Суперстан: Сүйүү арманы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сүйүү арманы Аңгеме

#1 Пользователь офлайн   Sagy   07 Февраль 2009 - 05:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 751
  • Катталган: 15 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 31 Янв 2017 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:г.Бишкек

Бийлегенден тажабаган, ызылдаган жаштардын арасында кулагын жаба, тынч бөлмө издеп жатты. Аракты көп ичип алганы эми кыйнай баштады. Өзүнү н бөлмөсү нүн эшигин ачып, кайра шашылыш жаба койду. Кимдир бирөөлө р кучакташкан абалда жатышат. Кичи залга жетти. Көргөн көзүнө ишенбейт, бир эмес, үч жуп караңгы бөлмөдө кучакташып турушат. Дагы бир бөлмөгө барды, ичинен илинип турат. Демек, бирөө жарым жаман иш кылып жатат. Мейли эми, айла жок чоң залга барат. Эшикти ача койгондо эле, уч-төрт жигит арак куюшуп атышат. Туулган күндүн күнөө көрүн көрө коюшуп, кызуу чакырышты. “Мен азыр, мага куюп тургула” деди да, сыз этип жөнөдү . Мындан артык ичсе, дароо өзүн жоготорун сезип калды көрүнө т. Бир гана тынч жер калды. Шашылгандай жөнөдү . Ашканага жете, тарс эте эшикти ачты. Идиш-аяк жууп жаткан кыз чочуп кетти да, коркунучтуу көздөрү менен карап калды. Туш тарабында күзгү турат. Өзүнү н келбетин карай калды. Ооба, чын эле коркунучтуу көрүнө т. Кызарган көздөрү бырышкан жүзүнө дал келип, кабагын бүркөө көрсөткө н калың кашы дал ачка калган карышкырдай көрсөтү п турат. Мынчалык коркунучтуу көрүнгө нүнө өзү да ыраазы. Ашуу ашкандай чарчаган буттары чыдатпай, отургучту көргөндө сүйүнгө нүнөн отура кетти. Мастыкка салып, андан катуу чочуп карап калган кызга тийишкиси келет. Шилекейин агыза, көздөрү н ушалай ансайын коркута карайт.
Узун чачтуу, жылдыздуу көздөр, келишкен жүзү, жана коркуп караганы кызыктырып жатты. Басып жыгылгысы келет. Тоскоол болгон карындашы гана мүмкүнчү лүк бербейт. Бир гана айла, сөзгө тартыш керек экендигин түшүнү п турат.
-Мын... Мынча коркосуң чоң кыз?
Карындашы анын ордуна жооп берди:
-Өзүң үздүн келбетиң изди көрсөң үзчү биринчи, Азиза эмес, мен да коркуп турам.
-Демек, атың Азиза тур-у-байбы ээ? – деп, карындашынын сөзүнө көңү л бургусу келген жоктой сөз бурду. Булдуруктап сүйлөп атканын сезе, башын чайкап койду да, “оф-ф” деп терең дем алып, астында турган муздак суудан жутту. -Кандай гана сонун ысым! Меники Болот.
Бир аз жылмайганы менен, дале коркуп турганы байкалат. Анысын жашыргандай, колундагы идишин ары карай коюп, кайра бурулду да,
-Чынара сизди ичпейт деди эле, жаңылыштык кылып алган жоксузбу? – деп Болотту ыңгайсыз абалга калтырды.
-Мен негизи ичпейм. Бүгүн эле, бир аз ж-жыттамыш этип койдум да. Жыл сайын туула бербейсиң да чынбы?
-...
Суроосу жоопсуз калды. Кыздын жактырбаганын сезгени менен, дале сөзгө тартсам деген ою турат.
-Алтыным менин, сендей карындаш дүйнөдө жок!!! Азамат! –Бул анын сөздү алыстан баштаганы эле. – Курбуң менен тааныштырсаң боло?
-Мм, бул бизде окуйт. Биринчи курс. Түбү Нарындан болот. Жашы он сегизге жакында чыгат. Менин жакын курбум. –байкесине шыбырай, -Болочок жеңем болот – деди.
-Жакшы экен. Бул Чынаранын байкеси – өзүн көрсөтү п, – Ош базарында иштейт, жакында үйлөнө т, жашы жыйырма беште... –Чынарага жооп кылгандай кулагына шыбырай, - Азизанын болочок күйөө сү – деди. Оюнун бир жерден чыкканына ыраазы болгон Чынара шыңкылдап күлүп алды.
Азиза өзүнү н жумушу менен алек. Болоттун эмне жөнүндө сүйлөп атканы, ага кызыксыз болуп жатты. Балким ою Алтынбекте болсо керек. Анын “өчтү м” дегени негиздүү болуп жатат окшойт. Эмне болоорун сезсе керек. Туура эмес кылып жатканын ойлоп калды. Чынара күнөлү үбү? Ооба, ал байкесин ичпейт деген. Мына эмесе, ал гана эмес, тамекисин да түтөтү п баштады. Жанында тургусу келбей, кылып жаткан жумушун да таштап, Чынаранын бөлмөсү нө бет алды. Эшикти ичинен илип, ойлуу жумшак диванга кулады. Бир күндөрү бактылуу күндөр өткөнү н элестеп атты. Ооба, Алтынбек экөөсү ысыкка чыдабай, бульвардагы фантандан чыккан сууга жуунуп жатышкан. Алтынбек Азиза байкабай турган убакта, сууну аппак көйнөгү нө чачып ийген болчу. Суу болгон көйнөгү денесин ачыкка чыгарып, Алтынбекке таарынганына өкүнү п атты. Аттиң... Ошол күндөр кайтып келсечи. Алтынбекке таарынмак түгүл, бекем кучактап, эркелемек! Ал аз келгенсип, дагы чач дегенсип, эркелей качмак. Бирок, өткөн күндөр кайрылып келбес! Бир келген ыйык сүйүү сезимине жетпей калганына катуу өкүндү . Мынчалык тагдырына капа болгон эмес эле. Бул саам, жанында Алтынбек болсо, жыттагылап гана өпкүлө сө... Убакыт өтөө р... Бирок, Алтынбек башка кыз менен бактысын таап кетсечи? Көзүнө башка кыз менен жетелешип кетип бара жатканын элестетип алып, көзүнө н жаш чыгара ыйламсырай кетти. Жакында туулган күнү. Баардык достору келсе керек. Бирок Алтынбектин келишинен күмөн санайт. Чакыруусуна макул болбой койсо эмне кылат? Курбу кыздары эмне дейт? Мейли, Чынара түшүнсү н... Жок, Алтынбек айткандай, Чынаранын бир ою барбы? Алтынбек эмнелерди гана айткысы келди эле? Чынара ички-дүйнө сүнөн кандай адам??? Бирок, бул суроолор жоопсуз калып жатты. Көзү илине кетиптир. Канча уктаганы белгисиз, баятан бери Азиза жөнүндө план курушуп, көңү лдүү сүйлөшү п бүтүп, Азизаны издеп келди, Болот. Эшикти тыкылдатып жатканынан ойгонуп кетип, көзүн ушалай илгичти ача койду. Мас абалдагы Болотту көрүп, жүрөгү оозуна тыгыла калды. Болот карышкырдай болгон келбети менен, коёнду кармагандай кирип келе жатканда, достору аны көрө калышып,
-Болот, кайда жүрөсү ң? Сени таппай жатпайбызбы – деп, ой-боюна койбой бийге тартышып кетишти. Кудайдын сактаганына тообо келтирип, эшикти кайра ичинен жапты. Бирок, кайра келип калышын билип, Чынаранын жанына барганга умтулду. Жетип эле, ыйлап ийди. Аны соорото, эмне болгонун билсе да сурап атты. Айтып бере албай, шолоктоп ыйлай берди. Мыйыгынан жылмайган Чынара, өз ишин уланта берди. Байкеси ошону менен кайтып келген жок. Түн оокумда баары уктаганга умтулганда, Болоттун бир бурчта уктап калганын көрдү.
Киргиз, суйлоп корчу таза кыргызча,

Ким билет, балким кылбас ашыкча.

Киндик канын тамса Кыргызда,

Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Адам   14 Август 2010 - 21:41

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 647
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Июл 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Мага бир окуяны эстетип жатат.
:rolleyes:
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Merischka   15 Август 2010 - 02:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

aha, kyzdar 100 zholu ishensener da 1000 zholu tekshergile...
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Demon   18 Август 2010 - 20:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 517
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 27 Янв 2014 05:39
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Анкара

уландысы барбы же жарым бойдон калабы ?
Баркымды билгендердин эсиндемин...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nelia   22 Апрель 2013 - 11:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 222
  • Катталган: 21 Апрель 12
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2015 15:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош шаары,азырынча Владивостоктомун.

Уландысын кутом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Basmachy111   22 Апрель 2013 - 13:02

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 922
  • Катталган: 27 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Янв 2014 18:23
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Nelia (22 Апрель 2013 - 11:55) жазган:

Уландысын кутом.


Ой дагы уч жылбы?))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   janylka   24 Апрель 2013 - 09:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 367
  • Катталган: 14 Декабрь 11
  • Соңку аракети: 06 Фев 2021 14:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:кыргызстан

ии анан? Же болдубу?
Журоктор ыйманга толсун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   belka   12 Февраль 2016 - 08:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Каап чала экенин билгенде окумак эмесмин.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 15:35

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: