
-Ширин келчи мындай, - деген Аскар кыздын колдорун кармап керебетке олтургузду.
-Энең... тиги каза болуптур.
-Жооок?! - Ширин ордунан атып турду.
-Ишенбеймин Аскар байке!
-Ширин укчу мени?
-Жоок! Жооокк! Мен укпаймын! Уккум келбейт! Кетиңиз! - деген кыз колдору менен кулагын жаап кетенчиктеп барып бурчка тыгылды.
-Ширин... - Аскар жете келип кызды кучагына алды.
-Эээнееееее? ! - Ширин болгон үнү менен кыйкырды.
-Мени таштап кеттиңби энеее?! Мени кечир эне?! Кечииирррр? !
Өксүп, өзүн өзү ургулап, жерди тепкиленип, кучактап турган Аскарды да кичинекей муштумдары менен уруп жатып ыйлады. Энесинин жумшак кучагы менен жылуу жыты мурдуна келип, ансайын бакырып ыйлады. Качан гана алы кетип калганда суй жыгылды. Ошончо убакыт бою Аскар кызды кучагынан бошоткон жок. Анын солкулдап ыйлап жаткан денесин катуу бооруна басып, чачтарын сылап олтура берди....

Ширин айткан көрсөткөн даректерди тымызын изилдеп такыр илинчек таппай койду Аскар. Бир жума өткөн соң Ширинди өз жоопкерчилигине алып, жашыруун жол менен бөлүмдөн алып чыгып кетти. Шаардын четки райондорундагы бир бөлмөлүү өзүнүн эски батирине алып келди.
-Азырынча бул жакта болосуң. Сени издөө тигилер тараптан улантылып жатышы мүмкүн. Биз өзүн аскан кыз жөнүндө маалымат көрсөтпөдүк, бирок ошентсе да өзүңө маалым милиция бөлүмүндө формачан бөрүлөр көп.
-Түшүнөм, - деген Ширин көңүлсүз үн катты.
-Баары жайына акырындык менен түшкөндө дагы айласын көрөбүз. Азыр маанилүүсү сенин коопсуздугуң.
-Рахмат сизге Аскар байке. Сизге кандай ыраазылык айтаарымды билбей жатамын. Карабай кетсеңиз деле болмок. Бирок сиз....рахмат баары үчүн! - деди Ширин Аскардын көздөрүнө карап.
-Эч нерсе эмес. Элдин коопсуз жашоосу биздин жумуш! - деген Аскар кыздын мурдун чымчып койду. "Кантип сага кол шилтеп коё аламын? Кааласам да күчүм жетпейт го? Сен мени багындырып алдың Шириним!" - деп жатты ичинде эзиле кызга карап.
-Муздаткычта бүт азык түлүк бар. Мен кабар алып турамын. Эшик темирден коркпой олтур э? Бирөө чалса же такылдатса ачпагын.
-Ким келиши мүмкүн? - деди кыз көздөрүн алайтып.
-Эч ким, мен эми кокус деп жатамын. Коркпо. Жакшы жат. Менде өзүмдө ачкыч бар, келсем өзүм ачып кирем макулбу? - деген Аскар коштошуп жолуна түштү. Жолдо баратып унаасынан Бек Борбиевтин "Ыр десте" аттуу ырын угуп ага кошула өзүнчө кыңылдап бара жатат. Көңүлү ачылгансып жайдары. Эстеп көрсө көп болгон экен мынтип кыңылдап обон созбогонуна. Анан да жүрөгү да мынчалык тынчтыкта сокпогон экен. Кудум издеген нерсесин тапкандай, көңүлүн кыжааөат кыла өйүгөн маселеси чечилгендей бактылуу баратты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Luna7   22 Март 2021 - 10:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 92
  • Катталган: 17 Май 20
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:25

Эщщщщек Акыл
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   asefsa   22 Март 2021 - 11:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 123
  • Катталган: 08 Май 16
  • Соңку аракети: 09 Фев 2022 20:25

Чыдамсыздык менен кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   ShaKe11   22 Март 2021 - 20:55

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 599
  • Катталган: 03 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2025 17:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗТАН

Ии анан
аа
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   ASA79   22 Март 2021 - 22:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 23 Август 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2025 17:24

Анаан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   akinaika   23 Март 2021 - 22:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Анааан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   BekRek   24 Март 2021 - 13:38

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 24
  • Катталган: 21 Апрель 17
  • Соңку аракети: 25 Фев 2025 12:45
  • Жынысы:Эркек

Сонун сонун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Aituwas   26 Март 2021 - 03:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 72
  • Катталган: 21 Сентябрь 19
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 12:45

Aanan
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   akinaika   27 Март 2021 - 01:21

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 20
  • Катталган: 26 Декабрь 18
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 20:17

Ие айланайын жазышабы булар ыя?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   bond0202   28 Март 2021 - 15:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 685
  • Катталган: 05 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 13:54
  • Жынысы:Эркек

Жокко дагы деле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   Baichechekey   29 Март 2021 - 01:00

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 119
  • Катталган: 30 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 22 Янв 2025 15:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек убактылуу Москвадамын

Жалгызым байкуш тириликтен бошобой жатат го.Жиндирак кол кабыш кылып жардамдашпасаныз, Назиктин колу чыгармаларга бошочудай эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 09:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: