Бир убакта жакын эле жерден тарс-тарс деген катуу добуш чыгып кечки асманды коздой кызыл,сары,жашыл деги коп тустуу жылдызча,шакекчелер уча баштады. Алымбек башында чоочуп,коркуп кеткени менен кийин суйунуп, колдорун чапкылап да жиберди. Ал 3 жашка жаны эле толсо дагы бул эмне экенин билет. Бул Салют. Шаардан 1.5-2 сааттык жол аралыгындагы тоо тараптагы айылында дагы жаны жылда ушундай салют атышкан. Бирок бул салют андагыдан да чон,кооз болчу. Алымбек бакырайган,
таптаза коздору менен бул укмуш корунушту суктана карап турду.Ошол эле маалда мындай салюттар шаардын дагы 2-3 жеринде атылды. "Бугун эмне майрам эле?" деп эжеси менен жездеси биринен бири сурап калышты. Булар шаарга Алымтайдын дагы бир башка эжесиникине келишип, жездесинин досу ала кетем дегенинен суйлошулгон жерде кутуп турушкан. Капыстан эле "Качкыла туугандар, качкыла "деп топ-топ болуп адамдар,негизинен кыз-келиндер ,жугуруп ото башташты. Жездеси 2-3 эркек кишилер менен суйлошуп, ,Анара баланы алып тиги аялдар менен бара бер ,мен силерди кийин таап алам" деп кала берди. Анара эжеси Алымбекти которуп алып башка аялдардан калбай жугуруп баратты. Бир заматта айлана ызы-чууга толуп,бала эч нерсени тушунбой ыйлап кирди. Эжеси чалынып жыгылып тушту. Корккон бала тура калып эжесин да таппай калды. Тарсылдаган ундор дагы чыга баштады. Бирок бул ирет бул Салют эмес болчу. Бала "Апа" деп, жакында эле отуп кеткен эн жакын адамы болгон чон энесин чакырып ыйлап баратты.Тарс-
тарс -тарс... Бала жыгылды. Озуно ысык шамал артынан ургандай сезилди...
"Алымтай,
тура кой жарыгым, кеттик" деген мееримдуу, кулагына синип калган ундон козун ачса Апасы экен. Бирок кийими айылда кадимки кийчу койнок-жоолуктардан эмес, баягы бир чон тойдо кийген чепкен, ак элечекчен экен. Жетелегени болсо озуно далай жолу айтып берген жомоктордогу,
учуп да кетчу, Ак боз ат окшойт.Бала суйунучу койнуна батпай, сагынган Апасын кучактап алды да анын алдына Ак боз атты минип алды. Апасы акырын гана теминип койгондо Ак боз ат калкып эле ойдо уча баштады. Бала Апасынын меримдуу колдорун кармап, бакытка чомулуп баратты. Буларды бир гана тунку жел узатты. Ал Баланын саамайынан сылап "кечирип кой адамдарды"
деди. Бирок Бала аны уккан да жок. Ал эч кимге таарынган да эмес. Анткени ал Наристе. Томон жакта болсо чон шаарды алоолонгон от каптап жатты...
Салют ангеме
#2 13 August 2010 - 01:13
...mm da zhashoo kyska zhana tash boor...eh nariste
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#3 13 August 2010 - 05:08
menimche bolso adamdar tash boor bolup baratat da ... ushul naristege okshogon dagy kancha bobok ayibi jok ele o duyno salyp kete berdi ... shumdugun kurgur dese ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#5 14 August 2010 - 06:35
Кандай гана окунучтуу э,бул жашоодо эмнелер гана болбойт.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#6 14 August 2010 - 11:10
Азаматсын!
! сага ийгилик!!
.
Ар дайым дуйнодо согуш болбосун,наристелер ыйлабасын.
Ар дайым дуйнодо согуш болбосун,наристелер ыйлабасын.
#7 27 August 2012 - 11:52
Кудай сактасын согуштан
....
Рахмат
Рахмат
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
#8 27 August 2012 - 12:15
Өткөн кекти алчу заман да келет....ошол заман келгенде биздин жакындарыбызга жасаган бут жамандыктарды алардын жакындарына биз жасайбыз.
"First think then speak."
#9 16 September 2012 - 10:27
Кадимки эле Ош окуясын элестетим!
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#10 04 February 2016 - 19:24
Согуштун бети курусун, канча адамдын жаздыгын курутту!
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















