Мен Исмаилова Анжелика 1989 жылы (февраль) айынын тогузунда Жалалабат шаарында туулгам. Окууну ал жактан баштап 2005-жылы мектепти бүтүрдүм . Андан соң борбор шаарыбызга келип жогорку окуу жайга өтүү үчүн терең билимди эңсеп кыргыздын келечегине жарасак деген ой-максат менен Украинадагы бир жогорку окуу жайга өтүп калдым. Анан башка жердин билимин, тажрыйбасын алуу үчүн узак жолго аттандым. Буйрукка жараша Украинанын Одесса шаарына" Одесский Политехнический Университет"
окуу жайына туш болдум. Келечектеги кесибим " Математик-Программист"
. Ошол окуу жылынан баштап окууну ийгиликтүү бутуруудомун.
Ал жылдары кыргыздар Украинада саналган гана санда эле, ошол жылы биз үчүн ата мекенди сагынган, баркын билген жылдардын бири болду десем эч жаңылышпайм.
Украинада баш аягы 30дай студенттер окушат, көпчүлүгү Харьков шаарында, андан кийин Киев, Одессада. Баардык кыргыз студенттери ынтымактуу, чоң-чоң майрамдарда чогулуп турушат. Ишетегендердин саны болсо 100го жакын.
Киевде «Кыргызстандыктардын Украинадагы эл аралык коому» деген аталыш менен 2006-жылы түзүлгөн. Негиздөөчүсү Исамилов Азамат Турдукеевич. Коом кыргыз демөөрчүлөрү алдында иштейт.
Коомдун негизги максаты Украинадагы кыргыздарды бириктирүү жана ынтымакка чакыруу, чогуу көп-көп жакшы кечелерди, майрамдары бирге өткөрүү, жаңы келген кыргыздарга туура жол көрсөтүү, жаңы студенттерге жана начар жашагандарга жардам берүү, стипендия төлөп туруу. Коомдун өз кеңсеси бар, аны Фархад деген байкебиз иштетет. Ал ар дайым активдүү иштеп, баарын уюштурат. Ошол стипендияны жана кеңсенин ижарасын бул жактагы кыргыз ишкерлери демөөрчү болушат. Ушундай максаттар менен өзүбүзгө өзүбүз жардам көрсөтүп, бири-бирибизди колдоп ынтымактуу жашап келе жатабыз.
Украинанын эли 48 миллион, Европада территориясы боюнча эң чоң өлкө. Элдери адамкерчиликтүү, сыйчыл, жоош келет. Кыргыздарга болгон сый урматы жакшы. Биз да чоочун жерде кыргыздардын атын чыгарып, Кыргызстанды тааныталы деген ой-максаттар бар.
Европага жакын болгондуктан экономикасында акыркы жылдары бир канча өсүүлөр пайда болду десем жаңылышпайм. Орто Азия өлкөлөрүнөн жогору, бирок Европа Биримдигинен бир аз төмөнүрөөк деп эсептейм.
Бул жакка келип айабай коп нерселерди уйрондум,талада жургондо баарына чыдаш керек болот экен.
Эми мына окуумду дагы аяктап жатам,иншаллах Кыргызстанга барып оз элибизге аз болсо да кызмат кылып,эл керегине жарайын деген ой-максаттар бар.

Анжела Украинаны сагындым,неге тагдыр ташбоор десен,коксогон тилегиме жеттим десем ал бакытты кайра тартып алды го,ушунчалык окууга зармын,мумкунчулук болбосо кыйын экен бирок,украинада окуп жургон кундоруму эстесем журок сыздайт,менин окууга кандай суусап турганыма карабай мага ташбоордук кылды тагдыр!

Супер-Инфо
super.kg
видео