Эт багытындагы тоокту балапан кезинен антибиотиктердин,
дарылардын жардамы менен семиртишерин билсек деле көбүбүз тоок этине жабышабыз. Анткени баасы арзан, даярдаганга оңой. Өзөк жалгап алыштын оңой жолу да азыр - гриль. Шам-шум эткенге мындан өтөөр кандай жакшы тамак бар? Бирок гриль кыска убакыттын ичинде ден соолукка канча зыян келтирип жатканын ойлогондор да, билгендер да аз.
Гриль жасоо үчүн бүтүн тооктун бир канчасын чоң идиштеги ар кандай кошулмаларга чылашат. Тооктун эти көп учурда чет өлкөдөн экспорттолот.
Эт эки түрдө: бүтүн бойдон жана жиликтенип (окорочка) алынып келет. Айрым сатуучулар грилди үйдүн тоогу, колго багылган деп сатышы да мүмкүн. Ага миң ишенсеңиз да кыргыз тоогу андай семирбейт. Негизги санитардык эреже боюнча тооктун эти эки жумадан ашык турбашы керек. Санитардык көзөмөлдү мындай кой, кээ бир учурда жумалап өтпөй тура берип бузулуп калган тоок эти кайра "сипсивежий"
болуп сатыкка чыгат. Кантип? Түнү бою уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты ар түрдүү татымдар, сарымсактын жардамы менен "өлтүрүлүп"
гриль жасоочу аппаратка келип түшөт. Эгер тооктун чийки эти мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо аны формалин менен жууп, жапжаңы кыла коюшат. Формалин суюк аралашма. Анын курамы 40% формальдегид,
8% метил спиртинен (көздүн көрүүсүн начарлатууга шарт түзөт) жана 52% суудан турат. Этти, денени былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруу касиети бар. Формалин организмге киргенде ичегидеги бүт микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөк дегенди түп орду менен талкалайт. Формалиндин зыяны аныкталган соң Европа өлкөлөрүндө колдонууга тыюу салынган. Бирок жогорудагыдай ыкмаларга дагы деле тынымсыз колдонулуп келет. Тооктун эти формалин менен иштелген, иштелбегенин билүү үчүн аны жыттап көрүү жетиштүү. Ал болоор-болбос дары жыттанып турат. Өкүнүчтүүсү ал бышкандан кийин формалин эмес андан башкасына чыласаң да билинбей өтө берет.
Мунун баарына ишенгиңиз келбесе да, грилдин бул зыяндарын эске ала жүрүңүз.
Эң жөнөкөй зыянынан баштасак, үч катар тизилип, кызара бышып жаткан грилди элестеттиңиз да. Сатып алып жатканда астыңкы (үстүнөн санаганда) катардагы грилди алган адам көп зыян тартат. Анткени эки катардан сарыгып аккан май үчүнчү катарга токтолот. Өтө майлуу тамак жоон ичегинин, ашказандын сезгенишине алып келет. Ал эми грилдин сырткы кабыгын сыйрып жегенди сүйүүчүлөр бир чайнаганда эң көп зыяндуу нерсени жеген менен барабар. Грилди үзбөй жеген адам жоон ичеги, эмчек рагынын башталышына шарт түзүп берди дей бер. Статистика боюнча тез татымдардын арасында зыяндуулугу боюнча биринчи орунда гриль турарын да унутпаңыз.
Гриль.... Пайдасы жана зыяны?
#21 11 Август 2014 - 11:41
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#22 11 Август 2014 - 11:49
чоон рахмат, жакшы кенеш экен, кудайга шугур мен грильден алыс элемин, билбей жеп жургондор болсо сабак болсун.
#23 11 Август 2014 - 16:23
грилдин зияны коп, мен жебейм.
биринчиден кандай тоокту алып келгени белгисиз.
экинчиден даамын жакшыртуу учун ото коп специй колдонушат, арасында адамдын ден соолугуна зыяндары бар
биринчиден кандай тоокту алып келгени белгисиз.
экинчиден даамын жакшыртуу учун ото коп специй колдонушат, арасында адамдын ден соолугуна зыяндары бар
#24 11 Август 2014 - 18:19
Gril zyian.
Birok men suiup jeim.
Birok men suiup jeim.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#25 18 Август 2014 - 23:37
Uydo grill jasasa bolot.
Gaz + kastryul menen ele.
kizikkandar lichkaga jazgila
Gaz + kastryul menen ele.
kizikkandar lichkaga jazgila
#26 07 Февраль 2015 - 20:46
Гриль гриль гриль
Жанынан отсон козундо тооктун эти тизилип баскын келбей калатго. Шилекейинди жутунуп аласын. Ачуу соусуна грилди чылап жесен ээээххх жашооо кереметда...
Жанынан отсон козундо тооктун эти тизилип баскын келбей калатго. Шилекейинди жутунуп аласын. Ачуу соусуна грилди чылап жесен ээээххх жашооо кереметда...
Аткан тан ийгиликтердин башаты болсун!!!
#27 11 Март 2015 - 20:41
Грильдин зыян экенин билсемда жей берем.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#28 11 Март 2015 - 22:18
Жегим келбейт,кээ кээде бир аз ооз тийгенимле болбосо.
Билдирүүнү түзөткөн: vema_87kg: 11 Март 2015 - 22:19
#29 13 Март 2015 - 04:27
KFC ден крылышки жейм кээде,гриль коонумо тийген бирде жолдон алып машинада жейли деп фалгадан ачып жейли десек ичегиси менен кошуп бышырып салыптыр,бляяк эстесем конулум айланат.Жолдошум грильдин бутун оозуна салып жеп алып даамы эмне ачуу дейт карасак эле ичи бутун экен))).
Билдирүүнү түзөткөн: bema_bema: 13 Март 2015 - 04:29
#30 19 Август 2021 - 11:35
Маринад:
- куркума 1,5 ч.к.
- зире (майдаланган) 1,5-2 ч.к.
- оливка майы 1-2 а.к.
- чеснок 6-7 зубчик
- черный перец 1 ч.к.
- красный перец (ким кандай кааласа)
- паприка 2-3 ч.к.
Бутун тоокту (тондурулган боло ээритип) таза жууп, суусун кургатып аарчып кол аарчы менен. Маринадты жакшылап аралаштырып алып анан тоокко жакшылап суртуп ичин сыртын калтырбай, шашылбасанар холодильникке тункусун калтырып койсонор же шашып жатсанар комнатный температурада 2-3 саат койуп коёсунар. Духовканы 180-190 градуста жылытып алып андан сон тоокту тош жагын ойдо каратып бутун байлап противеньди бир аз майлап аласынарда духавкага 1,5-2 саатка салып койёсунар (ар кандай духовка ар кандай жылытат бышканын коруп ала бересинер саатты карап отура бербей)
- куркума 1,5 ч.к.
- зире (майдаланган) 1,5-2 ч.к.
- оливка майы 1-2 а.к.
- чеснок 6-7 зубчик
- черный перец 1 ч.к.
- красный перец (ким кандай кааласа)
- паприка 2-3 ч.к.
Бутун тоокту (тондурулган боло ээритип) таза жууп, суусун кургатып аарчып кол аарчы менен. Маринадты жакшылап аралаштырып алып анан тоокко жакшылап суртуп ичин сыртын калтырбай, шашылбасанар холодильникке тункусун калтырып койсонор же шашып жатсанар комнатный температурада 2-3 саат койуп коёсунар. Духовканы 180-190 градуста жылытып алып андан сон тоокту тош жагын ойдо каратып бутун байлап противеньди бир аз майлап аласынарда духавкага 1,5-2 саатка салып койёсунар (ар кандай духовка ар кандай жылытат бышканын коруп ала бересинер саатты карап отура бербей)
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.