Суперстан: Апам жапкан нанды сагынам... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Апам жапкан нанды сагынам... http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=68128

#1 Пользователь офлайн   jikitai   11 Июль 2010 - 17:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 440
  • Катталган: 06 Май 10
  • Соңку аракети: 16 Сен 2021 22:58
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Апа жонундо канчалаган ырлар жаралып ,темалар ачылса да асылдарга айды алып берсек да аздык кылаар.Кобубуздун апаларыбыз алыста болуш керек. Келгиле достор ,апаларыбызга болгон кусалыгыбызды ушул жерден чыгарып алалы.Балким сиз апаныздын жазаган нанын, тамагын ,сизге т
ааныш жытын ,унун сагынып куса болуп жургондурсуз? ой болушунуз .
Эми мен алтын апам жонундо жаза кетейин.Ыйлагым келип кетти апамды эстегенде.Окууга тапшырып ,шаарга келип ападан алыс калган менин да башыман отту.Канчалык чоноюп, акыл кирип калсам да апамды эстегенде эмчектеги баладай конулум чогуп, эч нерсеге табитим тартпай, баарын таштап апамды коздой качкым келчу.Ошентип апам 4 айдан кийин чалды туулган кунумду куттуктап, телефонду алып унун укканда эле баа деп бакырдым суйлой алган жокмун буркурап ыйладым.Апамдын ыйлаганын айтпай эле коёюн атам катуу киши болчу атам да ыйлаптыр.Айылдан апам нан берип ийсе баса калып жечумун.Ии анан айылда жургондо апамдар конокко кеткенде баарыбыз уйго кирбей ачка журо берчубуз ,апам келгенде урушуп" мен эмне силердин тамагынарды дубалап беремби иче бербейсинерби" деп.Озум лагман жесем да апам жазаган айылдын кесмесине жетпейт.Апам энесинен эрте айрылган биз кичик кезде эстеп алып буркурап ыйлачу, мен тушунчу деле эмесмин неге ыйлайт чопчон болуп алып деп.Эми чонойдум ,озум эне болуп тушундум.Корком жыл откон сайын ошол апамдын ыйы мага жакындап келе жаткансып,жоготкум келбейт апамды . Алтын апам, апусям ,апагулум ,апалогум, апам жакшы кыз деп эркелетем апамды.Созумдун аягында апабыз аман кезинде баркына жетели достор демекчимин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Таллас   11 Июль 2010 - 17:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 603
  • Катталган: 30 Декабрь 07
  • Соңку аракети: 03 Июн 2024 14:58
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:..:Жалган дүйнө:..

Иним окууга тапшырып жаткан. Кечээ атам документтерин берип жибериптир. Арасында апамдын каза болгондугу тууралуу куболук да журот. Эмне себептен каза болгонун билген эмесмин. Кичине элем... Острый инфаркт деп жазылып турат...

Анда иним эc акылына кире элек бобок эле.. Эл кобун коруп суйунуп: "Бизде той болуп атат ээ", - дегеничи... Ошол бобок бугун бой жетип отурат. Жашоо улана берет тура.

Билдирүүнү түзөткөн: Таллас: 11 Июль 2010 - 17:52

... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   MIRULYA   15 Июль 2010 - 09:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 435
  • Катталган: 24 Январь 07
  • Соңку аракети: 12 Ноя 2011 06:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:fani dunya

апам мен 4-класста озунун туулган куну 30-сентябрда козу отуп кетти эле. Кичинемден анын колунда болгондуктан, оз апама караганда чон апама абдан жакын элем... экообуз тээ алыскы Нарындын кичинекей бир айылында чооооон тамда жалгыз жашачу элек :)... чачын экиге оруп туйуп койгону дале эсимде... аааа эн эсте каларлык окуя, мага кошунаныкынан жугору уурдап келип бышырып бергени... бадырак куургандары, талкан илеп бергени... эх, де кандай сонун кундор эле :)
таарынбачы,
олуп эми кетемби,
жолукпаса бизге жаккан аруу жан,
чыдай тушчу,
куткон жанын чыдачы,
кете элек го кара кучум каруудан,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Arstan   15 Июль 2010 - 19:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Эхх...Апа деген кандай ыйык адам э,алтын апамды аябай сагынам,айрыкча алыска чет олкодо жургондо куса болуп сагынганынды айтпа.Биринчи жолу алыска барганда апамдын эркелеткендерин, даамдуу ширин тамактарын эстеп отуруп козумдон кадимкидей жаш аккан.Апандын бир созу куч кубат берет дегенге анча маани бербчу эмесмин.Жумуштан ушунчалыл тажап, чарчап жургон убакта,звонтетип калса жаш баладай кудундап суйуном,ананайын балам оорубай кыйналбай журосунбу,иштерин жакшыбы деп сурасале дароо козум жылтырай тушот ысык жаш толуп,кантсе да эркекбиз да билдирбейбиз. Жакшы апа кыжаалат болбонуз деп козундун жашынды аарчып коесун.Бир суйлошуп алсан маанай которулуп,кадимкидей кучко толуп каласын.Бул дуйнодо апалар аман болсун.Канчалаган жакшылык кылсакда баары бир омур бою карызбыз.апам жапкан нанды аявай сагындым.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Замира   18 Июль 2010 - 04:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 177
  • Катталган: 11 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 26 Июн 2012 18:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Apam japkan nandy men dagy ajabaaaaai sagyndym :(
Altyn apalarybys bar bolsun ar daym!Сүрөт
janym apam menin beishimdin eesi ozunsun! altynym!
@-}}--
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Acia   18 Июль 2010 - 04:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 490
  • Катталган: 24 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 25 Янв 2019 17:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Мдаа убакыт,омур отуп жашоо улана берет тура.Тээтиги апамдан айрылган куну мага жашоо бутту деген элем,мындан ары апамсыз жашоомду элестете албайм деген элем.Убакыт учкан куштай зымырап 6 жыл отконун байкабай да калыптырмын. ..Апамдын даярдаган тамагын эч ким кайталап жасай албайт болчу,толук рецебин билсе дагы.Камырды жайып,узун-узун кесип туруп(беш бармак сыяктуу) плов сыктуу демдеп бышырат болчу койдун майы,эти менен.Ммммм ошол жасаган тамагынын даамы эч оозумдан кетпейт.Коп убакыт отпой апамдын жасаган тамагын сагынып жасоону чечтим да камырды кесип казанга салдым плов сыяктуу демдедим.Казанымды ачып тамагымды карасам апамдыкындай чубалып бышкан узун эмей эле бири бирине жабышкан кусок кусок камырлар чыкса :unsure: :crazy-girl: .Корсо суусун коп куюуп койгон экем.Тамагымдын устуно меймандар келип калган аябай уялгам :blush: Эх аябай сагындым апакемдин ар бир кыймылын,ар бир суйлогон созун, жасаган тамактарын. ....

Билдирүүнү түзөткөн: Acia: 18 Июль 2010 - 04:55

Элимде тынчтык болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Адам   19 Июль 2010 - 00:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 647
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Июл 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Мен "апам жапкан нанды точно сагыныыыып" жургон кезим.. :(
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Merischka   09 Август 2010 - 11:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

Mama, apa, ene!!!
kandaj gana soz menen ajtpajyn zhurogumdogu bolgon sujuunuch zhana taza sezimim menen ajtam...MAMA men sizdin nanynyzdy emes sizdin zhyluu zhylmajuunuzduu sagyndym, booruker kozdorunuzdu sagyndym, zhyluu kuchagynyzdy sagyndym....sagyndym menin zhanym altynym MAMA!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !!!!! !
Сүрөт

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Asecha   24 Август 2010 - 11:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 268
  • Катталган: 07 Июль 09
  • Соңку аракети: 14 Фев 2014 16:34
  • Жынысы:Аялзаты

Мен чон апам жасаган каттаманы сагындым. :blush:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Arstan   09 Январь 2011 - 03:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Апамдын нанын аябай сагындым,каймак, майын да сагындым.
Тандырга жапкан ыссык нанына сары майдан суртуп жегенди,очокто демделген чайын сагындым.Эхх. ..качан бараар экем апамдын жанына.

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   meerime   10 Январь 2011 - 01:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 017
  • Катталган: 14 Август 10
  • Соңку аракети: 02 Янв 2018 21:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Бишкек

Altyndai bolgon Apamdy aiabai sagyndym.Apam bizdi ushu darajaga jetkirip , charchadym talyktym debei chonoitup osturgonuno aiabai yraazymyn.Men apamdai kuchtuu erktuu adam bolgum kelet .Apam menin-idealym.Toguz ai beline kotorup , ak sutun berip chonoitkon apamdyn aksutun bir omur aktai albasymdy bilem.birok ardaiym kandai kylyp konulun kotorsom dep oilonup kelem.Ene degen echnerse albai jon koi l dei beret eken .Apamda bir nerse kylaiyn desen ele jon koi andan koro ozuno jumsha dei beret..akyrky kundoru kop oorugany meni oilondurup kelet .Apa ech ubakta oorubai aman esen bizdin mandiybyzda jurunuz .Apa sizdi aiabai sagyndym..Janynyzda ,tizenizge bashymdy kooiup uktagan kundord sagyndym..Kopton beri shuiloshpoi aiabai kabatyr bolup jatam....
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Sadaga   15 Январь 2011 - 00:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 323
  • Катталган: 09 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 04:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жер шаары :)

keede trubkany kolgo alyp,nomerin terip,allo apa degim kelet,uvy avtootvet4ik joop beret,ynyn sagyndym,apamdy sagyndym,soz menen aytyp bytkys,MAMA MEN SIZDI JAKSHY KOROM!!!
Bud' moim 4udom,stanu tvoei me4toi...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   operaledi   15 Январь 2011 - 01:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Окуп отуруп козумо жаш тегеренип кетти. Мен да мамамды сагындым.5 айдан бери коро элекмин. Жанымдан артык коргонум алтын апам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Aikala   16 Январь 2011 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 585
  • Катталган: 01 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Сен 2018 23:27
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

МЕН АПАМДЫ КОРО ЭЛЕГИМЕ БИР ЖАРЫМ ЖЫЛ БОЛДУ.УШУНЧА САГЫНДЫМ,МАНДАЙ ТЕСКЕЙ ОТУРУП ЧАЙДАН ИЧИП,КОП НЕРСЕЛЕРДИ СУЙЛОШЧУ ЭЛЕК.ТЕЛЕФОНДОН УНУН УКСАМ КОЗУМО ЖАШ ТЕГЕРЕНИП АРАН ЭЛЕ СУЙЛОШОМ.АПАМДЫ БУЮРСА ДАГЫ БИР ЖЫЛДАН КИЙИН КОРОМ АМАН БОЛСУН.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Naziwka   16 Январь 2011 - 20:09

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 18 Декабрь 10
  • Соңку аракети: 20 Фев 2013 23:03

Okup oturup men da mamamdi ayyabay saginip kettim. kudayim buyursa 7je 8 aydan kiyin korom. Altinday bolgon mamampapam e4 ka4an oorubay jarkildap jaynap, bizdin kiyin nebere choborolorunun jakwilik toyloruna kubo bolup arabizda ar dayim aman boluwsa eken dep kundo kudaydan tilek kilam..Menin mamam tamak salat tattunun turlorun sonun jasayt...azir estep wilekeyim kuyulup ketti okwoyt :) menin mampuskam mamulkam mamuskam papam ekoonordu ayyabay sagindim .Bizdi jarik duynogo apkelgen apalaribiz ar dayim aman boluwsun!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Romantic   18 Январь 2011 - 02:36

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy


Куз.Токчулуктун мезгили.Талаадагы эгинден калган саманды чон каптарга жыйнап салып,арабаны эшегиме чегип алып,жуктонгон бойдон уйго кыбырап келмей.Алып келген саманды,тандырдын жанына жыйып койчумун.Анткени ал самандар тандырга жагылчу.кечке айылдагы тиричилик менен алек болуп,кечинде чарчагамындан башым жаздыка тийери менен терен уйкуга кетем.
Кээ кундору эртен менен жагымдуу ысык нандын тамшанткан жыты ойготот.Кийинип эшке чыксам,апам эбак тан атпай тандыр жагып,нан жабып койгон болот.Эртен мененки чайда, ысык нандын илеби менен ммммм деп тамшанып жыттап,козду жумуп ырахаттанып жейт элем.Самоордун чайы менен ысык нанга гуп тойуп алып,бейкапар:
-"Эххх жашоо керемет." -десем.Анда апам:
-"Йааа де?!"-деп кубанганынан боору эзиле кулуп калчу .

Кээде кесуу кайтарган куну,тамак ашымды апам ырастап коет эле.Аны деле эртен менен шашып кайдан ачасын.Анан тушко маал бодолор кичине жатыкташканда, мен да дасторконумду жайнатып калам.Ой бааааай..куржунумду ачканда,апама мин мертебе ыраазы болуп кетем да.Анткени озунун даамдуу даамдары,картошкадан пирожки,колго куурулган кесме,бир комоч нан,биртике таттуу-паттуу, 5 литрлик челекте оз колу менен жазаган максым жана зээрикпесин деп "Ала Тоо таншыйт ырлар жыйнагын" салып койот эле.
Талаанын тамагы таттуу болот деп койот эмеспи,анысы кандай эч нерсе артчу эмес.Ииии чиркин...Куурсак тойгон сон,апама оз ичимен ыраазы болуп,анан китепти ачып алып,кокту колотту жаныртып,созуп ырдап калчумун." Нан болсо,ыр да болот" деген ушу экен деп.Бодолор тан берип тиктеп карап калышчу.Балким суйлогонду билишкенде:
-"Буга эмне болду?!" -дешсе керек.

Уйго келип,мал тээлеп коюп,тамактанган сон,чалкалап жатып биртике телевизор тиктемиш этем.Кээде "Санта Барбара"сериалын коруп калам.Ошондо да апакем келип:
-"Ач оозунду"- деп,какымдан жазаган балынан бир кашык сугунтуп кетет эле.
Окуудан келатканда, тосмонун башынан эле апамдын нан жапканын билчумун.Анткени ысык нандын жыты алыстан эле,мени жетелеп алчу.Уйго келээрим менен дароо ысык нандн чон сындырып,устуно сары май же каймакты жана балды суйкоп туруп мммммм.Кыскасы кайсы бирин айтайын.
Убакыт отуп,бой жетип чонойдум.Бирок апамдан канчалык алыс жакта болсом да,анын:
-"Нанды кордобо,кукум болсо терип кой,жерде нан жатса ойдо алып кой,нанды кордосон,озун кор болосун.Нан болсо,ыр да болот"-деген жылуу насаат создорун ар дайым эсиме алып журом.Жана апамдын жанында эркелеп жургон балалык кундорумду эстеген сайын,ошол кез менин эн бактылуу кундорум экен.Апамды сагынганда олтуруп баардыгын эстеп,ичимен айтам:
-"Апаке оувв...Сиз жапкан нанды аябай сагындым. Апаке оувв....Сизди мен чексиз жакшы кором...Сизди аябай сагындым."




Билдирүүнү түзөткөн: Romantic: 18 Январь 2011 - 02:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Nurjanka   18 Январь 2011 - 03:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 523
  • Катталган: 28 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 08 Июл 2014 14:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош. Азырынча Москвада

Эх деп ичимен ушкуруп козумо жаш алып ыйлап жатамСүрөт сиздердин жазганыныздарды окуп Апа деген бул кандай кымбат кандай ыйык ээ айта берсен канча жакшы создор мактоолорду аларга арнасанда аздык кылат АПА деп тилибиз чыкан АПА деп апаларыбызга кээде озубуз билбей каттуу суйлоп алабыз Апамды аябай сагындым ар убак апамдын создорун эстеп апамдын жанында болуп калгым келет апамдын айтканын аткарып апама эркелегим келди АПАМДЫ АЯБАЙ АЯБАЙ ЖАКШЫ КОРОМ менин апам дуйнодо тендеши жок Куда кааласа кузундо апамдын жанына барам Кудайдан атам экоонун омурун ден-соолугун ТИЛЕП КАЛАМ АР ДАЙЫМ БИЗДИН БАКТЫБЫЗГА АМАН-ЭСЕН КУЛУП-ЖАЙНАП биздин жакшылыктарыбызды корушсун
Баары жакшы болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Barika   21 Январь 2011 - 16:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 505
  • Катталган: 15 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Янв 2020 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:☆●Кыргызстан●☆

Апооооов, :108: , деп кыйкырсам унум жетип калса ээ, кадыр баркынды алыста жургондо сездим! Тел. менен суйлошуп атканда иии, акчам тугобой турса экен дейм:76: .


Сизди аябай сагындым апоов:kiss2: !

Билдирүүнү түзөткөн: Barika: 12 Июнь 2014 - 09:47


☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   meerime   21 Январь 2011 - 20:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 017
  • Катталган: 14 Август 10
  • Соңку аракети: 02 Янв 2018 21:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Бишкек

Apamdy aiabai sagyndym...Korgum kelip aran ele olturam.
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   IL Suren   02 Февраль 2011 - 01:14

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 34
  • Катталган: 24 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 04 Мар 2021 13:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:АКШ

Superstandyn but temalaryn okup chyksam,ene jonundo ech kanday talkuloo bolboptur.Oshonduktan, duynodogu en ele iyik-en ele jakyn adamybyz-eneler jonundo soz kylaly.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (7 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 24 Июл 2025 03:38

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: