Суперстан: Кыздар гана ушул нерселерди жасашат. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыздар гана ушул нерселерди жасашат. ЧЫН ЭЛЕ..

#181 Пользователь офлайн   zaki   02 Июнь 2010 - 15:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 164
  • Катталган: 24 Май 10
  • Соңку аракети: 25 Апр 2013 05:28
  • Жынысы:Эркек

балекеттин баарын билип турса да билбемиш болуп койгондоручу.
Жөн эле келип дүйнөгө
Жөн эле өтүп кетпейли..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#182 Пользователь офлайн   Асылжан   03 Июнь 2010 - 17:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 04 Май 10
  • Соңку аракети: 20 Дек 2021 21:08
  • Жынысы:Аялзаты

Цитата

Жарым саат сайын кол баштыгында катылуу атырын себинип турушат. %) Кузгуну само собой беш минут сайын каранып турушат. :dance:


Башка жыт жыттанганча, атыр жыттанган жакшы эмеспи! Кузгуну бат-бат караса, бардыгы балдар учун да! Силер келип сындайсынар да. :dance2:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#183 Пользователь офлайн   Девушка невидимка   04 Июнь 2010 - 15:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 17
  • Катталган: 11 Март 10
  • Соңку аракети: 18 Авг 2013 03:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Смешно конечно, но смахивает на издевательство :beee:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#184 Пользователь офлайн   Аygerim   04 Июнь 2010 - 15:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Цитата

Смешно конечно, но смахивает на издевательство :beee:


это и есть издевательство :tongue:
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#185 Пользователь офлайн   zaki   04 Июнь 2010 - 21:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 164
  • Катталган: 24 Май 10
  • Соңку аракети: 25 Апр 2013 05:28
  • Жынысы:Эркек

өйдө ңкү 2 форумчуга:
16-пункт

Билдирүүнү түзөткөн: zaki: 04 Июнь 2010 - 21:45

Жөн эле келип дүйнөгө
Жөн эле өтүп кетпейли..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#186 Пользователь офлайн   FarID   02 Июль 2010 - 00:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Кээде өтө эле кыска кийим кийгендерин "байкабай" калышат. Анан да "карышкырлар" ач көздөрү менен атып атканын көрмөксөнгө салышат эй!
Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#187 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 22:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Аялдар (кыздар..) жөнүндө Байдылда Сарногоев эчак эле айтып коюптур минтип:

АЯЛДАР ЖӨНҮНДӨ
Тең болуп бизге жаралган
Термемдин башы аялдан.
Баш кошуп бирге келатат
Байыркы атам замандан
Энебиз болуп бакканын
Төрөйм деп азап тартканын
Далилдейт тарых далайдан.
Дүйнөнү алгач көргөзүп
Түн күзөп бешик терметип
Сактаган эчен ажалдан.
Жарыбыз болуп сүйүшүп,
Жамандык кезде күйүшүп
Жүрөктөн жакын жай алган,
Эмчегин берген энеңди,
Алган жар, асыл жеңеңди
Кур койбой сыйдан, саламдан,
Эси бар эркек аттуулар
Чыгарбай жүргүн санааңдан.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#188 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Ырысы көлдөй чалкыган
Урматтуу эне, эжелер,
Жыйырманчы кылым тушунда
Жылдызга жетти төбөңөр.
Ырыйымсыз заманда
Ырасын айтсам мен эгер,
Эгиздеп уул туусаң да
Эркектен төмөн элеңер.
Эненин ыйы угулат
Эскерсем эски заманды.
Эркекти гана адам деп
Эсепке кошпой аялды,
Кырчындай не бир кыз-келин
Кыйналып торго камалды.
Каныкей, Жаңыл, Сайкалдар
Калп, чынбы, билбейм аларды,
Эркекке бир аз тең болуп
Эркиндик жолун таба алды.
Башкасы жетпей теңдикке
Өмүрү өтүп кордукта
Өлгөндө гана жай алды.

Телмиртип колго тийбестен
Теңдигин орго басылып,
Кубарган булут артына
Хрусталь күлкүң жашынып,
Токол, күң болсоң илгери
Бапыйган байга баш уруп.
Жанар тоо сымак бул кезде
Жарыкка чыктың атылып.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#189 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Өркүндөп өскөн убагың
Өткөндөн алып өчүңдү.
Түнөргөн чакты төшкө тээп
Түбөлүк тушооң чечилди.
Кылымдар чөккөн көнүлүң
Кызыл гүл болуп жетилди.
Азыркы кезде аяштар
Ай-аалам укту сөзүңдү.
Бутуңар тийген жерлерде
Буруксуп гүлдөр жайнаган.
Колуңар тийген жерлерде
Курулуш бүттү сандаган.
Эркектен артта калбастан
Эмгекте иштеп талбастан,
Анча-мынча эркекти
Ар кесип жактан арданткан,
Аялдар чыкты кайратман.
Ээрчишип дайым силерге
Орундап тилек, оюбуз,
Ракет минип ышкыртып
Космоско жетти колубуз.
Уламдан улам бийикке
Узарды сунган колубуз.
Бир жүрсөк дайым силерге
Билинбейт ачка, тогубуз.
Эркелеп койгон назыңар
Эркектер үчүн чоң ырыс.


Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#190 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:03

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Ардагы болуп ардактын
Атагың учту көкөлөп.
Турмуштун тутка, көркү деп
Турабыз дайым бөпөлөп.
Бирок да кээ бир аяш бар
Билимсиз өскөн эселек,
”Уруят” дешип унчуксаң
Уу тилин жанып өтө көп,
Мурунтук тагып мурдуна
Күйөөсүн жүрөт жетелеп.
Акылсыз андай аяштар
Ашыра оозун желдентип,
Жети апасынын теңдигин
Жеке эле ага бергенсип,
Октябрь ачкан бак-таалай
Оңойлук менен келгенсип,
Эгишкен эчен душманды
Эркексиз өзү жеңгенсип
Көп жылдар өткөн кемтикти
Көздөрү бүгүн көргөнсүп,
«Чолок» — деп жоокер күйөөсүн
Чойтоңдоп коёт эрдемсип.


Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#191 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Апыртма кээ бир аяш бар
Ак жерден жокту, барды айтып,
Бакпайт деп сени атакең
Балдарын сөзгө алдантып,
Кийимин өзү алпберип
Отунун өзү жаргансып,
Тамагын өзү даярдап
Табышкер болуп калгансып,
Баардыгын өзүм туудум деп
Баласын ата чангансып,
Үй, жайды курган күйөөсүн
Үшкүртүп кээде таңгалтып,
Күйбөгөн жерин күйгүзөт
Күлгө оонап төрөп алгансып.
Эринин баркын кетирип
Эрте-кеч элге жамандайт.
Эки эли тили жай албайт,
Бирок эриндей эрди табалбайт.
Келжирек аяш өзүнүн
Кем акылдыгын баяндайт.
Жамгыры жаап ийелек
Булуттуу түндөй түнөрөт.
Баламды өзүм бактым деп
Бардыгын өзүм таптым деп
Чиренгенден чиренет.
Алды-кийинин ойлобой
Ак жеринен күнөөлөп,
Айран-сүт ичкен күйөөсүн
Аракеч кылып жиберет.


Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#192 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Көпкүлөң кээ бир аяш бар
Көзүнө жанды илбеген.
Теңсинбей жерде адамды
Тең санайт өзүн күн менен.
Он ооз сөздүн жарымын
Орусча тантып сүйлөгөн.
Макарон менен лапшанын
Маанисин толук билбеген.
Обу жок кээде иш кылат
Ойлонсоң түшкө кирбеген.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#193 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Момпосуй сүйгөн балдардай
Моданы билет катыра.
Жарым ай кылып тегиздеп
Жакшы эле карайт кашына.
Бирок көчөдө жүргөн элдерге
Көрүнсөм дейби татына.
Ороп туруп чачына
Стакан коёт башына.
Чачырайт мээси деп корком
Чалынса жолдун ташына.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#194 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:07

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Жел көйрөң кээ бир аяш бар
Жетсем дейт сулуу чырайга,
Жетишпей калат сүйкөнсө
Жети кил упа бир айга.
Бет жагы аппак, мойну кир
Жуубайбы, жууйбу бир айда.
Эмне үчүн эрдим түйрүк деп
Эрте кеч түшүп убайга,
Айыпты коёт акыры
Апасы менен кудайга. Сүрөт

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#195 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Таарынат дайым дагы эле
Табигат берген мүчөгө.
Балкайган эгиз «алмасын»
Байкасаң кебез бүт эле.Сүрөт
Өрөскөөл андай ишине
Өзү да кээде уялат.
Жашылдап көйнөк тиктирип
Жакшы эле киет мудаалап.
Турпатым элге жаксын деп
Түз жерден басат кыялап.
Жаман жери бир гана
Жалпайбай соорум жүрсүн деп
Жасалма куйрук чыгарат.

Мүчөсү сонун экен деп
Бир көргөн жигит кубанат.
Сүрөт

Ушундайбы чын эле, ия


Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#196 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Мунусу кызык баарынан
Бут кийим киет тарынан.
Манчалары кысылат
Баскан сайын дагы улам.
Аяп да кээде кетесиң
Аксайт деп кайсы жагынан.
Кененин кийсе болбойбу
Аша кечпей жанынан.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#197 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Урушчаак кээ бир аяш бар
Үйүнүн кутун кетирген.
Таап берген эринин
Таалайына эсирген.
Ариясын баштаса
Ажырап акыл сезимден,
Жалтактап качып туш-тушка
Жаш балдары бекинген.
Чарк-чурк эткен кадимки
Чакчыгайдай мүнөзү.
Кожоюнсунуп кез-кезде
Коржондоп койсо күйөөсү,
Жок кылып муну тынам деп
Жок болсо деле күнөөсү,
Баласын кармап бетине
Баатырсынып бир өзү.
Кыйраткансып кыйкырып
Кызматын көздөй жүгүрөт.
Кокуй күн андай кылба деп
Кошунасы бүлүнөт.
Кой, айга моюн бербестен
Кош этегин түрүнөт.
Күйүткө түшүп ак жерден
Анан күйөөсү иштен сүрүлөт.
Балдарын жөндөп багалбай
Эси жок аяш, чарылдак
Эскисин кайра кийинет.
Бардыгын тапкан атанын
Баркы ошондо билинет.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#198 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Билимсиз кээ бир аяш бар
Билимдүүсүнүп чокчоёт.
Акын Мидин айткандай
Калпты чынды сокмолоп,
Ар түрдүү тармак боюнча
Анча-мынча кеп чоёт.
Тантырап көбүн калп айтып
Тарыхка барып токтолот.
Жамгырчиновду химик деп
Жанталашып талашса
Жай жаткан күлкүң козголот.
Улутуң ким деп сурасаң
Кегетилик Тынай деп
Кебелбей туруп мостоёт.
Социализм деп коюп
Саясат сөздөн жүргүзөт.
Татарстан борбору
Таллин деп ичти күйгүзөт.
Ат-Башы ГЭСи Ошто деп
Аргасыз жерден күлгүзөт.
Окубайбы, окуйбу
Көчөдө дайым басканда
Колунан түшпөйт бир китеп.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#199 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Ыпылас кээ бир аяш бар
Үйүнүн ичи самандай.
Жипкире түшөт көңүлүң
Жытына даап баралбай.
Жамынып жаткан шейшебин
Бир айда бир жууп алалбай,
Баласын көрсөң ботала
Жакасы жүрөт агарбай.
Табышып бер дейт күйөөсүн
Тарагын издеп табалбай.
Көчөдө жүрсө андайдын
Көрүнүшү маралдай.
Көпкөнү анын курусун
Көп билбейт үйдүн жумушун
Конокко келген адамдай.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#200 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Араккеч кээ бир аяш бар
Айткан сөзү дың бузган.
Тандап туруп жыргалды
Тапкансып кенен турмуштан,
Шарап менен аракты
Закускасыз шыңгыткан.
Мас болуп алган кезинде
Баласын топтой ыргыткан.
Айланып башы аракка
Карабай казан-аякка,
Байкабай горшок экен деп
Баласын тосот табакка.
Ун ээлеп, камыр жууруса
Ушунусу тамаша.
Сулк жатат кеспей кесмесин
Супара менен жанаша.
Киймимди чечип жаткыр деп
Күйөөсүн жумшайт балача.
Көйнөгүн кийип тескери
«Көк моюн» издеп эртеси
Көчөгө чыгат таң ата.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 8
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Июн 2025 04:44

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: