Суперстан: Бактылуу 12 кун, же болбосо менин смс суйуум - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бактылуу 12 кун, же болбосо менин смс суйуум Бул да болсо Кудайымдын буйругу...

#1 Пользователь офлайн   AeCHka   22 Сентябрь 2010 - 04:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

“Бактылуу 12 кун, болбосо менин sms суйуум”

Ошол куну толкунданып олтурдум
Кундор отот жалгыз сени ойлоймун
Жан дуйномо жарык берип бир озун
Ак суйууну журогумо орноттун
Кордум сени конулумо сен жактын
Сага арнап чын журоктон ыр жаздым
Корушкондо тик карабай козуно
Уялып коздорумду алып качтым

Суйуп калдым кантейин, суйуп калдым кантейин, суйуп калдым кантейин....

деп, мени таттуу уйкудан ушул ыр ойготту. Ырды копко чейин угуп жаттым.
- Менин суйуум эмне учун кайгылуу,
Неге суйуудон болалбаймын бактылуу?

Суйуп туруп каламынбы жеталбай
Кетесинби жаш журокту ыйлатып

Коргум келип журом сени сагынып
Бирге бассак кол кармашып жанаша…

Озумдун уккан кулагыма ишеналбай, бул ырды атайын мен учун, менин 12 кун ичиндеги болгон суйуум жонундо ырдап жаткандай сезилип жатты. Бир убакта- «Жада калса, радиодон чыккан ыр дагы мага сени эстетет берекем, сагынганымдан кусага батып, адамдардын баарысынан качып, досторум чакырган жерге ар шылтоону айтып журом азыр. Журогумдо тушунуксуз бир сезим пайда болуп, мен сени суйуп калганымды башынан эле байкап,сезип жургонмун. Мурда эч качан мындай сезим болгон эмес менин жашоодо, эч кимди сендей сагынган эмесмин, жарым саат смс албай калсам «сагынчым менин, сагындым сени»,- деп смс жонотом. Смс ооруга айланып калганымды сезип, озумду жакшы эле алаксытып коройун деп досторум менен жолугушууга барам, башка конулумо жаккан кыздар менен да кезигип кордум…болбоду, ошол жакта журсом дагы колумдагы телефонумду тушурбой, ар бир секунд сайын карап, качан смс - Кандайсыз байкеси, сагындым сизди,- деп келип калат деп кутом. Коп куттурбой ал да келет, досторум кулуп журушту башында, - сенде баары жайындабы, ким ал сенин журогунду ээлеп алган, биз сени тааныбай турабыз,дос, - дешет. Кызык, алигиге чейин озумдон сураймын,- эмнеге мен ал кызды корбой эле, ал менен баарлашып журуп эле, болгондо да жалан смс менен…ушундай сезимге чалдыктым, ар кимге бул улуу сезим ар кандай болуп келет дегени туура окшойт…мен ал кыздын суротунон сырткы келбетинин сулуулугун, жазганынан ички дуйносунун сулуулугун суйдум, ал кыздын суйуусуно арбалып…айыкпас дартка чалдыктым…деп кайра озумо жооп берем.
Мына бугун, сентябрдын 18-и, бугун сенин силердин уйлонуу тоюнар, жаны жашоого сапар тартып, жаны булого, жаны уй-булого барганына бугун 8 кундун жузу болду. Ал эми эртен... эми эртен алыс жакка сапар тартып кетесинер. Мага ушул боюнча качан смс жазасын, качан экообуз бир убакытка чейин агентте баарлашабыз берекем, мен сени сагындым жанэркем. Жолдошун менен бактылуу омур суруп, кармашкан колунар эч качан ажырабасын, туболуктуу суйуу каалаймын чын дилимден. А мен…мен болсом ушул 12 кундук бакытты эч кимге бербестен сактап каламын жан, эч качан унутпаймын сени деп соз берем,-деп ойлонуп жаттым. Менин оюмду чынгырап келген смс бузду.


Баягы сен экообуз таанышып ортобузда жылуу сезимдин пайда болушуна себепкер болгон смс дагы келди, негедир ушунчалык суйунуп, ордуман атып турдум. Сенденби деп адресин карасам, досуман экен. Кайра сулк жыгылдым тошогумо… ушул смстен башталып, ушул смс бактылуу 12 кунду тартуулаган эле сен экообузго. Бугунку кун дем алыш куну болгондуктан мен тошоктон турууга шашылган жокмун…оюмда баягы эн алгачкы келген смс, андан кийинки болгон окуялар биринин артынан бири келип жатты:
«Жегенин торт болсун, айдаганын джип болсун,газды бассан оборот болсун, бурулсан поворот болсун, ичкенин сок болсун, душманын жок болсун,бар болсо морт болсун,бата кабыл болсун, проблема жок болсун, ойногонун билльярд болсун, портмененде миллиард болсун,чонтогундо акча болсун, уйундо бакча болсун, омурун узун болсун, суйгонун сулуу болсун, эгер 100 единица салбасан,» баарысы наоборот болсун»,деген смс келди уйдо отурсам. Номерин карасам тааныш эмес, досторумдун бироосу тамашалап жатса керек деп, тамаша иретинде:- мына сага 100 единица,- деп жонотуп жибердим.

Кайра артынан коп узатпай жооп келди,куру соз менен болсода рахмат деген.
Чын дилден жиберсен чындап салып бермекмин, деп жооп жаздым мен.
Жибербей эле кой, менин каалоолорум чын дилден болчу,ишенип кой , деп жазып коюптур.
Эми ишендим,- деп мен кайра жооп узаттым. Ошентип биринчи смс алган кун да отту.
Мен кулуп эле жон болдум.
Кечке жумушта журуп, анын устундо да бир проблемаларым чыгып, абдан чарчап, уйго жаны эле келип отурган элем ошол кечте. Маанайым абдан пас эле, жанагы келген смс менин конулумду которуп койду. Мейли досумдан болсун, мейли кыздардан болсун…мага ал убакта баарыбир болду.
Копко уйкум келбей жатып ар нерсе башыма кире берди, ары ойлонуп-бери ойлонуп жатып, кантип уйкуга кеткенимди байкабай да калдым. Орозо айы эле, танкы тортто туруп саарлыкка даярданып, оозумду бекитип , кайра уктайын десем уйку жок. Чонток телефонумду алып чыгып, бугунку келген смстерди кайрадан окуп чыктым. Менин соткамдан келген смстер эч очпойт, негедир очуруп да корбопмун. Келген смстерди окуп жатып, бугунку кундун акыркы каты бейтааныш адамдын каалоосу экенин байкадым. Кайра окуп чыктым, ким ойлоп тапса да оригиналдуу ойлоп тапкан деп ойлоп койдум.
Кайрадан, кундузу мени кыйнап жаткан ойлор башыма келди. Уктай алган жокмун копко,саатты карап туруп жумушка даярданыш керек деп ордумдан турдум.
Жумушка барып, кантип убакыт отуп туш убагы да болуп калганын сезбей калдым, смс келгенинен карасам досумдан экен. Аны окуп жатып анын астында турган тундогу смсти коруп калдым, окуп отурсам, смс келди:
Салам, кана 100 бирдик?,- деп кечээки бейтааныш номер.
- Салам, салып бердим элего, албадынызбы, - деп жооп узаттым мен.
-Сенин бирдигин «невидимка окшойт, кайсы шаардансын, - деп келди кайрадан.
-Сенин телефонун жутуп койду окшойт сага корсотпой,-деген катыма, - мумкун, сен тамашакой жан окшойсун- деген жооп келди. Мен анын бираз чычалап жатканын байкап, ого бетер аны тамашалап жаттым,- Сен болсо тажаал жан окшойсун,салсада сурай берген,- десем, ал да менден калышбай,-сен болсо салдым деп айткандан тажабаган жан окшойсун,- деп жооп берди.
Аягында, макул эми, тамашалашып буттук, кел эми чындан таанышалычы деп сенден сунуш келди. Мага ал сунушун абдан жакты, негедир ошол номер мага кызык туудуруп, ошол номердин ээси ким экенине кызыгып жаттым. Ошол келген смстин ээси аялзаты экенин шарт эле билдим, анткени аялдар бизден айрымаланып жазышат, анан да «бирдик салбай эле кой, а каалоом чын дилден», -деп таарынып калганда озумо толук далилдедим кыз киши экенин.
Аты жонубузду айтышып, сенин атын Жибек экенин, жашын 21-да экенин билгенден кийин,- мени ким деп ойлоп жатасын,- деген суроомо сен- жазгандарынызга карап, мен сизди эже деп ойлоп жатам, катасы жок жазат экенсиз...эркек болсо кобунчосу эле ката менен жазат,-деп сен мени уялтып койдун. Мен озумдун атымды, жашымды, кайсыл жердин кулуну экенимди айтканда, сен-кечирип коюнуз байкеси сен деп айтканыма, каалоолорум чын дилден болчу, жакшы калыныз,-деп жазып жибердин.
Менин байке экенимди билгенде эмне жазбай коесузбу, эмнеге жакшы калыныз деп жаздыныз,-деп сурадым. Жашыныз 27-де болсо, уй-булонуз болсо керек, келинчегиниз эмне деп айтат,-деп мени бир сыйра кулдурдун. Келинчегим жок экенин билгенден кийин,- кээде кааласаныз жазып турунуз-деген сылык смсин келди. Эгерде мен жазганда сиз жооп берип турам десениз, анда мен жазып турам дедим. Мына, ошол убактан тарта кол бошоду дегиче эле смс жазышмай. Бири-бирибизге ар турдуу суроолорду узатып, кызыктуу жоопторду алып, баарлашуудан ырахат алып жаттык. Ошол кундон тартып экообуздун жашообузда эч кимдин ою жетпеген, эч нерсеге алмашкыс, кандайдыр бир тушунбогон жылуу сезим акырындан аралап, журокторубуздун торунон оорун алып жатканын сен экообуз сезбедик.
“Кутман таныныз менен берекем, кандайсыз жанэркем, жакшы эс алдынызбы?”, - деп менин ар бир куттуу танда жазган смсиме сен: “Рахмат, жакшы эс алдым байкеси, озунуз жакшы эс алдынызбы?”, -деп жооп жазасын. Сенин “байкеси”, -деп алыста журуп мага кайрылып жазганын, менин мандайымда туруп чачыман сылап, мага эркелеп жаткандай сезилчи.
Тунунуз бейпил болсун табылгам менин, тушунуздо ак булутту сизге бешик кылып, жылдыздарды жамынтып, айдын нуруна болоп бапестеп уктатайын жан эркем менин. Тушумо кирчи бугун...ушул сыяктуу смстердин далайын жоноттум сага. Тункусун ашып кетсе 2 саат уктайбыз, кайра эле саарлыкта туруп, ооз бекитип, кайра эле суусап калган адамдай смс кутуп, смс жонотушмой.
Элибиз эгемендуу мамлекет болгонуна 19 жыл болуп, мен досторум менен ипподромдо “Ат чабыш” коруп отурсам: “Сизге бир нерсе айтайынбы?”, деген смсин келди.Кулак сизде,- деп жооп узаттым мен. Анан...анан смс алып окугандан кийинки менин абалым... азыр да эстеп жаман болуп ичиркенип кеттим.

уландысы бар...(мен копировать эткенде баары туштуго дегенмин, текшерип да койбопмун)

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 22 Сентябрь 2010 - 22:34

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jazikg   22 Сентябрь 2010 - 12:01

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 08 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 31 Май 2011 05:05
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Germ.Niedersachsen

Kandai bolgon kundo da Kudai Taalam mandaiga jazgandy korobuz da....keede karap turup emnege Adiletsizdik degen oilor kelbei da koiboit,ehh jashoo-jashoo...jazganynyzdardan ichki-duinonuzdordun kandai taza ekeni bilinip turat.Sizderge cheksiz baktyluu jashoo!!Bar bolunuzdar!!! !!!!! !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Аygerim   22 Сентябрь 2010 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

дагы уландысы болот да ээ?
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   AeCHka   22 Сентябрь 2010 - 12:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Бул кичинекей ангеменин уландысы жок, 12 кундун ичинде болуп откон окуя Жибектин турмушка чыгып кетиши менен бул жакшынакай улуу сезим Кенештин журогундо орун алып калганы менен, экоонун жашоосу эки башка жакта отуп, келечекте бирге омур суро алышпайт, ушинтип кана бутуш керек. Уландысын ойдон чыгарып, келечекте, кайсыл бир кутпогон убакта, жерде экоону жолуктуруп койсом деле болмок...бирок андай болбойт. Мен алдын ала жаны пайда болгон уй-булонун бактылуу жашашын кана каалап, алардын тагдырын чечким келген жок, акым да жок. Сиздер айтышыныздар мумкун- сиз жазып койсонуз эле ошондой болуп калмак беле,- деп,...ким билет...бул жашоодо баары болушу мумкун. Балким менин алардын жашоосун кандай кылып корсотконум Кудайга жагып калып, ушу сен жазгандай болсунчу деп койсочу....билбейм. .мен антким келбей жатат. Мен экоонун тен бактылуу омур сурушун каалайм, анткени...кыз да, бала да, менин эн жакшы коргон адамдарым.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Аygerim   22 Сентябрь 2010 - 13:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

Просмотр сообщения AeCHka (22 September 2010 - 12:55) жазган:

Бул кичинекей ангеменин уландысы жок, 12 кундун ичинде болуп откон окуя Жибектин турмушка чыгып кетиши менен бул жакшынакай улуу сезим Кенештин журогундо орун алып калганы менен, экоонун жашоосу эки башка жакта отуп, келечекте бирге омур суро алышпайт, ушинтип кана бутуш керек. Уландысын ойдон чыгарып, келечекте, кайсыл бир кутпогон убакта, жерде экоону жолуктуруп койсом деле болмок...бирок андай болбойт. Мен алдын ала жаны пайда болгон уй-булонун бактылуу жашашын кана каалап, алардын тагдырын чечким келген жок, акым да жок. Сиздер айтышыныздар мумкун- сиз жазып койсонуз эле ошондой болуп калмак беле,- деп,...ким билет...бул жашоодо баары болушу мумкун. Балким менин алардын жашоосун кандай кылып корсотконум Кудайга жагып калып, ушу сен жазгандай болсунчу деп койсочу....билбейм. .мен антким келбей жатат. Мен экоонун тен бактылуу омур сурушун каалайм, анткени...кыз да, бала да, менин эн жакшы коргон адамдарым.



Рахмат! Дагы ангемелеринизди кутобуз....
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   AeCHka   22 Сентябрь 2010 - 22:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Уландысы:
4 кундун ичинде эрке кызга коно тушупмун, менин денемдин бир жак капталы эншериле тушкондой, колумдагы бактымды учуруп жиберчудой жаман абалда болдум. Озум тушунбодум эмне болуп жатканымды. Жибектин мага айткан жанылыгы ушундай таасирин тийгиздиби мага. Же-е мени менен баарлашып жаткан, эрке, кичине тентегирээк озу айткандай, бирок...ой-жугуртуусу, турмушка болгон коз карашы менен, жаштыгына карабай, эч нерседен кем жашабаган бардар жердин кокурок кучугу болгонуна карабай, терен ойлонгон кыз менин журогумдон орун алып калдыбы..качан, кайдан, кантип ушундай абалга кабылганымды мен ошол саатта тушуналбадым, жаным.
Бир кечте, балкондо туруп жылдыздарды карап жатып, бир кооз, жалгыз жылдыз менин козумо аябай сонун корунду, оюмда ошол жылдыз менин Жибегиме окшошуп кетти. Ал менден алыста, мен ага жеталбай тургансып, кудум ушу жылдызга жеталбай жаткандай сезилип турду мага. Анан сага кайрадан смс жоноттум: Эшикке чыгып, кун батышты тарапты карасан, бир чоооон, жалгыз жылдыз жанып турат, ошону байкасан мага айтып койчу берекем, дедим.
Макул байкеси, азыр чыгып карайынчы, - деп жооп келди. Жибектен жооп келгенче, ал ошол менин жылдызымды коргончо, асмандагы жалгыз жылдыз кетип калчудай сезилип мен шашкалактап, жылдызды тыштап кете албай, козумду албай тиктеп тура бердим.
Таптым байкеси, кордум ал жылдызды...,- деп , тушунбогондой смс келди.
Мен сага ошол жылдызды белек кылам берекем, ал сенсин менин жылдызым, бирок...жылдыз жерден алыс, сен менден алыс...сагындым сени сагынчым менин, деп жооп узаттым.
Рахмат байкеси, мен дагы сизди сагындым, мен ошол жерден алыс жылдыз болбой, жаныныздагы кундуз эле болоюнчу,-деп мени журогумду эзген, тун бир оокумга чейин уктатпаган, жанымды жай алдырбаган смс келди.
Орозонун 25-нен 26-сына караган туну Кадыр тун да келди. Ал куну да кечке жазыштык. Сиз Кадыр тунду кайдан тозосуз байкеси, деп сураганынан досторум менен мечиттен тосом жаным деп жооп берген элем. Анда менин Жибегим: Ал туну жазышалбайт экенбизда, мечитте болсонуз уятко смс жазып отурганыныз байкеси,-деп капалангандай кат келди. Кабатыр болбо берекем, сен мага жазып турасын, мен бошогон сайын сага жазам жаным дедим. Кечкурун досторум келип, алар менен копко отуруп, менин капаланып, маанайым суз отурганымды байкаган досторум мага кыяк менен ар турдуу ырларды аткарышып берип жатышты. Ал сенин оюндун баарын ээлеп алган кайсы кыз, биз сени мындай абалда болгонунду эч корбодук эле. Ушу сен суйуп калгансынго дос дешип тамашалап жатышты. Мен досторума баарысын токпой чачпай айтып бердим. Досторум мен учун суйунушуп, жакында той болот окшойт, сенин тоюнда экоонорго арнап тан аткыча ырдап беребиз дешип чындан эле куулонуп калышты. Жибектин номурун терип, сага арналат ушул ыр деп ага телефондон ыр угузуп жаттым. Жибекда кунт коюп, бир дабыш чыгарбай угуп жатты. Смс менен – жакшы ыр экен, жакшы ырдашат экен досторунуз деп...ушул сыяктуу каттар келип жатты. Мурда менин телефонумдун заряды 2 кунго жетчи эле, Жибек менен баарлашкандан бери бир эмес эки телефонумдун тен оту жетпей жатты. Досумдун телефонун алып тан аткыча ал жактан да жазышып жаттык. Кадыр тунду ошол туну мен Жибек менен тоскондой эле болдум. Аралыгыбыздын алыстыгы бизге тоскоол болбоду. Мен Жибектин коздорун корууго, унун угууга зар болуп канча кундон бери ошону каалап жаттым. Кадыр тундун эртеси Жибектен смс келди: Байкеси, биз бугун шаарга келебиз, балким жолугаттырбыз, сиз кандай дейсиз?. Мен кандай демек элем, тан аткыча уктабаган жаным, Жибек шаарга келгиче бираз эс алып алайын деп, мени турумду коруп ээси ооп калбасын деп шашылдым.
Жибекке- сиз шаарга чыгып жатканда мага уйго чалып коюнузчу деп сурандым. Уйдун номурун бердим. Тушко жакын уйдун номуру чынгырап, шашылып трубканы которо калсам:- Подъем, соня, вставай, вставай говорю соня- деген ун чыгып жатты. Мен Жибек оз уну менен мени ойгонунуз байкеси, мен шаарга чыгып жатам деп мени ойготуп жаткандагы назик унун угам десем, сен тентек кыз телефондогу записьти кана угузуп койдун. Ага да макул болдум, акыры келсе болду, акыры Жибекти корсом болду, унун жолукканда деле угааттырмын. Жолукканда копко кое бербей кучагыма алып, кучагымдан копко чыгарбай жытын искеп турам деп кыялданып жаттым. Тилекке каршы ал куну да жолугалган жокбуз, андан кийинки кундору жа жолукпадык. Менин кыялымдагы жолугушуу кыял боюнча калып кетти.
“Орозо бутооруно 2 кун калды байкеси, дагы бир кун калды деген сайын менин журогум оозума келип, орозо бутпосо экен, омур бою орозо кармап, чын ниетимден дуба салып журууго мен макулмун деп ниет кылып жаттым. Анткени, анткени- майрам куну Жибек мага сизге бир нерсе айтайынбы,- деп жазган каты, алигиге чейин эсимден кетпейт. Орозо жаны башталганда Жибекке куда тушушуп, анын атасы орозо бутоору менен менин Жибегиме сойко салып той болоорун айтты эле. Орозо бутпосо экен деп Жибек да суранып, тиленип журду. Жибектин алдыга койгон пландары боюнча, ал окуусун бутуп, жумушунда карьера жасаймын, элиме, жериме коп пайда тийгизе турган журналист боломун. Коп жерди кыдырып, башка элдердин жашоосун коруп, , дуйнодо болгон жанылыктарды элден мурда биринчи мен уккум келет, коросузго, мен атактуу журналист боломун келечекте деп айтты ошол куну. Менин,- кыз кишиге уй-було да куруп, эне болуу да эн башкы милдет эмеспи деген суроомо- мен баарына жетишем, мен 30 жашымда турмушка чыгамын, ал убакта мен жашоонун ачуу-таттуусун татып, турмуш курууга даяр боломун, деп жооп берди. Ата-энен сенин каалон жок кантип сени турмушка берип жатышат, сен атакендин эрке кызы болсон, балким атан менен суйлошуп коросун, сенин тилинди алат болуш керек, сенин журогунду оорутпайт болсо керек деп мен Жибекке кенеш берип жаттым. Анда менин Жибегим болсо- канткенде эркек кишинин конулун калтырса болот, эгерде мен Канат байкенин конулун калтырып койсом, ал мага уйлонгусу келбей калатта,-дейт. Канат байкеси жашы 28-ге келген, кесиби боюнча медик, Жибектердин алыскы тууганынын баласы экен. Жибектин апасы жактан тууганы. Канат студент кезинде эле алардын уйундо туруп, алар менен ата-энеси жакшы катташып журушчу экен. Ошол убакта эле ата-энеси суйлошуп, келечекте бири-бирин куда коруп, ар ким оз балдарынын бактысын ойлоп, алар учун алардын келечегин чиймелеп коюшуптур.
Жибектин созу боюнча- Канат ага байке катары сезилет, мен аны байкемдей жакшы коромун дейт. Жибек бий кружогуна барабы, сабагына барабы, студент болгондо да Жибекти жалгыз калтырбай, кеч калып калса машинасы менен барып алып кетип, канча болсо да кутуп, анан уйуно чогуу кайтышчы экен. Экоо эгиз козудай эле ээрчишип журушуп, билинбей канча жыл отуп, эми кыз-жигит болуп жургон кези.Канат Жибекке уйлоном дегенден тартып, ал кыздын мамилеси озгоргон Канат байкесине. Бирок, мен Канат жонундо сурасам- эч шашылбай, ар турдуу болгон окуяларын, ал байкеси кандай жакшы адам экенин, кандай келишимдуу экенин айтып бутпойт. Жибек Канат байкесин мактап жаткан сайын менин журогум ооруп, мага катуу тийип жатты. Мен сезип эле турдум, ал экоонун келечеги бир, менин Жибегим ал байкесин канчалык катуу суйот, болгону озу аны билбейт. Канат дагы туура тушунуп, Жибекти шаштырбай, конулун оорутуп албайын деп акырын мамиле жасап, акырындан озуно кондуруп жатты.
Бир куну тан атпай Жибек кайра жазыптыр мага- Сиз мени алакачып кете аласызбы, алакачып кетинизчи,мен Канат байкеге куйоого тийгим келбейт. Менин, сен мени тааныбай эле, менин кандай адам экенимди билбей эле мага турмушка чыгууга даярсынбы,- деген суроомо- Даярмын байкеси, мен сизди жакшы эле таанып калдым, сиздин ички дуйнонуз да абдан жагат. Алып кетинизчи дейт. Мен ошол куну бир кызыктай абалда журдум. Алып качып кетейин дейм, ал кыздын да, озумдун да ата-энемди ойлойм. Бироонун тагдыры чечилип калган убакта, менин кандай акым бар бузганга, Жибек жаш, ал эптеп эле куйоого тийбештин амалын ойлоп жатат. Бир куну мен сизди Канат байкеге жигитим деп корсотойунчу, жок дегенде ошого макул болунузчу деп кулдурду. Ар бир кыз кишиде болот эмеспи, турмушка чыгаар алдында баарысы ушундай убакыттан отот. Мен туюп,билип эле турдум, мен Жибекке жон кана алаксыткыч болуп журом, ичиндеги проблеманы, ар турлуу ойдун баарын мени менен болушуп, кичине да болсо женилдеп калып жатты. Бирок мен...мен ал кызга катуу берилип, эч качан бир да адамга андай берилуум жок болчу, эч качан менде сагынуу сезими жок болчу...а бул жерде...мен онун корбогон кызды сагынып, берилип,анын ою менен болуп, анын мен коро элек кареги менен тен тегеренип арбалып ашык болуп журдум. Кочодогу ар бир кыз мага Жибек болуп корунуп калган. Кайсы жерден, кайсы убакытта, ким менен, жайбы-кышбы, менин Жибегимди издеп кутуп келем.
Агарып тандын атканы,
Кызарып кундун батканы.
Кызыксыз мага омурдун,
Озунсуз отуп жатканы, ушул сыяктуу канча деген ырлар жаралып, ал ырларды сага канча жоноттум берекем. Сенин жамалынды суйуп, козунду карап, кучагыма кысалбадым жанэркем.
Бир куну сага дагы эмне шылтоо таап смс жазсам экен деп, коп ойлонуп сизге эмне белек кылсам деп жоноттум катымды. Сенден жооп кутпостон,- асмандагы ай жылдызды алып берсемби же атын атап сизге арнасамбы,же болбосо суу астынан жакут алып берсемби...жок баарына баш калчадым сизге мен эмне тартуу кылам билесизби,- десем, -билбейм деп жооп жибердин.
Анда мен,- Сизге болгон кусалык сагынычты,жалгызданган жан дуйномду,сиз менен пайда болгон ак суйуумду,баарысын тек кана сизге тартуу кылгым келди.
Менин оюмча сен ошондо смс алганында бир чети тан калып, бир чети чоочуп да кеттин окшойт,- Ак суйуунуздон башкасынын баарын кабыл алдым, рахмат байкеси деп жооп бердин.
А мени эч нерсе токтото алмак эмес ал убакта,мен ичимден жылмайып алдым- Суйуу десе башкача ойлоп алып жок деп жатасын,менин суйуум сиздин жан дуйнонузго суктанган суйуу,ал сиз ойлогон суйуу башка суйуу десем,- сен- макул байкеси, мен кабыл алам деп жазып жибердин.
Ошол куну кечинде мен сага кат жазсам сен мага жооп бербей башка бироолор менен агентте суйлошуп жаткан экенсин, анан сен ким менен суйлошконунду айтып, алар жонундо соз баштаганында, мен- Ал дуйно мага кызыксыз оз дуйномду толтура албай журсом,сиз да башка дуйнону аралап журосуз деп таарынгансыдым эле сизге. Ошентип айт куну да келди,биз каалайбызбы, каалабайбызбы. ..

Ал куну сенин уйуно кудалардын келгенин уккандан кийин, сага сойко салгандан кийин- мен сага- Каныкейдей кадырлуу,кыз Сайкалдай сабырлуу, Айчуроктой ажарлуу булардан да акылдуу, жолдошунду хан кылган жубайлардан болунуз. Бул энелердин баарысы Таласка келип жердешип, кыргыз элине, Талас жерине келин болуп кызмат отоп калышкан. Сиз дагы улуулардын жубайлары чыккан жерге туштунуз, кут болсун ушул кунунуз,- деп эн жакшы тилектеримди кошуп туруп сага каалоо жибердим. Мен аны жиберишим керек болчу, мен сага канча жакшы каалоолорумду айтпайын баарысы аз болгонсуп жатты. Бир убакта оюма кулкулуу бир нерсе эсиме тушуп кетти- Билесизби байкеси, мен эч качан обушуп коргон эмесмин, сиз мага уйротосузбу- деген смс келди. Ичимден аябай кулуп алып, анан сени таарынтып албайын деп, аны куйоого тийгенде сага Канат байкен уйротот, ага кабатыр болбо дедим. Анда сен,- а мен бир нерседен коркуп жатам дедин, эмнеден коркуп жатасын десем- мен биринчи тундон коркуп жатам деп жооп бердин. Сенин, менден уялбай, аялы менен куйоосунун ортосунда кана боло турган нерсени менден сурап жатканын, ичиндеги кабатырланып жаткан, коркуп жаткан нерселерин менен болушконун мен учун бир чети сыймык болду. Мен сага айтып жаттым коркуштун кереги жок экендигин, аял-эркек бактылуу омур сурушуно, сенин бактылуу эне болушуна, турмуштун ырахатын тартылоочу нерседен эч качан коркпо берекем дедим. Канат байкен сени ушунчалык жакшы корот, сени бапестеп, сенин конулунду оорутпай байкен озу ал куну сени туболукко кол кармашып бактылуу омур сурууго сага жол ачып берет жаным. Баары жайында болот деп сага айтып жаттым. Мен ал нерсе жонундо ойлонбошум керек,бирок. ...ошого карабай эле, эгер сен мендик болгондо биринчи тунубузду кантип откорот элек деген ойлор мени ой-боюма койбой курчап алды. Мен сени катуу суйуп калганымды ошол убакта сездим, журогум ооруп, маанайым дайыма пас болуп, урушаарга жоо таппай курошоорго куч таппай эле, маныроо кишидей журуп калдым.
Алигиге чейин, турмуштун ушул 12 кун бактылуу ирмемди мага белек кылып бергениби же мени шылдындаганыбы, же кудайымдын дагы бир сыноосубу... мага чон табышмак боюнча кала берет. Эмнеге кеч жолуктун жаным,эмнеге мага эртерээк смс жазбадын жаным, эмнеге...эмнеге. ..эмнеге...

Эмнеге менин суйуум мынча кайгылуу,
эмнеге суйуудон болалбаймын бактылуу?,- деп радиодон жанагы ыр кайрадан кайталанып ырдап жатканда кун батып бара жаткан экен.

Бул менин кудайымдын сыноосунун эн таттуусу, жылуусу, жашоого болгон умутумду алдыга суртуп, келечекте мен да менин Жибегиме окшогон, анча-мынча тентек, эрке, бирок ушунчалык акылдуу жарга жолугушума жакшы жышаан берди деп айткандан коркпойм.

Жибегим бактылуу жар болуп, ата-энеге кайрымдуу було болуп эн алдынкы уй-булолордон болооруна мен ишенем, анткени мен ошону абдан каалайм. Андыктан...мен дагы созсуз бактылуу боломун.

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 25 Сентябрь 2010 - 14:37

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   AeCHka   23 Апрель 2011 - 21:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Азыр Жибек алыскы Лондондо 3 айдан кийин эне болом деп камданып жургон учур. Жолдошу экоо абдан бактылуу жашап жатышат. Ал эми биздин жигитибиз декабрь айында уйлонуп, азыр алар дагы 6 айдан кийин кичинекей баланын жытын искеп калабыз деген умут менен жашап келишет. Жумуш кундору Жибек экоо дайыма агент аркылуу суйлошуп турушат, дем алыш кундору смс жазышат. Бир нече кун смс жок же агентке чыкпай калышса бири-бирине билдируу калтырып турушат. Бири-бирин мурдагыдай эле сагынышат,бири- бирин агенттен кутушот. Жумушка келип агентти жандыраар замат-кандайс байкеси,- деген Жибектен билдируу жок болсо биздин жигитибиздин маанайы пас.Лондон менен Бишкектин убакыт айрымасы 5 саат болгондуктан Жибек агентке кечирээк кирет, экоо баарлашууга кенен эле жетишишет, бирок кундо бир маал Бишкек уктап жатканда биздин кыз кирип бейпил ту каалап, андан кийин дагы бир билдируу кутман тан каалап кетет.
Ушундай...
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Zarochka   25 Апрель 2011 - 17:47

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4
  • Катталган: 20 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 16 Сен 2011 08:16
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

men Jibek bolgum kelip ketti okup oturup. Baktyluu bolu6sun.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   temu   28 Апрель 2011 - 15:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 06 Март 08
  • Соңку аракети: 01 Окт 2018 16:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул окуяны мен мурда бир жерден уккам. Айтмакчы эжекой мен Жибекти дагы жакшы тааныйм. Жибек абдан жакшы кыз. Буйруса аман эсен коз жарып алса жентек ичебиз.
temu

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   operaledi   28 Апрель 2011 - 21:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 597
  • Катталган: 06 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 19 Мар 2019 21:11
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Россия

Соз жок.... :ханыша: :менин жүрөгүм:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Isabell   06 Май 2011 - 15:12

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 866
  • Катталган: 20 Январь 11
  • Соңку аракети: 02 Сен 2019 07:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Барнаул


Телефон,интернет аркылуу таанышып,ушунчалык жакын адамдардан болуп каларына ишенчи емес елем, азыр акырындап ишене баштадым окшойт..
Сүрөт
Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   AeCHka   14 Июнь 2012 - 04:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Isabell (06 Май 2011 - 15:12) жазган:


Телефон,интернет аркылуу таанышып,ушунчалык жакын адамдардан болуп каларына ишенчи емес елем, азыр акырындап ишене баштадым окшойт..
Сүрөт


Jawoodo bardyk nerse bolot, men da iwenem.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   miniusha   14 Июнь 2012 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 893
  • Катталган: 10 Апрель 12
  • Соңку аракети: 01 Май 2014 11:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:no comment...

Даа жакшы экен,менде дагы ушундай ситуация болгон,бирок мен ошол адамга турмушка чыгып бактылуумун, аны дагы деле жумушка келгенде агенттен кутом.Сүрөт
Жашоо бар жашаш керек,жарык нур кундор керек...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Жолоочу_Kosmopolitka_* 14 Июнь 2012 - 15:13

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Мага да абдан жакты,ушунчалык таасирленип кеттим...себеби мен да жигитим м.н смс аркылуу таанышкам... биздин да эн бактылуу кундорубуз смс м.н башталган,бир кун жазышпай калсак аны абдан сагынып кетчумун...эн кызыгы орозо айына жакын кундордо таанышып достошконмун, ал корс,кыздарга ишенбеген жигит болчу,бирок кантсе да мен анын журогонон орун алып,аны озгорто алдым...кудайга шугур азыр биз абдан бактылуубуз, азыр да смс жазышабыз... ал м.н таанышканыма жакында,2жыл болот...аны абдан сагындым...:cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   nuray8989   14 Июнь 2012 - 16:10

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2
  • Катталган: 10 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Апр 2013 06:52
  • Жынысы:Аялзаты

Бактылуу болгула! ))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Жолоочу_Kosmopolitka_* 15 Июнь 2012 - 21:21

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Рахмат Нурай эже айтканыныз келсин...:-)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   aisel   07 Октябрь 2012 - 20:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 331
  • Катталган: 07 Июнь 12
  • Соңку аракети: 20 Май 2013 21:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Yakutya

....ар бир адам бактылуу болсун ылайым!
Если у вас хватает времени лезть в мою личную жизнь,значит у вас просто нет собственной! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Aziku007   11 Октябрь 2012 - 10:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 623
  • Катталган: 08 Июнь 12
  • Соңку аракети: 11 Авг 2018 21:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Бул жака кирген сайын окуйм тушунуп каламбы деп... Кайдааан?! монолог дейин десем ага да окшобойт! Ушинтип тушунуксуз жазгандан коро жазбай эле койгулачы кагылайын эжекеси!!
Бисмиллах ир-Рахмаан ир-рахиим
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Baktyluumun   11 Октябрь 2012 - 20:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 12 Июл 2025 17:38
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Ae4ka ejenin jazgan 4ygarmalary a9bai jagatda. Menin da bawyman myndai oku9 otkon. Birok, birge bolo algan emespiz.
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   supeeri   14 Октябрь 2012 - 11:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 733
  • Катталган: 13 Январь 11
  • Соңку аракети: 24 Ноя 2020 05:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Жибек бактылуу кыз экен,ага суктанып кеттим.Бул окуяны окуп ыйладым.Бул ааламдан отуп кеткен,мени суйгон адамды эстеп кеттим.Бизде да куддум ушундай окуя болгон болчу.:(

Билдирүүнү түзөткөн: supeeri: 14 Октябрь 2012 - 11:13

Я живу, как умею. Ни о чем не жалею. Нахожу и теряю. И с нуля начинаю. Я бы Вам рассказала. Да меня не спросили. Как порой предавали, даже те, кто любили. Только я не сдавалась. Я сквозь слезы смеялась. И чтоб там не случилось. Я собой оставалась
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 21:36

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: