Бул жерге балдарынардын,
бобокторунордун кылык-жоруктарын жазсанар. Балам балалуу болгондо билесин дегендей баланын канчалык таттуу экенин балалуу болгондо гана сезесин. Азыр Канчалаган Жаш уй-булолор балдарын ата жнелерине таштап дуйнонун ар кайсыл бурчунда иштеп журушот. Сагыныч, кусалыгынар менен болушсонор болот.
Балам, балам, жан балам. Балалуу үй базар, баласыз үй мазар.
#2 20 July 2010 - 14:51
... Азыр Канчалаган Жаш уй-булолор балдарын ата жнелерине таштап дуйнонун ар кайсыл бурчунда иштеп журушот. Сагыныч, кусалыгынар менен болушсонор болот...
Мына мен ошондой болуп чонойгон балдарданмын. А мени коп деле эркелетпейт болчу менин туугандарым.
Өзүң бол
#3 01 August 2010 - 00:03
Буйруса оз наристенизди эркелетип, озунуз ойлогондой тарбия бересиз.Ата- эненин мээрими баша туугандын мээрими башка болот эмеспи.
Элимде тынчтык болсун!
#4 01 August 2010 - 00:16
Менда Ата-Энем аябай эркелетип остургонунобу,
негедир азыркы кунго чейин эркелигимди коп байкап келемкээде уялып кетем анча мынча кылыгымдысезипкалганымда.
P.S. Достор бул менин жеке оюм...
#5 01 August 2010 - 00:18
Мен да жаш баланы корсом баса калчуу адатым бар.
Жаш баланы колума кармап эркелете элегиме коп болду...Бул бир таанышымдын баласы,аны да Кыргызстанга берип жиберишти
Эркелиги,тартынбаган шоктугу,балдай тили менен озуно арбап алат.Айта берсе тугонбогон ширин кыял жоруктары бар
Элимде тынчтык болсун!
#6 01 August 2010 - 00:19
ылайым баарыбызга эркелете турган таттуу наристелерди насип кылсын ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#7 01 August 2010 - 03:59
алсыз сезип куч кубатын жоголуп, маанайын жок саз балырга чоккондо, карангы тундогу чырактай болуп, кок асманда шоктук кылып ак булуттай желген ,тазалыгы суттон ак урутунан кулку тогулсо бааарын жуууп кеткен Кичинекей БОБОК
ТОРУБУЗ аман болсун.
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#8 02 August 2010 - 12:22
таарынбачы,
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
#9 02 August 2010 - 12:59
Мен үйдө улуусу болгондуктанбы,
өзүмдөн кийинки үч бир тууганымды чоңойтууга,
аларды кароого көп эле жардамдаштым.
Албетте, ар бир бала өзүнчө дүнүйө... Анын кылык-жоруктары чоң адамды таң калтырат, алардын булдураган тили жана ачык-айрым айтып отурганы күлкүнү келтирет. Мисалы, кичүү иним жаңы тили чыкканда, менин атымды айта албай "Э..мляя"
дечү да!
Ал эми, сиңдим көк кружкасын көтөрүп алып, малина эгилген жөөктөрдөн чыкчу эмес. Ичине быша элегин да, жалбырагын да салып алар эле... Мындай таттуу күндөрдү эскерүүнүн өзү жагымдуу маанай жаратат!
Жогорудагы форумчуларды туурап, мен дагы жаш балдардын сүрөтүн илгим келде...
Пы.Сы. Төмөндө "шипширин жанымдай көргөн бөлөм":
Жогорудагы форумчуларды туурап, мен дагы жаш балдардын сүрөтүн илгим келде...
Пы.Сы. Төмөндө "шипширин жанымдай көргөн бөлөм":
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#11 02 August 2010 - 16:05
Бул жакка жалаң баласаактар чогулуп алышыптыр
!
Эртерээк балалуу болбосоңор, болбой калыптыр
...
Эртерээк балалуу болбосоңор, болбой калыптыр
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#12 08 September 2010 - 15:00
Менин баламдын оооой тили сайрап турган маалы .Кичинекей бобоктуу болгонун аябай энсеп жургон боюмда экинчиси бар кезде ичим билинбесе да уктатам деп таптачу атын коюп алган Адилет деп.Кийин бала ичимен олуп алдырганда аябай жаман болду мама Адилет олуп калдыбы деп, ансайын менин журогум сыздайт.Азыр болсо башка балдардай болуп туулган кунуно оюнчук сурабай бала тороп бер атын Нурэль коём деп отурат.Озу аман болсун кичинекейим бир нерсеге дилгир азыртан жумуш жазаганды жакшы корот ,мама жардам берем деп эле турат жон койсон идиш жуугусу бар.Баласын таштап алыска кеткендер кантет билбейм меники мени эки кун корбой калса эле тундо уктабай мамалап бакырып чыгат.
#13 14 September 2010 - 17:51
#14 16 September 2010 - 14:44
Менин баламдын бир созу эске тушту.Биз аны жыттаганда дайыма эмне жыттанып атам? деп сурайт биз болсо мм сок жыттанып атасын, шоколад жыттанып атасын деп койчубуз. Анан таэнеси жыттаса да эмне жыттанып атам ?деп сураптыр анан сок жыттанып атасын десе "иии да мен кичинекей сокмун сиз чон соксуз эээ "дептир тентегим.
#15 11 November 2010 - 02:49
бала бала бала балан болбосо жашррдо эмне кызык менин да балам бар бакырайган козу менен караса аалам гулистан ал менин табияттан алган "наркотик"
сымал канча жыттасан кумарын таркабаган соонун быйпыгым.
Мен эми бактылуумун!
!! :)
#16 11 November 2010 - 21:48
...Жаш бала кандай таттуу, кумарлуу, өзгөчө дүнүйө...Балалуу болгондон кийин жашооң өзүнчө шанга бөлөнгөнсүп үйүңдө күндө майрам болот тура. Менин тун уулум Эмирхан. Азыр тогузунчу айда. Өң келбети боюнча атасына куюп койгондой окшош деп көп айтышат... Ал эми кылыгычы, кылыгы.... Ох-хоо аз жерден жүрөгүң жарыла эзилет, көргөн сайын көргүң келет... Үнумдү атып тааныйт. "Э, күчүүк" деп койсом, эркелеп уялымыш болуп анан томпоңдоп жөрмөлөп жөнөйт. Айтмакчы тили биринчи "ата" деп чыкты. Азыр "атьта"
"маьмам"
"эньнее"
дегн сөздөрдү билет.Өз алдынча бир нерсени карманып туруп калган. Куда буйруса аз күндө өз алдынча кадам шилтейт. Эми кылыктарын сөз менен айтып жеткире албайм...Кыскасы төмөндөгү сүрөт Роддомдон жаңы эле алып келгенде...
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
#17 12 November 2010 - 02:48
Салам достор!!
!Дал ушул темага убагында аябай кызыкчумун,
качан мен да жазар экенмин-деп.
..азыркы мезгилде келинчегимдин боюнда бар...Кубанычыма кубанычым батпай турган кезим...Жараткандан жакшы тилек кылып журом...ата болгон сон,Уулду болсом -деп тилеп атам...Эмнеси болсо да Келинчегим аман-эсен коз жарып алса болду...Азыртан балам менен жумуштан келип саламдашам,
ыр ырдап берем ...жада калса ырлардын создорун унуткан жеримде кынылдап эптеп ырдап коём.
Анан апакесин кыйнаган кезде : "Бултуска апакенди кыйнаба,бугун чарчады аябай,андан коро кел мен сага жомок айтып берем"-деп суйлошом.келинчегим ошого конуп алыптыр,кичине кыйналса эле: "Дагы баштады,кыйнаба Апакенди дечи"- деп калат.Негизи Уул болобу Кыз болобу омурун берсе болгону!!
!
Балам бир кулсо куломун.
#18 18 November 2010 - 06:18
Kichinekei baldardy korsom ele anynan chykpai kalam da, anan alar da maga bat ele konup ketishet...Chuldurap suilogondoru sonun go ugup ele otura bergin kelet
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
#19 19 November 2010 - 13:38
Ооба, бала деген кандай таттуу, бал ширин создору, кылык жоруктары менен жарпынды жазып жиберет.Мен алыс жактамын,албетте балам менен.Балан жанында болсо ошондон откон бакыт жок эмеспи.Иштен чарчап чалыгып барсан,баардыгын унуткарып,жазып коет.Азыр 1 жаш 8 айга толду.Кундон кунго тили чыгып,ар турдуу онорлору чыгып жатат. Баарына тушунот.Анан аябай эле эрке болуп калды,эмнени жасайм десе ошону жасайт.Анан эмитен эле телефондо суйлошконду билет.Башында шапкасы бар болсо аны чечип салат,себеби угулбайт калат дейби.Анан суйлошуп баштайт да озунчо эле ха-ха деп кулуп коет.Кичинекей эле бала бир нерселерди чулдурап суйлоп жатса кочодо коргондор да кызыгып карап калышат.Эмитен эле компьютер ойнойт.Отурат да кулагын корсотот эмне десен наушникти кийгиз дейт.Карап турсан бир чоон эле адамдай.Азыркы жаш балдар башкача.
Лучше сделать и жалеть, чем не сделать и
жалеть.
жалеть.

Супер-Инфо
super.kg
видео





















