Кыргызстанда милиция, спецназ кызматкерлеринин орду кандай?
kansuluu
05 Январь 2011 - 11:19
Кыргызстанда милиция жана спецназ кызматкерлеринин орду канчалык денгээлде? Акыркы жылдары милиция десе анча-мынча жарандарыбыз тартип сакчы эмес, катардагы жаран катары кабыл алып калышты, себеби эмнеде деп ойлойсуздар?
о.э. спецназ же СОБР кызматкерлери жонундогу коз карашарды билгим келет.
adalsvards
05 Январь 2011 - 11:47
Актуалдуу тема!
Анткени кечинде Орто-Сай базарынын жанынан 3 милиция кызматкерин атып кетишиптир. Толтура суроолор жаралып турган учуру...
Пы.Сы. Билдирүүмдү убактым болору менен толуктайм!
Анткени кечинде Орто-Сай базарынын жанынан 3 милиция кызматкерин атып кетишиптир. Толтура суроолор жаралып турган учуру...
Пы.Сы. Билдирүүмдү убактым болору менен толуктайм!
andormeda
05 Январь 2011 - 12:17
adalsvards (05 Январь 2011 - 11:47) жазган:
Актуалдуу тема!
Анткени кечинде Орто-Сай базарынын жанынан 3 милиция кызматкерин атып кетишиптир. Толтура суроолор жаралып турган учуру...
Пы.Сы. Билдирүүмдү убактым болору менен толуктайм!
Анткени кечинде Орто-Сай базарынын жанынан 3 милиция кызматкерин атып кетишиптир. Толтура суроолор жаралып турган учуру...
Пы.Сы. Билдирүүмдү убактым болору менен толуктайм!
Эмнеге атышат??? Анткени биздин "кызыл" туугандарыбыз "менин милициям, мени коргойт" деген созду "менин милициям, мени кордойт" деп которуп алышкан!! !Анткени алар озун КУДАЙ сезип алышкан, негизи эле кудай ошо милияга азыркы заманда кун тушкулук кылбасын!
Булга мисал бир учур:
Ушу жайда эле...чак тушто Улуттук хирургия борборуна келип, 15 мунотто кайра чыкканчакты курбумдун машинасынын замогун бузуп сумкасын алып кетишкен. Сумкада анын бироого берем деген 300 долларга жакын акчасы бар болчу. Уурулардын машинесинин номеринен бери жаттап калган куболор да бар эле...дароо милицияга (мындай учурда 102 ни бурагыла деп какшанышат го) чалдык, чалсак аяктагы неме камарабай Ленин райондук ички иштер болумунун номерин берди...иии макул деп аякка чалдык...ошентип биздин чалуудан 1 саат 45 мунот откондо керсейген уч милиция кызматкери келип эмне жоголду деп сурашты акча десек аз эле тура деп камарабай кете беришти...
Мындай окуяга жеке эле мен эмес башка коптогон тааныштарым да учурашкан экен...натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан эч кандай чара колдонулган эмес...
Билдирүүнү түзөткөн: andormeda: 05 Январь 2011 - 12:20
KARAHAN
05 Январь 2011 - 12:56
kansuluu (05 Января 2011 - 11:19) жазган:
Кыргызстанда милиция жана спецназ кызматкерлеринин орду канчалык денгээлде? Акыркы жылдары милиция десе анча-мынча жарандарыбыз тартип сакчы эмес, катардагы жаран катары кабыл алып калышты, себеби эмнеде деп ойлойсуздар?
о.э. спецназ же СОБР кызматкерлери жонундогу коз карашарды билгим келет.
Милиция кызматкерлеринин ушул абалга келиши - катардагы жаран катары же жарандан да жаман катары кабыл алыншы туздон туз мамлекеттин жана оздорунун кыймыл аракетинин жыйынтыгы. Мамлекет айлык менен (жетээрлик) камсыз кылалбай келет... Бул нерсени билип туруп, акча керек экенин билип туруп Милиция кызматына киргендердин кобуну кантсе да бироону кордосом да, зордосом да акча чыгарып алам деп оз ыктыяры менен келгендер. Албетте беш кол тен эмес. Жакшысы да бар жаманы да бар. Бирок, туура эмес иш кылгандары басымдуу болугу. Кадрлар жетишсиз, айла жоктон ар кайсыны топтоп толутурп жатышат (мен билген, тааныган жиндилер, зоокурлордун баары азыр милиция кызматында ). Анан кантип элди коргошсун ушулар. Ал эмес озунун жанындагысын таштап качышат (7-апрельдеги видеолордо бир кадам артта калгандарды кошуп алууга эч кимиси аракет кылган жок, эл арасында тебелендиде калды). Милиция качан гана озунун милдеттерин туз жана так аткарганда эл-журт сыйлай баштаса керек. Так жана туз аткарыш учун уйдо аялы балдарынын курсагы ток болуш керек, камсыз болуш керек. Спецназ СОБРлар деле айырмасы жок, булар бирааз крупныйыраак иштер менен алектенишкени болбосо. Кабыл алып жатканда анча-мынча документтерди даярдашат, мушташтырат. Бирок эч кандай адамдык сапаттарына карабайт. Адамдык сапат эн жогорку денгээлде болуусун талап кылган кесиптердин бири го, кичине болсо тандап алышса дейм.
Андромеда , атылат да анан дегениниз туура эмес, кандай болгон кундо да кызматта журуп кабылышты. Кандай, эмне болгондугу тактала элек дагы.
Каза тапкан кызматкерлердин уй булоосуно терен кайгыруу менен конул айтам.
SubAz
05 Январь 2011 - 23:10
кароче,
ууруну каракчы урат деген чын кеп экенине ынана берсек болот. бирок, "балким"
деген бир жери бар. ошо БАЛКИМ, ошол атылып кеткен учоо чын эле чудо болуп менттердин ичинен адам атына анча-мынча татыктуу болсо да керек. мине болсо да, менин менттерге ичим чыкпайт. а тигилердин олумуно кубанганым,
албетте, адамгерчилик эмес, ошондуктан суйунгум келсе да суйуно албайм, анткени, алар мент болсо да адам, мент болсо да алардын бала-чакасы бар. ошондуктан,
алар, башка бироонун карачечекей балдарын жок жерден куноолоп, уруп согуп кордоп жатканда да алардын бироонун баласы, бироонун агасы, бироонун атасы экенин эстеп мыйзам чегинде иш алып барышса кандай сонун болоор эле?!!
meerime
06 Январь 2011 - 01:42
Militsiya kyzmatkerleri birinchi ozlorun syilap alyshsyn anan elder syilashat.Akchanyn artynan kuup ketishtigo,kimde koburook bolso oshonun ishin karait je buturup beret.
MIRlan
06 Январь 2011 - 11:45
элестеткиле бир тууганынар же жон эле тууганынар жаман иш кылып койсо. Камалып атат дейли, а бир тууганын камалса сен ата энен окмоттун ишинде иштесе айдалып кетет. Ошол камалып кетпесин деп ата энеси охо телефонунда болгон бут тааныштарына чалышатда ошентип ошентип озунор акча сунасынарда.
Бир тыйын бербесенер милиция мыйзам негизинде иштешет. Тууганынбы,
досунбу аралашпа жаман иш кылдыбы, камалыш керек.
MIRlan
06 Январь 2011 - 11:56
милиция мени кордойт деген созду ЭЛ озу кылды. Милиция бир кун иштебей койсо эмне болот? Кана ким айтат?
andormeda
06 Январь 2011 - 12:12
Цитата
милиция мени кордойт деген созду ЭЛ озу кылды. Милиция бир кун иштебей койсо эмне болот? Кана ким айтат?
Айылдан келген балдардын акчасы чонтогундо калат, куноосуз кедейлер куноолу байлар учун срок матать этпей калат...

Билдирүүнү түзөткөн: andormeda: 06 Январь 2011 - 12:14
kansuluu
06 Январь 2011 - 16:56
Мага бул теманы ачуу учун Кыргызстандагы акыркы 5-10 жылыдын ичиндеги тарыхый окуялары туртку болду. 1999-жылдагы Баткен окуясында 2 милиция кызматкери террористердин колуна барымтага тушуп, бироосу олгон. Андан кийинки Аксы окуясында канча милиция кызматкерлери жабыркаган так маалыматым жок, бирок жабыркагандардын саны коп болгон. 2005-2010-жылдардагы Революциялар,
улуттар аралык тирешуулор!
Кыргызстандагы бул тарыхый окуяларда милиция, СОБР, жада калса ИИМнин курсанттарынын ролу чон болду. Канчалаган тартип сакчыларыбыздын омуру кыйылды. Баса белгилеп кетчуучу нерсе, 2010-жылдын апрелиндеги ИИМнин ошол учурдагы министри М. Конгантиевдин экссклюзивдуу абалы, ИИМнин курман болгон курсанты, 2010-жылдын ноябрь айындагы Кызыл-Кыя шаарындагы 2 милиция кызматкерлеринин окко учушу, 2011-жылдын 5-январындагы 3 милиция кызматкерлеринин курман болушу, Альфанын каза болгон 1 кызматкери,
Ош коогаланындагы 2 МАИ кызматкеринин мыкаачылык менен олтурулушу журоктун ушун албай койбосо керек. Бул теманы ачуудан максат эмне, укук коргоо органдары менен карапайым элди ынтымактуулукка чакыруу. Милиция элди коргоп, эл милицияны колдосо дейм. Форумдагы ар-турдуу талаш-тартыштар жакшы натыйжа алып келишин каалайт элем. Айланайын эли-журтум, форумчулар!
Кыргыз Республикасынын эртенки куну бугунку кундон башталат эмеспи, эсибизге келели! Ооба, милиция оз милдетин аткарсын, дегеле ар бирибиз оз милдетибизди аткаралы!
Паракорлука жол бербейли!
Мыйзам жалпыга бирдей, бирок ар бирибиздин коомдогу функциябыз ар башка. Мыйзам чегинде гана жашайлы. Мыйзамды сыйлап, Кудайдан корколу. Кудайдын каары жаман дешет, Кудайдын каарынан корколу!
Arstan
07 Январь 2011 - 03:44
Бизде Кыргызстанда тартип кандай экенин билбейм чынында,2.3 жылдан бери Кыргызстандагы жашоо кандай озгоргонун билбей эле калдым, милициялар аман болсун да.
DOHKUXOT
13 Январь 2011 - 12:20
Биринчиден, милиция кызматкерлеринин коомдогу статусун көтөрүү керек. Албетте, мяна аз. Анан бу кээ бир эргулдар чөнтөк какмай менен алектенишет негизинен. Сенин ким экендигиң кызыктырбайт,
чөнтөгүңдө канча сом бар экени кызыктырат.
Айлык акысын көбөйтсө эле булар (баары эмес) бей-бечаранын акыркы тыйынын кагып албайт деп кепилдик бериш да оор. Калк айтса калп айтпайт, "ак шапке менен көк шапкеге күнүң түшпөсүн"
деген сөз тегинден чыкпагандыр.