– Жолдошум экөөбүз расмий түрдө баш кошконбуз. Ортобузда 4 бала бар. Учурда күйөөм аракка берилип кетти. Эч жерде иштебейт. Анысы аз келгенсип, күнүгө ичип келип чыр чыгарат. Чынын айтсам, чогуу жашоого мүмкүн болбой калды. Аны менен кандайча ажырашсам болот? “Сот аркылуу ажырашса, ойлонгонго үч ай убакыт берилет” деген маалыматты уктум. Ушул туурабы? Салтанат, Бишкек шаары.
– Үй-бүлө кодексинин 20-беренесинин талабы боюнча эгерде жубайлар ажырашууга экөө тең макул болсо, менчик жана башкаларга байланыштуу талаштары болбосо, ЗАГС аркылуу эле ажыраша алышат. Эгерде жолдошуңуз ажырашууга макул болбосо, анда сот аркылуу ажырашууга туура келет. Үй-бүлө кодексинин 23-беренесинин талабы боюнча сот сиздерге ойлонуу үчүн үч айга чейин убакыт бериши мүмкүн. Бирок бул талап сиздердин жагдайга жараша сот тарабынан берилбеши да ыктымал. Буга мыйзам жол берет.
Аракеч күйөөмө чыдабай кеттим №376 15-21-январь, 2010-ж.
#2 20 October 2010 - 23:28
Сиздин суроонузга жооп беришиптир.
Мен куйонуз Сизди урса ошол жагын айтып коеюн (кок ала кылып же бир жеринизди майып кылса) милицияга барып арыз жазыныз. Милиция куйоонузду наркодиспансерге алып барып откоруп алып келип камайт. Эртеси участковыйныз сотко алып барат. Сот сиздин арызынызды карап 15 сутка бериши мумкун. 2-3 жолу ошенте берсе "Семейная насилия" деп коюшат куйонузду 3-4 жылга эркининен ажыратып койсонуз болот.

Супер-Инфо
super.kg
видео








