Баарыбыз эле балалык чакта чон ата чон энелерибиздин кызыктуу жомоктору мене чонойгон болушубуз керек .Мен азыр ошол кезди аябай сагынам .Чон атам бизге "Манасты"
окутуп озу угуп жатчу ,акысына бизге жомок айтып берчу.Чон атамдын жомогун укканда башка дуйного сапар алып, бут нерсени унутуп, жомоктун дуйносуно кирип кетчубуз.Ал "царь царевна" эмес "нукура кыргыз жомокторун "айтчу.Кийин апам айылдын туйшугу азайган кыштын узак кечтеринде орусча жомокторду кыргызчага которуп айтып берчу ,баарыбыз кулак тошоп угуп эртеси танаписте классташтарыма кайра айтып берчумун.Алар да конуп алып апан бугун эмне жомок айтып берди?деп сурашчу.Азыр мен ошол кундорду аябай сагынам, жомоктор дуйносундо аз болсо да жашагым келет.Апама эми жомок айтып бер десем кулку келтирээрлик эле болот го ,озумдун балам жомок уккудай болуп калганда....Айтмакчы,
кечинде балам уктарда кээде жомок айтып берип атып байкасам кичинекей коздору жылтырап бир нерсени элестетип кунт коюп угат, анан буткондо ойлонуп калат.Кайра ошолорду элестетип атат го деп ойлоп коём.Аны коруп алып мага да бироо айтып берсе деп кыялданып кетем.Кээде эми сен айтып берчи? деп баламан сурасам "ийгейи боптуй да, кайышкый боптуй да" деп кирет, бирок аягы жок . Ага азыр айтканга эрте уга турган гана маалы го деп ойлоп коём.Келгиле достор кичине болсо туйшуктуу жашоодон алыстап жомоктор дуйносуно сапар алалычы.Жок дегенде бир жомок айта кетиниз, кундо кечинде айтып берсениз андан да сонун болмок.Бул жактан окуп алып балдарынызга айтып берсениз да болот.
Бар экен, жок экен илгери өткөн заманда..... Жомоктор
#2 18 July 2010 - 11:24
Анда эмесе кунт коюп уккула балдарым Бурана жонундо жомок.
Бар экен жок экен илгери откон заманда бир бай жашаптыр.Байдын кун десе кундой ай десе айдай сулуу кызы болуптур.Кундордун бир кунундо байга жардамчысы келип: байым байым уруксат этиниз сизге бир жолоочу келиптир дейт.Бай жолоочуну кабыл алып ии жолоочу айта бер менде эмне зарыл жумушун бар? дейт.Байым сизге жалган мага чын сиздин кызынызды кара курт чагып олтуроорун коруп атам дейт.Бай анын айтканына ишенип бут байлыгын жумшап кызын кара курттан сактап калуунун амалын таап болуп корбогондой бийик мунара курдурат .Ал мунара канчалаган эмгек менен салынып бутот.Озунун ойлоп тапкан оюна курсант болуп эми бай менин кызыма эч кандай кара курт жете албайт деп тынч жашап калат.Жакшы коргон кызын мунаранын устундо улпулдотуп багат.Бир куну байдын башына кара кун тушту ,сулуу кызынан айрылды.Корсо баягы жолоочунун айтканы дал келип бай кызын мунара салса да сактап кала албаптыр.Кара курт кыз жечу жузумдун ичинде кошо кетип мунарадан чагып салыптыр.Атасы кызын аман алып калбаганына окунуп кала бериптир.Жомоктун аягы.

#3 18 July 2010 - 12:21
Жомок "жашоо айлампасы"
Илгери илгери кудай адамды жаратканда андан:" сага канча жаш берейин?" - деп сураган экен?" .Адам келушуучулук менен айтыптыр:
-Эркине канча туура келсе ,ошончо
-Жакшы -дейт Кудай,-жыйырма жыл жашайсын.
Адам ыйлаптыр:
-Эмне учун мага мындай жашоону аз берип койдун?
Эшек келиптир.Кудай ага мындай дептир:
сага мен кырк жаш берем.Жыйырма жашын адамга иштеп,жардам бересин, жыйырмасында эс аласын .
эшек жалыныптыр:
Мага оор болот.менин жашымды кыскарта кор.
-Ал жаштарды мага бер,- деп адам сураныптыр
кудай эшек жылдарды адамга бериптир.
кудайга ит келиптир.
-Кырк жыл жаша .Жыйырмасын адамга кызмат кыласын,жыйырмасын эс алуу менен откоросун.
Ит жалыныптыр:
Кудай, кыскарта кор.
Адам бул жылдарды да озуно беришин сураптыр.
Маймыл жетип келген экен.
кырк жыл жаша,- дейт кудай
Маймыл ыйлаптыр :
Сен менин жашымды кыскарта кор.
Кудай анын ашык жылдарын да адамга карматыптыр.
Ошентип, адам озунун жылдарын ачык,конулдуу, курсант жашап отуптур.
Баарына кубаныптыр, уйлонуптур.Андан кийин эшек жылдар келиптир.Оор, туйшуктуу жашоо чылбырын тартып откоруптур. Эшек жылдардан кийин ит жылдары жанырыптыр. Адамдын балдары бойго жетиптир.Коп жылдап чогулткан оокатын эми алар сыртка ташып , чачып,ысырап кылышыптыр. Адам болсо аларга эч нерсе карматпай кункулдоп,урушчаак боло баштаптыр.Баарына нааразыланчу болуптур.Маймыл жылдары да келиптир.Ал мезгилде адам картайып жузун бырыш басыптыр.Уй жайына ээ боло албай,балдарына каттап ,неберелерин багып,алар ыйлабасын деп ыкшын -укшун этип,маймылчалыштана эркелеткенди, алаксытканды уйронуптур. Ошондон бери адамдын жашоо айлампасы ушундай отуп калыптыр.

#4 21 July 2010 - 09:11
Илгери бир абышка
бара жатып алыска
кулак туруп калыптыр
ынаалаган дабышка
ошол жакка барыптыр
бала таап алыптыр
кара коюн союптур
атын Асан коюптур
ал баласы чоноюп
айга барып конуптур
жылдыздарды териптир
жерге ташып келиптир
сурагандын баарына
бирден жылдыз бериптир
ай нурум ,кун нурум
кана эмесе уктаар экен
ким мурун.
бара жатып алыска
кулак туруп калыптыр
ынаалаган дабышка
ошол жакка барыптыр
бала таап алыптыр
кара коюн союптур
атын Асан коюптур
ал баласы чоноюп
айга барып конуптур
жылдыздарды териптир
жерге ташып келиптир
сурагандын баарына
бирден жылдыз бериптир
ай нурум ,кун нурум
кана эмесе уктаар экен
ким мурун.
#5 25 August 2010 - 00:59
Илгерки бир заманда токойдон алыс эмес жерде уйлар оттоп жүрүшчү экен. Алар дайыма чогу жүрүшүп, бирөөсү да бөлүнчү эмес. Ал эми токойдо болсо жолборс жашачу. Ал жаман куу жана арамза болуптур. Көптөн бери бир уйдун кардын жарсам деп эңсеп жүрчү, бирок уйлардын тобу таштай бекем болуп ширелгендиктен, бир уйду бөлүп алуу мүмкүн эмес эле. Анда жолборс уйлардын ортосуна чок салып, топту бузууну ойлонот. Бир жолу ал четте оттоп турган уйга келип мындай деп шыбырай баштайт:
- Эй, шуңшуйган мүйүздүү, кулак түрсөң мага! Сен билесиңби, тээтиги мүйүзү ийри, капталдары кирип турган уй сени сүзүп салсамбы деп эңсеп жүргөнүн?
Анан жолборс башка уйга акырын жакындап келип, мындай дейт:
- Эй, узун куйруктуу! Мен карасам, сен эч нерседен кам санабай гана оттоп жүрөсүң. Же сен көрбөй атасыңбы тээтиги шуңшуйган мүйүздүү уйду. Карасаң, ал тим эле керсейип, сени сүзүп гана салгысы бар!
Уйлар куу жолборстун сөздөрүнө ишенип, бир-бирине ишенбестик менен карай башташат. Көп өтпөй болбогон бир нерседен чыр чыгып кетет. Ошондон баштап алар мурдагыдай чогуу жүрүшпөй, ар бири өз алдынча оттоп, өз алдынча сууга барып, бөлүнүп кетишет.
Жолборско ушул гана керек болчу да. Ал шуңшуйган мүйүздүүнү да, узун куйруктууну да, мүйүзү ийри, капталдары кирип турганды да бир-бирден жара баштайт. Акыры ал бүт топту жеп бүткөн экен.
Ошондон кийин элде: “Уйлар бөлүнсө - жолборс сүйүнөт”, деген сөз калыптыр.
Өзүң бол
#6 25 August 2010 - 01:02
Акылдуу бала (кыргыз эл жөө жомогу)
Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакы-рып алып:
— Балам, мени сыйласаң— ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок,— деди.
Баласы капаланып:
— Ата, эгер мени адам кылам десең — уурулук ке-сипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, — деди. Ууру аябай ачууланды:
— Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканым-дан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоош-байдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасдң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!
Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айт-кан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы чоң кубанды. Өгүздү союп алышты.
— Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшелү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели,— деди бала.
Атасы макул таап, экөө таразага түштү. Арадан бир-эки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түштү; атасы мурункудан эки-үч кадак арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, беш-алты кадак се-мирген экен. Бул ишке атасы аң-тан, калып, баласынан жөн сурады.
— Таң кала турган эч нерсе жок,— деди баласы. — Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат.
Ошондо атасы баласына:
— Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго түшкөнүң жакшы болуптур, — деди.
Өзүң бол
#7 25 August 2010 - 01:05
mm Adambara kelde!!!
bizdin atkaminerlerge ushundaj zhomoktordu kundo zhatardy kulgany kujgan kishi bolso kana,....
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#8 25 August 2010 - 01:10
mm balachagyma dagy malyna bir kirip aldymda, dagy zhomoktordu kutom
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#9 25 August 2010 - 01:23
Бир хан эсирип отуруп, өзүнүн жигиттерине: —Мага акмак киши таап бергиле! — деп буйрук кылды. Эки жигит жолго чыгып, акмакты издеп кетишти.
— Эми кимди алып барабыз? Жөн эле кишини кармап барсак, хан бизди жазага тартат,— деди биринчиси. Экинчиси айтты: — Сен кандай макоосуң? Кимди деген да сөз болобу?.. Жолуккан эле кишинин эркине койбой жетелеп барабыз. Хан чакырып жатат десек, барбаска айласы канча! Экөө ушинтип келе жатып, карагай сүйрөткөн бир кишиге жолукту. — Карагайыңды таштагын, азыр ханга жүргүн, сени чакырып жатат,— дешти жигиттер. — Токтогула, карагайды үйгө жеткирип коёюн да, анан барайын. Эмне үчүн чакырды? Жигиттердин бири: — «Эмне үчүн чакырды» дейт тура. Аны эмне кыласың? Жүр дегенде жүрбөйсүңбү! Хан акмакты таап кел деген, жүргүн! — деп шаштырды. — Жок, жигиттер, карагайды атайы тоодон мээнет менен алып келе жатьш, орто жолго таштай албайм,— деп бастырып кетип калды ал. Эки жигит жүрүп отуруп, өрмөк соккон катынга жолугушту. — Жеңе, сени хан чакырып жатат, тезинен жүргүн,— дешти. — Ботом, катынды хан эмне үчүн чакырат? — деди аял. — Катынды кепке-сезгө чакырмак беле, акмак адамды таап кел деген. Эркектер менен айтышпай, жүр тезирээк. — О, кокуй күн, ушул ала жазда бекер жүргөн кишиден бөлөк акмак табылбас... Өз оокатым үчүн керек ишими бүтүрүп алайын деп, мен мында жанталашып жатам. Акмакты тапчу жериңерден издегиле! Мен барбайм! — деп катын катуу айтты. Эки жигит дагы жөнөп: — «Эгер сырыбызды ачык айтсак болбойт экен. Ап-дан көре кезиккен эле кишини зордоп алып кетели» — деген акылга келишти. Алар жер айдап жаткан бир дыйканга жолугуп: — Ой, дыйкан, жүргүн ханга! — дешти. — Эмгек кайнап турган убакта, эмне үчүн барам?— деди дыйкан. — Көп сүйлөбөй, жүргүн дегенде жүргүн! Хан акмакты таап кел деп айткан, сен акмак экенсиң!.. Жигиттерге дыйкандын абдан ачуусу келди: — Силер үчүн акмакты даярдаган киши жок. Көзүмө көрүнбөй жоголгула! — Эмесе акмакты таап бер,— деп эки жигит дыйканды бекем кармап туруп алышты. — Мени коё бергиле күн ысып баратат, жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын,— деди дыйкаы. — Жок, же өзүң ханга жүргүн, же бизге акмак ким экенин айтып бергин. Баарыңар эле акмак эмеспиз дейсиңер, кимиңер акмак экениңерди таптакыр билбей койдук. — Макул эмесе, акмакты айтып берейин, бирок мени коё бергиле,— деп дыйкан айтканда, жигиттер аны шаштырып турушту. Дыйкан ойлоно калыш — «Акмакты таап кел» деген хандын өзү акмак, же акмакты издеп жүргөн экөөң акмак. Мындаң артык акмакты дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп таппайсыңар, — деди. Жигиттер ачууланып: — Сен ханга тил тийгиздиң, барып айтабыз! — дешти. — Бир айтмактан миң айткын, деги ушуну хандын кулагына куюп айтсаңар экен! — деди дыйкан. Эки жигит ханга келип айтышты. Ошол дыйкандын колу-бутун байлап алып келгиле! — деп хан буйрук кылды. Дыйкан хандын астына келип олтурду. Хан дыйканды кекетип: — Сен мени акмак депсиң, эгер акылдын баары сенде болсо, менин мына бул тулпарымды колуңа алгын. Үч күндүн ичинде муну жакшылап таптагын. Таптай албасаң — башынды кесем! — деди. Дыйкан тулпарды колуна алып, ага жем-чөптү маалы менен берип, суутуп, сууну да убагы менен ичирип, төртүнчү күнү хандын алдына келип минтип айтты: — Таксыр ханым, сенин тулпарьщ анык күлүк экени чын экен, бирок мунун канында уй менен эшектин жалгашкан жери бар экен. Муну укканда хандын ачуусу келип, дыйканды даргага астырмак болду. Ошондо ортого хандын картаң энеси түше калып, минтип айтты: — Балам, сен жөнү жок жерден ачуулана бербе. Биздйн жылкы жайлоо нуу карай кетип баратканда, бир эшек жылкыны аралап кирип кетип, дал ушул сенин тулпарыңдын энесин карап коюптур. Кулунду туугандан кийин, ал бээ өлүп калды. Анан мен бул кулунду саан уйдун эмчегин эмизип бактырдым. — Мунун ушул эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экенин сен кантип билдиң? — деп сурады хан дый-канга карап. — Үч күн бою мен бул тулпардын жанынан карыш жылган жокмун,— деди дыйкан. — Сууну көчип чыкканда, арткы бутун силкип-силкип алат, бул уйдун кылыгы. Түн ичинде мен буга чөп салсам, .эшекче бакырат. Мына ошондуктан сенин тулпарыңда кандайдыр эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экен ден ойлодум. Дыйкандын бул сөзү ханга аябай жагып, аны жакшылап конок кылып, хандын зайыбы дыйканга бир алтын акча берди. — Арадан бир топ күн өткөндөн кийин, хан баягы дыйканды өз алдына чакырды. — Эгер сен чындап эле билгич болсоң, муну тапчы, экөөбүздүн кимибиз анык хандын тукумубуз — менби же менин зайыбымбы? — дөп сурады хан. — Сенин зайыбың нагыз хандын тукуму, ал эми өзүң болсо наабайчынын баласысың,— деп дыйкан жооп кайтарды. Хандын каары чындап козголуп, дыйканды ошол замат даргага астырып жибермек болду. Бирок мунун алдында өзүнүн картаң энесин чакыртып алып: — Апаке, сен чыныңды айт, мен кимдин баласымын? — деп сурады. Апасы минтип айтты: — Уулум, мен жаш кезегимде улам эле кыз төрөй бердим, атан, буга ар дайым нааразы болуп жүрдү. Биз-де нан бышыра турган наабайчы бар болчу. Ал экөө-бүздүн боюбузга бир маалда бүттү, экөөбүз бир күндө терей турган болдук. Эгер сен эркек бала төрөсөң аныңды мага бер, мен дагы эле мурдагыдай кыз төрөсөм, кызымды сага берейин деп наабайчынын зайыбы менен убада кылдым. Ырас эле наабайчынын аялы эркек бала төрөдү, мен кыз төрөдүм, экөөбүз жаңы төрөлгөн балдарды эч кимге билдирбестен алмаштыра салдык. Мен эркбк төрөдүм деп, хандан сүйүнчү сураттым, Мына ошентип, сен хандын уулу болуп калдыд. Кызымдан ажырабас үчүн, мен аны сага колукту кылып алып бердим. Ошол себептүү, балам, мына бул за-йыбың менден төрөлгөн кыз. Муну укканда хан ого бетер аң-таң болуп: — Ушуну сен кантип билдиң? — деп сурады. — Опоңой эле билдим. Сен мени конок кылганда, алдыма токочту үйө бердиң, ал зми аялың болсо, менин астыма алтын акчаны койду. Ошондуктан мен сени наа-байчынын баласы экен, зайыбың нагыз хандын тукуму экен деп ойлодум,— деди дыйкан. Муну укканда хан дыйкандын акылы ырас эле чоң экенине көзү жетип, мына эми эң акыркы жолу сынамакчы болуп: — Эгер сен өтө эле билгич болсоң, кудай кайда? — деп сурады. — Ханым, ушу кебетем менен кудайдын кайсы жерде турганын айтсам мени кусур урбайбы. Ошондуктан, сен менин киймимди кийин, менден кечирим сурагандай болуп, алдымда баш ийип тургун. Мен сенин кийиминди кийип, алтын тагыңа олтурайын. Анан мен кудайдын кай жерде экенин айтып берем, антпесем, бул кейпим менен кудай .жөнүндө сөз кылышым ылайык болбойт,— деди дыйкан. Хан макул болуп, үстүндөгү кийимин бүт чечип бе-рип, дыйканды алтын тагына олтургузду; өзү дыйкандын кийимин кийип, анын алдында баш ийип турду. Хан боло калган дыйкан жигиттерин чакыртып алып: — Ушул убакка чейин акмакты бекер таппай жүрүпсүңөр. Мындан артык акмак барбы?.. Сыртка сүйрөп чыгып, дал ушул акмактын башын кескиле! — деди. Көпкөн жигиттер бөлөк сөздү уксунбу: ханды желкелеп барып, башын кесип, денесин тарткылап, кумардан чыгышты. Дыйкан такка отуруп, элге кайрымдуу жана адилет хан болуп калган экен.
Өзүң бол
#10 25 August 2010 - 09:36
Бул жомокту мектепте окуп жургондо окудук эле.
Рахмат, кичинекей кезибиз эске тушту...!
Азыркы учурда ушундай тарбиялуу жакшы жомоктор коп жазылса жакшы болмок эле!

АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#11 17 January 2011 - 00:23
Бар экен жок экен,илгери откон заманда,жан жаныбар аманда,жалгыз падыша болгон экен.Падышанын артында мураскору жок болгондуктан, элге кайрылып жарыя салат:
-"Эээ калайык калк!Ким мен олгондо,мени менен корго 3 кун жатса,болгон байлыгымды тапшырып берем"-дейт. Элден эч ким ун дебейт.Анда падыша туруп:
-"Мейли...байлагым менен кошо бийлик,мансабымды да берем"-дейт. Муну уккан эки дос учунчусуно:
-"Эээ досум сен макул бол,сенин эч кимин жана эч дунуйон жок го"-дешет. Аргасыз баарына макул болуп,падыша менен келишим тузот.Арадан коп отпой падышанын козу отот.Келишим боюнча тиги бечараны да комушот.
Кор ичинде.Карангыда бир убакта ундор чыгып жатты:
-"Кимисинен баштайлы?" -деди бироосу.Анда экинчиси:
-"Олугу эч кайда качпайт,тируусунон баштайлы." Келип тиги бечарадан сурашат:
-"Роббин ким?" Байкуш бечара намаз окуган мусульман болгондуктан эч кыйналбай:
-"Роббим АЛЛАХ"-дейт.
-"Элчин ким?"
-"Элчим Мухаммад(САВ). "
- "Динин кайсы?"
-"Диним Ислам."
-"Китебин кайсы?"
-"Китебим Куран."
Ошентип биринчи куну сурак бутуп,эртеси кайра келишет.Китебин ачып:
-"Болгону бир ырыскын бар экен,ал сенин эшегин.Намаз окуп ибадат кылып,жакшы амалдарды жазайт экенсин"- дешип,ал куну да кайра кетишет.Бирок эртеси келишип:
-"Куноолорун да бар экен"-дешет. Коркуп кеткен бечара:
-"Кайсы куноо?".Анда тиги периштелер:
-"Баланчанчы жылы мечитке баратып,эшегин баспай койсо,камчылап кечке сабагансын" -дешип,бечараны сабап киришет.Бир аздан сон:
-"Баланчанчы жылы кечке эшегин мингенин аз келгенсип,аны ачка байлап койгонсун." -дешип,дагы токмоктошот. Бир аздан кийин:
-"Баланчанчы жылы эшегинди уч кун сугарбай,унутуп койгонсун." -дешип,кечке сабашат.Кыскасы бир эле эшеги учун далайга токмок жейт.Уч кун откон сон достору чыгарышып:
-"Ооо падыша келиниз." -дешсе.Анда калчылдап коркуп:
-"Кереги жооооок эч нерсени!! ! Мен бир эшегим учун ушунча жаза алдым.Бул байлык,бийлик, мансап учун жооп берип,жаза алгыдай алым жок"-деген экен байкуш бечара.
#12 17 January 2011 - 11:36
Эн туура!!!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#13 17 January 2011 - 15:27
Окуп тушунгондорго жакшы улгу экен.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#15 23 January 2011 - 03:16
туура соз
Есть такие люди, к которым просто хочется подойти и поинтересоваться,
сложно ли без мозгов жить
#16 02 February 2011 - 02:52
Ваууув!
бир эшеги учун ушунча жаза алса, анда...
торолбой эле коюшубуз керекго!, туура ишенем бирок эххх,,,жаратканым кечиримдуу болчу!!!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#17 09 November 2011 - 11:13
Карачач
Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:
-Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин,-деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:
-Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор?-деп элге суроо берет.
Ошондо бир балыкчы чал:
-Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу?-дейт.
Андан Каракан:
-Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот,-дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.
Кыз:
- Таксыр каным, “кандын суроосуна жооп бер”,-деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин,-дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.
- Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата-энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени “кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок”, деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын” боло албайт экен го деп ойлоймун.
Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, “айжокчулук” деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.
Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.
Ошондо кан: “Суроомө туура жооп берди”, деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:
-Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын жайын билет экенсиң, менин сөзүмдү орундатпай койбогун,-дейт.
Карачач кыз болсо кандан алган ат башындай алтынды үйүнө алып барып, атасы менен энесин кубандырды.
Үч күндөн кийин канга берген убадасы боюнча кыз канга атасын жиберет да:
-Кан оңой суроо берсе жооп бериңиз, эгер кыйын суроо бере турган болсо, “үч күнгө чейин уруксат бер” деп кайта үйгө келерсиз,-дейт.
Баягы чал канга баргандан кийин кан аны ордосуна чакырып алып:
-Ээ чал, кечээ кызыңа ат башындай алтын бердим, өзүңө дагы көп дүнүйө беремин. Жокчулук менен өмүр өткөргөн адам экенсиз, сени өмүрүнчө байлыкка тундурам. Менин мурун тогуз аялым бар эле, бир да балалуу болгон жокмун. Эми айтарым Карачач кызыңды мага бергин, мен эрке токол кылып алайын,-дейт.
Анда чал:
-Сизге кызымды токолдукка сатып, көп мал алганымдан көрө өзүмдүн күндөлүк эмгек кылып, кармаган балыгым артык эмеспи,-дейт.
Бул сөзгө кандын ачуусу келип:
- Чалды дарга тарткыла,-деп желдеттерине буйрук берет. Ошондо чал абдан коркуп, кандан үч күнгө уруксат алып, үйүнө кайтмак болот. Кетээрде чалга кан:
- Үч күнгө чейин сөзүмдү орундатпасаң, баары бир курулгандар ушул калыбында турат. Тирүү кутуламын деп ойлобогун. Мен айткан сөздү аткарып, кызынды бересиң,-дейт. Чал корккон бойдон сандалып баса албай үйүнө келет да тескери карап жаткан жеринде кыңылдап ыйлай берет.
Кыз атасына:
-Ээ ата, ыйлабаңыз, “миң күнкү өлүктөн, бир күнкү тирик артык” деген бар. Ата, кайта канга барып, сөзүнө макул дей бериңиз. Көп берсе алтын албаңыз. Кан кызыңды бергин деп, сизге айткан чыгар. Анда сиз төмөнкүдөй малды берсеңиз, мен кызымды беремин деп гана жооп берип кайтыңыз. Ал калың: биринчи, кийиктин он улагын, жыйырма түлкү, отуз карышкыр, кыр карстан, элүү ат, алтымыш чидер, жетимиш аркан, сексен каны жок кургаган жүрөк берсин деңиз. Ушуну берсеңиз, мен кызымды беремин! “Эң алды менен муңу жок, картаң молдого кызым экөөңөр никеңерди кыйдыргыла де”,-деп айтаар сөзүн үйрөтүп, атасын жөнөтөт. Кызынын бул сөзүнө чал аң-таң калып, канга барганда коркуп жатып араң айтат. Чалдын сөзүнө кан кубанып, сыйлыкка деп көп алтын берет. Калган малды дагы таап беремин деп, чалды үйүнө кайтарат. Кан өзүнө караштуу вазирлерин, карыяларын, билимдүү көсөмдөрүн жыйнап алып, алиги чалдын айткан сөздөрүн кандай кылабыз деп акылдашат. Отурган адамдардын ичинен бир чал туруп:
-Түлкү, карышкырды кармоо оңой, арстанды кармоо кыйын,-дейт. Андан кийин бир карыя тура калып:
- Муну айткан кыз Карачач арстанды кармоону дагы билет. Кызды алдырып сурайлы,-дейт. Кан макул болуп, Карачач кызга киши жиберип алдыртат. Карачач келгенден кийин, кан:
- Жырткыч айбандардын сага жана ата-энеңе эмне кереги бар? Андан көрө алтын алын, ата-энеңе берсең, жеп-ичип, жыргап жата бербейби,- дейт. Анда кыз Карачач унчукпай көпкө олтурду.
-Аталар, агалар, мен жырткыч айбандарды сураган эмес элем. Кан башыма боштондук берсе экен деп, боштондук сураган элем. Мен айткан калың мал эмес, силер өзүңөр ойлоп көрсөңүздөр, кан экөөбүздүн башыбызга келе турган табышмак. Калың малга он улак берсин дегеним, менин жашым ондо, улактай ойногон кыз кезим, жыйырма түлкү берсин дегеним, киши жыйырмага чыкканда түлкүдөй булактабайбы, отуз карышкыр дегеним, адам отузга чыкканда карышкырдай жүткүнбөйбү. Кырк арстан дегеним, кыркка чыккан адам арстандай күчүнө келбейби, элүү ат берсин дегеним, элүүдө адам ат болбойбу. Алтымыш чидер дегеним, алтымыштагы адамдын бутуна чидер түшүп, өзүнчө басып кете албайт дегеним. Жетимиш аркан берсин дегеним адам жетимишке чыкканда аркандалбайбы. Сексен каны жок жүрөк берсин дегеним, сексенге чыккан адам каны жок жүрөктөй кургабайбы. Муңу жок картаң молдого никемди кыйдырсын дегеним, картаң адамдын ичинен капа-кайгысы жок, бир да адам болбойт. Ошондуктан, менин никемди кыйдыра албай, мага уруксат бербейби,-деп менин канга карата айткан табышмактуу суроом болучу. Ушул олтурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду текшерип көргүлөчү, айткан сөзүмдүн катасы болсо кайта алайын. Болбосо, канга тийбеймин! Кан мени албайт деген сөзүм эмеспи. Бул сөзүмдү ойлоп чечип, мени кыйноодон бошотуп, уруксат берүүңүздөрдү сураймын,-деп кыз айткан экен.
Ошондо олтурган элдердин ичинен бир аксакал адам:
-Балам, кыз Карачач, бактың ачылсын, жолуң болсун,-деп кандан уруксатсыз эле, кызга бата бере кетет.
Кан аксакалдын сөзүн кубаттап, отурган бардык эддер чурулдап кошо бата кылат. Кан көпчүлүк элден чыга албай кызга уруксат берүүгө амалсыздан макул болот. Ошол кыз Акыл Карачач деп акылдуулугунан айтылып, эл оозунда сөз болуп калган дейт.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#18 09 November 2011 - 11:15
Сыйкырдуу сака
Илгери-
илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.
Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир.
Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: “Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим-кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем”,-деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет.
Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата-энесине айтпайт.
Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.
Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: “Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел”,-дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» ,-деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.

#19 09 November 2011 - 11:18
Карышкырдын камкорду
гү
Илгери,
илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы – Коргон, кичүү баласыныкы – Болгон экен. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет.
Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө келип, атасына болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат жөн канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:
-Эгерде менин балдарым болсоңор, ошол кушту таап кармап келгиле, эгер таба албасаңар кайтып келбегиле,-дейт.
Үч баласы атасынын айтканын эки кылбай, ата-энеси менен коштошуп жолго чыгышат.
Үч бир тууган жүрүп отурушуп, бир кырдын ары жагындагы сайга келип кеңешишет. Ормон улуулук кылып:
-Биз үчөөбүз бир жүрсөк эч нерсе таба албайбыз, үчөөбүз үч жол менен үч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, үчүнчүбүз кыбылага карап бөлүнүп кетели. Ошондо гана биз ал кушту табабыз,-деп акыл айтат.
Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет. Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кичүүсү Болгон чыгышка карап жол жүрүп кетишет.
Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат.
Кичүүсү Болгон күнү-түнү менен жол жүрүп, үч айрык жолго келет.
Жолго көзүн салып караса: “Оң жактагы жолго түшсө өзү өлөт, сол жактагы жолго түшсө аты өлөт, туура жолго түшсө, барса келбес”-деген жазуу бар экен.
Болгон ойлонуп: “Эгер өзү өлөргө түшсөм, өзүм өлүп атым калса, барса келбеске түшсөм, барсам кайра келбесем: ата-энемди, элимди көрбөй каламбы? Аты өлөргө түшсөм, атым өлүп жөө калармын”-деп аты өлөр жолго түшөт.
Болгон жүрүп олтуруп жүрүп олтуруп бир сайга келет, сайдан бир карышкыр чыгып, баланы аттан оодарып салып, атын жара тартып жеп алат. Болгон жөө кайда барарын билбей туруп калат.
Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча сүйлөп жай сурайт. Болгон куштун канатын издеп бара жатканын, атсыз калып, эмне кыларын билбей турганын айтат. Анда Карышкыр:
-Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай керегиңди таап берейин,-дейт.
Болгон эмне кыларын билбей турганда:
-Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин,-дейт дагы Карышкыр.
Карышкыр күнү-түнү жүрүп отуруп, бир айылдын жанындагы терең сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан түшүрүп:
-Тетиги турган бийик чоң ак үйгө баргын да, эшигинен кирип барсаң, үйдүн капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып аны колуң менен сылап жүрбөгүн, оң жагыңды карасаң бурчта конуп турган кушту көрөсүң, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул жерден күтүп турамын – дейт.
Болгон айылга барып, баягы ак үйгө кирет. Кирсе, оң жак бурчта бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып үйдүн капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат карышкыр “каңк” эте түшөт. Жан жактан кайтарып тургандар жүгүрүп келишип Болгонду кармап алышат да:
- Сен мында эмне үчүн келдиң?-деп сурашат. Болгон:
- Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген,-дейт. Анда кайтаруучулар:
-Сен биздин айтканыбызды алып келсең, сага бул кушту беребиз,-дешет. Болгон:
- Эмне иш тапшырсаңар да орундатамын, -дейт.
- Ушул жерден жүрүп отурсаң бир сарайга кез келесиң, ошол сарайдын ичинде күмүш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону бизге алып келип берсең, биз сага кушту беребиз,-дешти кайтаруучулар.
Болгон сарайдан чыгып, башынан өткөн окуяны Карышкырга келип айтат.
Карышкыр Болгонду үстүнө мингизип күнү-түнү жүрүп отуруп баягы сарайга келет. Дем алып отурушуп, Карышкыр баланы баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып келүүгө жиберет. Жиберерде ал:
-Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген жерден кайра ошол изиң менен чыккын,-дейт.
Болгон сарайга кирип, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөт. Айгырдын жанына барып сырдалган казыкка кызыгып сылап коёт. Коңгуроо шыңгырап, кароолчулар келип Болгонду кармап алышат. Кароолчулар:
-Эмне кылып жүргөн жансың?-деп сурашат. Болгон аны кароолчулар жумшаганын, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып барса, алтын кушту аларын айтат.
Кароолчулар:
-Көк-Дарыянын жакасындагы, Көкчө Тоонун арасында тоо менен теңдешкен, сырты күмүш менен жалатылган чоң бир үй турат. Ошол үйдүн төбөсүндө жашаган бир сулуу кыз бар. Эгерде сен бизге ошол кызды алып келип берсең, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды сага беребиз,-дешет.
Болгон кайтып келип, карышкырга кароолчулардын айтканын айтып берет. Карышкыр ачууланып:
-Айткан тилди албайсың, аркама мингин!-деп баланы аркасына мингизип жүрүп кетет.
Күнү-түнү жүрүп олтурушуп, жүрүп олтурушуп Болгон менен карышкыр, Көк-Дарыянын жакасына, Көкчө Тоонун арасына келип жетет. Карышкыр Болгонго карап:
-Сен ушул дарыянын жанындагы тоонун этегинде күтүп тургун. Эки жолу барып, эч нерсе алып келе албадың, эми мен өзүм барам,-дейт.
Ошентип кызды алып келүүгө карышкырдын өзү кетет. Карышкыр баягы жерге барса, кароолчулар айткан үй турат. Үйдүн төбөсүнө чыкса, кыз уктап жатыптыр. Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Карышкыр кыз менен баланы аркасына мингизип, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр турган сарайга келишет. Карышкыр Болгонго:
-Мен азыр кыз болоюн, ээрчитип баргын,-дейт.
Болгон макул болуп, баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бар жерге келишет. Жолдо келе жатканда карышкыр: “Сен мени таштап, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып кете бергин. Эгерде чайга отур дешсе, отурбагын. Мен силерди кууп жетем”,-дейт.
Болгон баягы Карышкыр айткандай кылып, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алып, кыздын жанына келет.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин карышкыр келет. Күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып, куш отурган сарайга келишет.
Ошондо карышкыр:
-Мен азыр күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бөлоюн, мени минип бар дагы берип, кушту алгын,-дейт.
Болгон баягы карышкыр айткандай күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алтын канаттуу кушту алып кыздын жанына келет. Андан бир аз өткөндөн кийин Карышкыр жүгөнүн шыпырып, билдирбестен сарайдан чыгат да, кыз менен Болгонго келет.
Экөөнү бир топ жерге узатып келип:
-Мен эми бул жерде каламын, менин айткан сөзүмдү уксаң үйүңө аман барасың. Сага жолдон эки коркунуч кездешет. Биринчиси күн абдан ысык болгондо суусарсың. Баратканда алдыңдан бир өзөн суу жолугат, канчалык суусасаң да суудан ичпегин. Андан өтүп уктагың келет, түбү чөп, салкын, бир ак терек бар, ал актеректин түбүнө уктабагын. Уктасаң соо болбойсуң. Менин ушул эки сөзүмдү аткарсаң, үйүңө аман барасың,-деп акылын айтат. Карышкыр аларды жолго салып коштошуп, өз жайына кетет.
Болгон кыз менен бир күн, бир түн жүргөндөн кийин күн аябай ысык тиет. Болгон аябай суусайт. Ошондо “сууну кайдан из-деп табамын”-деп ойлоп келатканда алдынан өзөн суу агып жатканын көрөт. Болгон атын сугарып, өзү да ичмекчи болот. Бирок, кыз Болгонго суу ичирбей коет. Ал өзөндөн өтүп жүрүп кетишет.
Андан кийин Болгондун суусаганы басылып, чарчап уктагысы келет. Ошентип келе жатканда алдынан бир чоң ак терек кездешет. Болгон ошол теректин түбүнө эс алып жаткысы келет. Кыз каршы болот, бирок кыздын сөзүнө кулак салбай, Болгон атын тушап, жамбаштап жатып, көзү илинип кеткенин билбей калат.
Болгон чочуп ойгонсо, эки көзү жок, үңүрөйгөн орду гана калган. Эки жагын сыласа кызы да, аты да жок. Эмне кылар айласын таппай отуруп калат.
Бир аздан кийин баягы карышкыры келип:
-Менин айткан тилимди албай көзүңдөн айрылдың,-деп бир ууч топурак менен көзүнүн ордун укалап, айыктырып коёт. Болгон окуяны карышкыр угуп мындай дейт:
-Ашыгыңды, кушуңду, атыңды табабыз, кел, аркама мингин – деп баланы аркасына мингизип алып, желмогуз кемпирди издеп жолго чыгат.
Кырлардан, белестерден, ашуулардан, токойлордон, чоң суулардан өтүп, бир кошко кирип келет. Болгондун көзүн ойгон желмогуз кемпирди ошол жерден карышкыр таап берип:
- Кыз менен күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, кушту тапкын же сени азыр жеймин,-деп кемпирди коркутат. Ошондо кемпир калтырап:
- Карышкыр, Карышкыр, менин жанымды калтыргын. Кушту дагы, кызды дагы, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды дагы тиги суунун жакасындагы калың камыштын арасына барсаңар табасыңар,-дейт.
Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын издеп жөнөшөт.
Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:
-Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына кирип коркуп жатып калды,-дейт.
Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:
-Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин,-деп жалынат.
Анда карышкыр:
-Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге кайрымы жок,-деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет. Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:
Сен мага аябай кайрылышып, жакшылык кылдың. Адашканда жолго салдың, жүр мени менен конок болуп кеткин. Үйдөн эмне кааласаң ошону алгын,-дейт. Бирок, Карышкыр макул болбой:
- Кысылган жерде керек болор,-деп жүнүнөн жулуп,-керек болсом ушунун бир кылын жулуп түтөтсөң, мен даяр боломун,-деп убадасын берет.
Андан кийин кош айтышып, Болгон элине жүрүп, Карышкырда өз жайына кетти.
Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн оюн, кырк күн той өткөрөт.
Бир күнү бала аң уулап, куш салып талаада жүрүп, күндүн өткөнүн, кечтин киргенин билбей калат. Караңгыд адашып, жол таба албай жүрсө, бир желмогуз кемпир жолугуп:
-Издегеним сен элең, сиңдимдин баласын өлтүрүп мага кылган кордугуң аз эмес. Мына азыр мен да сага кордукту көрсөтөмүн, -деп тишин шакылдатып, Болгонго умтулат. Болгон атын сабап качып жөнөйт. Нечен кырларды басып, тоолорду ашып, “Эми кутулдум го” деп артын караса, кемпир жетип калыптыр.
Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.
Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.
Болгон Карышкырга:
Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул,-деп желмогуз кемпирди көрсөтөт.
Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат. Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бак-дөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.

#20 09 November 2011 - 11:24
Абылай жетим
Илгери бир заманда бир кемпирдин чалы өлүп, эки жашар эркек баласы калып, эптеп күн көрүшүп, бала он эки жашка келиптир. Бир күнү энесинен:
- Менин атам кайда, бар болсо үйгө келбейби?-деп сурайт.
-О, балакетинди алайын кулунум, сенин атаң келбес жагына кеткен.
Бала катуу ичи күйсө да экинчи атасын көрө албай турганына көзү жетти.
- Энекебай, менин атам эмне кесип кылуучу эле?
- Атаңбы? Атаң тоого тор жайып, куш кармоочу.
- Анда атамдын торун берсеңиз, мен атамча куш кармап келип, мүнүшкөрлөргө сатып, көп алтын табат элем.
- Макул,-деп энеси тоого жиберди. Бала бир карга кармап алып сүйүнүп келди.
- Бул куш эмес, балам, куш кармоо колуңан келбейт го,-деди энеси.
- Анда атам башка эмне кесип кылуучу эле?
-Дарыядан балык кармоочу. Кемпир чалынын торун балага алып берди. Дарыя балыкка бай экен. Кемпир балыкты кандай кармоону баласына үйрөтүп, көп олжо менен үйлөрүнө келишти. Бала күндө балыкты көп кармап базарга сата берип, үй-оокаттарын ондоп, дасыккан балыкчы болуп калды..
Күндөрдүн биринде бала дагы көп балык кармап келип, энеси сүйүнүп балыктарды көрүп жатса, арасында эң кооз бир балык жүрүптүр. Ала коюп чакадагы сууга салды эле, өлө элек экен, жан кирип сууга ойной баштады.
-Абылай балам, бул укмуш алтын балык биздин багыбызга торго түшкөн экен, муну канга тартуу кылсак чоң олжого батабыз,-деди кемпир.
Айткандай эртеси бала айнек кумурага суу куюп, балыкты салып, канга тартуулаганга барды. Кан вазири экөө тең катуу кубанып, балага жүз дилде берип жөнөттү. Абылай өмүрү мынча дилдени тапмак тургай, көргөн да эмес. Өтө-сүйүнүп энесине келди. Базарга барып көп буюм, мал сатып алышты. Жесир кемпирди карабаган агайын-туугандары Абылайдын төрүнөн кетпес болду.
Арадан көп өтпөй эле Абылай жетимди баягы кандын жигиттери издеп келип, канга айдап кетти. Кан адилеттүү болсо да анын вазири каардуу, башкесер кара мүртөз эле. Ал канга:
-Алтын балыктуу болгонуңуз жакшы, бирок түгөйү жок жарашпайт экең, ошол балыктын түгөйүн таптыруу керек, ал ошол гана баланын колунан келет,-дейт.
Кан вазиринин тилинен чыкпайт. Бир ай мөөнөт беришти.
-Эгер таап келе албасаң башың алынат,-деди.
Бала аргасыз макул болду да, болгон окуяны айтып энесине келди. Эртеси тобокел деп дарыяга чыгышты, айтылган мөөнөтү да бүттү, бала саргайып өңдөн азды. Канга барчу таң да атты. Эң акыркы үмүтүн үзбөй торун көтөрсө алтын балыктын элеси көрүндү. Кубарган түсү, алактаган жүрөгү ордуна келди. Тартуу канга алынып келинди, бала эки жүз дилде алып үйүнө кайтты.
Кан, вазири, үй-бүлөсү менен балыкты кубалашып ойногонуна катуу ыраахаттануучу болду.
Күндөрдүн биринде вазир канга кедди:
-Каным, баары жакшы, эми буга Алтын-Көлдү таптыруу керек, балыктар кумуранын ичинде эркинче ойной албай жатат. Алтын-Көл чыгыш тарапта перилердин колунда болот деп уккам. Чоңдугу тай казандай, тышы алтын, ичи каухар, суусу тунук мүрөк зам-зам. Бул кереметтүү көлдү эч уста жасай албайт, барып алып келүү Абылай жетимдин гана колунан келет. Анда кан:
- Ушул эле дөөлөт жетет, жөн нерсеге бирөөнүн жетимин кыйнаганда эмне чыкмак эле, тим эле койгонубуз оң го,-деди.
Канга кадыры көп өткөн каардуу вазир, канды акыры макул кылды.
Абылай жетимди чакыртышып, бир жыл сүлүк берип, Алтын-Көлгө жөнөтүштү. Аргасыз жетим энесине акылга келди. Сабырдуу байбиче күл азык камдап, уулуна уламадан укканын баяндап түгөл айтып, батасын берип, Алтын-Көлгө жөнөттү.
Туура алты ай жол жүрдү. Жолунан нечен укмуш жырткычтар, жылан, бөйөн-чаян кезикти, акыры алар жолун бөгөп, өтө албай турганда бир ак сакал чал пайда болду. Саламдашып баладан болгон окуяны толук укту. Карыя балага боору ооруп, колундагы сыйкырдуу таягын берди.
- Шилтеп эле койсоң бардык жандыктар жол берет, сен издеген Алтын-Көлгө дагы бир күндүк жол калды. Мелтиреген талаада бир гана жашыл дөбө кезигет, жанында шаркырап аккан булак бар, ошол дөбө перилердин жыйын курчу жайы, айына бир гана келишет. Сен ошол дөбөдөн чуңкур казып алып жатсаң, а дегенде көгүчкөн болуп учуп келишет, жерге түшсө адам сөөлөттүү болот. Ошондо бирин эптеп жакадан алып кармап алсаң болду- жогуңду табасың. Эгер кармай албай көрүнүп койсоң, анда дагы бир жыл күтөсүң.
Бала баарын толук билди. Карыя болсо кош айтышты да көздөн кайым болду.
Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды. Эки күн өткөндө асманга батпаган көп көгүчкөндөр келип баягы чоң дөбөгө конору менен адам болушуп, көпкө шектенип турушуп, акыры жыйынына киришти. Абылай айлакер байкатпай туруп жакын өтүп бара жатканын жакадан адды эле, көгүчкөндөр дүр этип асманга көтөрүлдү, коркунучтан чочуган перилер артын карабай өз дүйнөсүнө учуп жөнөштү. Абылайды бир аз көккө көтөрдү, алп урушуп келип жерге түшүштү, колу карышкан Абылай көгүчкөн кандай аракет кылса да кое берген жок. Колундагы жип менен мойнуна күрмөй салып, белине бекитип байлап алды. Акыры экөө сөзгө келишти. Абылай эмне каалаганын айтты.
Аны орундатса өмүрү каларын билген пери Абылайга жарты айдай алтын берди. Жерге коюп чертип койсо, ойдо жок сонун көл болду.
Экөө шилекей алышып достошуп, Абылайды пери досу орто жолго чейин учуруп жеткизип коюп, өз дүйнөсүнө учуп кетти. Мөөнөтү бүтө электе кандын каалаганы даяр болду. Абылай жарым миң дилде, сый алып кубаныч менен үйүнө келди. Алтын көлгө алтын балыктар жарашып, ыракатын падыша, вазир көрдү. Абылай жетимдин кубанычы көпкө созулган жок, каардуу вазир дагы бир укмушту ойлоп тапты.
- Падышам -деди вазир,-күн батышта Күлдүркан деген бар, анын Айсулуу, Күнсулуу деген эки кызы бар, күлүп койсо караңгы жарык болот, бир шаар жөн эле жаңырып турат. Айсулуу падышам сага гана жарашат. Алтын көлүң болсо, алтын балыгың болсо, эми Айсулуудай жарың болсо, ааламда эмне арманың бар? Акыры иш жамандык менен бүтөрүн сезген кан көпкө макул болбоду. Амалкөй вазир асылып жүрүп ар түркүн сөз менен канды эритип, буга да макул кылды. Бул иш да Абылай жетимге жүктөлдү. Күл азыгын камдап, Күлдүркандын шаарын бет алып, Айсулууну кантип алам деген ой менен жолго чыкты. Амалсыз байбиче арыбаган азаптын көлүндө калды. Бул жолу жолуң катуу болот деп энеси Абылайга бал жана таруу кошкон бир карын май берди.
- Эгер бирөө сени менен кошо жешсе жана эмне деп сураса буга энемдин эмчегинин сүтү кошулган дегин, ошондо ишиң онунан чыгат,-дейт энеси.
Бала бул сөздү көңүлгө түйүп, батышты көздөй жүрүп олтурду. Көп жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады. Алсырап калган кезде алдынан бир чубалган чаң көрүндү. Абайлап турса ааламда жок алп-дөө экен. Ал алыстан эле баланын качпай күтүп туруусун өтүндү. Абылай жанынан чындап үмүт үздү. Дөө:
-Сенден аны-муну сурап олтурууга убактым жок, оозумду гана толтур, болбосо өзүңдү жалмап алып жолго түшөм,-деди.
Шашып калган Абылай баягы сары майды сугунта берди. Дөө майды былчылдата чайнап жутуп жиберип, тамшанып туруп:
-Бул эмне тамак?- деди Абылай:
-Кадимки май бал, таруу, бирок менин энемдин сүтү кошулган эле.
Дөө муну укканда айран калды.
-Эми кызык болгон турбайбы, мен сени менен эмчектеш болуп калган экемин. Сени жегеним болбойт, сага каалаган убагында жардамга келишим керек. Ме, мобуну түтөтсөң мен дароо даяр боломун,-деп узун мурутун жулуп берип, көздөн кайым болду.
Кайраттанган Абылай Күлдүркандын шаарына да жакындап келип алыстан көрүп, ушул болсо керек деп жоромолдоду. Шаардан эмес жерден көк өгүз минген, он чакты эчки, коюн жайган чалга жолукту. Саламдашкандан кийин:
- Жетиммин, багар-көрөрүм жок, баласы жокко бала, ботосу жокко бото болоюн деп жүрөм,-деген тилегин айтты.
Чал сүйүнгөн бойдон баланы ээрчитип кемпирине жөнөдү, кемпир дагы сүйүндү, бир эчкисин союп өзүлөрүнчө той кылып, баланы бала кылып алышты. Бала чөп алачыкты ондоп, шыбактап там салды. Абышка-кемпир уулдуу болуп, муунуна муун кирди. Ал жылкы жай өттү, күз өттү, кыш өтүп жаз келди. Бир күнү келин алууга сөз болду. Ошондо Абылай жетим өз максатында ишти эми баштады.
-Эгер мен аял алсам Күлдүркандын кызы Күнсулууну же Айсулууну аламын, болбосо дүйнөдөн так өтөмүн,-деди.
Чал катуу чочуду.
- Ал кан-падыша болсо, мен жакын бара албаган жаман чал болсом, балам, падыша мени бучкагына теңеп койбойт го, өзүң ойлочу. Анын үстүнө “шылдың кылганын кара” деп, башымды сөзгө келбей кесип жүрбөсүн?
- О, жарыктык,-деди Абылай,-кудалыкка, элчиликке өлүм жок, бир жооп айтат, канга барып кел, ата. Эгер балалыкка сана-басаң өзүң билгин, туубасаң да тутунган балаңмын го,-деди.
Чал бир көзүнө жаш алып, бир көзүнө кан алып, көк өгүздү токуп, канга жөнөп, кандын жигиттерине дайнын айтып, кабыл алчу ордосуна келди. Бир күн конок кылгандан кийин кан чалды өзүнө чакыртты. Таазим менен салам айтып, канга эмнеге келгенин баяндады. Кан ачуусу келген жок.
- Уулуңдун чоң Таламы бар экен, биринчиден мага уулуңду көргөз, уулуңду сынап көрөмүн, көңүлүмө жакса, үч мөөрөй беремин, аткарып кетсе кыз сеники, менин шартым ошо, аткара албаса башын кесемин.
Ошентип Абылай жетимдин башы эки кылычтын ортосунда калды. Муну толук уккан Абылай жетим Күлдүркандын кылычына барып бергенден башка айла жок экенине көзү жетти. Болжогон күнү падышага келди. Баланы көрүп жактырды, Айсулуу менен Күнсулууну да балага көргөздү.
-Кааласаң үч мөөрөй берем, жеңип кетсең кыз сеники, болбосо башың кесилет,-деп кайталады падыша.
Бала макул болду, атасы кантсин “Кандай болот?” деп көзүнүн жашын куюлтуп карап турду. Көрүп турган эл:
-Ажал айдаган бечара, ишиң бүттү,-деди.
Мөөрөй башталды. Биринчиси кырк өгүз союлду, эти казанга салынды.
-Үч күндүн ичинде жалгыз өзүң жеп бересиң,-деди.
Бала бир үйдө жалгыз өзүн камап туш-тушка кароол коюуну өтүндү. Баланын айтканы орундатылды. Караңгы киргенде Абылай жетим баягы досунун мурутун түтөттү. Көз ачып жумганча үйгө кырк дөө кирип келди. Бардыгын бала түшүндүрдү эле жарым саатта кырк өгүздүн эти жок бодду. Бала бир кабыргасын алып эртең менен мүлжүп олтурду. Калыстар келгенде шагыраган гана сөөк калыптыр. Бир кабырганын калганына кан чатак кылды. Анда бала:
-Адал малыңыздын этинен ооз тийсин деп калтырдым, болбосо сугунуп деле жиберем,-деди.
Хан сөзгө жыгылды. Ыза болгон кан:
-Мына бу агып жаткан дарыяга ары бери жүктүү унаа өткөндөй муз тоңдурасың, -деди.
Бала кыйшаюусуз макул болду. Досунун мурутун дарыяга салды эле кычыраган кыш түшүп, калдайган муз тоң дарыя буулду. Муну сынашып, калыстар каршы-терши өтүп көрүштү, бирок музда эч шек жок. Мөрөй дагы баланыкы болду. Падышанын ачуусу чындап келди.
-Мынабу тоонун ары жагында Ала-Көлдө отуз кулач ажыдаар бар. Ар бир кырк күндө бирден адам, ар бир жумада бирден бодо жейт аны бербесең элиңди соруп жок кылам дейт. Мына ошого эртең бир адам керек. Аны өлтүрсөң аман каласың, болбосо ажыдаарга жем болосуң.
Бала буга да макул болуп, эки жагы тең миздүу эки болот кылыч сурады. Усталар эртең мененге чейин согуп даяр кылып, бала куралды алып ажыдаарга жөнөдү. Ажыдаардын ачуусун келтирип, болжогон убактан кечигип барды. “Бул эмне болду?” деп ачуусу келген ажыдаар жөнөгөнү калган экен. Баланы көргөн ажыдаар ичи катуу ачынгандыктан алыстан эле оп тартты. Абылай ажыдаардын оозуна аба менен учуп жөнөдү. Колундагы эки миздүү болотту ажыдаардын ууртун көздөй болжоду. Күү менен тийген Абылай ажыдаарды жара тилип, колунан албарс кылычы түшпөгөн калыбында куйругунун учунан чыкты. Жырткыч эч нерсеге чамасы келбей жайын тапты. Эсин жыйган Абылай жонунан кайыш тилип алып канга келди. Убадага бекем падыша шартты бузбай, нечен күнү той жасап Айсулууну Абылайга берди. Ажыдаардан кутулган эл алкыш айткандын гана үстүндө болду. Абышка-кемпирди көчүрүп Абылай жетим өзүнүн шаарына жөнөдү. Нечен айдан кийин келсе кара мүртөз вазир дүйнөдөн кайтыптыр.
Ошентип Абылай жетим эки энелүү, аталуу, жаш сулуу жарлуу болуп, ушул күнгө чейин бактылуу жашап калыптыр.

Супер-Инфо
super.kg
видео