- Мен мындан беш жыл мурун турмушка чыккам. Никеге туруп, расмий каттоодон өткөнбүз. Ортобузда бала жок. Бир аз жашагандан кийин эле күйөөмдүн психикалык жактан оорулуу адам экени байкалды. Азыр оорусу күчөп кетти. Ошол себептен экөөбүз чогуу жашаганга мүмкүн болбой калды. Анын туугандары:
“Ажырашпайсың.
Эгерде ажыраша турган болсоң, ага акча төлөп турасың”,
- деп мени коркутушууда.
Сурайын дегеним, оорулуу күйөө менен ажырашууга мыйзам жол береби? Наргиза, Токмок шаары.-
– Наргиза, күйөөңүз менен ажырашканга сиздин толук укугуңуз бар. Үй-бүлө кодексинин 15-28-29-беренелерине ылайык, ажырашуу үчүн алгач жашап турган жериңиздеги сотко арыз менен кайрылыңыз.
Күйөөңүз психиатриялык экспертизадан текшерүүдөн өткөрүлөт. Эгер анын оорусу бар экени аныкталса, сот сиздерди ажыраштырганга милдеттүү. Бул үчүн сиз эч кандай компенсация төлөбөйсүз.
ООРУЛУУ КҮЙӨӨМ МЕНЕН АЖЫРАШКЫМ КЕЛЕТ №410 10-16-сентябрь, 2010-ж.
#2 05 May 2013 - 10:22
Эч кимди эч кандай экспертизадан откоруунун зарылчылыгы жок. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 132 жана 133-беренелерин,
Кыргыз Республикасынын Уй-Було кодексинин 22, 23 жана 26-беренелерин жетекчиликке алуу менен бул иш боюнча жоопкер катары тартылуучу адамдын каттоодо турган жери боюнча доо арыз менен кайрылуу жетиштуу. Оорулуу жубайы менен ажырашкан адам ага эч кандай акча толоого милдеттуу эмес. Мындай адамга мамлекеттин эсебинен акча чегерууго болот.
Максатыма кандай себеп тоскоол болбосун, Жашоомдо жетсем деймин коздогонумо.
Татыктуу турмуш куруп, туткунун болуп,
Баш ийип жашагым келет озуно...
Баш ийип жашагым келет озуно...

Супер-Инфо
super.kg
видео








