Суперстан: Кыздар гана ушул нерселерди жасашат. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыздар гана ушул нерселерди жасашат. ЧЫН ЭЛЕ..

#201 Пользователь офлайн   FarID   03 Июль 2010 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Ачылган гүлдөй жайдагы
Аял го эрдин ардагы.
Ардагы алжып көчөдө
Кетире берсе айлаңды,
Көйнөгү өйдө түрүлүп
Көпчүлүктүн көзүнчө
Көрүнүп жатса сандары,
Ардагым деген эркекте
Абийир калсын кайдагы...Сүрөт

Уландысы болот, эгер мени айым акимдер кууп жибербесе эле. Бул ыр меники эмес(!). Айтчу сөзүңөрдү Байдыкеге айткыла. Айтмакчы анын эркектер жөнүндө жазганы да бар..

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#202 Пользователь офлайн   andormeda   05 Июль 2010 - 09:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

жанында турган остановкага барбай неположенный жерге туруп алып маршрутка тосушат кээ бирлери...


˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#203 Пользователь офлайн   Аygerim   05 Июль 2010 - 15:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

жигиттерге арналган ушуга окшош тема бар эмес беле....ошол каякта? :angry:
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#204 Пользователь офлайн   Асылжан   05 Июль 2010 - 17:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 62
  • Катталган: 04 Май 10
  • Соңку аракети: 20 Дек 2021 21:08
  • Жынысы:Аялзаты

Эхх,достор.Ары айтабызбы,бери айтабызбы, баары бир кыздарсыз жашоо кызыксыз экенин билебиз.Ал эми буга кошулбагандар. .. Кошулбагандар кандай адамдар болду экен,кызыыык, мен буга жооп бере албайт экем.Кыздардын жакшы-жаман кылыктары балдарга арналат.Ал эми балдардын кыздардыкынан да толтура кылыктары бийкечтерге арналат эмеспи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#205 Пользователь офлайн   FarID   12 Июль 2010 - 01:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Уландысы дагы бар?
Уланта берейинби?

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#206 Пользователь офлайн   Таллас   13 Июль 2010 - 07:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Просмотр сообщения Аygerim (05 July 2010 - 15:33) жазган:

жигиттерге арналган ушуга окшош тема бар эмес беле....ошол каякта? :angry:

Биекте экен >>>
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#207 Пользователь офлайн   MIRULYA   13 Июль 2010 - 09:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 435
  • Катталган: 24 Январь 07
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2011 06:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:fani dunya

Просмотр сообщения FarID (11 July 2010 - 19:17) жазган:

Уландысы дагы бар?
Уланта берейинби?



улантагой секет :crazy-girl:
таарынбачы,
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#208 Пользователь офлайн   mikasa   14 Июль 2010 - 20:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 489
  • Катталган: 05 Апрель 07
  • Соңку аракети: 15 Ноя 2020 23:27
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КР

1. Сыртынан жактырган адамы келип калса башын кичине ылдый кыла чачын кармалай коет.
2. Ооп койсон бир тиктеп алат, (кыйгач наздуу коз менен), башка эмесби дейби же...
3. Кочодон сыртынан жактырган адамы менен бетме бет капыстан келип калса, он бутун же сол бутун таштаарын 2 секундга билбей калат, бирок омуру мойнуна алышпайт
4. Бул койногум мени семиз коргозот дегени бар, озу менен иши жок...
5. Кыска юбка санын коргозуп кийип алат да, караганды жаман корушот...
6. Баары бир аларды биз жакшы короорубузду билишет :give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#209 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Ичи тар ач көз аяш бар
Ийнесин кыйбас кишиге.
Меники болсо деп коюп
Тигиле карап тикие.
Карегин кадап сук артат
Бирөөнүн алтын тишине.
Арбын дүйнө, көп акча
Ар дайым кирет түшүнө.
Бербесем, алсам элден дейт
Кабагын карыш тушүрө.
Кара таруу айланбайт
Баласы баткан ичине.

Кийими кат-кат болсо да
Килемге үйү толсо да,
Керектүүнүн барысын
Кемитпей алып койсо да,
Дүкөнчү болгон жарына
Тиртийген көзүн каратып,
Арыктап кеттиң жаным деп
Аямыш болуп жаны ачып
Арамдан тапкан буюмун
Алмак-салмак санашып,
Эми башкасын алып бергин деп
Маң кылып башын жадатып,
Азгырып жүрүп акыры
Алганын тынат каматып.

Билдирүүнү түзөткөн: FarID: 15 Июль 2010 - 23:10

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#210 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Барк албас кээ бир аяш бар
Бакубат турат мартсынат.
Колунда тапкан акчасын
Көрүнгөнгө зарп кылат.
Жасалгалап үй ичин
Жашабайт элче жакшылап.
Барктабай майда тыйынды
Баласына чачтырат.
Жарым күн карды ач болсо
Таанышынан карыз сурап.
Жарыйсың качан жаман деп
Күйөөсүн карап акшыят.

Үңкүрдөй кылбай жакшы аял
Үйүнүн көркүн чыгарат.
Орду орду менен буюмун
Ойлонуп коёт мудаалап.
Аз, көппү болгон байлыгын
Жок кыла бербейт будалап.
Вилгендерге дүнүйө
Бир тыйындан куралат.
Бирок ашкере зыкым болом деп
Атанып элге сугалак,
Бир тыйындын артынан
Кеткен да жаман кубалап.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#211 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Тар пейил кээ бир аяш бар
Тамагын ичкен кыйланын.
Тааныштар келсе үйүнө
Жакшылап билбейт сый жагын,
Кара нан менен сары чай
Кайышпай берет бул жагын.
Казан ас десе күйөөсү
Барбы дейт терген жыйганың.
Кайталап дагы сүйлөсө
Сары саман кылып ыйманын,
Ороңдоп турат полду тээп
Ороктой кылып тырмагын.

Сыпайы сылык жакшы адам
Аябайт сыйын башкадан.
Кошулушуп тең көрөт
Колунда барын сактаган.
Катаал кез өткөн илгерки
Калгандай өлүп ачкадан.
Ашкере пейлиң тарытпа
Ат болуп бербейт аш саган.
Жанынан жарым сом чыкпай
Пейли тар аяш жүгүрөт
Меймандайм десе башка адам.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#212 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Ушакчы кээ бир аяш бар
Үй-үйгө кирип тынбастан,
Канырыш уккан сөзүнө
Калптарын кошуп бир батман,
Бөйрөктөн шыйрак чыгарып
Болбогон кепти ырбаткан.
Кас кылып ынак досторду
Калтырган сыйдан урматтан.
Кесиби жалаң жамандык
Кенедей эмгек кылбастан,
Оймоктой болгон оозуна
Он тонна ушак бир баткан.

Тили тил эмес тикенек
Калп айткан сайын күчөнөт.
Баш-аягын айылдын
Элекке салат бүт элеп.
Укпай калган жан болсо
Уйга окшоп жээк, сүзөнөк,
Эртелеп ага жетсем деп
Эки буту талыса
Эмгектеп жөнөйт тизелеп.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#213 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Кызганчаак кээ бир аяш бар
Кыялы чатак желденме.
Кызматтан кийин күйөөсү
Кечигип үйгө келгенде,
Жети атасын таанытып,
Жүрдүң деп кайсы жерлерде,
Сурданып сурак жүргүзүп
Түн бою алат тергөөгө.

Күнөөсүз эри канетсин
Күчөнүп анча кетпе деп,
Ууланып ачуу тилине
Унчукпоону эп көрөт.
Кажылдап аяш ан сайын
Капталга, түртүп өпкөлөп,
Дөнгөчтөй тилсиз түгөнгүр
Төшөктөн тур деп чекчейет.
Кине таап болор болбостон
Кийимине чейин текшерет.
Коймаарек конур эринен
Шектенет эле шектенет,
Иримчик болуп ичкени
Илдетке бөөдө тушугуп,
Ишенбейт мага жарым деп
Ичинен ойлоп сызылып,
Туруктуу тунук сүйүүсүн
Туш келди жакка учуруп,
Ак жүрсөм жакпайт экен деп
Күйөөсү кетет бузулуп.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#214 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Чоң бээжай деген аяш бар
Чогулган элди тараткан.
Короосун чууга толтуруп
Коңшуларын жадаткан.
Өз энесин өнтөлөп
Кемчил кылбай тамактан,
Кайненесин желкелеп
Кайра тартпай сабаштан.
Шайтаны чындап келгенде
Көчөгө чыгып халатчан,
Жолуккан жанга акшыят
Жол менен өтүп бараткан.

Безбелдек болуп кеткенсип
Безилдейт бей маал убакта.
Жарым мүнөт эс алат
Жаагы талса бир азга.
Олбуй, солбуй чамынат
Ордунан кайра турат да.
Кантесиң аяш кой десең
Каласың өзүн уятка.
Арылдап беттеп качырса
Овчарка калат быякта.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#215 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Болжурак кээ бир аяш бар
Боюн бакпай жүргөн көп.
Үзүлүп калган топчусун
Кадай албай ийрендеп,
Шылтоого шынаа тапканы ай
Эне, атамдын төрүндө
Эрке кыз болуп жүргөм деп. Сүрөт

Бир сындап койсо күйөөсү
Былтыркы сөзүн дагы айтат
Бышык деп сага тийгем деп.
Тигилүү кийим жок болсо,
Түгөнгүр кантип күн көрмөк...
Жаш кезден баарын иштеп көп
Жаш улгайып калганда
Аяштар кыйын болот үйрөнмөк.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#216 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Ылгабас кээ бир аяш бар
Ага ыйгарсак сөздүн калысын
Көп аялдар катары
Кийимдин алат баарысын.
Үлпөткө кийип эскисин
Үйүндө киет жаңысын.
Баш аламан кийинсе
Жаңыга кайдан жарысын.
Кембагал экен дедиртип
Келтирет элдин көзүнчө
Күйөөсүнүн намысын.
Акыл айтса алганы
Анчалык деле наалыбай,
Эскини кий деп эскидей
Жаныны кий деп, жаныдай.
Туура эмес айтып жаткансып
Түшүнбөй аяш эрине
Тултуңдап жүрөт жарым ай.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#217 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Жыргал го чиркин жашчылык
Жигит, кыз көөнүн шат кылып,
Күлүңдөп турса жаш келин
Күйөөсүн сыйлап наз кылып,
Табигат берген тартуу деп
Көргөн эл турат жактырып.
Кээ бир чиркин жашчылык
Бактыңды матайт ташка уруп.
Балалуу, эрлүү аяшты
Байкоосуз жерден жазгырып,
Оңтою келсе оп тартат
Өң тааныш менен бастырып.
Ошондой кээ бир аяш бар
Түз жолдон бутун шарт буруп,
Аягы суюк атанып
Бирок алганына аксынып,
Өлөйүн деп карганып
Өмүрүн жүрөт сап кылып.

Жашчылык ушул экен деп
Шыпырып нокто, жүгөнүн,
Эрте, кеч салып эсине
Элесин башка бирөөнүн,
Кутмандуу үйдү кубартып
Капалуу кылган түгөйүн,
Арзыбас жанга тепсеткен
Ак нике, төшөк түнөгүн,
Бузулган андай аяшка
Бир өлүм эмес, миң өлүм!

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#218 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Эри жок кээ бир аяш бар
Эркинче ээн жашаган.
Эркиндик деген ушул деп
Өз билгенин жасаган.
Күнүмдүк сүйгөн кишисин
Күйөөмсүң деп атаган.
Боюна бүтсө кокустан
Божомолдоп бүшүркөп
Болду деп кайсы атадан...
Момунураак бирөөсүн
Бошотпой кармайт жакадан.

Көңүлүн куунак, шай кылып,
Көрүнгөн жерди жай кылып,
Балалуу, жарлуу эркекти
Бактысынан тайдырып,
Бүлүнбөс үйгө чыр салат
Бузуктук отун жандырып.
Жаш кези өтүп кеткенде
Карылык кууп жеткенде
Өткөнүн эстеп кайгырып,
Баладан, эрден бак айтпай,
Каргашалуу ал аяш
Калбаса болду каңгырап.
Өмүргө адам бир келет
Өмүрдүн өзү — гүл демек.
Көрктөнтүп аны турууга
Сүйүүдөн бүткөн күн керек.
Эзилишкен эки жаш
Эл менен тоюн бирге жеп,
Күнүмдүк деп үйлөнбөй
Түбөлүк деп үйлөнөт.
Түбөлүктүү болгон соң
Дүйнөдө башка ким керек!?
Сыйлашып жыргал заманда
Аяштар сүйгөнүң менен гүлдөп өт.
Эми келин, кыз экөө эки эл деп
Кеп кылып жүрөт бирөөлөр.
Келинге кызды кошпосок
Апабыз бизди күнөөлөр.
Жынысы бир болгон соң
Бир көгөрүп, бир өнөр.
Эмесе жоболоңдуу кыздар бар
Жогорку аяштар болгон тренер.
Бир тобун айтып кетейин
Билгиси келсе ким эгер.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#219 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:20

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Чунайган кээ бир кыздар бар
Чубалган чачын кырктырган.
Шаарда туулуп өскөм деп
Колхозго барса чыкчыйган,
Калемдеп кашын карайтып
Карайбаса тушь куйган.
Эрининин эпсиз боёктоп
Эч кимге жакпас иш кылган.
Эртели-кеч көчөдө
Эркекти туурап ышкырган.
Ак калпак кийген жигитти
«Отсталый» экен деп
Алда кайдан бышкырган.Сүрөт

Урушуп тууган энесин
Улуттук кийим киет дейт.
Кадырлап көлөч, маасыны
Караңгы бойдон жүрөт дейт.
Алтымыш ашып карыган —
Апасын сындап сүрөттөйт.
Айла жок андай кыздарга
Акыл да жетпейт, тил өтпөйт.

Кыскартып чачын тармалдап
Кырктырса мейли кырктырсын.
Эринин боёп, кашына
Тушь куйса мейли, тушь куйсун.
Жарашык, жакшы жүрүүнү
Жаштарга дайым туш кылсын.
Моданы сүйгөн кыздарга
Моданын барын кут кылсын.
Бирок чыкчыңдай бербей көп эле
Чыкчыяр жерде чыкчыйсын. Сүрөт
Элинин сүйгөн киймине
Эстүү кыз кайдан бышкырсын.
Аз-аздан барып түшүнөр
Алмадай болгон башында
Акылы болсо бир чымчым.

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#220 Пользователь офлайн   FarID   15 Июль 2010 - 23:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 265
  • Катталган: 01 Июль 10
  • Соңку аракети: 15 Июл 2013 03:09
  • Жынысы:Эркек

Tартипсиз кээ бир кыздар бар
Тазалык күтпөй кийинген.
Алаксып жүрүп оюнга
Арабөк калган билимден.
Көк тиктеп күндү батса деп
Көзү учуп турат иңирден.
Көп жигитке сөз берип
Жүрөгү жүзгө тилинген.
Жашабай жатып башкага
Райкан маркум — айткандай
Лекция окуйт сүйүүдөн. Сүрөт

Кошулсам ошол кызга деп
Көп болуп жүргөн үмүткөр,
Кокусунан бир күнү
Кездешет «бажа» жигиттер. Сүрөт
Кездешкен кезде баарынын
Көнүлүнө муз катат.
Бакылдап улак текедей
Бир-бирин жөөлөп ыкташат.
Балээни баштап ортого
Бакырган бойдон кыз качат.
Балапан короз сыяктуу
«Бажалар» анан мушташат.

Кооганы салган жаңкы кыз.
«Короздордо» не күнөө.
Коргойт деп көпкөн балдарды
Кошкурук атаар кээ бирөө.
Жетесиз өскөн ошол кыз
Жел таман эмей эмине?...
Өлгөнчө жаман көрүнөр
Өмүрүн кошкон эрине.
Жибибейт эрктүү, эстүү кыз
Жигиттин алдоо кебине.
Ак барсам экен деп тилейт
Антташып барар теңине.
Арналат ушул айтканым
Селкилер, бириң эмес көбүңө.

Билдирүүнү түзөткөн: FarID: 15 Июль 2010 - 23:22

Калысыңар калыстыкка келгиле!
Кара өзгөйүң таш бараңдап көмгүлө!
©
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (16 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июн 2025 23:06

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: