- Мындан бир нече ай мурун кечке жуук сиңдимди уйгур улутундагы эки кыз сабап жана жанындагы 6 миң сомун тоноп кетишиптир.
Натыйжада сиңдимдин мээси чайкалып, денесинен да бир топ жаракат алган. Ал кыздар, көрсө, тоноочулук менен алектенишет экен. Сиңдим он сегизге чыга элек болгондуктан,
анын атынан мен арыз жазган элем. Бирок бул иштен эч кандай натыйжа чыккан жок. Менин оюмча, тиги кыздар тергөөчүгө пара берип коюшкан окшойт. Мен тергөөчүгө барсам, “кайда барып арыздансаң да эч нерсе чыгара албайсың” деп бөлмөсүнөн чыгарып салды. Андан кийин прокуратурага да кайрылдым. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Сиңдимдин жанындагы 6 миң сомун, дарыланууга кеткен акчаны кантип кайтарып аларыбызды билбей жатабыз. Кеңеш берүүңүздү өтүнөм. Нуркыз, Бишкек шаары.
– Жабырлануучу арыз менен райондук, облустук сотко кайрылуусу керек. Эгерде ал жактан адилеттикти таппаса же болбосо соттун жыйынтыгына алымсынбаса,
анда ал жактан алган жоопторду тиркеп, республикалык деңгээлдеги Жогорку Сотко же Укук коргоо органдарына кайрылуусу кажет. Сурооңузга караганда сиз райондук деңгээлдеги тергөөчүнүн жыйынтыгы менен эле чектелип калган окшойсуз. Эми болгон далилдерди келтирип, облустук прокуратурага кайрылыңыз.

Супер-Инфо
super.kg
видео







