Суперстан: Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Тери,чач,тырмак ж.б. кам коруу

#21 Пользователь офлайн   Мардук   01 Июль 2010 - 14:34

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 29 Апрель 10
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2010 17:31

мен да ушул ойго кошулам,албетте ар бир кыздын "тазасы" чачтан билинет эмеспи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Wonderfullgirl   02 Июль 2010 - 22:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 11 Март 10
  • Соңку аракети: 16 Янв 2024 16:33
  • Жынысы:Аялзаты

Менин чачым тез майланышат ошон учун кундуго жуушка туура келет , ошол жонундо кичине кенеш берип койгулачы жок дегенде 3 кунго чыдай турган.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 04:50

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Мен кыз эмесмин (түщ мааниде айтып атам. анан башкача түшүнүп жүрбөгүлө эй) Ошондуктан бул жакка көз салган акимдин шапкесин көзүмдүн кыры менен жалтактап карап жазып жаткан кербезим: Сүрөт

Мен чачым жуубасам бир аз кыйшайып калса деле жууй берем. Ушу көп жууган зыян эмеспи? Күнүгө го дейм..Жок, жумасына 5 күн экен. Колдонгонум - Нивеа шампуну...

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   azalove   05 Август 2010 - 17:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 321
  • Катталган: 30 Январь 07
  • Соңку аракети: 24 Фев 2021 20:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения FarID (03 July 2010 - 04:50) жазган:

Мен кыз эмесмин (түщ мааниде айтып атам. анан башкача түшүнүп жүрбөгүлө эй) Ошондуктан бул жакка көз салган акимдин шапкесин көзүмдүн кыры менен жалтактап карап жазып жаткан кербезим: Сүрөт

Мен чачым жуубасам бир аз кыйшайып калса деле жууй берем. Ушу көп жууган зыян эмеспи? Күнүгө го дейм..Жок, жумасына 5 күн экен. Колдонгонум - Нивеа шампуну...


Албетте чачты коп жууган зыян. Баш териси кургап кетет да, чачтын какачтан арылбай калуу коркунучу бар. Ошондуктан байкеси, кыйшык чач менен да журо бергениниз он го. :)
Эн мыкты сот-абийирибиз! (Н.И.Гнедич)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Merischka   16 Август 2010 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

menin bir dungan taanysh chon enem bar ele, oshol enenin chachyn karasan zhyltyrap zhnaa agy da kop emes bolchu. Dungandardy bilesinergo kop nerseni ajty berbejt...al ene ekoobuz abdan zhakshy maek kurchzbuz anan kop nerselerdin chetin chygyryp ajtyp kojchu kezde.
<chach zhonundo da myndaj dep ajtkan:
Oruktun achuu danegin chogultup, 1 uchtum zhetet. Chagyp danegin undaj kylyp majdalap any 2 litr suuga zhylymyk 1 saataj salyp, bashyndy shajkaardyn astynda zhuush kerek.

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   aminali   13 Май 2011 - 00:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Тырмак өскөндөн кийин,кат кат болуп эмнеге бөлүнөт,менин тырмагым өсөт бирок 2ге болунуп калат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   gulira93   27 Май 2011 - 21:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 97
  • Катталган: 16 Март 11
  • Соңку аракети: 27 Дек 2016 15:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения aminali (13 Май 2011 - 00:52) жазган:

Тырмак өскөндөн кийин,кат кат болуп эмнеге бөлүнөт,менин тырмагым өсөт бирок 2ге болунуп калат.



Vitamin jetishbegenden oshondoi bolot jakshy laktardy koldonsonuzda tyrmagynyz andai bolboit .
Бул турмушта баары болот!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   aminali   30 Май 2011 - 23:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Просмотр сообщения gulira93 (27 Май 2011 - 17:10) жазган:

Vitamin jetishbegenden oshondoi bolot jakshy laktardy koldonsonuzda tyrmagynyz andai bolboit .


Витамин дегенге кошулам,лактын түрү бар менде фирмасы да аптекадан алгандарым да,кыйын болуп бойоп туруп кургагандан кийин тиштегилеп тазалап салам ушул жаман адатыман кутула албай койдум,ишенесизби бир күндө 5-6 жолу каттап бойойм,анан тазалап салганды жакшы көрөм тырмак менен кырам же болбосо тиш менен.Жаман ойлобоңуз оорулу экен деп,адат болсо керек.Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Aydashka   19 Октябрь 2011 - 01:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Просмотр сообщения aminali (13 Май 2011 - 00:52) жазган:

Тырмак өскөндөн кийин,кат кат болуп эмнеге бөлүнөт,менин тырмагым өсөт бирок 2ге болунуп калат.

Мындай абалга алып келүүчү себептер – химиялык заттары тазалоочу каражаттар менен сууга колду өтө көп салуу, организмде темирдин, кальцийдин жана май кычкылынын жетишсиздиги. Көбүнчө тырмактардын морт болушу калкан сыяктуу бездердин көйгөйүнөн улам болот.

Кеңештер:
Химиялык заттары бар каражаттарды колдонууда колго резина мээлей кийүү керек.
Тырмактарыңызга кастор майын сүйкөп, массаж жасап туруңуз.
Тамактанууда балык, деңиз азыктарын, сүт азыктарын көп колдонуңуз.
Ошондой эле курамында кальция, темир бар витаминдерди кабыл алыңыз.

Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 19 Октябрь 2011 - 01:06

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   snejinka   19 Октябрь 2011 - 16:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 746
  • Катталган: 08 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 04 Ноя 2019 12:35
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения aminali (13 Май 2011 - 00:52) жазган:

Тырмак өскөндөн кийин,кат кат болуп эмнеге бөлүнөт,менин тырмагым өсөт бирок 2ге болунуп калат.


тырмагыныз каттуу болсун десениз лимонду ортосунан кесип туруп тырмактарынызды салып (тырмагыныздын узундугунун бары лимондо болуш керек) :tongue: )))) коюп 15-20 мин.кармашыныз керек кунуно бир жолу.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Октябрь 2011 - 01:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Чачты таза бойдон кантип узакка сактоо керек?

Көрктүү, кулпурган чач ар бир эле адамдын көркү. Бирок ар бирибиз эле чачты узакка таза бойдон кантип сактоонун жолун биле бербейбиз. Массаждын жардамы менен ашыкча түйшүктөн арылууга болот, манжалардын жардамы менен күнүгө чачты ээринбей массаждап туруу керек, андан тышкары мүмкүнчүлүк болгон кезде чачты бат-баттан тарап туруу керек. Эскерте кетчү көрүнүш чачты суу кезинде майда тиши бар тарак менен тараганда чач жулунуп сына берет, мындай жагымсыз көрүнүштү алдын алуу үчүн чачты жуугандан кийин тиштери кесек тарак менен тарап же болбосо кургаганга чейин тарабай койсо деле болот. Чач таза болуш үчүн бат-баттан жууй берүү туура эмес.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Октябрь 2011 - 02:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

ЧАЧ КӨП ТҮШӨ БАШТАСА...

Чычырканактын мөмөсү менен жалбырагы чач көп түшүп, таз болуу коркунучу күтүлгө н кезде колдонулат. Дегеле чач бекем болуу үчүн деле колдонсо болот.
Чычырканактын 2 аш кашык кургатылган мөмөсү менен жалбырагын идишке салып, үстүнө 2 стакан кайнаган суу куюп, 2-4 саат демдөө зарыл. Анан сүзүп алып, даяр дарыны эртең менен кечинде тамактан мурун жарым стакандан ичүү туура. Ичкенден тышкары кеч сайын чачтын түптөрү нө сүйкөө да керек.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Aydashka   21 Октябрь 2011 - 02:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Чачты фен менен кургатуу зыян

Көпчүлүгүбүз көп учурда бир жакка шашып же чач жасалгалоодо фендин жардамын колдонобуз. Бирок, ошол эле учурда анын пайдасынан зыяны бар экенин этибарга ала бербейбиз. Анткени, фенден чыккан ысык аба биринчиден баштын терисин кургатып күйгүзсө, экинчиден чачты тердетип майланыштырат. Ушул нерселерди эске алып жуулган суу чачты жайдын күнү да, кыштын күнү жөнөкөй эле жол менен кургаткандан өтөөрү жок. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш чачты суу боюнча кайра-кайра тарай берүү туура эмес, себеби суу кезинде тараганда чач үзүлүп түшө берет.

★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   aminali   26 Октябрь 2011 - 20:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 020
  • Катталган: 06 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 11 Май 2023 15:44
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Italia,Sardegnia.

Чач агарып баштаса эмне кылыш керек?Картаң эмесмин жаш элемин,бирок чачым агара баштады такыр бойогум келбейт,емне кылса кайра ордуна келет?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   Aydashka   18 Ноябрь 2011 - 20:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Кургак бетке Жасалуучу элдик маскалар
1. Жылуу май маскасы
Бул өтө кургак, туурулуп кетүүчү беттерге колдонулат. Бул маскага өсүмдүк майынын кайсы түрү болбосун жарай берет. Мисалы, күнкарама майы, пахта майы, жүгөрү майы. Адегенде марлини 2-3 кабаттап алып, аны ооздун, мурундун, көздүн тушунан оюп, анан аны жакшы акталган өсүмдүк майына малат да, сыгып туруп, бетке тегиздеп жабат. 10-15 мүнөт өткөндөн кийин марлини сыйрып салып, бетти лосьон менен сүртүп коюшат.
2. Быштак маскасы
Бул бетти жакшы нымдаштырат. 1 аш кашык быштакты үбөлөп, ага бир аш кашык сүт же каймак аралаштырып даярдайт. Сүттүн ордуна бир аш кашык балды же бир нече тамчы лимондун маңызын колдонсо деле боло берет.
Майлуу бетке кантип кам көрүү керек?
Майлуу бет май бездеринин катуу иштешинин натыйжасында пайда болот. Түтүкчөлөрү кенен, майлуу бет апельсиндин кабыгына окшоп турат. Кээде алардын майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бетте кара чекиттер – комендондор пайда болот. Ал эми беттеги тешиктерге бир аз эле жугуштуу микробдор кирип кетсе, безеткилер чыга баштайт. Аны сыгып салууга болбойт. Себеби, ырбап отуруп, андан да чоңоюп кетиши мүмкүн. Майлуу бет безеткиге жакын болгондуктан, ага кам көрүүнү жаш кезден эле баштаган оң. Майлуу беттин кургак беттен айырмасы – ал калың келип, одуракайыраак тартып, бат эле жалтылдап майланышып кетет. өтө майлуу беттер, ал тургай, көгүш түстөнүп да кетет. Бирок, анын жылма көрүнгөн кургак беттен артыкчылыгы бар. Бул артыкчылык – анын калың жана майлуу болгондугунда. Башкача айтканда, майлуу бет күндүн нурунун, суунун, суук шамалдын териге көрсөтүүчү терс таасирлерине туруштук берет. Ошондуктан, бети майлуу адамдардын жүзүнө бырыш кеч түшөт. Мындай бетке майлуу бетмайларды колдонуунун кажети жок.
Майлуу бетке жасалуучу элдик маскалар
1. Айран маскасы

Бир үзүм кебезди айранга малып, аны бетке 1 мүнөтчө жаап коёт. Буга 1 чай кашык быштак кошуп туруп, аралаштырып колдонсо болот. Бул маска терини кургатып, беттин майлуулугун азайтат.
2. Ачыткы маскасы
20 грамм камыр ачыткыга 1 чай кашык лимон же клюква маңызын кошуп аралаштырып алат. Бул маска терини тазалап, жумшартат жана беттин майлуулугун азайтат.


Прикрепленное изображение: 33211.jpgjpg]Прикрепленное изображение: medium_face-mask.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   ELTYN   03 Декабрь 2011 - 17:44

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 389
  • Катталган: 12 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 29 Фев 2012 13:16
  • Жынысы:Эркек

Айымдарга ай-а-ай кеңеш


Жүзүңүздү сактоонун камылгасы
-Беттин терисин калыбына келтирип, өңүн жакшыртуу үчүн 3 чай кашык быштак менен 1 чай кашык балдын аралашмасын маска катары пайдалансаңыз болот. 15-20 мүнөттөн соң бетиңизди кант салынбаган жылуу чай менен сүртүп коюңуз. Бул масканы косметикалык каражат катары гана пайдаланбастан, эртең мененки тамак ордуна колдонуп, арыктасаңыз да болот.
-Экинчи ээктен арылуу үчүн колдоруңуздун сырты менен (сол кол менен оңдон солду карай, оң кол менен солдон оңду карай) ээгиңизди ургулап массаж жасоо пайдалуу.
-Чач жасалгалоодо курамына спирт кирген гель менен лактардан баш тартканыңыз оң. Ал эми күнүгө эки жолу башыңызга жасалган 15 мүнөттүк массажды адатка айландырып алууңуз зарыл. Бул, чач түптөрүн бекемдөөгө жардам кылат.
-Азыктандыруучу кремдерди күнүгө пайдалана берүү териге терс таасир тийгизет. Тери өз алдынча "дем алып", табигый түрдө май бөлүп чыгарып турушу үчүн аны крем сүйкөбөй байма-бай эс алдырып туруш керек.
-Терини картайтпоо үчүн таруу бышырылган суу менен жуунуу пайдалуу. Бир нече ирет кайталанган мындай процедура беттеги бырыштарды кетирүүгө жардам берет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   Takeshbek   04 Декабрь 2011 - 01:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

БУл создорду жаза турган тема бар беле
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   admin_superstan   05 Декабрь 2011 - 13:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

" Айымдарга ай-а-ай кенеш." темасы менен бириктирилди.





  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Aydashka   09 Декабрь 2011 - 19:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Сергитүү үчүн маскалар
45 жаштан кийин көздүн айланасына өсүмдүктөрдөн жасалган тоник, ласьон, гель, маскалардын баардыгын жасап кам көрсө болот. Алар терини эс алдырат жана сергитет, азыктандырат. Ошондуктан ишенимдүү эле атайын пахта кездемелерин аларга салып, нымдуу болгондон кийин көздүн айланасына 5-10 мүнөт коюп коюш керек. Ошондой эле тоңуп калган муздун кубик формасы да жакшы сергитет. Бул ыкманы жасаш үчүн эртең менен бетти жуугандан кийин көздүн айланасын ал менен суулап чыгыңыз да өз алдынча кургашына мүмкүнчүлүк түзүп бериңиз.
Үй шартында көздүн терисине кам көрүүдө сөзсүз маскаларды колдонуш керек.

Бадыраң маскасы
Эң сонун тоник болуп бадыраң ширеси эсептелет. Ошондуктан көзгө дайыма жаңы бадыраңдын тоголок кесиндиси менен көздү 5 -10 мүнөткө жабып кам көрүлөт. Бадыраңдан сергитүүчү масканы башка жол менен да жасаса болот.
Бир чай кашык бадыраң ширеси менен кургак сүттү аралаштырып маска даярдайсыз жана аны көздүн айланасына 10 мүнөт коюп коёсуз. Убакыт болгондон кийин нымдуу тампон менен тазалаңыз.
Көздүн назик терисин сүйкүмдүү кылуу үчүн оливка, жожоба майларын колдонуңуздар.
Кургатылган 2 чай кашык көк башты (укроп) жарым стакан кайнатылган сууга салып, 15-20 мүнөт коюп коюш керек. Анан бул сууга атайын тампондорду салып, суулап сыгып алгандан кийин көзгө 20 мүнөткө коюп коюш керек. Бул көздүн терисин сергитет.

Азыктандыруучу маска

1 жумуртканын сарысына 1,5 аш кашык томат ширесин кошуп аралаштырасыз. Аз өлчөмдөгү сууга кичинекей балдардын азыктандыруучу креминен 3 аш кашыгы менен кошуп алып аралаштырып, анан жумуртканын сарысы менен томат ширесинен жасалган аралашмага кошуп, бардыгын жакшылап аралаштырып, маска даярдайсыз. Масканы көзгө сүйкөп, 10-15 мүнөт гана кармайсыз.

Прикрепленное изображение: imgres.jpgjpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   Aydashka   09 Декабрь 2011 - 19:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 624
  • Катталган: 19 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 24 Апр 2018 02:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Австрия

Петрушка маскасы
50 грамм петрушканын жаңы жалбырактарын жарым литр сууга кайнатып, андан кийин муздатып бир топ убакытка коюп коёсуз. Даяр болгон петрушканын кайнатмасына назик тампондорду салып суулап, көзгө 1-2 мүнөткө коюп, 3-4 жолу кайталап маска жасаган болосуз. Аягында болсо муздак компресс жасайсыз. Тери кургагандан кийин майлуу крем сүйкөп коюңуз. Мындай элдик ыкмалар менен көзүңүзгө кам көрүүдө, анын дайыма сулуу жана чың кылып алып жүрө аласыз.

Жүзүм маскасы
Жүзүмдүн мөмөлөрүн майда кылып кесип алып, ал менен көздүн ылдыйкы бөлүгүндөгү терини азыктандырып чыкса абдан пайдалуу. Мындай учурда көз табигый жол менен азыктанган болот.

Кургак тери үчүн табигый маска
Бир жумуртканын сарысына 1 чай кашык балды кошуп, аралаштырып анан көздүн айланасына 10 мүнөт коюлат.

Маскаларды - малина, кулпунай, дарбыз жана башка мөмө жемиштердин жардамы менен өзүңүзгө ылайыктуу кылып жасап алсаңыз болот. Эгер кайнатып, майдалап жана башка жолдор менен ар кандай маскаларды даярдаганга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо же жалкоолонсоңуз мөмөлөрдү кесип алып, анын ширесин сүйкөп койсоңуз, минтип деле көзүңүздүн айланасына эң сонун кам көргөн болосуз.

Көздү эс алдыруучу маска
Эс алдыруучу маскалар көздүн териси үчүн керек. Мындай жардамды сүт менен сулунун аралашмасынан жасалган маска жакшы берет. Аны даярдооо да оңой. Аралшманы марлиге ороп, көзгө 20 мүнөткө коюп коюш керек.


Прикрепленное изображение: imgres.jpgjpg]Прикрепленное изображение: imgres.jpg
★•:*´¨`*: •. *.:。✿*゚‘゚・✿. 。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸. •´
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыздын сыры
  • Кийинки тема →

  • (8 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 20:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: