"Эл эмне дейт" деп, эмне кылдыңыз эле?
#201 23 November 2018 - 20:39
Эл эмне дейт?Кайынжуртум эмне дейт? деп жумуштан чыкпай иштеп жүрөм.(Башка жумушка которулгум келип жүрөт)
#202 23 November 2018 - 21:15
Эл эмне дейт деп журуп отуп кетебизби кыргызым? Аш тойлордо жетпей атса дагы эл эмне дейт уят болобуз деп карыз алып дасторкон жасайбыз олум житимде тойдон кем калбай ашып тушобуз эл соз кылат чон союш сойбоду деп жатып эптеп таап соебуз тажия кырк жылдык атасына аш беруу эл эмне дейт деп журуп намыстанып атып ысырап кылабыз кыздар сойку болуп адепсиз жургондор балдар жаман жолго тущкондор эл эмне дейт деп оздорун тыйышса болбойбу согуп урушканда тыйсын эл эмне дейт дегенди озубузго керектуу пайдалуу жерде колдонолу
#203 23 November 2018 - 23:52
Андай ойлор менен 10-15 жылдан кийин келсе керек. Азырынча элсиз эле жашап турайынчы.
:)
#204 24 November 2018 - 05:39
Өзүмдөн чоң кызды албай койгонмун) ошондо алып алсам болмок экен, эже кылып жүргөн болот элем))
#205 24 November 2018 - 22:07
Эл эмне дейтти баары колдонот. Мендеда болгон. Эл эмне дейт. Же боюда жок,же иштеп жалчытпай кайтып келиптир Россиядан дейби деп жүрөбергем.
Кудайым буйруп боюма болуп кайтканбыз.
#206 12 September 2020 - 00:45
Негизи эле Азия менен Африка (ой-жүгүртүлөрү төмөн) өлкөлөрү эл эмне дейт деп жашайт экенбиз.
Көк түс - Туура кылып жатамбы.
Сары түс - Элдер эмне дейт.
Кызыл түс - Мага андан кандай пайда.

Сары түс - Элдер эмне дейт.
Кызыл түс - Мага андан кандай пайда.
Love is a game. The first to say love, he lost...
#207 12 September 2020 - 09:02
Мен деле "эл эмне дейт,энемдер укса не дейт"-дей берем коркогураакмын,
жолдошум "Дей берет да деп жургон"-деп турат
Эми бири антсе,бири тартып турганы деле жакшы экен,баарибир синип калган нерседен 100%га кечип кеталбагандан кийин...ошол))
Эми бири антсе,бири тартып турганы деле жакшы экен,баарибир синип калган нерседен 100%га кечип кеталбагандан кийин...ошол))
#209 13 September 2020 - 02:23
Кошуналар эмне дейт деген тема бар менде((( бойдок кезден бери, азыр деле. Көчөдөн чыккандан кийин пооф.г))) эми айла жок да настоящий айылский менталитет карманасын жакын адамдарга сөз тийбесин деп.
#211 11 February 2021 - 00:38
Эл коп болсо сени 2 кун соз кылып унутушат, ал эми жашоону сен жашайсын
#212 14 February 2021 - 02:20
Элди карап эл не дейт деп жашаганга убакыт жок, дейбиз бирок, ар бир адам ич-ичинен ойлойт бир жолу болсо да.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#213 08 July 2021 - 20:04
Бизге негизи бул сөз аябай терең сиңген да..
Т.б.көөп эле нерселерди кылбай калгам убагында... Азыр мындай нерсе менен жашабайм.
Т.б.көөп эле нерселерди кылбай калгам убагында... Азыр мындай нерсе менен жашабайм.
#214 09 July 2021 - 19:45
#215 12 July 2021 - 13:46
Эл эмне дейт дебей жашайм. Жаратканыма чексиз шугур
Бакыт - тынчтыкты суйот...

Супер-Инфо
super.kg
видео

















