Суперстан: Үрөйдү учурган үч күн - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Үрөйдү учурган үч күн

#1 Пользователь офлайн   vais   24 Сентябрь 2010 - 15:15

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Алыска сапарга чыгаар алдында бир аз да болсо тук этип эс алып алайын деген ой менен көзүм уйкуга илинип кеткен экен.... Мемиреген тынчтыкты уюлдук телефондун шыңгыраганы бузду.

- Алло, сиз Бишкекке такси заказ кылган белеңиз?

- Ооба...

- Сиз менен убадалашкан айдоочу жумушу чыгып калгандыгына байланыштуу, сизди мен жеткире турган болдум. Жолго кечке маал, күн салкындаганда чыгабыз, камданып туруңуз.

- Макул, - деп трубканы койдум.

Эгер ошол күнү алдыда мени кандай окуялар кутүп турганын билсем, мумкүн сапарга чыкпай үйдө калып калмакмын...

Кокусунан пайда болуп калган бош убакытты текке кетирбеш үчүн кагаздарымды карай баштадым. Жарым жылдыктын жыйындыгы боюнча отчеттор, акыркы даярдалган долбоордун эсеп – чиймелери... айтор, кагазга көмүлүп эле калгам...

Бир мезгилде жер силкинип, шыптагы люстра шылдырап ары – бери кыймылдай баштады... Ошол саатта Жер Эне да шаарда бир алаамат башталарын сезгендей булкунуп алды го...




Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Merischka   24 Сентябрь 2010 - 15:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

ulandysy barby?
Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   vais   24 Сентябрь 2010 - 15:24

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Белгиленген убакытта такси да жетип келип, буюм – теримдеримди салган соң караңгы талаш жолго чыктык. Күндузү кечке кагаз тиктеп телмиргендиктен чарчаган экем, арткы орундукка отурарым менен үргүлөй баштадым. Бир мезгилде тормоздун “кайч” басылган үнүнө удааалаш, жанымдагы пассажирлердин “кокуй” лаган кыйкырыктарынан ойгонуп кеттим. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, алдынкы айнекке каяктандыр сокку урулуп, айнек бырчаланып айдоочу менен алдынкы орундуктагы адамдын тизесине төгулдү...

Көрсө жолдун ортосунда бараткан велосипедчен киши, алдындагы чыга калган машинанын фарасынан көзү уялып, оңго бураарда биздин машинага урунуптур. Өзүбүзгө келе түшүп, жабырланган адамды издей баштадык. Велосипеди жолдун четинде жатканы менен ал адамдан дайын жок эле... Оюбуз жамандыкка келип, машинанын дөңгөлөгүнүн түбүн кайра – кайра карайбыз. Кыйладан кийин гана ал кишини оң жактагы чуңкурда калың чөптүн арасынан таптык. Машина катуу ылдамдыкта келатып велосипедтин арт жагын сүзгөндө, инерция менен үстүндөгү кишиси 10 метрдей араллыкка учуп кетиптир. Жарым сааттай эс-кушун билбей жатып, колдорун -көкүрөгүн ушалап массаж кылгандан кийин араң өзүнө келди. Тез жардамды чакырып ооруканага жеткизгенибизден кийин дагы МАИ кызматкерлерине түшүнүк кат жазып, бир топко кармалып, анан жолубузду башка машинада уланттык.


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   vais   24 Сентябрь 2010 - 15:29

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Жолго чыгаардан мурунку күндүзү да, түнү бою дагы кагаз тиктегендиктен улам машинада уйку – соонун арасында эле бараттым. Жанымдагы жолоочулар өз – ара кобурашып баратышкан. Таш – Көмүргө кире бериште алардын бирөөсү үйүнө коңгуроо кылышы менен бизге суук кабар угулду. Ошто “Алай” мейманканасынын жанында тополоң болуп, өзбектер менен кыргыздар кагылыша кетти деген сөзгө ишенип – ишенбешибизди билбей дең – дароо болуп калдык. Таң атып, жерге жарык кирип калган мезгилде Бишкекке кирип келдик.

Радиодон жана Интернет булактарынан Оштогу тополонду тастыктаган маалыматтарды алган соң, жумуштарымды тезирээк бүтүрүп, үйгө кетүүгө шашылдым. Министирликтин кызматкерлери да ал-жайды туура түшүнүп, долбоорду тез арада экспертизадан өткөрүп беришти. Жумуш күнү аяктаган соң маршруткага чыгып Ошко өтчү унаалар токтогон жайга жөнөдүм. Ош базарына жете берээрде алды жактан кыйкырык – сүрөөн угулуп, топтошкон адамдар жолду тороп калышты. Маршруттун айдоочусу артка бурулуп, башка жолго салып айланып өтүүгө аракет кылды эле, ал жактан да жоон топ адамдар жол тосуп турушкан экен. Айдоочу биздин баарыбызды жолдун ортосуна түшүрүп салып, артын көздөй зуу койду. Колумдагы кийим – кече, жол эмеректери, кызматтык кагаздар салынган сумкага кошуп, “Ноутбук” ту көтөргөн бойдон жолдон четтей баштадым. Ошол мезгилде алардын салмагы 1 тоннадай эле сезилди. Жолду ээлеп, ээ – жаа бербей толкуп келе жаткан топтун максаты эмне экендиги белгисиз эле... Бир гана “Кыргыз ... намыс” деген сөздөр кулакка жаңырып атты. Алардын арасында масы да, соосу да, таяк -таштар менен куралдангандары да бар эле. Менимче, ошол тунү Бишкек уктаган жок, сиренасын бакырткан автомашиналардагы жоокерлер толпаны таркатып, таң атканча шаарды патрулдап журушту...

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 24 Сентябрь 2010 - 15:29

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   vais   24 Сентябрь 2010 - 15:36

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Ошентип ал күнү Ошко кете албай калдым. Уйгө чалып, үй – булөмдүн ал – абалын сураштыргандан кийин досумдун үйүндө түнөп калдым. Эртеси 12 – июнь күнү Фучик көчөсү тараптан жалгыз турган “Ауди” маркасындагы машинага чыгып Ошту карай жол алдык. Уйгө чалсам, түну белгисиз бирөөлөр эшикти каккылап, таң аткыча коркуп уктабай чыгышыптыр. Аны укканда тизирээк үйгө жетишке шашылдым. Бирок балээнин баары жолго чыккандан кийин башталды. Кара –Көлгө жеткенибизде машиналар жалгыздабастан топтошуп жүрө баштады. Кээ бир машиналарда куралчан адамдар бар экенин байкадым. Шамалды – Сайдан чыга бериштен баарыбызды токтотушту. Сузактагы Топурак - Бел деген ашууда снайперлер атып жатышыптыр дешти. Топтолгон элдин арасында ар кандай адамдар бар эле. Кээ бири чыныгы патриоттук сезими менен Ошту коргойбуз деп баратса кээ бирөөсү өзүн “баатыр” сезип жолдогу эле адамдарга күчүн чыгарып атты. Мени менен жол жүрүп бараткан жигиттердин бирөөсү өзбек түспөлдөш болчу. Анысы аз келгенсип кишиден жалтандап, кекечтенип сүйлөйт...

Машина токтогон жерде биз көбунчөсү сыртка чыкпай ордубузда калып атканбыз. Ушундай учурдун бирөөсүндө баатырсынган бир сары жигит келип:

- машинада өзбектер барбы? – деп сурап калды. Жок деп жооп бергенибизге алымсынбай жанагы өзбек түспөл жигитти сүйрөп калды, түшчу жерге деп. Мен сары жигиттин колунан кармап, ал Куршабдык кыргыз экенин, кекечтенип сүйлөөрүн жана Чүйдөгү туугандарына кызылча чабышып келатканын айттым. Жигит эми мага асылып кетти: - А сиз байке, эмне үчүн машинадан түшпөй атасыз, биздин сходкаларга катышпайсыз? – деп Сходка” деген жаргонунан улам жигит “черныйлардын” өкүлү экенин түшүнүп калдым дагы, биздин айдоочубуз “сходкалардын” баарына катышып атат, биз көпчүлүк кандай чечим кабыл алса, ошону аткарабыз деп ачуусунан кайтарып койдум. Бирок көп өтпөй ошол жерде турган бардык адамдарга жакын жердеги военный частты карай жүрүүнү буюрушту. Көрсө, ал жерде курал -жарак сурап, эгер беришпесе тоноп алышмак экен. Муну уккандан кийин мен айдоочуга талап койдум : - Колоннанын артында калып, башка жакка бурулгунуң - деп. Өзүбүздүн армиянын куралын тартып алыш деген ойго келбеген жорук эле.


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   vais   24 Сентябрь 2010 - 15:47

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Ал күнү Шамалды – Сайдан алыс эмес жолдун боюндагы бир айылда калдык. Айылдан 4-5 чакырым эле аралыктан Өзбекстандын чек арасы өтөт экен. Түнү менен мотордүн күрүлдөгөнү, адамдардын ары – бери чуркап жургөнү басылган жок. Үй ээси чочулап, бизге электр жарыгын да жактырбай койду. Алдыдагы белгисиздик, биринен бири коркунучтуу имиш кептерди угуп олтуруп эптеп танды аттырдык. Эрте менен жолго чыгып Акман айылынан эми өтө берээрибизде алдыбыздан ойкуп – кайкып, үстүнөн кара түтүн чыгарып бир машина чыкты. Айдоочусу көздөру алайып, мойнунан кан агып келаткан экен, токтоору менен окшуп кусуп жиберди. Көрсө, жол тоскон адамдардын талабына баш ийбей машинасын катуу айдаса бытыра ок менен аткылашыптыр.

Бул окуяны көргөндөн кийин андан ары жалгыз жарымдап жол жүрүүгө даай албай, жүргүнчүлөрдун баары токтоп калышты. 1-2 сааттын ичинде эле трассага 200-300 машина топтолуп калды. Кызыктуусу, ошондо мамлекеттик маанилүү трасса деп эсептелген “Ош – Бишкек” жолунда бир дагы форма кийген күч органдарынын өкүлү жок эле. Шашке ченде үстүбуздө вертолет пайда болду. Элде үмүт пайда болуп, көздөр жандана баштады. Бирок.... учактагылар бизди көрүп туруп деле эч бир реакциясыз Жалалабатты көздөй учуп кетти. Күндүн ысыганы, жол азабы, курсактардын курулдаганы таасир этип, топтолгон эл бир жерге тура албай жатты. Каны кызуу анча – мынчасы таяк – таш менен Топурак-Белдеги “буктурмага” чабуул коебуз десе, айрымдары акыл – эс менен иш туталы, мылтыктын огуна бекер “жем” болобуз деп аларды токтотуп жатышты. Кайсы бир моментте “буктурма” тараптан Джип машинасы келип ичинен граждандык кийим кийген эки киши түштү. Топтошкон эл: -Силер кантип аман өтүп келдиңер, сырыңарды айткыла деп аларды орошту.

Экөөнүн бирөөсү оруска окшошуп кетет экен: -Мен орус болгонум үчүн кое беришти,- деди эле, анын сүйлөгөн акциентинен улам орус эмес экендиги билинип калды.Ошондо ал орус эмес улуту өзбек экендигин мойнуна алып ички иштер кызматында иштерин билдирди. Муну уккан эл аларды ал жерден кетирбестен демилгени колго ала баштады. Ал кишини, анан анан аксакал жүргунчүлөрдөн эки-үчөөбүз кошулуп, буктурмадагылар менен сүйлөшүү жүргузгөнү бармай болдук. Сампа деген пахта заводдун тушунда жардын үстундө пост коюшкан экен. Биз аларга 200-300 метр жетпей токтодук. Айдоочу жерге тушуп, куралыбыз жок дегендей ишара берип, кол жоолугун булгалады. Башын ак жоолук менен орогон бирөөсү ордунан көтөрүлуп, шериктерине “атпагыла “ деп буйрук бергенден кийин, кыйкырып сүйлөшө баштадык. Биз жөн -жай бараткан жүргүнчүлөрбүз, эмне үчүн аткылап өткөрбөй жатасыңар десек, алар : -биз бала чакабызды коргоп атабыз, 2 жигитибизди шалы отоп жүргөн жеринен эле бирөөлөр атып кетишиптир, - деп түшүндүрүштү. Эгер курал- жараксыз болсоңор, 500 метр дистанция менен бирден келгиле, машиналарды текшерип таза болсо өткөзүп жиберебиз дешти.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 24 Сентябрь 2010 - 16:21

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   vais   24 Сентябрь 2010 - 15:54

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Биз кайра келип чогулган элге алардын талабын айттык. Мен олтурган машинанын айдоочусу элтеңдеп, көздөрү ойноктоп чочуй баштаганынан улам четке чакырып эмне болгонун сурасам: -Бери чыгаарда эки жигит бир коробка “передача” салышкан болчу, ээси өзү алып кетет деп, азыр ичин ачып карасам арасында мылтыктын ок – дарысы бар экен дейт.

-Анда артка айда, төгүп салалы бир жерге, аны табышса тирүү өткөзбөйт,- деп артка бурулдук. Негедир бизди көрүп ошол жердеги 200-300 машинанын баары артты карай качып жөнөдү... Биринен бири жол талашып. Көрсө, менин сүйлөшүүгө барып анан артка кайтканымды көргөндөр “сүйлөшүү” ийгиликсиз аяктады деп ойлошуптур. 5-6 км. жүрүп, бир дөңдү айланганыбыздан кийин багаждагы коробканы арыктагы сууга ыргытып, артыбызга кайттык.

Эл кайра чогула баштады. Айдоочуга айттым: - Элди сен экөөбүз “паникага” түшүрдүк, эми экөөбүз биринчи болуп жол башташыбыз керек деп ошол жерден телефонду сууруп чыгып (заряды аз эле калган экен...), эң жакын гана адамдарыма чалып, сыртымдан сыр билгизбей жакын арада үйдө болоорумду айтып, ичимден болсо билгизбей алар менен коштошуп жаттым. Чынында алардын үнүн акыркы жолу угуп жаткан болушум да мүмкүн эле...


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   andormeda   24 Сентябрь 2010 - 16:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 784
  • Катталган: 14 Май 08
  • Соңку аракети: 26 Окт 2023 00:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Би City - 3Dвятое царство

Өлкөбүздө ар убак тынчтык болуп, ушундай кырсыктардан жаратканым өзү сактасын! !!

Вайс ага ар бир адамга жеткиликтүү болгондой жазыптырсыз, кино көрүп аткандай эле болдум..

Билдирүүнү түзөткөн: andormeda: 24 Сентябрь 2010 - 16:10

˙·٠•●♥●•٠·˙ Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   vais   24 Сентябрь 2010 - 16:09

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Белгисиздик белден эмес, алкымдан да бууп турду. Ошол мүнөттөрдө бүт баскан жолумду, өмүрүмдү кино тасма сыяктуу көздөн кечирип али эч нерсе кылууга үлгүрө элегимди сездим, кээ бир нерселер үчүн кимдир бирөөлөрдөн кечирим сурагым келип кетти. Албетте, артка кайтып көмүскө жерде далдааланып, окуя эмне менен бүтушүн күтүп турсак да болмок. Бирок ошол сааттарда менин үй-бүлөм , балакатка жете элек уул-кыздарым коргоосуз жалгыз калганын эстесем ал жерде бир минута да тура албайт элем....

Сапарлаштарыбыз менен телефон номер алмашып, бирдеме болсо белги беребиз деп макулдашкан соң алгачкылардан болуп буктурманы көздөй бет алдык...


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   elif   24 Сентябрь 2010 - 16:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 021
  • Катталган: 01 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 21 Янв 2019 03:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Туркия

Tim ele dokumentaldık chıgarma bolgon turbaybı, ulandısın kutobuz Vais.
все что ни делается все к лучшему :(
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Merischka   25 Сентябрь 2010 - 21:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 712
  • Катталган: 23 Июль 10
  • Соңку аракети: 11 Июл 2012 17:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:TESKEJ ALA TOO

Zhurogum dukultop da ketti okup atyp... Tynchttyk ele ornop tursunchu Zher zhuzundo !!!

Всем большое спасибо, за проведенное время в супер инфо...я влюбилась в ВРЕМЯ и я не хочу ее больше терять...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   vais   28 Сентябрь 2010 - 12:37

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Топурак – Белден түшө бериште согуштук өнөрдүн бардык эрежелери менен засада коюлган экен. Асфальтка отработка майлар төгүлүп, машиналарды сүрүлүү күчү менен аргасыз токтоого мажбурлайт эле. Жолду өрттөнгөн унаалардын тулкусу менен туурасынан бөгөшүп, айланып өтө турган кылышыптыр.

Бизди жардын үстүнөн башына топу кийген мойлоочон киши мылтык кезеп токтотту. Уч – төрт киши чуркап келип, машинаны тинтип киришти. Фейс – контролду кадимки эле жыгач таяктар менен жүргүзүшсө да профессионалдуу түрдө иштешип, машинанын булуң – бурчтарын, килемчелердин түбүнөн бери тинтип чыгышкан соң алдыга жүрө бер деп ишара кылып, дагы эки - үч пост барлыгын эскертишти. Өрттөлгөн машиналардан тизилген баррикаданы айланып өткөн соң 200 метрдей жүрүп, бак – дарактын арасында топтолгон адамдарга туш болдук. Алардын көпчүлугүн өспүрүм балдар жана аялдар түзүп, куралсыз болгону менен, негедир көздөрү кадимкидей кызарып, адамды жеп жиберчүдөй агрессивдүү турушкан эле. Айдоочуга катуурак айда деп өтүндүк, себеби толпанын ичинде ар – бир кыймыл –аракетти алдын ала билип болбойт эмеспи. Ылдамдыкты көбөйтүп, 100 метрдей узай бергенибизде шоссенин боюндагы тыт дарактардын арасынан мылтыкчан кишилер чуркап чыгып жолду тороп калышты.

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 28 Сентябрь 2010 - 12:49

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   vais   28 Сентябрь 2010 - 12:55

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

- Жол болсун, кайсыл жакка шашылдыңыздар? – деп үн катты ак топучан орто жаштагысы.

- Ошко, - деп оозун араң кыймылдатты айдоочу.

- Нимога хотик айдаяпсизлар? Бу газандалар бекоридан Ушка кетяпмаган буса керак. Кани, багажни корсатинглар, агар биронта “оружие” топивалсам, кунинглар бутти – деген 20 лардагы спорт курткачан жигиттин түрү өтө ачуулуу эле. Дагы бирөөсү колуна бензин куюлган канистирди кармап машинанын арт жагына өттү.

Машинадагы жүргүнчулөрдүн өңдөрү бозоруп, ооздоруна сөз келбей калды. Ар бир ойлонулбай айтылган сөз, этиятсыз кыймыл ажалга алып келиши мүмкүн эле...

- Туугандар, - дедим – ооба, биз Ошко баратабыз. Биздин ал жакта бала – чакабыз калган, алардан кабатырбыз. Биздин силерге жамандыгыбыз жок, мен домла болуп иштейм. Силердин башчыңар менен сүйлөштүк, алар бизди өткөзүп жибере турган болду.

- Утказганимиздан хеч канака фойда йог..., гүм кылыш керек синиңискийлерди, - деп бурк этти жашыраагы.

Дипломатиялык тажрыйбам жок болсо да ички туйгу менен буларды сестенте турган, келишимге мажбурлоочу соз айтыш керек экенин сезип турдум.

- А манаву нима? –деп алдымдагы сумканы көрсөтүштү.

- Бул ноутбук... Азыр биздин сөзүбүзду баары угуп атышат. Эгер бизге күч колдонсоңор, бул жерге азыр вертолет менен спецназ учуп келет. Анан калса, артыбыздан келаткан 2-3 миң кишинин баарын жок кыла албайсыңар. Туугандар, сабыр кылгыла, силер да бала – чакаңарды ойлогула – дедим.

Ак топучан киши сунган мылтыгын кайра далысына асып саамга ойлонуп калды. Анын чорлуу колдорунан, бырыш баскан пешенесинен улам дыйкан болсо керек деп ойлоп койдум.

- Өтө бергиле, - кол шилтеди ал, – арттагы адамдарга да айткыла, куралсыз болушса биз аларга жамандык кылбайбыз.

Ал жерден жылгандан кийин да 1 - 2 жерден дарактардын арасынан адамдардын карааны көрүндү. Бирок машинаны эч ким токтоткон жок. Биздин суурулуп чыкканыбызды көргөн арттагы машиналар да бириндеп алдыга жүрө башташты.


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   vais   28 Сентябрь 2010 - 13:11

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан



Куршабка жеткенибизде айдоочу жигит (үйү ошол жерде экен) мындан ары өмүрүн тобокелчиликке сала албасын айтып, ошол жерде калып калды, бир жүргүнчү менен кошо. Эки жүргүнчү болсо Кара –Кулжага жөнөп кетишти. Ошко званок кылсам үйдөгүлөр 2 күндөн бери көчөгө чыга албай, магазин-дүкөндөр иштебей, үйдө ачка олтургандарын айтышты.

Базарчиктен 1-2 түйүнчөк продукта алгандан кийин, попутный машина тосуп Ошко жөнөп кеттим. Куршабдан ары жагы автомашинада кырк мүнөттүк эле жол болчу.

Каарман айылынан өтө бергенде эле Ош кара түтунгө чулганып турганы көрүндү....

Фуркатка кире бериштеги круговойдо эл жык-жыйма экен. Жакын жердеги үйлөрдүн баары чатырап, кызыл жалынга оронуп күйүп жатат. Адамдар бир тобу аламанга аралашып колуна кирген курал менен согушуп жүрсо, бир тобу машинага далдааланып автозаправканын май сактагыч жайынан челек менен бензин сүзүп алышка аракет кылып жүрүшөт эле...Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты дегендей ар ким билгенин жасап жүргөн эл эч кимдин кебин укпайт болчу. Антсе да айрым кишилер блок-пост коюшуп, өткөн-кеткен машиналардын ичин текшерип жатышты...

Кыр – Арыктагы обл. больницага жете берерибизде чуулдаган октун үнүнөн улам эч нерсе угулбай калды. Мен бараткан кызыл Аудинин айдоочусу Жапалак айлынан экен, машинада 12 – 12 жашар уулу да бар эле.

- Байке, бир аз күтө турбайлыбы, балким солдаттар келип жолду тазалап беришээр, – десем кулак салбады.

- Уч күндөн бери токтото албаган бүгүн токтотмок беле. Үйдө катын-балам нан жок, ачка кезээрип олтурушат. Тезирээк аларга продукта жеткизишим керек деп катуу ылдамдыкта айдап жөнөдү. Айла жок, шопурдун баласын арткы сиденьеге жаткырып, алдыңкы орундукка мен отуруп, зуулдаган бойдон учуп жөнөдүк. Машинаны тез ылдамдыкта айдагандын жакшы жери снайперлер мээлеп атууга үлгүрбөй калат экен.

Областной больницанын тушуна жеткенде бийиктиги 10 метрдей келген бетон забордун ары жагынан өздөрү көрүнбөгөн эле адамдар таштар менен койгулап калышты. Бетти кол менен калкалаганыбыз менен мөндурдөй жааган таштар көбүнчөсу үстү жактан учуп келип машинанын төбөсүнө, капотуна тийип жатты. Үч- төрт минутадан кийин Кыргызстан көчөсүнө кирип келдик. Ошол жерден айдоочу башка жакка бурулуп кетээрин айтып, мен тушуп калдым. Берген жол кирени да албастан, “тирүү чыкканыбызга шүгүр” деп шашкан бойдон кетип калды. Ушунчалык шашкан экен, менин жүктөрүмө кошуп өзүнүн да бир түйүнчөк макаронун түшүрүп салыптыр. Чоң көчөнүн боюнда бир топ жүк менен өзүм жалгыз калдым. Зуулдап номерсиз ары-бери өткөн бирин-серин машиналарды эске албаганда көчөдө эч кандай транспорт жок эле. Этаж үйдүн түбүнө коргологон солдаттар жолду тазалоо үчүн БТРди күтүп атканын айтышты. Көчөлөрдүн баары тал-терек, чоң трубалар менен барррикадаланган эле.

Жугүм көп болсо да, эптеп аларды сүйрөгөн бойдон алдыга кадам шилтедим.

Көчөнүн боюнан таяк, арматура менен куралданган жаш жигиттер ары-бери чуркап өтүп жатышты, көбү бетине маска кийип алган. Алар кимдер, максаты эмне-билип болбойт эле. Он минутадай ар кайсы тааныштарыма звонок кылгандан кийин, жакыныраак жерде жашаган бир досум машинасы менен келип үйгө жеткизип койду. Эшикти кыйла такылдаткандан кийин гана ачышты, кудаага шугур, бир- аз жудөп-какап калышканы менен, үйдөгүлөр баары эсен-аман экен...



Аягы


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   vais   02 Октябрь 2010 - 20:45

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Бул документалдуу баян, баштан өткөн окуялардын негизинде жазылды. Адабий жактан кемчилдиктер болсо кечирим сурайм, тажрыйба жок, техникалык адис болгон учун...Бул окуялар жөнүңдө официалдуу маалыматтарды төмөнкү шилтемелер боюнча ала аласыздар. http://www.azattyk. k...le/2173887.html

http://www.ntrk. kg/i...emid=59&lang=ru
http://svodka.akipress. org/news:57691/

Билдирүүнү түзөткөн: vais: 03 Октябрь 2010 - 12:05

Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   vais   21 Июнь 2011 - 22:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Мына, билинбей отуруп ошол алааматтуу кундөрдөн бери туура бир жыл өтүптүр...Мезгил анча-мынча жараатты жамаачылап, андагы окуялар кээде бир көрүнгөн коркунучтуу түш сыяктуу элестегени менен...ачуу чындыкты кайда жашырасын? Кырчындайында кыйылган өмүрлөр, тыптыйпыл өрттөлгөн үйлөр, бир заматта солдойгон керексиз темирге айланган унаалар, заматта жырткычка айланган адамдар....Мунун баары туш беле??? Жок, адамзаты болгонубуздан кийин кандай гана ачуу болбосун, бул окуялардан кандайдыр бир жыйынтык чыгарышыбыз зарыл.. Туура, эл аралык уюмдар, депутаттык комиссиялар ж.б. лар өз баасын бериватышат. Бирок, ар кимибиз өзүбүз учүн да, эртенки тынчтык үчүн да акылга сыярлык тыянак чыгарбасак мындай алаамат кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат?
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Takeshbek   21 Июнь 2011 - 22:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 338
  • Катталган: 01 Февраль 11
  • Соңку аракети: 17 Окт 2014 00:38
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Каякта жашасам ошол жак!!!!

Тынч жашоого эмне жетсин...
чыгарман аябай жакшы жазылыптыр, Кино коргондой болдум
Cен таза болсон, менда таза болсом, Айшада жууна баштайт.....!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Romantic   21 Июнь 2011 - 23:59

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Vais ava jakwy 4yndyktyn osnovasynda jakwy jaratylgan. Elimde jerimde tyn4ylyk, tok4uluk, yntymak bolsun... 4ygarma4yl sizge iygilik. Kaleminiz kur4ui bersin!:give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   raia   10 Февраль 2013 - 12:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Авг 2025 19:57
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Бул кино эмес бул чындык болгондо да чырылдап ачылбай калган чындык.Канчалаган адамдардын канына болонгон,омурлору кыйылган чындык.Эки жыл отсо да журогубузду эзип келген ачылбай калган чындык,Кунолулор жооп бербей койгон чындык.Бей куно пенделер уройу учуп,зирилдеп коркуп жашаганыбыз чындык.Кыргыз болгону учун куноолу болуп кордолуп олгону чындык.Азырда дагы 20 жылдан кийин балдарыбыздын башына ушул шумдук келбесе экен тиленип жашап атканыбыз чындык
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Aelita.atambaeva   10 Февраль 2013 - 13:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 86
  • Катталган: 25 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 29 Окт 2013 02:25

уруш менин уйумдун жанынан чыккан.ешикте балкондо досум менен суйлошуп турсам бир маалда асманга ок атылды.андан 10минута отпой еле уруш озбектер чогулуп келип атыша баштады.ошол жерде турган катар катар 12машинаны жардырып жиберишти.терезеде карап турганмын оз козум менен.

Билдирүүнү түзөткөн: Aelita.atambaeva: 10 Февраль 2013 - 13:53

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 12:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: