Лондондогу мечитке жаңы дайындалган имам, борборго баруу үчүн дайыма бир автобуска түшөт эле. Көбүнчө ошол айдоочуга туш келчү. Бир күнү билет сатып атып, айдоочу имамга 20 тыйын ашыкча берип койду. Имам муну ордуна отуруп, акчасын эсептеп атканда гана байкады. Өзүнчө ойлоно кетти:
-"Мындай чоң фирма үчүн 20 тыйын өтө эле аз акча. Мен бул тыйынды Аллахтан келген белек катары алып койойун"
деди.
Имам, аялдамасына жакын калганда ордунан туруп айдоочунун жанына келди да түшөөрдөн мурда, албетте пикири алмашкан болчу:
-"Сизден билет алып жатканда мага 20 тыйын ашыкча бериптирсиз.
Ордума отургандан кийин байкап калдым... мынакей алыңыз"
деди.
Айдоочу ага карап жылмайып:
"Сиз, биздин жаныбыздагы мечитке жаңы келген имамсыз, ошондойбу?..
. өзүм да көптөн бери мечитиңиздерди зыярат кылсам деп жүргөм, Исламды үйрөнүү үчүн. Сизге, кандай жооп кайтараар экен деп атайын ашыкча 20 тыйын кайтарган болчумун"
деди.
Айдоочунун бул сөздөрүнө өзүн жоготкон имам автобустан араң жерге түштү... буттары денесин зорго көтөрүп турду. Имам, көздөрүнө жаш алып асман карап мындай деди:
"Аллахым!
Исламды 20 тыйынга сатып кетишиме аз калды".
котормо
20 тыйын
#2 31 August 2010 - 01:12
adamdyn kozu tojbojt degen ushu ekenda...
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
#5 03 October 2016 - 15:23
Алла дилине салыптыр да,айтаар созуму да таппай калдым...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!

Супер-Инфо
super.kg
видео












