Америкалык чиркоочу ушундай кадамга 11сентябрда бараарын билдирди. АКШ мыйзамында мындай кадам каралбагандыктан эч нерсе кыла алышпай турган учуру. Хилари Клинтон муну акылсыздык деп гана чектелди. Ал эми Афганистанда буга жооп чиркоочуну орттогонго чейин баратышат. Муну кантип токтотконго болот? Балким бул 3-дуйнолук согуштун башаты болуп журбосун?
- (2 )
-
- 1
- 2
Куран китебин өрттөйм... АКШ чиркөөчүсү дүйнөлүк коопсуздук жаратууда.
#1 09 September 2010 - 15:16
Киргиз,
суйлоп корчу таза кыргызча,
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#2 09 September 2010 - 15:33
Мындай жиндилер коп эле го, мен тан калган деле жокмун...
Эгерде аны орттосо деле, мусулмандардын арасында библияны орттой тургандардан толтура табылат!
Эгерде аны орттосо деле, мусулмандардын арасында библияны орттой тургандардан толтура табылат!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#3 09 September 2010 - 15:41
Орттосо ортой берсин, андан биздин дин кемибейт!
!!Тиги акылы кыска каапыр мусулмандардын журогундогу тутунган ислам динин орттой албайт да!!!
˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#4 09 September 2010 - 16:58
Мындай диний экстремисттер үчүн дүйнөлүк согуш чыгып кетпестир. Менин ишенимимде дүйнөдө акылдуу адамдар көбүрөөк. Ал эми бул адамдын кылганы жөн эле пиар,атың чыкпаса жер өттө дегендей. Жазасын алат.
```
#5 09 September 2010 - 17:23
Шумдуктуу адам го ал...
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#6 09 September 2010 - 23:57
ошондуктан америкалык десе эле айдан тушкон адамды элестете бербеш керек. аларда да эч нерсени тушунбогон кенедей да акылы иштебеген жеткен туркойлор аз эмес. тоок мээнин акылы дуйно жузундо милиондогон ал ыйык куранды жатка билген адамдар бар экенине жеткен эмес ко.
#7 10 September 2010 - 12:56
Американын саясаты! Атайлап эле чоңдору "кой эми, уят кылба бизди" дегендей сүйлөп атат. Иракты, Афганистанды басып алган мамлекет кантип эле 50 жамааты бар бир евангелист-
кечилдин оозун жаап коё албайт?! Бир эле Куранды өрттөө менен мусулмандарган эч кандай зыян бере албайт дейбиз, а бирок бул аракет Ислам дүйнөсүнө акарат келтирүү болуп эсептелет. Америка өзүнүн радикал-еванглисттери менен таанылат. Жорж Бушту бийлике алып келгендер да анык ошолор денилет. Америкада 45 000 000дон ашуун евангелист бар деп айтылат. Алар христиандардын эң радикалдуулары.
Бир көйгөйдү мамалекеттик деңгээлге алып чыга турган болушса оңой эле колдоо көрөт дегенди билдирет. Америка-демократиянын мекени! Америка-адам укуктарына баа берген өлкө! Америка-адилеттиктин очогу! Айта берет мына ушундай деп. Кече жакында эле Германиянын канслери Ангела Меркел Даниялык карикатуристке өз колу менен сыйлык тапшырды. Кимге экенин билсеңер керек? Аз. Мухаммед а.с.в.дын карикатурасын чийген адамга. Алардын тили бир.
Афганистандык бир бала менен сүйлөшүп калдым. Досторуңан согушта өлгөндөр барбы десем "ооба" дейт. Жездемди да американын аскерлери өлтүрдү дейт. Курани Каримди бети жоктор туалетке таштаптыр. Аны көргөн мусулмандар кантип чыдап турсун. Жездеси да эл менен кошо көтөрүлүптүр, атып салыптыр бечараны. Талибандар кандай десем, "алар Американын адамы" дейт. Элдин талибанды сүйбөөрүн айтты. Бир жергиликтүү журналист менен америкалык журналист колго түшүп, талибандардын барымтасында калыптыр. Кызыгы, жергиликтүү журналистти өлтүрүп, америкалык журналистти бошотуп бериптир. Бул кандай десем, "алар ошондой" дейт. Афганистандын аскерлери американын аскерлери менен бирге талибанга каршы согушат, алардан өлбөй эле бизден өлө берет дегенинен таң калдым. Фидел Кастро жакында айтты го "Усама бин Ладен" Американын тыңчысы (адамы) деп. Кеңеш доорунда бин Ладенди бизге каршы колдонду, эми болсо аны шылтоо кылып Афганистанга кирип алды. Биз билбеген оюндар көп экен дүйнөдө. Биз көлөкөсүн эле көрөт экенбиз алардын, чыныгы келбетин, жүзүн көрүү үчүн Кудай бизге акыл-эс берсин!
Америка менен Израел Иранды опузалап отурган учуру азыр. Ким билет, мүмкүн Иранга кол салуунун кадамы болуп чыгаар. Эми Кудай өзү сактасын! Булар эптеп эле мусулмандарды кутуртууну көздөп атат чыгаар. Бир нерсени баштагысы бар булардын. Кечил өз сөзүндө Куранды өрттөө менен радикал-мусулмандарга сабак берүүнү көздгөнүн айтты. “Христиан дини-сүйүү дини! Биздин Ыйык Китепте "душманыңды сүй" деп айтылат. Кала берсе "оң жаагыңа урса, сол жаагыңды тосуп бер" деп жазылган” дей берет экен алар. Китебиңер жазса аткарбайсыңарбы буйрукту?! Учурда 11-сентябрда жардырылган имараттардын жакынына ичинде мечити да болгон комплекс курулуп атпайбы. Ислам маданий борбору дейби, бирок башка диндин өкүлдөрү үчүн да ибадат кылууга мүмкүнчүлүк болоору айтылат. Чагымда бардык диндерди бир жерге топтообу же мусулмандарды өзүнө тартуубу, ким билет дагы? Ошол курулуп аткан Ислам маданий имаратын болтурбоо, үзгүлтүккө учуратуу үчүн да кол топтоп атабы? Оюңа ак кыл нерселер келе берет экен кечилдин максаты кандай экенин ойлонсоң, шумдук. Миң талашканыбыз менен күтө турайлы, кандай болоорун убакыт көрсөтөөр.
Супер-инфого ыраазычылык айтып өтөйүн муну менен бирге. Азаттыкка жазсаң өздөрүнө жакканын чыгарып, жакпай калса чыгарбайт экен. Акыйкат ачуу дегениненби? Силердин көмөгүңөрдө ичимде калган сөздөрдү айтып алдым. Кыйладан бери топтолуп калган экен өзү. Катасынан Кудай Өзү сактасын! Ошондуктан рахмат силерге Супер-инфо!

#8 11 September 2010 - 01:25
туура. Нострадамус айткандай ал деле эмес коп козу ачыктар айткандай 3 дуйнолук согуш мусулмандар менен капырлар согушат деген. Тфьу тфьу кудай сактасын. Америкалык болсо куранды орттойм деп туура эмес кылат. Мусулмандар аны жон эле союп салышат.
#9 11 September 2010 - 02:42
Евангелисттер менен еврейлердин байланышы өтө күчтүү, өзгөчө радикал еврейлер менен. Евангелисттердин ишениминде Иерусалимге Сулайман а.с. доорунда курулган, кийин бир топ кыйроого учурап акыркы ирет б.з. 70 жылында Римдин армиясы тарабынан толук кыйратылган Ибадаткананын кайрадан курулуусу керек. Эгер ибадаткана толук курулуп беткөрүлсө,
анда Иса а.с келет. Анын келүүсү алар үчүн Бейиштин башталышы. Ошондуктан евангелисттер дайым еврейлерди колдоп келет. Себеби биринчи иретте еврейлердин мамлекети курулуш керек болчу. Аны да курушту. Эми болсо еврейлердин ибадатканасы калды. Бул максатта Иерусалимдеги мусулмандар үчүн ыйык болгон Акса мечитин жардырып жок кылып, анын ордуна ибадаткана курулушу керек. Бирок мечитти жардырып жок кылабыз дегендерди Израел мамлекети дайым көзөмөлдөп келет экен. Мечитти жок кылыша турган болушса, мусулмандар жөн отурбайтта.
Куранды өрттөйм деген кечил да ошол евангелисттерден.
#10 11 September 2010 - 10:39
Кечил Терри Жонс пикиринен баш тартыптыр. Анын айынан Афганистанда бир адам шейит кетти. Баштаган чырын кара! Журналист жакшы суроо узатыптыр кечилге: "эгер сизге бирөө чиркөөңөрдү бул жерден жылдыргыла же Инжил өрттөйбүз десе кандай сезимде болоор элеңиз?" деп. Толуп эле жазайлы кечил менен журналисттин диалогун.
Журналист: Эгер сизге бирөө чиркөөңөрдү бул жерден жылдыргыла же Инжил өрттөйбүз десе кандай сезимде болоор элеңиз?
Кечил: Эмне себептен антип айтсын?
Журналист: Себеби сиз бирөөлөргө ошол эле нерсени айтып атасыз.
Кечил: Эки тарапты тең канааттандырган келишимге келдик деп ойлойбуз. Бул сиздин берген мисалыңыздан кичине айырмаланат.
Журналист: Кудум шантаж сыяктуу... Же имаратты (мечитти) жылдыргыла же болбосо Куран өрттөйбүз деп атасыз.
Кечил: Сөзүмдү толук айтуума уруксат бериңиз. Аталган мечит америкалыктардын каалаган нерсеси эмес. Эгер Американын эли каалабаса, кеминде элдин 80%ы каалабаса, анда эмне себептен курулсун. Башка жактан алсак, мусулмандардын 100%ы биздин Куранды өрттөшүбүздү каалабай турушат. Мунун укмуш чара экенин ойлоп атабыз. Баары тең максатына жетти. Эч ким зыян көргөн жок. Мусулмандар дагы эле мечит кура алышат. Бул нерсе (чиркөө куруу) алардын өлкөлөрүндө кыла албаган нерсебиз болгондуктан биздин мындай көйгөйүбүз жок. Курула турган мечитти аз-маз нары жылдыруу эле.

#11 11 September 2010 - 10:41
Бул тема ушуну менен жабылып калдыбы, кандай? Себеби чатак бүттү окшойт. Дагы көрөбүз го булардын кандай шумдук баштаарын...
#12 12 September 2010 - 17:21
Жаңылыктарды карагыла!
Куранды өрттөйм дегендер өрттөй албай калды эле, эми Курандын айрым барактарын Христиан динин жамандайт деп айырыптыр. Бари-бир кыла турганын кылыптыр. Саясатташтырып ийген окшойт бул ишти полициянын аралашпаганына караганда.
#13 09 October 2010 - 16:08
Ассаламу алейкум бир тууган момун мусулмандар куранды орттойм дегендерге ишенбей эле койгула! Алардын колунан эч нерсе келбейт башкасын билбейм куранды Аллах Таала озум сактайм деген акыркы кыяматтка чейин. Биз дагы аракет кылышыбыз керек аракет кылсан берекет болот.Мусулмандардын эн башкы куралы дуба. Дуба кылгыла жакшылап
#14 14 October 2010 - 18:47
Женишбек Жумакадыр:
"Өрттөлгөн менен барагы, Өрттөлбөйт Куран касиет".
Өзгөчө коюп планды,
Өрттөдүң ыйык Куранды.
Эшеги болсоң өлкөңдүн,
Эсиңе салам буларды.
Кудайым айткан адилет,
Куранга баары баш ийет.
Өрттөлгөн менен барагы,
Өрттөлбөйт Куран касиет.
Дин менен динде катыш бар,
Диалог берген азык бар.
Булбулду кузгун сөккөндөй,
Бузушат сендей сасыктар.
Он биринчи сентябрь.....
Ойлонгон терен пендең жок.
Жөнүн айтчы эмне үчүн?
Жөргөмүштөй ал күнү,
Жөөттөр ишке келген жок?
Көрдүңбү акмак бузулган,
Көзүңдү ачкын кутурган.
Көмүскө кытмыр иш үчүн,
Күнөөлүү эмес мусулман.
Пайдалуу дилге,акылга,
Пайгамбарыма асылба.
Көр кылган иштин жазасын,
Көрөсүң күткүн жакында.
Көрүңдү баргын казганга,
Көр дагы албайт жатканга.
Чыныгы Аллах жазасын,
Чыдабайт жүрөк айтканга.
Жогорудагы саптар Белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадырга (Автомат) таандык

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#16 14 October 2010 - 19:32
Этият бол доске өтө арыктап кетпе
Жаңылыктарды укпадынокшойт
Жаңылыктарды укпадынокшойт
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#17 17 October 2010 - 20:21
тополон болобу же болбойбу? Мусулман Индустар жооп берди куран орттогондорго христиандардын мектебин жана бир мечитин орттоп салыштыго.
#18 18 October 2010 - 12:32
Мусулмандардын андай нерселерге менимче жооп бербесе деле жараткан Алла таала алардын жазасын берет, кандай болбосун, качан болбосун, Аллах баарын көрүп турат жана кандай жаза беришти ал жакшы билет.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#20 17 April 2011 - 18:32
Салам достор!
Америкалык пасторлор Уэйн Сапп жана Терри Джонс Куранды өрттөп салышыптыр Куран алдында сот кылып
Биздин ыйык китебизди бардык терроризм зомбулукка күнөөлөп.
[attachment=14855:1363144_20110404123438. gif.jpg]
Ошол Терри Джонс деген пастор Куранды өрттөгөн.
Ошонун айынан Афганистанда протесттер башталып көптөгөн дипломаттардын өлүмүнө алып келди.
Ал уялбай туруп менин күнөөм жок деп айтыптыр.
Бүгүн ошо пастор жөнүндө Рентвдан көргөздү кантип жашаганын анын айтуусу боюнча мусулмандар акылсыз болот экен.
Ошонун үйүндө мусулмандын плакаты илинип турат экен аны ал как мишень катары колдонот экен.
Аябай мусулмандарды жек көрөт экен.
Бизди каапыр деп айтыптыр неверные орусча деп атаптыр.
Эми ошол эки пастор аябай коркуп жатышыптыр аларга коркутуулар башталыптыр себеби Куранды өрттөшү менен бардык мусулмандарды өздөрүнө өч кылышты жана бул Кудайга каршы чыгуу дегенди билдирет.
Биз алардын Библиясын өрттөгөн жокпуз го. Бул экөө кайсы арына биздин ыйык китепти өрттөштү.
Ошол видеону Твдан көрүп өзүмдү жаман сезип турам мусулман болгондуктан жиним келип турат каапырлар көрүнүш үчүн эмнеге гана барышпайт.
Куран баарынан ыйык китеп. Биздин ислам динибиз эң баарынан таза дин.
Ой пикиринерди жазып койсонор.

Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео