Белгилүү акындардын жакшы ырлары көп. Биз аларды канчалык деңгээлде билебиз. Келгиле, ошол ырларды оюн түрүндө эсерип көрөлү. Оюндун шарты жөпжөнөкөй - ырды жазып баратып, кээ бир сөздөрүн "унутуп"
, алардын ордуна көп чекит койуп койобуз. Максат - ошол сөздөрдү таап, ыр саптарын толук жазуу.
ПС: Орус мектепти бүтүрүп, кыргыз акындарынын ырларын жакшы билбегендер болсо - орусча деле ырларды жаза бергиле.
Табышмак ырлар Мен сага, сен мага...
#2 04 September 2010 - 09:39
Ойлосоң жакшы ...
Ынтымак ... курууну
... көзүнчө -
Мактаба башка ...
(Темиркул Умөталиев)
Ынтымак ... курууну
... көзүнчө -
Мактаба башка ...
(Темиркул Умөталиев)
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#3 07 September 2010 - 13:21
Эч ким жазбаптыр. Жообу мындай болчу:
Ойлосоң жакшы турууну
Ынтымак чебин курууну
Аялыңдын көзүнчө -
Мактаба башка сулууну
Ойлосоң жакшы турууну
Ынтымак чебин курууну
Аялыңдын көзүнчө -
Мактаба башка сулууну
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#4 07 September 2010 - 18:07
А. Осмоновдун китебин карабай туруп, ырдын маанисине, уйкаштыгына жараша согуп көрөйүн.
Суйуу эмне, суттой таза жоолукпу
Ансыз заман, чиркин омур толукбу?
Ошондуктан эн алгачкы жаш суйуу
Бермет, жакут, каухар жанга жолукту
Суйуу эмне, суттой таза жоолукпу
Ансыз заман, чиркин омур толукбу?
Ошондуктан эн алгачкы жаш суйуу
Бермет, жакут, каухар жанга жолукту
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#5 08 September 2010 - 06:13
#6 08 September 2010 - 11:10
Толук ишенбей турам, бирок мындай болсо керек эле...
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз
Эли да комузундай жөп-жөнөкөй,
Бирок да тарыхы бар айтып болгус
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз,
Чертилбейт, күүгө келбейт чебер колсуз
Эли да комузундай жөп-жөнөкөй,
Бирок да тарыхы бар айтып болгус
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#7 09 September 2010 - 06:42
#8 09 September 2010 - 11:50
Анда эмесе кезектеги ырга көңүл бургула:
Бир кыз көрдүм, кызыл гүлдү ...
Өзү жалгыз, жигити жок ...
Өзү да - гүл, гүлү да - гүл ...
Биле албадым, гүлүн кимге ...
(М. Алыбаев)
Бир кыз көрдүм, кызыл гүлдү ...
Өзү жалгыз, жигити жок ...
Өзү да - гүл, гүлү да - гүл ...
Биле албадым, гүлүн кимге ...
(М. Алыбаев)
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#9 09 September 2010 - 13:04

Бир кыз көрдүм, кызыл гүлдү кармаган ,
Өзү жалгыз, жигити жок жандаган.
Өзү да-гүл, гүлү да-гүл, капырай (Мидикенин арбагы кечирсин! !!
Биле албадым, гүлүн кимге арнаган?
Башыңдагы ...
Базардын таза ...
Балбылдап күйгөн...
Баланын күйөт...
(Элдик ыр.)
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#10 11 September 2010 - 10:05
О, Барс аке, көрүнбөй кеттиңиз го!
Бардык сөздөрдү туура таптыңыз
. Мидике ал кездеги кыздардын жанынан өтүп баратып "Өзү да-гүл, гүлү да-гүл, буруксуйт
" деген экен. Албетте, азыркы кездеги оозунан тамекинин түтүнүн булатып коюп, кыска этегинен сандарын суналтып коюп отурган кээ бир кыздарды көргөндө "капырай"
деп айтмак.
Ал эми сиздин табышмакка мындай жооп:
Башыңдагы ак жоолук
Базардын таза бөздөрү
Балбылдап күйгөн от болуп
Баланын күйөт көздөрү
PS:
Бул темага катышуучулардын баары эле "акимдер" экен. Калгандар деле катыша бергиле...
Бардык сөздөрдү туура таптыңыз
Ал эми сиздин табышмакка мындай жооп:
Башыңдагы ак жоолук
Базардын таза бөздөрү
Балбылдап күйгөн от болуп
Баланын күйөт көздөрү
PS:
Бул темага катышуучулардын баары эле "акимдер" экен. Калгандар деле катыша бергиле...
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#11 11 September 2010 - 21:26

Биринчи кезекте Мидикенин ырындагы бир сөздү туура эмес (тамаша иретинеде) жазганыма дагы бир ирет кечирим сурайм... Жека, көрүнүп эле жүрөм! Кээ бир сабатсыздарга менин көрүнгөнүм кокосуна тыгылгаг сөөк болсо да, көрүнө берем.
Ал эми мен жазган ыр белгилүү акындын ыры эмес, ЭЛДИК ЫР болгондуктан, Жеканын вариантын ката деп айтууга болбойт. Анткени элдик ыр баарыбызга тиешелүү. Менин вариантым мындай:
Башыңдагы жоолугуң,
Базардын таза жибеги.
Балбылдап күйгөн көзүңө,
Баланын күйөт жүрөгү.
Андыктан, Жеканын варианты да мыкты чыкканына ыраазы болуу менен тан берип турам...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#12 11 September 2010 - 21:32
Мидин жөнүндө сөз болуп калыптыр. Байдылда Сарногевдин Мидинге жазган катынан табышмак узатып коёюн:
Билинбей кетти кабарың,
Мидике, кандай абалың?
Бир ... ... бирге татканбыз
Бул жактын ...-...,
Бир жүргөн кезди эстесем
Бүркөлөт ... кабагым.
... түшкө кирбеген,
... барктап сүйбөгөн,
Көпүрө эмес, ...,
Чоң ... баса билбеген,
Кантти экен ... Мидикем,
Кайгыра берем күндө мен.
Билинбей кетти кабарың,
Мидике, кандай абалың?
Бир ... ... бирге татканбыз
Бул жактын ...-...,
Бир жүргөн кезди эстесем
Бүркөлөт ... кабагым.
... түшкө кирбеген,
... барктап сүйбөгөн,
Көпүрө эмес, ...,
Чоң ... баса билбеген,
Кантти экен ... Мидикем,
Кайгыра берем күндө мен.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#13 13 September 2010 - 07:59
Күлгүндөй кыздын күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күндөйүм, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм үзбөйм түбөлүк
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк этсең күлкүң күмүш үй,
Жароокер кыздын күнүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жалжалым, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн
Алыкул Осмоновдон бир куплет.
Кош сүйгөнүм...жалынба
Сен жакшы элең мен .... чагымда
Ак сүйүүдөн ... көп экен
...жаштын улам аркы жагында.
#14 13 September 2010 - 08:23
О, Додж иним, сенин тапшырмаңа жооп берем деп жатып, жаш кездерди да эстеп кеттим...
А. Осмонов, "Сулууга"
Кош сүйгөнүм коштошоордо жалынба
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагымда
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен
Отуз жаштын улам аркы жагында.
PS:
Авторлор, берген тапшырмаңар туура аткарылдыбы - айтып турсаңар. Мисалы, FIANIT - Талластын, ал эми dodge - FIANITтин тапшырмаларын кандай аткарышты - жазылбай калыптыр.
__________________________________________________________________________
Эми, Р. Абдыкадыров менен М. Оморовдун "Кара-Шоро" деген ырынан эстеп көрөлү:
Кара-Шоро, ... салган
... агабыз
Кара-Шоро, ... сууга
Жаңы ... ачабыз

#15 13 September 2010 - 08:54
Рыспайдын Кара-Шоросуна жооп.(Араң-араң эстедим.)
Кара-Шоро,жолун салган
Янученко агабыз
Кара-Шоро, дары сууга
Жаңы курорт ачабыз.
#16 13 September 2010 - 09:14
Ха-ха-ха! Гап йок, иним. Айрыкча Янученкону эстегениңе
жана
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#17 13 September 2010 - 09:46
Рыспайдын ырынан
Мен сени айлап күтпөй,...күттүм,
Мен сени бурганактуу ....күттүм.
Зар болуп ...бир көрүүгө,
Дарактар ....жерден күттүм
Мен сени айлап күтпөй,...күттүм,
Мен сени бурганактуу ....күттүм.
Зар болуп ...бир көрүүгө,
Дарактар ....жерден күттүм
#18 13 September 2010 - 13:59
Бул саптарды Рысбайдын "Кечирчи"
деген ырынын мотивине салып көрсөм, окшошуп жатат. Бирок сөздөрүн толук билбейт экемин. Ошондуктан,
ошол ырдын логикасына ылайыктап, уйкаштырып көрөйүн:
Мен сени айлап күтпөй, жылдап күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп элесиңди бир көрүүгө,
Дарактар гүлүн төккөн жерден күттүм
Мен сени айлап күтпөй, жылдап күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп элесиңди бир көрүүгө,
Дарактар гүлүн төккөн жерден күттүм
Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
#19 13 September 2010 - 22:51
Авторлор, берген тапшырмаңар туура аткарылдыбы - айтып турсаңар. Мисалы, FIANIT - Талластын, ал эми dodge - FIANITтин тапшырмаларын кандай аткарышты - жазылбай калыптыр.
FIANIT туптуура тааптыр.
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#20 14 September 2010 - 07:22
Бул саптарды Рысбайдын "Кечирчи"
деген ырынын мотивине салып көрсөм, окшошуп жатат. Бирок сөздөрүн толук билбейт экемин. Ошондуктан,
ошол ырдын логикасына ылайыктап, уйкаштырып көрөйүн:
Мен сени айлап күтпөй, жылдап күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп элесиңди бир көрүүгө,
Дарактар гүлүн төккөн жерден күттүм
Мен сени айлап күтпөй, жылдап күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп элесиңди бир көрүүгө,
Дарактар гүлүн төккөн жерден күттүм
Jeka байке азаматсыз! Жамакчылык өнөр бар да.
Туура жообу мындай.
Мен сени айлап күтпөй, күндө күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп дидарыңды бир көрүүгө,
Дарактар шыбырашкан жерден күттүм

Супер-Инфо
super.kg
видео