Ала тоодон аттаган доомат
Нурмамбет осмон уулу
(даректүү макала)
2009-жылы 10-айдын 2-күнү бүт кыргыз элинин маданиятында эле эмес, бүт адамзаттын маданиятында да эң кубанарлуу саамалык болду. Ал болсо-кыргыз элинин адамзат фолклорундагы чолпон жылдызы, дүйнө маданиятынын баалуулугу,
асыл данеги саналган океандай чалкыган улуу да, ири көлөмдүү «Манас» тарыхий эпосу 2-октябрь жабылган юнесконун бейзат маданий мурастарды коргоо боюнча өкүмөт аралык 4-кезектүү жыйынында, кароодон өткөн 76 түрдүн катарында, «Адамзаттын бейзат маданий мураларынын өкүлдүк тизмеси» не кирип, юнесколук тастыктан өткөнү болду. Демек, кыргыздын манасы адамзаттын да манасы, маданият баалуулугу катары коргоого алынары белгиленди.
Албетте, бул сыймыкка адам баласы тургусунан айтсак, бүткүл адамзат, улут тургусунан атбай кыргыз эли, жеке тургусунан 21-кылымдын тирүү гомери, миң жылда бир жаралуучу талант, «Манас» эпосунун толук 8 урпак варянтын алмадай башында сактап, ооз эки айта алуучу жана кагазга түшүрүүчү улуу инсан Жүсүп Мамай эң татыктуу болот деп айтсак мүлдө жаңылбайбыз.
Анткени, залкар манасчы Жүсүп Мамай дүйнө жүзүндө «Манас» тын 8 урпак варянтын толук билген, ооз эки күрпүлдөтүп айта алган жалгыз инсан, бүт кыргыз элинде манасчылар 《Көктөмдүн ачык асманындагы чатыраган түнкү жылдыздардай 》көп болсо да, баланча манасчы манастын толук варянтын билген, бүкүнчө манасчы 8 урпак манасты айтчуу имыш. . . деген сыяктуу сөздөр буга чейин айтылып келсе да, ал сөздөргө негиз болуучу материялдык далил жок, ошол толук варянт колдо жок. Демек, ал курулай сөз болуп калаберет. Жүсүп Мамай ошол жылдыздай жыбыраган манасчылардын эң залкары болууга татыктуу. Улуу инсан тек «Манас» эпосунун толук нускасын ооз эки айта алган жалгыз инсан болуп эле калбай, «Курманбек»,
«Багыш», «Толтой», «Эртөштүк»,
«Кыз сайкал», «Жаңыл мырза», «Көбөн», «Тутан», «Мамаке-шопок» , «Ажибек» сыяктуу ондогон кенже эпосторду, казактардын"
Жети каган"нын ооз эки айта алган, жарым миллиён саптан ашуун элдик эпостурду көкүрөгүнө кыттай уюткан, кызыр жылоогон талант экенин дүйнө элдери тамшана моюндайт. «Манас» эпосу кытайда «үч чоң эпостун бири» катары бааланса Aл эми, улуу инсан «Мамлекет гохары» деп эң Бийик даңктын ээси болуп келет. Өкүнөрлүүсү,
залкар манасчы ала тоолук аттуу-баштуу кыргыз илимпоздор жагынан «Манас» эпосу кытайдан Йунесконун бейзат маданий мура тизмесине алынып кеткенине байланыштуубу,
кандайдыр, ал киши манасчы эмес деген эң тантык, одоно мамилерге, сөздөргө учурап турганы жеткен шалтуруктук деп айтсак жаңылбайбыз.
Улуу инсан жөнүндө оозго келгенди оттоп жүрсөк, ал киши башка эмес, кыргыз илимпозу болсо, «Кыргыздын маданият кампасы» болууга татыктуу инсанды өзүбүз төгүндөсөк,
кыргыз болгонубузга жол болсун. Биз канчалык шалаакы эл экенибизды жүрөк өйүгөн ачуу чындык алдында моюндап койгуң келет. Залкар манасчыны бир миллиярттан ашуун жан саны бар кытай эли эле эмес, бүт дүйнө эли тамшана даңктап жатса, биздин кылганыбыз бул.
Залкар манасчыга жабылган жалаа
Mейли кыргызыстандык манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчийевдин «Манастын мекени кыргызстан !》 деген макаласы болобу же кыргыз эл жазуучусу, 《 Манас эл кыймы》лынын төрагасы Aсан Жакшылыковдун «Кудай берген кутубузду кытай ала качабы» деген макаласы же Aзаттык үналгысы «Ыңгайсыз суроолор» сыналгысынын «Манастын баркына жете алабызбы? » аттуу берүүсүндө болсун, алатоолук туугандар улуу инсан, залкар манасчы Жүсүп Мамай жөнүндө туура, калыс баа бергиси келбейт. А түгүл, Жүсүп Мамай манасчы эмес, дегенге барганына карап, сөз айтуучунун илимпоздук деңгеелине шектенүүгө аргасыз болосуң, шектенбегенде!
Бул сөз «окумуштуу» делинген кишинин оозунан чыгып жатат.
Ушул эле майектин алып баруучусу Бүбүкан Досалийева суроо таштайт: «Сагынбай, Саякбайлардын айтуусунда чогулган кол жазмалар азыр улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турат, ал жерде эч ким иликтей элек манастын сыюжеттери бар экен деп айтышат, ошол иликтене элек, жарыялана элек сыюжеттер кандайдыр бир эч кимге белгисиз себептер мененби, Жүсүп Мамайдын китеп кылган варянтына кирип калган экен, ушул чынбы? » деп. Анда манас эпосун изилдөөчү, окумуштуу талант бакчийевдын берген жообу: «. . . Азыр улуттук академиянын фондусунда жалпы 83 варянт бар, бул 20-жылдардан бүгүнкү күнгөчө жазылып келе жаткан варянттар, . . . Үркүнгө чейин алатоолук манасчылар кызылсууга,
текеске каттап турган. . . Жүсүп Мамайдын агасы балбай кат тааныган киши экен, ал ала тоодон келген масчылардын бардыгынын оозунан манасты, санжыраны. . . Ооздон чыккан баары сөздү, баардык кенже дастандарды кагазга түшүрө берген, . . . кийин ал кол жазмалардын үчтөн экиси Жүсүп Мамайдын колуна түшкөн, мына ушул кол жазмалардын негизинде Жүсүп Мамай азыркы күндө өзүнүн варянтын түзүп олтурат, жок, мен так айтаар элем, бул кишини мен манасчы катары атабас элем! себеби, бул кат тааныган киши, олтуруп алып жазат. . . » десе, Бүбүкан Досалийева тең жарыша куптап кирет: «айтбайт!
жазат турбайбы!
. . » ①Ушул жерде тообо деп жакаңды кармайсың. Талант бакчийев кантип манасты изилдөөчү, кантип окумуштуу атанып жүргөнүнө!
Биринчиден,
фолклористика илими боюнча карасак, аркандай шартта бир улуттун ооз эки айтуучу өнөрпоздору өз ара аралашып, артыкчылыгын үйрөнүп, кемчилигин толуктап, (Эгербир атактуу өнөрпоз алты айлык жерде турат деп укса, аны көрүп, атайын ат арытып барып, ) өнөр алмаштырып,
толуктап, анан бир бүтүн мыкты өнөрпоздор,
толук варянттар жарыкка чыгаары белгилүү. Мына ошол 20-кылымдын 20-жылдары алатоолук манасчылар азыркы кызылсуу, текеске келип, бул жактагы жүсүбакун апай сыяктуу манасчылардан өнөр толуктаса, бул жактагы балбай мамай, жүсүбакун апай, эшмат сыяктуу манасчылар алатоого барып өнөр толуктаганы калптуу көрүнүш. Мына ошондой толуктоолор аркылуу Жүсүп Мамайдын толук варянты кемелине жеткен. Кыргыз маданиятын , фолклор казынасын жыйноого балбай мамай кыргыз эли үчүн ала тоодой эмгек сиңирген ишмер катары бааланат. Анда кытай кыргызында кат тааныган киши миңден бир, жалпы эл караңгы жаткан, а алатоодо октябрь жеңишинин шарданында сабаттуу-илимдүүлөр кантседа бар эле, ошону кыла алган бирөө болбоптур. Эми, эки бир боор элди бөлүп-жаргансып,
Жүсүп Мамай алатоолук манасчылардын даяр варянтын көчүрүп гана кагазга жазып алды дегенден сообу? фолклор таануу илими буга жакшы жооп берип коёт. Илим өнөрпоздордун карым-катнашын,
варянт келип чыгуусун антип эле тантык жөнсалды чече койбойт. Бул жөнүндө шинжаңдагы манас изилдөөчүлөр Адил Жуматурду, мамбеттурду мамбетакун сыяктуулардын эмгектери жетиштүү жана мындан кийин да илим жүйөсүндө жооп берүүгө даяр, A чыга элек сагынбай, саякбайдын кол жазмасы Жүсүп Мамайдын варянтында үтүр, чекитине чейин уурдалган деген күпүрдү кан буугандай токтотбосок,
тарых алдында уяттуу болуп калабыз. Буга ушунчалык токтололу. экинчиден, окумуштуу талант бакчийев: «мен так айтаар элем, бул кишини мен манасчы катары атабас элем! себеби, бул кат тааныган киши, олтуруп алып жазат. . . » деп так эмей эле тантып алганын сезбесе кэрек. Ал окумуштуу залкар Жүсүп Мамай тууралуу тагыраак маалыматка да жетбей жатып, кантип манас изилдөөчү, окумуштуу атанып жүргөнүнө таң каласың. . . Ушундай да жалаа болобу? ! Жүсүп Мамай жаш кезинде кадимки эле чоң манасчы катары канча күн-түн күрпүлдөп манас айткан. «Кее түнү оозуна эмне келсе ошону айтып, буулугуп көл-шал болуп, тердеп, бир далайдан кийин ойгонуучу экен» . Себеби, агасы балбай 40 жашка чыкмайын ашкере манас айтба деп табыштайт. «Манас болсо бир тирүү олуя, киши жаш кезде түркүн-түстүү иштерге жолугат, жеңилдик кылып кee бир иштерден сактангалы болбойт. Жашың кырыктан ашмайынча келсе-келбес жерде «Манас» айтып жүрбө, болбосо олуянын ойлогонуна кайчы өзүң балее таап аласың» дейт. ②Aнткенге болбой, манасчылыктын кайнап турган кудурети улуу инсанды ичтен буулуктуруп турган. Сыртына чыгара албай, уктап жатканда да өзү билбей буулугуп, түшүндө манас айткан. «элдертүштө манас айткан Ал жорукту, жүсүпкө ак кайып даарып жинди болуп калыптыр, деп ушак-айың таратат» . «залкар манасчы тунгуч жолу1940-жылы 22 жаш курагында, какшаалдагы бедел таш жолун жасоодо дубана шаңыяга катчы болуп барганда, манасты эл алдында ашкере айткан. Жол жасоого катышкан 500 киши күндүзү оор эмгек кылып, кечте чарчаганда,
ошол кездеги манасчы жумакун мамбетакун менен жунус алыбайга манас айттырып черин жазат. Буулугуп жүргөн жүсүп күндө эле бир мазмунду кайталаган бул манасчылардын айтканын угуп, дүүлүгүп манас айтып кирет да, токтоно албай 3 түн айтат, ошондон тарта элге чоң манасчы катары белгилүү болот» ③. Демек, ошол 40-жылдан баштап, улуу инсан жагдайга карай эл алдында канча жолу манас айтбады дейсиң. Санап отурсак, узун сөз. Бул жөнүндө кытайдагы изилдөөчү Токтобүбү Ысак, манас изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Адил Жуматурду түзгөн «залкар манасчы Жүсүп Мамай» деген ири эмгекти окуган адам терең маалымат ала алат. Ошого көп токтолбойбуз.
Ал эми, улуу инсан жөнүндө эч кандай так маалымат билбей туруп, тек гана жазат, айталбайт деп жалаа чаптоо тарыхий чындыкка аша Чапкан урматсыздык,
Жүсүп Мамайдын канча күн-түн манас айтканын көргөн карыялар какшаалда толтура. Аны деле коё туралы, «1961-жылы жазда шинжаң уйгур автоном раёндук үгүт бөлүмүнүн жетекчилигинде,
бир канча орун биргелешкен «Манас » кызматы гурппасы түзүлүп, лыюфажүн, үсөйүн ажы, мамбетказы эминалы сыяктуулар акчий ооданына «Манас» жыйноого барып, ошондо «оңчулдук» жалаасы жабылып, оор эмгекке салынып жаткан Жүсүп Мамайды таап, аңызда эмгек иштеп жаткан жеринен «Манас» айттырып көрүп, аткаруу чеберчилигине,
варянттык өзгөчөлүгүнө,
толуктугуна аябай кызыгышат да, алгач жолу залкар манасчыдан «Манас» ты жазмага түшүрүүнү баштайт. Залкар манасчы эмгек менен «өзгөртүлүп » жаткандыктан,
жарым күн манас айтып, жарым күн эмгек кылууга бошотулат, 6 айга жакын убакыт ичинде «Манас» тын алдыныкы беш урпагынан 110 миң сапка жакын айтып берип, жыйноочулар кагазга түшүрөт. Ошондо Жүсүп Мамайдын курчуган чагы экен, ар күнү 10 дон 12 саатка чейин айтат, жазгандардын манасты үлгүрүп жаза албастыгын билип, бир сап, бир саптан да эринбей айтып берет. . . экинчи иреттик «Манас» епосун жыйноо кызматы 1964-жылы 6-айдан1965-жылы3-
айга чейин уландуу иштелген. . . Анын толук варянтын жазуу максатында,
залкар манасчы дагы бир ирет «Манас» айтууга чакыртылып,
бул ирет эпостун 6 урпагын толуктап айтып, көлөмүн 196 миң 500 сапка жеткирет, башка кенже эпостордон да «Курманбек» , «эр төштүк» , «толтой» , «мамаке-шопок» , «тутан» , «Көбөн» , «жаңыл мырза» ларды айтып, кагазга жаздырат . Жуңгодогу (Жуңгодогу) 10 жылдык маданий зор көңтөрүшү башталаары менен манасчы дагы жалаа, күнөөгө кабылып, алдыныкы жазмага түшүрүлгөн варянттар жоголгону жоголуп, чачылганы чачылып, ар кимдин колуна түшүп кетет, . . . (ал мезгилде ата менен балада душмандашып,
чегара айрыган кара түнөк саясат жүргөн балааматтуу жылдар эле, манасчылар манас билгени үчүн далай топко тартылып, катуу таяк жеп, абакта жатып, ошонун катарында залкар манасчы Жүсүп Мамай да араң жаны калып, жарык заманга жеткен. . . ) Мындай кырсыктуу жагдай 10 жылдан артык убакыт өкүм сүрөт. 1978-жылы (саясат оңолуп, кайра куруу башталганда) 12-айда Жүсүп Мамай борбор бейжинге чакыртылып,
«Манас» ты үчүнчү жолу айтып, жаздырууну баштайт, (демек, манасчы манасты баштан –аяк үч жолу айтып, жаздыруудай татаал жолду басып өткөн) , ушул жолу манасчы манастын 7-урпак «сомбилек» ден 14миң800 сап, 8-урпак «чигитей» ден12миң300сап айтып, сакен өмүр жазып алат, андан башка манастын 1-урпак жомогун кайра баштан толуктап айтып жаздырат, жаздырып болуп, 1979-жылдын соңу кыш түшкөндө бейжинден (акчийге) Үйүнө эс алууга кетет. 1980 –жылдын башында шинжаң уйгур автоном раёндук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин курултайы ачылып, Жүсүп Мамай бирикмеге орунбасар төрагалыкка шайланып, үй-бүлөсү менен үрүмчүгө көчүп келет, (мурда эки жолу айткан канча жүз миң сап Mанас варянты маданият зор көңтөрүшүндө жоголгондуктан) Өкүмөт Mанас варянтын кайра баштан толуктап жазмага алууну Жүсүп Мамайдын өзүнө тапшырат, ошону менен манасты Жүсүп Мамай өзү айтып, өзү жазат, (демек, залкар манасчы Mанас варянтын жыйноодо өзү жазып, кагазга түшүрүүгө ошол мезгилдин шартына ылайык, кат тааныганы үчүн, жазмага алуучуларды убаралоо убагын кыскартып, 4-жолу өзү жазып, кагазга түшүргөн, бүт өмүрүн дээрлик- 70 жылды Mанаска арнаган улуу инсан) , 1983-жылга чейин Mанастын 6-урпагын өзү кагазга түшүрүп бүтөт, 1989-жылы агасы жумалы келбайдын эстетүүсү менен, 5-урпак «сейит» тин калып калган мазмунунан 16 миң700 сапты толуктап кагаз бетине түшүрөт, ошентип, Жүсүп Мамайдын 8 урпактан турган манасы бүтүндөй кагаз бетине түшүп болот. . . ④Эми, кайрадан талант бакчийевдин жалаасына кайрылалы: «мына ушул кезге чейин бир кытай өкүлчүлүгү келип Жүсүп Мамайдын үнүн угузуп көрдүбү бизге? Жүсүп Мамай кыргызыстанга эки сапар келгенде түгөлбайлар болуп канча сапар сурашты, манас айтып бер, балдар угуп калсын деп, мурдуман кан атып кетет деп шылтоолоп, манас айтбай койду, (бул балким, манасчынын ошондогу сапар шартынын тапшыр малары же ден соолугуна байланыштуу болушу мүмкүн) , илгери тыныбектин деле мурдунан кан атып кетүүчү экен, анда ал мурдуна кийизди күйгүзүп тыгып алып эле айта берүүчү экен. Улуттук илимдер академиясынын кол жазма фондусунда сакталган материялдар кытайлык манасчылардын колуна тийип кетбеген деп ишенимдүү айта албайм, . . . Даанасы бул, өткөндө макелек өмүрбайдын өзүнө жолуктум, Aксакал, бул эмне кылганыңыз,
ортобузду тоо бөлүп турган менен бир эл, бир журтбуз, эми, манас атанын айынан чырга түшүп калабызбы? десем, эми эмне кылайын, кыргыз атанын эки уулу бар экен, бирөөсү жалкоо экен, анысы силер экенсиңер;бирөөсү тыңыраак экен, биз ушинтип сунуштап атсак анын эмнесин көрө албайсыңар?
деп ошентет. Сиз анда тыңчысызбы десем, ооба мен тыңчымын, далилдейинби деп, телефондон сагынбайдын 20-жылдарда оозунан жазылган кол жазмаларын көргөзүп атат, . . . 90-жылдарда ала тоо журналына кол жазмаларды берүү алдында, кытайлык кыргыздар менен алышып-беришип ийгенбиз, алар бизге алып келип турган, биздики тыякка кетип турган. . . » дейт. Демек, залкар манасчыны а түгүл манасчы катары да эсептебестиги келген бул «Oкумуштуу» 90-жылдарда чыгып кетти делинген кол жазмаларды эле Жүсүп Мамай китеп кылып алды дегиси келип турат, а, бирок, кытайдагы Mанастын үч жолу айтып, бир жолу жазып, кагазга түшүрүлгөн тарыхий чындыгы алдында бул «Oкумуштуу» аябай эле уят болуп калаары белгилүү. Анын үстүнө, залкар манасчынын 4-жолу өзү жазып, кагазга түшүргөн толук варянты 90-жылдан мурда, «алышып-берише электе» эле, тее 1983-жылы бүтүп, басмага түптөлүп, «Манас» кийин ошол негизинде басмадан чыкканын бул «Oкумуштуу» билбесе кэрек. Залкар манасчынын 1980-жылдардан кийин айтып тасмага жаздырылган толук варянтынын үналгы тасмасы уулу Mукаштын колунда азырда сакталып турат. 1980-жылдардан кийин (тарыхий шарытка байланыштуу кызылсууда сын тасмага алуу иштери ошол жылдардан кийин курулган теле стансыялар аркылуу гана жаңыдан башталган) Улуу инсандын Mанас айткан сын тасма көрүнүштөрү азыр Oодандык, Oбластык, раёндук теле сытансыялардын кампасында сакталуу жатат. Шинжаң эл радио сытансыясынын кампасында сакталган үн тасманы кыргызча уктуруу бөлүмүндөгүлөр да залкар манасчынын манас айткан өз үнү бойунча ободон жаңыртып эле коюп келет. Демек, улуу инсандын манас айтканын уккусу, көргүсү барлар ар түрдүү шартка ылайык угуу, көрүүсүнө далил да жетерлүү. Талант бакчийевдин жалпы жалаалары эпос изилдөө, фолклористика тургусунан караганда да өтө күлкүлүү, бул жөнүндө айрым изилдөө макаласы аркылуу ооз ачууга туура келет. Эми, кийинки макалаларга келели: кыргыз эл жазуучусу, манас эл кыймылынын төргасы асан жакшылыковдун:
«Кудай берген кутубузду кытай ала качабы» деген макаласыныда:
«Салыштырсак,
кыргызстанда манастын 82 варыянттык кол жазмасы академияда кабыл алынган. Ал эми кытайда толук варыянттын талабына жооп бере турган Жүсүп Мамайдын гана варыянты бар» деп жазат. Тегинде бул чала-чарпы маалымат болду. Анткени: «1961-жазда шинжаңда манас жыйноо кызмат гурппасындагылар манасты кагазга түшүрүү үчүн Жүсүп Мамай баштаган 20 манасчыны артышка чогултат. . . Ошондо 70 тен артык манасчынын аты тизмеге алынат. . . 20 канча манасчыдан 40 дан ашуун варянт жазып алынган. . . Алгы муун атактуу манасчы эшмат ошол кезде жашы 80 ден ашып калгандыктан,
«Манас» , «Семетей» , «Сейт» үч урпактын жомогунан кыскартып 10 миң саптан артык айтып кол жазмага түшүргүзөт.
. . Калган манасчылардан 150 миң саптан артык материял жазып алынган. . . » ⑤. Андан да ашкан жалаа аталган макаланын «эми Жүсүп Мамай жөнүндө тактайлы» деген бөлүгүндө берилет: « Жүсүп Мамайдын бир тууган агасы балбай тыныбектин окуучулары - жусупакун апай, эшмат мамбеттен «Манасты» жазуу менен кошо, 1916-жылы үркүндө ала-тоодон барган чоюке, шапак, таабалды, дыйканбай, найманбай, мамыркан, сагымбай, актан ж. Б. Көп манасчылардан эпосту жазып, Жусуп Мамай варыянтына кылдат сиңырилген жана балбайдын ошо курама варыянты жатталгандан кийин «жоготулду» болгон. Кыргыз республикасында түзүлгөн классикалык «Манасты» иниси Жүсүп Мамайга жаттатуу жолу менен үйрөткөн. Буга жусуп мамайдын өз майектери жана кытайда чыккан «жусуп мамай» жөнүндүгү китеп толук күбө болот. Кытайдын илимий эмгектеринде да, манасчылыктын анык классикалык традытсиясына айкашпаган:
«акыркы кездеги жаттама, жазманы пайдаланган"
: Жусуп Мамай төкмөлүк шыгы бар «жазгыч манасчы» катары гана белгиленип илимде даана корутунду чыгарылат» . Тыныбектин окуучулары,
балбайдын «Манас» жыйнаганы го чындык. Корутундуңуздан айланса болот. Башта айтбадыкбы,
өнөрпоздор кайда атактуу өнөрпоз болсо айлап жол басып, өнөр алмаштырып,
артыкчылык-
кемчиликтерын толукташып,
анан бир бүтүн елдин ири эпостору калптанаары белгилүү. Мындай устаз- шакирттикти «өзүнө кылдат сыңирүү, «түпкү маанисы уурдап алуу демекчиби? кандай? » курама варянт» деп атасак, анда манасчылыкта ырчы уулдан башка курамасыз «мөл» варянт айткан эч бир манасчы болбой калат. «Манас» элдики эмес, жекенин чыгармасы болуп калат. Себеби, ошол « 1916-жылы үркүндө ала-тоодон барган чоюке, шапак, таабалды, дыйканбай, найманбай, мамыркан, сагымбай. . . Болобу, деги эпостун биринчи жеке автору ырчы уулдан башка баардык эле манасчы устаз-шакирттик байланыш түзүп, алымча-кошумчаларын,
аткаруу өнөрүн үйрөнүп жүрүп, анан ошолордун ичинен эң мыкты манасчылар чыгаары илимде белгилүү. автор айткан «Курамалар» аркылуу гана анан бир бүтүн толуктанып,
кемелденип олтуруп, толук ваянттуу Элдин жомогу түптөлөөрү да илимде белгилүү, анткени, манас элдики, жекеники эмес. Бүт кыргыз Элинин, адамзаттын маданий мурасы. Эпосчулук Oоз эки өмүрүндө жашап турганда, «Курамалап,
сиңирып (же уурдап) Алды эпосту» деген бул жалаа илимде да күлкүлүү турат. Ал эми, автор кытайда чыккан "Жүсүп Мамай «балким, айтып жатканы «залкар Mанасчы Жүсүп Мамай» "деген китеп тастыктайт деп, ал китепке да жалаа жабат, эгер автор ал Китепти толук окуган болсо, мындай жалаа жабуудан уялган болоор эле. Ошол себептүү, автор чала-чарпы маалыматтарга гана таянып олтуруп, илимге илимдей мамиле кылбай, Жүсүп Мамайды «жаттама манасчы, жазгыч манасчы, манасчылыктын анык классикалык традитсиясына айкашпаган» деген жалааларды жапса, ал эми, манасчы, фылология илимдеринин кандидаты атанган Tалантаалы бакчийев: «Манастын мекени кыргызыстан!
» деген жазмасында:
« эми кыргыз республикасынын «Эл артисти» деген бийик наамды жана 1-даражадагы «Манас» орденин алган Жүсүп Мамайдын жогоруда айткандарын жокко чыгарбай, бир аз да болсо талдап өтөлү. Кыргыз элинде ар качандан бир качан «Аян алмайын адам манасчы боло албайт» деген терең ишеним өкүм сүрүп келген. Бул ишеним ортодогу с с с р доорундагы атеизмдын катаал саясатында да өзүнүн актуалдуулугун жоготкон эмес. Азыркы күндө болсо манасчылык өнөрүнүн келип чыгуу маселеси расмий илим тарабынан жаңыдан колго алынып жатат. Эгер элдик ишенимге таяна турган болсок, анда «Манас» дүйнөсү тарабынан аян алмайын, арбак дааруу протсессинен өтмөйүн, адам «Манас» айта да албайт, нагыз манасчы да боло албайт. . . » деп жазат. Кызыктуусу бул: аян албай, жаттап (8 урпак билген) Залкар манасчы болуу мүмкүн эместигин биле туруп, кайра өзүнүн сөзүн төгүндөп, Жүсүп Мамайды «жаттама манасчы» дегенге кантип акылы барат? изилдөөчүлүгү чын болсо, колундагы чала-чарпы маалыматка энтелеп кетбей, илимге илимдей мамиле кылып, кытайда чыккан «залкар манасчы Жүсүп Мамай» деген китепти не таназарга алып койбойт? «жаттап го манасчы боло албайт» , Жүсүп Мамайдын толугураак маалыматын издеп багып, анан бир нерсе дейли деп ойлобойт? так айтканда, бүгүнкү күндө биз билген, жазмаларын окуган ала тоолук «Манас изилдөөчүлөр» дүн басым көп бөлүгү Кандайдыр, Жүсүп Мамайга ар кыл чала-чарпы маалыматтар менен жалаа жабууга урунуп, а түгүл «Жүсүп Мамай манасчы эмес» деген былжырак сөздөргө чейин барганы-бул атбай кыргыз элине кылган урматсыздык,
атбай кыргыз элинин маданият, адабият, фолклоруна кылынган урматсыздык!
кыргыздын дүйнөлүк улуу инсанына ушундан артык жабылган жалаа болбос!
Ал эми жогоруда аты аталган кыргызыстандык изилдөөчүлөр андай жалааларынан мурда, кытайдагы Жүсүп Мамай жөнүндөгү илимий эмгектер менен толугураак таанышып болуп, анан бир деме деши кэрек эле. Алардын карашынан кыргызыстандан башка жердеги кыргыздан ар кандай залкар манасчы чыкбашы кэрек же чыгып деле боло албайт, деп тургандан сообу? «Манастын мекени кыргызыстан!
» дегенден эле автордун канчалык ала бармандыгы чыгып турат. Биз: бүт кыргыз элин үлгү кылып, бүт кыргыз маданият казынасын үлгү кылып, фолклористика илиминин жүйөсүнө сөөнүп туруп айтаар элек: «Манастын (епостун) Мекени- деерлик бүт кыргыз эли конуштанган жер! » деп. Себеби, бир улут мейли канча өлкөгө таракай жайгашып жашабасын, ошол улуттун таракай жайгашып жашаган бөлүктөрүндө да ошол улуттун маданият катмары сакталган болот. Бул талашсыз. Дагы бир жагынан, кытайдагы эле кыргыздар эмес, Oоганыстан, түркияларда жашаган кыргыздар ичинде да манасчылар болгону жөнүндө маалыматтар бар. Демек, кыргыз бар эле жер болдубу, элдик ишеним боюнчада, манасчылыктын анык классикалык традитсиясы боюнча да, «арбак даарып» калса, азгана кыргыз бар ооганыстандан да залкар манасчы чыкбайт деп эч ким кесип айта албайт. Какшаалдагы (акчий Oоданындагы) Сыргактын мүрзөсү, Mузбурчактын мүрзөсү, жамансуудагы Aлмамбеттин куржуну белги ташы, санжы (саанчы) Обласындагы Kутубий, Mанас Oодандары, ички моңгулдагы хоххот (кокту кат деп байырда айтылганы, кыргыз шаары болгону Ж. Мамайдын варянтында чыгат) Жуңгодогу «Манас» издеринин канчалык тарыхты таштап кеткенин күбөлөп турат. А түгүл, алтайда Mанастын туулганын эске алсак, Mанас баатырдын киндик каны тамган касийеттүү журт шинжаң экени да белгилүү. Кыргыз бар эле жерде дээрлик манас эпосу бар. Ал кыргыз элинин эпосу. Жогорку авторлордун жазганындай анчалык тар алкакта кыргыз эпосчулугун,
(болуп да «Манас» ты) Мекенге бөлүп бөлчөктөө илимий жорук эмес.
Жүсүп Мамайдын «Mен Mанасты жаттап үйрөндүм» дегени бул жактагы атеизмдик көз карашка шайкешип кеткен. Улуу инсан мурда, елге чынын айтып: түш көрүп, анан да кол жазмаларды окуганга кошо, даарыган касыйетти жууруп, манасчы болгонун айтканы эл арасында азырда ошондо уккан карыялардын оозунан айтылып келет. Болуп да, залкар манасчынын «түш көрүп манас айтып калдым» дегени кытайдагы 10 жылдык маданий зор көңтөрүш балааматында башына токмок болуп тыйген. «жалганчысың,
ушундай да жалганчылык болобу» деп, катуу какты-соктуга алынган. 10 жылдык балааматтуу окуядан кийин, баары эле адам өз көлөкөсүнөн да коркуп калган. Ооздон чыккан бир тыбышты да өтө этияттап сүйлөп калган. Ошондон тарта 90-жылдардын аягына чейин залкар манасчы эл болобу, мейли изилдөөчү болобу, чукуп сурап, манасты кандай айтып калганын сураганда, «Tек жаттап гана айтып калдым, кагылайындар!
башканы билбейм» деген сөздө бекем туруп келген. А эл арасында ошондо деле касийет даарып манасчы болгону тууралуу ар кандай сөздөр бекем ишенимдүү айтылган. Ал балааматтуу жылдардын жаракаты түгөгөндө гана, чукуп сурап берген эл-журт жана изилдөөчүлөргө көпкө моюнсаал болуп жатып, анан чыныгы абалды айтып берди. Азырда, бул жөнүндө көргөн түшүн көөнү сүйгөн адам сураса айтып берет. Бул жөнүндөгү теле тасма да колубузда. А эми илимый эмгектерге кайрылсак: «жүсүп 10 жашар кезинде Эле манас эпосунун көп мазмундарын жатка айтып бере алатурган болгон, бир күнү түшкө жакындаганда,
мекеге Aажыга барып келген мамай карыя аялы бурулкан менен Жүсүп окуп берип жаткан манасты угуп отурганда, Жүсүп туруп эле үргүлөп кетип бир түш көрөт. Түшүндө: күүгүм кирип бараткан кез болуп, алдында жайдак тору ат минген, өңү кара тору келген, калың эриндүү киши пайда болот, жүсүп аттын тизгининен кармай калат, ошондо, жаңкы киши алды жакты көрсөтүп: «Oй, балам, эсиңде бекем карма, тигилерди карачы! » дейт. Жүсүп көрсөткөн жакты караганда, боз атчан эки баатыр соот кийип, батышка карап катар турат экен. Алардын артында бирөө жеерде, бирөө сарала ат минген эки баатыр турат имиш, алардын да артында бир тору атчан баатыр бар имиш, дал ошол кезде жаңкы киши аларды Жүсүпкө тааныштырып:
«Эң алдында турган эки кишинин бирөө Mанас, бирөө Бакай, алардын артындагы экөөнүн бирөө Aлмамбет, бирөө Чубак, мен Ырчы Уулмун, Aжыбай дагы артыбызда» дейт. Жүсүп Мамай артын карап, ажыбайды издейин дегенде ойгонуп кетет. Ошондо, жанында олтурган бурул байбиче кара тер басып кеткен баласын карап таң калып: «Эмне болдуң, балам? » деп сурайт. Жүсүптүн түшүн билгенсоң, мамай карыя байбичеси менен бир козу сойдуруп, айылдагыларды чакырып, Жүсүп үчүн «Tүлөө» берет. . . » « Балбай да Жүсүпкө окшош түш көрүп, анан чын дилинен манаска берилген. . . » ⑥. Демек, манастын арбагы даарып, анан залкар манасчы болуу-азыркы илим да далилдемекчи болгон баардык эле залкар манасчыга таандык окуя. Тайыз түшүнүктүн,
учкай корутундунун жалааларын ар качан тарыхий чындык четке кагып салат.
Залкар инсандарга жалаа жаап, четке кагуу кыргызда боло келген
Биз кыргыз кээде кызык елбиз. Өзүбүздөн чыккан укмуштай таланттарды өзүбүз эле Kөрө албоочулук,
Жеке кызыкчылык,
Наадандык, Tоп бузарлык, Жерчилдик, И ч күйүү, Oозго чыкканды так далилсыз туш келди оттомой, Oоздон-оозго ушак-айыңдын «жогору темптүү таш жолун жасоо» аркылуу коомдук бикирды дуулдатуу. . . Деги койчу, ушундай илдеттер ичибизде арбын болгондуктанбы,
бөлүнүп-жарылып,
улуу инсандарыбызды өзүбүз боктоп жок кылууга даярбыз. Бирок, айланабыздагы өнүккөн, таланттын, маданияттын кадыр-баркын билген түптүү улуттар биз боктоп жоготмокчу болгон таланттарыбызды «боктолуп чөгүп кетүү кообунан арачалап калып» , анан улуу инсандарыбыз өз талантын, кадыр-баркын «Кыяматтын кыл көпүрөсү» нөн өтүп жүрүп араң таап келатат.
Буга алды менен мисал катары «Aдамзаттын Айтматову» аталган кыргыздын дүйнөлүк залкар таланттуу жазуучусун алалы. Кезинде, «бири пойезияны, бири кара сөздү энчиеп алышкан Aалы менен Tүгөлбай эки лөк, чыңгыздын артынан көшөгө артында чыгармасына чагым уюштуруп, шыкак берип, аноним кат жөнөткөн. . . Ал ошол кездеги советтер союзунун генералдык катчысы, союздун атасы Леонид илич Бирижневге да жеткен. . . Ал айкөлдүгүнө салып ал арыздарды бөлмөсүнөн чыгарбай басып коюптур. . . » ⑦ . Жалааларды маалында басып коюу болбогондо,
улуу жазуучу ошол дооматтардын заңкасына кетсе, мүмкүн «адамзаттын Айтматову» чүнчүп, кагажып, улуу аты да куугунтукка алынып, жок болоор эле. Кудайдын көзү бар экен, эми минтып таланты менен бүт дүйнөнү тамшантып олтурат. А түгүл кечее эле улуу инсандын көзү өтөрдө: «Айтматов катуу ооруп калыптыр» деген суук кабар Ала-тоо аймагына желдей тарады. Бардыгыбыз агайдын айыгып кетишин самадык, кааладык, тиледик. (Kыргызыстан) Өкүмөт басылмалары эмнегедир окурмандарды жоошутуп, жубатып, "Айтматов сүйлөп калды, тамак ичып калды, кыргызстандын россыядагы елчиси Aттокуров менен сүйлөштү, жакында окурмандары менен жолугушат» деген кабарларды үстөккө-босток таратып турду. Көрсө, бул жалган, калп экен» дей кылсак, A көзү өткөндөн кийин: « күндөр айды, айлар жылды толтурду. Айтматовдун ашы келди. Бийликке ашты мамлекеттик деңгеелде өткөрүү жөнүндө кулак кагыш кылдык. Аштын саясий, маданий, тарыхий ролун белгиледик.
Бийлик Айтматовдун ашын эстеп да койгон жок. Ал турсун үй-бүлөсү куран окутуп жатканда чакырган жерге да, ата-бейитке да басып келишпеди. Ушул эле учурда юбылейлик мааракелерде тайраңдап, сайрандап жүрүштү» кылдык⑧.
Aл эми, залкар манасчы Жүсүп Мамайга да «маданият көңтөрүшүндө» өзүбзүдүн эле жажымпоз,кара неет,дооматкор жарандарыбыз колунан иш жасалып, «Oңчул, Kалпычы, жин-шайтан» . . . Дегендей ар кандай жалаалар «Манас» айтканы үчүн жабылып, оор запкы жеп, оор эмгектерге салынып, четке кагылган. 1978-жылы саясат оңолуп, кайра куруу башталганда лыю шавву, лаң йиң сыяктуулардын улуу инсандын талантын кайра баалап, манасты куткаруу далалаты менен, атайын гурппа түзүлүп, «Манас» кайрадан иреттөөгө алынып, мына эми 8 урпакты жат билген манасчынын варянты кагазга түшүп, дүйнөлүк оораакка Ээ укмуш талант кадыр-баркын таап олтурат.
Жүсүп Мамай кыргыздын Чыңгыздан кийинки эле улуу инсаны
Жүсүп Мамай дүйнө коомчулугу моюндаган, манастын 8 урпак толук варянтын ооз эки айта алган, дүйнөдөгү жалгыз инсан. Ал ушундай улуу мурасты, ондогон кенже эпосторду чыпчыргасын коротбой, толугу менен адамзат маданият казынасына жеткирип бергени менен эле, талантынан тамган дүйнөлүк кадыр-баркын таап, кыргыздын чыңгыздан кийинки эле улуу инсаны болууга акылуу.
Залкар манасчыны Айтматов да өтө улуу баалаган. 1989-жылы айтматовдун чакыртуусу менен атайын кыргызыстанга барып, тилекке каршы, Айтматовдун маскөөдө кызмат зарылчылыгы менен, эки улуу инсан бетме-бет олтуруп жолукканга насип болбой, ар эки инсан да өкүнүчтө калган. Ошентсе да, Айтматов ар дайым кыргыз элинин улуу генийинен жаралган Жүсүп Мамайды эстеп, жагдай болсо эле, залкар манасчынын ал-жайын сурап, белек-бечкегин жиберип, башкалар аркылуу тон жаап сыйлаган. Айтматовдун арманы да залкар манасчы менен бетме-бет көрүшүп, сыр чечишүү болгон. Кызылсууда «Манас» эпосунун Жүсүп Мамай айтымындагы толук нускасы кирилче басылып чыкканда, китепке улуу жазуучубуз атайын баш сөз жазып, залкар манасчынын талантына таазим кылып, бул толук айтымды Бийик баалап, залкар манасчыга жогору урмат былдирген. . .
«Жуңгодогу эл ооз адабиятынын баштоогу жоң жиңвын мырза Жүсүп Мамайды «Заманыбыздын гомери» , «Mамлекетибиздин байлыгы» деп алкаган болучу. Германыялык эпос изилдөөчү илимпоз карыл рейхыл Жүсүп Мамайды зыяраттагандан кийин, чет элдеги ооз еки адабият жыйналышында «Манас» айтуучу Жүсүп Мамайды тааныштырып,
жыйналышка келген изилдөөчүлөрдү таң калтырган. Себеби дегенде, батыш эпосчулугу китеп жүзүндөгү эпосчулук болуп, элдик Oоз эки формада айтылбагандыктан,
алар кытайда Мындай эпосту толук айта ала турган эпос ырчысынын бар экендигин ойлобогон болучу. Андыктан, алар Жүсүп Мамайды бардыгы бир таң каларлуу кубулуш, ал «тирүү гомер» екен, деп баалашты» ⑨.
Ар кандай жалаа бул улуу инсанга тарыхий чындык алдында ылайык келбейт. Санап отурбасак да, улуу инсан өлкө аралык далай эң бийик сыйлыктардын,
атактардын Ээси. Буга 8 урпак «Манас»ты жат билген улуу таланты күбө болуп турат. «Ал айткан 8 урпак 232 миң165сап «Манас» тын толук варянты «Манас» варянттарынын ичинде көлөмүнүн кенендигине жараша, көркөм ары жогору баага жарамдуу болуп турган так варянт. Бул жүйөнү кытайдагы ар улут «Манас» изилдөөчү адистер бирдей айтып турган тарыхий корутунду» ⑩. Ар улут «Манас» изилдөөчүлөр да баардык манасчылар ичинде Жүсүп Мамайга теңдеши жок экенин куптайт. Анын варянты Көркөмдүүгү,
хыронологиясынын тунуктугу, тырагедиялык асемдиги, толук варянттуулугу менен «Кыргыз маданиятынын энскилопедиясы» деп даңкталып келет.
Ыркың бириксин, кыргызым!
«Манастын мекени кыргызыстан!
» деген жазмада: « Aрийне, бул маселе жөнүндө кеп кылып жатып, биз ала-тоонун аркы-берки бетинде жайгашкан бир елди бөлүп-жаралы же ортого чок салалы деген ойдон таптакыр алыспыз. Ошондой эле кайсы бир тарапты төмөн же жогору коёлу деген ойдон да Оолакпыз. Бар болгону иликтөө, салыштыруу жолу аркылуу маселенин чын-төгүнүн аныктап көрөлү деген гана ак нийет менен төмөндөгү материялга кайрылмакчыбыз» Деген болсода, «Салыштыруу,
Изилдөө жолу» жалаа, төгүн болуп калганы өкүнүчтүү. Ылаайым эле, биз дагы эки тоонун капталындагы эки элдин ушак-айың, жалаадан алыс болуп, бир боор кыргыз бөлүнүп-жарылбай,
эки эл ынтымактуу өтсөк экен, деп чын дилден самайбыз.
Аталган жазмада айтылгандай:
« бул маселе боюнча өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары аркылуу ар кандай ой-пикирлер айтылып келүүдө:
1. Деерлик көпчүлүгү кытайдын мындай кылган кадамына кескин каршы экендигин билдирип, «Манас» бир гана кыргызстан тарабынан сунушталышы керектигин айтса;
2. Кыргызстандын айрым бир жарандары болсо, К Э Р дакы кыргыздардын нийетин жана аракетин эске алып, туура түшүнүп, юнесконун аты аталган номынатсиясына кыргызстан менен К Э Р – эки мамлекет тарабынан сунушталгандыгын туура көрсө;
3. Дагы кээ бирөөлөрү, маселенин кыргызстандын тыйыштүү органдары тарабынан мурда көтөрүлбөй келгендигин айыптоо менен айтып жатышат» болгон болсо, Биз да,албетте, 2-ой-бикирди эң туура деп,колдоп тураар элек. Себеби, «Манас» тын айынан эки эл бейпайлуу чырга түшүп калса болбойт. Mүмкүн болсо, оболу «Манас» ты йунеского кыргыз мамлекети өткөрсө ийкемдүү болот еле, Аны мурдараак юнеского өткөрө албаган кыргызстан,
мындан ары деле өткөрсө кечиккени кайырлуу болот. Жуңгодогу кыргыздардын,
ар улут манас изилдөөчүлөрдүн,
маданият кызматкерлеринин түйшүктүү Эмгеги менен «Манас» кытайдан оболу юнеского өткөнү эки элди чырга салбашы кэрек. Залкар манасчыга жабылган ар кандай жалаалардан баш тартып, ынтымактуулукту чыңдасак акылмандуулук болот. Коомдук ишмер Садык Шерниязовдун сөзү эң акылмандуулук менен айтылган жүйөлүү сөз: «ансызда чачылып жүргөн эл эми эки жаат болуп, кытайлык кыргыздар, кыргызстандагы кыргыздар дегенге барбашыбыз кэрек. Макелектин айтканы деле кандайдыр бир ызаага берилип кетип айтылган сөз болушу мүмкүн. . . Бир гана кыргызыстандын атынан киргизебиз дегендик-бул эл аралык норманы билбеген болуп, депломатыялык жолду билбеген болуп калышы мүмкүн. Бирок, биз кытайдагы кыргыздардын Манасы жана кыргызыстандагы кыргыздардын Манасы деп туруп (юнеского) Киргизишибиз кэрек! Ал жакта да кыргыздар жашап жатбайбы!
» ⑾Ооба, «Манас» юнеского кытайдын (Жуңгонун) Аты менен алгач ирет өткөнүнө байланыштуу эле, «Кутубузду тартып алабы» деп чочулоо жөнсүз, Анткени, кытайда барып келип эле «Кыргыздын улуу манас эпосу» деп билет, буга ал Жердеги жоон топ ар улут «Манас» изилдөөчүлөр,
Ар даражалуу Манас изилдөө коому, жоон топ Манасчылар,
жашаган кыргыздар тарыхий күбө боло алат жана урпактан-урпакка улуу эпосту жалгамак. Ушунчалык жапаалуу эмгектер менен «Манас» ты оболу кытайдагы бир ууч кыргыз чымырканып юнеского өткөргөнүнө сыймыктанса болот, бул кыргыз маданиятындагы ири кубанаарлуу саамалык!
Соңунда, дагы бир жолу айтсак, кыргыз жашаган эле жерде «Манас» кыргыздыкы,
атбай кыргыз элиники боло бермек. Анда макаланы Айтматовдун сөзү менен аяктайлы: «Кылымдан-кылым өтүп, кыргыз жер бетинде , жашап турганда эле, «Манас» кыргыздын баалуу мурасы болуп жашай бермек! » .
Эскертүүлөр:
①Азаттык үналгысы «Ыңгайсыз суроолор» сыналгысынын «Манастын баркына жете алабызбы? » интернет баракчасы , 2009. 12. 30
② «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» Токтобүбү Ысак, Адил Жуматурду, улуттар басмасы, 2007-жыл, 104-бет
③ «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» Токтобүбү Ысак, Адил Жуматурду, улуттар басмасы, 2007-жыл, 105 ~107-беттер
④ «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» Токтобүбү Ысак, Адил Жуматурду, улуттар басмасы, 180~187-беттер
⑤ «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» Токтобүбү Ысак, Адил Жуматурду, улуттар басмасы, 182-, 183-беттер
⑥ «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» Токтобүбү Ысак, Адил Жуматурду, улуттар басмасы, 103-бет
⑦Курманбек Осмонбеков:
«Айтматовдун айымдары»
⑧Aбдылдажан Aкматалийев:
«Айтматовдун ата бейиттеги эстелиги руханий мекке болушу кэрек» (макала)
⑨ «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» Токтобүбү Ысак, Адил Жуматурду, улуттар басмасы, 2-бет
⑩ «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» Токтобүбү Ысак, Адил Жуматурду, улуттар басмасы, 87-бет
⑾Aзаттык үналгысы «Ыңгайсыз суроолор» сыналгысынын «Манастын баркына жете алабызбы? » интернет баракчасы , 2009. 12. 30
Ала тоодон аттаган доомат Ала тоодон аттаган доомат
#2 24 July 2010 - 12:57
Мага абдан жакты! Ар бир кыргыз баласы билиши керек го, дейм? Рахмат сизге автор!
#3 16 March 2011 - 02:11
таазим
"Ийилгенге ийилгин башын жерге тийгиче
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
Кекейгенге кекейгин төбөң көкө жеткиче"
#4 16 March 2011 - 15:23
Кыргыздын Манасы дуйнодогу эн улуу эпос!Сыймыктансак жарашат!
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#5 16 March 2011 - 15:30
Манастан башка козго басаар эмнебиз бар биздин!!
!
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!

Супер-Инфо
super.kg
видео













