– Уулубузду кылмышка шектүү деп милиция кызматкерлери көчөдөн кармап кетишиптир.
Биз бул окуя жөнүндө 2 күн өткөндө гана билдик. Кармап кеткен милиция кызматкерлери же тергөөчү окуя жөнүндө өз убагында бизге билдиргенге милдеттүү беле? Кайсы убакыттан баштап балабызга адвокат жалдообуз мүмкүн эле? Динара, Жалал-Абад облусу.
– Эгер адам кылмыш жасаган деп шектелип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалса, анда 3 сааттын ичинде бул жөнүндө протокол түзүлүшү керек. Милиция бөлүмүнө алынып келингенден тарта адвокаттын кызматын пайдаланууга укугу бар. Тергөөчү 12 сааттын ичинде шектүү катары кармалган жарандын үй-бүлөсүнө,
туугандарына же жакын адамдарына камакка алынгандыгы тууралуу билдирүүгө милдеттүү.

Супер-Инфо
super.kg
видео







