АЛИМЕНТ АЛСАМ БОЛОБУ? №410 10-16-сентябрь, 2010-ж.
#1 10 September 2010 - 19:02
– Жолдошум менен ажырашып кеткениме 6 жыл болду. Андан 7 жана 9 жаштагы балдарым бар. Биз ажырашканда жолдошум “өз ыктыярым менен алимент төлөп турам” деп тил кат жазып берген. Бирок ар кандай шылтоолор менен төлөбөй жүрөт. Эми алимент төлөтүп алуу боюнча сотко кайрылсам болобу? Ал жазып берген тил кат кайра мага каршы колдонулуп калбайбы? Майрам, Ысык- Көл облусу.
– Мындай жагдайда тил кат эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Мыйзам боюнча, атасы балдарына алимент төлөп берүүгө милдеттүү. Ажырашкандан кийин канча убакыт өтсө да, алимент төлөп берүүсү керек. Ошондуктан сотко кайрыла берсеңиз болот. Бул үчүн кат жүзүндө өзүңүз жашаган райондун сотуна кайрылганыңыз оң.
Мезгилден артта калбаңыз!
#2 11 September 2010 - 00:54
менимче тил каты нотариустан откорсо анан сотто отсо керек! Билбейм мен ушундай уккамын да. Юристерден сураш керек.

Супер-Инфо
super.kg
видео








