Суперстан: Чырагым... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чырагым...

#61 Пользователь офлайн   gukush00   31 Май 2017 - 10:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 404
  • Катталган: 27 Февраль 15
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 21:41
  • Жынысы:Аялзаты

Эх соонун кундор отуптур.менин да окуучулук кездеги соонун кундорумду эске салдыныз.бактылуу болунуздар. менин да ушундай тушундургус характерим бар туруп туруп эле суйлобой адамдан алыстап кетем.тушундуро албайм неге экенин
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Janym.   31 Май 2017 - 14:23

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения gukush00 (31 Май 2017 - 10:56) жазган:

Эх соонун кундор отуптур.менин да окуучулук кездеги соонун кундорумду эске салдыныз.бактылуу болунуздар. менин да ушундай тушундургус характерим бар туруп туруп эле суйлобой адамдан алыстап кетем.тушундуро албайм неге экенин

Окуганыңың үчүн чоң рахмат. Бар болуңуз..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Aizi2010   02 Июнь 2017 - 17:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 07 Май 17
  • Соңку аракети: 16 Дек 2018 19:39

Бактылуу бол синдим сапарын байсалдуу болсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   tatynakaika   03 Июнь 2017 - 23:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 02 Май 17
  • Соңку аракети: 27 Окт 2017 14:35
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Чуй

Бактылуу болгула! Буюрса ойлогон ой-максаттарынарга жетиниздер. Суйуудо эн негизгиси-ишеним, сый-урмат анан бири-бирине болгон тунук махабат керек. Главный бакыттын баркын билсенер эле бактылуу болосунар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   waiting   09 Июнь 2017 - 20:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 618
  • Катталган: 01 Декабрь 16
  • Соңку аракети: 16 Июн 2017 08:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ОШ шаары..

Чексиз бакыт каалайм! Омур бою эл суктанган тугойлордун катарын толуктап журо бергиле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Itsmylife   15 Ноябрь 2017 - 19:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 10
  • Катталган: 31 Октябрь 17
  • Соңку аракети: 08 Мар 2019 12:56

Айжан,купуяны карап коой!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   Janym.   23 Декабрь 2017 - 21:11

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения Aizi2010 (02 Июнь 2017 - 17:33) жазган:

Бактылуу бол синдим сапарын байсалдуу болсун.

Рахмат чооң.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Janym.   23 Декабрь 2017 - 21:12

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения tatynakaika (03 Июнь 2017 - 23:38) жазган:

Бактылуу болгула! Буюрса ойлогон ой-максаттарынарга жетиниздер. Суйуудо эн негизгиси-ишеним, сый-урмат анан бири-бирине болгон тунук махабат керек. Главный бакыттын баркын билсенер эле бактылуу болосунар

Оомиин айтканыңыз келсин. Рахмааат))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Janym.   23 Декабрь 2017 - 21:42

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения waiting (09 Июнь 2017 - 20:37) жазган:

Чексиз бакыт каалайм! Омур бою эл суктанган тугойлордун катарын толуктап журо бергиле.

Рахмаат. Окуганыңыз үчүн.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   aishe   24 Декабрь 2017 - 22:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 19 Декабрь 17
  • Соңку аракети: 10 Окт 2019 13:36
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Махабат аралында))

Окуп баштаганда эле так,туура жазганың кубандырды. Азаматсың! !
Сүйүүңөр эч өчпөсүн. Бактылуу үй бүлөөлөрдүн катарын толуктагыла. Келечекке эмне максат,тилек койсоңор баары орундалсын козулар. Азыр аябай жашсыңар. Ушул сүйүүңдү,сезимдерди түбөлүккө сактаганга аракет кылгыла. Бири-бириңерди барктагыла, сыйлагыла. Эч бирөөнүн сөзүнө,жалган ушактарга ишенбегиле. Көрө албастар чыга берет. Эч жеңилбегиле. Бир канча жылдан кийин биз баш коштук,наристе күтүп жатабыз деген билдирүүңдү окуйлу. Бактылуу болгула.!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Janym.   18 Февраль 2022 - 00:10

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Темамды улантып жазгым келет....канча күч кетер экен. Андан бери 5 жыл өттү,көп нерсе өзгөрдү,аябай көп..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Serenada   18 Февраль 2022 - 14:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 478
  • Катталган: 25 Март 15
  • Соңку аракети: 26 Мар 2025 00:29
  • Жынысы:Аялзаты

Жазыныз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   biznes   18 Февраль 2022 - 15:28

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 10:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кутобуз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Janym.   24 Февраль 2022 - 11:36

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Баарыныздарга салам,темамды улантып жазууну туура көрдүм.
Жашоомдогу өйдө төмөн окуялардан кийин,башымда эмне болсо өчүп кеткен,жадагалса сүйлөөр сөзүмдү таппай кекечтенип калган убагым болгон.
Оюмду толук ачып бере албай,сөзгө чабалдыгым болсо алдын ала кечирим сурайм жана мен сезген нерсени сезип,туюп окушунуздарды суранат элем.
Албетте жашоо бирде бактылуу күндөрү менен кубантса,бирде жашоодон үмүттү үзүп,ичибизде болуп жаткан жалынды жалп эттирип өчүрүп коёт экен.
Бирок кам сүт эмген пенде канчалык турмуштун запкысын көрсөк да,канчалык көп сабак алсак да,ката артынан ката жасай берет экенбиз.
Арадан 5 жыл өтүптүр,жашоомдо эмнелер болуп кеткенин түшүнбөй да калган 5 жыл.
Азыркы жашоом,абалым үч уктасам түшүмө кирген эмес.
Мен бул темага бир гана Белекти жазгым келген,кайдан билдим жашоомдун такыр башка нукка бурулуп кетерин. Тирүүлүктүн өмүрү уланып жаткан соң,канчалаган адамдар жашооңо кирип,кээ бири гүлдөтсө,кээ бири талкалап чыгып кетерин эми түшүнүп жатам.
Алдыда өткөн ар бир күнүм жазылат,анткени бул мен үчүн өтө маанилүү.

Билдирүүнү түзөткөн: Janym.: 24 Февраль 2022 - 11:44

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Janym.   24 Февраль 2022 - 17:01

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Ошентип мектепти бүтүп,эгзамендерди тапшырдык.
Мектепти бүттүк деп бирде кубансак,бирде чын эле бүттүкпү деп ишене албай кайгырып калабыз.
ЖРТдан 140 балл алыптырмын, кубанычым койнума батпай,ата-энемдин, өзүмдүн ишеничимди актадым деп сүйүнүп алгам.
Бирок кесип тандоо мен үчүн оор иш болду.
Ата-энемдин каалоосу менен филологияга(орус- тили,адабиятына) сырттан тапшырып,акемдин чакыруусу боюнча Россиянын бир шаарына кетмей болдум. Окуундун баарын төлөйм,бир жыл кызымды карап бер деп чакырып жатты.
Белек окууга тапшырбады, айылда эле калмай болду. Ананчы,ал кетип калса апасына,үй жайга караган киши жок.
Менин кетишимди айтсам капаланып,таарынып жатып, тезирээк кел,барганда чалып,жазып тургун деп эскертип атып жөнөттү.
Бул эл жыш толгон шаарда күнүм бир гана Белегимди сагынып,көргүм келип,ар бир адамдан аны издеп өттү. Күн сайын телефондон сүйлөшсөк да,сагынычым басылбайт. Мени сүйүү толо караган көздөрүн жанынан көргүм келет,эч нерсеге карабай кетип калгым келет,бирок айла жок..
Мага эч нерсенин кызыгы жок эле,эмнеге келдим,келбей эле окуумду окуй берсем болмок.
Айылым,ата-энем, боз көчөлөрүм,досторум булар эч нерсеге алмашкыс байлыгым экен.
Алардан биринчи жолу алыстап түшүндүм,кыйналдым.
Толлук 10 ай жүрдүм,оуу айтканга оңой болгон менен кылым жашагандай болдум бул суук жерде.
Кетеримди күн санап күттүм.
Бул жактагы адамдарды көрүп жашоого болгон көз карашым такыр өзгөрдү,бирөөгө ишенбеш керек экен, өзүңө ар дайым сак жүрүш керек экенин билдим. Өтө ыплас,караңгы дүйнөгө түшүп калгандай болдум. Кээде,кээде ишке барам,көп убактым үйдө бала кароо менен өтөт. Ар кадам сайын,ойноштук, ичимдик,жалган, көрө албастык бүт жаман нерселер эле көзүмө көрүнүп туруп алды. Чынында мындай жашоону көрбөгөнгө мага өөн учурады.
Ал жактагы адамдар,мага кылган подставалары жөнүндө жазгым келбеди.
Бул жакка келбегенимде жашоом,адамдарга болгон оюм,балким башкача болмок.
Ошентип Кыргызстанга кетмей болдум. Менин түнт болуп бара жатканымды, эч нерсе жакпай атканын акелерим байкады окшойт,кете бер,билет алып берели деп калышты. Сүйүнгөнүм ошончолук. Белекке айткан жокмун баратам деп.
Оштон ата энем,курбуларым тосуп алышып айылга келдик. Ушунчалык сагынганмын, ар бир майда нерсе көзүмө сонун көрүнөт. Бул нерсени башка жакта жүрүп келген киши түшүнсө керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Janym.   24 Февраль 2022 - 17:16

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Видеовызов.. ....Белекке чалдым. Түнкү 10 болуп калган саат.
Байкабай эле сүйлөшүп жатат, үйдү деле тааныган жок.
-ээй бала мен келдим...
-вый,кана?
-отурам үйдө
-көрсөтчү...
жаным десе ишене албайт,кайра кайра сурап чын эле келдиңби деп,үйдү баарын көрсөтсөм анан ишенди окшойт.
-00:00 дө,бакта, макулбу?
-хоп))
Сагынычым койнума батпай,мен сүйгөн,ашык болгон адамыма жолугууга бараттым.
Баары ошол эле,ошол бак,ошол аба,ошол эле сайраган чымчыктар.
Белек менин келишимди бул жерде канча күттү экен,канчалык сагынды экен.
Адатта ал эрте келчү,бул жолу мен эрте бардым,анын келишин көргүм келди.
Чөптөр адам бою менен тең,шуулдаган үндөн анын келе жатканын билдим.
Жашоом,жарыгым ушунчалык шашып басып келе жатты. Балким ишенбеди,балким кайра жоготкусу келбеди.
Анын келе жатканын карап тура бердим, күзөткүм келди. Ушунчалык тездик менен келип,эч үн сөзү жок кучагына катуу тартты..
Тамагым буулуп ыйлагым келип чыкты,убакыт бир саамга токтоп калгандай,же эч нерсе ойлонгун келбейт,жөн гана кучагында мемиреп тура бердим.
-Сагындым,дедим бир топ убакыттан кийин
-Мен дагы,өтө сагындым. Качан келдин? Эмнеге айткан жоксуң? Өзүң кандайсың? Чын эле келдиңби?толтура суроолор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   biznes   25 Февраль 2022 - 04:09

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 182
  • Катталган: 22 Январь 16
  • Соңку аракети: 29 Май 2025 10:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кутобуз дагы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Janym.   25 Февраль 2022 - 10:59

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Ал күнү көпкө сүйлөшө албадык,убактым тар болуп кетүүм керек болчу. Мен айылга келгенден бери үйдөн жуучу үзүлбөй калды,ар бир кыздын башында бар нерсе го. Аяш атам балдары, кошунанын туугандары, эжемдин кайнилери ушинтип эле күнүгө бирден адам чыкмай,жолугалы деп. Албетте баарын Белекке айтып жүрдүм,үйгө келип атышат деп. Мен окуумду улантам,азыр турмушка чыкпайм деп айтып шаарга кеттим. 1-курсту окуган эмесмин,2-курста группалаштарыма жетип алуу үчүн көбүрөөк окууга көңүл бурушум керек болду. Белек менен кандайдыр мамилебиз солгундап калган. Кээде кээде гана сүйлөшүп,сурашып коёбуз. Жаңы чөйрө,жаңы адамдар менен аралашып кетүү да мага онойго турган жок.Ошентсе да сонун досторду,тааныштарды таптым. Күндүзү окуу,түштөн кийин кыздар менен шаар айлануу,кечкисин квартирадагы ызы-чуу сыяктуу.Студенттик жашоо ушинтип өтүп жатты,балким жашоом башка нукка бурулуп кетти. Ал нерсе Белекке жаккан жок,сүйлөшсөк эле оюбуз эки жактан чыгат,же мен жөнүндө туура эмес ойлоп алгандыр,айтор ортодо сезим өчүп бараткандай. ..Апам мени турмушка бергиси келип атканын түшүндүм,анын баласы жакшы бала эле,мунун баласы да жакшы болчу деген сөздөрдү айтып калды. -Апа,Белекчи деген сөзүмө-Белек азыр үйлөнбөйт,сен каарып кетесин аны күтсөн,чындап үйлөнөм деген адам аңгыча аракет кылмак да дейт..Чын эле Белек тараптан эч кандай аракет,мамилени сактап калуу деген нерселерди көрө албадым,балким чын эле болбоду. Келгениме жарым жылдан ашты,бойдок кызга ар кандай сөздөр айтылат,эмнеге ушулардын баарын көрүп туруп эч кандай аракет кылбайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Janym.   25 Февраль 2022 - 11:26

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Чынында Белекке капа болгом,аны өзүнө айта албадым. Түшүнсө болмок да,айттырбай эле деп ичимден таарынып алгам. Сүйлөшүүдөн качып аттым,эч кандай себеби жок эле. Белек да түшүнбөй калды,эмне болду сага деген суроосуна бир аз убакыт берчи мага деп гана кутулам. Кандай убакыт,эмне? өзүм да билбейм. Мен үчүн жаңы мамиле,жаңы сезимдер кызык болсо керек..Артымдан жүргөн жигиттерди көрүп оюм өзгөрсө керек,балким ошол убакта моюнга алгым келбеген,жөн гана Белекти күнөөлөгөм.
Бирок ачуу чындык..Айланамдагы адамдардын сөзүнө ишенип,эң кымбат адамымды жоготуп аларымды,аны кийин түшүнөрүмдү билген эмесмин.
Ойлогом го баардык жигиттер бирдей, сүйүп, сүйүлүп кете алам деп. Же жашоону,адамдарды ошончолук оңой көрдүмбү?
Айтор,ошондой күндөрдүн биринде инстаграмдан биздин мектепти бүткөн,4 жашка улуу,бир кездери сөз айтып жүргөн Максат жазды..
Экөөбүз өткөн кеткенди сүйлөшүп,ошондо сезимдерди кабыл албай койгонсун деп тамашалап калды.
Жашоом Бишкекте,окуумду бүткөм, программист болуп иштеп жатам,эми үйлөнүүгө убакыт келди,чынында кыз издеп жүргөм ,макул болосуңбу алып кетейин дейт..аз убакыт ичинде жакын болуп,мамилебиз ата энелердин таанышуусуна чейин жетти.
Негизи Максат жакшы бала,мектепти жакшы бүткөн,тарбиялуу, ашыкча кеп сөзү жок болчу.
Бишкектен атайын келди,жолугалы деп.
Оштогу тамактануучу жайлардын биринде жолуктук, курбум жанымда.
Колунда гүл,шоколад, саат...
Сылыктыгы,тарбиясы, тазалыгы менен көңүлүмө туура келди.
Ал күнү такси менен бизди жеткирип өзү кайрадан Бишкекке кетти.
Эми чын эле ойлонуш керек болду,турмушка чыгып кетсем эле баары ойдогудай болуп кетчүдөй,бактылуу жашап кетчүдөй сезилет.
Максат жакшы бала го,намаз окуйт,ичпесе, чекпесе,иштесе жашап кетсе болот да..турмушка чыгууга макул болдум..бирок той 5-6 айдан кийин боло турган болду. Азыр сөйкө салып туралы дешип,сөйкө салынды.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Janym.   25 Февраль 2022 - 11:41

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 02 Март 17
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2023 00:55
  • Жынысы:Аялзаты

Максат коңшу айылдан,албетте бул нерсени баары укту. Кээ бири кубанса,кээ бири таң калып,куттуктап да жатышты.
Белек менен мамилебизди баары билчү да,экөөбүздөн той күтүшсө керек адамдар..
Максат менен кудалашканым баарына күтүүсүз жаңылык болду.
Сессия башталган учур,студенттерди билесиздер да ал убактагы абалын. Убактымдын көп бөлүгү эгзамендерге даярдануу менен өтүп кетет,сабактын көптүгүнөн башын ооруп чыгат.
Максат кызганчаак, мен сабакта элем,чарчагам, китепканага барам,базарга барам,мындай нерсенин бирин да түшүнгүсү келбеди. Чалбайсын,чалсам албайсын деп эле наалып жатты. Эми анчалык деле албай койбоймун, сүйлөшөбүз, талкуулайбыз. Той жөнүндө да тема болот. Бирок убакыт өткөн сайын анын ушунчалык майда(мелочь) адам экенин билдим. Ооба,адамды билбестен туруп өзүм шашып коюптурмун.
Ал арада Белек шаарга келди,жолуктук, көп убакыттан бери мынчалык ачылып сүйлөшө элек болчубуз. Өткөн кеткенди,ичибиздеги таарынычтарды айтып жеңилдеп алдык. Бирок эми башка адамга байландым да.
"Сенин тандоон ошол адам болгон болсо,мен эч нерсе дей албайм,бактылуу болсоң болду"анын жообу ушундай гана болду.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июн 2025 22:48

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: