– Жолдошум каза болгонуна бир жылдан ашты. Балдарыма жөлөк пул алуу үчүн жолдошумдун өлгөндүгү тууралуу маалымдама керек экен. Тилекке каршы, аны жоготуп алгам. Бул маалымдаманы кайра жасатсам болобу? Эгер болсо кайсы жерден жасатсам болот?Гүлшайыр,
Бишкек шаары.
– Жолдошуңуздун өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн ЗАГСтан ала аласыз. Кайсы ЗАГСтан алынса, ошол жердин жарандык абалы боюнча актыларды каттоо бөлүмүнө (ЖААК) кайрылсаңыз болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео







