Бул ырчыны теледен көп көрсөтпөсө дагы элдин баары жүрөккө жеткен маңыздуу "Сат, сат" деген ыры менен тааныйт болушу керек. Баса, мен азыр дал ошол ырын угуп жатам:
Көлдүн аппак куусун сат.
Пейлинди сат дитиңди сат.
Сарыкка деп битиңди сат.
Төлдөттүрүп төркү үйгө,
Тай торпоктой итин сат.
Чөнтөк түбү жукарса,
Сууруп алтын тишин сат...
Мен, ырчылардын, "Кыргызстанга салым кошкум келет.. Дуйно элине тааныткым келет.. атагын чыгаргым келет", - деген сөздөрүн көп угам, окуйм гезит беттеринен. Бирок, алардын сөздөрүнө жараша иш кылаарына көзүм жетпейт. Баары жасалмадай сезилет. Балким, ким билет, чындыгында эле ошентип жаткандыр. Балким, чын эле ал өзүн тааныткандан өйдөгө элинин атак даңкын коёт чыгар. Бирок, алар бул планда кечигип калышты.


Мен бул ырчынын ырларын кайра - кайра уккандан тажабайм. Неге дегенде үнүнөн, муңдуу чыккан обондордон кыргыз элинин арманы, өксүгү, элдин акысын жеп жаткандарга болгон кейиши чыгат. Дал ошолор жөнүндө эле ырдап жаткандай. Балким, дал ошол чындыкты айтып какшап жаткандыгы үчүн мурдагы бийликтегилер аны жумурай журтка чыгарбай келгендир. Бирок, маалымат технологиясынын өнүгүп турган маалда анын ырлары көмүскөдө калган жок. Жетчү жерине жетти.