Бүгүн квартальныйда болдум. Катталыш керек эле бир районго. Жумушка байланыштуу. Бүт бланктарды толтуруп бүтүп ар бир баракка койгон печаты үчун 10 сомдон 40 сом. Сууга деп 200 сом алды. Анан справка жазып бериңиз ушул жерде жашайт деген десем. Ал справка 50 сом турат деп кашайтты. Мен 10-15 сом болуш керек деп ойлочум. Анан айтышып баштадык. Мен андан прейскурант талап кылдым. Ал мага андай жок. Ар бир домком, квартальный өздөрү коюшат бааны деп оозду ачырды. Анан да аны билиш үчүн МТУ бир деме деген жакка бар дейт. Блефовать этти болуш керек. Мен да ошенттим
Ошол 50 сом деген туурабы? Ким билет. Вообще, беспредел болуп кетет го минте берсе.. Билгендер болсо кайсы бир мыйзамга такап койгулачы деги. Жаман жинге тийди бюрократтар

Супер-Инфо
super.kg
видео












