- Курманбек Салиевич, биринчиден саламатсызбы, ден-соолуктарыңыз кандай?
- Ден-соолугум Кудайга шүгүр. Мыкты эле .
- Анан, Бакиев кенен особнякта жалгыз өзү жашапжатыптыр. Эмне үчүн дегенде, күндө арак ичип, аялын сабай бергендиктен жеңебизчыдабай жаш балдарын алып Кыргызстанга кетип калыптыр деген да сөздөр тынбайайтылып, гезит беттеринде жүрөт.
- Ой, тобо. Жеңең үйдөэле, сени келет дегенди угуп ашканада кыргыздын улуттук тамактарын жасап жүрөт. Анан, ичип кетип аялымды уруп,бала-чакамды коркуткан адам эмесмин. Азыр балдарым мектепкесабактарына кетишти. Кичүү балдарымды айтып жатам да. Эң кыйын учурда мага жашоого дем берип келген ушул кичинекей балдарымболду. Азыр ойлосом, булар болбогондо мага өтө оор болмок экен. Ал эми чоңбалдарым өздөрү менен өздөрү болушуп түтүн булатып калышкан.
- Курманбек Салиевич, сиздин деле кабарыңыз болсокерек. Бишкекте апрелдеги кандуу окуяларга байланыштуу Спорт сарайында сотиштери башталды.
- Элибизге ушундай трагедияны алып келген башкы күнөөкөрлөр азыркы Убактылуу Өкмөттө отургандар деп билем. Бишкекте болгон кандуу окуянынбашаты Талас жактан башталат. Соттук териштирүүнү ошол күндөн баштап карашсын. Генерал Конгантиевди кордогондордун бирөөсүнө кылмыш иши козголдубу? Жок!Мындай нерсе бандиттердин гана колунан келет. Областтык администрацияны басыпалышып, өрттөп салышты. Анткени, Талас жергесиндегибашаламан окуянын авторлору, шыкак берүүчүлөр Шерниязов, Текебаев, Отунбаева,Сариев, Бекназаров жана башкалар мыйзам алдында жооп беришип, камалышы мүмкүнболчу.
- Президент катары сиз, Отунбаева,Бекназаров, Текебаев, Атамбаев ж.б. жакында мамлекеттик төңкөрүштү даярдапжатканы боюнча сизде маалыматыңыз жок беле?
- Чындыгын айтсам жок болчу. Бирок ар кандай имишсөздөрдү угуп жүргөнмүн. Куралдуу төңкөрүш болот деген маалыматты мага алтысынан жетинчи апрелге караганда эртең менен айтышты. Мурат Суталинов, МолдомусаКонгантиев, өз уулум Марат Бакиев да, бир тууган иним Жаныш да мамлекеттиктөңкөрүш туурасында мага эч нерсе айтышкан эмес. Видеолорго тартылган материалдаргакарасаңар да алар көчөдө жүргөн балдар эмес. Атайын даярдыктан өткөн, согуштукөргөн “азаматтар” деп билем.
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 07 Декабрь 2010 - 15:02