Урматтуу Момун Мусулмандар!
Сиздерди биринчиден Рамазан айыныздар менен куттуктайм жана Орозо кармаган биздин Момун Мусулмандардын Орозосун Аллах Таалам кабыл кылсын!!
!
Эми бул теманын мааниси, Сизди жана Бизди бириктирген Ислам дининдеги эн пайдалуу кенештер тууралуу болмокчу...
Сиздерди дагы ыйман жолундагы жакшы билдируулорду жазып кетишиниздерди отуном...
- (2 )
-
- 1
- 2
Эн ыйык жана таза Ислам дини жана Момун Мусулман Пайдалуу кенештер...
#1 03 September 2010 - 15:47
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#2 03 September 2010 - 15:51
Жашоодо пайдалуу болгон 10 кеңеш:
Ар бир сүйлөмдө өзүнчө бир жашоо, өзүнчө бир маани бар.
1. Алдуулар алсыздарды эзип жатса, ошол маалдагы ажонун ширин уйкусу арам болот.
2. Чириген уруктан таза мөмө чыгат.
3. Жүгү жеңил болгондор батыраак жүрөт.
4. Эң биринчи өзүң кайрымдуу бол, андан кийин Аллахтан кайрымдуулук күт!
5. Өз кемчиликтериңди душманыңдан ук, себеби досуңдун көз алдында кылганыңдын баарысы жакшы боло берет.
6. Жолун адаштырган бир адамга: "Туура эле баратасың! " деп айтуу өтө чоң зулумдук.
7. Чындыкты сүйгөндөрдүн жүрөгү да күчтүү болот.
8. Канчалык күчсүз болсо болсун душмандардын дос бойдон калышы дагы жакшыраак.
9. Курактуу жаштардан эсем көптү билген карыялардан корк!
10. Көңүлүңдүн түшүүсүн каалабасаң, көңүлү түшкөндөрдү унутпа.
Зикруллах (Аллахны эстөө)
Зикир сөздүктө бир нерсени эстөө, дайыма эсте тутуу деген маанини берет. Дин түшүнүгү боюнча: Аллахны эстөө деген мааниде колдонулат. Аллахты ойлоо, аттарын эстөө; булардын баары өз өзүнчө зикир десек болот.
Аллахты дайыма эстеген жүрөк Аллах сүйүүсүнө жык толот. Мындай учурда момундун жүрөгүндө эч андай жамандык орун албайт. Аллахты зикир кылуу менен жүрөктө толкуп ташыган ыймандын негизинде ал киши эч кандай ыңгайсыз кыймыл-аракеттер жасабайт. Аллах таала арам кылган жана тыюу салган нерселерден узак турууга аракет кылат. Себеби жүрөгүндөгү ыйман жана Аллахка болгон сүйүүсү мындай кыймыл-аракеттерге тоскоол болот.
Аллах Куранда мындай дейт: «Силер мени эстегиле мен да силерди эстеймин. Мага шүгүр кылгыла жана мага каапыр болбогула» (Бакара-152) Башка аятта: «Жаратканыңды ичиңде жалбарып, коркуп, дилден эртели кеч жат кылгын жана бейкапар калгандардан болбо!»(Араф- 205) Жүрөгүндө Аллахты көп эстөө менен бейпилдикке жетише тургандыгын Аллах таала: «Аллахты көп эстегиле, балким кутулуу табаарсыңар» (Жума-10) деген аятында Аллахты эстөөнүн өтө маанилүүлүгүнө ишарат кылууда. Аллахnы эстөө момундун рухун канаттандырат. Аллахnы эстөө жогорку даражадагы ийгилик, жакшылыктарга алып бара турган жол.
Руханий жактан ийгиликке жетишкен киши бул дүйнөдөгү кыйынчылык, кичине кемчиликтер б.а. турмуштагы болгон өйдө -төмөн, даңгыр жүргөн жолдорунан кутулуп, бактылуу жана тынч жашоого жетишет. Аллахты эстөө бир гана анын атын айтуу менен чектелбестен, ар дайым аны ойлоо, анын жараткандары туурасында терең ой жүгүртүү.
Күнүмдүк жашообуздун негиздери
Ар күн кечке жуук беш-он минут күнүмдүк эсеп кысабың үчүн убакыт бөл. Адамдар менен болгон мамилеңден баштап, бардык кылган иштериңди электен өткөр. Ички дүйнөңдө Исламга төп келбеген көнүмүш жаман адаттар болсо, андан кутулуу үчүн Аллахка жалынып жалбар. Эгер бир адамдын акысын жесең же ага орой мамиле кылсаң, анда ошол адамдан дароо кечирим сура. Капа кылсаң, көңүлүн көтөр. Зыян берсең, же аны ушактасаң аны менен адалдаш.
Эч качан өлүм бар экенин унутпа. Ар бир алган демиң үчүн жана ар дайым өлүм периштелери жаныңда жүргөнүн бил. Өлгөндөн кийин адам үчүн эсеп кысап бар болгонун эсиңден чыгаба. Акыретте сүйүктүү пайгамбарыбыз менен бетме-бет жолукканда, анын үммөтү болгонубузду чын жүрөктөн айткан жана бетин кызарып, уялбай турган жолдо жүр.
Жеген тамагыңды маңдай териң менен таап, адал эмгек менен иш жасагын. Күмөн санаган жаман нерселерден узак бол. Адал иш менен тапкан эмгегиңе арамдын аралашып кетүүсүнөн сактан. Ислам аалымдарынын көрсөткөн жолу менен иш жүзүнө ашыр. Арам жана пайыз аралашкан нерсе менен акыретке баруудан баш тарт. Аллах Тааланын "Пайыз жеген кабырда шайтан урган сыяктуу ордунан атылып турат" деген коркунучтуу эскертүүсүн эсиңден чыгарба. Аз болсо да адал жол менен келген мал, ыплас жол менен келген малдан жогору экенин эсиңен чыгарба.
Намаздын убактарына маани бер, башкалардын кемчилигин издебе. Намаз, мусулмандын жашоосун көзөмөлгө алып турган байкоочу сыяктуу. Намазды өз убактында оку.
Бейиш бизге абдан жакын
Ибни Масуд (р.а)дан рабаят кылынганына караганда Пайгамбарыбыз (а.с) мындай деп айткан:
«Бейиш силерге бут кийимиңердин боосунан дагы жакын. Тозок дагы ошол сыяктуу» (Бухари, Рикак 29)
Шилтеген кадамдарыбыз жана кылган иштерибиз боюнча бейишке же болбосо тозокко баруу жолубуз чечилет. Ибадат жана моюн сунуу инсанды бейишке жакындатат, ал эми күнөөлөр менен жаман иштер болсо, тозокко жакындатат. Инсан бейишке да тозокко да жакын экенин, ошондой эле өз жашоосунда жактырып тандоосу менен шилтеген кадамдары аркылуу экөөнүн бирөөсүнө баруусу үчүн кыйынчылык көрбөй тургандыгы Пайгамбарыбыздын хадисинде белгилүү.
Түбөлүк жашоого сапар
Эч бир жандыктын өлүмдөн кача албасы баарыбызга маалым. Инсан үчүн өлүм жок болуу дегенге жатпайт. Тескерисинче “түбөлүк жашоого сапар” тартуу болуп эсептелет. Түбөлүк жашоого төрөлүү. Куранда өлүм жана кийинки жашоо тууралуу көптөгөн аяттарда айтылат.
Жан денеден бөлүнүп чыккандан кийин кабыр жашоосу башталууда. Пайгамбарыбыз: “Кабыр – акыр-кыямат аялдамасынын алгачкысы. Ал аялдамадан аман-эсен жолго аттангандар, кийинки аялдамадан кыйналбай өз сапарын улантат. Эгерде биринчи аялдамадан өтө албай калса, андан кийинкилерден да кыйынчылыкка дуушар болот” деп акырет жашоосунун өлүм менен башталаарын билдирүүдө.
Пайгамбарыбыздан: “Момундардын кайсынысы эң акылдуу?” деп сурушканда анда ал: “Өлүмдү эң көп эстегендер жана өлүмдөн кийинки жашоого эң жакшы даярдык көргөндөр. Мына булар эң акылдуу адамдар”. деп жооп берген. Өлүмдү эстөө жана ага ар дайым даяр болуу ар бир момун-мусулман үчүн керектүү сапат болгондугун баса белгилөөдө: “Жыргалчылыктарга чек койгон өлүмдү көп көп эстегиле” деп эскертүүдө
Ошондуктан момун мусулмандын максаты, мусулманча жашоо жана аруу ыйманы өлүм сапарына аттануусу керек. Түбөлүк жашоого даярдануу жөнүндө аяттар бар.
Ал Күндө дүйнө тирүүлүгүнөн Аллах Тааланын убадасына ишенип ыйман жана жакшы иштер менен өткөн ар бир момунга үндөө кылынып айтылат: “Эй, жайбаракат бейпил жан! Сен (Аллах тартуу кылган жыргалчылыктан) ыраазы болгон (жана Аллах Таала тарабынан сенин иштериңден) ыраазы болунган абалда жаратканыңдын алдына кайткын! Анан, жакшы пенделерим катарына киргин жана Менин бейишиме киргин!” сүйүнчүсү, ушул ийгиликтин сыйлыгы.
Ар сүйлөм бир жашоо
- Жаман киши Аллахга жалбарбасын деп Аллах ага кайгы-капа бербейт.
- Унутпа Фараондун башы бир да жолу оорубаган.
- Кайгы - Аллахты жашыруун эскерүүгө себеп боло турган болсо бүт дүйнө байлыктарынан пайдалан. Кайгысыз дуба суук болот. Кайгылуу дуба чын көңүлдөн чыгат.
- Дайыма сууда болуу балыктын табияты.
Жылан кайдан дайым сууда болсун?
- Кыштын жүзү суук бирок шапаттуу. Жаз күлмүңдөйт бирок жандан өткөн суугу бар. Тардык келери менен кеңдикти изде.
- Тааныбагандык эң жаман оору. Сүйүктүү Аллах күрө тамырыңдан да жакын бирок кабарың жок.
- Напси менен шайтан бир болот. Бирок ал экөө бир болгондой эле, акыл менен периште дагы бир болот.
- Байлык менен дене ээриген карга окшош, бирок аларды сатууну кааласаң эң жакшы кардар Аллах.
- Барган жердин шириндиги, ага жетүү үчүн жолдо азап-тозоктун көптүгү менен билинет.
- Уйку өлүмдүн тууганы. Бул тууганга карап өлүмдү тааны.
www.islam.kg - сайтынан алынды

#3 03 September 2010 - 22:21
ойлордун асылы жазылыптыр го ... эмгегинизге таазим Аселькин ...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#5 04 September 2010 - 18:57
Жакшы тема ачыпсыз,окуган адамга жакшы таасир берет деп ойлойм.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#6 06 September 2010 - 12:29
Азирети улукмандын уулуна айткан жүз насааты
1. Уулум, Алла Тааланы тааны.
2. Кандай акыл-насаат айтылса, биринчилерден болуп карма.
3. Өз деңгээлиңе жараша сүйлө.
4. Калкыңдын кадырын бил.
5. Ар бир кишинин укугун корго.
6. Сырыңды сактай бил.
7. Жоро-жолдошторуңду пайда, зыян тартканда сына.
8. Досту кыйын күндө сына.
9. Наадан, акмактан алыс кач.
10. Акыл, эстүү даана адам менен достош.
11. Кайырдуу ишке кайраттуу бол.
12. Жаман аялга ишенбе.
13. Кеңешти түз жана илимдүү кишилерден сура.
14. Сөзүңдү далилдүү айт.
15. Жаштыгыңдын баркын бил.
16. Жаштыгыңда эки дүйнөнүн ишин бүтүр.
17. Досторуңду кадырла.
18. Доско да, каска да маңдайыңды ачык тут.
19. Ата-энеңдин баркын бил.
20. Устазыңды атаңдан артык сана.
21. Чыгашың кирешеңе жараша болсун.
22. Кандай иш болсо да орточо бол.
23. Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.
24. Мейманга кызмат көрсөтүү милдетиң.
25. Киши үйүнө киргенде көзүң менен тилиңди тый.
26. Кийим менен денеңди таза тут.
27. Жамаат менен бирге бол.
28. Перзентиңе илим менен адеп үйрөт.
29. Ыгы келсе ат чаап, ок атканды үйрөт.
30. Бут кийим кийсең, оңунан баштап кий, чечсең солунан чеч.
31. Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.
32. Түн ичинде сүйлөсөң акырын сүйлө, күндүз жан жагыңа карап сүйлө.
33. Аз жеп, аз уктап, аз сүйлөгөндү адат кыл.
34. Өзүң жактырганды башкаларга да ыраа көр.
35. Иш кылсаң кеңеш менен кыл.
36. Үйрөнбөй туруп устаздык кылба.
37. Аял менен балага сыр ачпагын.
38. Бирөөгө түгөл ишене бербе.
39. Жаман адамдан жакшылык күтпө.
40. Ар ишти акылга сал.
41. Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе.
42. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
43. Улууларды шылдыңдаба.
44. Улуу кишиге узун сүйлөбө.
45. Билимсизге бийлик бербе.
46. Сурап келсе кур кайтарба.
47. Өткөн чатакты эске алба.
48. Бирөөнүн жакшылыгын мен кылдым дебе.
49. Байлыгыңды доско да, душманыңа да санатпа.
50. Туугандан кол үзбө.
51. Жакшы кишини ушактаба.
52. Өзүңдүн ким экениңди бил. Өзүмчүл болбо.
53. Эки тарап бир бүтүмгө келалбай жатышса, сен көпчүлүк жакта бол.
54. Эч кимди сөөмөй менен көрсөтпө.
55. Эл алдында тишиңди чукулаба.
56. Эл көзүнчө какырынып, түкүрүнбө.
57. Эстесең оозуңа алакан тут.
58. Калайыкка какшыбай сүйлө.
59. Эл алдында мурдуңду чукуба.
60. Тамаша сөзгө көнүп калба.
61. Кишини эл алдында жер каратпа.
62. Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.
63. Айтылган сөздү өзүңө алба.
64. Шылдың сөздөн сактан.
65. Өзүңдү, үй-бүлөңдү бирөөнүн алдында мактаба.
66. Эр болсоң аялдардай сыланба.
67. Баланын ойу менен боло бербе.
68. Тилиңе сак бол.
69. Колуңду силкпей сүйлө.
70. Ар кимдин урматын тааны.
71. Ооматы кайтканды колдобо.
72. Көзү өткөндү жамандаба.
73. Колуңдан келсе урушпа да, араздашпа.
74. Күч сынашпа.
75. Сынабаган кишиңди жакшы деп ойлобо.
76. Өз наныңды башканын дасторконунан жебе.
77. Иш жасасаң шашпа.
78. Дүнүйө үчүн башыңды машакатка салба.
79. Өзүң билгенди баркта.
80. Ачууга алдырсаң сөздүн артын байкап сүйлө.
81. Жең менен мурдуң сүртпө.
82. Күн чыкканча уктаба.
83. Каратып коюп тамак жебе.
84. Жол жүргөндө улуудан озбо.
85. Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.
86. Тизеңди жазданба.
87. Ары-бери алаңдабай жер карап бас.
88. Эгер колуңдан келсе төөнү жайдак минбе.
89. Конок алдында бирөөгө ачууланба.
90. Мейманга иш буйруба.
91. Акылсыз менен маска сүйлөбө.
92. Бекерпоз адепсиз менен жол боюнда отурба.
93. Ар кайсы ишке аралашып абийриңди төкпө.
94. Өзүңдү адамдардан артык санап бой көтөрбө.
95. Бирөөнүн кусаматын мойнуңа алба.
96. Уруш, жаңжал уюштурчу болбо.
97. Бычаксыз, жүзүксүз, акчасыз жүрбө.
98. Өзүн кордобогондордун баркына жет.
99. Жөнөкөй бол, бой көтөрбө.
100. Алла Таалага ыраазылык менен, нап#### эрк менен, улууларга урмат менен, балдарга шапаат менен, бакырларга жоомарттык менен, дос-жаранга насаат менен, душманга чыдам менен, нааданга сүкүт менен, аалымга таазим менен тирилигиң кыл. Бирөөнүн малына сук артпа. Малым азайды деп чөкпө, көбөйдү деп көппө.
Фарс тилинен которгон:
Мамасабыр Досбол уулу www.islam. kg - сайтынан алынды

#7 11 September 2010 - 19:50
Исламдын улуулугун жана акыйкат дин экенин Исламды кабыл алган адамдардан да билсек богудай. Карап көрсөк ким болсо болсун акыйатты издеген адам барибир акырында акыйкатты табат экен. Абдулахад Давуд (Бенджамин Девид), Абдуллах Таржуман (Анселмо Турмеда) ж.б. көптөгөн христиан кеңилдеринин Исламды кабыл алуусу башкаларга да мисал болсо керек дейм. Дүйнөдө көп экен мындайлардын окуясы. Мага алардын арасынан өзгөчө Абдуллах Таржуман менен Абдулахад Давуддун окуялары жагат. Силерге да сунуштайм алардын өмүр-таржымалын.
Араларына франсуз хирург Морис Букейлди да кошсок болот. Кызыккандар окуп көрсүн.
#8 13 September 2010 - 10:22
Спирт ичимдиктеринин зыяны
Спирт ичимдиктери азыркы мезгилдеги көйгөйлүү маселелердин бири болуп эсептелет. Спирт ичимдиктери бир гана ичкен адамга эле эмес, чөйрөдөгү бардык адамдарга зыянын тийгизүүдө. Ичкилик ден-соолукка зыян келтирүү менен гана чектелбестен, жол жана иш жерлеринде болгон кырсыктардын негизги себептеринин бири. Үй-бүлөлөрдө ынтымактын кетишинин, ажырашуулардын башкы себепкери да ичкилик. Тоноо, жаралоо, өлтүрүү, уурулук ж.б.у.с. ар түрдүү кылмыштардын көбүн адамдар мас абалында жасарын билбеген киши жок болуш керек. Спирт ичимдиктери жөнүндө Аз. Пайгамбарыбыз мындай деген: «Ичкилик–бардык жамандыктардын башаты».
Ыйык китебибиз Куранда мындай деп айтылат: «Эй Мусулмандар! ичкилик, кумар, табынып сыйыныш үчүн орнотулган таштар жана таякчалар - шайтандын ыпылас иштери. Булардан сактанып алыс болсоңор бакыт-таалайга жетесиңер».
Белгилүү болгондой, динибиз жаралып, ичкиликк ичүүгө тыюу салынган кезде, алкоголдун зыянын толук ачып көрсөтө турган бүгүнкүдөй техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Ошого карабастан адамды кереметтүү антиквардык саат сыяктуу жараткан Аллах Таала өзүнүн түбөлүктүү илиминин кудурети менен алкоголдун адам баласынын ден-соолугуна тийгизе турган зыяндарын аныктап, алкоголдуу ичимдиктерге тыюу салган.
Адамдардын көңүлү чөгүнкү, бирөө менен урушуп кеткенде, карызга батса, же кандайдыр бир көйгөйлөр башка түшкөндө ичип жибермей адаты бар. Арак көйгөйлөрүбүздү жок кылбайт. Тескерисинче, ичкенден кийин көптөгөн жаман нерселерге кабылып, өзүбүздүн эмне кылганыбызды билбей, башыбызга көп балээни үйөбүз. Ошондуктан, көйгөйлөрүм аз болуп, ыпыластыктан узак болоюн десеңиздер! Балээлердин башаты болгон ичкиликти таштап, туура жол менен бактылуу жашоого бет алалы!
Алкоголдуу ичимдиктер Аз. Пайгамбарыбыздан: “Бардык жамандыктардын башаты…” деп билдирилген. Чынында эле илим, техника өнүккөн сайын бул аналитиканын туура экендиги ырасталууда. Бир гана ден-соолукка зыяндуулугу менен чектелбестен жол кырсыктардын жана башка терс көрүнүштөрдүн келип чыгышынын эң башкы себеби.
Үй-бүлөдөгү ынтымаксыздыктын, ажырашуулардын эң негизги себептеринин бири алкоголдук ичимдмктердин алып келген кесепеттеринен болуп жаткандыгы шек-күмөнсүз. Алкоголдуу ичимдиктердын айынан адам өлтүрүү, тоноо, жаралоо жана башка ушул сыяктуу ар түрдүү кылмыштардын кылынышы жана көбөйүүдө. Булардын баардыгын өзүбүз деле көрүп, жада калса ошол балээнин ичинен чыга албай жаткандарыбыз дагы бар.
Ичимдиктерде адамдарды мас кылуучу жана өтө зыяндуу этил спирти деген химиялык зат бар. Ар бир ичимдикте ар түрдүү этил спирти болот. Спирт адам денесиндеги өпкөдө күйөт. Анын бир аз бөлүгү бөйрөк жана дем алуу менен ооздон чыгат. Ошондуктан ичкилик ичкен кишилерден чыккан дем спирт сасып турат. Спирт уктатуучу зат болгондуктан мээнин функцияларына зыян берет. Спирт жүрөк булчуңуна уулуу экендиги айкын. Аракты көп ичкендердин жүрөк жана скелет булчуңдарынын зыянга учураганы далилденген.
Алкоголизм, физикалык жана руханий жактан артка тарткандай эле, үй-бүлөлөрдө ажырашууга себеп болгон, бактысыздыкка жана жумушчу санынын азайышына да алып келет. Жол кырсыктарынын эң негизги себеби да деп айтсак жаңылышпайбыз. Коомдун жана ден-соолуктун көйгөйү. Аллах Тааланын ушунчалык көптөгөн адал нерселери турса, ичкилик ичип арам жолго түшүү акылсыздык, акмактык, айбандык.
www.islam. kg - сайтынан алынды

#9 13 September 2010 - 13:52
Azamatsin Aselkin,senin jazgandarindi ayabay jaktirdim.Anda emese Alga!
все что ни делается все к лучшему :(
#10 14 September 2010 - 10:12
Тамекинин өлүмгө себепчи коркунучтары
Тери - териси бузулганына байланыштуу жашынан картаң көрүнүү (караюу)
Тиш – тиштердин саргаюсу, тиш бүлөөсүнүн оорусу.
Ооз жана тамак – тамактын рак оорусу, даам татуу сезиминин алсыроосу.
Кекиртек жана дем алуу органдары – кекиртектин рак оорусу, кекиртек сезгенүүсү, үн түйүмдөрүнүн зыянга учуроосу.
Жүрөк жана кан тамырлар – инфаркт жана өлүмдүн эң башкы себеби: атеросклероз, кан басымынын жогорулашы.
Жатын жана жумурткалар- тукумсуздук, бойдон түшүү, майып жана чала төрөт. Менопаузанын эрте келиши жана жатындын рак оорусу.
Колдор – бармактардын саргаруусу, тырмактардын алсыз болуп сынуусу.
Кол жана буттун кан тамырлары–бул кан тамырлардагы оорулар.
Денеге башка таасирлери - чарчоо, уйкусуздук, депрессия, стресc, иште ийгиликтүү боло албоо, рефлекстердин начарлашы.
Мээ – шал болуу (паралич), карыганда алжып калуусу (Альцгеймер оорусу), ар бир тартым элүү миң клетка өлтүрөт.
Көз – катаракт, карыганда сокур болуу.
Жалпысынан алганда жаман жана сасык жыт.
Мурун – жыт сезүү органынын алсыроосу.
Өпкөлөр - өпкөнүн рак оорусу, бронхит.
Карын жана кызыл өңгөч – рак, карын жарасы жана кансыроо.
Эркектин жыныстык клетка бөлүп чыгарчу бези – импотенция, эрекциянын начарлашы, тукум куучу оорулардын пайда болушу.
Чылым чегүү
Чылым чегүү болжол менен он кылымдай тарыхы болгон түтүн менен чылым XV кылымдарда ислам дүйнөсүнө да кирип келген. Коомдо жайылуусу менен бирге чылым чегүүнүн зыяны барбы же жокпу тартышылып келген.
Азыркы мезгилде медицина жана илимдин өнүгүүсү, чылым чегүүнүн зыяндуу же эместиги жөнүндөгү күмөн саноолорду жок кылды. Чылым чегүүнүн ар кандай оорууларга жол ачкандыгы зыяндары жана булганууларды изилдеген бир канча изилдөөчүлөрдүн ачкан жаңылыктары калкка кеңири жайылып. Бул темада ар кандай эмгектер жазылган. Бул изилдөөлөргө караганда чылым чегүү, адамга кумаркечтик алып келет. Барган сайын күчөп олтуруп адам чылым чекпесе туралбай турган болуп калат. Жогоруда айткандай кумар болуп калат. Дем алууну бузат, ашказан жана жүрөк оорууларына алып келет. Нерф функцияларынын бузулуусуна жол ачат жана рак оорусу менен да чоң байланышы бар. Чылым чегүүнүн зыяны оозго, денеге, айлана чөйрөнү булгоо менен бирге адамдарга да өтө чоң терс таасирин тийгизет. Чылымдын адамдардын ден соолугуна тийгизген зыяндары 3000 ге чейин жетип, эч кандай пайдасы табылбаган. Куранда: «Өзүңөрдү кырсыктуу өлүмгө таштабагыла» (Баккара, 195) жана хадисте: «Бирөөгө зыян келтирүү, сага зыян келтирген адамга да зыян келтирүү менен жооп кайтаруу туура эмес»
Табарсык – табарсыктын рак оорусу.
Сөөктөр жана тулку бой – сөөктөрдүн бузулушу.
Келээрки муунга калтырылган мурас - тамеки чеккен аталардын балдарында ракты алдын алуучу ген жок, алар мындай гени жок болуп туулушат. Кош бойлуу учурунда тамекки чеккен аялдардын балдары 10-15 пайызга арык жана ошол эле өлчөмдө акылы кем туулушат.
Тамеки тартаардан мурда эстесеңиз
1. Алгач ата-эне өзү чылымдан алыс болуусу керек
Эгер ата-эне тамеки тартса, баланын чылым чегүү мүмкүндүгү чекпеген үй-бүлөгө салыштырмалуу 3 эсе көп болот. Өзүңүз чылым чегип, балага тартпа деп айтуунун эч мааниси деле калбайт. Чынында жаш бала мыкты туурагыч жана ошол көргөн нерселер, мисалдар ал үчүн бүт нерсе болуп саналаарын эсибизден чыгарбасак.
2. «Көк түтүндү» алгач сиз таанытыңыз
Балдар 3-4 жашынан баштап тамекинин зыяны тууралу билүүлөрү зарыл. Эгер мектеп жашына жеткенде айтам десеңиз жаңылышасыз, аны менен бирге убакыттан да уттурасыз. Ал эми бала 6-7 жашка чыкканда банкага топтолгон чылымдын калдыктарын балаңызга көрсөтүп, жыттаткан соң ушундай жаман нерсенин өпкөсүндө болуусуна кандай караарын сураңыз. Кийин ошол чылымдын калдыгынан бирди алып ага бериңиз. Кызыгуусу тараган соң кайра алып коюуңуз.
3. Жаш балага кыска убакта төмөндөгүлөрдү үйрөтүңүз:
- чылым чеккендин кийимдери жийиркеничтүү жыттанаарын;
- тиштери жана колдору саргайып кетээрин;
- дем алуусу кыйындаарын;
- энергиясы азаярын;
- бир жумада тамекиге кеткен акчага эмнелерди алууга болоорун, мисалы, таттуу, оюнчук, китеп, кассета ж.б.у.с.
- тамеки тартууну өзүнүн эрки менен каалап, тандап алаарын, бирок, ошол эркиндигинин чылымга көз каранды болуп анын чыга алгыс туткунуна тушугаарын түшүндүрүп баса айтыңыз.

#11 16 September 2010 - 09:35
Жети дартка дабаа
АКШ Гарвард Университетинин медицина факультетинин окумуштууларынын айтканына караганда, адам баласынын ден соолугу чын болушуна төмөндөгү 6 нерсе зарыл экендигин белгилеген:
Сарымсак (чеснок): холестеринди азайтып, антибактериалдык касиетке ээ. Ичеги жана көкүрөктүн рак болуу коркунучун азайтат. Ошондуктан адам баласы күнүнө 1 тиш сарымсак жеп турушу керек. Бышырбай чийки жесе пайдасы көбүрөөк.
Апельсин:
бул дагы сарымсак сыяктуу холестеринди азайтып, сөөктөрдүн катуу болушун камсыз кылат. Бөйрөктө таш пайда болуу оорусунан жана ичеги рак оорууларынын чыгышын азайтат.
Фасоль: бул типтеги тамак-аштардын эң баалуусу болуп саналат. Анын 2,8 граммында холестеролду түшүрүүчү атайын зат бар. Бул жүрөк ооруларына жана ар түрдүү рактардын чыгышына тоскоол болот. Фасолду эң аз эки күндүн биринде тамак ашка кошуп жеп туруу абзел.
Балык: балыктын баардык түрү адам баласынын ден соолугуна пайдалуу. Балыктын майы жүрөктүн иштешин жакшыртат. Анда адамга эң керектүү болгон кальций көп болуп, ревматизм оорусунун чыгышын азайтат. Балыкты жумасына бир жолу жеш керек.
Памидор: Ашказан жана ичеги рагына каршы келип, карылыктын келишин кечиктирет. Жана дагы рак илдетин көбөйүшүнө тоскоол берет. Муну жумасына 4-5 жолу чийки колдонуу зарыл.
Сүт: Сөөктөрдү бекемдейт жана составындагы кальций менен Д витамини организмди жаңыртып турат. Көбүнчө кары адамдарда кездешкен давленил оорусун жана бөйрөктөгү ташты түшүрөт. Медиктердин айтуусу боюнча сүттү 50 жаштан өткөн эркектер жана 65 жаштан өткөн аялдар күнүнө эң аз 3 стакан ичиши керек.
Бий алманын дарылык касиети
Бий алма (айва) жүрөк, боор, тамак, ашказан, көз, ичеги жана ооз көңдөйүнө жакшы жардам берет. Бийдин жемиши эле эмес, анын денедеги жана жалбырагы да пайдалуу. Алар боек жасоодо жана косметикада, медицинада дары-дармек жасоодо колдонулат.
Бий алмада протеин, шекер, органикалык кислоталар, А, В2, С витаминдери жана темир, жез, калий сыяктуу минералдарга бай келип, жаш көчөттөрүндө май менен протеин камтылган.
Бий алманын пайдалары
Бий алма жаш балдардын ден соолугун чыңдап, алардын өсүп чоңоюусун тездетет. Нерв системасын бекемдеп, ашказан менен ичегидеги түрдүү зыяндуу микробдордон коргоп, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Тери менен тырмактарды жылмакай жана жалтырак кылат.
Сасык тумоого да жакшы жардам берүү менен тезирээк айыгууга шарт түзөт. Бий алма, анын ширеси, компоту да ич өткөккө жакшы жардам берет. Кайраттуу болууга күч берип жана чарчоодон сактайт. Ооз көңдөйүнүн жагымсыз жытынын алдын алат. Курамындагы витамин жана минералдар жүрөк жана кан тамыр ооруларынан коргойт. О.э. кандагы холестериндин өлчөмүн азайтып, тамырдын катуулашынан коргойт. Бийдин кагы ооздогу жаралардын тез айыгуусуна жакшы жардам берет. Сары майда бышырылган бий алма, какырыкты чыгарууда жана өнөкөт жөтөлгө, дем алуу системасындагы илдеттерге, о.э. бронхитке да аябагандай зор жардам берет. Бийдин гүлү жана кабыгы да пайдалуу. Гүлүн кайнатып ичүү бала эмизген энелердин сүтүн көбөйтүп, жүрөккө жана баш орууга жакшы. Ал эми кабыгын кайнатып ичүү заара каналдарындагы сезгенүүнүн жакшыруусун тездетет.
Ооздогу жараларга, тамактын оруусуна бийдин өзүн же жалбырагын кайнатат да, ошол суу менен оозду чайкайт (кырылдап тээ тереңден). Эриндин жарылып кетүүсүнөн алдын алуу жана айыктыруу үчүн анын данегин кайнатат да, суусу менен жууйт.
Ал эми жалбырагынан демделген чай өзгөчө тынчтандыруучу касиетке ээ жана уйкусуздукка жакшы жардам берээри далилденген. О.э. курамында шекердин өлчөмү аз санда болгондуктан кант диабети менен жабыркагандарга да пайдалуу.
Рактан коргогон азыктар
Рактан коргогон азыктар
Көп көп жер-жемиш жана мөмө-жемиш жеңиз: Капуста, сабиз, ашкабак, турп, кызылча, алма, өрүк… ж.б.
Ар дайым көк чай ичиңиз.
Жаныбар протеинин аз жеңиз. Өсүмдүк протеинин көп жеңиз: төө бурчак, нокот, дегеле баардык буурчак өсүмдүктөрү.
Май жешиңизди азайтыңыз. Кайра кайра куурулган майларды эч качан колдонбоңуз.
Ышталып жасалган азык-түлүктөрдөн, жасалма сүт азыктарынан, барбекю, шашлык жана куурулуп жасалган тамактардан алыс болуңуз
Кошумча кошулган жасалма таттуу кылуучу, жасалма түс-жыт-өң берүүчү, - (антибиотик кошулган) азыктарды жебеңиз. Табигый жана экологиялык жактан таза түшүмдөргө көңүл буруңуз. Табигый жана таза болгонун тандаңыз.
Холестеролду азайткан азык-заттар
Холестеролдун ашыкча болушу кан тамырга коркунуч туудурган эң маанилүү проблема. Кээ бир азык-заттардын регулярдуу колдонулушу кандагы холестеролдун контрол алдында болушун оңойлоштурат. Мисалы:
Зыгырдын уругу жана майы.
Май чыгарылчу уруктар: жаңгак жана жер жаңгак.
Соя өнүмдөрү.
Жашылча жемиштер: кызыл калемпир, сарымсак, пияз, сабиз, броколи, артишок, помидор.
Мөмө жемиштер: алма, апельсин, лимон.
Дан өсүмдүктөрү: сулу акшагы, күрүч.
Сулу акшагын жана зыгыр уругун да унутпаңыз
Сулу акшагы жана зыгыр уругу да аябай эффективдүү холестерол азайтуучуларынан. Күндө 50гр. сулуу акшагы, же болбосо 1Ө2 чыны зыгыр уругун пайдаланып, эффективдүү холестерол контролу сактала алат. Сулу акшагынын өлчөмү күндө 100 граммга чыгарылса, дагы ийгиликтүү натыйжа алынат. Сулу акшагын эртең менеңки тамагыңызда майсыз сүт менен зыгыр уругун кичине кууруп, салаттарыңызга кошуп жесеңиз болот.

#12 20 September 2010 - 09:38
Ата-энени урматтоо
Аллах Таала алгач өзүнө кийин ата-энеге жакшылык кылууну жана баш ийүүнү буйруган. Лукман сүрөсүнүн 14-аятында Аллаака шүгүр кылуубуз жана андан кийин ата-энеге шүгүр кылуубуз айтылат. Бул нерсе Аллахтын акысынан кийин эле ата-эне акысы келе турганын көрсөтөт.
Аллах Таала адамдардын жана бүткүл ааламдын жаратуучусу. Ата-эне болсо, буларга себепчи болуп эсептелет. Андай болсо биринчи милдетибиз Аллахка ибадат кылуу андан кийин ата-энеге жакшылык кылуу жана аларга баш ийүү керек.
Дүйнөдө адамдын негизги максаты Аллахтын ыраазычылыгына жетүү болушу керек. Ал эми бул болсо, ата-эненин ыраазычылыгына байланыштуу. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде: “Аллах ыраазычылыгы ата-эне ыраазычылыгында, Аллахтын каары ата-эненин каарында” деген. (Тирмизи, Бирр,3)
Сахабалардан бири болгон Абдуллах ибни Масуд мындай дейт: “Аз. Пайгамбардан (сав):
Кайсы иш Аллах Тааланын алдында жакшыраак? – деп сурадым.
Убагында окулган намаз.
Кийин кайсы?
Ата-энеге баш ийүү.
Кийин кайсы?
Аллах жолунда согушуу - деп жооп берди.” (Бухари, Жихад, 1)
Балдары ата-энесине жакшылык кылып аларды урматтаса бейишке, эгер аларга баш ийбей капа кылса тозокко барат.
Бир мусулман үчүн бир гана ата-энеге белектерди берип сүйүндүрүү жана алардын жакшы баталарын алуу жетиштүү болбойт. Аларга болгон сүйүүбүз жана урматыбыз өмүр бою болушу керек. Аткени бейиш ата-эненин таманында.
Бала тарбиялоодо сунуштар
1. Тарбиядагы алгачкы курал-сый-урмат болуп эсептелет.
2. Али кичине дебестен, тарбияны бешиктен баштайлы.
3. Балдарды эч качан жамандабоо.
4. Аларды эч качан жалганчылык менен күнөөлөбөө.
5. Алар сөз укпай бой көтөрүп баштаса, муну оңдоо.
6. Башкаларга жардам кылууну аларга адат кылдыруу.
7. Ачык мүнөз болгонго үндөө.
8. Айткан насаат сөздөрүбүздү иш жүзүндө көрсөтүү.
9. Балага ар дайым,бардык жерде көңүл буруу.
10. Жашоонун ысыгын да, суугун да көрсөтүү.
11. Сабырдуулукка үйрөтүү.
12. Эгер зыян алып келе турган болсо ар бир каалаганын эле аткара бербөө.
13. Башкалардын алдында кемсинтпөө, какпоо.
14. Катасын ачууланып эмес, үйрөтүү менен түзөтүү.
15. Үйрөтүү - таяк менен эмес.
16. Аларга эч качан жалган айтпоо.
17. Балага берилген сөздөн кайтпоо.
18. Балдардын баарына бирдей мамиле жасап, аларды бири-биринден өзгөчөлөндүрбөө
19. Дайыма жакшы иштерди кылууга үндөө.
20. Жаман иш кылса, ага көз жумбастан,кагып- силкпестен түшүндүрүү.
21. Сырларды алардын көзүнчө айтуу.
22. Балдардын жанында башкаларды шылдыңдабоо.
23. Өтө катуулук да, өтө жумшактык да зыян.
24. Сөзгө тургандыкка үйрөткүлө, анткени, бул аны жаман иштерден алыстатат.
25. Каталарды мойнуна ала билүүнү үйрөтүү.
26. Кайгы-муң, капаларды, чыр-чатактарды алардан жашыруу.
27. Айткан сөзүнө эмес, кылган ишине маани берүү

#13 08 October 2010 - 13:51
«Фатиха» 1
1. Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
2. Ааламдардын эгеси болгон Аллага мактоо!
3. Ал Мээримдүү, Ырайымдуу.
4. Кыямат Күндүн падышасы.
5. Биз Сага гана сыйынып, Сенден гана жардам сурайбыз.
6. Өзүң бизди туура жолго баштагын,
7. (ошол) Сенин каарыңа калбагандар жана адашпагандарга Өзүң тартуулаган жол эле.
Асмандардагы жана жердеги нерселердин баары Аллага таандык. Силер көңүлүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ашкере (шардана) кылсаңар да, Алла ал тууралуу силерден (баары бир) сурак алат. Ал кимди кааласа кечирип, кимди кааласа азаптайт. Алла бардык нерсеге Кудуреттүү!
(Куран, Аль-Бакара, 284-аят)Бир жан башка бир жандын күнөөсүн көтөрбөй турган, күнөөсүнө төлөм да алынбай турган жана колдоо да пайда бербей, жардам да кылынбай турган Күндөн корккула!
(Куран, Аль-Бакара, 123-аят)Өздөрүнө ачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп-жарылып, каршылашкандардан болбогула. Мына ошолорго - Улуу азап (бар)!
(Куран, Аль-Имран, 105-аят)
Эй, ыйман келтиргендер! Мал-мүлкүн элдер көрсүн үчүн сарптаган, Алла менен Акырет күнүнө ишенбеген (адамга) окшоп, садакаңарды колко кылып, же ыза менен бузуп албагыла.
(Куран, Аль-Бакара, 264-аят)Алла аларды кечиреби, же азаптайбы... Эч бир иш сенин эркиңде эмес! Чындыгында, алар - заалымдар.
(Куран, Аль-Имран, 128-аят)
Эгер Алла силерге жардам берсе, анда силерди эч ким жеңе албайт. Ал эми Алла силерге жардам бербесе, анда Андан башка ким силерге жардам берет?! Ыймандуулар Аллага гана тобокел кылышсын!
(Куран, Аль-Имран, 160-аят)

#14 30 November 2010 - 11:19
Жараткан АЛЛАХ Кыргыз Элибиздин журогуно ыйман берсе экен!!!
Азыркы кырдаалдан эртерээк чыгып, Элибизде, Жерибизде тынччылык болсо экен!!!
Азыркы кырдаалдан эртерээк чыгып, Элибизде, Жерибизде тынччылык болсо экен!!!
АЛЛАХТАН башка сыйынууга татыктуу Кудай жок, Мухаммад саллаллаху алейхи уа саллям АЛЛАХТЫН элчиси!
#15 01 February 2011 - 08:18
Азирети Умар-ул Фарук
Азирети Умар улуу көчтөн кырк жыл мурун жарык дүйнөгө келген.
Ал балалык кезин төө кайтарып өткөргөн. Ал күндөрү төөлөрдүн аркасынан ээрчип жүрүп чарчаган убагында бир аз дем алып олтура калса эле атасы аны ураар эле. Азирети Умар халифа болгондон кийин күндөрдүн биринде ошол төө кайтарган жайытынан өтүп бара жатып, көзү жашылданып балалык кезин эстеп: "Оо, Жараткан Алла! Сен кандай гана улуксуң! Башыман кандай гана кыйынчылыктар өтпөдү. Бул жерлерде төө жайып, сууга чаңкап, бир аз дем алып олтура калсам атамдан жеме угаар элем. Бүгүн болсо минтип мусулмандардын жол башчысы болуп жүрөм" деген экен.
Караңгылык доорунда арап коомчулугунда жаа атууда, күрөштө чебер болуу жана ошондой эле сөзгө чечен болуу өзгөчө ардакталган иштер болуп эсептелген.
Азирети Умар мына ошол күрөштө да, сөзгө да чебер болгон. Умар исламды кабыл алуудан мурун арабдар сөзгө чечен болгондугу үчүн ага элчилик ишин жүктөгөн
Аз. Умардын мусулман болушу
Азирети Мухаммад (с.а.в.) Пайгамбарыбыз пайгамбар болгон жылы Умар жыйырма жети жашта эле. Умардын кээ бир жакын туугандары Ислам динин кабыл алып, мусулман болушкан эле.
Пайгамбарлыктын алтынчы жылы. Күндөрдүн биринде араптардын тапшырмасы менен Умар Мухаммед пайгамбарды өлтүрмөккө жолго чыкты. Жолдо бара жатып Нуайм ибн Абдуллах аттуу бир мусулманга учурады. Умардын көз карашынан ниети бузук экендигин байкап, кайда бара жаткандыгын сурады.
- Мухаммедди өлтүргөнү - деди Умар тайманбай.
- Сен биринчи өз туугандарыңды кара! Эжең менен жездең да мусулман болгон - деди Нуайм.
Мындай күтүүсүз сөздү уккан Умар дароо эжесинин үйүн көздөй бет алды. Эжесинин үйүнө жете бергенде эжеси Фатима Куран окуп жаткан эле. Сырттагы дабышты угуп, дароо Курандын баракчаларын жашырды Фатима.
Умар үйгө кирип, саламга да келбей эжесине эмнени окуп жаткандыгын сурады. Фатима коркконунан: "эч нерсе" деп жиберди. Ачууланган Умар кайра-кайра такып сурагандыктан жездеси мусулман болгондуктарын айтты. Бул сөздү өз кулагы менен укканына ишене албай өз жинине өзү уугуп, жездесин уруп жиберди. Фатима күйөөсүнө болушуп арачалаганда Умар ага да кол көтөрдү. Анда Фатима чыдай албай ачуу үн менен:
- Умар, сен эмне кылсан кыл, биз бары бир мусулмандыктан баш тартпайбыз! - деп кыйкырды.
Эжесинин мындай кескин сөздөрүн уккан Умар тынчып:
- Болуптур, ушу окуган нерсеңерди көрсөткүлөчү мага! - деди. Фатима Курандын баракчаларын алып чыгып Умарга сунду. Умар окуй баштады. Ал окуган сүрөө Таха сүрөөсү эле. Аяттарды окуп жатып, андан бир башкача сезимдерди туюп, көзүнөн жаш кеткенин өзү да байкабай калды. Ошентип пайгамбарды өлтүрмөккө жолго чыккан Умар эжесинин үйүнөн "Ашхаду ан лаа илааха иллаллооху ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулуху" деп күбөлүк келмесин келтирип мусулман болду.
Бул учурда Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Сафа тоосунун этегинде жайгашкан Азирети Аркамдын үйүндө эле. Азирети Умар Аркамдын үйүнө барып, эшикти такылдатты. Кутман сахабалар сыртка баш багып, Умардын кылыч менен келгенин айтты. Азирети Хамза аларга Умардын үйгө кире беришин буйрук кылып:
- Жакшы ой-максат менен келсе, кандай сонун болор эле. Эгерде койнунда котур ташы болсо, анда мен анын башын аламын - деди.
Умар ичкери кирди. Пайгамбарыбыз Умарга жакындап:
- Умар эмнеге келдин?! …- деп суроо узатты. Азирети Пайгамбарыбыздын үнү Умарды абдан толкундатып жиберди. Толкунданган Умар үнү калтырап:
- Мусулман болуш үчүн келдим! - деп жооп берди.
Анда Пайгамбарыбыз кубанчынан:
- Аллооху Акбар!...- деп жиберди. Ал жердеги мусулмандар да, Пайгамбарыбызды коштоп бир ооздон "Аллооху Акбар!" деп үйдү жаңырта үн салышты.
Азирети Умардын Ислам динин кабыл алышы мусулмандар үчүн өзүнчө кубаныч болду. Мусулмандардын саны Азирети Умар менен кыркка жеткен болучу.
Ошентип күндөн-күнгө мусулмандардын көбөйүшү Мекке шаарындагы атка минер Курайш бутпарастарынын жүрөгүн өйүп, өзүнчө чоң көйгөйгө айлана баштады. Өз ара жыйын өткөзүшүп мусулманчылыкты түп тамыры менен жок кылуунун жолдорун ойлонушту. Пайгамбарыбыздын абасы Абу Талибдин көзүнүн тирүүсүндө Курайш уруусу мусулмандарга эч зыян келтире албайт эле. Абу Талибдин көзү өткөндөн кийин ушуну эле көздөп турган Курайштын атка минерлери мусулмандарды ар түрдүү зордук-зомбулуктар менен кордой башташты. Колго түшкөн мусулмандарга ит көрбөгөн кордуктун түрүн көрсөтүштү. Мындай зордук-зомбулук беш-алты жылга созулду. Мусулмандар акыры мындай кордукка туруштук бере албай калышты. Акырында Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мусулмандарга Мединага көчүүгө уруксат берди. Мусулмандар тымызын Мединаны көздөй журт которо башташты. Азирети Умар жыйырма киши менен чогуу Меккени таштап Мединага карай бет алды.
Азирети Умар ардактуу Пайгамбарыбыз катышкан бардык казаттарга эч кылчайбастан катышкан.
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көзү өткөндөн кийин жакын досу Абу Бакир Сыддык халифа болуп, мусулмандарды эки жыл алты ай башкарды.
Аз. Умардын халифа болуп шайланышы
Азирети Абу Бакир күндөн күнгө оорусу күчөп, ичер суусу түгөнөрүнө көзү жеткенде халифалык милдетин Умарга тапшырды. Азирети Абу Бакир бардык сахабаларды жыйнап :
-Халифалыкка өз жакын туугандарымдан эмес, Азирети Умарды дайындап жатам. Колдойсунарбы? - деди. Анда кутман сахабалар:
-Албетте, ага баш ийебиз – деп Умардын халифалыгын бир ооздон кабылдашты. Ошентип, халифа болуп шайланган Азирети Умар эң алгачкы жолу "амирул муминин" (момундардын башчысы) деген наамга ээ болду.
Азирети Умардын халифалыгы учурунда мусулмандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, Ислам мамлекети экономикалык жактан да бир кыйла күчкө толду. Азирети Умар Ислам тарыхында өлбөс-өчпөс ариптер менен жазылып калаар ак эмгеги менен чоң иштерди аткарды. Ал элди кара кылды как жарган калыстыгы менен адилеттүү башкара алды. Элди ар дайым ыймандуулукка, ынтымакка, биримдикке чакырды. Анын халифалыгы 10 жыл 6 ай 4 күн сүрдү.
Азирети Умардын шейит болушу
Күндөрдүн биринде шаманизм динин тутунган Фируз деген бир кул эртең мененки багымдат намазына келген эле. Аңгычакты Умар да келип калды. Каадасынча намазга турду. Ушуну эле күтүп турган Фируз Азирети Умарга аркадан кол салып, койнуна жашыра келген бычагы менен удаама-удаа бышактап алып, дароо качканга аракет кылды. Азирети Умар ошол жерден эле жерге сулап жыгылды. Ал алты жолу бышактаганга жетишиптир. Бирок Фируз көп өтпөй эле кармалып дарга асылды. Кутман сахабалар Умарды (Алла ага ыраазы болсун) дароо үйүнө жеткиришти. Азирети Умар сахабалардан ким бычактаганын сурады. Алар «Фируз» деп жооп беришти. Анда ал мусулман тарабынан жарадар болбогонуна сүйүнүп, Жараткан Аллага шүгүр келтирди.
Көп өтпөй улуу көчтүн 43-жылы 63 жаш курагында ал дагы бул дүйнө менен кош айтышты. Сөөгү сүйүктүү Пайгамбарыбыздын кабырына жанаша коюлду. Жараткан Алла аны да Өз Мээримине бөлөсүн! Оомийин!
http://kg.islam.kg/ 2...i-umar-ul-faluk - сайтынан алынды

#16 01 February 2011 - 12:02
#17 01 February 2011 - 22:18
Барака АЛЛАХУ фик йа ухти муслима.АЛЛАХ сизден ыраазы болсун жана эки дуйнонун бактысын берсин!Амийн!
#18 01 February 2011 - 22:30
биздин дин эн таза дин. Эн ыйык дин.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#19 02 February 2011 - 19:04
Ылайым Аллах сизден ыраазы болсун!Раббибиз Алла,динибиз,
Ислам,пайгамбарыбыз Мухаммед.Ылайым баарыныздардын жузунуздордон нур дилиниздерден ыйман кетпесин!
#20 02 February 2011 - 19:49
Кошулам. Аллах бизди колдосун. биз ал учун Аллахка ишенишибиз керек.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео