Салам,
форумчу достор!
Кезектеги теманы ачуудагы максат - ар бир адамдын коомго аралашуу жана жашоодо кандай инсан болуп чыгуусуна анын биринчи мугалими кандайдыр бир деңгээлде салым кошоттур...
Ошондуктан,
бул темада сиздерди биринчи мугалимиңиздер тууралуу баян менен бөлүшүүңүздөргө чакырам...
Менин биринчи мугалимим! Ал кандай адам эле?
#1 06 October 2010 - 10:33
Эбак эле боштук ээлеп, баары күйгөн...
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
Бир гана Эрк шыбырайт "Алга!",- деп.
#2 06 October 2010 - 11:12
Менин биринчи мугалимимдин аты Анаркан дгеген эжей эле ал менин адабиятка болгон кызыгуумду арттырып Манас айтканды корком окуганды уйроткон!
Бирок жашоого байланыштуу мен анын колунда 1эле класста билим алып калдым. Азыр ага жолукканмыда тизелеп отуруп раазылыгымды билдирет элем!!!
! Билим уйроткон мугалимдердин омурлору узун жашоолору ширин болсун!!
!
#3 06 October 2010 - 11:25
Салам Арина!!!
Теман сооонун экен!!!

Менин Биринчи мугалимим Бектурганова Сокен деген эже эле... Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев мектебинде 2 эле жыл окусам да эжекем коз алдыман кетпейт...ушунча мээримдуу, ар бир окуучуга оз баласындай мамиле жасачу ...кыш кундору башка мугалим сабак берип калчу азыр ойлосом эжекебиз коп ооручу экен. Апамдын айтымында турмушта коп сыноолордон отуп, жакын адамдарынан эрте айрылган...алыста жургон жалгыз уулун бизге коп айтаар эле...андан бери 15 жыл отуптур, кеч болсо да эжекеме оз ыраазычылыгымды билдирем!
Алиппе менен кошо дуйнону тааныткан эжекеме туболук таазим!! !

˙·٠•●♥●•٠·˙
Жалгызым менин, жаркылдагым менин... ˙·٠•●♥●•٠·˙
#4 06 October 2010 - 11:30
1-класста бизге Тоту деген эжекей сабак берген. Ал эжекебизди аябай жакшы көрчү элек. Сабакка келгенде кызын апасыныкына таштап, сабактан кийин биз барып алып келчүбүз. Ой, ошол кыздарын алып келгенге баратканда ушунчалык кубанчу элек. Эжекейибизге жардам берип жатабыз деп ойлочубуз да. Аябай жакшы көрчүмүн. Бирок чоң класс болгондо деломду карасам мени анча-мынча жамандап жазып коюптур. Ошондон кийин жакпай калган. Кийин ал эже Ошко кетип калды. Ошол, ошол биринчи мугалимим менен көрүшпөй калганбыз.
#5 06 October 2010 - 13:10
жакшы тема экен, менин биринчи мугалимим озумдун тайжем болгон, аты жылдыз эле, ушунчалык коркчумун, анткени мектепте шоктук кылып койсом, опкомду жулуп, колума карматып коёр эле. уйдон да мени катуу - катуу окутуп,тууура эмес жазып алсам, колумдан чымчып, баракты жулуп ыргытып, кайта жаздырчу, кыскасы биринчи класста коркуп-уркуп
журуп эле окугам.... кийин 2 классымда ал турмушка чыкканда апам кайгырып ыйласа, мен жыргагам, свобода деген нерсе менен ошондон бери жакшы таанышмын, видик коргону, денди ойногону ошол жылдары коп барып калдым.... азыр деле ал тайжемдикине баргым келбейт, озу "ал менин окуучум" деп мени жакшы корот дешет, билбейм, кыскасы конулум калып калган))))

убакыт - женилбес душман...
#7 08 October 2010 - 18:13
Менин 1-мугалимим Чолпон эжекей эле.
Окуучуларга аябай аяр мамиле жасачу. Катуу айтып урушканын такыр корбогом. Бизге параллел окуган "б" класстын мугалими эжейибиз жок болуп калганда бизге сабак берип калчу да, ал тимеле кыйкырып суйлогондуктон биз коркуп, билгенибизди да айталбай калчылдап калчубуз.
Окуучулар сабактан тажай баштаганда, комузун колго алып "Орук комуз"ду созуп калчу.
Бар болунуз менин суйуктуу, 1-мугалимим!

Эн мыкты сот-абийирибиз!
(Н.И.Гнедич)
#8 10 October 2010 - 21:38
Жакшы тема экен. Менин биринчи мугалимим озумдун апам болчу, 1-класстан 3 класс элек. Апам мени башка класска отургузган эле, ал класста мен 1 -жума отуруп, кунуго ыйлап барып,ыйлап келчимин. Апамдын айтканына да болбой, урушканына да койбой ал класска конбой койгонмун. Анан, апам мени коп кыйнап, нервине доо кетирип албайын деп оз классына алды эле. Мен абдан оюнкараак,тентек кыз элем, апам болсо: "бей своих, чтоб чужие боялись",
- дегенден уламбы...мени катуу жазалачы эле, озумдун сумкам менен мени ыргыта койчу эле сабак окубай,сабакка кирбей ойноп кеткен кундору.Ойлоп корсонор- мен кичинекей арыык кыз элем, эки бетим эле тултуюп турчу. 3 - класста окуп жургон кезде,бир куну апам чогулушка кеттиби,айтоор класста жок болчу, мени балдарды карап тур деп тыштап кетти эле- Эдиль деген классташым тил албай класста чуркап жургон. Мени козуно албай, класстан арткы тарабына туруп алып, мага тийишип жатат,менин колумда 3 бурчтук пластмассовый сызгыч бар эле...эгерде отурбасан сызгыч менен чабам десем, ого бетер жиниме тийип жинденип жатат. Анан мен мээлеп туруп ыргыттым...сызгыч барып ал баланын тултуйган бетине сайылды,кан атып жатат. Ал бала ээси ооп жыгылып калды. Эртеси куну 23-февральга карата конкурс болмок. 1 -айдан бери даярданып жаттык эле, Эдиль командир болуп команданын астында басыш керек эле,кыскасы коп нерсе жасамак болчу. Апам класска кирип келип...эсимде азыр деле,мен катуу таяк жегенмин, тан аткыча Эдильдин ордуна баарын жаттап, эртеси команданы артка тартпай, мектеп боюнча биринчи орунду алганмын. Ошол боюнча мектепти буткучо командирликти эч кимге бербедим. Мен канчалык тентек болсом, апам ошончолук мага тапшырма коп берчи...бул эмне себептен...азыр абдан ыраазымын апама, мендеги эмгекчилдикти,
тырышчаактыкты,
жакшы-жаманды айрымалай билууну, дегеле мендеги коп кырдуу талантты ушу менин биринчи мугалимим ачкан. Шаар боюнча кыздардын арасында стрельба боюнча чемпион элем(сызгыч ыргыткандан эле байкасанар болот), настольный теннис, бий, ыр, женил гимнастика,
волейбол,баскетбол.
..ушундай спорттун турлорунон да астыма эч кимди чыгарчы эмесмин, апам тажабай болгон кружоктун баарына жаздырып,алып барчы эле, бир эле мени эмес, классташтарымдын баарысын суйроп эле журчу. Ошол, менин биринчи мугалимим-жан досум,биринчи мугалимим,дайыма биринчи боюнча кала берет.
Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
#9 19 October 2010 - 14:30
Менин биринчи эжейимдин аты Анипа болчу! Ооба, болчу, анткени эжекемдин көзү өтүп кетти. Мени кызындай жакшы көргөн жана мен үчүн дайыма күйпөлөктөгөн адам эле. Балким, бүгүнкү баардык ишмердигим эжекеме байланыштуу чыгар. Анткени, чынында ал менин жашоомдогу эң маанилүү адам экендигин так билем. Айта берсе, сөз көп... Бир күнү кеңири жазганга аракет жасап көрөм...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#10 19 October 2010 - 14:52
Мен биринчи мугалимимди эмес, бул жашоого көз карашымды өзгөрткөн мугалимим жөнүндө айта кетсем.
Ал университеттеги мугалимим, аты Сезен Өзек, өзү түрк болсо дагы мага айтчу "Сенин жүрөгүң КЫРГЫЗ деп согушуз зарыл, эч качан өлкөңө кыянат кылба деп"
Ошону менен бирдикте ал мага экономика, башкаруу, маркетинг, дизайн жана бизнес жөнүндө көп нерселерди үйрөткөн. Ошол алган билимдеримди азыркы жашоомдо кенен колдонуп келе жатам, жана кыйын учурда мугалимим кандай кеңеш береер эле деп ойлонуп иш кылам.

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#11 28 October 2010 - 15:17
Ushul tema abdan jakti...
Men 1998-jili mektep bosogosun attaganda Sulaymanova Ayim Medinovna degen eje tosup aldi...Oshondogu jaljildagan kozdoru,meerimduu kulkusu dale esimde.Tamgalardi jatka bilip,shir okup ,baarin bilgen son,1-klass maga kiziksiz bolgon.Ejeme bolso katuu sozdordu kop ayttim."Okuta albaysiz,maga ech nerse uyrotkon emessiz"degen siyaktuu sozdor...Oshentip jatsam da maga meerimduu,kamkor karagan mugalimim 4-klasska cheyin okuttu.Jaktirbagan men bashka klasska kotorulgam.
Azir bolso mugalimimdin jurogun oorutkanima jinim kelet,ozumdu jemeley berem...2jil murun anin oorukchan bolup kalganin ugup kaldim.Ayaym,altinday bolgon ejemdi.Aga jashoodogu baardik jakshiliktardi kaalaym.Ozuno aytpasam da,ushul betke,"KECHIRIP KOYUNUZ"dep jaza keteyin!Oorubaniz, altin ejekem!Sizdin emgeginizdi unutpaym!Emgeginizdin akibeti kaytip,bala okutup turguzgan munaraniz biyiktey bersin!

Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
#12 28 October 2010 - 23:50
Menin 1-mugalimimdin atin ele estep kaliptirmin, familiyasi takir esten chigip ketiptir, aty Jokon eje, abdan jakshi eje, azir jashi 70terge kelip kaldi go.
Al ozu abdan toktoo, nazik, meerimduu, katuu suylobogon eje, azir dele ushunday boydon eken.
Kancha jil otso dele keede ayilga barganda korup kalsam kartaybay ele oshol boydon kalganday sezilet
Al ozu abdan toktoo, nazik, meerimduu, katuu suylobogon eje, azir dele ushunday boydon eken.
Kancha jil otso dele keede ayilga barganda korup kalsam kartaybay ele oshol boydon kalganday sezilet
#13 01 November 2010 - 12:54
Менин биринчи мугалимим Мамбеталиева Толкун деген эже. Анын ар бир откон сабагы азыр да коз алдымда. Бекеринен "Мугалим - момолуу дарак", "Мугалим - экинчи апан" деп айтылып калбаса керек. Ал абдан мээримдуу, ар бирибизге озубуздун апабыздай мамиле кылчу. 11-классты бутуп жатканда классташтар аны конок катары чакырганбыз.
Ошондо салтанаттуу линейкада мен эжекеме арнап ыр айттым эле. Ошондо акыркы жолу коргом. Андан бери алты жылдын жузу болду.
#14 04 November 2010 - 05:32
Menin birinchi mygalimimdin aty Joldowkan ele. Al eje abdan jakwy okyt4y jana kop nerseni yirot4y. Bir jaman nersesi okyy4yylarga katyy mamile kilchyy, abdan kop kol kotorchy, kizdardy 4a4tarynan jylyp, baldardy bawka kozko koigylap degendei.... Kuiun klassy tolboi kalgan, baldardyn baary al ejenin mamilesinen ka4yp, anyn klassynda okygylary kelbei kalgan. Birok men jakwy okygandyktan, anan apam da mygalim bolgondyktan tokmok jegen jokmyn 1 klasstan 3 klasska 4eiun al ejeidin klassynda okydym
Kantse dagy birinchi mygalimime men y4yn tyrgyzyp bergen fyndamenti y4yn uraazuligimdi bildirem.
#15 08 November 2010 - 23:00
Менин биринчи мугалимим Наталья болчу, татынакай эжеим болчу ))
бирок ал школдон мен кеттип калган болчумун...
бирок ал школдон мен кеттип калган болчумун...
Жашо керемет.... туурабы?
#16 14 November 2010 - 00:59
1993-жыл.жайы менен тайэжемдердин уйундо журуп,эртен биринчи класска барам дегенде уйго алып келишти. Апам чыйпылытап журот,эртерээк алып келбейсинерби деп. Мага арнап апам ыр жазып, баарын даярдап коюптур. Анан туну менен жанагы ырын жаттатты. жакшы эле жаттагам,эртеси кийинтип алып мектепке алып жоноду. Мектептин босогосунда тизилген окуучулар кезеги менен ырларын айтып жатышты. кезек мага келип, микрафонду колго алып жакшы эле айтып баштагам-
БИРИНЧИ ЖОЛУ МЕКТЕПКЕ,
АПАМ КЕЛДИ ЖЕТЕЛЕП-анан эмнеее эле деп бардыгын кулгузгом. Калган саптарын унутуп коюп,анан 1-класстын босогосун аттадым.
Менин биринчи мугалимим- Курманбу деген эжекей болчу. Озумдун апам да мектепте иштегендиктен экоо жакын курбулардан болушчу. Уйубузда жакын болгондуктан кунуго мектепке эжекем менен келээр элем. Бир куну сабака даярданбай барып алып, урушканы эсимде. Анда ойлогом да курбусунун кызын урушпайтко деп. кайдан,апама чейин айтып,уйго келгенде экоолоп урушкан. Кышкы салаттарды даярдаганда да экоолоп жасашчу, эжекемди мектептен да,уйдон да коруп озунчо эле жыргап журчумун. Ошентип бизди ал эжекем 1-4класска чейин окутту. Бизден кийин кайра 1-классты алды. Чогулуштарга кеткенде эжекем классын карап туруу максатта бизди(мени,дагы бир кыз-ал менин курбум) сабактан сурап алчу. анда биз тим эле озубузду чон сезип,болгону 5-класспыз, эжекебизди туурап, классын карап тураар элек. Кийин биз кочуп кеттик, ошону менен мен озумдун эн суйуктуу мугалимимди коро элекмин. Алтындай болгон эжекеме бардык-бардык жакшылыктарды каалайм. Менин журогумдо анын бизге берген жылуулугу, мээрими сакталып кала бермекчи. Аман болунуз эжеке!
Баса,жанагы ырымды толук айтып коеюн э. БИРИНЧИ ЖОЛУ МЕКТЕПКЕ,
АПАМ КЕЛДИ ЖЕТЕЛЕП.
БИРИНЧИ КЛАССКА ОКУЙМ ДЕП,
ШАШЫП КЕЛДИМ ЭРТЕЛЕП.
Азыр ошол кунду эстеп, бир кулуп калабыз.

#17 18 January 2011 - 08:49
менин биринчи мугалимим Ли Мая Борисовна болчу сонун мугалим эле ....азыр деле окуучуларын озунун балдарындай жакшы корот ....мен да ойлоим коп жетишкендиктериме ушул эжекейме благодаря жеттим деп.. биз азыркыга чейин барып жолугуш турабыз эжекейбизге.
...анан эсимден кетпейт биринчи класка келгенде Мая борисовна деим деп атып ле мама деп алчум дааа коп ле класташтарым да мама деп алышчу даа.... анан эжекейбиз мама дома деп урушчууу даааа...

чын журоктон баарибирр...
.
#18 18 January 2011 - 14:42
Менин биринчи мугалимим Света эже эле. Сулуу,чачы узуун,бою да аябай узун эле, Эч качан урушчу эмес балдарды,эсимде жок урушканын. 1 класстан баштап 5 ке чейин окуткан.Эжейимдин Фигурасы жонундо уйго келип айта берчимин апама,аябай сонун деп.
#19 18 January 2011 - 15:02
Ошол биринчи мугалимдериңердин айлыктары айдан айга жетпей, бугун ичине катып, ичинен буркурап ыйлап,
бирок, силерге жаркылдап күлүп,
билгенин үйрөтүп, тарбиялап жүргөнүн ошол убакта да, азыр деле сезбегениңер кандай гана жакшы болгон!!
!
Айырыкча, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөттө иштеп жаткандарга, губернатор, аким жана министрлерге
тиешелүү!
Айырыкча, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөттө иштеп жаткандарга, губернатор, аким жана министрлерге
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#20 18 January 2011 - 15:18
Ошол биринчи мугалимдериңердин айлыктары айдан айга жетпей, бугун ичине катып, ичинен буркурап ыйлап,
бирок, силерге жаркылдап күлүп,
билгенин үйрөтүп, тарбиялап жүргөнүн ошол убакта да, азыр деле сезбегениңер кандай гана жакшы болгон!!
!
Айырыкча, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөттө иштеп жаткандарга, губернатор, аким жана министрлерге
тиешелүү!
Айырыкча, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөттө иштеп жаткандарга, губернатор, аким жана министрлерге
Тема актуалдуулугуна жараша форумдагы темадан алыстап кетиптир... Ага жараша менде да мындай маселе бар: былтыркы жылы кайсы бир эл аралык уюм "кыргызстандык окуучулардын билим деңгээли акыркы орундардын бирин ээледи" деп чыкты. Мындан улам, эгерде 20-30 окуучусун тиешелүү деңгээлде окута албаган мугалимдердин айылыгын көтөрүүгө татыктуубу?
Ооба, кошулам! Айлыктын азынан алардын жакшылары жумушун таштап кетишти. Балким, бүгүн мектепте иштеп жаткан мугалимдердин көпчүлүгүн айлыкты көтөргөнгө жараша өздөрүн сынактан өткөрүү керектир! Кыскасы, көп суроолор жаралат, бирок аягы келип эле каражатка такалары өкүнүчтүү...
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.

Супер-Инфо
super.kg
видео