Суперстан: Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жылдыздар жана биз
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Толик сынчынын сынынан өткөн концерттер

#81 Пользователь офлайн   Дикуся   04 Апрель 2010 - 15:25

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 12 Февраль 10
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2012 14:06

Айпериде ун деген жок. :shok:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#82 Пользователь офлайн   Debi   05 Апрель 2010 - 10:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Айперинин кубулжуган унун канча укса да тажашпай угуп журушот. Азаматсын сулуу! Алга!
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#83 Жолоочу_kutmantaraz_* 07 Апрель 2010 - 01:53

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Иконки сообщения 

АЙПЕРИден коп нерсени умуттонсок болот,келечеги али алдыда,АЙПЕРИге кудайым баардык жагынан берген!ийгилик сага!!! :give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#84 Пользователь офлайн   Arstan   11 Апрель 2010 - 20:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Достор негизи бироону жамандаган болбойт го,бир аз жетишпейт дейсинер,мындай создордун эмне кереги бар,кандай кыз экенин билбейм,бирок жакшы ырдайт,уну сонун.Айгерим да жакшы ырдайт,аябай жонокой кыз,кошунам да Биште.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#85 Пользователь офлайн   Arstan   11 Апрель 2010 - 20:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Чынында Мирбекти биринчи жолу 2009жылы 5-декабрьда Москвада кордум,корнцерт койгондо.Жакшы ырдайт экен негизи.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#86 Пользователь офлайн   Arstan   11 Апрель 2010 - 21:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Кыргызстанда эн жакшы коргон,урматтаган ырчым Бек ака да,аккордеон ырынан тартып,ушул кунго чейинки ырын аябай тажабай угам,азыр да соткамда толтура Бектин ыры.Оуу акыркы жолу Бек аканин концертине 2001-жылы барып олло жыргап кордум эле,Толик сынчы айтып берсе барып коргондой эле болдум,эми буйурса Кыргызстанга барсам созсуз барам.Бек Борбиевге ийгилик каалайм!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#87 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   13 Май 2010 - 15:54

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

Эрнест мырза ырдын сө з үн таппай калып...



Башталышы – 19:35 (35 мүнө т кечикти)
Билет баасы – 200-300 сом
Кө рү чүү лөр Спорт Ордосунун – 20 пайызы
Мыкты номер – "Темир таздын ыры"
Алпаруучу – Эрнест Абдыжапаров өзү



Тарткан тасмаларын жантыгынан жата калып көрг өн жаным режиссёр Эрнест Абдыжапаров концертине бардым. Башка концерттердей быкылдап орун талашкан жан жок. Элдин аздыгын ушундан билиң из, микрофондон чыккан үн жаңырып, каңгырап да кетип жатты.
Эрнест мырза концертинин алпаруучусу да, аткаруучусу да, куудулу да өзү болду. Алпаруучунун суранычы менен 7-апрелде каза болгондорго ордубузан туруп бир мүнө т аза күтт үк. "Элибиз азыр сынып турат. Ошондуктан "Сынган бугу" күү сүн аткарып берейин" деп комузда кол ойноткон Эрнест мырза күү чертип, каңырыгыбызды түтө ттү . Муңдуу башталган концерт тез эле өз калыбына түшү п, эл дуулдата кол чабышты. Концерттин өзгө чө лүгү баягы карсылдак, дүң күлд өктө р коштолгон фонограмма жок, сыбызгып жан дүйн өнү алып учурган жандуу үн менен аткарылган ырлар болду.
Домбра, комуз, ямаха, гитара, пианино, барабан жана да бир нече үйлө мө аспаптарды да ийине жеткире ойногон Абдыжапаровдун музыкалык сабаты көп ырчыларга караганда кыйла жогору экенине баа бердим. Баарынан да домбра менен Сүйм өнкул Чокморов ырдаган "Темир таздын ырын" аткаруусу элге өзгө чө жакты. Бирок музыкалык аспаптарды жөнд өй албай кеткен учурлары да болуп жатты. Буга ал киши "убакыттын тардыгынан 3-4 күн эле даярдандым эле" деп актанып жиберди. Айткандай эле бир ырды аткарып жатып сөзү н жакшы жаттаганга убактысы жетпей калганбы "ля-ля-ля" деп өзү н абалдан чыгарды.
Концерттин көрк үн жаз стилинде ырдаган "Жума" тобунун жигиттери ачышты. Баса, Эрнест мырзанын кыздары тууралуу унутуп бара жатыпмын. Асемасы ырчы, Элинасы бийчи, Заремасы актриса, дагы бир кызы режиссёр болуп атагы чыгып турган кези экен. "Кыздарынын" улуусу Асема белек кылып кубантса, башкалары гүл тапшырышты. Баарынан элди күлд үргө н жорук Эрнест мырзанын жасалма чач кийип, жаштыгын эстегени болду.
Жалпылап айтканда, жандуу үн менен элдин черин жазган "Кыргыз блюз" концерти мыкты деңгээлде өттү . Болгону, "эл аз келип режиссёр кайрадан банкрот болуп калбады бекен" деген убайым ой пайда болду.

Билдирүүнү түзөткөн: Толик Сынчы: 13 Май 2010 - 15:56

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#88 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   02 Август 2010 - 10:19

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

Айбектин концертинде Назира элдин кыжырына тийип...
Аталышы – “Айбек сахнада он жыл”
Башталышы – 20:08
Билет баасы – 250-350 сом
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 80 пайызы
Алпаруучу – Чыңгыз Мырзаев
Мыкты номер – Сыймык Бейшекеевдин “Төр талашпа!” ыры
Күнү – 28-июль

Оо-уу, далайдан бери Спорт Ордосунда концерт өтпөй зеригип калган жаным Айбек Карымовдун жеке концерти болорун угуп, жетип бардым. Тополоңдон, ыйдан тажаган байкуш элим ырга, күлкүгө зар болгон окшойт, концерт башталгандан кийин деле чууруп кирип жатышты.
Бысмылда дегенде эле Айбектин жердеш акелери мактаган слайд-шоу башталып кетти. Сахнанын жасалгасы катары “Ата Журт” партиясынын бакыйган плакатынан башка эч нерсе көзүмө илинбеди. Концерттин эки тизгин бир чылбырын Чыңгыз Мырзаев башкарды. Кеченин ээси көп күттүрбөй чыга келип, баягы “билектериң балык туйлагандан” баштап, элге кенен сиңген эки-үч ырын бир куплеттен аткарып таштады. Ырлары го мыкты. А бирок репертуарынын эч кандай жаңыланбаганы өкүндүрөт экен.
Байкашымча, Айбек жеке концерт бербей эле ашар концерт бергендей сезилди. Кесиптештерин аябай сыйлайбы же ырчынын көрөңгөсү түгөнүп баратканбы, айтор, башка ырчылардын ырларына көбүрөөк орун берилген экен. А элге кайра жакшы. Көптөн бери балдары менен алышып, элге чыга албай жүргөн Назми, Роза Шакирова, дегеле эски малдын көзүндөй көрүнбөй кеткен Нуриза Абазова, Сыймык Бейшекеев, Динара Акуловаларды көрүп, ырларын угуп алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Баса, Сыймыгың түшкүр “Төр талашпа!” деген жаңы ыры менен көптөрдүн муунун бошотуп жиберди. Эл мындай патриоттук ырларга суусап турганбы, тынбай кол чаап отуруп кирип кеткен Сыймыкты кайра чакырып алышты. "Манастан Чубак кем бекен" дегендей, Айбек да “Кыргызстан” деген жаңы ырын удаа ырдап берди эле, эл дүркүрөп жатып калды.
Баса, куудул Назира Жетигенова бул жолу ажо өзбекче бийлесе мен калышамбы дегенби, айтор, өзбек көйнөк менен допу кийип чыга келсе болобу. “Чайрайт эле чайрайт” дейби, айтор, түшүнүксүз тилде кыйкырганы элге таптакыр жакпай калды.“Эй, минтип Өзбекстанга барып ырда” дешип жанымдагылар кыйкырып, ышкырганга өтүштү. Кантсе да өзбек көйнөк өз ишин кылып кетти окшойт. Алпаруучу Чыңгыз “эй, көйнөк кантет? Бекер ташбараңга калып кетпейли?” деп тамаша менен жайгара кетти.
Концертке куудулдар да чакырылган экен. Абдылда, Борончунун куйкум сөздөрү элди күлкүгө карк кылды. Айбек өзүнүн ырларын аткарып, элдин черин дагы жазды. Кантсе да жылдыздарыбыз сагынтып анда-санда бир көрүнүп турганы деле жакшы экен.
Ошентип, күлкүгө да, ырга да ыраазы болгон эл менен кошо козголуп, мен да сапар алдым.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#89 Пользователь офлайн   Адам   03 Август 2010 - 00:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 647
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Июл 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

Кансертке барбасам да баргандай болуп ( :applause: ) калдым %60.
Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#90 Пользователь офлайн   ymyta   18 Август 2010 - 12:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 22 Май 08
  • Соңку аракети: 14 Июн 2014 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Алма-Ата

Ушулар деле ырдабай эле коюшса болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#91 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   06 Сентябрь 2010 - 12:31

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

ЫНАК ОСМОНАЛИЕВДИН КОНЦЕРТИ ЫНАК ЭЛДЕН МУМИЁ СУРАП... Башталышы – 19:50 (20 мүнөт кечикти, 31-августта)
Аталышы – “Мумия даарың жок беле?” (Мумия эмес, мумиё, даары эмес, дары болсо туура болмок)
Билет баасы – 300 сом
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алпаруучу – Турусбек Жумалиев
Мыкты номер – Мирлан Баековдун аткаруусундагы “Кызыл өрүк”

Майрам күн болгонгобу, аянтта гана эмес, Кожомкулдун эстелигинин алдында да эл толо. Концерт 20 мүнөт кечигип башталды. Эл агылып кире берди. Концертти Турусбек Жумалиев ачып, Ынакты чакырды. Ынак элди Эгемендик майрамы, орозо күнү менен куттуктап ырдап, мумиё дары сурап убара тартты. “Тигүүчү кызды сүйүп калдым” деп ырдаганда залда тигүүчү кыздар көп окшойт, кыйкырып эле колдоп болбой калышты. Андан кийин Борончу Кудайбергенов чыгып, куйкум тамашасы менен элди жыкты.
Кайрадан ашар концерт башталды. Дайыр Исмадияров, КG Эльмурат, Кумар Асанов жана башкалар ырдашты. Чынара, анан Мэри Шакулина деген кыздардын ырларынын сөзүн түшүнбөй отурдум. Даңк-дүңк деген музыкадан башка ырынын сөзү угулган жок. Куудулдар Рысбек Жантөрөев, Жакут Сыдыковдор элдин жүзүнө жылмаюу тартуулаганга аракеттеништи. Рахман Разыков куудул эмес, акын болуп кетиптир. Мекендештерге арналган кайгылуу ырын окуп, элди ойлонтуп койду. Бирок куудулдар кыйын калк да. Кимиси сахнага чыкпасын “жакында концертибизге келиңиздер” деп өздөрүн жарнамалаганга үлгүрүштү.
Антракт 35 мүнөткө созулуп... Айрымдары “эу, Ынак, баштабайсыңбы? !.” деп чуру-чуу түшүп жатышты. Ошентип, “Берекенин” бийчилери концерттин 2-бөлүгүн ачышты. “Кеңеш” тобу сахнага чыгып “Кызыл гүлүн” ырдаган соң Тата Улан “Карындашы” менен “Байрагын” созду. Ырчылардын фонограмма менен ырдаганы аз келгенсип, скрипка тарткан Асиянын фонограммасы өтө эле одоно көрүндү.
Ынак жалаң "неге-е" , "жеңе-е" , "беле-е?..” сыяктуу “е” тамгасын узакка созуп жай ыргакта ырдап, элди уктатып коёюн деди. Бирок бул тынчтыкты “Жоролор” куудулдар тобу жарып кетти. Алардын шоу-бизнестеги ырчылар менен продюсерлерди туураган сатирасы көпчүлүккө жакты. Элге өтө жаккан ыр Мирлан Баековдун аткаруусундагы “Кызыл өрүк” болгону айрымдардын тура калып кол чапканынан эле байкалды. Ошентип, саат 23:00дө Ынакбайдын концерти аяктап, эл жакшы маанайда кайтты.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 26 Декабрь 2013 - 16:32

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#92 Пользователь офлайн   Аygerim   06 Сентябрь 2010 - 12:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 579
  • Катталган: 28 Июль 09
  • Соңку аракети: 31 Авг 2021 11:45
  • Жынысы:Аялзаты

коптон бери Толик Сынчы нын сындарын окуйлек элек...эми концертке барган кишилердей болуп калдым :crazy-girl: рахмат!
Ibi victoria,ubi Concordia.


Бактылуумун. ..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#93 Пользователь офлайн   Адам   06 Сентябрь 2010 - 21:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 647
  • Катталган: 26 Ноябрь 09
  • Соңку аракети: 10 Июл 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жер эне

:good:

Ушул сынчынын сындары жеткиликтүү. Мен да концертке баргандай болдум.


Өзүң бол
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#94 Пользователь офлайн   nuriza   08 Сентябрь 2010 - 12:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 18 Август 10
  • Соңку аракети: 13 Янв 2015 17:43
  • Телефон:0552924342
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабад

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#95 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   20 Сентябрь 2010 - 11:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

Башталышы – 20:00
(30 мүнөт кечикти, 8-сентябрда)

Билет баасы – 300 сом
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Алпаруучу – Чыңгыз Мырзаев
Жыл сайын туулган күнүндө концерт берчү адатын сырт калтырбаган Сыймык бул саам да 8-9-сентябрда Спорт Ордосунда концерт берди. Концерттин башында “Канат Кадыржандын студиясы тартуулайт” деген үн чыгып эле үч жигит жарамазан айтып киришти. Мен Бейшекеевдин эмес, Канат Кадыржан тарбиялап жаткан балдардын биринин концертине келдимби деп ойлоп жибердим. Өзүн жарнама кылган жерин продюсер жигит тим эле койсо болмок. Анан Чыңгыз Мырзаев концертти ачып, Сыймыкты чакырды. Сыймык эски ырларын, араларын ортолотуп жаңы ырларын созду. Балбан Раатбек Санатбаевге да эскерүү ыр жазыптыр. "Тирүү кезинде жолугуп "сага арнап ыр жазам" десем, жаш балача сүйүнгөн, бирок эрте кетти”,- деди ырчы. Сахнадагы чоң экрандан балбандын чет жерде кыргыз намысын коргоп жаткандагы видео сюжеттери, сүрөттөрү көрсөтүлүп турду.

“Эски жомок” деген ырын аткарганда сахнада кыз-жигиттер сүйүшкөндөрдүн ролун аткарышып жолугушууга келип, бири-бирин күтүп жатышты. Ушуга эле окшош сценарий башка ырларында да кайталанды. Мына ушул жеринен, анан сахнанын жасалгасынан аксады Сыймык байкебиз. Сахнанын жасалгасы концерт эмес, партиянын чогулуштары сыяктуу жасалыптыр.

Юлдуз Усманованын ырына жооп иретинде жазылган “Төр талашпа” деген ырын созгондо эл дүркүрөтө кол чабышты. Ал эми комузун колуна алып жандуу үндүн коштоосунда кыздардын жерлигин сүрүштүргөнүчү. .. Концерттин эң көңүлдүү жери ушул болду.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#96 Пользователь офлайн   meerime   23 Сентябрь 2010 - 03:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 017
  • Катталган: 14 Август 10
  • Соңку аракети: 02 Янв 2018 21:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан,Бишкек

Mirbek Atabekov azamat talantyn orkundoi bersin dagy ushundai janduu konsertterdin dalaiyn otkor .Ar daiym iigilik koshtosun :applause:
Alystyk arabyzdy bolup turat,
Jurogum ardaiym sen dep sogup turat.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#97 Пользователь офлайн   Толик Сынчы   01 Октябрь 2010 - 17:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 47
  • Катталган: 06 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 30 Мар 2015 12:04

Башталышы – 20:20 (24-сентябрда 50 мүнөт кечикти).
Билет баасы – 200-400 сом.
Көрүүчүлөр – Залдын 85 пайызы.
Алпаруучулар – Элмара Турсуналиева жана Жеңишбек Айтиев.
Мыкты номер – “Айдай”.

Бул жылы Кыргызстан кайгылуу окуяларга белчесинен батып, ыр жандуу калкыбыз концерт дегенди да унута түштү эле. Эми бир аз көңүл ача баштады. Берадор Смановичтин концерти калк ушинтип мукам ыргактарга суусап турган маалга туш келди.
Саясатын алып кете алабы, жокпу, билбейм, бирок Бек ыр жагынан эч кимди алдына салбайт. Мен да туулган күнү деп, экинчиден, саясаттан тажаган жаным “концертимде саясат аралашпайт” деген сөзүн гезиттен окуп алып, 24-сентябрь күнү Спорт Ордосуна келдим.
Алпаруучулар кыйкыра чыгып шатырата кол чаптырып, туптуура 41 жашка толгон ырчыны сахнага чакырышты. Концерттин башталышын зарыга күткөн эл ырчы менен кошо эргий, ыр ыргагына термелип калды.
Ырчыны туулган күнү менен куттуктап келгендер көбөйүп кеттиби, айтор, концерт беш саатка созулду. Бекти анда-санда эле көрүп, калган учурда Кубиктин кызы баш болгон толгон токой ырчыларды тиктеп отурууга аргасыз болдук. Баарынан капа кылганы бийчилер болду. Билесиздер да, “Агаманын” өткүр бийчи кыздары Бекти сахнада чимирилтип жиберишчү. Курамы жаңыланганы ушундан эле билинет экен, бири солду көздөй кетсе, экинчиси оңго, дагы бири титирей көрүүчүлөрдү аябай жүдөтүштү. Анысы аз келгенсип “Берекенин” бийчи кыздары чыгып, алар да жакшы даярданбаганбы же Бек акенин сүрү ошончолукпу, бийлей албай абдан кыйналышты. Мындайда ыр укпай эле “бечара кыздар дагы кай жеринен адашып кетишер экен?” деп сарсанаа болуп, кыздарды тиктеп отурууга мажбур болдук.
Бул концертте Бектин репертуары дагы бир кыздын ысымы менен толукталды. Мурун “Эркинай” деп ырдачу ырчы эми "Айдай" деп сыздады. Болгондо да “болду десем болбодуң, койгун десем койбодуң, эми сени кучагымдан кантип бошотом?..” деп. “Ал Айдайы ким болду экен?” деп кызыгып мен калдым.
Сахнанын жасалгасын да айтпай кетүүгө болбойт. Пардага “БЕК” деп лампалар менен жазып, кыйшык илип коюшканы эле болбосо, эч бир жасалга жок. Бир маалда ырчы аккордеонун көтөрүп чыкты. Бектин концертине үзбөй барчулар дал ушул “моментти” күтүшөт эмеспи. Сүймөнчүк кайрыктарга айланып калган ырларды эл ырчы менен кошо аткарып бир жыргады. Ошентип, концертинде аз эле ырдаганын да, жакшы даярданбай койгонун да кечирип, эл көтөрүңкү маанай менен кайтты.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#98 Пользователь офлайн   Arstan   01 Октябрь 2010 - 17:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Концертке мен да бардым,24до,аябай жакты мага,аккордеон менен ырдганда биз да кошо кыйкырып ырап отурдук,Бек байкени куттуктап башка жылдыздар да келишти,шылтоо менен аларды да кордук,алдынкы катарда отурганым учун жакшы коруп отурдук,дагы жаккан жери чынында 5саат болду,мынчалык узаак концертти биринчи корушум.аябай жакшы болду,бирок р сахнаны бир аз жасап койсо болмок.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#99 Пользователь офлайн   nuriza   02 Октябрь 2010 - 15:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 18 Август 10
  • Соңку аракети: 13 Янв 2015 17:43
  • Телефон:0552924342
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабад

Бек байкебиздин концерттери ар дайым сонун ототСүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#100 Пользователь офлайн   nuriza   02 Октябрь 2010 - 16:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 223
  • Катталган: 18 Август 10
  • Соңку аракети: 13 Янв 2015 17:43
  • Телефон:0552924342
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалалабад

Ар дайым бар болсун Мирбек!! !!!!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жылдыздар жана биз
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • 7
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 52 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 52, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Авг 2025 21:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: