Суперстан: Зачет,экзамен канча турат? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (15 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Зачет,экзамен канча турат? Сессияны ким кантип тапшырат?

#41 Пользователь офлайн   Wonderfullgirl   03 Ноябрь 2010 - 21:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 366
  • Катталган: 11 Март 10
  • Соңку аракети: 16 Янв 2024 16:33
  • Жынысы:Аялзаты

Мен акча бербей эле кирдим , ЕГЭни (единый госуд экз) тапшырып эле кирдим эч кандай акча сураганда ,берген да жокмун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   supernurgazy   03 Ноябрь 2010 - 21:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

:cray:а мен бердим
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   honey   04 Ноябрь 2010 - 11:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 453
  • Катталган: 30 Апрель 10
  • Соңку аракети: 03 Сен 2015 17:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Мен дагы Ж. Баласагын атындагы университетке тапшырып, отпой калгам. Себеби, ата-энем тапкан деканга акча бериш керек болчу. Анан атам, жогорку жактардан тааныш кишиси болуп, мени Арабаева университетине которуп коюушкан. Мындайча, айтканда акча бербей эле оттум. Бирок тааныш менен. Азыркы заманда, тааныш, акча эле баарын чечип калган да. :wacko:
Адам баласы оз бактысынын устаты!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   amantur   04 Ноябрь 2010 - 17:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Мен Кыргыз Түрк Манас университетин быйыл бүтүрдүм
Тапшырып жатканда акчасызэле тапшырдым, сынактан өтүп окууну аяктагыча бир жолу да акча бербедим баа алыш үчүн.
СуперНургазы, доске капа болбо бирок акча бербей окусан болот. Жараткан бизди ар түрдүү ыкмалар менен сынак, эң чоң сынак мына ошол сынак, окууда сынактан акча берем деп чоң сынактан өтпөй калып жатпайсынбы, ал жерде акча бере албайсын.
Сөздөр каттуу тийсе кечир бирок Исхак Раззаковдун сөзү бар "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген, сен бербесең, мен бербесем мугалимдер да бир күн келип албай калат.
Эми өзүн ойлонуп көр доске. Бул нерсе бир жерде токтош керек.
Мугалимден эле мисал келтирсек. Акча берип окуса, кийин ал акча алып окутат.
Менин аттестатымда эки сабактан үч деген баа бар, Бири орус тилден, бириси болсо орус адабиатындан. Эгер эжейге бир шоколад алып бергенимде ошолор беш болмок, бирок бир шоколад алып бербедим, ошого дагы деле сүйүнөм, себеби акча менен алган баа, баа эмес, ал сенин билим деңгээлиңди көрсөтпөйт, билбейм, менин билим деңгээлим үчкө барабар бы же андан азбы же көпбү, бирок бир нерсени билем, бааларымды сатып алган эмесмин. Ошого ар дайым бааларымды көргөндө же көрсөткөндө коркпой бул менин бааларым деп айта алам. Баа сатып алсан жылдар өткөн соң ал сени капа кылышы да мүмкүн, ошондуктан ойлонуп иш кылалы.


Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   kom   04 Ноябрь 2010 - 19:09

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 373
  • Катталган: 16 Январь 09
  • Соңку аракети: 23 Мар 2021 11:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗ жыттуу айыл

Менде да кудайгу шүгүр башында жакшы эле башталган. Ата-энемдин "койчу ай, азыр кантип акчасыз окууга өткөрсүн. Сага береер акча жок, андан көрө элчилеп биринчи Россияга барып иштеп кел..." дегендерине каршы болуп окууга өткөмүн. Болгондо да үйдөгүлөрдү таң калтырып акчасыз (парасыз) бюджеттик бөлүмгө өткөмүн. Бирок кийин сессияда айла жок акча бергенге туура келгенден кийин (чынында өзүм күнөөлүмүн. .."паракорлук" боюнча университеттик гезитке бир нерсе жаза коюп...жашмын да аягына баардык "данныйларды" толук жазбасам не?! Бир агайдын сабагына беришке туура келген.Ал да көк бет неме экен "көрөм акчасыз бүтүргөнүңдү" - деп, кийин ошо сөзүнө турду...) окууга болгон шык өчө түштү. Анан ошентип кийинки курстарда көбүнчө акча алып берип калды зачет, экзамендеримди. ....
Cен бул ааламда жалгыз болсон, бироо учун буткул ааламсын...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   amantur   04 Ноябрь 2010 - 20:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 536
  • Катталган: 01 Май 08
  • Соңку аракети: 10 Апр 2016 03:35
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек, Жалалабат, азырынча Москвада

Просмотр сообщения kom (04 November 2010 - 16:09) жазган:

Менде да кудайгу шүгүр башында жакшы эле башталган. Ата-энемдин "койчу ай, азыр кантип акчасыз окууга өткөрсүн. Сага береер акча жок, андан көрө элчилеп биринчи Россияга барып иштеп кел..." дегендерине каршы болуп окууга өткөмүн. Болгондо да үйдөгүлөрдү таң калтырып акчасыз (парасыз) бюджеттик бөлүмгө өткөмүн. Бирок кийин сессияда айла жок акча бергенге туура келгенден кийин (чынында өзүм күнөөлүмүн. .."паракорлук" боюнча университеттик гезитке бир нерсе жаза коюп...жашмын да аягына баардык "данныйларды" толук жазбасам не?! Бир агайдын сабагына беришке туура келген.Ал да көк бет неме экен "көрөм акчасыз бүтүргөнүңдү" - деп, кийин ошо сөзүнө турду...) окууга болгон шык өчө түштү. Анан ошентип кийинки курстарда көбүнчө акча алып берип калды зачет, экзамендеримди. ....



Менин жеке пикирим "андай адамдарга коомдо орун жок, татына жаштарыбызды бузуп жатышат"
Доске, аракет мындан ары паракорлуктан арылганга
Аллах жардамчың болсун
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   supernurgazy   05 Ноябрь 2010 - 22:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

Просмотр сообщения amantur (04 Ноябрь 2010 - 17:00) жазган:

Мен Кыргыз Түрк Манас университетин быйыл бүтүрдүм
Тапшырып жатканда акчасызэле тапшырдым, сынактан өтүп окууну аяктагыча бир жолу да акча бербедим баа алыш үчүн.
СуперНургазы, доске капа болбо бирок акча бербей окусан болот. Жараткан бизди ар түрдүү ыкмалар менен сынак, эң чоң сынак мына ошол сынак, окууда сынактан акча берем деп чоң сынактан өтпөй калып жатпайсынбы, ал жерде акча бере албайсын.
Сөздөр каттуу тийсе кечир бирок Исхак Раззаковдун сөзү бар "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот" деген, сен бербесең, мен бербесем мугалимдер да бир күн келип албай калат.
Эми өзүн ойлонуп көр доске. Бул нерсе бир жерде токтош керек.
Мугалимден эле мисал келтирсек. Акча берип окуса, кийин ал акча алып окутат.
Менин аттестатымда эки сабактан үч деген баа бар, Бири орус тилден, бириси болсо орус адабиатындан. Эгер эжейге бир шоколад алып бергенимде ошолор беш болмок, бирок бир шоколад алып бербедим, ошого дагы деле сүйүнөм, себеби акча менен алган баа, баа эмес, ал сенин билим деңгээлиңди көрсөтпөйт, билбейм, менин билим деңгээлим үчкө барабар бы же андан азбы же көпбү, бирок бир нерсени билем, бааларымды сатып алган эмесмин. Ошого ар дайым бааларымды көргөндө же көрсөткөндө коркпой бул менин бааларым деп айта алам. Баа сатып алсан жылдар өткөн соң ал сени капа кылышы да мүмкүн, ошондуктан ойлонуп иш кылалы.







Мен да Манасты бүтүргөм досум! Турцияга чейин барып келгем. Туризм клубунун башында тургам, убагында! Манастан Президенттик балга деле катышкам. Кыскасы эл арты эмес болчум. Сен бир шокалад берсем алмакмын депсиң, андай эмес... Сен Манастын деңгээли менен мен азыр окуп жаткан окуу жайдын денгээлин, мугалимдердин алган айлыктарын салыштырып көрсөң. Мен Манаста окуганда үч алган бааларым да бар эле, бирок ал бааларга биз сыймыктанабыз да, бир шпоргалкасы жок, бир тыйыны же тааныштын күчү жок тапшырсак, анан эң негизгиси баардык студенттердин жагдайы бирдей болсо. Айтайын дегеним эгер баардык студеттер тек кана билимине ишенсе... Манаста ошол ыраттуулук бар эле. Ал жакте байкем дале иштейт, бирок мага бир басып барган эмес, барса да орусчалап айтканда толк жок болчу.

Азыр окуп жаткан жеримде андай эмес, акчасын берген бүтүрөт да, окуп жаткан бала ыйлаган боюнча калып калат. Же тааныштын системасы деле ошондой! Июнь айында баары кетип калса, окуп жүрүп сен калып калсаң кандай обидно! Анан үйгө эрте кетишиң үчүн башыңды шылкыйтып барасың, агай деп жалдырат. 

Мен Манастан баарына крутой болчум, кой кантип эле окусаң койбосун деп, бирок азыр айрым ЖОЖдордо билими жок мугалимдер деле билим берип жатышат. Өздөрү теманы билишпесе, предметти билишпесе, анан кантип сенин туура же туура эмес жооп бергениңди билишмек эле. Алар үчүн туура жооп акча! Апеляция берсең сени өткөрөт да группалаштарыңды талкалайт! Так что выбирай группа же сен, же сен акча берип коюп, баарыңардыкы тихо мирно бүтөт, же сен акча бербей сеники бүтөт да бирок группа сыгылат... анан алар сени сыгат...

Ошондой дос, а эми анын тиги жакка барганда эмнеге кабылаарыбызды ачпай эле коеюн! Сенин айткан сөздөрүңө капа болбойм, тескерисинде рахматымды билдирем, өзүм да бергим келбейт, тек группалаштарымды жалко! Бирок алардын артына жамынгандай болбоюн!


Билдирүүнү түзөткөн: supernurgazy: 05 Ноябрь 2010 - 22:08

Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   supernurgazy   03 Декабрь 2010 - 20:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

Сессия жакындап келатат! Студенттер жана бүтүрүп кеткендер жаза баштагыла!
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   Arstan   03 Декабрь 2010 - 21:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Бугун эрте менен бизде тан аталек болчу,Кр дан досум звон кылыптыр,дос окуунду бутуруп жургон эжеке акча сурап жатат дейт,биринчи КОНТРАК,экинчи СЕССИЯга акча,учунчу ЭЖЕКЕНИН КУРСАГЫНА эхх...азыр акчасыз эч нерсе бутпой калды го.Дагы бир жыл чыдасам кутулам ушу окуудан.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   sternchen   05 Декабрь 2010 - 03:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 864
  • Катталган: 03 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 10 Окт 2021 11:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Mars

Jogorudagu aitkan oilorgo men da koshulam,sebebi men da akcha bergem,1-kyrsty butup jatkanda,baardyk ele sabaktardu jakshu akchasuz ele tapshurup,dene tarbia sabaguna kelgende agai ayabay kuinagan,bizdin Univer menen al Univerdin aralugu bir top ele uzak bolchu,bizdin sabak oshol jerde otmok,eger marshrutka menen barsan 7-8 min jol,al emi joo barsan 15-20 min jol bolchu,akchabuzdu ayap joo barganbuz,jalan kuzdar elek,bir da erkek bala jok,anan "siler emne kechigesiner,figuranardu korgozgonu keldinerbi,bir ele oruscha soz koshulup ketse,emne kuiun bilesinerbi oruschanu i.t.d.ayabay urushkan,kun da ayabay ussuk ele,anan churkagula dedi,biz jugurgonu dayardanup jatsak,azur ushul jerdi 10 jolu ailanup churkasanarda akcha beresiner churkabasanar da akcha beresiner degen shart koidu,4 kuz churkap,kalgandaru akcha berip ketip kalushtu,biz churkap butkon son,ar kanday konuguulordu jasatup,ishi kulup ar nerseni oilonup taptu...akurunda biz chudabay kalduk,emi ushuncha meenetibizdi baalap koiup ber desek,tortoobuzdu chogultup betke ele aittu kuzdar kuinalbay ele 100somdon tashtap chugup kete bergile dep,baarubuz karganup,algan akchan ichindi teship chuksun dep ayabay uzalanganbuz,tigi dos kuzdarubuz kiiin kopko shuldundap jurushtu,kuinalbay ele berip koisonor bolmok dep...ubagunda osho akchanu ata-ene je biz ozubuz tapkanda kuinalduk elek go dep kuibogon jeribiz kul bolgon...azur 100 som akcha emes bir ele zachettu 500-1000 deit okup jurgon dos kuzdarubuz,eger chundugunda ushunday bolso anda mugalimderdi studentter baguuga mildettyy bolup kalgan go dep tan kaldum....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Жолоочу_Lexus_* 05 Декабрь 2010 - 03:48

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Чынында акчасыз эч нерсе бутпой калды,баардык агай эжекелер алышат уялбайле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Barika   05 Декабрь 2010 - 13:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 505
  • Катталган: 15 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Янв 2020 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:☆●Кыргызстан●☆

Универге тапшырарда акчасыз эле отум алган балдарым менен, анан 4кун окуугандан кийин Москвага срочно чакырып калды эле кызыгып окуумду таштап келе бергем, эми барып аны улантыш учун чонтогуно 5000сом берип, ал эми калган контрагы, зачетору чачымды шыпырып алды:crazy-girl:

☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   17_sanya87_   06 Декабрь 2010 - 11:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 21 Май 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2020 17:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек


Жакшы тема экен! Мен да ушундай нерселерге куйуп кетем. Бирок мен оз кучум менен КНУга отком, сессияга бир да жолу акча берген жокмун (1,2-курстарда физкультурага группа м-н берчубуз ырым учун :D), ошентип журуп окууну да буттум быйыл артыкчылык диплому менен акча бербей эле! Бирок кобу ишенишпейт кантип эле "национальный" албасын деп, деканыбыз "честный, строгий" болчу, андан корккондорун алышчу эмес, алышса да ото жашыруун алышчу. Ал эми биздин жаныбыздагы кафедралар ачык эле алчу параны! Паракорчулукту токтотуш кыйын болуп калды! Сессияна канча бердин деп, кээ бироолор сураганда куйуп кетчумун! Мына ушундай достор! Пара бербей деле окуса болот дечи, бирок окусан деле сураган мугалим-ажыдаарлар бар!
Если хочешь чтобы судьба улыбнулась на тебя, подари ей сперва саое хорошее настроение! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   17_sanya87_   06 Декабрь 2010 - 12:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 21 Май 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2020 17:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ал эми бир тууган иним "военный" болом дегенинен, военное училищеге тапшырган(отличник болчу, орусчаны да жакшы билет), аны м-н бирге учко окуган классташы да тапшырган. Ал отуп кетти да, иним калып калды! Эмнеге? Анткени тиги баланын ата-энеси тааныш, акча аркылуу откозуп койду. Ошондо иним аябай ызаланган. Сабакты конулдуу окубай эптеп тортко бутту. А ал бала азыр Москва да окуп журот, акча байкемдин кучу м-н отуп. 1 жылдан кийин 9дун базасы м-н оз кучу м-н тапшырса отпой койду, айла жок БГУЭПке акча берип откорду ата-энем, кийин сессиясына да берди, ал окуу жайда да ачык эле мугалимдер сурашат экен да тобоо, андайды корбогон жаным, озун окубай жатасын да дей берчумун, бирок чын эле атайын эле бааны коюшчу эмес экен! Кантип паракордукту жойсок болот, достор!
Если хочешь чтобы судьба улыбнулась на тебя, подари ей сперва саое хорошее настроение! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   adalsvards   06 Декабрь 2010 - 12:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Мен деле эл катары 1-курсту жакшы баштадым, бирок ага чейин башкача окуу стандартында билим алгандыктан, мени университеттин билим берүү системасы канааттандырган эмес! Анан эл аралык уюмдар жетектеген түрдүү долбоорлорго анкетамды берип, сынактарына катышып, алардын бекер окуусуна катыша баштадым. Ошентип, университеттин сабактарын кээде калтырып жаткан элем. Бирок мен кай жагы пайдалуураак болсо, ошол жакка жөнөчүмүн. Ал эми 2-курстан адистигим боюнча жумушка орношуп, сабак калтырмай адатка айланып кетти. Анан бир топ жолу эле пара бердим. Куру дегенде, декандан бери сата албаган китептерин алдым го, чиркин! Бул түрдүү билет, керек болсо, базардан алган кофта беле, азыр эсимде жок, жакпай калган экен, ошону сатып алчы десе болобу? Эми баягы "пара сурай албай", же андай нерсеге көнө элекпи, кыскасы аягында "эже, кофтаңызды кие бериңиз, жөн эле акча берейинчи" десем, бети кызара "өзүң бил" деп жатпайбы... 
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   ayza   06 Декабрь 2010 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 514
  • Катталган: 26 Апрель 10
  • Соңку аракети: 14 Май 2016 07:22
  • Телефон:0700113540
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Мен былтыр окуу жайга тапшырдым.Билесинерби? Талонумду которуп алып,Эл Аралык Университетке тапшырып ,эч кандай акчасы жок эле бюджетке оттум.Анан ошол куну дагы бир окуу жайга барып калдым.(атын атабай койдум).Бир мугалим эч нерсе сурабай туруп,мында окугун келсе... деп очойгон акчаны сурады...Адамдын конулу тушот экен..."Башка окуу-жайга баргым келбейт дедим "-эжеме.Андан бир нече кун мурун Кыргыз-Турк Манас Университетине экзамен бергем.Андан жогорку балл топтогон экенмин,дароо регистрация кылып,акысыз сапаттуу билим алуу учун умтулдум.Азыр "Манас" та окуйм деп сыймыктана айтам,бардык шарттар бар,мугалимдер баарына тен карап баалайт.Экзаменден отпосон ал сабакты кайрадан алып окуйсун...Эмгегин бааланат! !!
Акысыз жалпыга тен билим беруу деп ,Кыргыз Республикасы мыйзам гана кабыл алып койгону болбосо,эч жерде(Манастан башка) акысыз билим жок.Жадагалса ,мектепте да ремонтко деп акча толойбуз.
Кыскасы,2009-жылы бир агайдын билимиме карабай туруп,баарын акча чечет дегени журогумо катуу тийген эле.Андай нерсе журоктон кетпейт экен...
Адам абийирине кул,эркине бий болушу керек!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   vais   06 Декабрь 2010 - 20:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Теманын аталышын көрүп жакшы заманбап нерселерди окуйм деп үмүттөнгөн болчумун...Ичиндегилерди окуп алып жазбаска аргам калбады. Биринчиден, албетте боорум ачыды, ата-энесинин акыркы эчкисин дагы алдым-жуттумдарга алдаткандарга. Экинчиден, эсиниздерге салгым келет: турмушта ар бир адамда вариант болот... ОРТ дан "Банды" деген кинону көрсөңүздөр керек, анда баш каарман айтыватпайбы менде вариант жок болчу, ошол үчүн мен киши өлтургүч болуп калдым деп, а чындыгында вариант ар дайым бар!
Эгер сиз пара берүү вариантын тандап алган болсонуз кунөөнү өзуңүздөн көрүңүз да, унчукпай кое калыныз. Себеби оңой жашоону, оңой турмушту, оңой кутулууну өзүңүз каалап, тандап алгансыз.
Физкультурадан пара бердим дегендерге да күлкүм келди...Мен окуган убакта ГТОнун нормативдерин аткара алсан (100 метрге чуркоо- 12 секунд, турникке тартылуу -8 жолу, 3 кмге -11 минут. ж.б.) эч ким сенден акча сурай албайт болчу. Ал эми сабакка узгүлтүксүз такай катышып турсаң ден-соолукка эле пайда...Жок, кээ бирлерибиз аны сабак ордуна көрбөй, ашыкча туйшүк катары көрөбүз.
Кыскасы, айтайын дегеним адегенде ар бирибиз өзүбүз үчүн онтойлуу вариантты тандап алгандан кийин өткөн ишке өкүнүүну токтотсок. Мумкун болушунча пара бербөө жолу менен иш бүтүрсөк.
Ал эми алкымын агытып, кой-айга келбей пара доолаган адамдарга мыйзам чегинде жаза берүүгө болот! Эгер сиз ошону чындап кааласаңыз. Аларды аркы дүйнөдө Алла-таалам дагы жазалайт болуш керек!
Айылда жашаган бир таанышым айтты эле, параны өзубүз берип атабыз деп. Мисалы, пособие алыш үчүн доходубуздун өлчөмү ашып кеткен учурда деле өкмөттүн бекер акчасын алыш үчүн сельсоветке пара беребиз дейт, доходду азайтып жазган справка үчүн.
Студенттердин турмушун көрүп эле журөм: библиотекада отурганга убакыт жок, баш оорутуп. Жашоо ансыз да татаал. Андан көрө бир кирешелүү, май-талкандуу жумушка орношуп алсаң, сессияны эптеп -септеп "разводить" этип койсо да болот...Айыпты мугалимге шылтай салсаң "совестиң" да женилдей түшөт. Эгер эч ким,эч кимге пара бербей койсо, анда бул көрүнүш өзүнөн өзү жоголмок. Ошого эркибиз жетеер бекен?


Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   Karamel   06 Декабрь 2010 - 22:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 288
  • Катталган: 25 Июль 09
  • Соңку аракети: 05 Мар 2017 14:05
  • Жынысы:Аялзаты

мен 2009 окууну бүттүм. ушу 5 жыл ичинде 5 жолу бердим. кайсыл сабактан, кайсыл мугалимге, эмне үчүн бергенимди азыркыга чейин билем. 5 жолу бергенимдин ичинен, атам 2 жолу бергенимди билет, калган 3-нү билгизбей бергем. бергендигим үчүн ал мугалимдерге эч доом жок, бир гана өзүм күнөөлүмүн, кээ бирлер айтышат, мугалимдер жон эле ала беришет деп, билсең да, билбесең да деп, мындай көрүнүш менин окуу жайымда жок, же болбосо мен жана мени м-н окугандар мындай ситуацияга жолугушкан эмес. себеби кантип эле ошол мугалим берген предметти жатка билсен да акча сурасын? ал мугалим сага билип турсан дагы, койбой жатса, сен комиссия алдында жооп берем деп талап коюууга укугуң бар! кээ бирлери "преподавательская солидарность" дегенден коркушат, бирок, ошол комиссиядагы 5-6 киши, ректордон деле коркушат болуш керек, бизде мугалимдер айтышчу, эгер кимде ким кайсыл бир мугалимге нааразы болсо, анда ал комиссия түздүрүп, бир гана ошол комиссиянын алдында жооп берем деп талап койгула , жада калса аудиториянын ичиндеги камералар силерге кепилдик берет дешчү биздин академияда. так что ушунчалык эле өзүңөргө уверенный болсоңор, силерде толук возможность бар, ача бербей коюшка. бизде бир мугалим бар эле, мындай условие койчу бизге: менин сабагыма бүт семестр келбей койсоңор болот, "нб" жактан коркпой эле койгула, бирок, семестрдын аягында экзмаен болобу зачет болобу, ошол келбегендер мен берген 3 суроого жооп берсенер, без проблем коюп берем деп. мени силердин менин лекциямдагы "присутствиенер" эмес, башыңардагы "знаниеңер" кызыктырат дечү. а мындай мугалимдерден оңоюу менен зачет же экзамен ала албастыкты биз баарыбыз жакшы түшүнчүбүз, ошондуктан именно ошол мугалимдин сабагынан калчу эмес элек.
анан дагы бир окуя. бир сабак бар эле, мугалим деле жакшы болчу, мисалы билсең коём, билбесең алам дегендей. анан мага коюп берген, ал эми менин курбу кызым, мен ушу сабакты такыр окугум келбейт, ошон үчүн мен башымды ооруткум келбейт дагы, "берем" деп калды. өзүн бил дедим. анан ставкасы 800 экен, ал курбу кызымда бүкүл 1000 сом экен, (обычно бизде без здачи берет эмеспи, иш батыраак бүтсүн дегенсип,) анан кирип 1000 сомду сунса, ал 200 сом здачи берип коёт. анан тиги курбу кызым чыгып алып жинденет, вот у нас базар в академии деп, ийи, эмне болду десем, ушундай ушундай, базардагыдай мага 200 сом здачи берип койду дейт, ага ким күнөөлү дедим. :crazy-girl:
.....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   17_sanya87_   07 Декабрь 2010 - 11:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 84
  • Катталган: 21 Май 07
  • Соңку аракети: 22 Дек 2020 17:52
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения vais (06 December 2010 - 20:57) жазган:

Теманын аталышын көрүп жакшы заманбап нерселерди окуйм деп үмүттөнгөн болчумун...Ичиндегилерди окуп алып жазбаска аргам калбады. Биринчиден, албетте боорум ачыды, ата-энесинин акыркы эчкисин дагы алдым-жуттумдарга алдаткандарга. Экинчиден, эсиниздерге салгым келет: турмушта ар бир адамда вариант болот... ОРТ дан "Банды" деген кинону көрсөңүздөр керек, анда баш каарман айтыватпайбы менде вариант жок болчу, ошол үчүн мен киши өлтургүч болуп калдым деп, а чындыгында вариант ар дайым бар!
Эгер сиз пара берүү вариантын тандап алган болсонуз кунөөнү өзуңүздөн көрүңүз да, унчукпай кое калыныз. Себеби оңой жашоону, оңой турмушту, оңой кутулууну өзүңүз каалап, тандап алгансыз.
Физкультурадан пара бердим дегендерге да күлкүм келди...Мен окуган убакта ГТОнун нормативдерин аткара алсан (100 метрге чуркоо- 12 секунд, турникке тартылуу -8 жолу, 3 кмге -11 минут. ж.б.) эч ким сенден акча сурай албайт болчу. Ал эми сабакка узгүлтүксүз такай катышып турсаң ден-соолукка эле пайда...Жок, кээ бирлерибиз аны сабак ордуна көрбөй, ашыкча туйшүк катары көрөбүз.
Кыскасы, айтайын дегеним адегенде ар бирибиз өзүбүз үчүн онтойлуу вариантты тандап алгандан кийин өткөн ишке өкүнүүну токтотсок. Мумкун болушунча пара бербөө жолу менен иш бүтүрсөк.
Ал эми алкымын агытып, кой-айга келбей пара доолаган адамдарга мыйзам чегинде жаза берүүгө болот! Эгер сиз ошону чындап кааласаңыз. Аларды аркы дүйнөдө Алла-таалам дагы жазалайт болуш керек!
Айылда жашаган бир таанышым айтты эле, параны өзубүз берип атабыз деп. Мисалы, пособие алыш үчүн доходубуздун өлчөмү ашып кеткен учурда деле өкмөттүн бекер акчасын алыш үчүн сельсоветке пара беребиз дейт, доходду азайтып жазган справка үчүн.
Студенттердин турмушун көрүп эле журөм: библиотекада отурганга убакыт жок, баш оорутуп. Жашоо ансыз да татаал. Андан көрө бир кирешелүү, май-талкандуу жумушка орношуп алсаң, сессияны эптеп -септеп "разводить" этип койсо да болот...Айыпты мугалимге шылтай салсаң "совестиң" да женилдей түшөт. Эгер эч ким,эч кимге пара бербей койсо, анда бул көрүнүш өзүнөн өзү жоголмок. Ошого эркибиз жетеер бекен?

Абдан туура жазыптырсыз, мен сизди колдойм. Ал эми физкультурага катышпаганымдан эмес, мугалим озу сабак отчу эмес, отметка кылып туруп кетирип жиберчу, а так бул сабак мага жагат, ден соолулкка пайдалуу экенин да билем! Кызык сиз кайсы жылдары окудунуз экен!
Если хочешь чтобы судьба улыбнулась на тебя, подари ей сперва саое хорошее настроение! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   supernurgazy   12 Декабрь 2010 - 12:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 675
  • Катталган: 08 Март 08
  • Соңку аракети: 16 Фев 2017 15:21
  • Телефон:Жазып алгандардан сурасаз!
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Талас!

Просмотр сообщения 17_sanya87_ (07 Декабрь 2010 - 11:32) жазган:

Абдан туура жазыптырсыз, мен сизди колдойм. Ал эми физкультурага катышпаганымдан эмес, мугалим озу сабак отчу эмес, отметка кылып туруп кетирип жиберчу, а так бул сабак мага жагат, ден соолулкка пайдалуу экенин да билем! Кызык сиз кайсы жылдары окудунуз экен!


2004-2009 жылдары окшойт!
Отунбаевага таазим!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (15 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 6 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 6, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Авг 2025 16:08

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: